Михаил Зощенко: Жолугушуу

  • 31.10.2024
  • 778

АҢГЕМЕ

Сиздерге ачык эле айтайын: мен адамдарды ашкере жакшы көрөм. Айрымдар билесиңерби, иттерге жакын. Аларды жуунтуп, кооз каргы тагып жетелеп жүрүшөт. Бирок мен адамды артык көрөм.

Тек, калп айта албайм: канчалык жалындуу сүйсөм да эч качан өз пайдасын көздөбөгөн адамдарды көргөн эмесмин. Жашоомдо бул эрежеден четтеген инсан катары жарк эткен бир адам болгон. Азыр да ал эсиме түшкөндө эки анжымын. Ал кезде ал эмне ойлогонун билбейм. Ит билсинби, жан аябас эрдигин жасаганда ал кандай ойдо болгонун.

Мен анда Ялтадан Алупкага бара жаткам. Жөө. Магистраль менен. Ал жылы Крымда эс алуу үйүндө болгом. Ошентип Крымдын жаратылышына суктанып бара жаттым. Сол тарапта, албетте, көк деңиз. Кемелер сүзүп жүрүшөт. Оң жакта бийик тоолор. Бүркүттөр учуп жүрөт. Баракелде! Сулуулук деп ушуну айт!

Бир гана жаман жери – күн аябагандай ысык эле. Ысыктан улам сулуулукту да сезбейсиң. Айланаңды карагың келбейт. Оозуңа кирген чаңдан тиш кычырайт. Жети чакырым басканда тилим оозума батпай салаңдап калды. Алапага чейин дагы канча убакытта жетеримди кудай билет. Балким дагы он чакырым калгандыр. Жөө чыгып алганыма өкүнүп келаттым.

Дагы бир чакырымдай бастым. Аябай чарчадым. Жол четине көчүк басып, эс алып олтургам. Арт жагымдан келаткан кишини көрдүм. Беш жүз кадамдай жерге келип калыптыр.

Айлана ээн, тигил кишиден башка жан жок. Бүркүттөр учуп жүрөт.

Ал учурда оюма жаман деле нерсе жок, бирок адамдарды жакшы көргөнүм менен аларды ээн жерде жолуктурганды жактырбайм. Эмне болуп кетерин, кандай окуяга туш болоруңду эч качан билбейсиң. Азгырыктар көп.

Ордуман туруп кеттим. Бир аз басып, артыма бурулдум, а тиги артымдан калбады. Басыгымды ылдамдаттым, ал да тездегенсиди. Крымдын сулуулугун кароо оюмдан чыгып кетти. Алупкага тирүү жетсем деген гана ой. Артыма карадым. Ал кол булгалап токто дегенсиди. Мен дагы өз жайыма кой дегенсип кол шилтедим. Ал бир нерсе деп кыйкырды. Менимче, бул акмак артыман калчудай эмес! Ылдамдай баштады. Кайрадан кыйкырды. Чуркады. Чарчаганыма карабай мен да чуркадым. Бирок заматта күйүгүп, чуркай алсамчы. Анан анын кыйкырыгы даана угулду:

— Токто! Токто! Жолдош!

Мен ташка таянып туруп калдым.

Начар кийинген киши жаныма чуркап келди. Сандалчан. Көйнөктүн ордуна далысына тор оронуп алыптыр.

— Сага эмне керек? – дедим.

— Эч нерсе,—дейт ал, — эч нерсенин кереги жок. Болгону сиздин туура эмес жолго түшкөнүңүздү айтып коёюн дегем. Сиз Алупкага барасызбы?

— Алупкага.

— Анда, — дейт ал, – чоң жолго салбаңыз. Чоң жол менен барсаңыз айланып каласыз. Ушул жерден туристтер дайыма адашат. Бул жакта жалгыз аяк жол бар. Ага түшсөңүз, төрт чакырымдай жолду кыскартасыз. Ал жолдо көлөкө да көп.

— Жок, — дедим, — кеңешиңизге ырахмат. Мен чоң жол менен эле барам.

— Өзүңүз билиңиз, — деди ал, – а мен кыска жолго түшөм.

Ал артка бурулду. Анан артына кайрылып мындай деди:

— Тамекиңиз барбы, жолдош?

Мен ага тамеки бердим. Эмнегедир сүйлөшкөндөн жакындай түштүк. Чогуу жөнөдүк. Ал абдан жакшы адам болуп чыкты. Тамак-аш тармагында иштейт экен. Жолдо баратып мени шылдыңдап күлүп койду.

— Сизге араң жеттим, — деди, – туура эмес жолго түшкөнүңүздү көрүп, айтып коёюн дегем. А сиз неге безип жөнөдүңүз?

— Безбей эле чуркап бараткам, анын эмнеси бар?

Аңгыча Алупкага да жетип келдик, ошол жерден коштоштук. Кечке чейин ошол тамак-аш кызматкери жөнүндө ойлондум. Күндүн ысыгында күйүгө чуркап, эмне азап дейм да? Менин адашканымды айтыш үчүн элеби? Бул албетте, анын кылган жакшылыгы дечи.

Бирок Ленинградга кайтып келгенден кийин ойлондум: ит билсинби, балким чындап эле тамеки тарткысы келгендир? Балким ал бекер тамекиме кызыккандыр. Ошон үчүн чуркагандыр. А балким, ал зеригип, чогуу барганга жолдош издегендир.

Дагы эле билбейм.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз