О`Шакир: Илимдин тилинде сүйлөшөр мекендешибиз (абак күндөлүгүнөн)
- 26.12.2024
- 2370

Сүрөттө: оңдон солго Жалалидин Жээнбай менен Эмил Үмөт.
Элдик кербез
(Абу-Дабидеги Зайд ибн Султан ал-Нахайяна атындагы университеттин доценти, сыймыктуу мекендешибиз Жалалидин Жээнбайга арнайм)
Көз кыйрыбыз чокуларда, бийикте,
көөдөнүбүз бут алдыда, чирикте.
Атпай журттун азап-шору – түркөйлүк
арабызды качан болсо иритме.
Дымагы күч элбиз бийик көктөгү,
мактанабыз жерге сабап өпкөнү.
Тайказанга таштагандай улакты,
өзүбүзгө өзүбүзбүз көкбөрү.
Жел сөздөрдү учурабыз асманга,
желпинебиз жер калтырбай басканга.
Бардык күчүн коротууга маштар бар
башкаларга терең орун казганга!
Жеңил-желпи көкөлөөгө көнгөнбүз,
жерге түшпөс жел өпкөбүз, көйрөңбүз.
Көккө кээде көкөлөтүп акмакты,
көсөмдөрдүн о далайын көмгөнбүз...
Ооз көптүрсөк, бийик аска, тоодойбуз,
ор казышып, бирок паста оонайбыз.
Жакшылыкта, жамандыкта колдошуп,
кысталышта тооруп кайра доолайбыз.
Эрендер көп көктөн түшпөс көпкөндөн,
эч тартынбас өз абийрин төккөндөн.
Чиренсе да кошоматтан уялбайт
чилистендин бутун жалап өпкөндөн.
Төбөсү бир асман тиреп жөнөсө,
төрө мүнөз күйбөйт жаны бөлөккө.
Манчырканып канча пейил күтсө да,
мансапкорго күйпөлөктөп көлөкө.
Жел сөздөргө сандык болуп көмөкөй,
жерде жүрөр мүнөз күтсөк жөнөкөй.
Желпинсеби: кээде кыргыз мактанып,
жер шарында өзүн укмуш көрөт эй!
Эл болсок дейм: мактанбаган жөнөкөй!
Эл болсок дейм: мурас-сандык көмөкөй!
15.12.23
* * *
2013-жылы декабрда Араб өлкөлөрүн кыдырып жүргөндө Жалалидин Жээнбай менен биринчи мерте таанышып, ошондон бери ал инсанга урматым артып келет. Негедир, экөөбүз элибиздин кулк-мүнөзүн кеп кылууда сөздүн төбөсүнөн түшүп, күрсүнүп отурдук. Эзели Салижан Жигитовдон бөлөк кыргызды жеберине жеткире тилдеген адамга кезиккен эмесмин ага дейре. Салижан акеден кийинки реалдуу чындыкты тааныган Жалалидин байке болду ошондо.
Улуттук көйгөйүбүзгө каңырык түтөтүп, алыста жүрсө даа элибиздин келечегинен санааркап отурду. Экөөбүзгө эки күн өтө аздык кылды. Басса-турса дидары ачык, чын дилден илим-билим жолун беттеген Жалалидин байке кийин Бишкекке каттап, биздин үйдөн даам татыштык. Ал кишиде убакыт тар болгонуна карабай, кийин “Дасмия” ресторанында сый тамак үстүндө сөз учугун улам чубап, экөөбүзгө анда даа убакыт аз көрүндү.
Турмушта издешпей табышсак да, Жалалидин байкеге кезиккен сайын дүйнө таанымым кеңейе түшкөнсүйт. Ал кишинин ой чабыты, билими, анализи бүтүндөй ааламдын жылт эткен жарыгын көрсөтүп, ойго келбес идеялар ойгонот. Себеби Жалалидин байкени тыңшап отурганда, дүйнөлүк тажрыйбаларды кыйгап өтпөс мисалдары толтура. Адатта маектешиңдин кеби эмнеси менен байлап-матап алат, ортодогу сөз кезеги шахматтык жүрүштөй уланганда.
Профессионал шахматчылар бири бирин шаштырбайт, ортодогу оюн талаасын кунт коюп тиктеп, өз жүрүшү келгенде гана кайсы бир фигураны ордунан жылдырат.
Жалалидин байке менен кеп куруунун өзү да дал ушундай. Ортодо сөздү жула качып, билерман көрүнбөйт. Кеп удулун күтүп, сөз кезегин берип, көөдөнүңө уютку болуп калар мисалдарды алдыңан чубуртат. Күлүк ойлордун бирин кармап калсаң, артынан башка күлүк ойлору чубап, дүйнөлүк дүбүрттөн кабар берер, ориентир болор жемиштүү тажрыйбалардын мисалы менен, илим аныктаган акыйкат менен кеп куржунуңдун көзүн толтуруп салат...
* * *
Кыргызда илимдин тили менен, чындыктын тили менен сүйлөгөн киши чанда кезигет. Жалалидин байкенин урку да дал ошондой чанда кезигер кеменгерлердей... Ал киши менен божомол-дөдөмөл кептерге убакыт коробойт. Ар бир айткан-дегени жол көрсөтөр багыт, жемиштүү иштин үрөнүндөй...
* * *
Кээде “Азаттыкка” маектери жарыяланып калса, сөзүнө байланып калам. Жалалидин байкенин бет маңдайында отургандай кунт коюп тыңшайм маектерин. Кээде коом агартуу жаатындагы тилектештерим Жалалидин байкеге кезигип, акыл дасмиясын тыңшап келгенин айтып, суктанып, сыймыктанып калышат.
* * *
2014-жылы бекен, “Агым” гезитине Ж.Жээнбайдын эки бөлүктөн турган маегин жарыяладым, илим чөйрөсүндөгүлөр безге сайгандай болушту ал маегибизге. Дүйнөдөн артта калган коом экенибиз көрүнүп калды ал маегибизден, анан ачуу кепке терикпеген кыргыз чыкпай койчубу андайда...
* * *
Жалалидин Жээнбайдын бейнесине мынча токтолгон себебим: биз көп учурда акыл дарамети баралына келип тургандарды эмес, булчуң эти бууранын санындай мушкерлердин кара күчүн аздектеп, ошолорду арбын кеп кыла берип, арттагы муунга ориентирди туура эмес бергендейбиз. Албетте, элди спортко үгүттөп, кызыктыруубуз керек. Сөзсүз! Элге сергек жашоону кеп кылганыбызды айып көрбөйм. Бирок ошол эле убакта мекендештерибиздин арасында дүйнөлүк аренага илим-билим жаатында таймашка чыккандардын аты-жытынан кабары жоктор толтура!
Маселен, Асел Сартбаеванын дүйнөлүк ийгилигинен кабары жоктор четтен табылат. Бүтүндөй Европада опералык спектаклдери, концерттери аншлаг менен өткөн Жеңишбек Ысманов – учурда жылдызы жанган тенор ырчыбыз! Жеңишбектин атак-даңкына караганда той-топурда “даңк-дүңк” салган ырчы-чоорчуларды ооздон түшүрбөйбүз!..
Ошондон улам Жалалидин агабыздай саналуу мекендештерибиздин акыл казынасын арбыныраак чыпкап алаар эл болсок дейм...
* * *
Анан кайсы чөйрөгө кабылба, чала молдолордун оозун тиктегендер толтура бизде. Ансыз да көктү сүйлөгөн кыргыз арасында эми тозок менен бейиш ооздон түшпөй, теспе тартып күбүрөнгөндөр менен сүйлөшө келсең, келмең оозуңдан ыргыйт. Кыргыз урпагы эмес эле араб тукумунан чыккансып, улуттук дүйнө таанымыңды четке кагып керкейгендер толуп кетти арабызда. Илим-билимди кеп кылгылары жок! Беш маал намазга ар бирибиз жыгылсак эле өлкөнүн өнүгүү сырын Алла Таала колубузга салып берчүдөй ишендиришет.
* * *
Эгер “өз пайгамбарын тааныбас” эл болбойлу десек, эч болбосо алдыңкы көз караштагы илим-билимдүүлөрдүн зоболосун көтөрүп, ошолорго карап түзөнсөк дейм. Ошолордун айткан-дегенине кулак салбасак, түркөйлүк теориясы (теория невежество) каптап барат кыргызды. Көкөлөгөн мактанчаактыгыбыз түбүбүзгө жетпесин десек, жерге түшөлү. Жер үстүндөгү реалдуулук менен жашайлы. Диний жомоктор, кайдагы эскичил түшүнүк, салт-санааны жаңы заманга таңуулагандарды күзгү тутпай, Жалалидин Жээнбай сыяктуу акыл шооласынан жарык төгүлөр инсандарыбызды элге көбүрөк тааныталы!
* * *
Ар бирибиздин акыл чөйчөгүбүз булак көзүндөй. Тоо койнунда чоңойгон ар бир кыргыз урпагы байкады бекен – жоон билектей булак сууларын. Жылжып агып отуруп булактар булакка кошулат. Кошула албаганы жарым жолдо соолуйт. Сапарын улай албайт. А бири бирине бой сунуп жеткен булак сууларынын улам көрөңгөсү арта берет, арбын сууга айланып, дагы ылдыйда аккан сууларга кошулат. Анан эле өзөндө күрпүлдөп аккан дайрага кошулат баары.
Суулардын эң улуу касиети – бири бирин жерибейт. Кайсы бир өзөндүн суусу ар нерсени агызып келсе да, койнуна аралаштырып, агын суу өзүн өзү ташка урунуп тазалап алат. Биз даа ошол бала күнүбүздөн тоолордун арасында салаа-салаа аккан суулардай болсок кана! Улуу дайралар билектей жоон булактардын кошундусунан куралгандай, биз даа улуу элдин курамын түптөгөн улут бололу десек, жерге, ылдыйга аксак дейм.
Ийгиликке жетүү үчүн сөзсүз эле көккө көкөлөп кереги жок. Соолубас булак ылдыйга агат, соолубас тамыр ылдыйга сүңгүйт. Өзөгүндөгү мөмө-жемиш берекелүү болсун үчүн өсүмдүк тамыры канчалык терең түп байласа, түшүмү ошончо артат. Булак суулары улам ылдыйлаган сайын улуу дайранын кубатына кошулган, өзү да дайра курамындагы күчкө ээ болот.
Андыктан Жалалидин Жээнбай сыяктуу көккө көкөлөп кетпеген, текебердик, менменсинүү, бой көтөрүүнү билбеген жөнөкөй даанышмандарыбызды көбүрөк таанып, көрөңгөсүн алсак, акыл чөйчөгүбүздү толуктабайт белек. Улуттук тамырыбызды биз көктөн издебей, жерден издейли. Көпкө жетебиз ошондо гана. Көк асман бизден кайда качмак?..
Андыктан, жолуң болгур кыргыз урпагы, кербез мүнөздөнгөндү коюп, булак суусундай ылдыйдан издейли улуулукту. Мөмө-жемиши мол өсүмдүктөрдөй ылдыйдан, тереңден издейли ийгилик сырын!
* * *
Өтө бийиктен кулаган жаман. Өпкөң үзүлөт жерге согулганда. Кара жер балбан жаныңды сактап калалбайт анда эле. Тек чым жаздантып, өз койнуна тартат. Топурактан жаралганыбыз ошол. Топурак жытынан ыракат издеп, жерге көбүрөк ийилсек, жер карап уялганды билсек, өсөт элек...
* * *
Түшүмү мол сабактын өйдө караганын турмушта ким көргөн? Эч ким. Биз да мурдубуз көккө карап, канчалык асман тирегенсип бой көтөргөнүбүз менен, улуттук көрөңгөбүз бөксө экенин унутпайлы.
Улуттук көрөңгөбүздү арттырабыз десек, Жалалидин Жээнбайга окшогон кеменгерлерди Кыргызстанга көбүрөк тартып, мектептерден баштап орто жана жогорку окуу жайларга мейманга чакырар болсок кана! Ал кишинин семинарларын кулагыбызга көбүрөк сиңирүүгө азыр онлайн мүмкүнчүлүгүбүз турат. Бир гана окуу жайлар менен чектелбей, Улуттук илимдер академиясы деле Ж.Жээнбайдын семинарларын уюштурса неге болбосун?!
* * *
Буюрса, боштондукка чыкканымда бул саамалыкты өзүм да “РухЭш” аянтчасында колго алгым бар. Жалалидин агабыздын дайрадай оргуштаган акыл кубатына ошондо тамшанар далайы. Ал кишинин бейнесин бекеринен кеп кылбаганымды туяр окурмандар журту. Арийне, азырынча ал киши тууралуу азыноолак анонсум ушул, бурадар!
15.12.23