НОВЕЛЛА
Анын ысмы Кресченца Анна Алоиза Финкенгубер эле. Жашы отуз тогузда, никесиз төрөлгөн, туулган жери тоо арасындагы Кичинекей Циллерталя деген айыл. Анын үй кызматчылыгынын китепчесиндеги «өзгөчө белгилери» деген графада «жок» дегенди билдирген сызыкча турат. Бирок эгер сырт кебетесинин мүнөздүү белгилерин көрсөтүү чиновниктерге милдет болгон болсо, бир караганда эле көтөрүм болуп жүрбөй калган сөөгү уркуйган арык атка аябай окшош деген сөздөр жазылмак. Бет отунун сөөгү оркоюп, чапжаак, астыңкы эрди шалбырап, өңү кара тору, бирин-серин кирпиги болсо ал да тикийи турат, көзү өлүмсүк бүлбүлдөйт, тал-талы чекесине жабышып, кайраттуу чачы түйдөн болуп калган – анын ушул кебетеси чын эле атка окшоп кетет. Басканы да ойдон кырды ашкан өңгүл-дөңгүл тоо жолунда жайдыр-кыштыр каяша кылбай араба тартып жүргөн чыдамкай тырышчаак аттын басыгындай. Жумушун бүткөн соң эки чыканагын саал сыртка карата тизесине таяп, баарына кайдыгер карап, үргүлөп отура берет. Бул түрү да жаңы эле арабадан чыгарылып, атканага киргизилген чаалыккан чобур сыяктанып турат. Кебете-кешпиринин эби-сыны жок, ойлогону да кашаң, бирдемени оңой менен түшүнө койбойт. Ар кандай жаңылык анын акылына торко электен өткөргөнсүп араң жетет. Бирок мээсине бир нерсе жеткидей болсо, кайра оңой менен чыкпайт, жабышып катып калат. Гезитти да, молитвенникти да түк окубайт, жазганды араң билет. Ашкананын чыгаша дептерине жазган арсак-терсек чиймесинен аялдык эч бир касиети сезилбейт, олдоксон. Маңдайы, жамбашы, далысы кандай көрксүз болсо, үнү да ошондой. Тиролдук уккулуктуу диалектиде сүйлөгөнүнө карабастан үнү дат баскан темирди сүргүлөгөндөй кырылдап чыгат. Бирок анысы анчалык таң калтырбайт, анткени Кресченца анда-санда сүйлөгөнү болбосо, эч качан оозунан ашык сөз чыклайт. Анын күлгөнүн да эч ким эч качан уккан эмес. Алла таала акыл ойлобос макулукарына тил бербегени аз келгенсип, ички сезимди ээн-эркин күлкү менен чыгаруу касиетин да насип кылган эмес тура. Кресченцанын күлбөстүгү да аны айбан сыяктантып турат.
Никесиз төрөлгөн бала болгондуктан ал жамааттын асыросунда чоңойгон. Он эки жашынан тартып көрүнгөндүн босогосунда жүрүп, жолоочу арабалар токтоочу короодо идиш жуугуч болуп иштейт. Анын жан таштаган тырышчаактыгы көргөндүн баарын таң калтырат. Акыры ал туристтер туруучу көрүнүктүү эле мейманканада ашпозчулук даражага чейин көтөрүлөт. Күндө саат беште турат да, түн бир оокумга чейин бирдемелерди кырып, тазалап, бордоп, кагып-силкип, күбүп, от жагып, камыр жууруп, тамак бышырып, кастрюлдарды калдыратып кайта-кайта жууп жүргөнү жүргөн. Короодон алыс эч жакка эч качан чыккан эмес, чиркөөдөн башка эч жерде болгон эмес. Анын күнү – жалын алоологон темир мештин казан асар тешиги, анын токою – көп жылдардан бери жарып жүрүп, үйүп таштаган кертим-кертим жыгачтар.
Өчөшкөндөй жанын таштап чейрек кылым бою иштеп келген оор жумуш аялдык сезимдерин бүт соолутуп салганбы же алдыртан сөз жылжыткандарды ошол замат мизин кайтарып кагып салабы, айтор, эркектер ага тийишпейт. Анын жалгыз кубанычы – акча, колуна нак алган акчасы. Карыганда жамааттын колун карап, кары-картаң, ишке жарабагандар багылуучу үйдө кор болгуча деп, ал дыйкан аялча тырышып, өмүрүнүн башка эч максатын көрбөй акчаны жыйып келатат. Жалаң акчанын айынан бул байкуш отуз жетисинде тироль тоолорунан биринчи жолу кетүүгө макул болду. Үй кызматчыларын алуу боюнча далдалчы аял ошол жакта эс алып жүрүп, Кресченцаны эртеден керели-кечке жан аябай иштеп жүргөнүн көрөт да, акысы эки эсе көбөйөрүн айтып, Венага азгырат. Жолдо келатып, Кресченца түк сүйлөбөйт, оокат ичпейт. Көр-жерин салган оор себетин тизесинен түшүрбөйт. Буту сыздап ооруп келатса да, купедеги башка жүргүнчүлөр себетинди багаж турчу торго коюп койсоңчу дегенине көнбөйт. Анткени, борбор шаар дегенде анын кем акылына уурулук менен алдамчылык гана келер эле. Венага барган алгачкы күндөрү базарга аны бирөө ээрчитип барып жүрдү. Антпесе, автомобилден уй кандай корксо, ал экипаждан ошондой коркот. Бирок базарга баруучу жолдогу төрт көчөнү таанып алган соң бөлөк кишинин жардамысыз эле бардык ишти өзү эң жакшы бүтүрө турган болду. Башын жерге салган бойдон чарба сумкасын чайпалта көтөрүп базарга барып келет да, кайрадан кадимки жумушун иштей баштайт: шыпырат, жууйт, от жагат... жаңы орунга келгени деле билинбей плитанын жанында күйпөлөктөп жүрө берет. Айылдык адатын таштабай кечки саат тогуз болор замат жатат, бир калыпта оозу менен дем алып, таң аткыча бутун тартпай уктайт, эртең менен будильниктин үнүнө гана ойгонот. Кресченцага жаңы оруну жагабы, жокпу, эч ким билбейт, кыязы, өзү да билбесе керек. Эч кимдикине барбайт, кожойкенин буйруктарына «макул, макул» деп күңкүлдөгөндөн башканы билбейт же эгер макул болбосо кежирлене ийинин булкуп алат. Коңшуларын, үйдөгү кызматчы аялдарды түк байкабагансыйт. Жеңил ойлуу курдаштарынын шылдыңдуу көз караштарын чымын чаккандай көрбөйт, ийленген териге суу жукпаган сыңары, алардын көз карашы да анын үстүнөн шыпырылып түшүп калат. Бир жолу гана үй кызматчы аял анын тиролдук говорун туурап шылдыңдап, дулдуюп унчукпаганына болбой асылып кыжырына тие берди эле, ал күйүп жаткан оттон чычаланы сууруп алып, аны чыңырта кууган; ошондон бери анын ачуусуна тийбей, шылдыңдоого даабай калышты.
Жекшемби сайын Кресченца бүйүрмөлүү көлбүрөгөн кең юбкасын, айылдагы жалпайган кеп такыясын киет да, чиркөөгө жөнөйт. Венага келгени оболку бош болгон күнү ал бир жолу сейилге чыкты. Бирок трамвайга түшпөдү, опур-топур көчөнү аралап, жөө басты. Тегерегинен таш дубалдардан башка эчтөмөни көрбөй баса берди. Дунай каналына жетти. Аерде эски танышын көрүп тургансып, дарыянын тез агымын бир аз тиктеп турду да, кайра артына бурулуп, келген жагына бет алды. Көчө кесилиштеринен өткөндө алаңдап коркуп, жолдон оолактай тамдардын түбүнө жабыша басып баратты. Ушул биринчи сейили көөнүнө жакпай калган көрүнөт, ошондон бери жекшемби күндөрү да үйдөн чыкпайт. Терезе түбүнө отуруп алып же бирдемесин тигет, же эки колун кайчылаштырып, көчөнү карап отура берет. Ушинтип ал көнүмүш көңүлсүз жумушун иштеп күн өткөрө берди, борбор шаарга келгени ал үчүн эч жаңылык болбоду. Качандыр бир кездеги турмушу баштагысындай эле өтүп жатты, бирок азыркы турмушунун бир гана айырмасы – мурда айдын аягында чор басып, чарт-чурт жарылган кызгылтым туурук колуна эки кагаз алуучу, эми төрт кагаз акча алат. Ал кредиткаларды абайлап жазып, шек санагандай карап турат да, анан элжирегендей сылап-сыйпап, айылдан ала келген оймолуу кутусуна салып коёт. Анын эң жашырын сыры, бүт өмүрүнүн маңызы ушул жөнөкөй жыгач кутуда. Түнкүсүн кутусунун ачкычын жаздыгынын астына катып жатат. Күндүз кайда катып жүргөнүн үйдөгүлөрдүн бири да билбейт.
Бул сырдуу пенде ушундай эле, (Анын баскан-турганынан адам касиети араң эле көрүнсө да адам деп айталы). Бирок алды-артты калкалап, беш сезимди жаап гана чыдабаса, барон фон Ф. тин үйүндө чыдоо укмуш кыйын эле. Адатта кызматчылар мындагы кыйынчылыкка закон боюнча гана чыдап, белгиленген мөөнөт бүткөндө кеткиче шашат. Мырза айым ачууланбай, ызырынбай бир мүнөт жөн отура албайт. Эссендик бай фабриканттын карадалы болуп атасынын төрүндө картайып кеткен кызы курортто жүрүп, анчалык тектүү жерден чыкпаган, жанында сокур тыйыны жок ушул барон менен таанышат да, эр эмес баласы болор жаштагы бу бир көргөндүн бүйрүн кызыткан сыланкороз куучиренди өзүнө үйлөндүргүчө шашат. Кумар оту таптуу, кучактын ысыгы куштарлуу алгачкы бир ай өтүп-өтпөй жаңы келинди өкүнүч басты: салабаттуу ишкер күйөөнү эңсешип, бул шашылыш никеге каршы болушкан ата-энесинин айткандары туура чыгып, бармагын тиштенди, анткени – эринин ага билдирбей алдыртан карызга батып калганын айтпаганда да, бат эле көңүлү сууган бул барон күйөөлүк милдетинен көрө өзүнүн бойдокчулугуна көп берилип жүргөнү дароо билинди. Жеңил ойлуу кишилердей ачууланганды билбеген, атүгүл ак көңүл барон өзүн салтка байлабады. Ал эми капиталдын орундуу сарп болушун бул жарым аристократ неме, зыкымдык деп жаман көрө турган. Эри көңүлдүү жеңил турмушту каалайт, аялы болсо жол-жоосундуу бейпилдикти, үй кутунун учпасын көксөйт. Мунусу барондун итиркейин келтирет. Арбынырак акча керек болсо жалынып-жалбарып жатып араң алат, анын үстүнө аткана куруп, күлүк байлайлы деген анын ышкылык каалоосун аткарбай койду – ушундан кийин барон өзүн бул өкүмсүнүп катуу сүйлөп, кулактын кужурун алган, Германиянын түндүк провинциясынан келген эби-сыны жок каржайган куу сөөк аялдын күйөөсүмүн деп ойлобой калды. Ошондон тартып, ага оң карабай, оройлук кылбастан, бирок чечкиндүүлүк менен таарынган аялына сыртын салып жүрдү. Аялы арыз-муңун айта баштаса, сыпаалык менен, атүгүл боор ооругансып угуп отурат. Бирок муңун айтып бүтөр замат ал сигаретасынын түтүнүн кол серпип кубалагандай жанына баткан аялынын жемесин, армандуу арызын алыс кубалап таштайт да, өз билгенин кыла берет. Ачык кагуу жесе да мынчалык болбос беле, бирок бул шагын сындырбаган сылыктыгы аялынын жанын кашайтты. Эринин эркелөөгө жолотпогон сылыктыгына ал күчсүздүк кылып, көөдөнүндө кайнаган каарын башкалардан чыгарчу болду. Жазыксыз кызматчыларын бөөдө кууруйт да жүрөт. Ошонусунун айынан эки жыл ичинде он алты кызматчы алмашылды. Ал түгүл алардын ичинен бирөөнө кол тийгизип койгон экен, кулкунуна арбыныраак акча куюп жатып, чатактан араң аман калды.
Үйдүн ичи ополоң-тополоң болуп жатса да, кара нөшөрдүү капарына албай арабасын тартып бараткан аттай болуп, бир гана Кресченца камаарып койбойт. Ал чатакташып жаткандардын бирин да жактабайт, эчтемеге кийлигишпейт. Бир бөлмөдө жаткан кызматчы, жолдош кыздардын кээде ысымдары, чачынын өңдөрү, жыты, кылык-жоругу өзгөрүлүп жатканын да байкабайт окшойт. Өзү эч ким менен сүйлөшпөйт, каарданып карс жабылган эшикке да, дасторконду жыя электе аттап кетмей жорукка да, талма кармагансыган чаңырыктарга да, оштонуп эси ооп калганга да тук көңүл бурбайт. Өз ишин гана билип, ашканадан базарга, базардан ашканага барат-келет. Жолунан четте эмнелер болуп жаткан менен иши жок. Цептин[1] бир калыптагы токмок урушундай болуп, биринин артынан калгандары чууруп, күндөр өтүп жатты. Ушинтип ал эки жыл жашады, бул убакыт ичинде анын ички сезиминде эч өзгөрүү болгон жок. Ырас, жыгач кутусундагы акча гана бир дюймга калыңдады. Жыл аягында Кресченца бармагын шилекейлеп, баарын санап көрүп, көксөгөн миң кронага жеткирерине аз калганын билди.
Бирок окуя алмаз менен бургулагансып сызып өтүп жатты, тагдыр болсо жүздөгөн айла-амал таап, кээде таштай катуу жүрөктү да күтпөгөн жактан козгоп, коңторуп жиберет. Буга Кресченцанын турмушунда ал өзү кандай көзгө түшүмсүз жөнөкөй болсо, ошондой эле жөнөкөй тышкы жагдай себеп болду. Ортодон он жыл өткөндөн кийин өкмөт элдин жан эсебин алмай болуп бардык үйлөргө, квартираларга татаал, узун анкеталар жиберилди. Үй кызматындагылардын почерки начар экенин жана алар грамматикалык эрежелерди билбегендиктен туура жаза албасын билип, анкеталарды барон өзү толтурмакчы болуп, кезеги келгенде кабинетине Кресченцаны чакыртып турду. Анын ысмын, жашын, туулган жерин сураса, барон ал жерди билет экен. Ал өзү ышкыбоз мергенчи, ошердик бир ири помещик анын досу болуп чыкты. Альпынын түнт жерлеринен барон далай элик аткан экен. Бир жылы эки апта бою мергенчиликте жүрүп калганда ошерлик бир киши ага жол көрсөтүп, кошо жүрүптүр. Ошол киши Кресченцанын таякеси болуп чыкты, сөздөн сөз бутактап, көңүлү чак отурган барон Кресченца менен аябай аңгемелешип калды. Аңгеменин учурунда дагы бир жаңылык ачылды: бир кезде Кресченца кухарка болуп иштеген мейманканадан барон укмуштай даамдуу бышырылган бугунун этин жеген экен. Мунун баары, албетте, майда-чүйдө нерселер, бирок өзүнүн туулган жерин билген адамды шаардан биринчи жолу кезиктирип отурган Кресченца үчүн бул шайкеш келген кабарлар укмуш болду. Ал барондун бет маңдайында тамылжып толкунданып, барон анын тиролдук говорун туурап жердештериңчелеп ырдай аласыңбы деп сурап тамаша кылса, уялымыш болуп жүзүн олдоксон буруп, кылыктанып отурду. Акырында, өзүнөн өзү кылжыңдан отуруп, биротоло шайырданып алган барон айылдык адатка салып, Кресченцаны как көчүккө чапты да:
– Болуптур эмесе, Кресченца, кете бер. Циллерталялык болгондугуң үчүн мына сага эки крона, – деди күлө.
Албетте, бул окуяда эч кандай романтика же башка өзгөчөлүк жок. Бирок барон экөөнүн беш мүнөт сүйлөшкөнү Кресченцанын жүрөгүнүн туюк тереңинде үргүлөгөн сезимдерине сууга түшкөн таштай таасир берди. Таш түшсө, бир аздан кийин суунун бетине тегерек толкун чыгат да, ал анан жээкке жай тарай баштайт. Кресченцанын сезимине да толкун көптө барып араң жетти. Үч жылча унчукпай келген Кресченца өзү жөнүндө сүйлөштү, сүйлөшкөндө да ким менен? Ушул таш көчөлөрдүн арасында жүрүп, анын мекениндеги тоолорду көргөн, атүгүл, ал өзү бышырган бугу этинен жеген киши менен сүйлөштү. Бул иш кудаанын кудурети менен болгонбу деп да ойлоду. Анан калса, барондун арсаңдап күлө көчүккө чаап койгонучу! Айылдык сыпаалыктын салтында бул жорук назик сезимдерин билдире тымызын белги берүү дегендикке жатат. Эрке өскөн келишимдүү төрө мага назар салып калганбы деп ойлоого даабаса да, барондун тийишкенсиген шайырдыгы Кресченцанын жүрөгүнөн кандайдыр түшүнүксүз таттуу кыялын ойготту.
Мына ушул болбогон кичинекей бир окуя Кресченцанын жүрөгүнүн тереңиндеги бир сезимди дүүлүктүрүп салды. Бул дүүлүгүү акырында өтмө катардан өтүп отуруп, акырында бүт делебесин дүүлүктүрдү да, башта сезип көрбөгөн жаңы бир сезимди козгоду. Жолбун ит капилеттен сокур сезими менен айланасында кыбыраган эки буттуу жаныбарлардын ичинен бирөөнү тандап алат да, ошону өзүнүн кожоюну деп билет. Ошондон баштап тагдыры таап берген кожоюндун артынан калбайт, келатса кубанып куйругун шыйпаңдатып, алдынан эркелеп үрүп чыгат, анын артынан калбайт, ою менен болот. Кресченца да ошондой болду. Буга чейин акча, базар, ишкананын плитасы, чиркөө, уйку деген беш түшүнүк гана орун алып келген ички сезимине күтүлбөгөн жерден жаңы нерсе кирип, өзүнө өкүмдөнө орун талап кылды да, беркилерди бурчка түртүп салды. Алаканына түшкөн байлыктан өлүп баратса ажырагысы келбей чор колдорун бекем кыскан дыйкандар сыңары Кресченца да жүрөгүндө ойгонгон жаңы сезимге бек жармашып, үргүлөгөн дилинин түпкүрүнө терең катып койду. Анткени менен бул өзгөрүү бат эле көзгө көрүнүп байкалган жок. Анын алгачкы белгилери да жөнөкөй болду: мисалга, ал барондун кийимин жан-маны калбай дилгирлене өзү тазалайт, баронессанын кийимин тазалоону баштагысындай эле үй кызматчы аялдын милдетине калтырат. Мырза менен айымдын бөлмөсүнө көп баш багат, сырткы эшиктин ачылганы угулса, барондун пальтосун, таягын алууга ашыгып, оозгу бөлмөгө жүгүрөт. Тамакты жасоого да бүт өнөрүн чыгарчу болду. Атүгүл, жолуккандардан сурамжылап жүрүп, чоң базарды араң таап, ысык тамакка атайы бугунун этин сатып келди. Анын үстүнө ал өзүнүн сырт кебетесине да жакшылап көз салып жасана турган болду.
Жерден кылтыйып чыккан чөптөй бул жаңы сезим сыртка чыккыча эки апта убакыт өттү. Ошону менен кошо дагы бир сезим пайда болуп, ал ачыкка чыккыча далай апта өттү. Бирок ал бат эле кандай сезим экени билинди. Биринчисине кошумча сьяктанган бул сезим адегенде өзүнөн өзү түшүнүксүз, анан бара-бара жашыра албаган жек көрүү болуп чыкты. Кресченца барондун аялын өлгүдөй жек көрөт: барондун үйүндө аны менен бир жатып, бир туруп, аны менен сүйлөшүүгө укугу бар аялды, бирок ошондой болсо да аны Кресченцадай урмат менен жакшы көрбөгөндүгү үчүн баронесса татыктуу эмес. Кожоюндарына эрксизден көбүрөк көз салып, алардын үй-бүлө чатагында ыйык санаган барону аялынан кемсинткен сөздөрдү укканын көргөнүнөнбү же барондун тамашалуу сылыктыгына караганда кербезденген айымдын үй кызматындагыларга менменсинген суз мамилесине кыжыры кайнайбы, айтор, эчтемеден шеги жок айым ар дайым өз кухаркасынын тескери иш кылганын, обу жок жашырган жек көрүүсүн байкоочу болду.
Мунусу миңдеген майда-чүйдө нерселерден көрүнөт: эгер баронесса коңгуроо кагып калса, ал эки-үч шыңгыраганда гана Кресченца атайы маалкый басып барат, ошондо да эки ийини көтөрүлүп, чечкиндүү каршылыкка даяр экенин билдирип турат. Айымдын буйруктарын дулдуюп туруп угат, анын түшүнгөнүн же түшүнбөгөнүн билбей да калат. Эгер түшүнгөнүн билгиси келип, кайра сураса, Кресченца кыжырлана башын чулгуп алат да: «Уктум го!» – деп корс этет. Же театрга камынып баронесса шашып-бушуп жасанып бүткөндө эң керектүү ачкычын издеп таппай калат. Аны жарым сааттан кийин эле бир бурчтан таап алышат. Эгер бирөө-жарым баронессага айтып кой деп сөз тапшырса же бирөө телефон чалса, Кресченца түк айтпайт. Айым жемелеп сүйлөнсө, кабагым-кашым дебестен: «Аттиң ай унутуп койгон турбайымбы» – дейт. Бирок ал айымды тике карабайт, анткени жек көргөнүмү билдирип койбоюн дегени болсо керек.
Эрди-катындын чатагы басылбады, кайра мурункудан да күчөп кетти. Баронессанын күндөн күнгө жинденгенине Кресченцанын жек көрүшү да себеп болуп жүрдү окшойт. Кара далы болуп, атасынын төрүндө көп отурганы, санаага уугуп, ачуулуу болгону, барондун ага суз мамиле кылышы, үй кызматчысынын жек көрүшү – ушунун баары аялдын башын катырып жинди кылып таштады. Бром менен вероналды аябай ичирип да жатышты, бирок алардан жардам болбоду. Жасалма жол менен басып келген ачуу-жин чатак болсо эле ого бетер күчөп кетчү болду. Аягында айымдын талмасы кармап жыгылат же эстен танып калат. Бирок мындай учурда ага эч ким үйрүлбөйт, атүгүл үйрүлүмүш да болбойт. Ошондой болсо да кеңеш сурап врачка кайрылышты эле, ал санаторияда эки ай болуп келсин деди. Муну уканда кутула албай турган күйөөсү доктурдун сунушун аябай колдоп чыкты. Мунун бир билгени бар деп баронесса шектенип, оболу барбайм деди, бирок акыры макул болду. Үй кызматчы аял айымды ээрчип санаторияга бармак болуп, чоң квартирада жалгыз Кресченца баронду тейлеп калды.
Кожоюндун калганы Кресченцанын кем акылына дүүлүктүргүч дарыдай таасир этти. Бул аядын бүт өмүрү сыйкырдуу идиште сакталып келгенсип, азыр аны катуу чайкап жиберишкенде буулугуп толуп калган ынтызарлыгы жүрөгүнүн терең жеринен ташкындап чыкты да, Кресченцаны таптакыр өзгөрттү. Төбөсүнөн басып жаткан мөңгү эрип кеткендей болду. Баштагы колдогой кашаңдыгы таптакыр жоголду, кыймылы, басканы жеңил, ийкем тартты. Кубанычтуу кабарга делөөрүп алган неме бөлмөдөн бөлмөгө, тепкичтен өөдө-төмөн жүгүрүп, айымдын жөнөшүнө шашып, чемодандарды өз колу менен даярдап, каретага өзү көтөрүп жеткирди. Кечинде барон вокзалдан кайтып келип, алдынан тосо чыккан Кресченцага таягы менен пальтосун берип жатып. «Эсен-соосунда эптеп жөнөттүм», – деп үшкүргөндө кызык болду: буга чейин эч качан күлбөгөн Кресченцанын бекем кымтылган оозунун тегереги, уурту бир башкача кыймылдап, эриндери иймекей тартып чоюлуп кети да, жүзүндө кысылбаган кубанычтуу күлүмсүрөө пайда болду. Барондун итиркейи келип, өзүнүн опсуз ачыктыгына өкүнүп, унчукпастан бөлмөсүнө кирип кетти.
Бирок бул ыңгайсызданганы бат эле эстен чыгып кетти. Көп өтпөй кожоюну да, малайы да өз алдынча чексиз эркиндик алгандарына ыракаттанып жатышты. Баронессанын кетиши үй үстүнө үйүлгөн добулдуу кара булутту кууп таштады. Эртеден кечке эмне кылганына эсеп берүү түйшүгүнөн кутулуп, кеңирсип жыргап калган эри биринчи күнү эле үйүнө кеч кайтты. Адаттагыдай аялы жемелеп тосуп алганы жок, Кресченцанын унчукпай дилгирлене кызмат кылып жүргөнүнө жаны жай ала дем алгандай болду. Кресченца болсо тиричилик оокатка жанын таштап иштеп жүрдү: таң алды менен туруп, каалга менен терезелердин туткаларын жалтырата тазалайт, жин тийгендей идиш-аягын жышып жууп, укмуштай таттуу даамдарды даярдайт. Биринчи эле күнү түшкү тамакка салтанаттуу учурларда гана урунуучу күмүш идиштердин алынганын көрүп, барон таң калды. Ал айланасындагы нерселерге анчалык назар салып, таназар ала берчү эмес. Антсе да бул сырдуу жандын мынчалык камкордугун, атүгүл боорукерлигин байкабай коё албады.
Табиятында кең пейил барон мактоодон да тартынбады. Ал Кресченцанын тамак жасоодогу өнөрүнө канааттангандыгын билдирип, кээде ага мээримдене сүйлөп жүрдү. Атүгүл бир күнү эртең менен барондун туулган күнү Кресченца бетине анын инициалы жана кумшекерленген герб түшүрүлгөн торт апкелгенде барон:
– Сен мени таза эркелетип жибердиң го, Ченци! Аялым кокус келип калса менин айлам эмне болот? Кудай анын бетин нары кылсын, – деп каткыра күлдү.
Ошенткени менен ал сактанып жүрдү. Дароо эле өз билгенин иштеген жок. Кресченца айгак болбосуна көзү жеткенде гана мурунку бойдокчулукту баштады. Убактылуу бойдок болуп калган мезгилинин төртүнчү күнүндө Кресченцаны кабинетине чакырып алды да, сөздү көп узартпай калбааттыгы менен:
– Кечкиге муздак тамак даярдап, идиш-аяктарды эки адамга ылайыктап койгун, андан кийин жата берсең болот, калган ишти өзүм бүтүрөмүн, –- деди.
Кресченца анын сөзүн унчукпастан көз ирмебей укту. Кебетеси, айтылган сөздөрдүн маанисин түшүнбөгөндүгүн эле билдирип турду. Бирок баарына түшүнгөнүнө барондун көзү жетти: ал театрдан опералык студиянын бир жаш окуучу кызы менен кеч келип караса, дасторкон жайылган үстөл үстү гана идиш-аяк, гүл менен кооздолбостон, жатар бөлмөдө эки төшөк салынып, жаш кыз үчүн баронессанын үйдө кийүүчү туфлиси менен халаты беленденип коюлганын көрдү. Ээн-эркин жүргөн барон кухаркасынын бул күнүлөгөндөй дилгирлигин көрүп, эрксизден каткырып жиберди. Эми ал берилип ортодо жүргөн кухарканын алдында кысылбай калды. Эртеси эртең менен Кресченцаны чакырып алып, селкисинин кийинишине жардам бер деди. Бул унчукпаган келишимди мөөрдөп таштады.
Ал күнү Кресченца жаңы атка конду. Барондун шайыр курбусу ушул күндөрдө донна Эльвиранын партиясын жаттал жүргөн экен, сүйгөнү баронду да тамашалап Дон-Жуан деп койчу эле. Бир күнү ага:
– Лепореллаңды чакырып койчу, – деп калды.
Испандык ысым тиролдук куу сөөк аялга жарашпаганына барон күлүп жиберди. Бирок ушундан кийин ал Кресченцаны ар дайым Лепорелла деп атачу болду. Кресченца көндүм болбогон бул ысымды оболу укканда таңыркай карады, бирок уккулуктуулугунан улам каршылык кылбай, кайра ардактуу ат коюлгансып, сыймыктана кабыл алды. Ар качан «Лепорелла!» деп барондун үнү шаңдуу угулганда анын жука эриндери ого бетер жукара чоюлуп, аттыкындай сары тиштери арсайып көрүнө калат. Анан куйругун шыйпалаңдаткан итче бөйпөңдөп, кожоюнунун буйругун угууга ашыгып жүгүрүп келет.
Бул ысым тамашадан улам коюлуп калган эле. Анткен менен болочок примадонна барондун кызматчысын эң туура атаганын, «Лепорелла» деген ысым Кресченцага абдан мүнөздүү келгенин өзү да ойлобогон. Сүйүү дегенди билбей соолуган бул кара далы кыз Дон-Жуандын ынагына окшоп, мырзасынын жүрүш-турушунан кандайдыр түшүнүксүз жагымдуулукту табар эле. Же күндө эртең менен келип, жаман көргөн айымынын төшөгү күндө бирөөгө тепселгенин көрүп кубанабы же тымызын делебеси козголгонбу, айтор, эркек көрбөгөн бул динчил түнт кыз барондун ойноштук жоруктарына эмнегедир жаны-алы калбай жардамдашып жүрдү.
Нечен жылдан бери оор жумуш иштегендиктен жыныссыз жан болуп калган неме эми бөлөк бирөөнүн отуна жылынып, күндө алмашым келген селкилерди жатуучу бөлмөнүн эшигине чейин ортомчудай суктана карап отурат. Ушул шарт, барондун ойношчулугуна көмөктөш болуу анын эч нерсени сезбеген сезимин жаратка туз куйгандай дүүлүктүрдү. Кресченца чынында эле Лепорелла сыяктанып, чыйрак, шамдагай, сергек болуп кетти. Күнүчүл кызганчаактыгынан жаралгансып, анын мүнөзү ойдо жоктой өзгөрдү, куу, митайым, эпчил болуп алды, барды-жокко сук карап, ардемеге кулак түрүп, шоктонуп турчу болду. Каалганын түбүнө келип тыңшайт, кулпунун тешигинен шыкаалайт, бөлмөнү кыдырып, керебеттерди аңтарат; дагы бир башка селки келатканын туйса, тепкичтен өйдө-төмөн куюн-чымын болуп далбасалайт. Ошентип абдан ынтызарлыгы, тойбогон ач көз көңүлү анын мурдагы моло таштай дулдуйган кейпин өзгөртүп, адамга окшоштуруп салды. Коңшуларын таң калтырып, кишилер менен мамиле жасай баштады. Уй кызматчы аял менен сүйлөшсө сөзү түгөнбөйт, почточу келсе, кылыктана ойсоктомуш болот, базарга барганда сатуучу аялдар менен кызуу сүйлөшө кетет. Атүгүл бир күнү кечинде короодогу фонарлар өчүп, күүгүм талашта аркы үйдөгү кызматчылар адатта ың-жынсыз үңүрөйгөн маңдайлаш терезеден кандайдыр кыңылдаган үн угушту. Альпынын жайыттарында тиролдук келин-кыздар кечкисин ырдоочу ырды Кресченца эби келбесе да корулдаган үнүнө салып, ырдамыш болуп отурган. Кадыресе обонду ырдап көрбөгөн ооздон ыргагына келе албай үзүл-созул чыгат, бирок ошондой болсо да кандайдыр убайым-санаа сезилип, жүрөктү өйүтөт. Кресченца бала күнүнөн бери биринчи жолу оозун ачып, өтүп кеткен өмүрдүн караңгы түпкүрүнөн жарыкка араң суурулуп чыгып жаткан олдоксон үн эрксизден жүрөктү мыкчыйт.
Бул укмуштуу өзгөрүүнүн себепчиси барон эле, бирок ал серп салбады, ким эле өз көлөкөсүн кылчактап карап жүрсүн. Көлөкө артыңан калбай ар дайым шыбыртсыз ээрчип жүргөнү жүргөн, кээде тымызын эңсөө сыяктанып, алдына чыга калат, бирок бул кылаңдаган күңүрт элестен өзүңдү тааныш үчүн кээде гана кылчайып көз салбасаң, түк карабайсың. Кресченца кызмат кылууга дилгир, көп сүйлөбөйт, айтканды аткарат, жанындай жакшы көрөт – барон мындан башка андан эч өзгөрүштү көрбөйт. Кандай гана кысталыш учур болбосун, Кресченца үн катпаган сылыктыгынан жазбайт – барон мына ушунусун баалайт. Кээде итти сылагансып, мээримин төгө жылуу-жумшак сөзүн айтат же кичипейилдене тамаша кылып, атүгүл ойномуш болуп кулагынан чоюп коёт; кээде акча же театрга баргын деп билет берет. Акча, билетти жилеткасынын чөнтөгүнөн керилип жатып сууруп чыгат – мунун баары ал үчүн болор-болбос нерселер, бирок Кресченца үчүн керемет, ал ыйык сакталып калат.
Акырындап барон Кресченцанын көзүнчө да оюндагысын айта берчү болду. Кээде ага баштагыдан да оорураак иш тапшырат, аны Кресченца ошончолук дилгирлик менен жагына аткарат. Анда тайгандын сезүүсүнө окшогон кандайдыр таң каларлык инстинкт күчөй берди: барондун оюндагы болор-болбос нерсени ал жыттагылап, издеп билип алат да, ошол замат аткармак турсун, баронду айттырбай бүтүрөт. Анын бүт дарты, бүт ой-санасы, үмүт-тилеги баронго көчүп-конгон сыяктуу. Баронду көзү менен көрүп, сөзүн кулагы менен угат, анын бардык жоруктарын, жеңиштерин кандайдыр ыракаттана ортоктошо сүйлөшөт. Эгер барон дагы бир башка аялды ээрчитип келсе, кабагы ачылып күлүңдөп турат. Кокус барон үйүнө жанында селкиси жок кайтса, катуу өкүнүп, атүгүл ызалык менен каршы алат. Анын колдору кандай тез иштесе, башы да ошондой тез иштей турган болду, өлүмсүк тарткан көзү кызыга тиктеп жалжылдап кетти. Оор жумуш менен чаалыгып-чарчап арыган неме эми адам болуп калды, бирок түнт, митаам, арам ойлуу, ар кандай арамзалыктан кайра тартпас коркунучтуу адамга айланды.
Бир күнү барон үйүнө адаттагысынан эрте кайтып, оозгу бөлмөгө кирип келип, демейде көрдөй тунжурап жымжырт турчу ашканадан кандайдыр үн, күлкү угулгансыганынан улам токтой калды. Аңгыча каалга ачылып, Лепорелла чыгып келди да, сыр айтчудай оңтойсузданып алжапкычын чымчылап туруп:
– Кечириңиз, кожоюн, – деди ал жер тиктеп, – биерде бир кыз отурат... тиги бетмаңдайындагы наабайкананын кожоюнунун кызы... сулу... Сиз менен таанышсам дегенде ак эткенден так этет... – деди.
Бул табышкактуу ортодо жүргөндүгү үчүн же урушарын билбей же мынчалык ашкере дилгирлигин шылдыңдап күлө албай, барон аң-таң болуп туруп калды. Бирок канчалык кылган менен эркек да, азыркы айтылган кеп бүйүрүн кызытты.
– Болуптур, кана көрсөтчү мага... – деди.
Он алтыдагы ак жуумал тумсак кыз экен. Кресченца аны көптөн бери алдап-соолап азгырып жүргөн. Келишимдүү сыланкороз жигитке кыз өзү да бала кыялданган көз кырын көп салчу эле. Артынан Кресченца түртмөктөп, кыз кызарып-татарып, эпсиз кыткылыктап, аркы-терки ойсоктоп, оозгу үйдө турган барондун алдына келип токтоду. Чынында татынакай экенин көрүп барон аны бирге чай ичүүгө бөлмөсүнө чакырды. Ыргылжыңданган кыз Кресченцаны издеп кылчайды эле, ал эбак жылт коюп ашканасына кирип кетиптир. Ошентип жаш кыз тузакка илинди: толкунданып, ынтызарлыгы арта делөөрүп, кожоюнду ээрчий басты...
Бирок жаратылыш басыгында аттап-буттап кетпейт. Сөөк болуп катып калган бул жандын дилинде бурмаланган бөтөнчө бир таасирдин аркасында жалпыга окшош сезим ойгонгону менен, иштеп көнбөгөн эс-акылы эртеңкисин көрө албай, алысты билбеген айбандын инстинкти сяктанып, ал сезим жанындагы жакын нерсеге гана дүүлүгөт. Өз сезимине гана байланган, жакшы көргөн мырзасына жаксам деп гана эңсеген Кресченцанын эсинен баронесса таптакыр чыгып кетти. Ошондуктан барон айткан кабар катуу тийди: бир күнү эртең менен барон кабагына кар жаап, колуна кат кармай каардана кирип келди да, квартираны жыйнаштырып кой, эртең санаториядан аялым келет деди. Муну укканда Кресченцага ачык асмандан чагылган тийгендей болду. Каны качып, оозун ача селейип калды. Бул суук кабар анын жүрөгүнө бычактай кадалды. Оозуна сөз келбей, азыркы айтылганга түшүнбөй калгансып, алайып карап тура берди. Анын эси чыгып, кабыргасы кайышы турганын жүзүнөн көрүп, барон жооткотуп:
– Сен деле көп жактырбай турасың ээ, Ченци, – деди ал ынаксына. – Бирок бул маселеде сен эч жардамдаша албайсың, – деди.
Кресченцанын өңүнө жан кирди. Купкуу бети манаттай кызара түштү. Денесинин терең түпкүрүнөн бир нерсе көтөрүлүп, аны жүрөгү күч менен мыкчыла зорго түртүп келаткансып өөдө жылып, тамагына келип токтоду. Анан кокосу диртилдеп бүлкүлдөп, тиштенип туруп күңкүлдөдү.
– Мүмкүн... мүмкүн... арга табар элем...
Бул сөздөр барондун кулагына чыкыйга тийген октой угулду. Анан Кресченцанын өңү айтканынан кайтпастай түнөрүп турганын көрүп, селт этти да, кетенчиктей берди. Кресченца болсо тескери карап, ачуусуна чыдабай беш манжасын сындырчудан бетер жез сокуну жиндене сурткүлөп калды.
Баронессанын келиши менен үйдө чыр-чатак кайра башталды. Эшиктер шарак-шарак ачылып-жабылып, эки айдан бери үйгө орногон бейкут тынчтыкты, сүйүү жыргалын кууп, комнаталарда ызгаардуу шамал жүргөнсүйт. Алданган аял коңшуларынан же бул жактан алган тоголок каттан бир шек туйганбы, же барон аны жактырбай кейиштүү тосуп алганга ызасы келгенби, айтор, санаторияда эки ай бою дарыланышы ага көп жардам бербептир. Ал баштагысындай эле буркан-шаркан түшүп коркутуп-үркүтүп, долулана эстен танып калып жатты.
Эрди-катындын ыркы күн сайын бузулуп баратты. Аялынын чабуулуна сыналган куралын каршы кармап, күйөөсү бир айча чыдап келди: Аялы ажырашам деп коркутуп, баарын билдирип ата-энеме кат жазам десе, ал укмуштай сылык боло калып, түз айтпай тумандата убада берип кутулуп кетет. Бирок үйүндөгү кызматчыларынын жек көргөнүн сезип жүргөн жаатташы жок жалгыз аялды эринин жүрөк жылытпаган суздугу ого бетер
буулуктуруп туталантат.
Кресченца кайрадан таштай катып, унчуклас болуп калды. Бирок бул унчукнаганда кербезденген одонолук бар. Баронесса келен күнү ал көшөрүп ашканасынан чыкпай отуруп алды, анан айым чакырып алганда Кресченцга учурушкан да жок. Куушурган ийинине башын катып, суроолорду түнөрө укту да, кыжырлана жооп берди. Акыры баронесса чыдай албай терс бурулуп кетти. Көзүндө ок болсо атып жиберчүдөй Кресченцанын акшыя караганын ал көрбөдү. Баронессанын келиши менен ал эки айдан бери тапкан бардык укугунан ажырап, өзүн каракталгандай, ак жерден кордолгондой сезет. Мырзасына жанын таштап, кубана кызмат кылып жүргөн немени кайра ашканасына камап, плитага байлап, «Лепорелла» деген жагымдуу атын тартып алгандай болду. Барон да сактана аялынын көзүнчө Кресченцага мурдагы жылуу-жумшак мамилесин кылбайт. Бирок кээде адаттагы чатактан чарчап, кайгысын бөлүшөр киши издеп, байкалбай ашканага кирип келет да, жыгач табуреткага отуруп, үшкүрүнө сүйлөйт:
– Мындан ары чыдай алар эмесмин.
Балээден качкан кожоюну ага келип коргологон бул мүнөттөр Лепорелланын бактысынын чокусу. Жооп берип же жубатып сөз айтууга батына албайт. Ал өз ою менен алек болуп унчукпастан барондун бет маңдайына отура берет, кор болгон кудайына анда-санда башын көтөрүп, аягандай кейиштүү карайт. Анын ушул унчукпай аны аяганы барондун көңүлүн жубатып кайраттандырат. Бирок ал ашканадан чыгып кетер замат Лепорелланын ачуусу келгендиктен түрү бузулуп, сокмоктуу эки колу жиндене этти ургулайт же кастрюлду, күмүш идиштерди кыргылап калат.
Үйдөгү аба барган сайын тумчуктура үп болуп, акыры добул да башталды. Күнөө кылган окуучудай анткорлоно жоошуп, аялынын заардуу жемесин көптөн бери чыдап угуп келген барондун эми жаны кашайды, бөлмөдөн жүгүрүп чыгып, артынан эшикти тарс жаап:
– Жетет, чыдап бүттүм! – деп кыйкырганда үйдүн айнектери да шыңгырап кетти. Аябай каардангандыктан кызарып-татарган барон ашканага жулунуп кирип барды, катуу тартылган жаадай болуп, демин ичине алып турган Кресченцага буюра сүйлөдү.
– Азыр чемоданыма буюмдарымды сал, мылтык беленде! Мергенчиликке кетем. Бир аптадан кийин келем. Бул тозокко шайтан өзү да чыдабас! Ушундай турмуштан кечтим. Ишти бир жансыл кылуу керек.
Жалтактабай кайтадан каарына келген кожоюндун түрүн көрүп, Кресченца кубаны карап турду. Кыркырап күлүп да койду.
– Туура айтасыз, кожоюн, бир жаңсыл кылуу керек.
Жоо кууп келаткандай шашкалактап, аябай дилгирлене керектүү буюм-кечектерди жыйнап, учуп-күйүп жүрдү. Анан чемоданы менен мылтыкты өзү төмөн алып түштүу. Анын мындай дилгир кызматына барон ыракмат айтмакы болуп, тике караганда, жүрөгү шуу этип, көзүн буруп кетти: Кресченца куду баягы баронессаны жөнөткөндөгүдөй чүрүшкөн ууртунан күлмүңдөп туруптур. Эрксизден барондун көз алдына секирүүгө обдулуп турган жырткыч элестеп кетти. Бирок Кресченцанын өңү ошол замат кайра мостоё түштү. Бирок ыгы жок теңтушсуна күбүрөдү:
– Жөнөй бериңиз, кожоюн, кудай жолуңду ачсын. Мен биерде баарын бүтүрүп коём.
Барон үч күн өтпөй үйгө келгин деген шашылыш телеграмма алды. Вокзалдан аны аталаш бир тууганы тосуп чыкты. Көңүлү уйгу-туйгу барон тууганынын калдастап кумсарган өңүн көрөр замат бир балээ болгонун биле койду. Тууганы жооткотуп сүйлөгөн болуп, анан барондун аялы бүгүн эртең менен төшөгүндө өлүп жатканын көрүшкөнүн, үй ичине газ толуп калганын айтты.
– Бирок, – деди анан ал, – муну кокустук деп айтууга көз жетпейт. Анткени азыр май айы болсо, ким газ мешин жакмак эле...
Өзүн өзү өлтүргөн го деген болжолду ашпозчу Кресченцанын айтканы да далилдейт: баронесса түн жарымында оозгу бөлмөгө чыкканын уккан, демек бекем бекитилген газ кранын ачса керек дептир. Ушуга негизденип, полицей башкармасынын врачы да бул өлүм кокустуктан болгон эмес деди. Протоколго да өзүн өзү өлтүргөн деп жазылды.
Барон калтырап кетти. Кресченцанын күбө өткөнүн аталаш бир тууганы айтканда колу муздай түштү. Жийиркеничтүү жаман сезим жинден бетер жүрөгүн айландырып жиберди. Бирок ал жанын кыйнаган түпөйүл түкшүмөлдү араңдан зорго басып, аталаш бир тууганы менен үйүнө кетти. Сөөктү алып кетишкен экен. Мейман үйдө түнөрүп туугандары отуруптур. Алар көңүл айтышкан болушту, бирок сөздөрү бычак мизиндей муздак. Эртең менен үй кызматчы аял тепкичке жүгүрүп чыгып: «Өзүн-өзү өлтүрүп салыптыр! Айым өзүн өзү өлтүрүп салыптыр!» деп чыңырган экен, аны башкалар угуп калып, «жаңжалды» баса албадык, ушул жаман болду деп алар баронду жемелегендей сүйлөштү. Эми сөөктү жупуну эле көмөбүз, – бул сөз да бычак мизиндей муздак сезилди, анткени ар кандай айың сөздөр эбак тарап, эл кулак түрүп калган.
Кабагын карыш салып, барон үн катпай угуп отурду, башын да көтөрбөдү. Бир жолу гана жатар бөлмөнү жабык турган эшигин карап алып, кайра ошол замат жалтанып кетти. Жабышып жанын кыйнаган бир ойдун аягына канчалык жетейин десе да, туугандарынын зекиген куру сөздөрү көңүлүн бир жерге токтотподу. Дагы жарым саатча ал айланасынан кара сөлөкөттөрдү көрүп, эч бир мааниси жок сөздөрдү угуп отурду. Анан туугандары биринин артынан бири коштошуп тарап кетишти. Барон токмок жегендей чыкыйы зыңкылдап, бүткөн бою салмактанып, тунжураган ээн бөлмөдө жалгыз калды.
Эшик кагылды. Барон чочуп кетти да: «Кире бериңиз!» деп кыйкырды. Артынан илээлей баскан шыбырт угулду, баштатан тааныш, тарпылдаган шыбырт жүрөксүнө жакындан келатты. Барондун шүйү кете түштү. Бирөө кычкач менен кармагандай көк желкеси курушуп, башынан бутуна чейин денеси дүр этип кетти. Ал кылчайып кармакы болду, бирок бурула албады. Безгек баскандай калтырап, таш болуп калгансып, бүгүлбөгөн колун салаңдатып, бөлмөнүн ортосунда тура берди. Ооз ачып сүйлөөгө кудурети жетпеди. Жана бул коркок билиштенген кыймылсыздыгы күнөөсүн мойнуна алгандык болорун ачык билип турду.
Ал кыймылдоого аракеттенип көрдү, бирок колунун учун да кыймылдата албады. Мына ошондо артынан үн угулду, эчтеме болбогондой суз, кайдыгер үн угулду:
- Сурайын дедим эле... Бир жакка барасызбы же үйдөн түштөнөсүзбү?
Барон ого бетер калтырап, деми кысылат. Жооп айтууга үч жолу оозун ачып, акырында араң үн чыгарды:
– Жок, тамактын кереги жок.
Тарпылдаган шыбырт алыстап барып угулбай калды. Барон кылчайбаган бойдон тура берет.
Бир убакта селейгени жок боло түштү. Денеси дүркүрөгөнсүп силкинип алды, чуркап барып калтыраган колу менен эшиктин кулпусун бурап бекитти: алиги шыбырт, жаман жөрөлгөлүү жек көрүмдүү алиги шыбырт кайра келбесе экен деди. Анан креслого келип кулады, кенедей жабышкан ойду аягына жеткирбей баскысы келди, бирок үлүлдөй жабышчак, муздак ой ага моюн бербей кайрадан кайра жөрмөлөп, мээсине кирип келип жатты. Мазаны алган, жанды кейиткен, жийиркеничтүү, жабышкак жаман ой анын көңүлүн бүт ээлеп алды, уйкусуз өткөргөн узак түн да, эртеси кара кийип, табыттын башында турган күндүзү да оюнан түк кетпеди.
Сөөктү көмгөндүн эртеси барон ашыгып шаардан чыгып кетти: тааныштарынын жүзүн көргүсү келбеди, баары эле көңүл айтып, кейигени менен шектенгенсип кандайдыр сынай карашкансыйт же ага ошондой көрүнөбү. Атүгүл жансыз нерселер да аны ачуулуу зекий тиктешет. Квартирасындагы ар бир буюм, айрыкча, газдын таттуу сымак жыты али кете элек жатар бөлмөдөгү буюмдар ал эшик ачар замат кайра куугандай сезилет. Баарынан да эчтеме болбогонсуп, ээн калган үйдө баштагы ишенимдүү Кресченцанын кебелбеген кайдыгерлиги аны уктаса түшүндө, ойгонсо өңүндө кыйнап, айласын түгөттү. Баягыда тууганы вокзалда Кресченцанын ысмын атагандан тартып, барон ага жолугуудан коркуп жүрдү. Анын басканы угулса эле шаштысы кетет. Тарпылдаган жай кадамына, муздак, дудук түнттүгүнө чыдай албады. Кресченцанын корулдаган үнү, майланышкан чачы, айбанча сезимсиз түнттүгү эсине түшсө эле көңүлү иренжийт. Ага ачууланат, аны менен байланышын үзүп, муунткан мойнундагы сыйыртмакты алып таштоого алсыз экенин ойлоп, өзүнө өзү ачууланат. Ал көзү жеткен бир жол – качып кутулуу гана калды. Кресченцага эчтеме айтпастан тымызын жол камын көрдү да, Каринтиядагы досторума кеттим демиш болуп, шаша-буша эки ооз сөз чиймелеп, ага таштап кетти.
Жай бою барон сыртта болду. Мурас иштери боюнча чакырткандыктан Венага бир жолу гана келип кетти. Ошондо да мейманканага конуп, келгени, тууралуу күтүп жүргөн Кресченцаны кабарланткан жок. Эч жан менен сүйлөшпөгөн Кресченца анын келгенин билбей калды. Кылар иши жок, бабыргандан бетер үңкүйүп, күнү бою кыймылдабай ашканада отура берет; чиркөөгө жекшембиден башка күндөрү да барчу болду; кээде барондун ишенимдүү адамынан анын буйруктарын, акчасын алат. Бирок барондун өзүнөн дарек жок. Барон болсо ага эчтеме жазчу эмес, эчтеме берип жиберчү эмес. Кресченца да унчукпастан күтө берди. Өңү азып, бет отунун сөөктөрү оркоюп, кыймылдары кайрадан баштагысындай, колдогой тартты. Ошентип ал күтө берди, дел болгондой телмирип күтүп жүрдү.
Кыжаалат иш көбөйүп, күзүндө барон шаарга кетүүгө аргасыз болду. Өз үйүнүн босогосуна жетип, жүрөксүнө токтоп калды. Жакын досторунун арасында эки ай бою жүрүп, көп нерселер эстен чыгып кеткен эле. Бирок азыр, арылдым го деген балээсине, мүмкүн кылмыш кылуудагы шеригине кайра кезиге тургандыктанбы, айтор дагы баягысындай болуп деми кыстыгып, иренжип, көңүлү айнып кетти. Тепкичтен жай чыгып баратты. Ар бир кадам аттаган сайын муздак чеңгел кекиртегине жакындай берди. Анан каалгасына жеткенде ачкычты буроого чымырканып жатып карышып калган колун аран ийкемге келтирди.
Кресченца кулпунун шырп эткен дабышын угуп, ашканадан жүгүрүп чыкты. Баронду көрө коюп кумсара түштү да, турган ордунда таштай катты, бирок ошол замат жүзүн ала качкансып, барон полго койгон чемоданга эңкейди. Саламдашуу да оюна келбеди. Барон да унчуккан жок. Кресченца унчукпастан чемоданды анын бөлмөсүнө алып кирди, ал да унчукпай, ээрчий басты. Терезени карап, тиги кетсе экен деп унчукпай тура берди. Кресченца чыгып кетер замат ал эшикти ичинен бекитип алды.
Эки ай көрүшпөгөндөн кийин алар ушинтип жолугушту.
Кресченца күтүп жүрдү. Барон да күтүп жүрдү – Кресченца келатканда, аны көргөндө канын муздаткан дүркүрөк калар бекен деп күтүп жүрдү. Бирок анысы калбады. Кресченцаны көрбөсө да, шыбырты угулары менен барондун көңүлү иренжийт. Эртең менен тамактан ооз тийбестен, Кресченцага да эчтеме айтпастан үйдөн качып кетип, кечкисин кеч кайтат. Бар аракети – аны көрбөө. Ага айтар зарыл тапшырма болуп калса, жүзүнө тик бакпай тескери карап туруп айтат. Тиги түрү суук селекет дем алып турган абадан ал да дем ала алар эмес.
Кресченца болсо керели кечке жыгач табуретинен карыш жылбай отурганы отурган. Өзүнө түк тамак бышырбас болду. Эчтеме жүрөгүнө баспайт, кишилерге жуурулушпайт. Күнөөсүн сезип, эми качан ээси ышкырып чакырып алар экен деп күткөн таяк жеген ит сыяктанып, жалдырап күтүп отура берет. Кандай балээ болуп кеткенин ал жакшы түшүнбөйт. Жанын кыйнап кейигени гана ушул – төрөсү, кудайы андан терс бурулуп кетти, аны өзүнөн алыс кууду.
Барон келгендин үчүнчү күнү эшиктен коңгуроо шыңгырап калды. Босогодо сакал-мурутун таза кырынган, колунда чемоданы бар келбөттүү ак чач адам туруптур. Кресченца аны кайта чыгарып жибермек болду. Бирок тиги чоочун адам кетпей койду, жаңы кызматчы болуп келгенин, барон аны саат ондо кел дегенин түшүндүрүп, менин келгеним тууралуу үй ээсине кабар кыл деп кашайып туруп алды. Кресченцанын өңүнөн каны качты, салааларын арбайта колун көтөргөн бойдон ордунда селейип катып калды. Анан бир маалда ок тийген чымчыктай болуп колун шалак этип ылдый түшүрдү:
– Өзүңүз кириңиз, – деп камердинерди таңырката корс этти да, ашканасына кирип, эшигин тарс жаап алды.
Жаңы кызматчы иштеп калды. Эми барон Кресченцанын өзүнө иш тапшырып сүйлөшүүгө муктаж эмес, ага тиешелүү бардык тапшырмаларды салабаттуу улгайган камердинер аркылуу айтат. Кресченца үйдө эмнелер болуп жатканынан кабарсыз калды, бардык нерсе муздак толкун таштын үстүнөн жайпап өткөн сыяктанып үстүртөн өтүп жатты.
Ушинтип эки жума өттү. Ушул убакыт ичинде Кресченца катуу ооругансып өңүнөн азып кетти: жаак эттери шылынып, саамай чачтарын дароо эле ак аралады. Башынан кашаң неме эми тим эле таш болуп калгансыйт. Молодон бетер бозоргон терезеге кадала карап үлдүрөп отура берет. Колуна иш тийгенде ачуусун ошондон чыгара албууттанып иштейт.
Бир күнү камердинер барондун бөлмөсүнө кирди да, унчукпаган таазим менен күтүп тургандыктан барон ал маанилүү бир сөз айтканы келгенин биле койду. Камердинер мурда эле «тиролдук сөрөй» (Кресченцаны жек көрүп ушинтчү) менен ыркы келишпей жүргөнүн айтып, аны кетирүүнү сунуш кылган. Бирок анын айтканы эмне үчүндүр баронго жакпай, кулагынын сыртынан кеткен. Камердинер да таазим кылып кетип калган болчу. Азыр айтканынан кайтпай көшөрүп туруп алды, атүгүл акырында кыйналып-кысталып, кызарып-татарып мукактанып жатып, оюндагысын ачык айтты:
– Господин барон мени акмак дебесин... бирок башкача айта албас... ушул катындан чочулайт. Бул түрү суук желмогуздун азабы өтүп баратат, үйүндө кандай коркунучтуу адамды алып жүргөнүн мырза барон билбей жүрөт.
Барон эрксизден селт этип кетти.
– Эмне демекчисиң? – деген анын суроосуна камердинер тайсалдап жооп берди: кадиктеп билгеним деле жок, бирок бул катын эчтемеден кайра тартпас кутурган жырткыч экенине көзүм жетип жүрөт. Мына, мисалга... кечээ тапшырма берип болуп, анан кокустан бурулуп карай салсам, Кресченца акырайып жутуп жиберүүчүдөй карап турган экен... Албетте, көз караш ар кандай боло берет ко... бирок ошол карашынан улам, ал азыр келип кокодон алчудай болуп кетти. Эми андан чочулап калдым. Анын жасаган тамагынан ооз тийгенден да коркуп турам. Кожоюн, кандай коркунучтуу адам экенин сиз байкабай жүрөсүз. Ал да унчупай дулдуят да, дулдуят. Өлүп баратса да бир үн катпайт, бирок мындай неме өлтүрүп коюштан да тартынбайт.
Барон бул айгакчыны алая карап, дене-бою муздады. Ал эмнени билди экен? Эмнеден улам шектенип жүрөт? Барондун колу калтырап кетти, титиреп чыккан түтүн анын тынчсызданып турганын билдирип койбос үчүн сигарасын коё койду. Бирок карт кызматчынын жүзүнөн арамза ойдун жышаанын көрө албады. Ал эч нерсени билбейт окшойт деп, барон жооп берүүгө маалкатып отурду. Акырында чымырканды, жүрөгүндөгү сырына моюн сунуп:
– Дагы кичине күтө туралы. Эгер ал болбой эле сага ачуулана берсе, өзүң эле менин атыман кетирип жибер, – деди.
Камердинер таазим кылып чыгып кетти. Барон үстүнөн оор жүктү алып таштагансып жеңилдене креслого чалкалады. Алиги табышмактуу жан эсине түшсө эле болду, барон кечке чейин капалуу жүрөт. Кресченцаны кетирсе барон үйдө жокто кетиргени дурус болор, мүмкүн рождество майрамында. Андан кутулсам дегенде барондун эки көзү төрт, кутулар күнүн ойлосо көңүлү курсант. «Ооба, рождестводо кетириш керек, ал күнү мен үйдө болбойм», – деди өзүнө-өзү.
Бирок эртеси эле барон столдон туруп, бөлмөсүнө кирери менен эшик кагылып калды. Газета окуп отурган, алаңдап башын көтөрүп: «Кириңиз» деп куңк этти. Уктаса түшүнөн кетпеген, жүрөгүн титиреткен тарпылдак оор басык угулду. Кара кийген скелеттей ачмыйып Кресченца бөлмөгө кирип келгенде өңүн көрүп, барондун жүрөгү шуу этти: өлүктүн бет кейпин түшүргөн гипс маска сыяктанып териси тырышкан купкуу өңү көзүнө түштү. Килемдин четине келип, жалдырап калганда ичинен күйүп жүргөн байкуштун түрүн көрүп барондун боору соруп кеткенсиди. Бирок ыңгайсыздана түшкөнүн билдирбес үчүн эчтеме туйбаган кыязданды:
– Жол болсун, Кресченца?
Анын көңүлүн көтөрө жылуу сүйлөйүн дегенине болбой үнү суз, ачуулуу чыкты.
Кресченца полду тиктеп, унчукпай турду. Акырында ичинен бирдеме күч менен түртүп жаткансып, үнү буула чыкты:
– Антон мени кет деди. Кетиргин деп сиз айтыпсыз.
Барон кабак түйө креслодон турду. Бул иш мынчалык тез болот деп ойлогон эмес эле. Эми эмне жооп айтарын билбей, мукактана оозуна келгенин сүйлөдү:
– Антон тим эле кызууланып сүйлөгөн чыгар. Бирок өзүң башка кызматчылар менен ыктымактуу болсоң болду... – деп бирдемелерди күңк-мыңк деди.
Бирок Кресченца килемден көзүн албай бет маңдайында тура берди. Челе турган букача башын ылдый салып, эки ийинин куушуруп, барондун жооткоткон сөздөрүн укпагансып, ал бир гана создү көшөрө күттү – бирок ал сөз айтылбады. Өз ашпозчусунун алдында алдамчы болуп, башка айла таппаганына ызасы келип, барон акыры тажагандан сөзүн токтотту, бирок Кресченца көгөрүп унчукпай тура берди. Акырында күч менен муну айтты:
– Мен бир нерсени гана билейин дегем: мени кетиргин деп, Антонго барон өзү айтты бекен?
Бул суроо заардуу, көшөрө чыгып, катуу тийди. Жанатан берки жагымсыз сүйлөшүүгө капаланып турган барон төштөн ары бирөө түртүп жибергендей кетенчиктей түштү. Бул эмнеси – коркутканыбы? Эрегишке чакырганыбы? Ошол замат анын жүрөксүнүп турганы да, аяп турганы да жоголду. Көптөн бери ичине бук болуп жыйналып келген жийиркеничтүү жек көрүүсү сыртына чыгып, бул ишти биротоло бир жаңсыл кылгысы келди. Үнүн дароо өзгөртүп, Министерстводогу кызматы үйрөткөн суз кейпине келе калды: ооба, ооба, чын, чарбалык иштерди бүт камердинердин колуна өткөргөнүн, албетте, Кресченца сага жакшылыкты гана каалай турганын, атүгүл, кетирүү жөнүндөгү ишти кайра токтотууга аракеттене турганын, бирок Антонго акыл салбай көшөрө берчү болсо, анда ал Кресченцанын кызматына кайыр болууга аргасыз экенин айтты...
Барон унчукпай калды, өзүн тымызын коркуттурбаска же тең ата кылбаска тырышып, Кресченцаны сурдана жаман көзү менен карады. Бирок Кресченца калтаарый баш көтөргөндө караса, көзүндө коркутуунун эч шек-шыбаасы көрүнбөйт. Өлөрчө жарадар болгон жырткыч артынан сүрө түшүп келаткан тайгандар жетип баса каларда ушинтип карайт.
– Ыракмат, – деди Кресченца араң үн чыгара. – Кетсе кетейин... Мырза баронду көп эле жадата бербейин...
Бүгүлбөгөн бутун араң шилтеп, кылчайып карабастан, бүкүрөйгөн боюнча акырын басып чыгып кетти.
Кечинде барон театрдан келип жазуу үстөлүнүн үстүндөгү катты алмакчы болгондо кандайдыр бейтааныш төрт бурч бирдеме турганын көрдү. Үстөл үстүндөгү лампаны жарык кылып караса, айылдагы усталар оюп жасаган жыгач куту экен. Оозу кулпуланбаптыр. Барон ачты. Ичинде Кресченца ушерге келип иштеген мезгилден бери барондон алган кунарсыз белектери бар экен. Ал баарын аябай ирети менен бапестеп салыптыр. Бир нече открыткалар (буларды барон мергенчиликте жүргөндө салып жиберген), театрга эки билет, күмүш шакек, кичинекей бир таңгак банкноттор жана Кресченца мындан жыйырма жыл мурда Тиролада түшкөн сүрөт (заматта чыгарылган) бар экен. Кыязы, магний жарк эткенде ал чочуп кетсе керек, бүгүнкү коштошкондогусундай көрүнүп муңкана тиктеп калыптыр.
Эмне кыларын билбей элеңдеп калган барон кутуну нары түртүп салды да, далиске чыгып, Кресченцанын буюмдары кандайча анын үстөлүндө жатканын Антондон сурады. Камердинер ошол эле замат душманынан жооп алмакчы болуп, Кресченцаны издеп кетти. Бирок ал ашканадан да, башка бөлмөлөрдөн да табылбады.
Эртеси эртең менен чыгуучу газеталардын жоболоңдуу окуялар жазылуучу бөлүгүндө: кырктар чамасындагы аял көпүрөдөн боюн таштап, Дунай каналына чөгүп өлдү деген кабар жарыяланды. Аны окуганда Лепорелла кайда жоголгонун суражылаш кажатсыз экенин экөө түшүнүштү.
Которгон Ашым Жакыпбеков
[1] Эгин токмоктогуч аспап.
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.