АҢГЕМЕ
Мен Ошко зарыл жумуш менен келип, ишим оңунан чыкпай, көңүлүм иренжип, сиркем суу көтөрбөй автобуска отурдум.
Качан болсо киргил боз каптап чаңып турган Ош шаарынан суурулуп чыга бергенде, кондуктор катын билети жокторго билет сата баштады.
Билет албай түшкөндөр демейде чал-кемпирлер болот. Азыр да мага тушташ наркы катарда отурган беттери чүрүшкөн чүкөдөй кара кемпир билет албай түшкөн экен. Кондуктор орус аял андан:
– Каергеча барасиз, апа? – деп өзбекче сурады.
Кемпир айыптуудай жалтаң күлө багып, жылчыйган көзү менен ыкшыя карады:
– Өзгөнгө эле.
– Кани, бир сом бера калиң?
Кемпир уучтай кармап келаткан тыйындарын кондукторго кармата койду да, анын оозуна жалооруй – көшөкөр күлүп тиктеди.
– Яна он тыйын бериң.
– Андан башка акча жок, – деп кемпир алаканын жая берип кашайды да, кайра жалпаңдай баштады, – Ала бер эми, ошону алып кой. Мен кемпирмин да, кемпирден да алчу беле.
– Совдани койиң, апа. Бу автобус, базар эмас.
Кемпир анткорлонуп жалдырап да, жалпак тилге салып жооткотуп да көрдү. Бирок кондуктор кыжырлана түшүп, кемпирди демитип жиберди:
– Давай, давай, пуль бериң, бомаса түшиң.
– Ыраңы суук арам десе! Башкалар токсон тыйындан эле алып жүрчү эле...
Мукурап айласы түгөнгөн кемпир күпчүйгөн чапанынын койнуна колун салды. Ыкшынып атып бетаарчыга бекем түйүлгөн кагаз акчаларды алып чыгып, арасынан бир сомдукту суурду.
– Ме, алып жаның тынчы деги! – деп кондукторго кекетип берди да, жаман көзү менен сустая карап чаңк этти: – Келе, артканын кайтарып бер!
Билет айрып жаткан кондуктор:
– Мунун куусун карасаң! – деп өз тили орусчага өтүп мага көз кысты. – Бирөөнү – алдаса, бир тыйын – алдатпаса...
Мен, ого бетер көңүлүм кирдеп, кимине эмне дешти билбей кулак жапырдым да, терезеге бурулуп кеттим.
Тышта – түзөң жер. Телефон шырыктары бирин бири кубалап барып, анан көзгө илешпей калат. Алыста топ кыштактар дүпүйүп, мырза теректердин учтары билинер-билинбес кылкылдап көрүнөт. Мейкин болсо киргил коңур мунарыкка чөгүп турат. Булуттуу асмандын батыш чети тим эле кызыткан темирдей кыпкызыл. Куду көөрүктөп кызарткан темир мисал.
Күндүн демейдеги көздү уялткан шоолалары кетип, томолок шар өңдөнгөн кызыл табагы гана калыптыр. Кара-Суу калаасын карай капталдай жортуп бараткан автобус титиреп, болор-болбос экчеген сайын Күндүн ошол табагы тоголотуп ийген топ сыяктуу сокоң-сокоң секирип, бизден калбай ээрчип келатат.
Менин балалыгым өткөн тоо тарапта Күн чачыраган шооласынан ажырабай эле улам кылкылдап чөгүп, улам аз-аздан жашынып отуруп, кыраңдан нары жылас болот. Шаарда болсо карбаластап жүрүп, Күндүн кандай батканын деле байкабай каласың.
Тоголоткон топ сыңары сокоң-сокоң секирген бойдон автобусту ээрчиген токол Күн табагын көргөнүм ушул! Мен ошо табият кубулушун жадаганча тамаша кылдым.
Оңду карасам, автобустун ичи тынчый түшүптүр. Билет сатып бүткөн кондуктор катын денесин шалкайта коё берип, башын бир жакка кыйшайтып, жадаган кейпи менен нес баскандай момоюп отурат. Уйкусураган көздөрү эчтеме билдирбей ыргылжың жалдырайт.
Бир калыпта жорткон автобустун жүрүшү элди ныксырата баштаптыр.
Шылкыйыңкы тарткан баштар нерви бузулган чалдардын башындай байкалар-байкалбас калчылдап баратат. Алды жагында кызык-кызык далылар үңкүйөт, эски тебетейлер обу жок калдаят, ээктене байланган жоолуктар жыбырайт. Тигинде бир чарма топучандын семиз чүйлүсү кызарат.
Баягы коога салган чүкөдөй кемпир үргүлөп, улам оозун араандай ачып эстеп коёт. Эң башындагы отургучта мага маңдайлаш отурган макинтош кийген зайып алдына саквояжын өңөрүп чалкалайт. Өзү балканактай, жүзү ак жуумал, алкымы кош ээктенейин деп калыптыр. Моймолжуган текебер көздөрү уйкусурап кылгырат. Автобус экчеген сайын толмоч жаагынын эттери салаң-салаң этип салмак менен былкылдайт. Анын жанында бүкчүйүбүрөк отурган эркектин кабагы карыш салынуу. Маңдайындагы калың бырыштар бир бирине жабышып, көзү чүңүрөйүп тереңге кирип кетиптир. Какчайган арык экен, бир жери сыздатып ооруп аткандыр? Балким, жүрөгүн өйкөгөн оор капасы бардыр? Ким билет, тегерегин бырыш тордогон чүңүрөкөй көзү сыр бербей жылтырайт.
Баары ныксырай баштаган, баары тунжураган уйкулуу ойго баткан.
Тынчыбаган эле жанаша отурган эки келин болду. Ар кимди элең-элең карап алышат, анан баштары бириге калат да, быш-быш этип шыбыраша түшүп, бышкырып күлүп ийишет. Утуру бышкырган сайын жүргүнчүлөр ныксыраган жүздөрүн буруп, үлдүрөгөн уйкулуу көздөрү менен эки келинге акырая карап калышат. Ошондо берки экөө ийменгендей тып басылышып, бир азга жоошуй түшөт. Бирок көпкө тим отура алышпай жанагы жоруктарын кайра башташат.
Эки келиндин тең баштарына чүмбөт кылып чүмкөнгөндөрү жеңи жок кара кыжым кемсел. Кемселдеринин төшү толо ар кандай өлчөмдөгү седептер, атам замандагы тыйындардан жасалган топчулар. Далбыратып кең тиккен көйнөктөрүнүн этегинен кирдебирээк калган ич көйнөктөрүнүн этек учуна кыюулап тиккен торлор салбырап чыгып турат. Аяк-быякка элтең этип бурула калышса, кемселдериндеги топчулар менен моюндардагы бармактай кызыл мончоктору шалдырап кетет. Каштарына осмодон аябай коюшкан экен, эки каштын ортосу кошулуп, учтары кулактарынын эле жанына барып токтоптур.
Автобус Кара-Сууга келип токтоду. Түшчүлөр түшүп, чыкчулар чыкты. Жөнөй берерде алдыңкы эшиктен эки кыз кирди. Балким, аялдыр? Өңдөрү кыргыз түспөлдөнөт. Балким, кыргыз эместир? Деги азиялык. Деги ургаачы. Экөөнүн тең чачтары эркектикиндей кыска кыркылган. Каштары ичке терилген, эриндери кызарта боёлгон. Кийгендери ичке багалектүү шым. Борсоюп чыгып турган көчүктөрү кыймылдаган сайын жарашыктуу жайкалат. Кофталары гана аларды алыстан аял кылып көрсөтөт.
Алар чыгар замат кара көз айнектери менен автобустун ичин сынагандай айландыра карашты да, эшиктин түбүндөгү эки кишилик бош орунга салабатынан жазышпай жай отурушту.
Тигилер кирип келишкенде ордубузду алдырып коёбуз деп он беш мүнөттүк өргүү убагында да козголбой ныксырап отурушкан жүргүнчүлөрдүн көздөрү умачтай ачылып, таңыркай карап калышты. Кыргыздар машинаны адеп көргөндө ушундай аңкайып карашса керек. Тиги эки кыз көчүк баскан соң, таңданган жүргүнчүлөр таңданганынан жазбай, бири-бирине жалдырап суроолуу тиктешти. Бирок суроолуу тиктешип коюшту да, бирин-бири түшүнүшкөн немедей унчукпай тим болушту. Бир гана аксакал адам өзүнчө күңк этип, уялыңкы жер карап кетти...
Баягы тынчыбаган эки келин нес баскандай аңкайып, көздөрүн чоң ачып, бир саамга тынчып калды. Анан бирөө эс-учун жыйып, жанындагысына карады. Дагы бири бирин тиктешип алды. Дагы баштары бириге түштү. Дагы быш-быш этип шыбыраша кетти. Өздөрү шыбырашып жатса да, көздөрү алдындагы эки кыздан айрылбады. Дагы бышкырып күлүп жиберишти. Аябай катуу бышкырышты. Элдин баары жалт бурулуп, баары тең биринчи мертебе эрксизден жылмайып коё беришти.
Эч жакка көңүл бурбай койкоюп турушкан эки кыздын бирөө артына кылчайды. Баштарын бириктирип, үңкүйүп төмөн карап алышып, боору катып хихилеп күлүп жаткан келиндерди көрдү. Тигил кыз да таңданган кейпи менен токтоо карап турду да, жанындагысын чыканагы менен билинер-билинбес түртүп, арт жакка байкалар-байкалбас ышаарат кылды. Жолдошу да артына бурулду. Келиндердин кебете-кешпирин жакшылап көрүшкөн соң, алар да бири бирине карап туруп, акырын күлүп коюшту. Текеберлүү, мыскылдуу, аягандай тымызын күлүштү.
Кимге ким күлдү? Менин да күлкүм келди. Күлүп ийбейин деп дагы терезеге карадым. Тоголок күн табагы батып кетип, асмандын кызылы өчкөн экен. Баягы кызыткан темирдей өрттөнүп турган булут сууга салып муздаткан темирдей каралжын-көгүш тартып калдайып калыптыр.
1960
Китепкөйлөргө сүйүнчү!
“Улуу Тоолор” басмасы жарыкка чыгарган заманыбыздын залкар адабиятчысы Салижан Жигитовдун “Шуулдаба терегим, теректерим” (Ырлар, поэмалар, котормолор) жана “Күн тууду” (аңгеме, повесттер) аттуу эки томдук китебин сатып алууну каалагандар (Эрланга) 0708 72 68 27 чалыңыздар! Каалоочуларга Бишкек шаары боюнча жеткирип берүү мүмкүнчүлүгүбүз бар. О. э. 0558 85 57 88 номуруна чалыңыздар!