Ачкөз соодагер жөнүндө икая

  • 16.11.2024
  • 470

Франкфурттагы жарманкеге бараткан соодагер жолдогу айылдын көчөсүндө 800 гульден салынган капчыгын жоготуп алат. Ал убакта бул чоң сумма болчу, анткени бир аттын баасы 40 гульден турчу. Демек, жыйырма ат сатып алууга жетчү акчаны жоготуу – өзүңөр түшүнөсүңөр, оңбогондой чыгым го.

Ошол жолдо айылдык уста өтүп баратып, калың капчыкты таап алып, үйүнө алып барат. Эч кимге ооз ачпайт, ээси чыгар деп күтүп, катып коёт – кайтарып бериш керек да. Эгерде ээси табылбаса, маселе башка. Бирок кандай болбосун күтүү керек…

Жакынкы жекшембиде чиркөөнүн дин кызматчысы 800 гульден жоголгонун, аны таап кайтарган адамга 100 гульден сыйлык берерин жарыялайт. Чынчыл уста акчаны алпарып, пасторго тапшырат. Пастор соодагерди чакырат. Соодагер келип, капчыкты алат. Акчаны санап, устачыга убадаланган 100 эмес, болгону 5 гана гульден бергени аз келгенсип, оозунан ак ит кирип, кара ит чыгат:

– Сен капчыктан 100 гульденди өзүң эле алгансың, болбосо анда 900 гульден бар болчу!

Ошентип, ачкөз соодагер кууланып, акчаны үнөмдөө амалын кылат. Уста, албетте, уурулукка күнөөлөнгөнүнө нааразы болуп:

– Мен бир да гульден алганым жок, анан кантип 100үн алайын? Мен күнөөдөн корккон адаммын, – дейт.

Дин кызматчысы устанын чын эле абийирдүү, Кудайдын осуяттарын сактаган, ишенимдүү адам экенин баамдайт, ал тургай 100 гульденди албасына ишенет. Бирок ачкөз соодагер өз сөзүнөн кайтпайт. Алар көпкө талашып, акыры дин кызматчысы уста менен соодагерди Франкфурт шаарынын сотуна алып барат. Иш бир нече күн каралып, шаар тургундары арасында көп талкууга түшөт.

Сот чечими жарыяланчу күнү зал элге жык толот. Бул акчалай талаш кандай аяктаарына бардыгы кызыгат.

Сот алгач соодагерден:

– Сен дал 900 гульден жоготконго ант бере аласыңбы? – дейт.

Соодагер көз ирмебестен, Библияга колун коюп, ант берет. Анткени ал кезде Библияга ант берүү өтө олуттуу иш эле.

Андан кийин сот устаны карап:

– Сен 800 гульден тапканга ант бере аласыңбы? – дейт.

Чынчыл уста жөн гана Библияга колун коюп, ант берет.

Сот өз чечимин жарыялайт:

– Бул иш ачык-айкын. Уста тапкан капчык соодагерге таандык эмес, анткени ал 900 гульден жоготкон. Ошондуктан капчык менен 800 гульден устага берилет, ал акчаны каалагандай пайдалана алат. Ал эми соодагер өзүнүн 900 гульден салган капчыгын издөөнү уланта берсин!

Ошентип соодагер акчадан да, жакшы атынан да кол жууйт. Сот чечими акылдуу да, адилеттүү да болду, анткени ачкөздүк жана жамандык өзүн өзү жазалады.

Бул окуя 1506-жылга таандык жана жазуучу, насаатчы Йоханнес Паулинин «Scherz und Ernst» («Тамаша жана чындык») аттуу китебинен.

Түпнускадан Братья Гримм которуп, аны кыргызчалаган Абдывахап Нурбаев

Эгер“РухЭш”сайтынынишмердигитоктопкалбашынкааласаңыз,биздиколдооүчүнтөмөнкүбанктыкэсебибизгеөзкаалооңузгажарашаакчакотороаласыз... Мбанк+996700532585 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз