Жашоо, өмүр жөнүндө
Ким күчтүү, ким акылдуу, ким сулуу – эмне айырмасы бар? Айланып олтуруп акырында сен бактылуусуңбу же жокпу, ошол маанилүү эмеспи?
Раджниш Ошо
♦ ♦ ♦
Дайыма эле күнөөлүү адам кечирим сурабайт. Кечиримди мамилени бузууну каалабагандар сурайт.
Эрих Мария Ремарк
♦ ♦ ♦
Убакыт чектелип берилген, сен аны көрүнгөн ишке коротпо.
Стив Жобс
♦ ♦ ♦
Турмуш мектебинде жашоону өздөштүрө албагандарды кайталоо курсуна калтырышпайт.
Эмил Кроткий
♦ ♦ ♦
Мен жөнүндө эмне ойлогонуңар мага баарыбир. Мен силер жөнүндө ойлоп да койбойм.
Коко Шанель
♦ ♦ ♦
Жашоо сабагын күтүп олтурбай, өзүңөр окуп үйрөнгүлө.
Эрих Мария Ремарк
♦ ♦ ♦
Жашоодо карманар жалгыз эреже – кандай абалга кабылсаң да адам бойдон кал.
Аристотель
Сөз күчү жана чечендик өнөр тууралуу
Сөздү баш сөөктүн ылдыйкы бөлүгүнөн чыгарыштан мурда, баштын жогорку бөлүгү аркылуу өткөргүлө.
Марк Туллий Цицерон
♦ ♦ ♦
Чечендин мыктысы – татаал ойду жөнөкөй тил менен түшүндүргөнүндө.
Скилеф
♦ ♦ ♦
Чечендин эң зор жетишкендиги – керектүү кепти айтканында эмес, керексиз кепти айтпаганы.
Марк Туллий Цицерон
♦ ♦ ♦
Айкырык менен үй салынар болсо, эшектер салган үйлөргө көчө толмок.
Чыгыш макалы
Жоомарттык жөнүндө
Берешендик сапат – адамдагы адамзат коомун көркүнө чыгарар бардык асылзат касиеттерди көргөзөт.
Бир тууган Гонкурлар
♦ ♦ ♦
Көп берген март эмес, убагында ажат ача билген адам март.
Жан де Лабрюйер
♦ ♦ ♦
Көпчүлүгүбүз модадан чыккан көйнөктү жакындарыбызга берүүгө дайым даярбыз.
Лешек Кумор
♦ ♦ ♦
Көпчүлүк адам байлыкты жек көрөт, бирок аны эч ким менен бөлүшкүсү келбейт.
Франсуа Ларошфуко
♦ ♦ ♦
Бергенди билген адам менен аны сактай албаган адамдын айырмасы өтө чоң.
Сенека
♦ ♦ ♦
Берген адамга беш көп көрүнөт, алган адамга алты аз көрүнөт.
Өзбек макалы
♦ ♦ ♦
Жоомарттык – бул кирешенин көргөзгүчү эмес, а жандүйнө сапатынын көргөзгүчү.
Жакшылык иштер жөнүндө
Эгерде кылган жакшылыгың үчүн бир нерсе күтсөң, сен анда жакшылык жасабай эле, аны сатканың.
Омар Хайям
♦ ♦ ♦
Итке ыргыткан сөөк кайрымдуулукка жатпайт. Кайрымдуулук – бул өзүң андан кем эмес ачка кезиңде ит менен бөлүшкөн сөөк.
Жек Лондон
♦ ♦ ♦
Бардыгына, анын ичинде сени менен жаман мамиледеги адамга да сый бол. Кеп алардын сыйга татыктуу экенинде эмес, сен өзүң жакшы адам экениңден кабар берет.
Конфуций
♦ ♦ ♦
Мүмкүн болгон жерде жакшылык жасагыла. А бул ар дайым мүмкүн.
Далай Лама
♦ ♦ ♦
Адамдарга жакшылык кылганыңды жакшылар баалайт, кайдыгер адамдар – шыр унутат, а уятсыз бетпактар андан да уятсыз боло баштайт.
Густав Фрейтаг
Которгон Абийрбек Абыкаев
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.