
АҢГЕМЕ
– Доорон, терезени карачы, кар жаап жатабы? – оорусу күчөп, оор күрсүнгөн Сауле кыйнала сурады.
– Жок, жаай элек. Асман түнөрүп турат жарыктык, жаайт чыгар.
– Мен ак карды узак күттүм. Быйыл эмнеге кар эрте жаабай жатты экен?
Төшөктөн тура албай жаткан Сауле өткөн өмүрүнө көз жүгүрттү. Адамдын жаны кыйналганда көз алдына өткөн жаштык чагы, бошко кетирген убактысы, ден-соолугуна кайдыгер караганы эмне үчүн эске түшөт болду экен? Иштеген иши, маңдай тер менен тапкан дүнүйөсүн кайда жумшаганы да пенденин оюнан оңой менен кетпейт окшобойбу. Жалган өмүрдүн жылт эткен сөөлөтү, элестери көз алдында кылаңдайт. Өмүрүнүн эң жаркын сааттары тааныш кино тасмадай зуу өтүп кетти. Мына, ак жоолук салынып, ак пальто кийип, ак шарф оронгон, ак өтүкчөн, карагат көздүү сулуу кыз көз ирмемде эриген ак карды алаканына салып, кызыга карап турат... Куду ак шекер сыяктуу.
– Сауле, сенин кышты жакшы көрөрүңдү билем. Бирок сен алгачкы карды айрыкча жакшы көрөсүң ээ? – деди Доорон жубайын жубатмакка.
– Кар жаадыбы? – Сауле кайталап сурады. От лапылдап күйгөн меш жанында жылынып, китеп окууга камданган Доорон терезеден тышка көз жүгүрттү.
– Сауле, кар жаай баштаптыр!
– Мени, ордумдан тургузчу. Алгачкы карды өз көзүм менен көргүм келет.
Доорон сүйүктүүсүн колтугунан жөлөп, сыртка чыгарды. Таң бозоруп атыптыр. Жер менен көктүн арасында сыдырым жел согот. Асман туманга оронуп алгандай. Кара жерге ашык болгон аппак кар асмандан каалгып, сагынганын билдирип топурак бетин чоп-чоп сүйөт. Кай бирлери ашыкпай, жалбырагын күз тоноп кеткен дарактарга көңүл айткандай, ак мамык болуп төшөлүүдө. Бозгулт асман бийиктеги жаздыктай булуттардын ак тыбытын чачып-чачып, кара жер алеки-заматта ак шейшепке оронду.
– Алгач жааган кар кандай керемет! Кар бапалактап жааганда жаным ыракатка бөлөнүп, айланам сулуулукка төнөт. Мага өзгөчө бир күч-кубат.
– Ооба, бул биздин бала кездеги кыял сыяктуу.
– Сен эч нерсе түшүнбөдүң, Доорон! Аппак кар адамдарга жааган теңирдин нуру. Мен балалык чагымда алгач ирет жааган карга кош алаканымды тосуп, көккө карап, Жараткандан ак тилек тиленер элем.
Доорон жубайына жалт карады. Дал азыр жанында бөтөн бирөө олтурган шекилдүү. Балбалактап жааган кар бүртүкчөлөрү денесине тийип, дароо эрип жатты.
– Кызык? Ошондо эмнени тилечү элең?
– Жер бетиндеги адамдар бир-бирине мээримдүү, кечиримдүү болсо деп тилер элем. Жыл сайын аппак кар жааганда теңирден ушу алгачкы кар сыяктуу пенделердин жүрөгү кири жок аппак, жаны нурдай таза болсо деп жалбарам.
– Экөөбүз бир түндүктүн астында түтүн булатканыбызга далай жыл өтүптүр. Бирок сени алигиче түшүнбөй келем. Бир жолу дем алыш күнү кар жаады. Мен үйдө китеп окуп олтуруп, терезенин ар жагында сенин үшүп, жерге жаңы түшкөн аппак карга кош алаканыңды тосуп, көккө көз кадап турганыңды көрүп айран-таң калгам. Ошол кезде башымды чайкап, бырс күлүп койгом.
Оорусу чыдатпай баратканын билдирбеген Сауле аргасыз жылмайды. Жүзүндө белгисиз кубанычтын изи байкалса, ойлуу каректери муңга толуп турган эле.
– Өмүр бою сени менен бирге жүрсөм да, түшүнөр эмесмин. Ушунчалык кыялкеч болосуңбу? Же акылыңдан ажырайын дедиңби?
– Жок, такыр андай эмес. Айттым го, мына бул ак кар Жараткандын бизге аманаты. Балким, эскертүүсү. Адамдар ак кар тууралуу эмне ойлойт болду экен? Мага ошол кызык. Биз күндө тиричилик камын ойлойбуз. Ак кар бизге эмнени эске салат? Чиркин, аалам жүрөгү менин жүрөгүм сыяктуу болсо эмне. Бирок тилегим ак болсо да, жүрөгүм таза деп айталбас элем. Ошондон уялам. Билесиңби, түшүмдө ак кар көрөм, аппак нурга чөмүлөм.
– Жинди болгондон соосуңбу?! Эмнеге андай дейсиң? Биз жылдын төрт мезгили келме-кезек алмашкан жерде өмүр сүрүп жатабыз. Ар кыш сайын кар жааган жокпу? Аманат дейсиңби? Эртең эле адамдар аппак карды кир тамандары менен тебелеп, жер бетин булгайт.
– Ошондой дечи. Бирок аппак кар бир саатка болсо да ар-намысты, уят-сыйытты эске салат. Көтөрүмдүү балбан кара жер ааламдын баардык күнөөсүн үнсүз боюна сиңирет. Мен бир гана арманым бар. Биз перзент сүйө албадык. Өмүрүбүз бошко кеткендей...
– Ооба, аның ырас. Биз дүйнөдөн туяксыз өтүп барабыз, – Доорон терең күрсүндү.
– Мен балалуу болсок деп кыялданчумун. Дарыгерден наристе жытын жыттай албасымды билгенде ар бир казактын үй-бүлөсүндө бала көп болсо деп тилегем. Чиркин, балабыз болгондо не, ал да мен сыяктуу алгачкы кар жааганда кубанып ойноп, адамдарга жакшылык тилемек...
– Түшүнчү, Сауле! Биз экөөбүз элебиз. Анын эмнесин айтасың. Эми сен сыяктуу тилек каалар эч ким жок.
– Адамдарга жакшылык тилегеним үчүн эртеңки күнү сый-урматка бөлөнөрүмө ишенем. Бизди ишеним менен үмүт алга жетелейт. Мага ушул ак кар бир кабар бергендей. Мына, көрбөйсүңбү, төбөбүздөн куюлуп нур жаап жатат. Биз да өзгөлөргө ушундай болууга тийишпиз.
Доорон жан-жагына карады. Көчөдө кетип бараткан адамдардын үстүнө кар каалгып конуп, нур болуп сиңип жатканын көрдү. Ал теңир нурунун ийгилигин адамдар жайында көрөрүн билет.
– Жүр, Саулем, үйгө кирелик. Үшүп калдың го, – деди Доорон жарын эркелете. – Ак кар эч кайда кетпейт.
– Кичине тура туралычы. Аппак нурга чөмүлгөн қандай керемет! Өмүр сүргүм келет.
Чал алсыз кемпиринин колтугунан жөлөп, үйгө кирди.
... Быйыл да бапалактап алгачкы кар жаай берди. Картайып, боюнан каруу-күч кетип, суук үйдө күрс-күрс жөтөлгөн Доорондун түшүнө ак кар кирди. Себелеген аппак нур арасынан өз сүйгөнү Сауле кол булгалап чакырат. Карыя ойгонуп, көзүн ачса, денеси муздап, сууктан калтырап жатыптыр. Жанында тирүү жан жок. Терезеге караса, таң атып калган. Ак кар сампарлайт. Өмүргө деген куштарлыгы ойгонуп, сыртка чыгып таза аба жуткусу келди. Алакан жайып, ак кардын ээсинен тиленгиси келген. Бирок бырыш баскан, араң кыймылдуу тарамыш колдору менен шал болгон денесин көтөрө албады. Көз ирмемде эрип кетчү ак карды колу менен кармоо кыялга айланганын сезип, катуу өкүндү. Ошол саатта кары адамдын жүзүн жып-жылуу жаш жылытып, сооротуп жатты. Кирпиктери алсыз кыймылдады. Жүзүнө түбөлүктүү тынчтык орноду.
... Аппак кар дагы эле жаап жатты. Тек, үйдөн тилек кылар эч ким чыккан жок.
Казакчадан оодарган Абийрбек Абыкаев
Булак: “Балакай” сайтынан алынды.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.