Жорж Оруэлл: Саясат жана англис тили

  • 22.11.2024
  • 1381

Эне тилине күйгөн котормочудан алгы сөз

«Керегем сага айтам, келиним сен ук».
Кыргыз эл макалы

Жакында Анкаранын теректей көк тиреген дүр-дүйнө дүкөнүндөгү китеп дүкөнүн кыдырып жүрүп, колума англис тилиндеги алакандай памфлет урунду. Тексти майда шрифтер (Times New Roman 12 ) менен жыйырма төрт бет. Кичинекей китепчедеги биринчи эссе – «Саясат жана англис тили» аталат. Автору кыргыз окурмандарына «1984-жыл» роман-антиутопиясы жана «Мал короо» сатиралык повесть-притчасы менен белгилүү англис жазуучусу Жорж Оруэлл (1900-1950).

Англис тили оорукчан экени, тилге күйгөн көпчүлүк аны айыктырчу даба жок деген маанайда экенин окуганда: «Аа, бүгүнкү кыргыз тилин такымдаган дарт учурунда британдарды да буттан чалган экен да... 1930–1940-жылдары британ коомуна илинген сыйыртмак биздикине окшош болду бекен?» деген суроо туулду. Айтор, памфлетти өрттөн качкандай шашып окуп жатып, англис тили да кыргыз тилиндей эле кордолгонун, а эне тилине текебер мамиле жасагандар – эң алды колунда калеми, сүйлөгөнгө микрофону барлар, айланасында эмне болуп жатканына кайдыгер караган  илим-билимдүүлөр, ырасмий кызматтагы адамдары  болоруна көзүм ачылды.

Ырасында эле журналист, блогер, ютюбчулар арасында кыргызча-орусча сөздөрдү аталадай аралаштырып сүйлөгөндөр канча? Жогорку Кеңеште талкууга коюлган маселе боюнча сандырак сүйлөгөн эл өкүлдөрү, министрлер, чиновниктерди көрүп, кээде кум чайнагандай болосуң.

Ал эми ак нике жарын «жолдошум», салыкты «налог», оорукананы «больница», чек араны «граница» же «көпчүлүккө түшүнүктүү болсун үчүн орусча айтайын» дегенге улуу-кичүүнүн кулагы бышты. Акыркы жылдары аял, жар, зайып, түгөй, жубай, катын, колукту, күйөө, эр, бай сымак сөздөр сейрек айтылып, аял-эркектер түгөйүн «жолдошум», а жашыраактар «келинчегим» дегенге өтүштү. Мисалы, кимдир бирөө тоого бараткан эркекке кайрылып: «Жол узак, иним (байке)! Караан болор жаныңда жолдошуң (уз) барбы?» деп сураса, биз албетте, эркек кишини түшүнөбүз, аялды эмес. Ал эми «Жорго минген жолдошунан айрылат, көп жашаган курдашынан айрылат» деген накылды укканда, «жолдош» сөзүн азыркы муун «аялы» деп түшүнөбү же «шерик» деп түшүнөбү?

Бүгүн эң көп айтылчу «келинчек» сөзүнүн маанисин айтылуу К.Юдахиндин орусча-кыргызча, кыргызча-орусча сөздүктөрүнөн жана «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүнөн» карасак, жаш келинге карата колдонуулары кара ариптер менен жазылган; ошондой эле «Эри өлүп эрге тийген катын келинчек болот» деген  кыргыз элинин макалы бар экенин окуйбуз. К.Юдахиндин 2 томдук сөздүгү 1957 жана 2000-жылдары, а «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү» обол 1957-жылы басмадан чыккан. Ушундан улам, такшалган илимпоз-лингвистердин элегинен өткөн эки китеп даярдалып жаткан кезде «келинчек» сөзү «өмүрлүк жар» маанисинде айырым бир райондордо колдонулганы менен, эл арасында кеңири жайыла элек болгонун айкын көрсөтөт деп ишенимдүү айта алабыз.

Анан эле кайсы бир калемгерлер катыны же жубайы дегендин ордуна «келинчек» деп жазып ийишип, эл арасына жайыла баштаганын кыргыз авторлорунун 1990-жылдары же андан кийин жарык көргөн чыгармаларынан байкайбыз. Ал эми бүгүнкү маалымат заманында натуура колдонулган сөздөрдүн бацилладай жайылып, селдей каптап кетмей өзгөчө кубатка ээ болору турмуш чындыгы. «Келинчек», «күлкүнүчтүү» (күлкүлүү), махала (маала), ж.б.у.с. сөздөрдүн этегине жабышып, «элдер» деген дагы бир бацилл улуу-кичүүнүн лексика төрүнөн балпайып орун алды. Анын кесепетинен оозунда сөзү бардын баары он кишини да элдер, жүз кишини да элдер, он миң кишини да элдер деп сүйлөйт азыр.

Бул аз келгенсип, эне тилибиздеги эзелтен колдонулуп жүргөн заттардын аттары унутулуп, алардын  орус, англис жана башка тилдердеги аталыштарын айтуу кулач жайып бараткан дагы бир жугуштуу ылаң болду. Натыйжада, улуу дөөлөт – эне тилибиз жабыркоодо. Бул илдетке каршы кантип күрөшүү керек? Эне тилинин абалы үчүн кам көрүү бийликтин борчубу же ар бир жарандын милдетиби?

Кыргыз тилине канткенде аяр мамиле кылабыз? Бул суроолордун баарына Жорж Оруэлл 1946-жылы апрелде чыккан «Horizon» журналынын 76-санында басылган береги  эсседе жооп берет. Эгерде кыргыз тили, анын келечеги сизди кайдыгер калтырбаса, убакыт бөлүп, «Саясат жана англис тилин» аягына чейин окуп чыгыңыз, урматтуу мекендешим! Балким «Саясат жана англис тилинин» котормосу же кыргыз тилинде туура сүйлөөнү (жазууну) жакшыртуу боюнча ою-пикирлериңиздерди «РухЭш» адабий-публицистикалык сайты аркылуу айтаарсыз. Ал эми памфлеттеги экинчи макаланын котормосун аманчылык болсо, «РухЭштен» жакынкы апталарда окуйсуздар...

Жорж Оруэлл: Саясат жана англис тили

Бул маселеге убайым тарткан көпчүлүк кишилер англис тили кесел экенин моюнга алышса да, эч кандай аң-сезимдүү аракет менен абалга көмөктөшө албайбыз деп ойлошот. Алар биздин цивилизация күчтөн тайып баратат, биздин тилибиз да  цивилизация тагдырын бөлүшүүдө деген ыспатты бетке тутушат. Натыйжада, тилди кордоого каршы арга кандай күрөш – электр жарыгынан көрө шамга жана учактан көрө арабага артыкчылык берген сыңары – сентименталдуу архаизм. Мунун башатында тил – өз максатыбызга ылайыктап алчу шайман эмес, ал табигый жол менен өнүгөт деген келегей ишеним жатат.

Тилдин тебелениши тигил же бул жазуучунун жаман таасири эмес, саясый жана экономикалык себептерге байланыштуу экени бүгүн айдан ачык. Бирок биздин дабанын өзү ооруну ого бетер күчөткөн дарт болуп калышы жана ушинтип баары теңирден тескери боло бериши этимал. Киши өзүн бейтаалаймын деп ичкиликке берилип кетиши мүмкүн, ичкиликке берилсе – жолу биротоло жабылат. Англис тили ушундай балакетке кабылды. Тилдин сандырак жана тантырак болгон себеби, оюбуз тайыз, а келегей тил тантык ойлорду жеңил айттырат. Маселенин жарасы жеңил: бул оңолчуу жараян.

Бүгүнкү англис тилинде, айрыкча, жазма тилде келегей сөздөр кокодон, бул жаман адат – бирөөлөрдү ойлонбой туурап сүйлөгөндүн кесепетинен жайылып кетти, эгер тийиштүү чаралар көрүлсө, бул жаман адаттан кутула алабыз. Бул адаттан айрылгандан кийин зирек ойлоого мүмкүнчүлүк ачылат, зирек ой – саясый жаңылануу үчүн зарыл биринчи кадам, ошондуктан келегей англис тили менен күрөшүү алаңгазарылык эмес, кесипкөй жазуучулардын моюнундагы борч эмес. Мен буга бир аздан соң дагы кайрылам, а ага дейре сөз төркүнү сиздерге түшүнүктүү болуп калат деген үмүтүм бар. Ага чейин бүгүнкү англис тилинде кандай жазышканы тууралуу беш мисалга токтолоюн. 

Бул беш мисал бөтөнчө жаман үчүн тандалган жок, эгер кааласам мындан бетерин үлгү кылып алмакмын, биз көйгөй кылган түрдүү менталдык оорубуздун иллюстрациясы алар. Алар ортодон төмөн деңгээлде, бирок мүчүлүштүктөрдү таамай чагылдырат. Кийин кайрылганыбызда жеңил болуусу үчүн алардын ар бирине номур бердим:

1. Кайсы бир деңгээлде он жетинчи кылымда өткөн Шелли тейде көрүнгөн Милтон – жыл артынан жыл айланып, улам башынан кечирген ачуу тажрыйбанын натыйжасында иезут сектасынын түптөөчүсүнөн бара-бара алыстап кеткен машаякка сабырдуу мамиле жасоого аны эч нерсе мажбурлай алган эмес деп айтуу калп болоруна чынында эле ишене бербейм. 

(Профессор Гарольд Ласкинин «Сөз эркиндигиндиги» эссесинен).

2. Эң оболу осол кылды деп жазгандын ордуна кыйын абалга калтырды же сабырдуу болууга үндөдү дегендин ордуна толеранаттуу болууга чакырды деген сыяктуу үйүр-үйүр түшүнүксүз фразалар (фразеологизмдер) менен мышык-чычкан ойногонду токтотолу.

Профессор Ланселот Хогбендин «Интерглосса» эмгегинен).

3. Бир жагынан биздин коомдо эркин инсан (личность) бар: аныктама боюнча, ал невротик эмес, анткени эч ким менен чатагы да, ой-максаты да жок. Анын аң-сезими ырасмий бийлик күн сайын кулакка куйган баалуулуктарды эш туткандыктан, ой-максаты айкын; башка институционалдык модель тушунда анын ой-максаты сандык да, сапаттык да жактан өзгөрмөк; анын ой-максаты өз табиятына ылайык жаралбагандыктан, бир калыпка түшкөн эмес же маданий жактан коркунуч туудурбайт. Бирок экинчи жактан, социалдык карым-катнаш өзү өзөккө бүткөн орошон баалуулуктарга болгон мамиленин туундусу да. Сүйүүнүн аныктамасын эстегилечи. Бул кичинекей илимпоздун баягы сүрөтү эмеспи? Бул адеми залда инсан же боордоштук үчүн орун барбы?

(«Политикс» (Нью-Йорк) жыйнагындагы психология жөнүндө эсседен).

4. Социализмге болгон жек көрүү жана массалык революциялык кыймылдын күчөп бараткан толкундарынан айбандай коркуу – баштарын бириктирген мырзалар клубундагы «эл жакшылары» менен фашисттердин элирген көсөмдөрү пролетардык уюмдарды кыйратууну актоо үчүн жана майда буржуазияда шовинисттик жек көрүүнү күчөтүү үчүн кризистен революциячыл жол менен чыгууга каршы күрөштө чагымды, бузуку шыкакчылыкты, ууландырылган кудуктар жөнүндөгү орто кылымдык аңыздарды пайдаланышууда.

(Коммунисттик брошюрадан).

5. Бул карт өлкөгө жаңы дем берүү керек болсо, аткарыла турган катаал жана талаштуу бир реформа бар – ал Би-Би-Си радиосун гумандаштыруу жана активдештирүү. Чечкинсиздик – азыркы жагдайда денеге чыккан чыйкандын жана руханий атрофия белгиси. Балким Британиянын жүрөгү таза жана ырааттуу согуусу мүмкүн, бирок ушу таптагы британ арстанынын күрүлдөгөнү, мисалы, Шекспирдин «Жайкы түнүндөгү уйку» комедиясындагы Ник Боттомдун көгүчкөндөрүнүн назик куркулдаганынан айрымаланбайт. Уялбастан «англис тилинин канондоруна» жамынып, бет маңдайда туруп алып, үлбүрөгөн үн менен кырааттуу сүйлөп, дүйнө калкынын кулагына куйганына  кубаттуу жаңы Британия чыдабайт.       

(«Трибьюн» журналына келген каттан).

Бул үзүндүлөрдүн ар биринин өз кемчилиги бар, бирок оңой оңдолчу кемчиликтеринен башка аларды бириктирген эки өзгөчөлүк бар. Биринчиси – тамтыгы чыккан образдар, экинчиси – чөп башылап кетүү. Автордо айтчу ою бар болсо да, аны так бере албайт, же өзү байкабай башка нерсе жөнүндө божурап кирет, же сөзүндө маани бары-жогуна кайыл. Тантырактык жана кашкайган жөндөмсүздүк – учурдагы англис прозасына мүнөздүү оркойгон көрүнүш жана алдагыдай кемчилик, айрыкча ар кандай саясый макалаларга таандык. 

Конкреттүү темага келгенде, ошо замат конкреттүүлүк абстрактуулукка сиңип кетип, эч бир жан тамтыгы чыккан эски сүйлөмдөрсүз жашай албагандай туюлат: прозада маани-мазмуну кынаптап тизилген сөздөр улам азайып, ар кандай кыйыктардан жасалган курак сымал бир бирине жалаң фразалардан туташтырылган сүйлөмдөр көбөйөт. Мен төмөндө адамдар проза жазууда зарыл эмгектен качуу үчүн кандай айла-амалдарга барышканын мисалдар жана комментарийлер менен тизмектеп берем.             

Куну учкан метафоралар. Жаңы ойлоп табылган метафоралар образды көз алдыга элестетүүгө жардамдашат, ал эми техникалык жактан алганда, «куну учкан» метафора (мисалы, «темирдей чечкиндүүлүк») кайра кадимки сөзгө айланып, эрежеге ылайык, сүйлөмдү кызыктуу түзгөнгө залалы тийбей колдонулушу мүмкүн. Мисалдар: ылайыгына карай, бирөөнүн камчысын чабуу, элден чыкпоо, «учарына канат, коноруна куйрук болуу», душмандын чырагына май тамызуу, өз көмөчүнө күл тартпоо, тегирменге суу буруу, «бөрү этектен, жоо жакадан алганда», ар нерсе өз жолу менен, талуу жери, кетер кыздын керээзи, жыландын уюгу.

Бул метафоралардын көбүнүн маанисин түшүнүшпөй эле колдонушат (мисалы, эмне үчүн «жиктеш» деп айтылат) жана көпчүлүк учурда сыйышпас метафоралар аралашып кетет. Бул жазуучу өзү эмне сүйлөп жатканына кызыкпаганынын айкын белгиси. Азыр колдонулуп жүргөн метафоралардын айрымдарынын түпкү мааниси бурмаланып калган, муну аларды колдонгондор аңдашкан да эмес. Мисалы, toe the line (сызыкты баспа) кээде tow the line (сызыкты сүйрө) деп жазылып жүрөт. Дагы бир мисал. Балка менен дөшү жөнүндө сөз кылганда дөшү көп жапа чегет дегендей ишарат жасалат дайыма. А чындыгында, баары тескерисинче, балканы дайыма дөшү сындырат: жазуучу токтоп, эмне жазып жатканын ойлонсо, ал баштапкы фразаны бурмалабайт болчу.

Операторлор же вербалдык суррогаттар. Булар ылайыктуу этишти жана зат атоочту тандоого убакыт короттурбайт, ошол эле учурда ар бир сүйлөмдү кошумча муун менен толуктап, симметрия сыяктантат. Мүнөздүү фразалар: иштен чыгаруу, каршылык көрсөтүү, байланыш түзүү, коркунучка кабылтуу, түрткү болуу, негиз болуу, таасир этүү, башкы ролду ойноо, таасири сезилүү (натыйжасы, кесепети, пайдасы) же баса көрсөтүү (белгилей кетүү), күчүнө кирүү (ишке кирүү), чара көрүү, адаты бар, ит ооруусу бар, кызмат кылуу ж.б.у.с. Максат – жөнөкөй этиштерден айрылуу. Сындырат, токтотот, аралаштырат, оңдойт, өлтүрөт өңдүү жалкы этиштердин ордуна зат атоочтон же сын атоочтон туруп, кайсы бир этишке чиркештирилген муну тастыктайт, кызмат кылат, таасир этет, мүмкүн кылат, роль ойнойт сыяктуу фразалар түзүлөт.

Мындан тышкары, мүмкүн болгон учурдун баарында негизги мамиле туюк мамиле менен алмаштырылат жана жөнөкөй сөздөрдүн ордуна чиелешкен сөздөр колдонулат (актоо же акталды дегендин ордуна реабилитация кылуу же реабилитация болду). Этиштин диапазону -даштыруу, -тештирүү сыяктуу мүчө уланып жана де – префиксинин жардамы менен ого бетер чектелет…

Жөнөкөй байламталар буга байланыштуу, бул факт өзү, мунун жардамы менен, муну эске алганда, кызыкчылыкка ылайык, бул гипотеза боюнча сымал фразалар менен алмашат; а сүйлөмдүн аягындагы өксүк ишке ашырылса кубандырмак, эске албай коюуга болбойт, жакынкы келечекте күткөндөй өнүгүп кетет, олуттуу көңүл бурууга муктаж, ишти максаттагыдай абалга жеткирүү ж.б.у.с. учу-аягы колго илинбес сөздөр менен куткарылат.   

Каадасынган (жасалма) дикция. Кубулуш, элемент, индивид, объективдүү, чечкиндүү, эффективдүү, виртуалдуу, негизги, башкы (алгачкы), жылдыруу (промоушн), түзүү, көргөзүү, иштетүү, пайдалануу, кутулуу, жоготуу (жок кылуу) сыяктуу сөздөр кунарсыз жана өз көмөчүнө күл тарткан ойлорго илимий «тон» кийгизип, баасын көтөрүүнүн амалын көздөп жасалат.

Эл аралык саясаттагы булганч жараяндарды даңазалоо үчүн тагдыр чечүүчү, эпикалык, тарыхый, унтулугус, жүз жылдык, жеңиштүү (триумфалдуу), айныгыс (кебелгис), багынбас (баш ийбес), чыныгы тейдеги сөздөр колдонулса, согушту даңктоого багытталган тексттер демейде архаикалык мазмунга боёлот: падышалык, такты, ордо адамдары, көй баатырлар, чоюн баш, найза, жазайыл мылтык, калкан, туу, сыпайы, керней-сурнай.  Демейде чет элдик сөздөр жана фразалар (фразеологиялар) – deus ex machina, coup d’etat, mutatis mutandis, sic transit, sine qua non, Gleichschaltung, Weltanschauung, ad infinitum[1]текстке маданий атмосфера түзүү көркөмдөө үчүн колдонулат. Ал эми i. e., e. g., жана etc.,[2] сымал пайдалуу кыскартууларды эсепке албаганда, учурда англис тилинде колдонулуп жүргөн жүздөгөн чет элдик фразаларды колдонуунун эч кандай тыкыр зарылчылыгы жок.

Чоркок жазуучулар, өзгөчө, илимий, саясый жана социалдык темага жазгандар латын жана грек сөздөрү саксон сөздөрүнө караганда алда канча көркөм деген түшүнүктүн туткунунда жүрүшөт[1]; ал эми expedite (тездетүү), ameliorate (жакшыртуу), predict (болочок ишти күн мурун айтуу), extraneous (бөтөн), deracinated (тамырынан айрылган), clandestine (купуя), subaqueous (суу астындагы) сыяктуу керексиз сөздөр англосакс кыртышын ырааттуу каптап барат. Марсистик адабиятка мүнөздүү (гиена, башкесер, мещанин, мына бу мырзалар, кутурган ит, ак гвардиячылар ж.б.у.с.) жаргондор негизинен орус, немис же француз тилдеринен которулган сөздөрдөн турат, бирок жаңы сөздөрдү жаратуунун эзелки жолу – түбү латын же грек сөздөрүнүн алдына тийиштүү аффикс улап, аягына ылайыктуу мүчө кошуу. Бул жол deregionalize (дерегиондоштуруу), impermissible (мүмкүн болбогон), extramarital (никесиз), non-fragmentary (фрагменттерге бөлүнбөгөн) ж.б.у.с. мааниси ушуга окшош англис сөзүн тапкандан алда канча оңой. Мунун натыйжасында, сөз ого бетер түшүнүксүз жана илээнди болуп калат.

Маанисиз сөздөр. Адабияттын кээ бир түрлөрүндө, атап айтканда, көркөм сүрөт жана адабий сынында узун-узун маанисиз пассаждар арбын [2]. Көркөм сында колдонулган романтикалуу, пластикалуу, баалуулуктар, адамзат, мерт, сентименталдуу, табигый, жашоого жөндөмдүүлүк өңдүү сөздөр маанисиз, анткени алар затты киши айырмалап билгендей даана көрсөтпөйт, окурман да алардан артык эч нерсе күтпөйт. Бир сынчы: «Мырза Х...тин чыгармаларынын өзгөчүлүгү – алар тирүү жашоону чагылдырат» деп жазса, башка сынчы: «Мырза Х...тин чыгармаларындагы кашкайып көзгө урунган нерсе – өлүк кейпиндегилердин бөтөнчөлүгү» деп жазат; муну окурман көз караштардагы айырма катары кабыл алат.

Эгер жаргонго айланган өлүү жана тирүү деген сөздөрдүн оруна кара жана ак сыяктуу сөздөр колдонулса, окурман жазуучу сөздөрдү туура эмес колдонгонун ошол замат байкамак. Көптөгөн саясый сөздөр да алдагыдай натуура колдонулат. Азыр фашизм сөзү эзелки маанисин жоготуп, «жаман бир деме» дегенди гана билдирип калды. Демократия, социализм, эркиндик, мекенчилдик, реалисттик өңдүү сөздөрдүн ар бири башка да бири бирине коошпогон бир нече мааниге ээ. Демократия сөзүн алсак, анын жалпы макулдашылган аныктамасы жок, атүгүл ага бирдиктүү аныктама берүү аракетине туш тараптан каршылык көрсөтүлүүдө.  

Биз кайсы бир өлкөнү демократиялуу деп айтсак, биз аны мактаганыбызды элдин дээрлик баары түшүнөт; ошол себептүү ар кайсы режимдин коргоочулары аны демократиялуу деп ырасташат жана демократияны бир аныктамага байлап койсо, балким бул сөздү колдоно албай калабыз деп коркушат. Көбүнесе бул өңдүү сөздөр атайылап карасанатайлык менен колдонулат. Башкача айтканда, бул сөздөрдү колдонгон адамда ага жеке өз аныктамасы бар, бирок ал өз угарманын такыр башка нерсени айтууда деп ойлоосуна мүмкүндүк берет. «Маршал Петэн[3] чыныгы мекенчил болгон», «Советтик пресса – дүйнөдө баарынан эркин», «Католик чиркөөсү куугунтуктоолорго каршы» дегендей билдирүүлөр көп учурда элди алдоо максатында жасалат. Так аныкталган мааниси жок, азбы же көппү, айтор кыянаттык менен колдонулган сөздөр булар: класс, тоталитардык, илим, прогрессивдүү, реакциячыл, буржуазиялык, теңдик.

Эми алдамчылыктын жана бурмалоонун бул каталогун түзгөнүмдөн кийин, мага алар (кыянаттык менен колдонулган сөздөр) тексттин мазмунун кандай өзгөрткөнүн айгинелеген дагы бир мисалга кайрылганыбыз ийги. Бул ирет аны элестетүү мүмкүн болот. Англисче өрнөктүү жазылган тексттен үзүндүнү заманбап англисченин келегей үлгүсү кылып котормокчумун. Ал Екклезиасттагы[4] белгилүү ыр:

Мен кайрылып келип, күн алдында: жарышта шамдагай, салгылашта баатыр жеңбесин жана акылманга – нанды, акыл-эстүү адамдарга – дөөлөттү, колу эптүүгө – ийгиликти буйрубасын, бирок убакыт жана мүмкүнчүлүк аларга берилгенин көрдүм. 

Ушул эле текст заманбап англис тилинде мындай болот:

Бүгүнкү феномендерди объективдүү карап көрүү – атаандаштык жагдайында жеңиш же жолу болбой калуу (жеңилүү) кишинин тубаса жөндөмүнө жараша болбосун, бирок ар качан күтүүсүздүк маанилүү элемент экенин эсте кармоо зарыл деген жыйынтыкка түртөт.

Бул пародия, бирок өтө орой пародия эмес. Макаланын баш жагында көрсөтүлгөн 3-мисал да дал ушундай тилде жазылган. Мен ырды толук которбогонум көрүнүп турат. Сүйлөмдүн башы, аягы баштапкы маанисин бузбай которулган, бирок жарыш, салгылаш, нан – «атаандаштык жагдайында жеңиш же жолу болбой калуу (жеңилүү)» деген арасат фразаларга сиңип кетет. Заманбап прозадагы оркойгон тенденция – конкреттүүлүктөн алыстап баратканы.

Эми жогорудагы эки сүйлөмдү бүт ыкласыбыз менен талдап көрөлү. Биринчи сүйлөмдө 27 сөз, 74 муун бар жана сөздөрдүн баары күнүмдүк турмуштан алынган. Экинчи сүйлөмдөгү 28 сөз 75 муундан турса, бир сөздүн тамыры грек тилинен, бирөө – латын тилинен. Биринчи сүйлөмдө бараандуу беш образ жана түшүнүксүздөй көрүнгөн бир фраза (убакыт жана мүмкүнчүлүк) бар. Экинчи сүйлөмдө 75 муун бар экенине карабастан, жаңы жана көзгө урунар бир да фраза жок болгондуктан, мазмуну биринчи сүйлөмдүн бир нукумуна гана тең келет. Бирок заманбап англис тилинде экинчи типтеги сүйлөмдөр улам арбып барат. Мен абалды көбүртүп-жабырткым жок. Бул типтеги сүйлөмдөр көндүм көрүнүшкө айлана элек, бирок түшүнүктүү жөнөкөй сүйлөмдөр алашем жазылган беттерде учурайт.

Эгерде сизге же мага тагдырдын белгисиздиги жөнүндө бир нече сап чиймелеп берүүнү сурашса, биз, сыягы Екклезиасттан алынган сүйлөмдөрдөн көрө, мен элестеткен сүйлөмдөргө жакын мазмунда жазмакпыз. Мен заманбап жазмалар жаман деген мазмунга ылайыктуу сөздөрдү тандоо жана образдарды жаратуу эмес, анын мазмунун түшүнүктүү кылып жазуу экенин көрсөтүүгө аракеттендим. Жазуучулук кимдир бирөө иретке келтирип койгон сөздөрдү кагаз бетине тасмадай жабыштырып отуруп, ушундай көз буйдамалоонун натыйжасында, аны окуган адамга жаккандай формага салуу. Бул ыкма өзүнүн жөнөкөйлүгү менен ыңгайлуу. Ага колуңузду көндүрүп алсаңыз, «Менин пикиримче, мындай жоромолдоого негиз жок» дегендин ордуна «Мен ойлойм» деп айткандай жеңил болот. Эгер даяр фразаларды колдончу болсоңуз, сизге ылайыктуу сөз тандоо зарылдыгы жок; сиз сүйлөмдүн ритми тууралуу баш оорутпайсыз, анткени даяр фразалар, эрежеге ылайык, азбы же көппү, орду-орду менен кынапталып коюлган.

Текст шашылыш даярдалганда, мисалы, стенографистке окулганда же эл алдында сүйлөгөндө, эрксизден үнүңүздү каадалуу чыгарып, латын стилин туурай баштайсыз. Ушундайда «көңүл бурчу жагдай бар» же «бул бүтүмгө баарыбыз бир добуштан макул болобуз» сыяктуу «жүк көтөрбөс» фразалар сизди ар кандай күтүүсүз «аң-дөңдөн» сактайт. Тамтыгы чыккан метафораларды, салыштырууларды, идиомаларды пайдаланганда, тийиштүү сөздөрдү издеп жаныңыз кыйналбайт, бирок сөзүңүз окурман түгүл өзүңүзгө да түшүнүксүз болот. Метафораларды чалды-куйду пайдалангандын баасы жана мааниси ушундай. Метафораны колдонуунун бирден бир максаты – окурмандын көз алдына объекттин визуалдык образын жаратуу. «Октопус[5] – фашист кетер кыздын керээзин айтты», «өтүк буу казанга ыргытылды» тейдеги образдар жолукканда, автор аталган заттарды көз алдына элестете албасынан эч күмөн санабаңыз; башкача айтканда, ал ойлоно албайт экен. Мен бул эссенин башталышында келтирген мисалдарды (1-5) дагы бир мерте карап көрүңүздөр: 

1. Проф., Ласки 46 сөздөн куралган төрт жарым сап сүйлөмдө  негативдүү мазмундагы 4 сөздү колдонот. Ал сөздөрдүн бири артыкча жана пассажды толук бойдон жокко чыгарат, ал эми айтылуучу ойду түшүнүүнү татаалдантканы башка кеп.

2. Проф., Хокбен сөздүктөрдү ачып, сөздөрдүн маанилерин тактап алгандын ордуна фразалар менен мышык-чычкан ойнойт.

3. Сылап-сыйпалабастан түз айтчу болсок: анда (үчүнчү (3) пассажда) маани жок; эгер макаланы баштан аяк окуп чыксак, анын мазмунун түшүнмөкпүз. 

4. Автор азбы же көппү эмне айтарын билет, бирок штамп фразалар аны чайнектин чоргосуна тыгылган чайдын чамасындай муунтат.

5. Сөз менен мазмун кынапташып, коюн-колтук алыша элек. Бул манерада жазган авторлордо мазмун эмоционалдык мазмунга ээ: андай авторлорго айрым нерселер жакпайт, башка нерселер жагат, бирок аларды жазып жаткан сөзүнүн маани-мазмуну кызыктырбайт. Өзүн сыйлаган автор ар сүйлөмдү жазгандан кийин өзүнө кеминде төрт суроо берет: 1. Мен эмнени айткым келет? 2. Аны кайсы сөздөр менен айтсам болот? 3. Кандай образ же идиома оюмду таамай чагылдырат? Бул образдар адамдарга таасир эткендей жаңыбы? Ал булардан тышкары дагы эки суроо бериши ыктымал: 1. Муну дагы да кыска жазсам болот беле? 2. Оюмду бүдөмүк жазып койбодумбу, аны кантип бышырсам болот? Бирок минтип өзүңүздү кыйноо милдет эмес. Андан кутуулунун жолу бар: оюңузду эркин койо берсеңиз, түркүн фразалар чуурулушуп келет. Алар сиз үчүн сүйлөмдөрдү мончоктой тизип, алтурсун кайсы бир деңгээлде ойлоруңузду курап, керек болсо, сөздөрдүн мазмунун сизге да толук ачпай, байкалбагандай кылып жашырып коёт.

Дал ушул жерде саясат менен сөз кудурети ортосундагы уникалдуу байланыш айкын көрүнөт. Саясый жазмалар – келегей жазма экени бүгүн жалпыга дайын чындык. Андай болбогон учурда автор партиянын «багытын» чагылдырбай, жеке пикирин билдирген адаватчы болуп чыга келет. Кайсы түстөгү ортодоксту алба, ал жашоону жансыз жана жасалма чагылдырган стилди талап кылгандай көрүнөт. Памфлеттерде, баш макалаларда, манифесттерде, өкмөттүк документтерде жана орунбасар министрлердин сөздөрүндө кездешкен саясый диалект, арийне, ар партиялар ар башка, бирок алардан жандуу, эсте калар жана көңүлгө толор сөздөрдү укпайсың.

Минбарда туруп айбандай мыкаачы, темир чеңгел, кандуу зулум, дүйнөнүн эркин элдери, ийиндеш туруу сыяктуу тааныш фразаларды тотукуштай кайталаган оратордун чарчаган кебетесин көргөндө, тирүү жанды эмес, кайсы бир куурчакты көргөндөй сезим туулат; ал эми жарык оратордун көзүлдүрүгүнүн айнектерине тийип, алардын артында кишинин көздөрү күрүнбөгөн дискке айлантканда, берегидей сезим ого бетер күчөйт. Бул фантастика эмес. Сөзүндө алдагыдай фразаларды пайдаланган оратор өзүн роботко айлантуу үчүн бир кыйла аралыкты басты. Анын көмөкөйүнөн тийиштүү үндөр чыгат, бирок ал айтчу сөзүн тандачу болсо, бул жараянга мээси катышпайт. Сүйлөчү сөзү мурда кайра-кайра кайталап, жадыбалдай жат болуп калса, чиркөөдө поптун суроосуна жооп берер киши сымал эмне сүйлөп жатканын түк аңдабай калышы мүмкүн. Аң-сезим андай сенейип калбаса деле, кишинин саясый конформизмге ыңгайлашуусуна өбөк-жөлөк болот. 

Ушу мезгилде саясый сөз жана жазма кайсы бир деңгээлде актоого муктаждыгы жок нерсени актоо болуп калды. Индустандагы британ амирлигин улантуу, орустардын (1936–1938-жж. «Чоң террор» маалындагы) тазалоолору жана (1928–1945-жж этностук) депортациялоолору, Жапонияга атом бомбасын таштоо сыяктуу нерселерди актоо мүмкүн, бирок мунун баарын баштан кечирген көптөгөн элдердин жүрөгүнө оор тийчү айоосуз аргументтер жана саясый партиялардын максаттары жөнүндөгү билдирүүлөрүнө төп келбеген жүйөөлөрдү пайдалануу. Ошентип саясый тил негизи эвфемизимдерден, тавтологиядан жана бүдөмүктөгөн сөздөрдөн турууга тийиш.

Коргоосуз айыл-кыштактар бомбаланууда, элди айдың талааларга айдап салышууда, мал-жандыктар пулёмоттордон аткыланууда, там-жайлар от бүркүүчү октор менен өрттөлүүдө – мунун тынчтык орнотуу деп аташууда. Миллиондогон дыйкандардын чарбалары бүлүнтүлүп, алар колуна кирген гана буюм-тайымдары менен сүрүлүүдө – бул элди жер котортуу же чек араны оңдоп-түзөтүү деп аталууда. Адамдарды эч кандай сотсуз узак жылдарга абакка камашууда, же желкеге атып өлтүрүшүүдө, же Арктика тараптагы токой кыйып, жыгач даярдоочу лагерлерге цингадан өлсүн деп айдашууда – бул ишенимсиз элементтердин көзүн тазалоо деп аталууда. Мындай фразеологиялык айкаштыктар сиздин көз алдыңызга элестетүүнү каалабаган нерселер аталганда колдонулат. Маселен, орус тоталитаризмин коргогон кадыр-барктуу англиялык профессорду алалы. Ал: «Менин ишенимимде, сиз жакшы натыйжага жетишүү үчүн өз оппонентериңизди өлтүрүүңүз керек» деп түз айта албайт. Ошондуктан минтип айтышы ыктымал: 

«Биз советтик режим жасап жаткан айрым жосундарда гуманисттер айыптаганга маш көрүнүштөр бар болушу мүмкүн экенин ачык айтуу менен, саясый оппозициянын укуктарын кайсы бир деңгээлде чектөө өткөөл мезгилдин ажырагыс компоненти экендигине макул болушубуз керек деп ойлойм жана орус эли башынан кечирип жаткан кыйынчылыктар өнөр жай тармактарында жетишилген ийгиликтер менен акталат».

Каадасынган стиль – эвфемизимдин бир түрү. Логлогон латын сөздөрү фактыларга лепилдеп жааган жумшак кардай жабышып, анын «жүзү-башын» жана маанисин даана көрсөтпөйт. Туура тилдин улуу душманы – анткорлук. Чындык жана жарыяланган мүдөө-максат ортосунда ажырым пайда болгондо, киши сыя кускан деңиз моллюскасы сындуу инстинкттүү түрдө узун сөздөрдү жана кулак жооруткан идиомаларды жебиретип жиберет. Биздин заманда «саясаттан алыс болуу» деген түшүнүк жок. Бардык маселелер саясый көйгөйгө айланган, саясат өзү – калптын уюгу, куулануу, амалкөйлүк, көрө албастык, шизофрения. Жалпы атмосфера чирик болсо, – тилдин азабы. Баамдашымча, менде бул жоромолду тастыктоого жетерлик билимим жок. Акыркы он же он беш жылда диктатуранын айынан немис, орус жана италия тилдеринин кунары качты. Эгер ой-санаа  тилди бузса, тил да ой-санааны бузушу кажат. Тилди бузуп сүйлөө – тилди жакшы билүүгө милдеттүү, жакшы билген адамдардын арасында да салттын жана бирөөлөрдү тууроонун натыйжасында жайылышы мүмкүн.

Мен талдаган бузук тил кайсы бир деңгээлде абдан ыңгайлуу. Негизсиз жасалбаган тыянак, жакшы болот деген үмүт бар, жакшы максатта колдонулбас ой-пикирлер, эсте тутуучу пикир өңдүү фразалар кол созсо даяр турган баш оорунун дарысындай азгырат.  Бул эссени жана бир мертебе карап чыксаңыз, бул жолу да өзүм мурда сындап жүргөн каталарды кайра-кайра жасаганымды көрөрүңүз анык. Мага бүгүн эртең мененки почта менен Германиядагы абал туурауу памфлет келди. Автордун жазышынча, ал жазууга «илхамы ойгонгонун сезген». Памфлеттин колума илинген барагын ачып, көзүмө урунган биринчи сүйлөмдү окудум: «(Союздаштарда) Германиянын социалдык жана саясый структураларын түп тамырынан бери өзгөртүүнү Германиянын өзүндө улутчулдар реакциясын болтурбай, ошондой эле Европадагы кызматташуунун жана биригүүнүн пайдубалын койууга удаа жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар».

Сиз шилтемеден автордун жазууга «илхамы ойгонгонун сезгенин» байкадыңыз, ал өзү жаңы эмне айтуу керектигин сезет сыягы; бирок анын сөздөрү кавалериянын аттары сурнай үнүн угуп, мурдатан тааныш жадатма катарга тизиле башташат. Бул даяр фразалардын чабуулуна (пайдубалын түптөө, радикалдуу өзгөртүүлөрдү жүргүзүү) дайыма даяр турсаңыз – болтурбай коё аласыз, мындай фраза мээнинин бир бөлүгүн бир саамга сенейтет.

Мен башындай айткандай, биздин тилдин ооруусу балким дарыланат. Ал эми тилдин жалпы тонуна же өзөгүнө токтолсок, жогоруда айтылгандар туура болушу мүмкүн, анын деталдарга тиешеси жок. Көпчүлүк учурда тантык сөздөр жана фразалар эволоюциялык жараян жүрүшүндө эмес, азчылыктын аң-сезимдүү аракетинин натыйжасында дайынсыз жоголот. Журналисттер шылдыңдай берип, тамыр курут кылган жакындагы эле эки мисалды алалы: «бардык жолдорду изилдеп, бир да ташты калтырбай оодарып көрүү»/[6]. Эгерде жетерлик сандагы адамдар бул ишке кызыгышса, таштандыга ыргытылчу пайдасыз метафоралардын узун тизмесин табышат; ошондой эле күнүмдүк колдонуудагы латын жана грек сөздөрүнүн чоң тобун, чет элдик фразаларды, адашып келген илимий сөздөрдү каткырып-күлүп жоготушса, каадасынган стилди мода кылганды токтотуу мүмкүн [3]. Мунун баары – майда-чүйдө иштер. Англис тилин коргоо үчүн опол тоодой иш жасоо керек жана аны балким зарыл эмес иштерден баштаган жөндүү. 

Абалы эч качан буйтап кетүүгө мүмкүн болбогон «англис тилинин стандартын» киргизүү абзел. Мунун архаизмге, көөнө сөздөр менен фразаларды куткарууга кыпындай да тиешеси жок. Тескерисинче, бул эскирген ар бир сөз же идиомадан айрылууга байланыштуу. Мунун кынтыксыз грамматика менен синтаксиске эч кандай байланышы жок, алар анткени, ой американизмдерди пайдаланбай же «прозанын жакшы стилинде» даана жазылгандан кийин гана маанилүү. Бирок жасалма жөнөкөйлүккө жана жазма англис тилин оозеки тилге айлантабыз деп убара тартпоо керек. Ар мерте латынчанын ордуна саксон сөзүнө артыкчылык берүүнүн да зарылдыгы жок, ырас, маани камтыган аз жана кыска сөздөрдү колдонуу пайдалуу. Баарынан мурда, мааниге ылайыктуу сөздү тандоо зарыл, тескерисинче эмес. Прозадагы сөздөр менен иштөөдөгү эң жаман жосун – аларга туткун болуу. Сиз конкреттүү зат жөнүндө ойлонгонуңузда, сөзү жок ойлоносуз, качан көз алдыңызга элестеткен нерсени сүрөттөмөк болгонуңузда, ага «бычып тиктиргендей» ылайык сөздөрдү таптым деп ишенмейинче, издей бересиз.

Сиз кандайдыр бир абстрактуу нерсе жөнүндө ойлонгондо, сөздү баштаганда эле ойломой адатыңыз бар жана бул адатты сактабасаңыз, эзелтен калыптанган диалектизм сизди жөөлөп кирип, ойлогон оюңузду бузуп же өзгөртүп, бардык ишти өзү бүткөрөт. Айтчу сөзүңүздүн мааниси образдарда жана сезимиңизде даана тартылмайынча, сөздү пайдаланууну мүмкүн болушунча кийинкиге калтырыңыз. Мына ошондон кийин оюңуздун маанисин таамай ачкан фразаны тандаңыз, - жөн эле албаңыз; анан сиздин сөз башка кишиге кандай таасир этиши мүмкүн экени тууралуу шашпай ойлонуңуз. Бул – эскилиги жеткен же аралаш образдарды, даяр фразаларды, керексиз кайталоолорду, ошондой эле ар кандай сөздөрдү жана алешемдиктерди акыл элегиңизден өткөрбөөнүн акыркы аракети. Бирок сөздүн же фразанын кудурети жетерлик таасир этеби деп күмөнсүнгөндө жана туюмуңузга (инстинкт) ишенбей турганыңызда таянчу өзүнчө эреже болуусу ылаажым. Менимче, төмөндөгү эрежелер көпчүлүк учурга жарайт:

  1. Мурда басма сөздү кезиктирген метафораларды, салыштырууларды же башка кынапталган сөздөрдү колдонбоңуз.
  2. Кыска сөз ылайык жерде узун сөздөрдү колдонбоңуз.
  3. Сөздү алып салуу мүмкүн болсо - алып салыңыз.
  4. (IV) (.................).
  5. (V) Күнүмдүк англис тилинен татыктуу сөздү таба алсаңыз, чет элдик      фразаны, илимий же жаргон сөздү эч качан колдонбоңуз. 
  6. Маданиятсыз, орой сөздү жазгандан көрө береги эрежелерде көңүлүңүз каалаганын бузганыңыз өйдө.

Бул эрежелер жөнөкөйдөй жана чынынында эле жөнөкөй, бирок бүгүнкү заманга бап делген стилде жазып көнгөн ар бир кишиден өз жазуу ыкмасын олуттуу өзгөртүүнү талап кылат. Баарын өзгөртпөй сактап, мурдакыдай эле келегей англис тилинде жаза берсе болот, бирок мен эссенин башталыш жагында көрсөткөн беш мисалдагы тейде жазган жарабайт.

Мен бул жерде сөздөрдүн адабий тилде колдонулуусуна токтолбодум, а тил ойду жаап-жашыруунун же тыйуунун куралы эмес, – билдирүүнүн аспабы экенин сөз кылдым. Стюарт Чейз[7] жана башкалар бардык абстрактуу сөздөр маанисиз деп ырастаганга жакын калган жана муну өздөрүнүн саясый квиетизмин[8] шарданалоонун жүйөсү ирети пайдалышкан.

Эгер фашизм жөнүндө билбесеңиз, фашизмге каршы кантип күрөшөсүз? Мындай маани-маңызы жок сөздөргө ишенбөө керек, бирок бүгүнкү саясый башаламандык тилдин кадыры кетишине байланыштуу экенин түшүнүп,  балким абалды тилдин кадырын көтөрүү аркылуу бир кыйла оңдосо болот. Эгер өзүңүздүн англис тилиңизди жөнөкөйлөштүрсөңүз, эң жаман ортодокстук наадандыктан кутуласыз. Сиз зарыл диалекттердин биринде да сүйлөй албайсыз жана кимдир бирөөгө жөнсүз эскертүү жасасаңыз, эскертүүңүздүн түккө арзыбаганы башкалар түгүл өзүңүзгө да айкын экени дайын.

Саясый тил – бул консерваторлордон тартып анархистерге чейинки бардык саясый партияларга тиешелүү – калпты чындай, киши өлтүрүүнү – сыймыктуу иш кылып сүйлөөгө жана жазгы желди борошодой кылып көрсөтүүгө кызмат кылат. Мунун баарын бир көз ирмемде өзгөртүүгө болбойт, бирок жок дегенде эле өзүң көнгөн адаттарды өзгөртсөң болот, атүгүл сыңар өтүк, Ахиллестин талуу жери, аарынын уюгу, жети баштуу желмогуз, бөкөөл сыноо, бейиштин дарбазасы өңдүү ар кандай куну жок жана пайдасыз фразаларды же башка жугумсуз сөздөрдү барчу жайына – таштандыга ыргытуу керек.

Шилтемелерге автордун түшүндүрмөлөрү:

1) Кызыгы акыркы мезгилге чейин англисче аталып жүргөн гүлдөрдү грекче атоо күч алууда: арстандын эсинөөсү (Snapdragon) – antirrhinum, мени унтупа (forgetme-not) – myosotis болуп өзгөрдү. Ж.б.у.с. өзгөрүүлөргө эч кандай турмуштук зарылдык жок: грек сөзү илимий тил алда канча жакын деген ишеним менен өзүбүз көнгөн сөздөрдөн инстинктивдүү баш тартат окшойбуз.

2) Мисал: «Комфорттун дүйнөнү универсалдуу кабылдоосунан жана образдуу ойлонуусунан – диапозону жагынан Уитмендикине укмуштуудай үндөш, а эстетикалык багыты боюнча такыр тескери – мурдакыдай эле жүрөк дирилдетип, аба толкуткан ырайымсыздыктын шоокуму, мамыраган түбөлүктүүлүктүн чексиздиги сезилет... Рей Гардинер ар жолу бутанын дал ортосуна мээлеп, упай топтоодо. Ал буталар жөнөкөй эмес жана ушул үнсүз убайымдан түбөлүктүүлүк муң-зарлап тагдырга моюн сунууга караганда көп сезилет. (Poetry Quarterly)

3) Бул сүйлөмдөрдү жаттап алып, сабатсыздыктан дарылана аласыз: Не кара эмес кумайык, не жапжашыл эмес талаада, не кичинекей эмес коёндун артынан кууп баратты.

Макаланын уландысы мында>>>>

[1] deus ex machina – машинеден чыккан кудай (лат.)
coup d’etat – мамлекеттик төңкөрүш (франц.)
mutatis mutandis – тийиштүү өзгөрүүлөр, мурда айтылган эскертмелер менен (лат.)
sic transit – сөзмө сөз мааниси: (атак-даңк) ушинтип өтөт (лат., а мааниси боюнча которгондо: бу дүйнөдө түбөлүк эч нерсе жок.
sine qua non – зарыл шарт (лат.)
Gleichschaltung – өкүм сүргөн идеологияга күчтөп кошуу (нем.)
Weltanschauung – дүйнө тааным (нем.)
Ad infinitum – чексиздикке чейин (лат.)

[2] i.e., e.g., жана etc., Бул үч кыскартуу береги латын сөздөрүнүн аббреавиатурасы: id est, англисче “that is” – башкача айтканда, exempli gratia (“for the sake of example” – үлгү үчүн), ошондой эле (i.e., e.g.,  id est (англисче that is же башкача айтканда) and exempli gratia (for the sake of example/үлгү катары алсак).

[3] Маршал Петэн (1856–1951) – француз генералы. Экинчи дүйнөлүк согуш кезде гитлердик Германия менен кызматташкан коллабрационисттик режимди 1940–1944-жылдары жетектеген.

[4] Екклезиаст – Тоораттын жана Эски Осуяттын курамына кирген китеп.

[5] Октопус (лат. Octōpoda, орус. Осминог) – сегиз баш буттуу моллюскалар түркүмү.

[6] Б.з.ч. 477-жылы Платеи шаарынын четинде перс аскерлери жеңилгенден кийин алардын кол башчысы Мардони чатырында дүйнөнү толтура чогулттуптур деген каңшаар тарайт. Фивтик Поликарт жанагы дүнүйөнү таппай, Дельфидеги жрецке (көзү ачыкка) кайрылса, тиги: «Бир да ташты калтырбай оодаргыла» дейт. Көзү ачыктын айтканындай кылышып, катылган дүнүйөнү табышат.

[7] Стюарт Чейз (1888—1985) — америкалык экономист, социалдык маселелер жана семантика боюнча бир нече китеп жазган.

[8] квиетизм – католик дининдеги мистик-аскеттердин кыймылы (XVI – XVIII кк.) 

Англис тилинен Амирбек Азам уулу которду

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996700532585 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз