Максуда Ормонова: Чырмоок

  • 20.12.2024
  • 1419

АҢГЕМЕ

Ошол жылы жазында үйдүн күн чыгыш тарабындагы чарчы жерге атыр гүл эккем. Ал жер сары топурак болчу. Жамгыр жаады дегиче боткого айланат. Огеле көп көң салып, жерин даярдагам. Атыр гүлдөрүмдүн жалбырактары барпайып, бирин-серин гүлдөй баштаган. Кызылы менен эле агын алган элем, эмнегедир ар түрдүү болуп ачылды.

Сары, пушту, кызыл, чок кызылы да бар. Сатуучу октолгон көчөттөрүн эптеп мага саткан тура. Эптесе эптептир. Ак-кызыл элестеткен гүл бакчам, кыялымдан алда канча кооз болгондой. Күн алыс отоо чөптөрдөн тазалайм. Көң салынганга, чырмоок бир каптады дейсиң. Көчөттөрүм жакын да эгилген экен, аралап өтүп болбойт. Тиги, ортодогу кочкул кызыл гүлдүн сабагы түз, сейрек тикен. Бул гүлдөн бир эле түп чыкты.

– Жеңе, ушул гүлдөрүңүздөн бирди алам, жакында...

Кошунабыз Гүлжаз дарбазадан кирип келди. Ал быйыл бүтүрүүчү.

– Ал, ал. Мына, гүлдөр ачыла баштады...

– Жеңе, балдарга, эми жи-жигиттерге гүл берсе болобу?..

– Ой-ээй, деги жөн жүрбөйт турбайсыңбы?

– Айтпаң! Бирок сонун жигит да, жеңе. Өл-лө сонун... Айтсаңыз, гүл берсем болобу?..

– Негизи гүлдү ал сага берсе жакшы болмок...

– Э, береберейинчи!.. Мектепте болсо “дүү-дүү” гап...

– Ии, эмнеге?..

– Ошо... баары эле каршы го...

Гүлжаз кызарып кетти. Ал ушунчалык кызарды, сары жүзүнүн оту мойнуна чейин жетип, күрөң сепкилдери бетинен чачылып кетчүдөй бадырая түштү.

– Бирөөнүн жүрөгү менен кимдин иши бар?

– Иши болмоктон болуп жатпайбы. Эмне, жигитти мен сүйсөм болбойбу?..

– Эмнеге болбосун?! Кантип болбосун?

Мен да өткөн-кеткенди эстеп кеттимби, оолугуп, колумдагы отолгон чырмоокту тээ алыс ыргытып жибердим.

– Боло берет. Бергиң келсе бер. Көңүлүң ошону каалап турса, бер...

– Кечээтен бери карайм... Те-тиги, ортодогу боор ыраң гүлүңүздөн бересиз ээ? Ош-шол жакты...

Гүлжаз, гүлгө созулган оң колун сол колу менен бекем кыса, көкүрөгүнө тартып алды.

– Пуштусун албайсыңбы? Кызылы, агы да сонун.

– Жок, мен ошону гана сүйдүм...

Гүлжаздын кыска кирпиктүү, сүйүү толгон катсыз көздөрү ортодогу чок кызыл гүлгө кадалып, жымыңдап жанып турду.

– Жеңе, сиз акемди кантип сүйдүңүз эле? Ошону айтып бериңчи? Эч кимге айтпайм...

*     *     *

– Жеңе!.. Жеңе, барсызбы?

Гүлжаз алактап шашып, кадамын чоң-чоң арыштап жаныма жетип келди.

– Кел, Эрке кыз, кел...

– Бу чырмоок сизди жүдөттү...

– Жүдөтмөктөн жүдөттү. Кызыл балээ болду.

– Мени болсо ушакчылар той-гуз-ду...

– Аларды укпа.

– Укпаганга болбой жатат, жеңе! Мени уятсызга чыгарышты! Кыздар чогулушуна да салышты!

– Анан?

– Зулкумар мени балдардын артынан өзү чуркап жүрөт дейт. Менин башка балдар менен ишим канча?

– А сен эмне дедиң?

– Мен эчтеке дебей тура бердим.

– Тура бербесең керек? Оозуңду жапса, кулагың сүйлөп кетчү эле, кантип туруп калдың экен?

Гүлжаз жылмайып койду. Чоктой кызыл көйнөк кийип алыптыр.

– Көйнөгүң сонун экен.

– Жарашыппы?

Ал этегин кармап бир айланып алды.

– Аябай жарашыптыр.

– Чыт. Апамдын сандыгында болчу. Өзүм тигип алдым.

– Койсоңчу.

– Чын, жеңе. Мына, колдо, түн-нү менен тигип чыктым, – деп этегин кайрыды. Майда илип тигиптир.

– Бейиши болгур, эженин чеберлиги сага калган турбайбы...

Гулжаздын өңү бузулуп, көзүн жаш чая түштү.

– Эми жагаармын?

– Кеп-сөздөрдү көңүлүңө алба. Сен али жашсың. Жүрөгүңдү көп оорутпа...

– Ии, жең-ңе! Жүрөгүм оорумактан ооруп бүткөн! Сооротпоң мени!

Ал дарбазаны көздөй жөнөп, кайра туруп калды.

– Гүл өстүрөм деп колумдун аймалбаган жери калбады? – дедим көңүлүн алаксытмакка.

– Тикендин заары жаман, жеңе...

Гүлжаз боору ооругандай мага бурулду. Бирок ою чачырап турган эле.

– Арыкка суу улуу келиптир. Эшик алдына суу себелиби? Сен да кайнап келипсиң, – деп жылмайдым.

– Челек кана?

Гүлжаз ушуну эле күтүп тургансып арыктан челекке толтура суу сузуп, шарпылдатып үйдүн алдына чача баштады. Себилген суудан жердин жыты буркурайт. Мен болсо топурак жечү адатым кармап, гүлботомду алганы үйгө бастым.

– Жеңе!

– Азыр, үйгө кирип чыгайын.

– Уксаңыз, уксаңыз мени, жеңе?

Гүлжаз мени көпкө жоголот дегенсип, мелт-калт суусу бар челегин жерге да койбой, аптыгып, сөзүн айтканга шашты.

– Гүлботомду алып чыгам!..

– Ии, ошо гүлботоңүз барбы!..

Мен босогого жете электе Гүлжаз чакадагы сууну өз башынан ылдый куя салды. Суу саамай чачынан шорголоп, этегинен ылдый акты. Чоктой кызыл чыт көйнөгү денесине жабышып, демин даана сездирген тик көкүрөгүнөн жүрөгү согуп турду...

– Ой-ээй! О...о эмне болдуң! Жерге сеп десе, боюна куйганын кара! Ой, бул эмне кылганың! Тур эми ошентип, шөмтүрөп!

Мен анын жанына жетип бардым.

– Түтө-өп турганымды көр-дүңүз-б-бү?..

Ал энтигип сүйлөдү.

– Көрдүм! Көрдүм! Ысык коломтого суу сепкендей болуп турасың! Кандай жигит болду экен, ушу сени отко кактаган!

– Мени өрт-төп бүттү!.. Ушакчылар да мени жеңди!

– Эмнеге жеңет экен?!

– Анан сизге анын катын окутам. Өлгүмдү келтирди, жеңе! Мени... мени кыз эмес деп айтышыптыр! Эмне, эми ал, мени ошентип ойлойбу?!

Гүлжаз колундагы чаканы көтөрүп, түбүндө калган сууну ичип жиберди.

– Ай, ичпе аны! Арыктан сузуп алган сууну ичесиңби?! Ылайдын баарын жуттуң, апенди!

Анын колунан челекти ала койдум.

– Ичимдеги отко баары бир эмеспи! Дөөпараз Касымга деле атайын өптүрүштү... Ал жинди көчөнүн так ортосунда мени кучактап албадыбы... Ии-ий, сас-сыган ит десе! Мен кор болдум, жеңе!..

– Кой деген бирөө-жарым болбодубу?! Мен эртең барайын, барайынчы ошо мектебиңе. Мага тиги баланы да көрсөтчү?!

– Жок, жеңе! Жок!..

– Мунун баарын жасап жаткан ким өзү?!

– Ону сүйгөн бирөө бар... Шол... Адамдар жалганга ишене беришеби, жеңе!

Гүлжаз жер тепти. Кабагы чогулуп, көзүнө жаш толду. Карегинде чалкыган арыз-арман.

– Унутчу ошол жигитти. Мен сени өз иним менен тааныштырайын. Абдан жакшы бала. Мага келин болсоң жаманбы? Капаланба. Эч кимге капаланба. Көйнөгүңдү алмаштырып келчи, сүйлөшөлү.

Гүлжаздын коргошундай уюган капалыгын жазгым келип, тапкан айлам ушул болду. Кайсы инимди айтып жатканымды да билбейм.

– Ооба, ошентейин, жеңе. Жок дегенде гүлүмдү берип койгонумда эмне...

Ал башын созуп гүлдөрдүн арасынан өзүнүн сүйгөн гүлүн карагандай болду.

– Шөмтүрөгөн-ай, шөмтүрөгөн! Сууга түшкөн чычкандай болдуң да калдың! – мен аны узата бастым.

Ал көйнөгүнүн санына, жамбашына, көкүрөгүнө жабышкан жерлерин оңдоп-түздөп, мен мурда укпаган кайсы бир обонду кыңылдап, анан эки колун бийик көтөрүп, башын алка-шалка кылып бийлеп алды. Анын эркелеп да, эрээркеп да турган муңайым карегинен алоолонгон бейбаш отту көрдүм.

*     *     *

Гүлжаз кайра келбеди. Аны эстегенче ал жактырган ортолуктагы гүлдү карадым, башкача болуп калгандай. Ал жак, бул жагынан жол таап, гүлгө жакын бардым. Көргөн көзүмө ишенбейм, чырмоок чанактын тамагынан бууп, гүлдүн башын ийип ороптур. Кантип көрбөй калдым?! Башкасын ал дейм го, эми келсе... Ичим тыз деп алды.

Таң атпай кошуналардын ызы-чуусунан ойгондук. Гүлжаз буунуп алыптыр!..

Чатыштап бараттым. Канатташ кошунамдын үйү алыстап кеткендей...

– Согуму бар бекен?! А шонусу зарыл! – деп жатыптыр быкжыйган, шире мас, жалжак көйнөк.

– Ал сенин ишиң эмес, Касым! Баргын да, жуунуп-таранып, дааратың менен кел! Өгүздөй ичкениңди качан токтотор экенсиң?!

Самат аксакал таягына жөлөнүп, тигиге тике карады.

– Өгүздөй ичсем өз акчама ичем! Өлө турган жанга кандай жашасам, өз-зүм билем! Мага акыл үйрөтпө-өө-гүлө!

– О Кудай урган! Адам болбойт экенсиң да! Жогол көзүмө көрүнбөй! – аксакал калчылдап кетти.

Кишилер чогула калышты.

– Үнүңдү бас, Касым! Өлүм болуп жатат бул жерде!

– Өлүм болсо эмне экен! Болбой жүрдү беле?! Адам болуп көрүнөсүңөр-р! Ошо, ошо мага акыл үйрөткөндөр-р, баарыңар өлгөн жерге ысыктанганы келесиңер-р, аа?! Же жалганбы?!..Эн-нең...

“Иий, сас-сыган ит” – Гүлжаздын кечээги сөзү кулагыма жаңыра... жаңыра түштү...

Дале ишенип-ишенбей, кошунамдын үйүнө кирип бардым.

– Каты бар экен дешет...

– Кандай кат?

– Ниме жазылды экен?

– Жаман иш боптур, оп-поо!

– Шайтан азгырык!

Аялдардын арасында ушундай кеп.

– Аа!.. Аттаңатат-аа! А барат эдең-у шойерге! Шашпай кал-а! Шашпай кал!..

Күмүштөн кылган-а үбөлүк, а,
Күйгүзүп кеттиң түбөлүк, а.
Алтындан кылган үбөлүк, а,
Оо, адашып кеттиң-а, түбөлүк, а...

Таякчан кемпир буркурап ыйлап, эмшеңдеп, сөөктүн бетин ачып, колундагы жүзарчысын желпилдетти.

Чок кызыл бахмал жамынып, ээги ак сурп менен таңылып, кападар “сулуу” созулуп жатты... Жансыз жасаттан чырмоокко чырмалган гүлдү көрдүм. Ал соолуган эле... Токтоно албадым...

Агын дайрам сен элең, а,
Арызың угаар мен элем.
Көгүн дайрам сен элең, а,
Көөнүңдү алаар мен элем.
О, жеңенин сүйгөн Эркеси-йа,
Жеңелеп келсең дем элең...

Кестирбей кызыл көйнөктү-йа,
Керилип кийсең болбойбу, а.
Энеден калган өксүгүм, оо...
Эл менен жүрсөң болбойбу-йа?
Өмүрдүн көрбөй жыргалын, а
Өлгөндү сага ким койду-йа?
Чыгайын десең эшик жок, а,
Шыкааларга тешик жок, а...
Шыбаксыз жайга шашылып, оо,
Күйдүрүп кеттиң эси жок-а...
Жеңи жок туюк кепинге-йа...
Жеңилсең кантем ичим чок, а...

Кыйкырсаң үнүн ким угат, уу...
Кыймылсыз танди ким туят, оф-ф...
Мүрда деп кантип айтайын, а...
Маңдайын турса жылтырап, оф-ф...
Ыйлаган бойдон кеттинби-йа...
Көзүңдө жашың кылгырат, уф-ф...

– Ка-атта кылып жазып коюптур, ак кагазга!..

Селт этип, дагы айтаарым оозуман ыргып, Гүлжаздын эжесин карадым. Ал үзүл-кесил сүйлөп, көнөктөп ыйлап турду.

“Апама кеттим” деп жазыптыр катка.

Өлбөй ө-өл!.. Өлбөй ө-өл!..

24.11.2024-ж.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз