Абдил Шерматов: Чарт үзүлгөн каткырыктар, азилдер

  • 18.12.2024
  • 130

ТОСТ
(Алым Токтомушевге)

Жаз келди мына өлбөгөн жанга,
Жадырап жаша өмүрүң барда.
Көңүлдөр бүгүн бир көктөп алсын,
Толтура куюп, кесеңди карма.

Алалы муну калтырбай бүтүн,
Күн чубак күткөн бомждор үчүн.
Таштанды жактан көздөрү өткөн,
Каректер муңдуу, көөдөндөр түтүн.

Бийлик да алсыз, эл дагы бейбаш,
Каякта Манас, каякта Бейбарс?
Ичели бүгүн, унутта калсын,
Жүдөгөн маанай, кунарсыз пейзаж.

Чуулдайт мындан бейкапар балдар,
Демдерде от күч, көздөрдө шам бар.
Жаз күнү сымал жылытат жанды,
Эртеңки үмүт, эртеңки таңдар.

Оңдонуп эми кесеңди карма,
Ушулар үчүн алалы анда.
Тирүүбүз бүгүн, тирүүлүк үчүн!
Жаз келет акыр өлбөгөн жанга.
15-ноябрь, 2022-жыл

ЖАЛГЫЗСЫРАП
(Алым Токтомушевди эскерип)

Кээде этият кеп кылчу элең айлыңан,
Керемет бир жер турбайбы Кайрымаң.
Кайттым бүгүн, сен жок черим жазылбай,
Курусунчу ажал бизди айрыган.
Айылыңда арбын экен ар жандар,
Эпчилдерди мактап-жактап алгандар.
Түркөйчүлүк бийлеп алса акылын,
Өз элиңе болуш кыйын пайгамбар.
Көңүл чөгүп чыгара албайм үндү көп,
Туш-тушумда тоолор жатат үргүлөп.
Чарт үзүлгөн каткырыктар, азилдер,
Жаңырыктайт жан дүйнөмдө күңгүрөп.
Жарчы сымал жаан болорун кабарлап,
Буурул булут жерди тооруйт салаңдап.
Тил учунда сага берчү суроолор,
Деги кандай биз баарыбыз барар жак?
Кандай экен сурак берер тозогу,
Бейиш жагың куду Ак үйдөй тособу?
Ал жакта да тайраңдайбы шылуундар?
Бир кабарлап койбодуң го ошону.
Ойт беришет окчун ойлор желелеп,
А бул жакта күз жамгыры себелеп.
Чөптөн чөпкө бой ташташат тамчылар,
Чөйчөктөгөн чөөттөрдү тебелеп.
Кар селделүү кара аскалар курчаган,
Канды бүгүн кара жер да суусаган.
Аттиң арман, эми экинчи көрбөйсүң,
Булуттарды тоо бооруна жуушаган.
Көк асманды ажарланып шаңкайган,
Кырка тоону, Жумгалыңды кайтарган.
Кара жолду – кокту бойлой созулуп,
Каалаганда Кайрымаңа алпарган.

Эми ээнсиреп сен келүүчү жол калат,
Сырын айтпас сырдана бул тоо калат.
Үмүт үзбөй кеткендерден келет деп,
Кызарт калат кылымдарга жол карап.
Тызылдатып соо жер койбой мүчөңөн,
Күздө, кышта шамал, кары күчөгөн.
Кызартыңды ашып барам, жан досум,
Кармана албай каңырыкты түтөгөн.

МЕКЕНИМ
Мекеним, сөөлөт-баркың басылганбы?
Ырыскың ыдырата чачылганбы?
Колдогу эркиндигиң жетимсиреп,
Отуз жыл бою багың ачылбады.

Өзүңдү кимдер гана башкарбады,
Билбейсиң бригадирби, башкармабы.
Өлкөнү тоношкону аз келгенсип,
Кор кылды жардылыкка каңтарганы.

Бийликке улам арсыз неме келип,
Туу сайган тууруң турат тебеленип.
Аларды тандаган ким? Шайлаган ким?
Ким үчүн мынча эл келди чебеленип?

Кырк бөлөк, бир элбиз дейт актап аны,
Калппы деп кетем антип какшаганы.
Көчөдө көкүткөндөр бийлик кылып,
Коркунуч коколоду баш калааңы.

Азайып акыл-кепти угар кулак,
“Кимдерди бийлик жыты кумар кылат?
Эл дагы алданабы шылуундарга?” –
Жан сыздайт жагымсыз ой ичтен бурап.

Ак үйүң “проходной двор” болуп,
Бийлигиң жулунганга ыроолонуп.
Элиңдин маанайына үшүк түшүп,
Көңүлү турат бүгүн кыроолонуп.

Мекеним, кулдук урам элесиңе,
Көз ачып, качан келет эл эсине?
Биз качан түйүлөбүз муштум болуп,
Айланып мамлекеттин денесине?

*     *     *

Токтоо, чыйрак, кылган иши ырааттуу,
Ажарланып ай-жамалы чырактуу.
Көргөн жанды тартып турат өзүнө,
Ачыла элек архипелаг сыяктуу.

Көркү көк жал жигиттерге дем болуп,
Күч, кайраты Магелланга тең болуп.
Жерди айланып издейт ушул айымды,
Калгычакты каннибалга жем болуп.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз