Илим жана технология жардамы менен пайда болгон интеллектуалдык бул машине адамзат коомун чексиз таңгалдырган мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Инсандын интеллектисин аныктай алчу Жасалма интеллекттин (ЖИ) жардамын пайдалануу кеңири жайылды.
Учурда Адабият/Искусство жаатында ЖИ жардамы аркылуу бүтүндөй дүйнө жүзү түрдүү мүмкүнчүлүктөрдүн жаралуусуна таңгалып бүтө электе кыргыз коомунда да сүрөтчү, композитор, акындар, адабиятчылар ЖИ мүмкүнчүлүгүн колдонууга өтө баштаганы жаңылык эмес...
«РухЭш» сайтынын командасы да ушул жаатта адабий коомчулукка жаңы мүмкүнчүлүктү таанытуу үчүн таланттуу калемдешибиз – котормочу, адабий агартуучу Meerim Saidilkan Жасалма интеллектин программасына салып; О`Шакирдин жаңы чыгармасынын тегерегинде төмөндөгү аныктама-тезисти тааптыр. Биз, бул саамалыкты окурмандардын назарына салууну эп көрдүк...
"Акын жана өкүм" поэмасына анализ
1. Чыгарманы түшүнүү/Автор жана контекст
Поэма кыргыз акыны Олжобай Шакирдин чыгармачылыгына таандык. Ал кыргыз адабиятында өзгөчө орунду ээлейт, анын чыгармалары улуттук аң-сезимди, акындын коомдогу ролун жана адамзаттын тагдырын чагылдырат. Поэма, акындын коомдук-социалдык маселелерге болгон көз карашын жана ыйык милдетин көрсөтөт.
Теманы аныктоо:
Поэманын негизги темасы – акындын коомдогу орду, анын жоопкерчилиги жана өкүмдүн күчү. Акындын чыгармачылыгы аркылуу коомдун моралдык жана этикалык нормаларын талкуулайт.
2. Структура жана композиция
Поэма он төрт бөлүмдөн турат, ар бир бөлүмдө акындын ой-толгоолору, сезимдери жана коомго болгон көз карашы чагылдырылган. Композициясы логикалык тартипте курулган, ар бир бөлүмдүн өз мааниси бар.
Интонация:
Поэманын интонациясы терең жана ойлонтуу, акындын ички дүйнөсүн чагылдыруу менен коштолгон. Ал кээде кайгыртуу, кээде үмүт берүү формасында билдирилет.
3. Лирикалык каарман/Каарманды изилдөө
Лирикалык каарман – акын өзү, ал өзүнүн сезимдерин, кыйынчылыктарын жана үмүттөрүн билдирет. Ал коомдун көйгөйлөрүнө терең көңүл бурат, акындык милдеттин оордугун сезет.
4. Сүрөттөө жана образдар/Сүрөттөө каражаттары
Поэмада метафоралар, символдор жана аллегориялар кеңири колдонулган. Мисалы, "Кудай Жерге жөнөтөт" деген сүрөттөө акындын жаратылышка болгон сүйүүсүн жана жаратканга болгон ишенимин билдирет.
Образдар:
Акындын образы акындык мурас менен байланыштырылып, анын коомдогу ордуна басым жасалат. Ошондой эле "кулдук урбас" образында акындын эркиндиги жана жоопкерчилиги чагылдырылат.
5. Тема жана мазмун
Поэмада көтөрүлгөн темалар – акындын коомго болгон жоопкерчилиги, адилеттик, моралдык баалуулуктар. Ошондой эле акындардын кыйынчылыктары жана алардын чыгармачылыгынын мааниси да сөз болот. Мазмундун тереңдиги: Чыгармада акындардын ролу гана эмес, ошондой эле коомдун адилетсиздиктерине каршы күрөшүү жөнүндө да сөз болот. Бул маселелер бүгүнкү күндө дагы актуалдуу.
6. Стиль жана тил/Тилдин өзгөчөлүктөрү
Поэтикалык тилдин көркөм каражаттары байыркы кыргыз тилинин элементтерин камтыйт. Сөздүк курамы терең философиялык мааниге ээ.
Стилдик элементтер
Поэманын ритмикалык уюштуруу жана синтаксистик структурасы автордун стилдик өзгөчөлүктөрүн көрсөтөт.
7. Эмоционалдык жооп/Окурмандын реакциясы
Поэма окурманда терең сезимдерди жаратат; кайгыруу, үмүттөнүү жана адилеттик үчүн күрөшүү эмоциялары башкы орунда турат. Окурман акындын ички дүйнөсүнө кирип, анын сезимдери менен байланыш түзөт.
8. Келечектеги талкуулар/Келечектеги изилдөөлөр
Поэманы изилдөөдө жаңы аспекттерди ачуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Мисалы, акындардын коомдогу ордуна байланыштуу жаңы көз караштарды изилдөө.
Жыйынтык
"Акын жана өкүм" поэмасы кыргыз адабиятындагы маанилүү чыгармалардын бири болуп саналат. Ал акындын коомдогу ролун, чыгармачылыгынын маанисин жана адилеттик үчүн күрөшүүнүн зарылдыгын чагылдырат.
Акындын образында улуттук аң-сезимдин күчү жана акындык милдеттин оордугу көрүнүп турат.
Жасалма акылдын берген анализи
О`Шакир: Акын жана өкүм
(Адабияттагы үзөңгүлөштөрүм Марат Токоев, Жыргалбек Касаболотов, Шабдан Сулаймановго арнайм)
1.
Куу камгактай көрбөс кандын өкүмүн
Кудай Жерге жөнөтөт өз өкүлүн.
«Кандан, бектен мокобосун кайратың,
калем сабың, казал болсун айбатың.
Кайгы, муңду калк жүрөгүн канаткан
какшап ырдар акын бол!» – дейт Жараткан.
Арсыз акын угуп Кудай амирин
жөнөйт издеп акыйкаттын тамырын.
Өкүмдарга тайманбастан түз барат:
«Өкүлүмүн Теңирдин» – деп жүз багат.
Таалай, дөөлөт буюруптур калп ишке,
тактын ээсин бөлөйт акын алкышка.
Кан төрүндө карк тоюп ал сый көрөт,
кандын кадыр-баркын даңктап үйрөнөт.
Кубангандан көзү жайнап күйүгөт,
кул жебес аш алды толо үйүлөт.
Кан кубанат ыйык өкүл келгенге,
салат алтын, көөхар толо ченгелге.
2.
Кудай жолдойт канга жаңы өкүлүн,
кулдук урбас, кандын тоотпос өкүмүн.
«Кандан, бектен мокобосун кайратың,
калем сабың, казал болсун айбатың.
Кайгы, муңду калк жүрөгүн канаткан
какшап ырдар акын бол!» – дейт Жараткан.
Арсыз акын кан алдына барганы,
акыйкаттан тайыйт дароо ал дагы.
Вазирлердин арасында бактыяр
акын болот канга гана жаккыдай.
Кара таман, карып-мискин бечара,
калк турмушу кайгы салбайт эч ага.
3.
Кайталана берген үчүн өнөкөт
Кудай кайра жаңы өкүлүн жөнөтөт.
Ал өкүл да өз шертине турбады,
акындардын жолун жолдоп мурдагы.
Акындарга ыйык кандын баалоосу –
орундалбайт Жараткандын каалоосу.
Акындарда абийр, акыл-эс калбай:
атанышат жаагын жанган жез таңдай.
4.
Кудай улам тандап жаңы өкүлдү,
мурда айткан озуйпаны өтүндү.
А акындар кансарайда куру шат
өкүмдарды даңазалап турушат.
Арбыйт вазир-акын, эшик ырчылар,
бөйпөлөктөп кан алдында зыркырар.
Зор зоболо, кандык таажы, так кандай
ырдагандар атанышат ак таңдай.
5.
Көрбөгөндүн көргөнү тек курусун,
көрпенделик соо койбоптур бирисин.
Эшик ырчы болуп кетип акындар,
эл мукурап, арбыйт шорлуу жакырлар.
Кандын элге уу болсо да камчысы,
табылбаптыр акыйкаттын жарчысы.
Кошоматка ким өнөрдү алмашса,
кан аларды айландырат маң башка.
«Ушул демек керек тура буларга» –
деп кан баарын кыныктырат кумарга.
Тактын ээси кошоматка жараша
курат кече, оюн, күлкү, тамаша.
Шарап, катын акындарды жазгырат,
шайтан шекил улуу жолдон азгырат.
Түмөн мактоо бүтпөй, тоюп калпына
түкүрөт кан акындардын наркына.
6.
Азган элдин ырдабаган күйүтүн
акындардан Теңир үзөт үмүтүн.
Жазаны таап чыгат анан Жараткан
акындарга наам, даража тараткан.
7.
Падышанын наам алуучу өзүнөн
жер үстүнө оору тарайт тезинен.
(Наам, даража, сыйлык аттуу тартууга
жулунгандын жалгыз жолу – халтура).
Өсүмдүктү кыйыштырар багбандан
өтөт ашып наам, даража алгандар.
Кыйыштырган калп, чын ырлар жамырап,
адабият жалган чумбөт жамынат.
Атак, наамга жетет жуукур акындар,
адамзатты жалган жолго чакырган.
Акын аттуу бирин бири көралбас,
айыккыс дарт пайда болот өлалбас.
Эки көзгө сыйлык, наамдар төрт болот,
эшик ырчы баары ичтен өрттөнөт.
8.
Жармашат дарт акындарга муңайгыр.
Эч ким билбейт – бул жазасы Кудайдын.
9.
Чыгарманы атак үчүн жазышат,
чындык издеп күн да, түн да азышат.
Кан алдында чарк айланып, бөйпөңдөп,
калп өнөрдү жаратышат көркөмдөп.
Эшкен менен акындардын жамагын
эч бир ачпайт же жексур кан кабагын.
Өлөңдөрдүн угуп далай укчусун,
өкүмдардын айландырат кускусун.
Ордодогу эшик ырчы, баарысы
кандын таппайт дартка кайсы дарысы.
Кошоматчы топ акындар сайраган
кошот кандын дартына дарт кайрадан.
Акындардан айнып көөнү көшөкөр,
тактын ээсин оору жыгат төшөккө.
10.
Кан алдына барбай турган ток көңүл,
калктан чыгат кара жаак бир Токтогул.
Кудайга да кайрылууга жок көңүл,
кул-кутандын өкүлү ал Токтогул.
Тээ байыркы XIV кылым ал,
теңдеши жок акынга көөн жылыган.
11.
Тынч ордодо кан уйкусун ыр бузат,
безге сайып чочуткандай тургузат.
Караламан калктын муңун какшанган
кара жаактуу ырчы чыгат такшалган.
Кандан, бектен кайра тартар түрү жок,
кан ордонун ал акынга сүрү жок.
Тоолук элди селден бетер толкутар
акын деми күчөйт канды коркутар.
Эл оозунан түшпөйт аты Токтогул,
эл ойгонот акыйкатты жоктогур.
Тексиз, наадан акындары ордонун
тең келбеди Токтогулга оңбогур.
Жамырады топ акындын жооптору,
жалгыз акын топ акынды тоотподу.
Топ акындын октой тийип көөнүнө,
топ акындын жетти сөзү сөөгүнө.
Жаак жанса да топ акындар жарыша,
жаалы кайнайт ал ансайын падыша.
Каарып, тилдеп акындарын: «Туз урат!»
Кандын күндө тынч уйкусу бузулат.
Каарданганда эки көзү канталап,
качып көздөр көлөкөдөн жалтанат.
12.
Теңир күчү ушул тура теңдеген:
тегеренип канды көбү мен деген
Татыса да талант сыйлык, наамына
Токтогулдун түтпөйт кара жаагына.
13.
Канды курчап билермандар кеп курду,
кайрап турду топ акындар жексурду:
«Кама, – дешти, – Токтогулду зынданга!»
Кара жаагын жап кылдырып тынганга.
Жалгыз акын тоолук журтту толкуткан –
жаагер канды балээ болду коркуткан.
Ырдын күчү солкулдатып ордону,
ырчыдан кан зарыл болду коргонуу.
«Зыркыраган эл толкуйт, – деп, – жакында,
зындан жаза болсун!» – дешти акынга.
14.
Өжөр акын үчүн өнөр адалат
өкүмдардын зынданына камалат.
Тилип жонун жылан боорлуу камчысы,
тил күрмөөгө жуткузушпайт тамчы суу.
Суранышат: «Жансоогала, чөгөлө!»
«Жок! – дейт ырчы, – кул эмесмин төрөңө!»
Ташбоор бийлик салса дагы кыйноого,
так ээсин ал көнбөйт мактап ырдоого.
Буйдалбастан уу суранат жутканга:
«Бул антым, – дейт, – ырды ыйык тутканга!»
Митайым кан алмак болуп сыноого:
«Берейинби боштондук, – дейт, – ыроого?»
«Жок! – дейт акын, – жалгыз башка бир өлүм,
эч шартыңа көнбөйт эрким, жүрөгүм!»
Чөйчөктөгү сунган ууну шарт алат,
шыпкап ичип, бош чөйчөктү кайтарат:
«Өзүм өлсөм, өнөр өлбөс ширин, – дейт, –
өлүк өзүң, өй өкүмдар, тирил!» – дейт.
15.
Өнөр үчүн улуу акын кордолгон –
өчпөс ысым – кылымдардан доорлордон...
Эл оозунда: «Токтогулдай ырчы бол!» –
эзелтеден терсти оңго бурчу жол.
Кайсыл акын төксө элдин ый-муңун
кандын эмес, алат Теңир сыйлыгын.
Кандын тоотпос каарын, заарын, кысымын
калтырыптыр Токтогулдун ысымын.
P.S.
Акын – бул ким? Адеп-аклак жарчысы.
А өкүмчү? Зулумдардын камчысы.
Акын сөздүн, ой-акылдын эгеси,
алсыз ага айбаттуу эл чегеси[1].
Акын – учур, тарых, доордун күзгүсү.
Өкүм – ойрон, келет баарын бузгусу.
Акын – намыс, абийр, уят сакчысы,
өкүм – шордуу, ошондон жок бактысы.
Акын – тунук ариеттин сурагы.
Өкүм – деспот, жексурлардын куралы.
Акын – улуу эс-акылдын амири,
өкүм дайым түркөйлүктүн тамыры.
Акыйкатты ырдап турса акындар,
ак-караны аңдайт эстүү өкүмдар!
21–24-май. 2024.
[1] Чеге – эл башчы, кан, өкүмдар.
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана Оптима банк-4169585341612561.