2022-жылдын аягында, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын каржылоосу менен, С.Ж.Мусаевдин жана Т.С.Мусаеванын “Кыргыз адабий тили: улуттук доорго чейин жана улуттук доордо” аталышындагы эмгеги жарык көргөн. Эмгек, аты айтып тургандай, ар кандай илимий көз караштардын предмети болуп келген адабий тилибиз жөнүндө.
Авторлор анын жаралышына жана калыптанышына эволюциялык процесс катары мамиле кылып, эки доорго бөлүп карашат да, кыргыз тилинин байыртан бүгүнкү күнгө чейинки тарыхый кыймылын, өнүгүү динамикасын системдүү анализге алышат, анын тарыхый-маданий жана социолингвистикалык панорамасын беришет. Эгерде кыргыз адабий тили ушул кезге чейин ар тараптан терең изилдене элек деген пикирлерди жана кыргыз адабий тили, жазмасы 1924-жылы 7-ноябрда, “Эркин-Тоо” газетасы жарык көргөн күндөн башталган деп таңууланып келген парадигманы эске алсак, аталган эмгектин ординардуу эмес жоболору илимий коомчулукта кызыгууну туудурары жана жаңыланууну жаратары талашсыз. Эмгек ушунусу менен баалуу жана актуалдуу.
Эмгектин эки бөлүм формасында курулган архитектурасы да анын мазмунун ырааттуу, белгилүү бир логикалык тартипте баяндоого ылайыкталган сыяктуу. Мындай формат тилдин кандай шартта жалпы улуттук тил статусуна ээ болорун жана оозеки адабий тил катары колдонуларын улуттун тарыхый өнүгүүсү менен байланышта кароого жол ачкан. Маселен, биринчи бөлүмдө авторлор кыргыз коомундагы эндогамдык жана экзогамдык этаптарды, тилдик чөйрөдөгү конвергенция жана дивергенция процесстерин тарыхый ракурстан анализге алып, кыргыз деген этнонимдик ат алган уруулук түзүлүштүн калыптанганын, ошондон уруктук доордогу тилдик гомогендик бузулуп, анын гетерогендик мүнөзгө өткөнүн ишенимдүү далилдешет.
Анан кыргыз тили наддиалектикалык деңгээлге көтөрүлүп, жалпы элдик тил жаралганын, ал аркылуу дүркүрөп өнүгүүгө өткөн элдик оозеки эпикалык, поэтикалык, паремиялык ж.б. чыгармачылык диалектилер жана диалектилер аралык койне менен бирдикте коомдо номинативдик, коммунативдик жана аккумулятивдик функцияны аткаруу менен, табигый түрдө нормаланып жана кодификацияланып, оозеки адабий тилдин жаралышын шарттаган деген жыйынтык чыгарышат.
Алардын пикири боюнча бул узак кылымдарга созулган процесс. Тилдеги фонетикалык жалпы элдик белгилер, морфологиялык жалпы элдик белгилер, стилдик көп түрдүүлүк ошондо калыптанат, диалектилердин нивелировкаланышы жүрөт. Анын шарапаты менен туш тарабы чачырап өскөн элдик оозеки поэзия, көркөм проза, эл алдында сүйлөнгөн сөздөр оңдолот, тандалат, ийине жеткире иштелет, образдуу, логикалуу айтуу көндүмдөрүнө ээ болот, ал туруктуу көрүнүшкө айланат. Анан учкул ойдун, дүрт деген эмоциянын илебине чыкталган оозеки кептин классикалык моделдери өркүндөп, лексикалык жактан байып, жалпы улуттук оозеки адабий тилдин жаралышын шарттайт.
Ошентип, улуттук доорго чейинки кыргыз оозеки адабий тили деген түшүнүк мурдагы таптык идеологияга негизделген, илимий адабияттарда, окуу китептеринде бүгүнкү күнгө чейин жашап жаткан парадигманы жаңы парадигма менен алмаштырды. Бирок ал изилдөөчүлөрдүн эрки же каалоосу менен болгон жок. Ал көп жылдык изилдөөнүн натыйжасына, тарыхтын өнүгүү логикасына, тилдин объективдүү табигый-тарыхый кубулуш катарындагы имманенттүү закондоруна таянып чыгарылган илимий тыянак. Мындай тыянак улуттук доорго чейинки кыргыз адабий тили улуттук доордогу кыргыз адабий тилинин жазма формада өнүгүшүнө база болгону жөнүндөгү авторлордун концепциясынын негиздүү экенин ырастап турат.
Улуттук доордогу кыргыз жазма адабий тилинин калыптануу процессине жана анын уламдан улам көбөйүп бараткан проблемаларына эмгектин экинчи бөлүмүндө орун берилет. Анын баарын чечмелеп айтыш үчүн дагы ушундай китеп жазууга туура келмек. Андыктан бул маселелер тууралуу пикирибизди жалпылап, резюме сымал формада берүү менен чектелели дедик.
Улуттук доордогу кыргыз адабий тилинин тарых-таржымалын, анын теориялык жана практикалык маселелерин авторлор кыргыз жазмасынын жаралышы менен байланышта карашат. Булар алфавитке, орфографияга, орфоэпияга, адабий тил түшүнүгүнө тиешелүү маселелер. Алар тууралуу кийинки жыйырма жылда тилчилер жакшы эле айткандай болушту. Китептеги полемикалуу ойлорго караганда, ал дагы уланчудай. Бирок кыргыз жазма ишмердиги системасынын эрозияланып бараткан абалы бул бөлүмдө козголгон проблемалардын архиактуалдуу экенин эске салат. Алар текст жаратуу процессиндеги адабий норманын, кодификациянын сакталбаганына, варианттуулуктун эске алынбаганына, орфография жана орфоэпия принциптеринин бузулушуна алып келген, сүйлөмдүн тилдик жана грамматикалык түзүлүшүнө, оозеки кептин курулушуна доо кетирген адабий тил айдыңындагы анархиялык көрүнүштөр.
Ушундан улам мындай бир кооптонуу жаралат: биз глобалдуу санариптик цивилизацияга эне тилибизди эреже-тартип менен колдонгонду билбей, чала сабат бойдон кошулабызбы? Мындай ой интернеттин, жасалма интеллекттин эс тутуму математикалык тактыкка, логикалык ырааттуулукка, сөздүн маани-маңызынын иденттүүлүгүнө негизделет дегенден чыгып жатат. Анан калса болжогону болжогондой чын чыккан Билл Гейтс былтыр адамзаттын беш-алты жылдан кийин виртуалдык дүйнөдө жашарын айтты. Балдарыбыздын энесинин эмчегин ээмп бүтөрү менен, колу гаджетке умтулганын көрүп, муну калп дей албайсың. Бул виртуалдык чөйрөнүн реалдуу турмушка улам күчөп интеграцияланып баратканынын айкын мисалы. Чынын айтканда коомдук аң-сезимдеги мындай тектоникалык чоң жараканы байкабай башыбыздан өткөргөнүбүздү өзүбүз да билбей калыптырбыз.
Ушундай шартта жаралган азыркы муунга (2010-ж. туулгандар) австралиялык социолог жана демограф Марк Маккриндл “альфа” деген ат берген. Бул технологиялык муун, алардын эне тили – технологиялардын тили, виртуалдык реалдуулукта өздөрүн суудагы балыктай сезишет. Булар эбегейсиз маалымат агымында, гаджеттен – ноутбуктан, планшеттен, телефондон – чыкпай жашаган миллениалдар муунунун балдары. Алардын аң-сезими клип сымал, бир маселеге көңүлүн топтой алышпайт. Бирок ашкере прагматиктер, “эмне үчүн?” деген суроо оозунда даяр. Алар, биринчи кезекте, окуган окуусу реалдуу турмушта пайдасы тиер-тийбесине кызыгышат. Эгер канааттандырарлык жооп албаса, окушпайт. Эки, үч тилди билишет, эрудициялары жогору, тез чечим кабыл алышат. Алардын ойлому биздикинен алда канча айырмаланат жана аларга ысымдар, даталар маанилүү эмес.
Аларга маалыматты кайдан издөө, аны кантип классификациялоо жана пайдалана билүү керектигин түшүнүү өтө маанилүү. 2030-жылдары эр жетип, турмушка аралашып, көшөрүп окуганга, жаңы көндүмдөрдү өздөштүргөнгө өтө турган ушул альфа муундары нормасы жана кодификациясы шек туудурган, ой агымы чаржайыт кыргызча тексттерге кандай мамиле кылышар экен? Анын үстүнө интернет грамматикалык жактан сабаттуу түзүлгөн, маалыматы сыйымдуу көлөмдө конкреттүү берилген текстке муктаж. Аны жаратыш үчүн курч тилдик туюм, терең лингвистикалык билим, эмоционалдык интеллект жана бийик мотивация керек.
Жогорудагы кооптонуунун чыгып жатканы ушундан. Анткени альфа муундагылары менен интернет желесинде баарлашуу үчүн ошолор колдонгон толгон-токой терминдерди ошо калыбында колдонуу абзел. Ансыз түшүнүшүү болбойт. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы азыркы адабий тилибиз өнүгүүнүн ушул этабында жаралган реалдуулукка адаптацияланышы зарыл. Эне тилибиз ошондо гана дүйнөлүк тил системасында өзүнүн татыктуу ордун ээлеп, жашап калышына өбөлгө түзүлөт. Бул кандай жолдор менен ишке ашышы мүмкүн? Анын жол картасы кыргыз адабий тилинин жаралуу, калыптануу жана өнүгүү закондорун теориялык жана практикалык жактан чечмелеген С.Ж.Мусаев менен Т.С.Мусаеванын биз сөз кылып жаткан фундаменталдык эмгегинде берилет.
Анда элибизди этнос катары идентификациялоочу тилибиздин жашап калышына байланышкан талылуу маселелерди чечүүнүн зарылчылыгы өзгөчө илеп, өзгөчө дем менен айтылат. Андыктан эмгектеги майда-барат сыяктанган проблемаларды экинчи планга жылдырып, макаланы орус элинин уятынын, аброюнун символу дегенге татыган Д.С.Лихачевдун сөзү менен аяктагым келет: “Өз тилине кам көрө албаган элдин, мамлекеттин келечеги болбойт, андай элдин, мамлекеттин жашаганга моралдык акысы жок!”.
Абдил Шерматов
И.Арабаев атындагы КМУнун мамлекеттик тил боюнча адиси
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.