«РухЭшке» таланттуу жаңы автор табылды

  • 09.12.2024
  • 1613

Айзирек Полотбек кызынын тырмак алды чакан аңгемелер топтомун "РухЭш" окурмандарына тааныштырабыз...

Кесирчиликпи, канкорлукпу?

– Апа, боюмда болуп калыптыр...

– Ээ, алдырып сал, үч балаңды чоңойтсоң болот.

Чай үстүндөгү телефондо сүйлөшүү андан ары башка темада уланды.

Той башталып, мал союлду. Бооз экен.

– Убал эле болду го.

– Иий, убал эле болуптур.

– Жаман ичим ачышты.

– Башкасын эле тандабай...

Боорукер адамдардын "боорукердиги" таңдантты.

Көңүлдөгү сыркаар

Байпак алуу үчүн дүкөнгө кирдим.

– Байпак бериңизчи?

– Носки десең. Баткенден келген окшойсуң ээ? – Дүкөнчү кытмыр жылмайды.

– Кыргызстандыкмын, кыргызча эле сурадым сизден, – дедим да, байпакты алдым.

Бутум жылыганы менен, негедир көңүлүм муздап турду...

Миссия

– Канча айлык аласың?

– 6000 сом.

– Ии, 6000 сом үчүн нервиңди кетирип жүрөсүңбү? Акең мени 6000 сом үчүн иштетпейт, – деп күлүп калды жеңем.

– Жеңе, мен айлык үчүн гана мектепке барбаймын. Балалыктагы кыялым, максатым, беш жылдык убактым жана ата-энемдин мээнети, эң негизгиси – балдарды ойготкон, ойлонткон, алардын келечек пайдубалынын түптөлүшүнө салым кошкон мугалим болом деген ойлор менен мектепке барам, – дедим.

Кийинчерек жеңем сырттан окуу бөлүмүн аяктады. Бирок дале акемдин камкордугуна сөйөнөбү, айтор, мектепке барар ою жок жүрөт. Ошол жеңемди көргөн сайын анын узун бою кичинекей көрүнөт.

Аёо

– Балаң кичине... ишке чыгыпсың, мынча иш зарыл болду экен сага, – деди кесиптешим.

– Ичимден кайнап эле турам да, эжеке,– деп жылмайдым.

– Кызымды күйөө балам бир да иштетпеди: "Балдарды карап үйдө бол", – дейт экен, бардык шартты түзүп, эч нерсеге зарыктырбай карайт,– деп кызынын "майлуу очогун" мактап кирди.

– Кызыңыздын бактысы түгөл болсун, – дедим да, мени аяган кесиптешиме ыраазы болдум.

Үйдө болсо энем мени аяп: "Сабагыңа даярданып ал", – деп балдарга жомок айтып, бирин бешикке бөлөп, күйөөм (уста) иштен чарчап келгенине карабай, балдар менен ойноп, бир нерселерди өз ара кобурашып, сабакка сүрөт, макет керек болсо көзүмдү базылдата сурансам, сүрөт тартып берип жатканын эстеп, мен да өзүмчө бактылуу боло жылмайдым. Ар ким өзүнчө бактылуу.

Ак булут

Балалыкта эжем бизди ишке жомок айтып байлап алчу. Бизди кыялдарга жетелеген жомокторунун бири – "Ак булуттар".

Карыя тоого чыгып, булут атып алат да, жүзүнө сүртөт, ошондуктан анын жүзүндө бир да бырыш жок, аппак, тунук. Карыянын кабарын уккан хандын кызы булут атып келүүсүн буюрат, бирок карыя алып келген булут кыздын колуна тиер замат капкара булутка айланат. Көрсө, хандын кызы таарынчак, кекчил, өзүмчүл экен. Карыя бир канча жолу булут атып келет, бирок булуттар кыздын колунда карара берет. Кыз качан гана мүнөзүн оңдоп, таарынчактыгын, өзүмчүлдүгүн таштап, адамдарга боорукер мамиле жасай баштаганда гана ак булутту жүзүнө сүртүп, эң сулуу, жүзү нурдуу кызга айланган экен.

Жан дүйнөсү тынч, таза, мүнөзү сонун адамдын жүзү да нурлуу, булут сүрткөндөй туптунук болот бейм...

Булуттарга суктанып, ар качан тиктей берем. Табиятка сук артуу балалыктагы жомоктордон калыптангандай...

Сабак

Ата-энелердин вотсап тайпасына тапшырманы туура аткарган жана туура аткарбаган окуучулардын видеосу мугалимдин "кубулжуган" үнүнүн коштоосунда келип калды.

Ата-энелердин мугалимдер жок тайпасында: "Бала аракет кылып жатпайбы, башка балдардын алдында шагын сындырбай: "Аракетиңе бали!"– деп шыктантып койсо болбойбу. Балам: "Тапшырма аткардым",– деп сүйүнүп кеткен",– дешип, ыз-мыз түшүп калышты.

Мугалим бүгүн ата-энелерге эң сонун сабак өттү: баланын аракетин баалоо керек, антпесе шагы сынат.

Нуска

– Таятаң менен бир да жаман айтып урушпай, тынч жашадык.

– Таене, таарынышпай, көңүл оорутпай, тынч жашоонун сыры эмнеде?

– Мен жиним келип, кээде сүйлөнүп калсам таятаң: "Кой, коё кал, кемпир, эсиң бар сенин",– деп жумшак сүйлөсө, "Эсим бар да менин"– деп кыжырым да тарап кетчү, – дейт 88 жаштагы таенем (чоң кайненем).

Үйдөн:

– Таенеңдин жомогун укпай, тез кел, – деген энемдин сөзүн бир азга "унутуп", иштерди күттүрүп, таенем менен сүйлөшүп отурдум.

Балалыкта чоң энем биз сүрөттөн гана тааныган чоң атабыздын портретин сандыгынан алып чыгып, бир нерселерди шыбырай сүйлөп, кайра салып койгону эсимде.

Үйгө кайтып келе жатып, күн ара акеме нааразы болуп, ичиндеги таарынычын бүт мага төкчү жеңем эсиме түштү. Кийин жеңем эмне жөнүндө эскерет болду экен?..

Тандоо

– Балдарыңа жомок айт: жан дүйнөсү байып, кыялдануусу, ой жүгүртүүсү өнүгөт, – дейт атасы.

– Хадистерди жаттат, тилин салават айттырып көндүр, дин жолунда тарбияла, – дейт апасы.

А кызы: "Баарын өздөрү үйрөнөт",– деп балдарынын колу-бутун, аң-сезимин телефон менен чырмады.

Кесиптик сүйүнүч

– Келиниңер канча айлык алат?

– 6000 сом.

– Ии, кийген кийимин да актабайт турбайбы?

– Келинимдин айлыгына эмес, мугалим келиндүү болгонума сүйүнөмүн.

Мага "сонун" кеңеш берген жеңем менен энем өз ара сүйлөшүп жатышты.

Андан бери айлыгым да көбөйгөн. Бирок ошол жеңеме айлыгымдын пайдасы да, зыяны да тийген жок. Энемдин сүйүнүчү дале мени сүйүнтөт.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз