Андрей Волос: Ужик

  • 10.12.2024
  • 405

АҢГЕМЕ

1

Үй аэропорттон Хуррамабаддын борборуна бараткан жол жээгинде. Февралдын орто ченинде үйдүн жанынан жаңы эле жүк ташыган чоң учактардан түшүрүлгөн танкалар чубап өтүштү. Анна Валентиновнага согушчандардын мындай жерди жарып жиберчүдөй күрүлдөгөн оор кыймылына жер чыдабай ийилип... майышып эле калбастан, талкаланып, сынып бараткандай сезилди. Дал ошонунун айынан коркуп кеткен жылан ашканасынын так алдындагы жертөлөнүн алдынан качып чыгып, плинтус менен дубалдын ортосундагы ачык тешиктен баш чыгарды.

Жер өз огунан чыгып кетчүдөй болду, кандай болгон күндө да, мындай тарсылдаган дабыш, күңгүрөө катуу жер титирөө учурунда болорун эстеди. Адегенде терезелер тарсылдады. Анна Валентиновна босого алдына кантип тура калганын өзү да аңдабады. Бала кезинде апасы дубалдар урай баштаганда эң коопсуз жер ушул деп үйрөткөн. Айнектер улам катуу тарсылдап... кулак көзөп, мээ жарчудай ачуу-ичке, катуу добуштан төбө чачтар тик турду. Ал буга окшогон күркүрөк жашыл Хуррамабадды чаң баскан урандыларга айландырышы мүмкүн болгон жер кыртышындагы зор кыймылдын жарчысы экенин билчү. Жүрөгү лакылдап... ою эки анжы – үйдөн качып чыксабы?..

Демейде эч ким мындай кылчу эмес: Хуррамабаддагылар маңдайга жазган тагдырына ишенген эл. Кудай бербесе, чочкого аш кайда дешет... люстра, эмеректер кээ бир күнү үч маал силкинсе, улам-улам качып чыгабы... Бирок көп өтпөй ал чаңырган, кыйкырган үндөрдү укту. Адегенде адамдар коркконунан кыйкырды деп ойлогон, бирок алардын күрү-гүү, ызы-чуусуна темир каз тамандардын шалдырагы, дизелдик кыймылдаткычтын түтүктөрүнөн чыккан тарсылдактар кошулду.

Ал терезеге чуркап барды, үрөйү учуп, алаканы менен бетин жаба калды. Танкалар калың топту карай жиреп барат. Бул көрүнүш көз алдына үч жыл мурда көркөм окуу жайында көрүп эсинен кеткис болгон байыркы гипстердеги майда тешик-чуңкуруна чейин, жадагалса Антинойдун мойнундагы тырыгына чейин түшүрүлгөн сүрөт сыяктуу зор таасир берди...

Жашыл тулкулар февралдын жамгырында жалтырайт. Согуштук пилдердей тумшуктарын соройтуп, ачуулана өкүрүп, кыйкырган адамдарды аралап баратышты. Адамдар алардын жолун тосууга аракет кылды. Темирге таштар, бөтөлкөлөр жаады; таштар кайра артка секирип, бөтөлкөлөр быркырап, майлуу тактар калып жатты. Айласы кеткен топ артка чегинип, жол бошотууга аргасыз, бул буржуюп түтүн бүрккөн ырайымсыз жаныбарлар адамдардын үрөйүн учурду... Өз ачуусун тыя албай өтө эле алдыга чыккандарды, каз тамандын астына кирип келгендерди, сөгүнгөн жоокерлер танканын үстүнө сүйрөп чыгып, каскалардын ортосунан топу кийген баштар көрүндү.

Бул окуя февралдын ортосунда болгон, ал эми Ужик акыркы күндөрдө пайда болду… демек, убактысы туура келет. Анна Валентиновна буга чейин эч качан жылан көргөн эмес. Ал Мариуполго жакын үй-бүлөсү согушка чейин жашаган жерде, балдар-кыздарды коркутуу үчүн чалкандын арасынан жыландарды кармашканын апасынан уккан. Эгер ал ошол жерде, Мариуполдун жанында төрөлсө, албетте, убакыт өтүп, көңүлүнө жаккан бирөө менен жолугушмак, балким ошондо ал бала кезинде эле жылан эмне экенин билмек. Бирок отузунчу жылдын күзүндө анын келечектеги ата-энесине бир тааныш адам жашыруун келип, атасына азыр үйдөн чыгып, түз эле станцияга барганы жакшы болорун шыбырап: ордерге кол коюлуп, анын убактысы такыр жок экен.

Үй-бүлөнү атасынын үй сатып алуу үчүн чогулткан акчасы сактаган, — анткени акчасыз эч жакка жылуу мүмкүн эмес, айла жок камакка алууну гана күтүүгө туура келмек… Эки күндөн кийин алар Москва–Ташкент поездине отурушат. Поездде атасы Никулин деген фамилиясы бар, жаагы тынбаган, энергиясы ашып-ташыган адам менен сүйлөшүп калат. Көп жылдар бою атасы аны “менин сактоочу периштем Никулин” дечү, — ал аны Вахш өрөөнүн тезирек өздөштүрүү идеясы менен азгырып, кокусунан жолуккан жолоочу агроном экенин билгенде таптакыр жармашып алган экен. Анын алыскы жерде иштөө сунушу атасынын пландарына эң ылайыктуу келсе керек. Анна Валентиновна Хуррамабаддан жүздөн ашык чакырым алыс жерде төрөлүптүр, дагы жолдуу экен, — апасынын айтканына караганда ал төрөлгөнгө чейин үч жыл жашаган кыштак менен салыштырганда, бул чаңдуу шаар Париждей эле көрүнгөн…

Кереметтүү кутулуу окуясы, албетте, купуя сыр. Ата-энеси каза болгондон кийин, Анна Валентиновна бир жолу олтуруп, атам качып убара тартпаса деле болмок деген жыйынтыкка келет. Анткени түрмөдөн, сүргүндөн качып, ал дал ошол жерге келген, бул жерге вагондорго толо зектердин эшелондору каттачу. Никулиндин жалындаган идеялары көптөгөн жумушчуну талап кылгандыктан, каналдарды түрмөдөгүлөр казып, Вахш менен Пянжанын ортосундагы назик булалуу пахтаны мажбурлоо менен көчүрүлүп келгендер өстүрөр эле.

“Уж” деген сөз муздак, жылмышкан, жагымсыз нерседей угулат… айтканга кыска болгонуна карабастан, узундай сезилет… бирок анын аң-сезиминде бул сөз балалыгы менен, апасынын жылуу жүн жоолугу, аны ошол учурда курчаган жайбаракат, бейпил турмушу менен бекем байланышкан. Ал жайбаракат баяндоолорду укканда, тынчсыздануу, ачарчылыктагы жашоо тартыштыгы артка чегинип, алыстагы жомоктогудай шаар Мариуполь пайда болчу… көптөгөн кызыктар… атап айтканда, зыянсыз жыландар — жакындашуу, сырдуу сүйүүлөрдүн символу… Ошондуктан Анна Валентиновна биринчи жолу жалтырак ромб сымал башты көргөндө таптакыр корккон жок.

— Мына сага! —күтүлбөгөн конок менен жылуу учурашып, ар дайым июлдун аптаптуу күндөрүндө ашкана шыбында пайда болгон түшүнүксүз эки бейкапар көздүү геккон (өзгөчө жөндөмдүүлүккө ээ – кичинекей кескелдирик, тамандарындагы түктүн жардамы аркылуу каалаган жерине, мисалы шыпка, айнектин бетине жабышып басат) менен сүйлөшкөн сыяктуу сүйлөшкүсү келип ага жакындады. Бирок ал биринчи кадам таштаар замат боз баш жок болуп кетти.

— Муну кара! — Анна Валентиновна баш чайкады. — Жетишиптирбиз да!

Үйдө жыландар пайда боло баштады! Бул заманда буга таңгалыштын кереги жок! Ошентсе да табакка сүт куюп, бурчка койду.

2

— Билбейм… — деди Марина кемселине кымтыланып. — Мен бул тешикти небак жаап салмакмын, ошону менен иш бүтмөк!

— Кандайча! — деп каршы чыкты Анна Валентиновна. — Кантсе да тирүү жандык да! Ал менде дээрлик бир жылдан бери жашайт!

— Тирүү болсо эмне экен! — Кызы мурдун чүйрүдү. — Үйдө ар кандай жандыктарды бага берүү керекпи!

— Биринчиден, ал чычкандарды кармайт, — деп белгиледи Анна Валентиновна. — Экинчиден, ал өтө сүйкүмдүү… эгер аны көрсөң, сага абдан жакмак. Болгону, ал бөтөн адамдардын алдында чыкпайт.

Кызы капаланып колун шилтеди.

— Ай Кудай-ай! — деди анан ал, табактагы шекерленген таттуу айванын кесимин кашык менен алып.— Кайсы бир жактарда нормалдуу жерлер бар да! Чычкандар пайда болушу мүмкүн… таракандар… А бул жерде — жыландар! геккондор! термиттер!.. Чынын айтсам, крокодилдер гана жетишпей турат!

— Койчу! Чычкандар жакшы бекен?

Алар унчукпай калышты.

– Лобачёвдор да кетүүгө даяр, — деди кызы пиаладагы чайдан ууртап. — Бизди да кошулгула дешти. Бир коом уюштуруптур… акча чогултуп... – Ал үшкүрүп койду. — Орусияда үйлөрдү курушат экен.

Анна Валентиновна да үшкүрүп, баш чайкады.

Мурда бул жөнүндө күйөөсү экөө да сүйлөшүп калышчу. Орустар Хуррамабаддан кете башташты... Биз да кетсек болмок... Албетте, кетиш керек... Бирок кайда? Негизгиси жумуш табыш керек... Кеп жумушта эмес, жашай турган жерде болчу. Ошондуктан жөн эле жумуш эмес, кирешелүү жумуш керек эле, дароо турак-жай алгыдай. Кечкисин чай ичип олтурушканда: “батир табылбаса, үй сатып алыш керек... эмне, үй сатып алсак болбойбу?— деп кобурашып калышчу. Үйдүн баасы канча болорун бири да билчү эмес. Балдары дароо каршы чыгар эле.

– Оруссияда бизге эмне бар! Мектепти, бул жерде чогуу өскөн досторду кантип таштап кетебиз!...

Баары чогуубуз менен чечкен жеңил эле, алыскы Оруссия кайдадыр бир алыс, тумандын арасындагыдай сезилип, ал жакка көчүүнүн кажети жок сыяктуу, айтылып, айтылып бир нече айларга чейин кайра козголбой унутулчу. Күйөөсү кандидаттык диссертациясын жактаганда Анна Валентиновна аны менен кошо Москвага барган. Ишин жактаган соң бир нече бош күн болгондуктан, Москванын алдындагы Апрелёвка деген жерге барып келүүнү чечишкен. Балким үй сатылып калабы дешкени да. Январь айы. Алар электричкадан түшкөндө бурганак кар жаап жаткан экен. Анна Валентиновна жеңил кемселчен. Алар шаарчанын бурганактуу көчөлөрүн кыдырып, дубалдарда илинген кулактандырууларды окуп көпкө жүрүштү.

Бул жерде көп нерселерди жазышыптыр, бирок үй сатуу боюнча эч кандай жарыялар көрүнбөйт. Чындап келгенде өзүбүз – биз үй сатып алабыз деген жарнама илишибиз керек эле да. Телефонду же даректи жазып. Бирок алар бул жөнүндө мурда ойлонгон эмес, азыр колдорунда кагаз да, желим да жок. Тиши тишине тийбей, калчылдап үшүгөн Анна Валентиновна айласы кеткенде, алдынан чыккан кемпирден жакын жерде сатылар үй барбы деп сурады. "Алысырак жерде болсо, жеталбай каласың го бечара", – деди кемпир кейип. Акырында автобазадагы тамактануучу жайга жетип, күйөөсү жүз элүү грамм грузин коньягын, өзү эки стакан ысык чай ичкен. Андан соң Белокаменнаяга жол тартышкан...

— Ох, билбейм, — Анна Валентиновна үшкүрүп койду. — Ал жакта суук экен!.. Жок, карыганда каякка бармак элем… ушул жерде эле калганым оң…

— Ошентип олтура бер, — деди кызы чарчаңкы. — Качан келип башымды жарып кетет деп күтүп олтур… Айланаңды кара, эмне болуп жатат!

— А эмне болуп жатыптыр? — таңгалды Анна Валентиновна. — Баары тынчыбады! Бир аз чаң салып, анан басылышты.

– Ии, басылып калышыптыр дейт! – кызы какшыктуу жылмайды. – Сен, апаке, негизи...

А Валера не дегенин билесиңби? Гезиттердин баарына кайра-кайра жазып жатышат: айылдык жаш балдарды машинага салып Хуррамабадга алып келишиптир! Баардыгын бир күнү! Атайын согуштук операция даярдашкан! Элестетсең! Транспорт камдашкан! Таштарды, арматураларды түшүрүп коюшкан!.. Балдарды түз эле мектептен алып келишиптир: мугалимдер буйрук берген, а бул жерге келгенде аракка сугарышкан! Талкалаш керек дешкен!.. Бул сага болбогон немеби? Эсептеп көрчү, мунун баарын уюштуруш үчүн канча акча керек?.. – Ал бир аз тынып алып, сөзүн жыйынтыктады: – Валера бул айбандар башка иштерди ушундай уюштурганда, эчак бейиште жашамакпыз дейт!

– Эмне үчүн дароо – айбандар! – деп чекесин бырыштырды Анна Валентиновна.

– Сен эмне шаарды бир жолу коркутуп коюп эле тынчыйт деп ойлойсуңбу? Ха-ха! Аябай күлкүлүү! Валера бул башталышы эле дейт! Ошондо сени ким коргойт?! Жакшылап эстечи: бул окуя башталганда өкмөт элге коргоо отряддарын түзүүнү сунуш кылышпадыбы! Өк-мөт! Көрсө, алар коргой албайт экен, өзүңөр коргонгула дейт!.. Валера төрт түн катары менен нөөмөттө турду! Кечинде колуна ак чүпүрөк байлап, күрөктүн сабын алат... кончунда бычак! – толкундангандан үнү каргылданып чыкты, – анан алгалап талоончулардын алдын тоскону чыгып жатышты! А мен бөлмөмдөгү жарыкты өчүрүп калчылдап олтурдум – кирип келишеби? Келишпейби?.. Милийса! А милийса ошондо кайда эле!

– Жаман эле болду!– деп макул болду Анна Валентиновна. – Бирок акыры алар аскерлерди алып келишти го! Баарын тынчытышты!

– Ой, апа, сага кантип түшүндүрөм! – кызы варенье салынган чөйчөктөгү кашыкты алды. – Эч нерсе бүткөн жок... баары эми башталат. Жанагы шүмшүк Юсуповдун февраль айында айтканын эстечү: Хуррамабаддагы орустар барымтада!

– Ооба, бирок Юсуповду эбак эле алып салышпадыбы...

– Сени ынандырыш кыйын.

Анна Валентиновна үшкүрүп койду.

– Билбейм... – деди ал күнөөлүү. – Балким айканың чындыр... Канча акча керек?

Кызы колун шилтеп койду.

— Менде акча бар, — деди Анна Валентиновна. – Марина! Мен баары бир эч жакка кетпейм! Ал акчаны сага берейин!

– Ооба, албетте! Биз кетели, а сен кал... – деди кызы кабагын бүркөп. – Сени аларга жем кылып таштайлык... Сен эмне деп жатасың!

– Жок, – деди Анна Валентиновна кызынын чөйчөгүнө кайрадан ысык чай куюп. – Кетпейм. Мейли, ушул жерде өлгөнүм жакшы.

3

Алгачкы эки-үч айда Анна Валентиновна түшүнүксүз тынчсызданууну башынан өткөрдү. Кандай күндө болгондо да, ал башка дүйнөнүн, башка ааламдын, марстан келген сыяктуу алыс, чоочун жан болчу. Бул сөөк сымал лакталган баштын ичинде эмне катылып жатты экен? Эмне үчүн ал сойлоп чыгып, ашкананын полу менен жертөлөнүн ортосундагы мейкиндикте жашай баштады? Чын эле коркуп кеттиби? Бул жердин эмнеси жакты? Бул жер жылуу десең, жайында бардык жерде эле жылуу, ал тургай аябай ысык. Кышындасы бардык жердегидей эле суук, нымдуу, анткени жылыткычтар иштебейт. Бирок убакыт өтүп, адам дүйнөдөгү бардык нерсеге, эң негизгиси тирүүлөргө көнүп кеткендей эле, Анна Валентиновна ага көнүп калды.

Ужик дагы акырындан ага үйүр ала баштады, алар бара-бара бири-биринен коркпой калышты. Бул акырындап, байкалбастан болду.

Адегенде Анна Валентиновна жакындай баштаганда, ал жашынган жерине ушунчалык тез кирип кеткендиктен, Анна Валентиновнага фотоаппарат менен тартып жаткансыган “шырт” эткен үн чыккандай сезилчү. Бирок акырындык менен ал көнө баштады, адегенде таптакыр кирип кетпей: тешиктен этият башын чыгарып, анын уңулдак кобурун ишенбегенсип тыңшачу. Анан бир күнү ал Анна Валентиновна көрүнгөндө адатынча кирип кетпей, ашкана бурчунда жарым тегерекче болуп оролуп, ысык көмөч казандын үстүнө тамган бир тамчы суудай үн чыгарып, ышкыра баштады.

Анна Валентиновна аны өз эрдигинен коркуп кетти деп чечти да, анын бар экенин да, бул опузалап ышкырганын да байкабагандай түр көрсөттү: жакындаган жок, тескерисинче, бөлмөдөн чыгып, бир мүнөттөн кийин кайра келди. Ошентип, ал он мүнөттөй кирип, чыкты. Жылан акырындап тынчып, ирмелбеген асыл таштай жалтылдаган көздөрү менен ага тигилди. Убакыт өтүшү менен алар бири-бирине азырак көңүл буруп, баштагы бейтааныш, өзгөчө камкордукту, сактыкты талап кылган жандыктар, эми жакшы кошуналарга... атүгүл мас болуп алып эшигиңди кагып, тажатма ырларын ырдабаса байкалбай жүрө берчү туугандар сыяктуу болуп калышты.

Анна Валентиновна көбүнчө ашкана босогосуна сүрөт тартчу тактасын коюп, Ужиктин сүрөтүн тартып олтурчу, анын кичинекей жалтыраган кабырчыктарынын, көз жоосун алган жылмакай жонунун сулуулугун көрсөтүүгө аракет кылчу. Капталдарындагы толкун сымал эки тилкесин, агарган боорун каралжын тарткан сызыкча менен шөкөттөп, жонундагы бир катар жаркыраган сүйрү тактарды, эки капталындагы ийри-буйру чекиттерин кайра-кайра оңдоп тартып, ошол кылганынан ыракат тапчу. Боёктору түгөнгөнүнө көп болгон, жадакалса акварель да жок, бирок эски боёктордун калдыктары жана текчелерде калган мурда сүрөт тартылган барактардын арткы бетин колдонсо болмок.

Анна Валентиновна жоон карандаш менен одурайган кагазга чиймелеп жатып, жүзүндө айтайын деп тил учунда тургансыган кепти эстей албай кыйналган адамга мүнөздүү туюм менен кээде бир нече секунд токтой калчу, ал эми Ужик оролуп жатып башын бир аз көтөрүп, анын кыймылын байкап, кээде гана жалпак башын ары-бери кыймылдатчу. Анын жонунда учуп бараткан кушту элестеткен кооз крест сыяктуу сүрөт бар эле.

Ужик сүттү жакшы көрчү, бирок көп өтпөй шаарда эч кандай акчага сүт сатып алуу мүмкүн болбой калды. Ужик азык-түлүк кризисин оңой эле көтөрүп кетти. Балким, жертөлөдө чычкандар жетиштүү го. Ал эми ошол учурда үмүттөрү үзүлбөгөн адамдар бош дүкөндөрдү сагаалаганга аргасыз эле… Кыш бүтпөстөй созулуп, Хуррамабад акырындык менен Ужик кыш айларында жарым уйкуда жүргөн сыяктуу абалга түшүп, акырындан чөгө берди. Нан сатып алуу үчүн Анна Валентиновна түнкү төрттө туруп, караңгы көчөлөр менен нан заводуна барчу. Дарбазанын жанындагы илинген чырактын алсыз жарыгындагы үнсүз эл, мүрзө таштарындай жансыз көрүнчү.

Узак күтүүлөрдү калың, ысык нан актап кетчү; ал чарчаганын унутуп койчу. Бирок бир күнү дарбаза саат тогузда да, ондо да, он бирде да ачылган жок… Күн бүркөк, туманду. Ал айланасына назар салбай, өзгөчө оор сезилген бош баштыгын сүйрөп, үйүнө илээлеп араң жетти. Эшикти ачып, отургучка көчүк басып, ыйлап жиберди. Ужик унчукпай ага жылып келип, Анна Валентиновна ый аралаш жылмайып, колун ылдый кылганда, билегине жазы, кооз билерик сымал оролуп алды.

4

Жазында Анна Валентиновна Орусияга — алгач Белгородго, андан Калуга облусунун Таруса районуна барары белгилүү болду. Ал баарын кылдат карап чыгып, бардык майда-чүйдөсүнө чейин изилдеп, артыкчылык-кемчиликтерин аныктап, кайтып келгенде так отчёт бериши керек болчу. Бул чалгындоо жыйынтыгында Марина менен Валера кайда көчүү керектигин чечүүнү пландашкан. Алар азыр өздөрү бара алышпайт эле, Валерий үй-бүлөдө акча тапкан жалгыз адам болчу (жарым жылдан бери айлык да, пенсия да төлөнгөн эмес), аны ишинен коё беришпеди, а Марина балдарын таштап кеткиси келген жок.

Чынында, Анна Валентиновнанын бул жерден кетер ниети жок эле. Жазында жашоо жеңилдеп калды — биринчиден, күн жылыды; экинчиден, узак тыныгуудан кийин кайрадан газ берилип, эми балкондогу эптеп жасаган очок жанында убара болбой мурункудай эле газ плитасына чай кайнатууга мүмкүн, үчүнчүдөн, базар жанданды. Эми атышуулар түнкүсүн гана болчу, андыктан соодагерлер, тайманбай, акырындык менен катарларга чыга башташты, бул убакта жашылчалар өтө арзан; арзандыгын жөнөкөй эле түшүндүрсө болмок. Хуррамабадда накталай акчанын жоктугунан акча жүгүртүү дээрлик нөлгө түшкөн.

Бирок кетүүгө аргасыз болчу.

Жолго чыгар алдында ал бир кабат жогору чыгып, Алексей Васильичтин эшигин какты.

— О! — деди ал эшикти ачып, — келиңиз, Анна Валентиновна!

— Алексей Васильич, — деди Анна Валентиновна. — Сизден бир нерсе өтүнөйүн дегем… Мен кыска мөөнөткө кетип жатам… Чынын айтсам, канчага экенин билбейм…

— Ой, биз эмне бул жерде туруп калдык! — деди Алексей Васильич шашкалактап. — Кириңиз!

— Жок, менин үйүмө баралы, — деп сунуш кылды Анна Валентиновна. — Мен сизге көрсөтүшүм керек...

Ужик, бөтөн кадам, бөтөн үндү угуп, өзүнүн баш калкалоочу жайына кирип кетти. Ал балким кийинчерек чоочун адамга көрүнүшү мүмкүн эле, бирок башында жашыруун байкоо жүргүзүүнү туура көрдү.

— Биротоло кетип жатышат, биротоло… — Анна Валентиновна чайникке таза суу куйду. — Баары... Эки батирди тең сатып алуучулар бар, Валерий эмеректердин да айласын тапты… ал эми менде эмне бар дейсиң, — ал күлүп колун шилтеди, — муну эмерек деп да айталбайсың — тактай менен кагаз. Сизге пианино керекпи? Же сиз да кеткени жатасызбы?

— Менби? — деп таңгалды Алексей Васильич. — Кайда? Тигил жаккабы? Анна Валентиновна, сиз эмне деп жатасыз! Мен ал жакта эмне жоготупмун! Жок, барсаңыз өзүңүз бара бериңиз… кат жазышып турабыз! – Тапкан тамашасына канааттанып күлүп койду.

— Мен деле эч жакка кетпейт элем, — деп моюнга алды Анна Валентиновна. — Карыганда кайда барам? Кызымдыкы түшүнүктүү: ал жаш, ага керек, анын балдары бар. А мага эмне бар?.. Бирок экинчи жагынан, аларсыз кайда барам? Неберелер… эмне кылам, башка арга жок… Азыр мени чалгындоого жиберип жатышат, — ал жылмайып койду. — Ишеништи.

— Аа, — деп башын ийкеди Алексей Васильич. — Чалгынга деңизчи, демек… Түшүнүктүү.

— Вареньеден салыңыз, Алексей Васильич… бул айва вареньеси… муну согуштан мурун кайнаткам… көрдүңүзбү — такыр бузулбаптыр! Ал эми бул кулпунай вареньеси… Ал жакта канча убакыт болорумду бир кудай билет. Самарадагы эжемдин үйүнө да барып көрсөм дегем, ал жакта эмне болуп жатты экен… иштин жайы ушундай.

— Ошондой деңизчи, — үшкүрүп койду Алексей Васильич, айва вареньесин чайына салып. Ал кашыкты жалап, даамын татып көрдү.

— Менде бул жерде жылан жашайт… — деди Анна Валентиновна.

— Эмне жашайт? — түшүнбөй калды Алексей Васильич.

— Жок, эмне эмес, жөн эле жылан! — күлүп жиберди ал.

— Жылан! Билесизби… уусу жок сыяктуу!

— Жыланбы? — деп таңгалды тиги. — Кайда?

— Тигине! Көрдүңүзбү? Плинтус арасындагы тешикти… ал ошол жерге жашынат… Бирок негизи ал ушул ашканада жашайт… Биз бири-бирибизге көнүп алдык. Ал колго үйрөнгөн, мен аны Ужик деп чакырам.

— Мына сага, — деди Алексей Васильич. — Биринчи жолу угушум, батирде жыландар жашайт деп!.. Мен эски талаа карышкырмын, Анна Валентиновна! Жарым өмүрүмдү тоолордо өткөрдүм… мындай зыянкечтерди көп көрдүм! бр-р-р-р! — Ал мурдун тырыштырып, дагы бир аз варенье салды.

— Эмне үчүн зыянкеч! — каршы чыкты ал. — Уусу жок! Зыянсыз жандык!

— Уусу жок болсо... — деди Алексей Васильич. — Уусуз жылан, чынында эле коркунучсуз… бир сөз менен айтканда — сары курсак… (“Эмне үчүн сары курсак?” — деп таңгалды Анна Валентиновна, бирок унчуккан жок.) — Алардын арасында эмнелер гана жок! Гюрза! Кобра!.. Бир жолу…

Алексей Васильич күлүп койду.

— Бир окуя айтып берейин… Ляхштын жанында турганбыз… окшош күндөр: бир маршруттан экинчи маршрутка, күн сайын ысыкта жүрмөй… Бир жолку сапарыбызда гюрзаны өлтүрдүм… Чоңдугун айтпа! Мен атчан элем, ал жолду кесип алдыман сойлоп чыкты! Шланг сыяктуу! Узунун айтпа! Мо-мундай! Ушунчалык жай баратты, аягы көрүнбөйт! Мен анын башын да, куйругун да көргөн жокмун, болгону бир жоон дене! Ал бир бадалдан экинчи бадалга сойлоп бараткан! Мылтыкты алып басып калдым — трах! Аны ок экиге бөлүп салды!.. Ченеп көрсөк, эки метрге жакын чыкты!

— Айтпаңызчы! — деди Анна Валентиновна, бүткөн бою жыйрылып.

— Ушундай… Күн бою ал окуяны унута албадым, дагы бирөө алдыман чыга калчудай болуп… Кечинде жатагыбызга кайтып келдик, тамактандык, жаттык… Эртең менен ойгондук… күн чыкты! Бүгүн дем алыш! Маршрутка барбайбыз! Дарыя шоокуму! Жыргал!.. Төшөктөн турдум… буту-колумду керип-чойдум… оозумду ачып эстедим… дарыядан салкын жел согот!.. Күн жаңыдан тоо башынан кылтыйып, чокуларды жарык кыла баштаган… Өтүгүмдү кие баштадым — жылаңайлак… жуунганы барайын дегем… экинчи бутумду салдым, капысынан таманымдын асты муздай түштү!..

Анна Валентиновна акырын кыйкырып, оозун алаканы менен жаба калды.

— Муздак нерсени сездим! Жылан!.. Эмне кылуу керек? Бутумду чыгарсам — чакканга жетишет! Жетишет, шумпай!.. Мен бүт күчүм менен таманымды ныгыра бастым! андан мурун тебелеп салыш керек!.. – Алексей Васильич токтоналбай каткырып жатты.

— Саат-ы-ы! — деди акыры. — Саатты кокусунан уктаар алдында өтүккө салып койгон экемин! Жакшы саат болчу — “Слава!” Мен аны таманым менен, ишенесизби?! Коркконумдан былчыратып салыптырмын!.. Айнеги, механизми… кыскасы талкаланды!

Анна Валентиновна баш чайкап койду да, ага чайын жаңыртып куйду.

— А сиз, уусу жок жылан дейсиз! — деди Алексей Васильич.

— Ар кандай жыландар болот. Менин жыланым таптакыр тынч, — деп тынчтандырды ал. — Мен чынында, суранайын дегеним… Тигил жакта анын идиши турат, суу куюлган. Мен сизге ачкычты калтырайын. Сиз үч-төрт күндө бир жолу ага суу куюп туруңуз… макулбу?

— Албетте! — деп жооп берди Алексей Васильич, Анна Валентиновна көрсөткөн жакка карап.

Ужик өз тешигинин жанында күндөгүдөй эле жарым шакекче болуп оролуп кыймылдабай жатып алган экен.

— Ё-е-е-е-е-е-о-о-о-о-о-о! — деп кыйкырып жиберди геолог, ордунан ыргып туруп, Анна Валентиновнаны да ордунан кошо сүйрөп кетти. Кыйкырыкты уккан Ужик, сымап сыяктуу куюлуп, тешикке тез эле кирип жок болду.

— Эфа! — деп кыйкырды Алексей Васильич, аны коридорго түртүп чыгарып.

— Бул эфа, жинди! Эфа! Бул эфа, уусуз жылан эмес!..

Геолог плинтус арасындагы тешикти фанера менен дароо жаап салууга уруксат берүүнү талап кылды, анткени уулуу жылан ошол жакка кирип кеткен.

— А эң жакшысы аны алдап чыгарып, өлтүрүш керек! — деп түшүндүрдү Анна Валентиновнага нааразы болуп. — Сиз эмне! Эгер кимдир бирөө жертөлөгө түшүп калсачы! Аны эфа чагып алса эмне болот?! Бул тамаша эмес! Жыйырма мүнөттө өлүп калса болот!..

— Жертөлөгө эмнеге барышмак эле. Ал жер пайдаланылбай калганына канча болду? Менин нервимди бузбаңыз, Алексей Васильич! Сиз жаңылышып калышыңыз мүмкүн!

— Менби? Жаңылышыппы? — шылдыңдагандай каткырды Алексей Васильич. — Тамашалап жатасызбы? Мен бул макулукту километрден тааныйм! Бир жолу мен каптал бет менен бараткам, бет ушундай жагымсыз, шагылдуу… ысык!..

— Ох, сиздин коркунучтуу окуяларыңыздан тажадым! Токтотуңуз! Тешикти бүтөгөнгө жол бербейм!.. Сизге ачкычты да калтырбайм!

Бирок белет сатып алынган, поезд күтпөйт болчу, ал айласы жок. Ужик жертөлөдөн качан да болсо өз тамагын табат, керек болсо дат басып жарылган суу түтүктөрүнөн болсо да суу таап ичет деген ишеним менен жөнөп кетти.

Ал Алексей Васильичке ишениш керекпи, жокпу билбей, өзүнчө кыжалат. Тажрыйбалуу имиш! Эфа, эфа!.. — деп тоту куштай кайталайт!

Поезд жашыл, али саргайа элек талаалар аркылуу жай баракат, эски, кир вагондору рельстерде чайпалып, азыр эле жолдон чыгып кетчүдөй шарактап барат. Терезелердин көбү сынган, купедеги терезелер саңырсыган матрастар менен эптеп жабылган. Дөңгөлөктөрдүн астынан зор, түркүн түстүү жер жылып, өз жакырчылыгын жана оорчулугун көз алдынан чубуртат. Суук тийген бала тынымсыз ыйлап, даараткана тараптан сасыган жыт келип, түн жамынган поезддер карама-каршы күңгүрөнүп өтүп жатты…

Анын жанына Бугульмага туугандарына көчүп бараткан татар үй-бүлөсү олтурган. Өзү бир чемодан менен эле чыккан, купе татарлардын жүктөрүнө толуп калды. Поезд чегарадан чегарага быш-кыш этип жетип, жүктөрдү бажычыларга көрсөтүү үчүн улам-улам чачып жатышты. Жолдо мамлекеттер, чегаралар, бажылар ушунчалык көп болгондуктан, Анна Валентиновна аларды санап келатып, акыры эсептен адашты…

Поезд тыкылдап, шарактап, улам алгалайт, ал болсо өз бурчунда оронуп, оору менен уйку-соо ортосунда, качандыр бир убакта болуп өткөн окуяларга аралашып жүрдү. Бир жипти тартса эле, артынан экинчиси, үчүнчүсү… алардын саны ушунчалык көп болгондуктан, ал бүт өмүрүн башынан аягына чейин айлантып, акыры түшүнүүгө аракет кылды: эмне үчүн Хуррамабад… эмне үчүн танктар… эмне үчүн согуш… эмне үчүн поезд… эмне үчүн Ужик эмес, эфа… эмне үчүн муздак шамал?..

Төрт күндөн кийин — Москва…

Ал акырындан жаңы шартка ыңгайлашып, Нина деген мектептеги курбусунун кең, жылуу батиринде жашап жатты. Нинанын ата-энеси аны Хуррамабаддан кырк беш жыл мурун алып кетишкен. Күн артынан күн өтүп, ал кеткиси келбегенин моюнга алуудан уялды. Бул жерде дайыма жарык күйүп турат… газ түтүктөр аркылуу токтобой агат… дүкөндөн май үзүлбөй сатылат… ал тургай пенсияны үйгө чейин алып келишет.

Кабинеттеги китеп текчесинен Анна Валентиновна зоология боюнча жети томдук китепти таап, Алексей Васильичтин айтканы туура экенин билди. Тилекке каршы, Ужик ага кооз сүрөттөн карап турду… Ужик эфа экен… бирок ал дагы эле түшүнгөн жок, кумдагы эфабы же тактуу эфабы. Кыжаалат болуп, китепти башка китептердин арасына эптеп салып, креслого отурду. Оо, Кудай! Кантип эле ушундай болсун!.. Бирок акылга салып караганда, уулуу жылан менен бир үйдө жашаса болобу?.. Чынында, Ужик бул убакыт ичинде жыландык мүнөзүн эч качан көрсөтпөгөн! Ал аны жакшы көрчү… анын жакшы мамилесине жылынчу… анын кадамдарынан үн чыкканда пайда болчу… Жок, бул акылсыздык, акылсыздык — жылан деген жылан! Анын башында эмне бар – ким билет? Анан дагы: жылан — мышык же ит эмес! Адам итке же жумшак, мээримдүү мышыкка байланат.

А жыланга көнүп, жакшы көрүп калууга болобу?.. Бирок чынында, жыланга да байланып калса болот экен, ошондуктан ал Ужик ал жокто кандай жашап жатканын ойлоп, тынчсызданд. Анын кайтып келишин күтүп жатты бекен деп ойлонду. Акыры чечти — жок, күтпөйт: ал мышык же ит эмес — көнүп калат, унутат, жертөлөгө кетет… Мейли, кандай болгон күндө да, жылан деген жылан! Балким ушундай болгону оңдур, эми ушундай болуп калса эмне кылат. Мышык багып алса болот.

Андан кийин Белгородго барды… бир нече күн мейманканада… Ал көчүп келгендердин жашоосун карап, өзү жакында алардын ордунда кандай болорун ойлонду… Москвага кайтканда, күзгүгө кылдат каранды: жолдо жүргөнүнө карабай, бир аз толуп, териси жылмакай тартып калгансыйт…

Бир нече күндөн кийин Нинанын уулу Володя аларды машинасына салып, жакшы жол менен алыска — Тарусадан ары, Калугага жакын, Завражье айылына алып барды. Кар дээрлик бардык жерде эрип, жылуу болчу. Бул жер ага көбүрөк жакты — аба, токой… Белгороддогудай эмес, ал жерде кайда караба, бүтө элек курулуштар, кир… вагончиктер, вагончиктер… Алар токойдо сейилдешти, тынч айылды аралап өтүп, эки жагымдуу улгайган аял менен сүйлөшүштү. Дүкөн кайда, камсыздоо кандай – бетон жол төшөлүп жаткан талаага чыгышты. Плиталарды түшүргөн автокрандын жанында эркектер турушкан.

— Бул жерлер сонун! — деди алардын арасынан бир кызуу адам. — Сен, кожойке, күмөн санаба! Бул жерде жашоо — ого-го! Жол болот! Суу бар! Эмне үчүн жашаганга болбосун! Тиги дөңсөөлөрдө кулпунай жайнап өсөт! Азырынча жалбырактар, ал эми жайында — мөмө!..

… Ал учак менен кайтып келди. Трапка кадам таштаганда, жүзүнө тааныш жыт урду: ысык, чаң… Хуррамабадда буга чейин эле ысык болуп, түштүктөн афган шамалы согуп, сары асман күңүрттөнүп турган… жакында булардын баары артта каларын элестетүү кыйын болчу.

Ал үйгө жакындап келатып, тешикти фанера менен жаап салуу керек деп ойлоду. Кеттиби — ошол бойдон кетсин, ошону менен баары бүтөт... Анна Валентиновна эшикти ачып, селт этти. Биринчи секундда ага Ужик аны күтүп жаткандай сезилди. Жансыз суналган Ужик босогодо жаткан. Өлүк денени кумурскалар жеп койгон окшойт. Анын кооз териси гана калыптыр, Анна Валентиновнанын колу тийгенде, теринин ичинен омурткалар кытырап, кургаган ачуу калемпирдин уругу сыяктуу чачылып кетти.

2018

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз