АҢГЕМЕ
Николай Евграфович Алмазов аялы эшикти ачкыча араң чыдап турду да, пальтосун, кепкасын чечпей кабинетине кирди. Аялы анын карыш түшүп бүркөлгөн кабагын, алдыңкы эриндерин кыса тиштеп, үтүрөйгөн кебетесин көрөр замат, абдан чоң кырсык болгонун дароо түшүндү...
Унчукпай күйөөсүнүн артынан жөнөдү. Кабинетте Алмазов бир орунда бир мүнөтчө кыймылдабай бурчту тиктеп турду. Анан портфелин жерге ыргытып, манжаларын ачып жумуп кычыратты да, отургучка боюн таштады....
Байлык топтоого али үлгүрө элек жаш офицер Алмазов Генералдык штабдын Академиясында окучу, азыр ал ошол жактан келген. Бүгүн ал профессорго өзүнүн акыркы жана эң татаал практикалык ишин – аймакты инструменталдык сүрөткө түшүрүү боюнча сынак тапшырмак...
Ушул убакка чейин экзамендердин баарын ийгиликтүү тапшырып, бул үчүн кандай кыйынчылыкка турганын бир Кудай, бир Алмазовдун аялы гана билчү... Башында ал тургай академияга кирүү да мүмкүн эместей көрүнгөн. Алмазов эки жыл катары менен кулап, үчүнчү жылы гана бардык тоскоолдуктарды талыкпаган эмгек менен жеңип чыкты. Аялы болбогондо ал, балким, небак эле баарынан баш тартып, кол шилтеп басып кетмек. Бирок Верочка дайыма жанында, көңүлүн чөгөрбөй, колуна кол, бутуна бут болуп сүрөп жүрдү... Ал кандай гана оор учур болбосун, кабагын чытыбай, эч нерсе болбогонсуп жаркылдап тосуп алууну үйрөндү. Күйөөсүнө жөлөк-таяк болуш үчүн өзүнө керектүүнүн баарынан баш тартты, иштеп тапканы аз болсо да, акыл эмгеги менен оор иш кылган адамга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүнүн аракетин көрдү. Керек учурда анын катчысы, сүрөтчүсү, окурманы, тарбиячысы жана эскертип туруучу китеби да болчу.
Беш мүнөттөй өкүм сүргөн оор жымжырттыкты бир, эки, үч,— эки таза, үчүнчүсү кырылдаган үзгүлтүк менен соккон сааттын көнүмүш, тажатма үнү бузду. Алмазов пальтосун, калпагын чечпей, капталын салып олтурган... Вера андан эки кадам жерде, сулуу жүзүн толкундоонун изи басып, унчукпады. Акырында ал катуу ооруп төшөктө жаткан жакын адамына аялдар гана кайрыла турган аярлык менен сөз баштады...
– Коля, ишиң кандай?.. Жаманбы?
Ал ийинин куушуруп жооп берген жок.
– Коля, сенин планыңды жактырышкан жокпу? Айтсаң, баары бир чогуу талкуулайбыз да.
Алмазов аялына тез бурулуп, кемсинтүүгө туш болгон адамдай кызууланып, кыжырлуу жооп берди.
– Ооба, ооба, ооба, чындап эле билгиң келсе, жактырышкан жок. Өзүң көрбөй турасыңбы? Баардыгы бекер убара!.. Бул таштандынын баары, – деп ачууланып чиймелер салынган портфелди буту менен тээп жиберди, – бул таштандынын баарын отко сал! Мына сага академия! Бир ай өтпөй маскара болуп, кайрадан полкко кайтмай болдум. Ушунун баары болбогон бир тактын айынан... О, наалат алгыр!
– Кандай так, Коля? Мен эч нерсе түшүнгөн жокмун.
Аял отургучтун кырына отуруп, Алмазовдун мойнунан кучактады. Ал каршылык көрсөткөн жок, бирок таарынган өңүн өзгөртпөй бурчту тиктеген боюнча олтурду.
— Кандай так, Коля? – кайра сурады аялы.
— Кандай так болмок эле, кадимкидей эле жашыл сырдын тагы. Өзүң билесиң да, мен түндө бүтүрө коёюн деп саат үчкө чейин олтурбадым беле. Чиймени ойдогудай чийип бүтүрдүм. Ал баарына жакты. Бирок түндө чарчагандыктан, бир аз колум калтырап, кудай уруп сыр тамчылатып алгам... Тазалайын деп сүртсөм, ого бетер балжырап калбаспы. Эмне кыларды билбей ойлонуп олтуруп, ошол жерге бир түп дарак тартып салгам... так билинбей сонун эле болуп калган.
Бүгүн чиймени профессорго көрсөттүм. “Кызык, бул жерде дарак кайдан пайда болуп калды?” деди ал таңгалып. Мен дароо окуя кандай болгонун түшүндүрсөм, күлүп тим болмоктур... Жок, ал күлмөк эмес, ал майдачыл, өтө эле бышыксынган немис. Мен ага мындай дедим: “Ал жерде чынында эле бир түп дарак бар”. Ал: “Мен ал жерди коён жатагына чейин билем, ал жерде эч кандай дарак жок, болушу да мүмкүн эмес.” Сөздөн сөз чыгып олтуруп, аягында профессор мындай деди: “Эртең ал жерге чогуу баралы, ошол жерде өз сөзүмдү далилдеп берем. Эгерде дарак жок болсо, демек сиз калп айткан болосуз же бирөөдөн көчүрүп алганыңыз билинет...” Ал жерде катышып олтурган офицерлер бул сунушка макул болушту.
— А эмне үчүн ал жерде дарак жок деп ишенимдүү айтып жатат?
— Эмне үчүн дейсиңби? Ой кокуйгүн-ай, баланын суроосун бересиң да. Анткени ал жыйырма жылдан бери бул жерде жүрүп, өзүнүн уктоочу бөлмөсүнөн да жакшы билип алган. Өтө эле майдачыл, кыйкымчыл адам, болгондо да немис... Менин ишим бүттү... Эртең калпым чыгат, анан да талашканымды кантейин... Андан тышкары...
Сүйлөп жатып кутучадагы ширеңкеден улам бирден сууруп чыгып, маңдайындагы күл салгычка майдалап сындырып, ачуусун тыялбай жерге ыргытып жатты. Бул күчтүү адамдын ыйлагысы келгени көрүнүп турду.
Эрди-катын унчукпай, көпкө ойлонуп отурушту. Бир кезде күтүлбөгөн жерден Верочка креслодон өтө тездик менен ыргып турду.
– Коля, биз азыр барышыбыз керек! Тез кийин.
Николай Евграфович адам чыдагыс ооруга туш болгон немедей бүт денеси тырыша түштү.
– Ой, болбогон сөздү сүйлөбө, Вера. Чын эле мени актанып, андан кечирим сурайт десиңби? Бул түздөн-түз өзүңө өкүм чыгаруу менен барабар. Сураныч, андай акмакчылык ишти жаса деп менден суранба.
– Жок, бул болбогон сөз эмес, – каршы чыкты Вера жерди бир тээп. – Сени эч ким кечирим сурап барууга мажбурлабайт... Эгер ал жерде андай дарактар жок болсо, анда аларды азыр отургузуш керек.
— Отургузуш керек?.. Дарактыбы?.. — Николай Евграфовичтин көзү тостойду.
– Ооба, отургузабыз! Буга чейин айткан калпыңды оңдош керек. Даярлан, калпагымды... Кофтамды алып бер... Ал жерден эмес, шкафты кара... Кол чатырды ал!
Каршылык көрсөтүүгө аракет кылып, бирок анын сөз укпасын баамдаган Алмазов калпак менен кофтаны издей баштады. Вера тез эле үстөлдөрдүн тартмаларын сууруп, сандыктарды, корзиналарды, жащиктерди ачып, болгондун барын сапырды.
– Сөйкө... бул эч нерсеге жарабайт... Буга эч нерсе бербейт... Бирок бул асыл таш бастырылган шакек кымбат... Сөзсүз кайра сатып алышыбыз керек... Кайра колго тийбей калса өкүнүчтүү. Билерик... буга да абдан аз беришет. Эски, ийилген... Коля, күмүш тамеки кутуң кайда?
Беш мүнөттөн кийин бардык зер буюмдар торчого салынды. Вера кийинип бүтүп, үйдө эч нерсе унутулган жокпу деп дагы бир жолу айланта карады.
– Кеттик! – деди ал акыры чечкиндүү.
– Кайда барабыз? – Алмазов каршылык көрсөтүүгө аракет кылды. Азыр караңгы кирип калды, менин тилкем дээрлик он миль алыстыкта.
– Көп сүйлөбө... Кеттик!
Биринчи кезекте алар күрөөканага токтошту. Баалоочу киши адам баласынын күнүмдүк азап-тозогуна ушунчалык көпкө көнүп калганы – бирөөнүн кайгысы ага кенедей да таасир этпегени көрүнүп турду. Ал колуна тийген нерселерди ушунчалык шашпай, майда-чүйдөсүнө чейин изилдеп карагандыктан, Верочканын ачуусу кайнады. Айрыкча бриллиант шакекти кислотага салып көрүп, аны өгөөлөп, таразага тартып, үч сомго баалаганда чыдабай кыйкырып жиберди.
– Бул чыныгы бриллиант! – деп жаалданды Вера, – бул отуз жети сомдон кем эмес, ошондо да шашылыш болгон үчүн.
Баалоочу чарчаган адамдай, кайдыгерлик менен көзүн жумду.
– Бизге баары бир, айым. Биз таштарды таптакыр кабыл албайбыз, – деди ал таразага кийинкисин ыргытып, – биз металлдарды гана баалайбыз.
Бирок Вера үчүн күтүлбөгөн жерден эски жана ийилген билерик абдан жогору бааланды. Ал эми жалпысынан жыйырма үч сомго жакын акча болду. Бул сумма жетишерлик болчу.
Бул экөө багбандыкына келгенде Петербургдун ак түнү асман менен абага көк сүттөй жайылып турган эле. Багбан, чех, алтын көз айнекчен кичинекей карыя үй-бүлөсү менен кечки тамакка жаңы эле отурган. Ал кардарлардын кеч келишине жана алардын адаттан тыш өтүнүчүнө абдан таңгалып, нааразы болду. Ал кандайдыр бир алдамчылыктан шек санаса керек, Верочканын тынымсыз өтүнүчтөрүнө өтө кургак жооп берди:
– Кечиресиз. Бирок мен жумушчуларды түнкүсүн мынчалык алыска жөнөтө албайм. Кааласаңыз эртең менен келиңиз, мен сиздин кызматыңызга даярмын.
Аларда эми бир гана чара калды: багбанга каргыш алган так менен болгон окуяны майда-чүйдөсүнө чейин айтып берүү, Верочка ошону кылды. Багбан адегенде ишенбей, дээрлик кайдыгерлик менен укту, бирок Вера дарак отургузуу идеясына жеткенде, анда көбүрөк кызыгуу пайда болуп, бир нече жолу жан тарткансып жылмайып койду.
– Ооба, муну кылбай койсок болбостур, – деп макул болду багбан Вера окуясын айтып бүткөндө, – айтыңызчы, кандай дарак отургузсак деп ойлойсуз?
Бирок багбанда болгон бардык түрдүн бири да ылайыгы келген жок: айла жок сирень бадалдарын отургузууга токтолушту.
Алмазов аялын үйүнө кете берүүгө үндөгөн аракети текке кетти. Күйөөсү экөө шаардан чыгып, бадалдарды отургузуп жаткан маалда экөөнүнүн кызуу талаш кеңештери жумушчуларга тоскоол болуп, бадалдын айланасындагы чөптөр тилкедеги башка чөптөрдөн эч айырмаланбаганына көздөрү жеткенде гана үйгө кетүүгө макул болушту.
Эртеси Вера үйдө отура албай, көчөдөн күйөөсүн тосуп чыкты. Алыстан анын көңүлдүү, бир аз секирип басып келатканынан эле бадал менен болгон окуя оңдуу аяктаганын билди... Чынында Алмазов бүткөн боюн чаң басып, чарчоо менен ачкалыктан бутуна араң турса да, жеңиштин салтанатынан жамажайы жайылып турган...
– Укмуш! Керемет! – деп аялынын кооптонгон жүзүнө жооп иретинде он кадам ары жактан эле кыйкырды. – Элестет, ал экөөбүз бадалдардын жанына бардык. Ал карап, кармалап көрүп, ал тургай жалбыракты үзүп, чайнап жиберди. "Бул эмне болгон дарак?" – дейт. Мен: "Билбейм, урматтуум" дедим. Ал: "Кайың дарагы болсо керек?" – дейт. Менчи: «Балким кайың дарагыдыр, урматтуум» – дедим. Анан ал мага кайрылып, ал тургай колун сунду. “Кечиресиз, лейтенант”, – деп, – бул бадалдарды унутуп калсам, демек, карып баратсам керек”. Ал жакшы профессор, акылман адам. Чынында аны алдап кеткениме өкүнөм. Биздеги эң мыкты профессорлордун бири. Билими жөн эле укмуш. Ал эми жер шартын баалоодо кандай ылдам, кандай так. Тим эле укмуш!
Бирок анын бул айткандары Верага жетишсиз эле. Ал аны профессор менен болгон баарлашууну кайра-кайра айтып берүүгө мажбурлады. Ал майда-чүйдөсүнө чейин кызыкты: профессордун жүзү кандай экени, карылыгы тууралуу кандай тон менен айтканы, ошол эле учурда Колянын өзү да кандай сезимде болгонун...
Анан көчөдө алардан башка эч ким жоктой үйгө жөнөштү: кол кармашып алып тынымсыз күлүп баратышты. Ары-бери өткөндөр таңгалып токтоп, бул кызык түгөйдү кайрылып карай беришти...
Николай Евграфович эч качан бул күнкүдөй табит менен тамактанган эмес... Түшкү тамактан кийин Вера Алмазовдун кабинетине бир стакан чай алып келгенде, күйөөсү менен аялы капысынан бир убакта күлүп, бири-бирин карап калышты.
– Сен эмнеге күлүп жатасың? – деп сурады Вера.
– А сенчи?
– Жок, сен биринчи айт, анан мен айтам.
– Мен жөн эле күлдүм. Сирень менен болгон окуяны эстедим. А сенчи?
– Мен деле сирень жөнүндө ойлодум. Сирень түбөлүккө менин сүйүктүү гүлүм болуп калаарын айткым келди...
1894
Которгон Абийрбек Абыкаев
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.