Евгений Пермяк: От менен суунун үйлөнүү үлпөтү

  • 30.11.2024
  • 708

ЖОМОК

Сары чачтуу каракчы От муздак сулуу Сууга жалындап ашык болуп калды. Ал ага үйлөнүүнү чечти. Бирок От өзү өчүп калбай, Сууну буулантып, кургатып салбагыдай кантип үйлөнө эле? Маселе ушунда.

Ал бул суроосун ар кимге берди. Баарынын жообу коёндой окшош:

– Сен жинди болуп калгансыңбы, сары чач? Ошол сенин теңиңби? Эмне кылганың? Муздак суунун, баласыз үй-бүлөнүн сага не кереги бар?

От ичинен түтөп күйө баштады. Токойлорго, айылдарга барат, барган жерин өрт аралайт. Ал токтоно албай ары-бери тынбай басат, артынан чыккан кызыл жалын шамалга желбирейт. Ошентип От тынчый албай, кайгыга батып жүрүп Акылдуу устага жолукту. Анын аты Иван болчу.

Ал анын бутуна жыгылды. Түтүн болуп алдына төшөлдү. От күчүнөн тайып көк жалыны үлпүлдөп өчүп барат.

– Сен чебер адамсың, колуңдан баары келет. Мен каракчылыгымды таштап, өз үйүмдө жашагым келет. Сууга үйлөнсөм дейм. Бирок ал мени өчүрүп, мен аны кургатып алам деп корком.

– Капа болбо, От. Мен сени үйлөндүрөм. Сууну сага алып берем.

Чебер уста ушинтип айтты да, үй кура баштады. Үй куруп бүтүп, той өткөрүүнү, конокторду чакырууну тапшырды.

Күйөө тараптан Оттун жакын туугандары: Чагылган таежеси менен аталаш агасы Вулкан келди. Бул дүйнөдө анын башка жакындары жок болчу.

Келин тараптан улуу агасы Калың Туман, ортончу агасы Чалыр көз Жамгыр менен Суунун сиңдиси Тунук шүүдүрүм келди.

Алар келгенде талаш-тартыш башталды.

— Сен эч ким укпаган, көрбөгөн нерсени ойлоп таптың, Иван, — дейт Вулкан жалын чачып. — Биздин от тукуму суу тукумунан келин алган учур буга чейин тарыхта болгон эмес.

Ал эми уста ага мындай жооп берет:

— Кантип андай окуя болгон эмес! Чалыр көз Жамгыр менен От Чагылган бир булуттун ичинде жашап бири-бирине нааразы болбой эле жүрбөйбү.

— Мунун айтканы чын дечи, — деди Коюу Туман, — бирок мен муну өзүмдөн улам жакшы билем: От кайда, ысык кайда, ошол жерден суюла баштайм.

— Мен дагы, мен дагы ысыктан кургай баштайм, — деп нааразы болду Тунук шүүдүрүм. — От карындашым Сууну кургатып жиберет деп корком.

Бул жерде Иван чечкиндүү айтты:

— Мен бул экөөнө ушундай бир үй салып койдум, алар ошол жерде жыргап-куунап жашайт. Ошон үчүн мен устамын да.

Алар ишеништи. Той башталды.

Чагылган Чалыр Жамгыр менен бийледи. Вулкан чылымын күйгүзүп, жалынын жаркылдатып, анын жалындуу чагылышы Тунук шүүдүрүмдүн карегинде жаркырады. Нааразы болгон Калың туман акырын жылып, жээктеги жарга барып жатып алды.

Той да бүттү, тойдун эртеси да болду. Тойго келген коноктор үйлөрүнө кайтышты. Ал эми Уста күйөө менен кызды даяр үйгө ээрчитип келди. Ар бирине өз ордун көрсөтүп, жаштарды куттуктап, чексиз өмүр, баатыр уулдуу болушун каалады.

Убакыт аз өттүбү, көп өттүбү, айтор Суу эне От атадан баатыр уул төрөдү.

Жакшы уул баатыр болуп чоңойду. Атасын тартып оттой ысык. Келбети таякеси Тумандай калың, аппак. Сүйүктүү Апасы Суу сыяктуу керектүү жана нымдуу. Вулкан агасы менен Чагылган эжесиндей күчтүү.

Туугандарынын баары аны өз канынан чыккан тукуму деп билишет. Ал тургай Жамгыр менен Тунук шүүдүрүм да муздап, жерге тамчылай баштаганда андан өздөрүн көрүшөт.

Баатыр уулга Буу деп жакшы ысым коюшту.

Буу баатыр арабага отурса, араба күч менен кыймылга келип, өзүнө чиркелген дагы жүз арабаны сүйрөйт.

Керемет Буу — кемеге барып олтурса, парустарды алып салышат. Кеме шамалсыз эле зырылдап, толкундарды тилип жөнөйт. Буу үн чыгарып, кеме айдагандарды өз жылуулугу менен жылытат.

Заводго барса, дөңгөлөктөрдү айлантат. Мурда жүз адам иштеген жерде эми бир киши эле жетиштүү. Ун салат, данды майдалайт, кездеме токуйт, эл, жүк ташыйт. Элине жардам берип, апасын сүйүнтөт, атасын сүйүнтөт.

Бүгүнкү күнгө чейин От менен Суу бир темир казанда жашайт. Суу Отту өчүрбөйт, От Сууну кургатпайт. Алар бактылуу жашайт. Алардын бактысы эч качан бүтпөйт.

Жылдан жылга алардын баатыр уулунун күч–кубаты өсүп, орус устасынын атак-даңкы өчпөй келет. Ал муздак сууну ысык отко үйлөнтүп, алардын баатыр уулун биздин небере, чөбөрөлөрүбүздүн кызматына койгонун азыр бүт дүйнө билет.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз