Зинакан Пасаңованын аңгемелеринин борборунда – аял турат. Анын каармандары – эне, кыз, эже, курбу, сиңди, таене, күндөш, мугалим жана башкалар. Адабий жаатта талыкпай эмгектенип келе жаткан жазуучу чыгармалары аркылуу аялдардын жашоосун, дүйнө таанымын, түйшүгү менен бирге психологиясын ачып келет.
Ошол эле учурда бул чыгармалардан азыркы доордун картинасын көрөбүз. Зинакан Пасаңова – өз окурмандарын тапкан жана такшалган жазуучу. Бирок жазуучунун чыгармалары адабиятчы жана сынчылар тарабынан илимий негизде талданган эмес. Башкача айтканда, жазуучунун прозалары тууралуу илимий эмгектер жокко эсе. Бирок азыноолак пикирин айткандар да жок эмес. Маселен, Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев З.Пасаңовага “Каармандары менен кошо өзүнүн дүйнөсүндө, ааламында, галактикасында жашап, адабиятта ошол адамдардын өзгөчө бейнесин жаратып берди. Турмуштук чакан көрүнүштөн чоң философия чыгара билет экен. Аңгемелериндеги ар бир сөзү, үтүрүнө, чекитине чейин жашоо деми бар, ою бар, тереңдиги бар. Чакан аңгемелеринде да улуу ойду айтат” [3] деген мүнөздөмө берген.
Ал эми адабиятчы жана сынчы Жолдош Турдубаев “Зинакан эженин чыгармаларында нукура реализм бийиктигине өсүп чыккан учурлары бар, ага жетип-жетпей, натурализм деӊгээлинде кала бергендери да жок эмес” [3] деген пикирин айткан. Акын Назгүл Осмонова “Анын каармандары эрктүү, чечкиндүү, жашоодон запкы жеп, оор кайгыны башынан өткөрүшсө да, эртеңкиден, жарык келечектен үмүт үзүшпөйт” [3] деп баалайт. Мындан сырткары, адабиятчы жана журналист Бекташ Шамшиев жазуучунун “Жаңы жылга арналган “Шахид куру” аттуу аңгемеси боюнча макала жарыялаган. Бирок чыгарма профессионалдык деңгээлде анализденген эмес. Бекташ Шамшиев чыгарманын сюжетин кайра баяндап берүү менен чектелген.
Зинакан Пасаңованын “Аял сыры” аттуу аңгемеси анын чыгармаларынын сап башында турат десек болот. Анткени автор жалгыз бой аялдын образын мыкты ачып бере алган. Өз турмушу бузулуп, бирок башка үй-бүлөлүү эркек менен жашаган аялдын жан дүйнөсүнө үңүлүп, ага жан тартабыз. Төрт баланы атасыз калтырган аялды жемелеп, каргап-шилөөнүн ордуна аны да аяйбыз. Зинакан Пасаңова аялдын образын акылдуу, үлгүлүү, ийгиликтүү, күчтүү же сулуу кылып көрсөтүүгө ашыккан эмес, аны таптакыр башка тараптан ачып берген. Ал өз бактысы үчүн күрөшкөн катардагы аялдын трагедиясын, ички дүйнөсүндөгү дүрбөлөңдү көрсөткүсү келген. Бул аңгеменин мазмуну австриялык атактуу жазуучу Стефан Цвейгдин "Бейтааныш аялдын каты" аттуу новелласы менен кайсы бир деңгээлде үндөшөт. Ооба, чыгармалардын сюжети, композициялык түзүлүшү эки башка, бирок аталган чыгармалардан сүйүүгө зар болгон жана анын азап-тозогуна чыдаган аялдарды көрөбүз. Эки чыгармадан тең аялдын ким экендигин, анын табиятын таанууга болот. Дагы бир окшоштук – туруктуулук. Булар көрүнгөн эркекке ашык боло берген аялдардан эмес. Алардын өз позициясы жана тандоосу бар. Салыштырар болсок, аталган чыгармаларда бул өңдүү окшоштуктар өтө көп.
Аңгемеде үй-бүлөсүн таштап келген эркек убакыттын өтүшү менен мурунку үй-бүлөсүн сагына баштайт. Анткени ашык болгон экинчи аялы ага бала төрөп бере албайт. Убакыттын өтүшү менен экөөнүн ортосундагы мамиле салкындап, эркек акыры өз үй-бүлөсүнө кайтып барат. Ал эми экинчи ирет турмуштун запкысына туш болгон аял кош бойлуу экендигин билип, жашоосун өз алдынча улантууну чечет. Башкача айтканда, курсактагы наристе аялды сактап калат. Анын жашоого болгон үмүт отун жандырат. Чыгарма аңгеме жанрынын табиятына дал келет. Анда артык баш баяндоолор кездешпейт. Автор ар бир сөздү орду-орду менен жана сарамжалдуу колдонгон. Маселен, каармандардын аты аталып, доор көрсөтүлбөйт. Бир гана адамдын сезимдерине орун берилет. Жашоо уланып жатканда бул көйгөй адамзатты таштап кетпейт, аны ар дайым коштоп жүрүшү мүмкүн. Автор жеке эле кыргыз аялдарына эмес, дүйнөдөгү бардык аялдарга тиешелүү проблеманы баяндаган.
Зинакан Пасаңованын окурманды таасирленткен аңгемелеринин бири – “Томаяк издеген бакыт”. Жазуучу эки колунда сөөмөйүнөн башка манжалары жок алты жашар Пааша аттуу кыздын аянычтуу тагдырын баяндаган. Кыз майып болуп төрөлөт. Бирок автор кыздын тагдырын башка нукта сүрөттөгөн. Тактап айтканда, жашоосуна нааразы болгон эмес, тескеринче, тырмактай болсо да кырдаалдан чыгуунун жолун издеген, көзүндө үмүт жанган кыздын образын жараткан.
Чыгарма секелек кызга жөлөкпул берүүгө келген почточунун оозунан баяндалат. Автордун кыздын портретин сүрөттөшү окурманды чыгармага магниттей тартчу касиетке ээ. Муну Асан Жакшылыковдун “Томаяк издеген бакыт” аңгемесинде майып кыздын көзүндөгү кубулуштарды, колунун кыймылын элестүү сүрөттөө менен ал кыздын бейнесин окурмандын көз алдына тартат. Чыгармадагы деталдар – бул орнаменттей кооздоп туруучу маанилүү каражаттар эмеспи” [3] деген пикиринен да байкайбыз. Андан сырткары, жазуучу каармандын ортосундагы диалогду ийгиликтүү түзө алган. Суроо-жооптор орду-орду менен жайгашкан. Бирок суроо жараткан жагдайлар да жок эмес. Маселен, чыгарманын башында эле Пааша почточуга жерин байга тарттырып жиберген томаяк тууралуу жомокту айтат. Бирок ал жомокту жөн гана айтпастан, баштыгынан алакандай кагазды алып чыгып, аны бүктөө жолу менен жердин улам кемип жатканын ишарат кылып көрсөтөт.
Төмөнкү абзацка көңүл бурсак: “Эми ушунчаны иштетип кайдан пайда тапмак элем, андан көрө сатып жиберип, кийинип алайын”, – дейт да бир бөлүгүн сатып, анын акчасына көйнөк, өтүк, чапан алат. (Кыз баракты нарыдан бери бүктөп-бүктөп, көйнөк, кайра аны бузуп узун этек чапан, андан кийин узун кончтуу өтүк жасап жиберди...)” [Пасаңова, 2020, 36]. Эки колунда тең бирден гана сөөмөйү бар алты жашар кыз буларды кантип жасап жиберди деп таң каласың. Автор кыздын аракеттерин сүрөттөөдө бир аз аша чапкандай туюлат.
Жомоктун аягында Пааша алиги кагазынан кутуча жасап, почточуга сунуп: “Жомокту уктуңуз, көрдүңүз, эми акысын төлөңүз?” – дейт. Таң калган почточу кызга 50 сом карматат. Кыз бул акчага кол сатып аларын айтат. Анткени буга чейин колунан корккон балдар кызды оюнга кошпой жүргөн. Окуянын түйүнү кыздын апасы келгенде чечилет. Анын айтымында, кызы тубаса манжалары жок төрөлгөн. Анын эки колундагы эки сөөмөйү да иштечү эмес. Аны төрт жашында операция кылышкан. Ошондо хирург ушул жомокту кызга үйрөтүп, кийин акчаң көп болгондо кол сатып берем дегенчелик кылган. Кыз алиги врачтын сөзүнө үмүт байлап, ар кимге жомок айтып акча чогултуп келет.
Эне кызы үчүн канчалык күйгөнүн анын сөздөрүнөн байкоого болот. Бирок кыздын майып болуп төрөлүшүнө кайсы бир деңгээлде энеси да күнөөлүү. Анткени ал кош бойлуу кезинде тиричиликтин айынан көз жаргыча бензин саткан. Ал кызынын убалына калганына жана мындан ары төрөбөс болгонуна күйүп, өзүн ичтен жеп келет. Ошол эле учурда жазуучу кыздын атасы тууралуу сөз кылган эмес. Аялдын ажырашып кеткендиги же күйөөсүнүн өлүп калгандыгы белгисиз. Реалдуу турмушта мындай учурларда көбүнчө күйөөлөрү аялдарын таштап кетишет. Окурман бул жерде да окуя ушундай болду деген ойго жетелениши мүмкүн.
Жазуучу кыздын трагедиясын окурманга жеткире алган. Кыздын акчаны көп чогултуп жакшы кол сатып алам, анан балдар менден коркобуз дебей калганда, оюнга кошорун айтып бергени окурмандын жүрөгүн оорутат.
Аңгеме почточу менен көчө шыпырган кемпирдин диалогу менен жыйынтыкталат. Айрымдар бул эпизодду артык баш деп түшүнүшү мүмкүн. Жазуучу айтайын деген оюн бекемдөөгө аракет кылган. Ооба, көчө шыпырган бардар кемпирдин көчөнү соопчулук үчүн тазалап турушу жүрөк жылытарлык иш, бирок бул эпизодду алып салар болсок деле чыгарманын мазмунуна эч кандай таасирин тийгизбейт. Кошумчалай кетсек, Зинакан Пасаңованын “Жаңы жылга арналган “Шахид куру” аттуу аңгемесинде да окурманды негизги ойдон алагды кылган жагдай бар. Маселен, автор аңгемесинде Шарабидин аттуу террорист, жан кечти тууралуу баяндап жатып, негизги каармандардын бири Кымбаттын гүлгө болгон сүйүүсүн, алгачкы сезимдерин жазган. Башкача айтканда, бир аңгемеге эки башка нуктагы окуяны сыйдырган. Айрым жагдайларды эске албаганда, автор берейин деген оюн аңгемеси аркылуу жеткире алган. Бул чакан аңгемеден катмардуу проблемаларды көрүүгө болот. Эң алгач кыздын аянычтуу тагдырын, ата-эненин кайдыгерлиги, байлардын алдында кедейлердин алсыздыгы, зулумдук, жокчулук жана башкалар.
Зинакан Пасаңованын “Айсберг оодарылганда” аттуу аңгемесинде коогалаңдуу Ош окуясы, тагыраагы кыргыз-өзбек жаңжалы тууралуу баяндалат. Чыгарманын негизги каармандарынын бири – Кайрат көркөм сүрөт факультетинин 2-курсунун студенти. Ал англис тилден сабак берген мугалимине телефон чалып, ошол учурда шаарда болуп жаткан окуяларды, үйдөн чыга албай жатканын айтат. Мугалими окуучусу үчүн кабатыр болуп, ага үйдөн чыкпай турууну эскертет.
Автор башка жазуучулар сыяктуу чыгармасы аркылуу эки элдин чырын, согуштун адам баласынын башына түшкөн азап, трагедия экендигин көрсөткөн. Бир калаада бир аба менен дем алып күн кечирген эки эл заматта бири-бирине кас болуп, чыр-чатак киши өлтүрүүгө чейин жетет. Бирок ал ушул эле башаламандыкка, кайдыгерликке табият эмес, жаныбарлар эмес, кайра эле адам баласы күнөөлүү экендигин айткысы келген. Чыгармада мындай оор кырдаалда да жардамга муктаж адамдарга көмөктөшүүнүн ордуна дүкөндөрдү талап-тоногон жүзү каралар жана ушул сыяктуу жагымсыз көрүнүштөр мугалим менен окуучунун диалогу аркылуу баяндалат. Аны менен бирге жазуучу күнөөнү улутка эмес, адамдарга койгон.
Эки тараптуу чатакта ал кайсы бир тараптуу күнөөлөөгө жол берген эмес, тескеринче, эки бир тууган элди ынтымакка чакырган. Султан Раев бул аңгеме боюнча “Шаарды өрт чулгап, эки тарап тирешип турганда каармандын коңшусу өзбек киши: “көрүнбөй өтүп кетиңиз!” деп кыргыз аялга жан тартып коргоп калгысы келет. Ушул бир ооз сөз ушунчалык гуманизм жөнүндө он баракка толо жаза турган сөздөрдү батырып койду. Жөнөкөй адамдар оор кырдаалда да өзбек, кыргыз дебей бири-бирине жан тартып жатышат” [3] деген пикирин айткан. Автор карапайым кыргыз-өзбектин ортосунда эч бир кастык жана күнөө жоктугун жеткиргиси келген.
Аңгеме соңунда эки элдин чыр-чатагы бүтөт, жашоо мурунку калыбына келет. Бирок жан дүйнөсү таза жаш сүрөтчүнүн адамдарды жырткыч санап, алардан ирээнжип, мындан ары адамдын портретин тарткыс болот. Анткени бул көрүнүштөрдөн кийин ал адамдарды жек көрүп калат. Мурун адам баласын күчтүү, кудуреттүү каарман катары көрсөткүсү келчү, бирок согуш анын оюн өзгөртөт. Мугалим бул согуш Кайратка жаңы чыгарма жаратууга негиз болот деп ойлогон. Ал турсун өзү кеңеш берет. Бирок Кайрат кийин бир гана пейзаж жанрында иштеп, ошол тармактан ийгиликке жетишет. Кандай болгон күндө да, жазуучу аңгемесин жаш сүрөтчүдөн көп нерсени үмүттөнөрүн айтып жыйынтыктаган.
Айсберг оодарылды, демек, жаш сүрөтчүнүн жан дүйнөсүндө чоң өзгөрүү болду. Айсбергдин негизги тулкусу суу алдында болгондуктан, аны оодаруу үчүн чоң күч талап кылынат. Бул согуш Кайраттын ички дүйнөсүн аңтар-теңтер кылат. Согуш – дүйнөдөгү эң оор, жаман нерсе экенин автор образдуу түрдө, башкача формада айткысы келген. Жазуучу эки бир тууган эл бири-бирин кантип кырганына эмес, коогалаңга күбө болгон адамдын ички дүйнөсүнө, эмоциясына токтолгон.
Аңгемеде артык баш окуялар кездешпейт, лаконизм (гр. – кыскалык, тактык) [2,78] мыйзамы сакталган. Ал эми чыгармадан мугалим менен окуучунун мамилесине токтолсок, экөөнү сабактан башка эч нерсе байланыштырбаганын байкайбыз. Бири жакшы көргөн мугалими эмес, экинчиси сабакка келип-кетип жүргөн катардагы студент. Чыгарманын башында мугалим окуучусун араң тааныганы да байкалат. Башкача айтканда, автор эки каармандын башын бекем байлабай туруп окуяны өнүктүрүп салгандай туюлат.
Жазуучунун “Акча шаркыратмасы” аттуу чыгармасынын түпкү маңызы – напси, байлык жана акча тууралуу. Театрда эмгектенген Айкөлдүн образы аркылуу учурдагы көйгөйлөрдү көрөбүз. Негизинен Зинакан Пасаңованын чыгармачылыгына үңүлөр болсок, ал турмушта кездешкен реалдуу окуяларды калемге алат. Анын аңгемелеринде ойдон чыгарылган окуялар жокко эсе. Башкача айтканда, биз көрүп-билип жүргөн көйгөйлөрдү бул чыгармалардан табууга болот. Аңгеменин баш каарманы театрда жарыбаган акчага иштейт. Өзү каалагандай күн кечирбейт. Театрга деле жарытып көрүүчүлөр кирбейт. Бирок Айкөлдү өзү иштеген театрга баюунун жолдорун үйрөткөн “Акча шаркыратмасы”деген китептин бет ачарына келген кишинин көбү таң калтырат. Демейде жаңы спектаклдын баасы 50 сом болсо да көрүүчүлөр келишпейт. Ал эми бул презентациянын билеттери бир жума мурун 500 сомго сатылып кеткен. Автор баалуулуктар өзгөрүп жатканын таамай белгилей кеткен.
Эл алдына чыгып сүйлөгөн тренердин сөзүнө таасирленген Айкөл акчасы көп болсо эмне кыларын ойлоп, бир саам кыялга батат. Автор аңгемеге жаштардын көз карашын да камтыган. Айкөл кечинде үйгө кайтканда эр жетип калган уулу Нурланга бүгүнкү жаңылыгы тууралуу айтат. Бирок анын сөзүнө уулу кулак салбай: “Сиз душманды Кудай көрүп алыптырсыз да. Андан кыйындар бар! Ал кээ бир теоретик-ишкерлердин китептерин окуп алып, анан алардын айткандарын өзүнүкү катары “пияр” кылып, акча таап жүрөт” [1,20] – деген жооп узатат. Жазуучу эне-баланын бизнес тууралуу ойлору эки башка экенин айтып, Айкөлдүн жыйырмадан ашкан уулунун түшкө чейин уктап, кечке интернетте отуруп, апасынын эсебинен жашарын да кошумчалаган.
Нурландын образы – типтүү образ. Анткени азыркы жаш муунга таандык сапаттарды Нурландын образынан табууга болот. Маселен, Нурландын каалоосу боюнча, ал көп мээнет кылбай туруп тез эле байып кеткиси келет. Бул үчүн “Кантип миллионер болууга болот?”, “Мен жана акча”, “Бай ата, кедей ата”, “Өтө ийгиликтүү адамдын 7 көндүмү” сыяктуу аудио китептерди угат. Автор чындап соңку учурда жаштарды тез ийгиликке жетүүгө шыктандырган мотивациондук китептерге кайрылып, алардын жаштарга тийгизген таасирине да токтолуп өткөн.
Айкөлдүн акчага болгон оюн түшү өзгөртөт. Түшүндө шаркыратмадан долларлар куюлат. Айкөл акча куюлган сайын дагы деп, аны кайда сарптай турганын ойлонот. Ал аскадан төмөн түшкөн акчага көмүлө баштайт. Айкөлгө дем жетпей, колу-буту кыймылга келбей кыйналат. Өзүнүн катуу кыйкырыгынан чочуп ойгонот. Бул окуя түшү экендигине кубанат. Эркиндикти сезет. Автор аңгемени “Төбөсүнөн куюлган доллар шаркыратмасы түш болуп чыкканына ичи ачышмак турсун, ошол капкандан кутулганына чын дилинен ыраазы эле”[1,24] – деген тыянак менен жыйынтыктайт. Чыгармада биз көрүп-билип жүргөн проблемалар тизмектелип жазылган, бирок аңгеме көркөм чыгарманын деңгээлине чыга алган эмес.
Жыйынтыгында Зинакан Пасаңованын жалпы чыгармачылыгына токтолсок, анын каармандары жандуу. Жазуучунун артыкчылыгы – каармандардын психологиялык абалын, ички дүйнөсүн ишенимдүү ачып беришинде. Айрым жазуучулар окуяга басым жасоо менен каармандардын психологиялык абалын көрсөтүүнү унутта калтырышса, Зинакан Пасаңова тескеринче, сезимдерге көбүрөк орун берет. Буга жазуучунун “Шайтан азгырыгы” аттуу аңгемесинен мисал келтирсек: “Адамдардын кыянаттыгынан жабыркап түтөп турган жүрөгүн арабакеч жигиттин жан күйөр мамилеси да агарта алган жок. Эч кимди көргүсү да, сүйлөшкүсү да келген жок. Арабадан баштыгын алып, бөлүнө басты. Эмне кыларын билбей, дарыя жээгиндеги олтургучка шалдая боюн таштады” [1,31]. Ал окурманын ыйлатып, каармандары менен кошо кайгыртып, сүйүнтүү күчүнө эгедер жазуучу.
Жазуучунун чыгармаларында портрет жокко эсе. Ал каармандардын сырткы көрүнүшүнө эмес, жан дүйнөсүнө көбүрөк басым жасайт. Андан сырткары пейзаж, көркөм сөз каражаттарын өтө аз колдонот. Чыгармаларында коллизиялык кубулуштар бар, бирок жетиштүү деңгээлде түзүлгөн конфликтти көрө албайбыз. Каармандардын ортосундагы айыгышкан күрөштү жеке эле Зинакан Пасаңова түзбөй койгон жок, бул азыркы аңгемечилердин көбүнө мүнөздүү кемчилик десек болот. Жазуучунун тили жөнөкөй жана диалекттик өзгөчөлүктөр көп байкалбайт. Чыгармаларынан инстаграм, блогер жана башка ушул сыяктуу неологизмдерди кезиктиребиз. Турмуш чындыгын калемге алган жазуучуга чыгармачылык бийиктиктерди каалайбыз.
Жолдубек Качкынбаев, адабиятчы
Колдонулган адабияттар:
- З.Пасаңова. Томаяк издеген бакыт, Бишкек, 2020;
- Муратов А., Шериев Ж., Исаков К. Кыргыз адабияты маалыматтама. Бишкек, 2016;
- https://adabiyat.kg/zinakan-pasa-ovanyn-zha-y-chykkan-tomayak-izdegen-bakyt-prozalyk-zhyjnagyna-adabij-talkuuda-ajtylgan-ojlor/
- https://www.azattyk.org/a/zhankechtinin-kanduu-kuru/31422603.html
- Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.