Салижан Жигитов: Тааныш тааныштарым

  • 04.12.2024
  • 901

АҢГЕМЕ

I

Өңгүл-дөңгүл кара дөбөгө конуп турган шаар – Өзгөн. Тепейген кичинекей шаар. Эски шаар. Контрасттардын шаары. Менин шаарым.

Өзгөнгө барсаң, айтылуу мунараны көрөсүң. Анча деле бийик эмес, анткен менен пас-пас үйлөрдүн фонунда алда канча бийик сезилет. Бир кездеги октой кызыл кирпичинин өңү өчүп, алда кандай түс алган. Түп жагы желип, топурагы эшилип, кыйла жерине дейре сыз көтөрүлгөн. Жанындагы күмбөздү «Султаным» дешет, анысы ким экенин билген жан жок. Ал урап, төбөсү оюлуп түшүп, саймалары күбүлүп, эшиктери сынып калган.

Аларды карап туруп, жакшынакай тарыхый эстеликтерди кадырына жетпей, көз көрүнө чалдыбарга айлантып жатканыбызга кабыргаң кайышат. Башка республикаларда мындай эстеликтери менен сыймыктанышат экен, аларды сакташат экен, реставрация кылышат экен. А бизде болсо ...эх, эмнесин айтасың!..

Күмбөзү го бүтүптүр. Эми мынтип отурса кулап түшөт, мунарасы да кулап түшөт!

Азырынча кулай элек. Стартка даяр ракета сыңары шуңшуюп турат. Орто кылымды эске салат. Кыялыңа фильмдерден көргөн жоокерлик заман тартылат.

Кичине эле нары бассаң, маданият үйүнүн алдынан райондук калк театрынын жаңы спектакль жөнүндө балчайта жазган афишасы көзгө урунат. Парктан кайсы бир вальстын күүсү кубулжуйт.

Ыпылас көчөдөн чаң ызгытып машина өтөт. Кыдың-кыдың эшекчен чал жол бошотуп, чекелей бастырат. Соңку мода менен жасанган райондук афродиталар кетип баратып, чачтарын кылыктуу силкип коёт.

Анда-санда уурудай аяр баскан паранжычан кемпирлер жылт берет.

Арыкта жошолонгон ылай суу агат.

Бурч-бурчта мөлтүр тамчыларын шорголотуп суу түтүк колонкалары койкоёт.

Чычкандын ийниндей ийри-буйру тар көчөлөр.

Аптапка жумшара түшкөн коңур жыт асфальт жолдор.

Бири бирине жабышып үтүрөйгөн түрү суук, жепирейген жапыс тамдар.

Заңгыраган эки кабат татынакай имараттар. Балким, ушул имараттардан улам тиги үйлөр ого бетер түрү суук, ого бетер жапыс көрүнөр...

Өзгөн бузулуп жатат.
Өзгөн курулуп жатат.

Мындан башка Өзгөндө эски ырлар эстен чыгып, жаңы ырлар жаралып жатат. Эски обондуу жаңы ырлардын биринде мындай деп айтылат:

Өзгөндүн макмал дөбөсүн
Өзгөнгө барсаң көрөсүң.
Алыска айнып кетсең да,
Айланып бир күн келесиң.

Ушул саптарды укканымда, алар эмнегедир атайы мага арналып чыгарылгандай сезилет. Өзгөндөн четте жүргөнүмө көп болду. Мындан он үч жыл илгери, жетинчи гана классты бүткөнүмдө агам Түмөн мага өзүнүн узун шымын кийгизип, колума тапкан акчасын карматып, окууга узаткан. «Алыска айнып кетсем да», жыл сайын Өзгөнгө айланып барып турам. Бирок кайра кайрылып кетеримде Түмөн мени узатып чыкпайт. Ал «макмал дөбөлөрдүн» биринин алдында жатат. Энемдин жүзүндөй жанга сүйкүм ошол жерлерде изин чөп баскан балалык күндөрүм калган. Ошол жерде менин ага-туугандарым, жердештерим, тели-теңтуштарым жашайт. Алар менин китептен көргөн «бейтааныш тааныштарым» эмес, кадыресе тааныш тааныштарым. Барган сайын алардын мээнеткеч ысык колдорун кысам, өмүргө соргок көздөрүн көрөм, мукамдуу сөздөрүнө кулак салам.

Былтыр жайында да Өзгөнгө бардым. Бейбазар күн эле, автобустан түшөрүм менен көзүмө жаңыдан ишке киришкен автостанция чалдыкты. «Ох-хо!» – дедим ичимен.

Автостанциянын жанынан өтүп, көк базарга жөнөдүм.

Шаар кыштак сыңары жымжырт. Убакыт жылбай токтоп калгандай жымжырт.

Көк базардын сатуучулары кардалдар жоктуктан жадап, бекерчиликтен ныксырап, унчукпай отурушат.

Кызарган помидорлор. Сапсары өрүктөр. Үшүгөн баладай бетинен түгү чыккан шабдалылар. Бышканына чыдай албай чарт жарылган дөбө-дөбө коондор. Дөбөлөнгөн таргыл ала дарбыздар.

Цемент төшөлгөн аянтчада мөбө-чөбөлөрдүн бейтартип чачылган калдыктары. Шаарга байыр алган көгүчкөндөр ошолорду чокугулап, татынакай моюндарын сергек койкоктотуп, кыдың-кыдың жорголоп жүрөт. Аптаптуу абада бышкан коондун, ачыган чикирдин, жер-жемиштердин аралашкан жыты муңдуу аңкыйт.

Өзгөн бир убакта алып-сатарлардын кайнаган уюгу болчу. Элинин көбү жалаң гана чайкоочулук менен күн өткөрчү. Бейбазар күндөрү дүкөндөргө түшкөн таңсык буюмдарды талап кетишчү. Базар күнү аларды элеттиктерге эки эселеп кымбат сатышчу. Коомчулук соодагерчилик менен дурус күрөшкөн окшойт, азыр кызыл кулактар алда канча азайгансып калыптыр. Чайканаларга кире берериңде: «Меники ыс-сык!..», «Меникин алың!» деп жабалактай жүгүргөн кичинекей наабайчылар көрүнбөйт.

Бирок алып-сатарлар дагы эле бар окшойт. Көк базарга кайсы күнү барба, тапкан дасмиясын алдына жайып, көк чайдан илең-салаң шоркурата ууртап коюп, мисирейген эркектер отурганы – отурган. Алардын кесиби эмне? Алардын кылган кызматы эмне? Албетте, чайкоочулук.

Мен базарды аралап өтүп чыга бериштеги күркөгө келдим. Кадимки эле газета-журнал күркөсү. Эч өзгөчөлүгү жок. Анын ичинде отурган жашамал киши мени көрө коюп, ордунан тура калды.

– Аа, келиң, келиң. Яхшимисиз, эсанмисиз, бахват-мисиз?

Бу – менин эски таанышым Мадамин аке.

Мен аны менен кокусунан таанышып калганмын. Мындан төрт жыл мурун. Кыргыз университетин бүтүрүп, өзүмдүн кыштагым Көлдүккө мугалим болуп бардым. Эки тоонун арасы. Асмандын кууш тилкеси. Жолунун чаңы кызыл ашыкка чыгат. Жамгыр жааса – белчеден ылай. Машина каттабайт. Газета-журнал бир жума кечигип келет. Ичиң бышат. Кусалык жейт. Москвалык газета-журналдар барбайт. Аларды алыш үчүн мен жума сайын зарыгып машина күтүп, чаңга буланып, опоң-чычаң мөңкүгөн жүк машинада эзилип, Өзгөнгө келем. Көксөгөн газета-журналдарды колума алганда, типография боёкторунун узак жолдо өчө түшкөн жыты аптыктыра аңкыйт. Журналдарда басылган сүрөттөрдөгү адамдар мен үчүн кандайдыр бактылуу, бейкапар, мен экинчи көрбөс дүйнөдө жашагандай туюлуп кетет. Өзүм окуган шаарды сагынганым бир саамда көбүрүп чыгып, делебемди кусалантат...

Мен окучу газета-журналдар Өзгөндө көпкө дейре тура берет. Ошону билип алып, мен киоскерге сактап коюңуз деп айтпай эле кетип калчумун. Бирок кара диогональ сукнодон эскиче китель кийген, боюн тыкан кармаган а киши мени кызыктырчу. Ушунча элпек, ушунча сылык кишини көргөн эмесмин. Ар бир кыймылында кандайдыр айтылбаган жарашык бар. Эмне жаңы нерсеси болсо, баарын астыңа жая коёт. Өзү окуп чыккан кээ бир материалдарды кыскача баяндап жиберет. Ошол кишиден улам гана «сатуучулук маданияты» деген мен үчүн абстрактуу сөз реалдуу дидар алып, бет маңдайыма калдайып келе түштү.

Ал да мага көңүл буруп калды. Бир жумада бир келип, бир кучак газета-журналды бир алсаң, көңүл бурат да. Бир күнү ал адегенде кечирим сурап, анан ал-жайымды сурады. Анын менден сүрдөгөндөй өтө эле сылык сураганынан уялып кеттим. Айтып бердим.

– Мен өзүм эски мугалиммин. Окумал кишилерди жакшы көрөм. – Анын жасалма маңдай тиштери жарк эте түштү. – Культ личность убагында ак жерден караландым. Жыйырманчы съездден кийин гана акталып чыктым.

– Эмне үчүн кайра мугалим болгон жоксуз? Сизди алышат эле.

Мадамин аке муңайым жылмайып койду:

– Эми мага мугалим болуш кайда? Билгенимин көбүн унуттум. Билимдүүлөр да көбөйүп кетиптир. Окутуучу кылгыла деп айткандан уялып эле барганым жок.

– Да, мугалим азыр батпай кетти.

– Тирүү адамга иш табылат деңизчи. Чайкоочулук кылсам деле күнүм өтмөк. Бирок ага көңүлүм чаппайт. Жаман көрөм. Китепти жакшы көрөм. Китепканачы болсомбу дедим эле. Ылайыктуу орун чыкпады. Анан ушул күркөнү сунуш кылышты. Айлыгы аз деп киши чыкпай аткан экен. Мен тобокел деп макул болдум. Беш-алты күн иштеп көрүп, айныйын да дедим.

– Эмнеге?

– Билесизби, Өзгөндө газета-журнал окуганга ышкыбоз адамдар аз эле. Көбүнчө бирдеме орогону алышчу. Журналдар өтпөй жыйылып жатчу. План такыр толчу эмес.

– Азыр аквалыңыз кандай? – деп сурап жибердим мен.

– Жаман эмес, жаман эмес. Планды эки жүз-үч жүз процентке жеткирем. Премиальный алып турам.

Анан ал өзүнүн бир папкасын алып чыкты да, аралаштырып жатып, бир катты жана бир нече телеграммаларды алып чыкты. Көрсө, аларды республиканын байланыш министри жолдош Торопкин жиберген экен.

Мен ар бир келген сайын Мадамин аке менен көпкө сүйлөшчү болуп кеттим. Саясаттан тартып шахматка чейин сөз кылабыз. Билген-көргөнүбүздү айтабыз.

Бир күнү ал мага кантип өз окуучуларын көбөйткөнүн айтып берди.

Өзгөндүктөр газета-журнал окугандан көрө көк чай ичип, чайканада аския айтып отурганды жакшы көрүшөт. Эркектердин баары эртели-кеч чайканада. Көбү дегеле үйүнөн тамак ичпейт – таң ата электе эле жалгыз нанын койнуна катып, чайканага жетип келет. Күркөчү болгондон кийин Мадамин аке да чайканага көп бара баштады... Өзү газета-журналдын баарын калтырбай окуган неме дүйнөдөгү жаңы кабарлардан кеп салып бере кызыктуу материалдарды айтып келатып, аягын табышмактантып тык токтотуп коёт. Угуп отургандар дароо ынтызарлана түшөт. Такып сурап калышат. Мадамин аке:

– Менде бар, сатып окусаңар болот,– дейт кара гүчкө кайдыгер сүйлөп. Ынтызарлык шаштырган чайкорлор менен аскиячылар жабыла күркөгө жөнөшөт.

Деги Мадамин аке бу жагынан ашкан айлакер киши. Аны жөнөкөй сатуучу деш натура болор эле. Биринчи иретте ал – пропагандист. Ал орусча, өзбекче, кыргызча окуй алат, ушул үч тилде чыккан басма сөздөгү кызыктуу материалдар менен кабарлашып турат, анан келген кишиге илбериңки сунуш кылат.

Биз көп эле күркөчүлөргө кез келип жүрбөйбүзбү. Алар келип-кеткен кишилер менен иши жок, эмнени сатып атканы менен да иши жок, зериккен кейпи менен отура беришет. Атүгүл кээде кандай жаңылыктар бар экенин сурап калсаң:

– Көзүңүз жокпу, көрүп турбайсызбы! – деп корс эткендер да бар. Тилекке каршы, бар.

Мадамин аке – аябаган сыпайы сатуучу. Анын элпек кыймылдары, жылдызы жанган кара тору дидары, саал ак чалган кара муруттары негедир адамды өзүнө тартып турат.

Мен жыл сайын тууган кыштагыма барам, ошондо жолдон Мадамин акеге тийип өтөм. А киши экөөбүз көпкө маектешип, чер жазабыз. Былтыр жайда Мырзакеге кетип баратып, Кара-Суудагы он беш мүнөттүк тыныгууда күркөгө чуркап бардым. Жабык экен. Бурула берейин дегенде, көзүмө бир тааныш сүрөт чалдыга түштү. Карай салсам – Мадамин аке! Кара кителчен, кара мурутчан, ала топучан кейпи менен башын саал бир жакка кыйшайтып муңайым карап турат. Ал республиканын Байланыш министерствосу атайлап чыгарган агит-плакат экен. Анда газеттин супсак тили менен «өзгөндүк эпкиндүү күркөчү Мадамин Кочкаровдун ийгиликтери, тажрыйбасы, пропагандисттик ыкмалары» жөнүндө баяндаптыр. Акырында семиз кара тамгалар менен республиканын бардык күркөчүлөрүнүн андан өрнөк алууга чакырыптыр.

Мен окуп алып, кубандым. Баарынан да айлык пландарын 500 процентке дейре аткарганы мага жага бербей калды.

Деги кайсы тармакта иштебесин өз планын ушунча аткарган кишини угуп көргөн жан эмесмин.

Өзгөндөн кайтып келатып, коштошкону Мадамин акеге бардым. Даярдап алган суроомду бердим:

– Сиздин ушунча ийгиликке жетишип жатканыңызга эмне себеп? Башкы себебин айтып бериңизчи?

Китепкөйлөргө сүйүнчү!
“Улуу Тоолор” басмасы жарыкка чыгарган заманыбыздын залкар адабиятчысы Салижан Жигитовдун “Шуулдаба терегим, теректерим” (Ырлар, поэмалар, котормолор) жана “Күн тууду” (аңгеме, повесттер) аттуу эки томдук китебин сатып алууну каалагандар (Эрланга) 0708 72 68 27 чалыңыздар! Каалоочуларга Бишкек шаары боюнча жеткирип берүү мүмкүнчүлүгүбүз бар. О. э. 0558 85 57 88 номуруна чалыңыздар!

Ал саал ойлоно түштү.

– Баары адамдын өзүнөн. Кайсы иште болсо да адам өзү бийик адеп-ахлакты сакташ керек. – Мени түшүнбөй калды деди окшойт, сөөмөйүн чочойто көтөрүп орусчалап койду: – Надо быть высоким нравственным человеком. Самому надо быть!

Жолдо келатып ушул адамдын тагдырын ойлодум. Ойлонуп отуруп, бу жарык дүйнөдө мааниси аз майда иш жокпу деп калдым. Эгер адам жан-дилин бүтүндөй берсе, ар кандай көзгө майда көрүнгөн иштен кадыресе чоң маани, кадыр-барк, канимет таба алгыдай.

Негедир италиялык революционер Томас Кампанелла эсиме түштү. Ал «Күндүн шары» деген утопиялуу китебинде келечектеги жакшынакай адилеттүү коом тууралуу укмуш көксөө, укмуш ишеним, укмуш шык менен сүрөттөп жазган. Ошол эңселүү коомдун адамын айтып келип: «Ар бир киши, кайсы гана кызматка дайындалбасын, аны эң бир ардактуу иш катары аткарат» деп олуялык кылган.

Мадамин Кочкаров менен таанышкандан кийин Кампанелланын эңсегени азыр кыялдан реалдуу чындыкка айланып баратканын даана сезе түшөсүң.

II

Жакында эле Мырзаке деген район бар эле. Эми ага таң каласың. Ал түгүл күлкүң келет: хе, ушул алакандай жер кантип район атанып турду экен, я? Айла барбы, турганы чын. Ал гана эмес, илгери жыйырма жети колхозу болгон дешет.

Мырзаке – табияттын мээримине бөлөнгөн жер. Кыртышы семиз кара топурак, түзөңдөрү суудан өксү болбойт, жамгыр дайыма зарыктырбай жаап турат. Кургакчылык дээрлик жок болот. Жайында түнөргөн токойлору күн көрсөтпөй, ой-тоосу буралган калың чөпкө тунуп калат. Берекеси бетине төгүлүп турган жер.

Бирок ушуга карабастан, мурдагы колхоздор мамлекетке белчесинен карыз болгон, бир грамм эмгек күн бөлбөгөн, араң эле кыбырап турган кедей чарбалар болучу. Алардын антип калышынын көп себептери бар. Ошентсе да, айыл чарбасын жакшы билген, эл үчүн ак пейлинен күйгөн адистердин жоктугу баарынан көп кедери тартты окшойт.

Бир күнү ылайды чачырата чапкылап биздин кыштактын көчөсүнөн чабармандар өттү.

– Эй, кеңсеге баргыла! Совхоз болобуз!

– Райондон киши келди! Жыйналышка жүргүлө!

Баткагы көлкүлдөп жаткан жолдун чекеси менен абайлап басып, колхозчулар илең-салаң конторага жөнөдү. Колхоздун атайлап салган конторасы да жок болчу. Ошондо конторанын милдетин аткарып турган үйдү мурдагы раис өзүнө салдырган. Анан ал жемекейлигинен камалып кетип, илгери үмүт менен салдырган тамы колхоздун менчигине өткөн. Ошол тамдын алдына азыраак эле адам жыйылды. Суук кабар күткөндөй элейишип, алда неден чоочуркагандай үрпөйүшүп, отурарга жер жок болгондуктан тикесинен турушту. Сабактан чыгып, мен да барып калдым.

Конторанын ичинен кара тумакчан бир киши чыкты. Элди карап күлүмсүрөдү да, бир-эки ирет тамагын жасап койду. Анан сүйлөй баштады. «Мойнума тагылган милдеттен кутулуп жатам, силер капа этпессиңер!» деген өңдүү көңүлдөнбөй бош сүйлөдү. Сөзүнүн аягын акыры күн тартибиндеги маселеге апкелип такады:

– Эми силердин өзүңөрдүн ортоктош малыңар, көптөн бери жыйнаган ортоктош байлыгыңар өкмөткө өтөт, мамлекеттин менчигине өтөт. Ошону мамлекетке өз ыктыярыбыз менен өткөрүп беребиз деп кол көтөрүп коюшуңар керек. – Ал угуп тургандар жакшы түшүнбөй калды деди окшойт, минтип кошумчалап койду: – Колхоздун байлыгы силердики эле да, ошону эми өз эркиңер менен мамлекеттин карамагына өткөрүп берип жатасыңар да.

Ошондогу бир учур, мага унутулгус таасир калтырды. Колхоздукун эмдигиче өзүмкү деп ниетинде эсептебей жүргөн биздин кыштактын дыйкандарынын сезимине ушу баары көптөп кураган байлык чын эле өздөрүнүкү экени, эми аны чын эле ошо бойдон мамлекетке өткөрүп жатканы ошол минутада ушунчалык таамай жетти окшойт, алар бир саамга эмне кыларын билбей, бири-бирине суроолуу карап, үрпөйгөн калыбында кыңырылып туруп калышты. Анын үстүнө эски менен коштошуу кыйын болот окшобойбу. Көтөрүм жылкыдай алсыз болсо да, бир грамм эмгек күн бербесе да, оңолчу түрү көрүнбөсө да, колхоз дегениң не кылган менен сырдана, жыт сиңишкен нерсе эле да. Эми «совхоз» деген сөз аларга чоочун, туюк, коркунучтуу туюлду. Анан алар ортоктош байлыгын да, тагдырлаш колхозун да кыя албай, дароо кол көтөрүп жибере албай же такыр кол көтөрбөй коё албай, нес болуп туруп калышты.

– Мага сөз берчи!

Менин абам Дыйканбай ушинтип бак этти. Ал өзү эски раис, ошо кезде үйүндө отура албай оңкулдап бош жүргөн чагы эле. Ал майпаңдап басып, тамдын айбанына көтөрүлдү.

– Сапкоз андай экен, сапкоз мындай экен деген бекер кеп. (Ал сөзүн жай баштады) Андай балтай-шалтайлар илгери колхоз болордо да болгон. Бир төшөккө жатат деп, бир казандан аш ичет деп. Ошо бизди коркуткан колхозду да көрүп бактык. Мына ушу тургандар баарыбыз эле калкоздон көгөрүп, калкоздон этегибиз узарды. (Ал турган элге демите суроо берди.) Кана, колхоз боло электе кимиңин он-он бештен шайы жуурканың бар эле? (Эл унчукпай туруп алгандыктан анын үнү жумшара түштү.) Кудая шүгүр, азыр жаман эмеспиз. Үй-оокатыбыз доңуздай эле тың. (Өзүн-өзү ырастап күлүп койду.) Чын да анан! (Кайра олуттуу боло калды.) Эми мына сапкоз болуп атабыз, дагы да жаман болбойт. Өкматтын көзү бар, ал бизди жаман жакка сүйрөбөйт. Советский вылас барда эч качан жаман болбойт! (Ал бир азга токтоло түшүп, кайра колун шарт алдыга сунду.) Ана ошо себептен сапкоз болобуз деп, мал-жаныбызды өкматка өз ыктыярыбыз менен өткөрүп беребиз деп, баарыбыз кол көтөрөбүз!

– Туура, туура!

– Өткөрүп беребиз, өткөрүп беребиз!

– Дыйканбай ырас айтат!

Кыңырылып тургандар жапырт кол көтөрүп, анан бир оор жүктөн бошоно түшкөндөй, маңдайындагы күңүрт нерсе жаркырай түшкөндөй өздөрүн эркин сезишип, кажы-кужу сүйлөшүп, карс-карс күлүшүп тарай башташты...

Эртеси эле элдин кеби жаңы уюшулган совхоздун чоңдоруна ооду. Өзгөн райкомунун мурдагы экинчи секретары Дядюченко директор болуп дайындалыптыр дешти. Бир аз күндөн кийин башка чоңдор тууралуу сөзгө кезек келди. Баарынан да совхоздун башкы экономисти Жакып Исабаев жөнүндө дуу-дуу кептер көп айтылды.

– Мырзакедеги Ысабайдын баласы икенемис дейби – ошонусу болуптур. Ошто чоң иште экен, чакыртып алышыптыр. Маскөөдөн окуп келген дешет.

– Китеп эле окуй берет экен. Көзүнүн курчун алдырып коюп, эми көз айнек менен окуйт экен.

– Анысын ким билет, сапкоздун чоңдору ошо баланын оозун карап отурат экен. Бир шырыктаган машийнеси менен лубой эсепти кемпир шабдаалы жегиче чыгарып коёт экен. Кысталак, башы баш окшойт!

– Орусчаны орустардан кыйын билет турбайбы, балаң түшкүр! Кечээ обулустан чоң папкечен бир орус келген экен – орусча сүйлөп  атып  эле  отургузуп койду.

– Мырзакенин орустары «ой, умный», «ой, кароший», «ой, мындай кыргыз көргөн эмеспиз» деп баш чайкашат. Бала балажан окшойт!

Мындай легендаларды көп уккамын.

Элетте легендалык адам болуп кетиш анча кыйын эмес. Кокус өзүң деле байкабай адаттан тышкары бир иш кылып койсоң, ага ар түрдүү учуруулар кошулат да, бат эле атың эл оозуна кирип, ылакапка айланат. Эсимде, согуштан кийинки катаал жылдар болсо керек, биздин Көлдүктөгү бир киши килейген чоң чара толо жүгөрү жарманы (аны эл «атала» деп атайт) бир ууртам калтырбай ичип койчу экен. «Бисмилляны» айтып ичсе топук болот дегенден улам кашык менен ууртаган сайын «бисимилда, бисимилда» деп какшанып отуруп эле түгөтүп койчу экен. Убагында ошо кишинин ысымы бүт районго легенда болуп кеткен. Ал тургай дагы эле айтышып калат. Баса, бир отурушта бир чанач кымызды кебелбей ичип койгондор, бир койдун этин бир жеп туруп кеткендер элетте кадыресе баатырлык катары аңыз болуп жүрбөйбү. Ошол себептен айылдан уккан легендаларга анча ишене бербейм.

Адегенде Исабаев тууралуу айтылган сөздөрдү элеттин кезектеги легендасы деп анча этибар алган эмесмин. Бирок мен кичине кызыгып да калдым. Кээде ичимен: «Бир байкап көрүш керек эле», – деп койчумун.

Анда байкап көрө алган жокмун.

Мурдагы жылы Мырзакедеги жаңы баш кошкон кыз-жигиттин тоюнда бирге отуруп калдык.

Элестетип көрсөңөр болот: август айынын көгүлтүр коңур кечи, жапжарык кенен бөлмө, бөлмөнүн төрт тарабына тең кыдырата койгон столдор, берекеси жайнаган дасторкон. Анан бири-бирине ыктап тыгыз жайлашкан эркек-ургаачы аралаш жаштар. Ортодо өзүн ыңгайсыз сезип, айыптуу күлүмсүрөп, күйөө бала отурат, жыбылжыган колукту уялып жер карайт. Эмнегедир тымтырс. Баары тең үн катпайт. Ууртаган чайдын шор эткени гана шоокум салат. Баары тең бири-биринен кысынгандай, бирин-бири сынагандай керилишип, куду чай кайнатканы жаңыдан койгон суу сыңары мелтирешет.

Отуруштардын көбү ушинтип башталат.

Чайдоостун түбүн жалын аймалаган сайын суунун ичи жыбырап, бети билинер-билинбес электене баштайт.

Бокалдар бошогон сайын дене жазылып, кабыр-кубур сөз чыгып, кысылыш жоголот.

Чайдоостун түбүн жалын аймалаган сайын суунун үстүнө майда тамчылар аңтарылып чыгып, мукам үн берип чызылдай баштайт.

Бокалдар бошогон сайын күлкү арбып, бака-шака түшүп, зыңылдаган ырга келет.

Баары кылыксынып, баары мелтиреп отурганда, мен ысылап костюмун желбегей жамынып алган Жакып Исабаевди астыртан баамдай баштадым.

Анын турпатында жылдыздуу сыпайылык, интеллигенттүү маездик бар. Ак жуумал бетинин ымдары назик бүткөн. Анча курчу жок уяң көздөрү электр жарыгына жалт-жулт эткен көз айнектин нары жагынан дүйнөгө сонуркап карайт. Токтоо кыймыл-аракетинен кадыресе маданияттуу чөйрөнүн тарбиясын алганы байкалып турат. Мырзакелик айчүрөктөрдүн баары ага ашык окшойт, алар кылгырган көздөрүнүн кыйыгын улам Жакыпка жиберип, ал карап койсо, жетине албай жылмаңдашып, ал сүйлөй электе эле күлгөнгө камынышып, дегеле бактылуу отурушту.

Отургандар сармерден баштап калганда, Жакыптын алдына ыр келди. Ал ыр билбестигине шылтоолоп, анекдот айтып бермек болду. Апендинин бир жоругун айтты эле, күлкү чакырган жок. Күлгөнгө камынып турган айчүрөктөр гана күлүп калды. Калгандары күлө албай элейип, бири-бирин карашты. Бир бетке чабар чунагы бар экен, таңдангандай мостойгон кейпи менен отургандардан сурады:

– Эми мунун эмнесине күлсө болот?

Эл ошондо кыраан-каткы түштү. Жакып өзү да чын пейлинен каткырып күлдү.

Анан ага тост көтөрүү кезеги келгенде, ал ордунан турду да:

– Кыргыз жаштары азыр түтөп турат, а жалындап күйүш керек! – деди.

Кызып алган немелер дуулдап көтөрүп жиберишти. Мен чайдын суусу шарак-шарак кайнап, отургандар бири-бири менен иши болбой калганда жылт берип кетип калдым.

Эртеси таңзаардан уйкум чала канып турарым менен эсиме Жакыптын түндөгү сөзү кылт этти. «Кыргыз жаштары азыр түтөп турат, а жалындап күйүш керек!»

Ушу менен анын эмнени айтайын дегенин түндө эле ачык түшүнө албай койгонмун, бирок ал сөздөр кандайдыр бир жакшы ырдын сабындай кулагыма жылуу учураган. Чыныгы поэзияда сөз менен айтып түшүндүрө албаган, маанисин үлбүрөгөн мунарык чалган, бирок негедир уккан сайын толкундана берген саптар көп кезигет эмеспи.

Ошол сапар Жакып Исабаевди жакшы байкай алган жокмун. Эсимде анын көз айнеги, сулууча жүзү, маез бою гана калыптыр.

Былтыр барганымда Кашкабайды издеп «Алга» совхозунун конторасына кирдим.

Кашкабай – кыргыз университетинин студенти, болочок экономист, менин эски досум. Биздин совхозго атайын суранып бир жылдык практикага барган. Фрунзеден кеткенден кийин кат-кабар болбогондуктан, жолугуп коёюн дегемин.

Ал бир жакка чыгып кетиптир. Азыр келет дешкенден, күтө баштадым. Совхоздун өткөнүн, азыркысын, келечегин көрсөткөн диаграммаларды бир сыйра көз менен кыдырып чыктым. Репродуктордон мен тааныган бир артист ойкуштанып бир аңгемени окуп кирди эле, мен бурап өчүрүп таштадым. Сүйлөшүп жаткан эки жигиттин бири мага нааразылык менен карап калды.

Эшиктен Жакып Исабаевич кирди.

Кол алышып, учураштык.

Ал төр жактагы өз ордуна өттү да, ачылуу жаткан китебине үңүлдү.

Азыр эле сүйлөшүп жаткан тиги экөө да кагаз бетине үңүлүштү.

Кабинетте бир азга жымжырттык өкүм сүрдү. Телефон шыңгырады.

Жакып Исабаевич трубканы алды да, ким чалганын билген соң саламдашып, ал-жай сурашып, анан чубалжыган цифраларды айта баштады. Мен анын эске тутуу жөндөмүнө эрксизден көз арттым. Кайра да тынч боло түштү. Бир кашка чымын айнекке урунуп даңылдап жатты. Мен бекер отургандан зериге баштадым. Кайра дагы бир жолу диаграммаларды карап чыгып, эмне кыларымды билбей омсоңдой бердим. Менин жадап отурганымды Жакып сезе койду. Ал менден бирдеме сурады. Жооп бердим. Мен андан бирдемени сурадым. Ал да жооп берди. Ошентип, сүйлөшө кеттик.

Мени совхоздун экономикасынын кээ бир маселелери кызыктырды. Ал салмактуу, жай сүйлөп түшүндүрө баштады. Бара-бара ал кызып, эргүү менен сүйлөп, сүйлөгөндө уяң көздөрү кылгыра түшүп жатты. Дагы да анын карандай цифраларды эсине сактап жүргөнүнө суктандым. Анын ушунусунан эле өз ишин жакшы билгенин, өз кесибин чын жүрөгү менен сүйгөнүн байкаса болот. Деги эске тутуу өнөрү – натуранын чачкын эмес, жыйнактыгын көрсөткөн касиет.

Бир кыйла убакыт маектештик. Дүйнөдөгү көп нерселерди козгоп жибердик. Мен азыркы учурдагы адабият жөнүндө дегеле каадалуу билерманча кеп салып бердим. Экөөбүз тең билгенибизди марттык менен аянбай төгүп жаттык. Жашырганда эмне, экөөбүздө тең бири-бирибизге өзүбүздү көрсөтсөк деген тымызын ниет бар эле.

– Кашкабай кандай, андан дурусураак экономист чыккыдайбы? – дедим мен.

Жакып Исабаевич кичине ойлоно калып, анан шашып жооп бере баштады:

– Дурус, дурус эле. Зээндүү бала, кыйнап иштетип жатам.

Бирок ал Кашкабайга анча ыраазы эмес экенин дароо билип алдым.

– Кичине жалкоорок ко?

– Жалкоо деле эмес. – Ал дагы ойлоно калды. – Мен анда ар нерсеге кызыгуу азыраак дээр элем. Мен өзүм практиканы Кара-Суунун «Кызыл-Шаркында» өткөргөнмүн. Кечке чейин иштеп, кечинде темир жолдун шпалдарын санап шаарга жөнөчү элем. Шаардын китепканасындагы экономикалык китептерди бүт аңтарып, Ош менен Анжияндан жаңы адабияттарды издеп, көргөндөрүмдү окугандарым менен, окугандарымды көргөндөрүм менен текшерип, анализ кыла берчүмүн. Ошондо көп нерселерди түшүнүп алганмын. Бир кыйла өсүп калганымды сезе түшкөнмүн. Жаның менен берилип иштеген күндөр эсиңде калат экен. Ошол күндөр дайым мага жакшы көрүнөт, сагындырат. Менимче, Кашкабай ошо менчилеп иштебей жатат. Иштесе, өзүнө пайда эле да.

Ушу сапар барганымда гана Жакып Исабаевич менен жакшылап тааныша алдым.

Экөөбүз далай ирет сүйлөштүк. Анын сөздөрүн угуп отуруу өзүнчө сонун. Сен капыстан экономикалык түшүнүктөрдүн дүйнөсүнө киресиң, анан сага караманча маанисиз көрүнгөн терминдер кол менен кармалап көргүдөй предметтүү боло түшөт. Блок айткандай «муздак цифралардын ысык илеби» кадыресе сезилип кетет. Өз илимин өзү жасап алгандай жакшы билген адам гана ушундай шык менен айтып бериши мүмкүн.

Аны угуп отуруп, бир ойго келдим.

Бу экономист дегениң чарбанын философу окшойт деп калдым.

Билерсиңер, философ жеке илимдердин негизги закондорун жалпылап келип, алгылыктуу бир философиялык тыянак чыгарат.

Анын сыңары жакшы экономист да чарбанын ар кыл тармагынын табиятын, өзгөчөлүктөрүн, мүмкүнчүлүктөрүн алаканга салгандай билмейинче, аларды терең анализ аркылуу жалпылап чыкмайынча, өз милдетин аткара албайт. Ал эми анын милдети эле ушул: аз убакыт ичинде аз эмгек сарп кылып, көп пайда, көп киреше табуу.

Жакып Исабаевичти айыл чарбасынын бардык тармактарын адистерден кем билбейт дешет.

– Оо, ал агрономияны менден жакшы билет! – деди бир жаш агроном.

– Жакып Исабаевич, агроном да, зоотехник да болуп иштей алат! – деди практикант Кашкабай.

Бир күнү барсам, ал бир китеп окуп отуруптур.

– Ал кандай китеп?

Ал мага күлүмсүрөй карады да, китепти бүктөй кармап, мукабасын көрсөттү. Финансы маселелери тууралуу жазылган илимий китеп экен.

– Өгүнү жалаң финансисттердин арасына кошулуп калдым. Алар талаша кетишти эле, мен аңкайып отура бердим. Уяла түштүм. Ансыз да финансовый билимим жок экенин сезип жүрчүмүн.

Ал китебин кайра окуй баштады.

Жакып Исабаевич кызыкпаган нерселер бу дүйнөдө аз эле болсо керек. Бирок ал билгендеринин баарын ойгелди таштап атпай, өз илими менен тыгыз байланыштырат. Ар кандай буюмга ал экономисттин көзү менен карайт.

– Мен адабият китептерин чолом тийсе окуп калам, – деди ал бир күнү мага. – Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын баштан-аяк окуп чыктым. Кыргызчасын окуй элекмин. Орусча окуп жүрөм. Жакшы жазат. Көз алдыңа келип турат. Айдалган талааны сүрөттөгөнү такыр эсимен кетпейт. Мен аларды окуганда тойбой калам. Өтө сулуу жазат. Өтө романтикалуу. Мен окугандан кийин мага бир пайда берген китептерди жакшы көрөм. – Ал «пайда» деген сөздү баса айтып мага карап койду да сөзүн улады. – Мына Данил Граниндин романдары мага жагат. Окудуң беле? Жактыбы сага? Жакпай калдыбы? Билбейм, мага жакты. Көп пайдалуу нерселерди билип алдым. Балким, мен адабиятты анча түшүнбөстүрмүн.

Ал өзү алдын тороп эскертип жаткан соң унчуккан жокмун. Чынын айтсам, анын жадагалса ушу адабияттан да бир пайда тапкысы келгени мени негедир маашыркантып жиберди.

Ырас, Жакып Исабаевич кызыктуу киши. Анын жүрүм-турумунда ой-кыялында, сүйлөгөн сөздөрүндө азыркы замандын маданияттуу адамынын жакшы белгилери бар. Ал бир кезде Москвадан алгандарын жоготпой, кайра өнүктүрүп, байытып, күчөтүп келе жатат.

Жакып Исабаевичти эстеген сайын менин эсиме дагы бир ал теңдүү эле жигиттин тагдыры түшөт.

...Ал экөөбүз бир кезде ынак элек. Менден эки курс жогору окуса да, биз эмнегедир жакындашып кеткенбиз.

Анын атасы дөөлөттүү киши эле. Андан акча үзүлчү эмес. Бирок көп эле дөөлөттүү адамдардын балдарынча дардактап ойноп кетпей, ынтаа менен дурус окучу. Анан маданияттуу болом деп өлгүчө аракет кылчу, классикалык музыканын пластинкаларын жыйнап, дүйнөдөгү бардык нерселерден кабардар болуп, советтик жаш адам өзүн кандай алып жүрүү керектигин үйрөткөн брошюралардан таалим алып, эл окуган китептерди тытып окуп, соңку мода менен жарашыктуу кийинип жүрчү. Коомдук иштерден калчу эмес, ар бир диспутта чыгып сүйлөчү. Курсташтарынан өйдөсүнүп текебер карачу. Кээде минтип кайгырып калар эле:

– Эми буларды карабайсыңбы? Эчтекеге кызыгышпайт. Кесме менен жарма ичип, карт кекирип жата беришет. Бозо гана жетишпейт. Беш жыл ушинтип өтөт. Анан айылдан кандай келсе, ошо бойдон кайра айылга кете беришет. Көп болсо бир диплом ашырып кетишет экен. Минтип жүрсөк өсө алабызбы? Эми ушунубузду качан таштап, качан адам болобуз?

Түтөгөн каңырыктан чыккан ушу сөздөрдө кичине кербездик менен катар чындыктын үлүшү да болор эле.

Ал экөөбүз Фрунзени көгүлтүр ымырт басып, көчөлөр үлбүрөгөн агыш шоолалуу мунарыкка бөлөнүп турган чакта сейилдеп жүрүп, кыялдана берчүбүз. Биздин кыялдарыбыз да көчөнүн агыш шоолалуу көгүлтүр мунарыгындай сырдуу, татынакай, тунук эле. Кыялыбызда кылактаган назик кыздар, бүлбүл этип бизди азгырган келечек, алыс-алыс саякаттар, элге арналчу бийик-бийик иштер жашачу. Чырымтал элек, романтик элек. Биз чыкканда көчөлөр дайыма үлбүрөгөн агыш шоолалуу көгүлтүр мунарыкка бөлөнүп турчу. А биз акырын басып кыялдана бер чүбүз...

Ал окууну бүтүп кетип баратканда, өзүм узатып чыкканмын. Чала уйкулуу көздөрүндө гана муң уюп, өмүрүнүн гүлгүн беш жылын өткөргөн шаарды кыя албай кабыргасы кайышып турду. Мойнунан байлагандай кыңырылып жатып, самолётко араң чыкты.

Биринчи катында шаарды аябай-аябай сагынганын, Өзгөндүн жаш балдары «стиляга! стиляга» деп айрөктөп бир километрге чейин ээрчип алганын, деги ичи бышып, кусалыкка чыдай албай араң эле жүргөнүн жазыптыр. Экинчи бир катында жергиликтүү кадр катары көтөрүлгөнү жатканын билдирген эле. Анан андан кат шарт үзүлдү. Сыягы, көтөрүлүп кетип, мага кат жазганга да чолоосу тийбей калса керек.

Мен бүтүп барганымда, ал аздыр-көптүр кайра «элеттеше» түшкөн экен. Илек-илек буттанып кызыл өтүк кийип алыптыр. Базардан карпа-күрп жолугуп калды. Дурус эле саламдашты.

– Айылга бараттык эле, шашып турам. Эми бир жолу келипсиң – сүйлөшө беребиз. Шаршемби күнү кабинетиме кел. – Ал көгүш түстүү «Победаны» карай басып баратып, кара күчкө «сыпайгерчилик» кылып койду. – Жүрбөйсүңбү, биз жакка барып ойноп келелик.

Мен дагы кара күчкө шылтоо таптым:

– Ой, кол бошобой атат. Эми ушу жерде эмеспизби, мейманчылашып аларбыз.

Жашырганда эмне, ичимен тырчый түштүм: «Тигини, кабинетине кел дейт! Дегеле каадалуу чоң баштанып...».

Бирок ага ишим түшүп, барууга туура келди. Бир аз сүйлөшүп отургандан кийин:

– Өзгөрүп кетипсиң го? – дедим мен.

– Койчу? – Ал анткор таңданып койду. – Өзүмө сезилбейт. Өзгөрсөм өзгөргөндүрмүн. Адамбыз да, чөйрөгө баш иебиз. Айланаңа карап иш кылбасаң да болбойт. Элден чыгып каласың. Аа, балам, али башың жаш. Турмуш акең баарын өзү түшүндүрөт. Мурдуңан эшек куртуң бат эле түшөт. Көрөм сени да! Мен деле жаңыдан келгенде сенчилеп дымактуу элем. Өзүмдү кыйын саначу элем. Ээ, айтканда эмне, турмуш акең өзү үйрөтөт.

Мен аны менен талашайын деп, кайра сабыр кылдым. Баары бир аны жеңе алмак эмесмин. «Ким билет, мунун айтканы да чындыр», – дедим ичимен.

Бирок анын жүргөн-турганын карап туруп, өтүмдүүлүгүнө тем бердим.

Ал «турмуш акесин» бат эле билип алган көрүнөт, колунан бирдеме келгендерден каалаганын көчөдөн кармап алып, колтуктай басып, буйтка жерге алпарып стакандашып, тең атадай мамиледе экен. Жоомарттык жагынан атагы чыгыптыр: кезеги келгенде акчанын көзүнө карабай төгүп-төгүп таштайт экен.

Бир күнү дагы бир жолу айтып жүргүдөй мартчылык кылып ресторандан чыгып келатып, мага дегеле сырдаштык сезим менен көзүн кысып койду:

– Атасынын көрү, акчаны акча табат...

Ал эл оозуна аты кирип, «жигиттин гүлү» делип, бир кыйла кадыр алып калыптыр. Баркы бар адамдардын жанында жүрсөң, өзүңдүн карыганча кадырың жоктугуңу катуу сезип, капаланып кетесиң. Мен ал таанышымдан четтей баштадым. Ал да мени өзүнө тартайын деп жан талашкан жок.

Жазга жуук бир жолу Өзгөндөн Көлдүккө кайтып баратканмын. Көтөргөнүм балдарга сатып алган үч таңгак китеп. Өтүгүм кончунун жарымына чейин баткакка чыланган, үстү-башым бүт ылай. Шалпайган кейпимде салпактап машина чыкчу жолду карай келатканмын. Артыман кууп жеткен «Виллис» менден саал өтө берип токтоду.

– Кел, түшүп ал!

Тааныш үндү угар замат чочуп кеттим. Ушул кейпимде анын үстүмөн чыгып калганына ардана түштүм. Башка машинаны кечке күтүш керек, анан «Виллиске» отурууга туура келди.

– Аа, китеп ташып жүрөсүңбү? – Анын оозунан майлуу манты менен арактын өткүр жыты урду. – Бу өзгөрүп кетипсиң го бат эле? Ыкшып күлүп калды. – Бу баягы дымак кайда? – Дагы ыкшып күлүп калды.

Алагүү достору анын күлкүсүн коштоп жөнөдү. Негедир шарактаган чоочун күлкүлөр мени сүрдөттү, жалгызсыратып, кемсинтип таштады. Сүйлөргө сөз таба албай, ошол минуталарда чын эле кейпимдин бечаралыгын аябай сезип, өзүмдү-өзүм аяп да кеттим. Табаланган арым ичимден тыбырчылап көтөрүлүп, араң токтотуп турган сабырым чарт жарылганы даяр турду.

Ал болсо өзөк өрттөнгөн кер какшыгын жөнөтүп коюп, улам ыкшый берет, алабарман достору аны коштоп каткырып калат. Бир кур анын ата-жотосун калтырбай ашата сөгүп, экинчи жүз карашпас болуп, анан машинадан түшүп кетейин деп ниеттендим. Бирок ошентишке даай албай койдум. Олдо менин жалтактыгым а-ай!..

Мен түшүп калып, машина алда кайда узап кеткенде да, табалаган күлкү кулагымда чуулдап турду.

Жайында мен мугалимдиктен бошонуп, көчөдө бейгам кудуңдап баратсам, ал алдыман чыкты.

Мен жаш балача токтоно албай мактанып жибердим:

– Фрунзеге кетип атам.

– Поздравляю, поздравляю. – Ал мени куттуктап койду. – Кай жерге иштейин деп атасың?

– Аны кудай да билбейт. Жөн эле кетип баратам, тобокелге салып.

– Кызматтын дайыны жокпу? – Ал таңдана карады да, бирдеме демекчи болуп туруп, кайра айнып кетти. – Келчи кабинетке. Бир сөз бар. Бу саам анын кабинетке чакырганы менин көтөрүңкү көңүлүмдү кайт кыла алган жок. Мен кудуңдаганымдан жазбай, бейгамдык менен калжаңдай бердим.

– Тигини! Тигини! Тим эле министр! Эмне кылсаң ошол кыл, кабинетиңе барбайм. Мен кетип атам. Эсиңдеби, баягы кечтер? Мен ошо кечтерге кетип атам. Эмне кылсаң ошо кыл – кабинетиңе барбайм!

– Тамашаны коё турчу. Келчи. Келсең.

Мен тамашага чалып, калжаңдай бердим. Ал бүткүл турушу менен нааразы боло түштү:

– Эми ушинте бересиң. Мен серьезно айтып жатсам...

Анын чын жүрөктөн айтканы мени дароо олуттуу кылып жиберди:

– Качан келейин?

– Мына мен раисполкомго эле кирип чыгам. Барып отура тур газета окуп.

– А, хоп-хоп, таксыр.

Ал кабинетине шашылыш кирди.

– Мен Саламаликке баратам. Иш чыгып калды, – деди ал столунун тартмасын кулпулап жатып. Анан чий калпагын кийди. – Эми кеп мындай, сен Фрунзеге барбай эле кой. Иштин деле дареги жок экен. Шаар – көрө жүргөн эле шаар да, дегеле оңолбойсуң, өсө да албайсың. Кал. Мен бир иш таап койдум.

– А кандай иш экен?

– Жакшы иш. Трамплин. Бир секирсең эле областка учуп түшөсүң. Дагы бир секирсең Фрунзеге жетесиң. Фрунзеге барганга жараша жакшы барыш керек. Кадырбарк менен, байлык менен, квартира менен. Жалгыз көйнөк, жалгыз шым менен коколой башыңды көтөрүп баргандан эмне пайда? Кетип баратыпсың, быйыл бир костюм да ашыра албасаң керек. Давай, кал дагы, кызматка орнош. Калганын мага кой.

– Ой, ушу менден чоң чыкпайт ко... Ага да шык болуш керек да.

– Токтоп тур. Эч кандай шык-мыктын кереги жок. Эл менен чоңдорго кандай жагышты билиш керек. Андан башка...

– Ой, ошентиш эле оңой бекен?

– Токтоп тур. Кыйын деле эмес. Сен экөөбүздөн начар адамдар деле эптеп-септеп чоң кызматтарда иштеп жүрөт – мен көрүп жүрбөйүмбү. Чоң болуш үчүн анчалык ашык акылдын деле кереги жок. Адамдар менен жашашты гана билиш керек.

– Кокуй-ой!.. Сен тим эле...

– Койсоңчу тамашаны! Мен серьезно айтып жатсам, а сен... Угуп турчу: мына мен ишке анча-мынча аралашып калдым. Бу райондук чоңдордун аки-чүкүсүн бүт билем. Жалгыз болуп жатам. Куш канаты менен учуп, куйругу менен конот. Биз чогулушубуз керек. Биз өсүшүбүз керек. Жер биздики, эл биздики. Качанкыга чейин эле Өзгөндү башка бирөөлөр бийлей берет. Давай, кал. Өзгөндү эки-үч жылда бүт өзүбүз ээлейбиз.

Мен андан тамаша менен кутулуп кетейин дедим эле, бирок анын кууланбай-шумданбай чын пейилден айтканы мени олуттуу жооп беришке аргасыз кылды.

– Мен билип турам, – дедим суз гана, – сен ушунун баарын мага жакшы санап айтып атасың. Аныңа ыракмат. Бирок мен кала албайм. Андай иштер колуман келбейт. Кызыкпасам эмне кылам?

Азыр эле сүйлөп жатканда мээрим чалган анын жүзү дароо мисирейип, ишеним чачырап турган көздөрү илепсиз тикчие түштү. Өзүнүн эч кимге айтпаган жашыруун сырларын кызып кетип мага лап айтып таштаганына ичи ачышты, баятан берки кылган аракети бошко кеткени ызасын келтирди. Анын бүткүл турпаты чоочун, текебер, өктөм боло калды.

– Болуптур, – деди ал кекеткен үнү менен, – барганда эле сага иш даяр турганын көрөрмүн. Фрунзеде эки-үч ай иш таппай темселеп, кайра келесиң. Сага окшогондор аякта өтө көп. Жакшылык тилеп жатса... Болуптур, жакшы бар. – Ал күлөйүн деп тырышты эле, күлкүсү күлкү болбой калды.

Бирок анын олуялыгы ордунан чыккан жок. Фрунзеге келерим менен бат эле ишке орношуп алдым.

Кийинки жылы отпускага барганымда, аны Мырзакенин сайынан кезиктирдим. Жайында эс алышка ошол сайдан артык жерди табыш кыйын. Токойлуу тоо жылгалары менен жайлоодогу мөңгү суусунан жаралган Жазы дайрасы аласалып агып жатат. Суу туптунук, салкын, көгүлтүр. Жээги бүтүндөй ысык кум. Айланасы жыш бадал.

Сууга чөмүл. Ысык кумга оона. Үстүндө куду суу сыңары тунук көгүлтүр асман. Өрттөнүп турган аптаптын жалын аралаш шоолалары денеңди ысытып, жыргалга мемиретет, дүйнөнүн кулпурган көркү көзүң аркылуу ичиңе куюлуп кирип, жаныңды мээримге толтурат; бир заматка өмүр бою мойнуңа минген түйшүктөр эсиңен чыгат, бала чактагыдай бактылуу бейкапарлык сени ээлеп алат; ошондо жашоо жыргалын бүткүл турушуң менен сезесиң, өлгүң келбейт, ысык кумдун үстүндө көгөргөн тунук асманга карап жата бергиң келет!

Жайында Өзгөндөгү чолосу тийген адамдардын баары ысылап Жазынын сайына кирип кетет. Мен да кирингени Мырзакенин тушундагы сайга түшүп, бир компаниянын үстүнөн чыгып калдым. Бир топ жыңалач киши трусычан малдаш токунуп отурган экен. «Виллис» сууга кирип барып токтоптур. Дасторкондун ордуна жайылган газетанын үстүндө тилим-тилим коондор, помидорлор, тууралган муздак эттер. Кырдуу чоң стакандарда толтура арак. Суунун ичинде тордомо коондор менен көгүлтүр бутылкалар жатат. Ал суудан чыгып келатыптыр. Мени көрүп:

– О, фрунзелик келип калды, – деп койду. Анын үнүнөн кубаныч да, нааразылык да сезилген жок.

Өз ордуна барып отурду эле, эткээл жонунан жылтыраган тамчылар майланышып кулап түшүп жатты. Шөлбүрөгөн трусысы түктүү сандарына жабышып, кичине чыгайын деген курсагы күлгөн сайын салмак менен болкулдап турду.

Жанындагылар, көрсө, жан-жөкөрлөрү экен. Анын оозун эле карап отурушат. Лепилдеп кызмат кылышат. Ал бирдемени айтса, коштоп күлүп калышат. Ичкенде, ал ичип ийгенден кийин ичишет.

– Көлдүктөн болот. Фрунзеде иштейт. Жазып коймой өнөрү бар.

Мени тигилерге ушинтип тааныштырды.

Анан ал наркы четте отурган бир мурутчан жашамал адамды кажый баштады. Мурутчандын бир кытыгылуу жерин таап алган бейм, улам эле мен түшүнбөгөн бирдемелерди табышмактантып какшыктап калат. Беркилер дуу күлүп жиберишет. Мурутчан калп эле өзүн зордоп уялымыш болуп, мурутун сылагылап айыптуу күлөт:

– Койсоңчу, койсоңузчу эми.

Бир пастан кийин ал бир жолку отурушта арак ичип, эл баары тараганда да кадимкидей сопсоо отурганын ырахаттанып, маашырканып айта баштады. Тим эле бир зор эрдигин айтып жаткандай мактана сүйлөйт. Мен аны угуп отуруп, кокус башыма түшкөн ойдон чочуп кеттим: «Бул ушуларын айтып берет, а мен карыганда кайсы жигитчилик эрдигим айтып балдарга мактанам, ыя?..»

Деги сөздүн көбү ичкилик, чоңдордун кылык-жоругу, акча сыяктуу маселелердин айланасында жүрүп жатты. Жолдошторунун баары анын алдына үч бүгүлүп, кошомат кылып, ар бир какшыгына күлкүлөрү келбесе деле күлүп отурушту. Мен өзүмдү бир аз чоочун сезип, ага кошомат да кылбай, кылапат да айтпай, тим отурдум. Бир кезде ал жин тийгендей мага асыла баштады. Кычык-кычык какшыктарын мени карай астыртан атып калат. Жан-жөкөрлөрү дегеле болбой каткырып калат. Бирок менин териккеним да, урушканым да жок. Мен тим гана анын баягы окуп жүргөндөгүсүн эстеп отурдум. Анда ал маданияттуу болушка жан-алы калбай талпынган, бийик-бийик максаттарды көздөгөн, билим алсам дегенде жантыгынан жата калган дилгир неме эмес беле? Анда аны түшүнчү эмес экенмин. Көрсө, ал маданияттын да, билимдин да сыртынан гана алып, алтындын буусу жалатылган буюмдай жаркыраган бойдон шаардан айылга келе бериптир. Турмушка урунганда буусу сыйрылып түшүп, ичи-тышы окшошуп, өзүн кыйын санаган айылдык арсыз мыкчыгерлердин бирина айланыптыр. Мен анын ушунусуна негедир кейип кеттим. Ал дагы эле мени какшыктап жатты...

Былтыр жайында каникулга барып, Өзгөндө ага бир топ киши менен көчөдө турган жеринен жолуктум. Учурашып, экөөбүз тең бири-бирибизге: «Окуу кандай? Ал-ахвал кандай!? Иш кандай?» дегендей суроолорго суз гана жооп бериштик. Нары жактан бир абышка бүжүрөп келип, ага кайрылды. Ал олурая карап, жийиркенгендей күңк деп жооп берди. Абышка жалтаң этип, кайра бүжүрөгөн бойдон басып кетти. Тургандардын бирөө аския айтты эле, ал оорлошуп калган денесин солк-солк эттире күлүп калды. Өзү да анча деле куйкуму жок кер какшыктардын астыртан жылдырып, ошого моокуму канып жатты. Мурдагыдан дагы эттене түшүптүр. Көздөрүнүн айланасы ак көпшөк тартыптыр. Анын бүткүл турушу: «Өзүмө да, тагдырыма да, кызматыма да, жадагалса аялыма да ыраазымын, бу жалган дүйнөдө эч кандай арманым жок» дегенсип тысырап, текебер зыңгырап турду.

Ошондон бир жума өтпөй мен жумуштап Ошко жөнөп калдым. Куйкалап жаткан күндүн табынан качып, автобустун жолун тосуп, жарыбаган көлөкөсү бар кара жыгачтын түбүндө турсам, артыман анын тааныш үнү кулагыма шак этти:

– Эй, кайда барасың?

Жалт карай салдым. Ал жеңил машинанын жан айнегинен башын чыгарып турган экен.

– Ошко баратам.

– Кел түшүп ал.

Анын айкөлдүгүнөн отказ кылайын деп барып, кайра ысыктын күнүндө үч саат үлүлдөй араң жылган автобуста аябай эзилеримди эстедим да, түшүп алдым.

Бу адам дегениң кызык эле неме го! Башкасын айтпайлы, кээде сага бирөө тамак алып берип койсо да, ага өзүңдү аздыр-көптүр милдеткер сезип каласың.

Менин аны менен сүйлөшкөнгө анча кушум жок болчу, бирок машинасына түшүрүп алгандан кийин өзүмдү кичине милдеткер сезип калдым белем, ал унчукпаса деле сөз козгой баштадым. Утуру эле бирдемелерди божурап сурап калам. Ал чалкалап отурган калыбында көңүлкош чорт жооп берип коёт. Үч-төрт жолу ошенткенден кийин пейил күткөн немеге обу жок сүйкөнүп, атүгүл анча-мынча көшөкөрлүк кылып ийгенимди сезе коюп, өзүмө аябай жиним келип, жаагымды жап бастым.

Машинанын алдынан бензиндин аптапка бүкшүгөн коңурсук ысык жыты каптап, терезеден керимсел ызылдап уруп турду. Мен андан нары үн-сөз катпай, саратанга саргарып күйүп акактап жаткан адырларды, жалбырактары солуңку тартып шалпайган сейрек дарактарды, алыстан уюлгуп жыбыраган закымдарды уйкусураган көздөрүм менен ыргылжың карап бара бердим...

Ошко жеткенде ал бир чоңдун фамилиясын атап, ошого кирерин айтты. Ушунусу менен «жетерин жетип алдың, эми түшүп кетсең да болот» дегенчелик кылды. Түшүүгө камынып жатып, ошо чоң менен анча-мынча тааныштык жайым барын эстедим. «Атайы арзып келаткан зарыл жумушума жардам береби?» – деген үмүткө азгырылдым.

Кабылдоо бөлмөсүндө бир аз күтүп туруп, экөөбүз тең бирге кирдик.

Чоң менен Фрунзеде эки-үч мертебе конокто бирге болуп, атүгүл анын бир жарыбаган ишине жарап бергенмин, ага кошумча катары мен жөнүндө болор-болбос мактоо сөздөр уккан көрүнөт, жолукканда ал-жайымды сурап, эпилдеп калчу.

Бу саам да мени көрөр замат – ордунан туруп, күлүмсүрөй утурлай басып, илбериңки ийиле берип, кол алышты. Кошо кирген ага көңүл бурбай, менин ал-ахвалымды, ортоктош тааныштарыбызды, жаңылыктарды сурай баштады, бала чагынан бери бирге өскөн эски ынагын көргөндөй жадыраңдады. Мен да а чоңдун сырдаш адамындай тартынбай сүйлөп, тамаша айтып, өзүмдү эркин кармадым.

Чоңго зарыл жумушумду айттым эле, ал ошо күнү көңүлү чак-чак болуп, жакшылык кыларга киши таппай турганбы, ойлонбой туруп эле мен барчу немеге записка жазып, колума карматты.

Алкыш айтып, дегеле каадалуу кишиче салабаттуу коштошуп чыгып баратып, дарбазанын оң жагында турган ага кол бердим:

– Ыракмат... Жеткирип койдуң кыйналтпай.

Ал негедир жалооруй түштү:

– Токто, бирге кетебиз. Мен азыр эле чыгам.

Экөөбүз бир сааттан кийин почтонун алдынан жолугушмак болдук.

Ишим түшкөн киши менен анча-мынча кызаңдаша кетип, көңүлүм буулуп, азыр эле жаркырап турган дүйнө эми караңгы көрүнүп, почтонун алдына келдим. Ал машинасы менен күтүп туруптур. Күлө багып, жайдары сурады:

– И, иш кандай? Мен нааразылык менен бурк эттим:

– Жаман.

– Койчу?

«Акбуура» ресторанынын тушуна келгенде, шофёруна токтот дегендей ишаарат кылды.

– Оокаттанып албайлыбы? – деди мага.

Ресторанда отурганда ал мага адаттан тышкары жалпаңдай баштады. Бир заматта зыңгыраган текебер кейпинен, каада күткөн жай кыймылынан ажырап, кыймыл-аракети илбериңки, жөпжөнөкөй элпек мамилелүү адамга айланды. Эмне үчүн ал бат эле минтип өзгөрө түштү?

Тамактын биринчисин ичип бүткөндө, салфетка менен оозун аарчып жатып:

– Сени шифер таппай жүрөт дейби? Мага ким айтты эле? – деп, ким айтканын эсине түшүргөнгө тырышып кабагын түйдү. – Бирөө айтты эле.

– Ай, табылчудай түрү жок.

– Мага айтпайсыңбы – байкап көрөт элем.

– Сен Өзгөндө шифер таап бермек түгүл жакшылап алик албайсың анан.

Ал эриндерин ачпай, бир-эки мертебе денеси менен солк-солк күлүп тим болду. Бир аздан кийин:

– Сен тиги Н. менен кандай таанышсың? – Ал жанараак экөөбүздү кабыл алган чоңдун фамилиясын айтып, абайлап сурады. – Ал сени аябай мактап салды го?

Мен ага жалт карадым. Ошо замат анын баятан берки мага кылган бир башкача элпек мамилесин түшүнө койдум. Ичимен күлүп, кайра жиним келди. Тиги чоң мени, чынын айтыш керек, анча деле билчү эмес, билсе да бирөөлөрдүн сөздөрүнөн улам билчү, анын үстүнө, мага анын мактаганы да, жамандаганы да бир тыйынга арзыбай турган. Тааныштыгыбыз да жайынча эле тааныштык болчу. Бирок маңдайымда отурган анын дароо өзгөрүлгөн кебетесин карап туруп, көпкөлөң боз уланча мактангым келип кетти да, ага жок жерден эле өзүмдү тиги чоң менен тең ата дос кылып, ал гана тургай Фрунзедеги атактуу кишилердин көбүнө кадыр-баркым бар кылып көрсөтө баштадым. Менде кара таштын кадыр-баркы болсунбу. Фрунзеде чоң кишилердин бирөө да мени тааныбайт, ошентсе да калп-чынды аралаштырып койгулаткан сайын анын көзүнө беделим улам көтөрүлүп баратканын сезип, ошого жетине албай, фантазиямдын оозун бош коё бердим...

Ошто далайга чейин айланышып жүрүп, күн салкын тарта баштаганда гана кайра жолго чыктык. Аны-муну кобурашып келатып, ал эмнегедир дагы ачылып, арыз-муңун айтып кирди.

– Колдогон кишиң болбосо кыйын экен, – деди ал муңайым, – домкраты барлар шарт-шарт жогору жакка секирип кетип жатышат. А бизге окшогон колдоосу жок шортекелер басылып жатат.

Мен кичине таң калдым: капырай, ушу өзүнө-өзү ыраазыдай көрүнгөн бактылуу адамдын дагы арманы бар экен а!

Ал божурап арыз-муңун айтып баратты. Анын айткандары менин кыжырымды козгоп баратты. Оюм уйгу-туйгу болуп, жалгызчылыкты самап калмай адатым кармады. Такыр эле сүйлөшкүм келбей калды. Ал арыз-муңун айта берди. Мен унчукпай бара бердим.

Эртең менен эле анын менчилеп үн-сөз катпай келатканы эсиме түшүп, эми мен аны туурагансып калганымды баамдай койдум да, бырс күлүп жибердим.

Ал сөзүн токтотуп, мага күлүмсүрөй ормойду:

– Эмне болуп кетти, капырай? Мен бирдеме деп ийдимби?

– Жок, жок өзүмчө эле. Эски бир окуя эсиме түшүп.

Канткен менен ал куу неме. Менин калп эле эски окуяга шылтап койгонумду билди, бирок унчук кан жок. Бир гана уурту кекердүү жыйрыла түштү.

– Башка сөз сүйлөшөлүчү, – дедим мен ага. – Ушуларды уга берип ишенесиңби, жадап бүттүм.

Башка нерселерди сүйлөшө баштадык эле, негедир сөзүбүз шар акпай туруп алды. Деги ага ошо күнү эмне болгонун билбейм, бир пастан кийин кайра муңканып кирди.

– Мен артта калдым, – деди ал. – Ушинтип жүрө берсең артта калат экенсиң. Мен дагы аспирантурага кирип алсамбы?

Менин жиним келди. Кийинки учурда кай бирөөлөрү аспирантураны дегеле илим деген үч уктаса түшүнө кирбеген дейди адамдардын баш калкалай турган сыйынты болуп кеткендей көрүшөт. А буга менин жиним келет.

– Эмне, мен кире албаймбы? – деп такыды ал.

– Кире аласың. Бирок сен али кызматыңдан кулай элексиң да. Кулаганда кирсең болот.

– Бу мени какшыктап жатканың го?

– Жок, ак пейлимен эле айтып жатам. Кандидат эле болгуң келсе, кызматтан кулаганда кир. Ага чейин иштей бер. Балким, чоңоюп да кетерсиң. Эгер илимге кызыксаң, ушу жерде жүрүп деле көп нерсе бүтүрө аласың. Айылда иштегендердин көбү кандидат болуп жатпайбы.

– Россияда же дагы бир башка жерде болбосо – биздин шартта кыйын. Өзгөндүн шартында. Кана, кимди айта аласың бизден?

– Пожалуйста, Исабаевди.

– Кайсы Исабаев?

– «Алга» совхозунун экономистичи.

– Жакыппы? Биздин Жакыппы?

– Биздин эле Жакып.

– Чын элеби?

– Чын эле Жакып Исабаев жакында экономикалык илимдердин кандидаты болот. Аспирантуранын теориялык курсун сырттан окуп бүтүрүп, ушу тапта диссертациянын үстүндө иштеп жаткан чагы...

Ал Өзгөндөгү мал чарбасы жагынан специализацияланган совхоздордун, албетте, биринчи иретте өзү иштеген совхоздун экономикалык абалы менен иш тажрыйбаларын ийне-жибине чейин иликтеп, тирмейе анализдеп, жыйынтыктап, ушунун негизинде совхозду башкаруунун, пландаштыруунун, уюштуруу системасы менен эмгек акы төлөөнүн эффективдүү жолдорун издөө менен алек болуп жүрөт.

Эч кимге жашыруун сыр эмес, көп эле диссертациялар корголгондон кийин практикага ныпым пайдасы тийбей, архивдерде чаң басып кала берет, көп болсо айрым главалары илимий жыйнактар менен журналдарга жарыяланат, бирок алардын деле өндүрүштө иштеген адистердин делебесин козгоп, кандайдыр жакшы жумуштарга шыктантканы сейрек жолугат. Жакып Исабаевдин диссертациясы турмуш менен тыгыз байланышкан, анда совхоздор тармагындагы ар кандай адистерге практикалык кеңештер берилет, республикабыздагы жетимиш проценти рентабелдүү эмес совхоздордун рентабелдүүлүккө бара турган даңгыр жолу көрсөтүлөт. Бир сөз менен айтканда, Исабаевдин диссертациясы азыкты китептердин беттеринен эмес, турмуштун терең катмарынан алган пайдалуу эмгек болмокчу.

Анын диссертациясы тууралуу мындан артык эчтеме айта албаймын. Жакып көп эле нерселерди жандили менен түшүндүрдү эле, бирок экономикалык маалыматы жок, нары абстрактуу ой жүгүртүүгө чабал кишиге анын баары жетиши кыйын экен. Анын үстүнө, мени ар кандай диссертациядан мурун аны жазган адам дайыма көбүрөк кызыктырат.

Мен Жакып Исабаевичти жакшылап баамдап, мүнөзүнүн урунтуктуу белгилерин кармайын деп калганымда, бир болор-болбос окуя андан нары байкоону улантышка жолтоо кылды.

Мунун баарына айыптуу – практикант Кашкабай.

Бир күнү анын Мырзакедеги жаман квартирасында кажылдашып отуруп, экөөбүз Жакып тууралуу узак аңгемеге түштүк.

– Мага ал аябай жагып калды, – дедим мен.

Кашкабай аны жерге-сууга тийгизбей мактай баштады. Мактайын деле деген жок, жөн гана өзү жакшы санаган, атүгүл кудайындай көргөн адам жөнүндө эмне билсе, ошону чын пейилинен тамшанып айтып жатты.

– Мен жаңыдан практикага келгенде, көп нерсе билчүдөй кыйынсынып жүргөнмүн, – деди ал бир да диалектилик сөздү кошпой, таза адабий тилде сүйлөшкө тырышып. Анын ушундай адаты бар. – Анан Жакып Исабаевич менен иштеше баштаганымда, өзүмдүн көп нерсени билбегенимди сездим. Деги Жакып Исабаевич кыйын. Аны менен кошо жүрсөң, кандайдыр жакшы болгуң келип кетет, иштегиң келип кетет, көп нерсе билгиң келип кетет!

Кашкабайдын ушу сөздөрү мага катуу таасир берип жиберди. Чынында да жаныңда жашагандарды өз жүрүм-турумуң менен жакшы жакка чакырып турсаң кандай сонун! Мындай таалай ар кимдин эле ыкыбалына туш келе бербес.

– Мен а жөнүндө очерк жазам! – дедим түз эле ошо жерден.

Кашкабай эртеси Мырзакенин көчөсүнөн жолугуп, мага сүйүнчүлөй кетти:

– Очерк жазам дегениңди Жакып Исабаевичке айтып койдум.

Мен капылеттиктен шалдая түштүм: «Тобо, ичине кылдай сыр жашыра албаган адамдар да болот экен-а!»

– Эмне деди айтсаң?

– Кызык болуп кетти. Уялгансып алдастай түштү. Мен очерк жазамбы, жазбайымбы – ага Жакып кайдыгер караса керек эле. Албетте, мактоо кимге гана жакпасын. Кээде сени бирөө көзүңө эле мактаса, а көзгө мактаганда дайыма калп аралаш болорун билип турсаң да, анан канчалык жупунуланып тетири кол шилтесең да, баары бир ичиңде кандайдыр жылуу сезим калат эмеспи. Бирок керт башың адатка айланган майда-чүйдө жалган көз караштардан бошотуп, чындыкты илимийби, нравалыкпы, турмуштукпу же көркөмбү – айтор, бир чындыкты – жаны кашая издеп жүргөн адамга бир мезгилде ушундай бир тайманбастык жаралат, ошондо ага мактоо да, жамандоо да таасир бербей калат. Менин байкашымча, Жакып Исабаевич ошондой адамдардын сортунан.

Мен кээ бир журналисттерге суктанам. Алар эмгектин бир алдыңкы адамына барып, түз эле: «Сиз жөнүндө жазганы келдим» деп айтып ишенчиликтүү болсун үчүн чөнтөгүнөн журналисттик удостоверениесин сууруп чыгышат экен. Менин удостоверением жок. Болгондо да анте алмак эмесмин. Мен антиштен корком. Барган адамың, а жөнүндө жазарыңды билип алган соң дароо өзгөрүлүп, маш жеген короздой какайып, жалаң гана жакшы жактарын көрсөтүп, акылдуу сүйлөп туруп алса кантесиң? Көп учурда ушундай болот да. А мен айкөл жаны, дилгир жүрөгү бар адамдарды айыпсыз айыптары менен көргүм келет. Дестилляция кылынган сууну жаман көрөм. Кадимки дайра суусун жакшы көрөм. Баса, көп мыкты адамдарды майда чабалдыктары дайыма көркүнө чыгарып, ого бетер сүйкүмүн арттырат. Ушуну байкадыңар беле?

Кашайгыр Кашкабай Жакып Исабаевичти бекерге чочутуп койду. Балким, чочуган деле эместир? Балким, ал ошондон кийин деле өзүнөн өзгөрүлмөк эмес чыгар? Бирок эмнегедир өзүмчө ийменип, мурдагыдай даап барып аны-муну сурагандан тартындым. Барайын деп чыгынып жөнөсөм да, ичимдеги өзүм билбеген бирдеме бутумду тушап туруп алды.

Ошентсе да, кайтып келе жатып иштеген жерине коштошкону бардым. Жакып Исабаевич мага кетип бараткан кишиге демейде айтчу сөздөрдү кайталады. Сыпайгерчилик үчүн эшикке узатып коёюн деп кепкасын кийди эле, эскилиги жетип телпейген кепка анын шымданбай бош коё берген модалуу көйнөгүнө, ичке шымына, көз айнектүү сулууча жүзүнө коошпой, интеллигенттүү маез келбетин дароо бир башкача кызык көрсөтүп жиберди...

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз