Нургүл Ашырова: Көңүл кушу

  • 07.11.2024
  • 1025

АҢГЕМЕ

Жамал бир айдан бери "үй камагында". Эшикке чыгарбай бирде тайжеңеси, бирде тайнеси кайтарып, сыртынан бекитип коюшкан. Ал андан бетер көгөрүп, "жок" деп көшөрүүдө. "Сүйбөгөн адам менен кантип жашайм?" – деп эки көзү эки тоо болгуча ыйлай берип, эми жаш деле чыкпай калды.

Тайнеси (апасы): "Кагылып кетейин, бизди ойлосоң боло, калыңдан кантип кутулабыз?" – деп күнүгө сыздайт. Тайжеңеси жини келгенине чыдабай, санынан оюп-оюп үзүп алат. "Таякеси тирүү болгондо эмне.!? Мунун бири болбойт эле! Шартылдаган жигит эмес беле, катыгүн! Күлгүнүндө күбүлүп калбаса, Жамалга сүйбөгөн кишисинин чыпалагын тийгизбейт болчу!" – эмнегедир ошентип ойлойт берет тизесин кучактап отуруп ал.

Чын эле ошентет беле же тескерисинче болот беле? Аны бир Кудай билбесе...

Жамал бакма кыз эле... Согуштан кийинки катаал жылдар... Энеси Айым төркүлөп келсе, агасынын жаңы төрөлгөн уулу чарчап калып, ый, ызы-чуунун үстүнөн чыгат. Баладан айрылуу деген оңойбу? Ушуну менен беш баласы жерге коюлуп жатса, анан кантишет!? Буркурап сыздап отурган жеңеси менен энесин, мүңкүрөп ичинен кан өтүп отурган агасын көрүп, аябай зээни кейиди.

Үйүнө келери менен эле экинчи кызы үч жашар Жамалды күйөөсүнөн көтөртүп жиберди. Күйөөсү Айдыралы да момун эле. Бою узун, тайгандай шыпылдап ылдам баскан, шадылуу чап жаак арык киши болчу. Жеткир десе эле "жок" дебей, Чүйдүн Кегетисинен чыгып, Боом капчыгайын ашып, баланы күнү-түнү жөө көтөрүп отуруп жеткирип бергенин карабайсыңбы..!

Таң ата чыккан ал шашке ченде белге жете бергенде, а кездеги кузову жыгач "полуторка" машине келип калыптыр. Орус айдоочу "баланы бер, өзүң батпайсың", – дейт. Баланы ага берип, артынан жөө чуркап алат бечара. Баары бир машине деген машине да, жөө кишиге жеткиреби? Кырды ашып кетип, таптакыр көрүнбөй калды дейт бир маалда.

– Эми эмне болот, баламды таппай талаада каламбы?.. – деп ыйлап жүрөм, жетпей жүрөм. Тердеп-кургап чуркап, эки кыр ашкандан кийин, машине күтүп туруптур мени. Өз колум менен көтөрүп жеткирип берип, эми ошондон ушу күнгө чейин дагы эле сага жетпей жүрөм, – дечү кийин жездеси (өз атасы Айдыралы) жайлоого издеп келген сайын жашып ийип...

Ошондон кийин таякеси – атасы, тайнеси – апасы болуп, Жамал тайында чоңойду.

Келген күндөн апасынын колтугунан чыккан жок. Ал да канатына калкалай берип, жеңеси менен балапан кезинен сый, кийин бой тартканда деле коюн-колтук алышып кеткен жок. Үч жашар болсо да баарын түшүнүп калган ал өз бир туугандарын, апасын, атасын аябай сагынып куса болор эле.

Ар жылы жайдын келишин чыдамсыз күтөөр эле. Анткени жайында алар баары келип, бир топ күн жүрүп кетишчү. Чүйлүктөр келгенде тоолуктарга майрам болор эле. Алар толгон жер-жемиш, жашылча алып келишчү. Буларга жер-жемиш кызык болсо, аларга каймак, май, курут, кымыз сонун. Анан алардын кийимдери да башкача, өңдөрү да куба төбөл.

Жамал бир туугандары менен ойноп оюнга канбайт, күлүп күлкүгө тойбойт. Анан алар кетер күн жакындаганда эле Жамалдын көзүнүн жашы токтобойт.

– Эмне болду?

– Ичим, – дечү. Чын эле ичи туз куйгандай ачышар эле.

Анын эмнеге ыйлаганын апасы гана туйчу. Балким, башкалары деле туйгандыр... Апасы "мунун ушинтип ичи ооруйт кээде" – деп кучактамыш болуп, артынан элге байкатпай чымчып алчу. Ошондон кийин сооронуп, умачтай көзү ачылып, ооруган жери тып басылчу.

Кийин бой жетип, бара-бара аларды деле баягыдай күтпөй, сагынбай калган. Андан бери жыл жылып, ай алмашып, он жылдан ашык убакыт өттү. Быйыл мына мектепти бүтүп жатканда, бул иш чыгып, ойлогон ою ишке ашпачудай болуп турбайбы...

*      *     *

"Ал келет! Сөзсүз келет! Кантип мени ушундай күнгө таштап койсун?.." – деп сүйгөнүн күтүп жатканына бир айдан ашып, андан да үмүтү үзүлдү. Ага эми чындап таарына баштаган.

Бекболдун ага жолуга албай жатканын, жолугууга келем деп көрбөгөн азаптарды көргөнүн кантип билмек эч ким айтпаса... Бияктын жигиттери "кызды бергиче, өлгөнүбүз артык" деп айыл үстүлүк кылып, Бекболдун айдап жүргөн кызматтык волгасын аңтара салып, өзүн өлөрчө сабап, анын ооруканага түшүп калганын Жамал билчү эмес.

Ооруканадан чыккандан кийин "кайра барам" деп оолуккан эмени жетекчиси:

– Кой, балам! Мен сураштырдым. Ал кайны бар кыз тура! Ага тийишпе! Салтты сыйлаш керек! Калыңы өтүп, кадыры сиңип калган жерде намыс деген катуу! Сени же кызды алар майып кылып койгондон кайра тартышпайт! Калыңды эки эселеп төлөп берсең да, эми сага беришпейт... Сен өз эмессиң! Кызга да, өзүңө да зыян кылбайын десең, кет буерден! Талкаланган машиненин айласын өзүм табам, – деп Бекболду качырып жиберди.

Аны уккандан бери жеңеси Бурманын чырагына май таамп, ого бетер какылдап, анын карабай баса бергенин баса белгилеп айта берип, кулагынынын кужурун алды. Бирок Жамал анын бир сөзүнө ишенген жок. Бекболдун кеткенин уккандан бери Мунардын санаасы жайында. "Тай туйлап, такка чыкпайт, бир аз тыраалай турсун" – деп тынчыган.

Анан Жамалдын дагы эле асман айдан кеткенин угуп, намысына чыдабай "өлтүрөм же өзүм өлөм" дей баштады. Бир кыздын арзуусуна ээ болалбаганына арданып, эрдемсип эр болуп эмнеге басып жүрөм деп, жанын коёр жер таппады. "Ка-ап, мектепти бүтсүн деп бекер гана район борборуна окууга жөнөткөн экемин, онду бүтөрү менен үйгө киргизип алалы деп апам какшаса, укпаганымдын кесепети. Райкомдун айдоочусу шынаарлап каларын кайдан билдим?" – деп санын мыкчып-мыкчып алат.

Мунардын атасы Карымшак менен Жамалдын таякеси Алтымыш тээ бала күнүнөн дос. Жайлоого чыкса бир жайлап, кыштоого түшсө бир кыштап, ууга чыкса бирге аң уулап жүргөндө, ынтымагыбыз мындан да бекем болсун, Мунар менен Жамал чоңойсо үйлөнтөбүз деп шерттешип, кудалап коюшкан.

Карымшак мал-жандуу болгондуктан Жамалдын калыңын капкачан өткөрүп койгон. "Баш кеткенден кийин баары кетет" дегендей, өз алдынча оокаты бар Алтымыш кырсыктап каза болгондон кийин, өзүнөн-өзү малы азайып, кем-карчы көбөйдү. Мындайда Карымшак башында туруп, баарын көтөрдү. Мунар да аларга ар тараптан жардам берип, өзүн кожоюн сезип калганына аны көргүсү келбеген Жамалдын ого бетер итатайы тутулчу. Толгон жигиттен ушу Мунарга куда түшкөнү үчүн атасына ушунда-ай нааразы...

Эмнеге аны мынча жаман көрөт, өзү да билбейт. Сөйкө салынган кыз экенин айыл бүт билген үчүнбү же аны көргөн сайын кымындайынан балдар-кыздардын баары "сенин күйөөң келатат" деп көрсөтө берип, көңүлү калганынанбы, айтор, бой жеткен сайын аны жек көрө баштаган. Мунар жылмайганда бетине жайыла түшкөн барбагай мурду, анысы аз келгенсип мурдунун үстүндөгү көөдөй кара меңинен бери көзүнө одоно көрүнүп, ал алдынан чыккан сайын көргүсү келбей кыжыры келчү.

Окуу жылы аяктап бараткан сайын сары санаада. Карымшактын үй-бүлөсү тойго камынып жатканын жебиреп жеңеси да тынбайт. Анан ошол жылы Кудай жалгап, 11-класс ачылып, район борборунда окуп калды. Шайдин байкеси болбосо, апасы жибермек эмес. Мунар да окусун деп калды ага кошумча болуп. Себин даярдап жатышкан. Ошентип мугалим агасынын үйүнө жатып окуганга уруксат беришти.

Райборбор деген райборбор да. Аяктан орус мектепте окуган, шым кийип, орусча сүйлөгөн, эркектерден кем калышпай баскетбол, волейбол ойногон кыздарды көрүп таң калганы эсинде. Бир чийинден чыкпай, түптүз басып, түптүз жүргөн айылдан келген немелер дакылдаган ал кыздарды көргөндө сүрдөп, бүжүрөп калышчу. Анан да бир күнү мектепке Ташкентте окуган актёр, актриса студенттер келип оюн коюшту. Арасында бир супсулуу актёр жигитти кыздардын баары сүйүп калышты. Жамал да ушундан кийин сөзсүз актриса болууну самап, басса-турса эси-дарты "окусам, кетсем" болуп калган.

Күн артынан күн өтүп, жаз да кирип келди. Бир күнү Жамал дем алышта айылга баратса, жанына волга токтоду. Күн да кечтеп калган. Борбордон айылга эки чакырым жол. Кечирээк чыгып алыптыр. Эми караңгы түшкүчө жетип алсам деп, чый-пыйы чыгып келатканда, машине токтогонуна сүйүндү. Бирок машинеден келбети келишкен сымбаттуу жигит түшкөнүн көрүп, апкаарыганычы... Унчукпай жолун улады. Жигит сынай карап:

– Сулуу кыз, келиңиз, отуруп алыңыз! Кеч да кирип кетти. Бөөдө карышкырга жем болосуз, – тамашалай астын тороду. Жигиттин өткүрлүгүнө таң кала түштү. Көп жигит ага даай алчу эмес.

Жамал чынында жамалы жаркыган, көзү ботонун көзүндөй жайнаган, караганга көркү көз талдырган, ак куудай мойну койкойгон татынакай, сулуулугу менен сан жигитти жалтантчудай көркөм кыз эле. Анысын өзү да билчү. Анча-мынчаны теңине алчу эмес.

Ошентип экөө таанышып кобурашканча, айылга кирип келишти. Анан эмне болуп бири-бирине жипсиз байланып калганын билбей калышты. Аз убакыт ичинде экөө өмүр бою бирге жүргөндөй; бирөө кайны бар экенин, бирөө ишин унутуп коюп, жетекчиден канча жеме укту. Анан минтип айылга, анан Мунарга угулуп калбаса, эмне болот эле, бир кудай билет.

Мына эми башын жоготкон сүйүүсүнүн азабын тартып, үйдө камалып жатканына бир ай болду. Же күткөнүнөн дайын жок? Эмне кылыш керек?.. Эшик "кыйч" ачылып, аталаш сиңдиси кирип келди. Канчадан бери бышаңдап ыйлап анда-санда көрүнгөн апасы менен күнүгө эки-үч маал баш багып, кумсаңдап кабагын ачпаган жеңесинен башка эч кимди көрө элек Жамал Жайнаны көрүп, сүйүнүп кетти. Аны сагынып да калыптыр. Кучактап, өпкүлөп жиберди. Кантсе да сырдашы да, жашы кичүү болсо да жаны курбу. Өз сиңдисине караганда муну жакшы көрөт.

Айтмакчы, Жамал акжолтой, май көтөн кыз болуп, артынан бөбөктөрдү ээрчите келген. Жамалды багып алышкандан кийин жеңеси бир кыз, бир уул төрөгөн!

– Сен кантип кирдиң, ким киргизди? – деп сурады шыбырап. Анткени Мунардын "өлтүрөм" дегенин угуп, аны агалары мурдагыдан да катуу кайтарууга алышкан.

– Жеңем Карымшактыкында. Апама жалынып атып кирдим, – деди Жайна. Анан болуп жаткан жаңылыктарды бүт айтып берди. Аларды уккандан кийин "кантсе да акыры келет" – деп үмтөтүп күтүп аткан Бекболдон эми биротоло түңүлдү.

Жайна келип кеткенден кийин адатынча тизесин кучактап ойлонуп отурган. Апасы Кымбат кирип келип, дагы ыйлай баштады. Демейде айтканын эки кылдырбаган, темирдей тартип менен зымга тарткандай катуу аял деп эсептеген апасы кадимкидей картая түшүптүр. Аны аяп кетти. Көктүгүнө салып жатып, аны деле байкабаптыр. Бир топко апасын үнсүз тиктеп турду да:

– Апа, кимге тий десеңер, итке болсо да тиейин! Бирок Мунарга эмес! – деди.

Ушул сөз ушул күнү эле айылга желдей тарады.

Апасы көк бет кызынан ушу сөз чыкканына да сүйүндү. Анткени курган Кымбат бир айдан бери урушуп да, күйгөндө санынан аткып үзүп да, алдап да, ыйлап да кызын эпке келтире албай, көндүрө албай айласы кеткен.

Айыл башчысы Касен бул кепти угаары менен жым болду да, ошо күнү инисин күздөөдөн алдыртты. Жалгыз инисинин бул кербез кызга көзү түшүп, бирок шаабайы сууп кеткенин билчү. Эртеси эле агасынын атагы, айласы, аброюнун аркасында Көкүн тууган-туушканы болуп, Алтымыштыкына куда түшүп келди.

Кудалашып келгендер Жамалдын апасы, жеңеси, жерге-жээги менен сүйлөшүп, акылдашып, кыздын калыңын бычып, Мунардын калыңын да үстөгү менен төлөп бермек болушту. Мунар дагы жулкунуп чыкты эле, "сүйбөгөнгө сүйкөнбө" деп, урук-тууганы тыйып коюшту. Күйүп-бышкан ал эки этегин далбактата, атын сабаган бойдон кокту ылдый кетти.

Сөз бүтүп, эми жаштарга кезек келип, Көкүндү кыз менен сүйлөш десе, ал кыздын бөлмөсүнө жолой албай көпкө жүрдү. Бу тапта Жамал: "Эмнени баштап койдум, бекер айткан экемин. Мейли, ушул Мунар деген балакеттен кутулгуча, эрге тийди аттуу боло турайынчы! Биринчи мүмкүнчүлүк болгондо, баса берем! Шаарга барып окуйм. Актриса болом!" – деп отурганда, эшик акырын тыкылдап, анан каалганын ары жагынан өзүнө шөлбүрөңкү болуп чоңураак келгени аз келгенсип, өңү да жапжашыл костюм кийген орто бойлуу, куш мурун жигит көрүндү.

Өзүнө-өзү жини келип, кыртышы эч нерсе сүйбөй араң отурган Жамал тартынып, коомайсынып, өзүн карап турган жигитти көрүп, негедир күлкүсү келди. Анткени Көкүн мурда таанышам деп келгенде да, ушул жашыл костюмду кийип келген. Анда Жамал муну карап коюптурбу? Уяң немени кечке мыскылдап, ар нерсени сурап ого бетер жүдөтүп, сүрдөтүп айласын кетирген. Ошондо да ушинтип кирип, кечке кызды телмирип тиктеп, көпкө чейин эч сөз сүйлөй албай отуруп анан кеткен эле.

Бу жолу андан жандуураак өңдөндү. Бирок Көкүн канча жандуу көрүнөйүн десе деле, кыз жүрөгүн ойгото алмак эмес. Кыз аргасы жогунан гана унчукпаганын жигит түшүнүп турду, бирок ушунчалык сулуу кыз өз түгөйү болуп каларына бир ишенсе, бир ишенбей турду. "Жүгүргөн албайт, буюрган алат" деген ушу тура! "Кандай мүмкүнчүлүк түзүлсө эле, кете берем" деген Жамал ошо боюнча тогуз бала төрөп, теңине албаган Көкүн менен түбөлүк каларын анда кайдан билди?!

Тагдыр деген дайым адам ойлогондой боло бербейт тура! Баары адам өзү ойлогондой боло берсе, анда ал тагдыр болбой калбайбы... Дагы далай өмүрлөр астыда эле...

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз