Нуралы Капаров: Малик атанын аңгемеси

  • 13.01.2025
  • 751

(Эскерүү)

Малик ата мени күтөт. Мени менен сүйлөшкүсү келет. Көр тирликтин алегинен бошобой кээде жарым жылда бир, кээде жылына бир жолугабыз.

– Ассалоом алейкум, ата!

– Алейкума ассалоом!

– Мени таанып жатасызбы, ата?

– Нуралысыңбы?

– Ооба, менмин.

– Аа айланайын, үнүңөн тааныдым.

– Ата, кандайсыз? Күүлүү-күчтүүсүзбү?

– Аа балам, былтыркыдан быйыл бөксөрүп калдым. Көз жакшы көрбөйт, кулак жакшы укпайт.

Малик атанын көздөрү чүңүрөйгөнсүп, туруш-турпаты кичирейгенсип, кубатсыз сүйлөгөнү, кыбырап кыймылдаганы чындап эле былтыркыдан быйыл бөксөрө түшкөнүн айтып тургансыйт.

Ал-жай сурашкандан кийин адатыбызча аркы-беркиден кеп козгоп кызуу сөзгө кирип кетебиз.

– Аа балам, эмнесин айтасың, өмүр өтүп жатат, – деп таягынын учу менен жер чукуп көпкө тунжурап ойлонуп олтуруп калат. Ал аңгыча үй тиричилиги менен алектенип жүргөн кемпири да сыртка чыга калат.

– Аа айланайын, келдиңби?

– Ооба, апа, келдим. Өзүңүздөр кандайсыздар?

– Жакшыбыз, айланайын, жакшыбыз. Өзүңөр жакшы жатасыңарбы?

– Кудайга шүгүр, жакшыбыз, апа.

– Ия абышка, алыстан келген конокту сөзгө алаксытып сыртка тургузуп коёсуңбу? Жол жүрүп ачка болгондур... үйгө киргиле, чай кайнап турат.

Качан, кайсы убакта келбейин үйү жылуу, оту жагылуу.

Сөз дасторкон четинде уланат.

– Ата, ушунча жыл элимен айланайын, жеримен айланайын деп эли-жериңе жалбарып-жалынып, кагылып-согулуп элиңен бөлүнбөй, жериңен бөлүнбөй жашап келе жатасыз. Деги кыргыз элибиз кандай эл экен?

– Аа балам, кыргыз жарыкты төбөсүнөн алган жылдары бири-бирине байымдуу жакшы эл эле. Качан жарыкты капталынан алган жылдардан тарта жакшысы жаманын жеңе албаган итжыгылыш элге айландык.

– Жарыкты төбөсүнөн алган дегениңиз кандай?

– Боз үйдүн түндүгүнөн жарык алган жылдарды айтып жатпаймынбы.

– Аа-а ошондой деңиз...

Малик атанын туюндуруу ыкмасынын, сүйлөө жөндөмүнүн ачкычын эми тапкандай күрмөмдүн боор топчуларын чечип, кысынбай жеңилденип олтурдум.

– Тоодогу алма-багыңарга барып жатасызбы?

– Буга чейин көлүгүм жок баралбай жүрдүм, балам.

– Миңги бээңиз бар эмес беле?

– Эки жыл удаа кысыр калганынан саттырып жибергем. Ордуна бышты чыкма кунан сатып келишиптир. Өтө эле жука жаныбар экен. Жонуна кылтылдап ээр токтобойт. Анан калса ак эт экен. Кичине эле кыйналып калса түйтөйүп этинен түшүп баспай калат. Өргө бастырсаң, ээрди артка таштайт, эңиштеп бастырсаң, ээрди алдыга таштайт. Теминсең лөк-лөк этип төөчө желет. Иче-кардың аңтарылып, үстүнөн түшө качкың келет.

Коңшу айылда соодагер жээним бар эле, кудай жалгап бир күнү ошол жээним келип калыптыр. “Таеке, кара кашка кунаныңды эмне минбей жатасыз?” – дейт. “Эки капталы кууш немеге ээр кылтылдап токтобой көналбай койдум”, – дедим. “Анда кара кашканы мага бериңиз, ордуна болук бээ сатып келип берейин”, – деди. Мейлиң десем, эртеси эле жээрде кашканы жетелеп келиптир. Жону жазы, курсагы салык, сөөгү жотолуу, маңдайы жарык, төрт туягын ичин карай майрыйта баскан канжыгалуу жаныбар экен жээрде кашка! Балдар, токугула!” – дедим. Жээрде кашканы оң баштантып, бутумду үзөңгүгө мыктап салып, төгүлгөн жалынан тутамдап аткып, алдыга обдулганымды артка кетирбей, сүйүнүчтүн парманынанбы, кубанычтын кубатынанбы, бул жолу ээрге шап эле чапчаң минсем, жону жазы, курсагы салык болук бээге чатым толуп жыргап эле калбадымбы!

“Ээ балам, эмнесин айтасың, баштан көп нерселер өттү”, – деп олтурган ордунан бир аз копшолуп, кобурап коёт.

Чачы, кашы, сакал-муруту куудай агарганы менен көз чуңкурундагы койгул кара көзүнөн билинер-билинбес жылт-жулт этип нур жанып турганы жашоого али кумары толук кана элегинен кабар берип тургансыйт.

Аркы-беркини айттырбай түшүнгөн сергек-сезимтал жан. Өткөн-кеткенди акыл-эс сыдыргысынан өткөрүп, эмне жаман, эмне жакшы деген суроого буйдалбай түз жооп берген акылман адам. Пейил-кую кенен, бир адамдын көңүлүн калтыргысы келбейт. Орто коңур үнүн жумшак чыгарып, кандай окуяны айтпасын ары кызыктуу, ары жагымдуу сүйлөйт. Жөтөлгөндө да какыр сайдан кара темир сүйрөткөндөй “карс! карс!” жөтөлбөй, кийиз чокой менен көк жылгаяк муз тепкендей жумшак жөтөлөт.

– Душман күтүп көрдүңүз беле? – дейм ортодогу тунжураган тынчтыкты бузуп.

– Жок, балам, душман күткөнүм жок. Тынч жашадым. Бирок душмандашкандарды көп көрдүм.

Малик ата бир аз тымып олтуруп калат да:

– Ооба, ошондой! – деп өз оюн өзү бекемдегендей башын ийкегилеп коёт.

– Орой душмандан коркунуч аз. Орой душман өз башын өзү жутат. Душмандын жумшагы менен макоосу жаман.

– Жумшагы дегениңиз кандай?

– Душмандын жумшагы дегеним – акылдуусун, куусун айтып жатам. Андай душман өлтүрөм, соём, талкалайм деп маңдайыңа туруп алып опурулбайт, жулкунбайт. Эмне ою, эмне сыры бар экенин түк билдирбейт. Тескерисинче, ыгы келе калса төрүнө олтургузуп досундай сыйлайт, далыга таптап тууганындай мактайт. Жакшы сөз, жакшы мамиле менен көзүңдү бууйт. Жүрөгүң элжиреп шектенбей каласың, сактанбай каласың...

– Орой душманчы?

– Орой душмандын ичине каткан сыры жок. Колунан келчүсүн да, келбөөчүсүн да ачык айтып опурулат.

Малик ата адатынча бир тынымга тымып ойлоно калат да кайрадан сөзүн улайт.

– Казактын акыркы ханы Кененсары менен анын иниси Ноорузбай орой эл башчыларынан, кол башчыларынан болсо керек деп ойлойм.

– Алардын башын алган Ормон хан деле оңой орой хан болбосо керек эле да.

– Аа-а балам, эки орой душман беттешкенде кимиси биринчи жумшарып кетсе ошол жеңет.

– Кандайча?

– Ким биринчи ачууга алдырбай жумшарса амалкөй, акылдуу жанга айланат. Акыл менен амалга кара күч туруштук бере албайт. Ормон хан Кененсары, Ноорузбайды кара күч менен жеңе алмак эмес. Акыл-айла, амал менен жеңген.

– Ал эми макоо душманыңыз кандай?

– Балам, макоо душман сырттан келбейт. “Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман” дегендей, макоо душман өзүңдүн элиңен, өзүңдүн урууңан же өз бир тууганыңан чыгат.

– Душман душманды толук, тыптыйпыл жеңе алабы?

– Толук жеңиш сейрек болот. Душман душманга убактылуу жеңилет.

Душмандашуунун оту өчкөнү менен түбүндө чогу калат. Жүрө-жүрө жандана баштайт, тутана баштайт. От отту жаратат, өч өчтү жаратат, кек кекти жаратат. Атадан балага, баладан небереге, небереден чөбөрөгө өтөт.

– Демек душмандашуунун жалынын гана өчүрбөстөн, чогун да өчүрүү керек турбайбы.

– Ооба, чогун өчүрмөйүн душмандашуу токтобойт.

– Чокту кантип өчүрсө болот?

– Элдешип гана өчүрө аласың.

– Ата, канча жашыңыздан баштап мергенчилик кылдыңыз?

– Он үч жашыман тарта колума мылтык кармадым, балам.

– Кимден үйрөндүңүз, кимди ээрчидиңиз?

– Кеминде Үсөн деген атыккан көзгө атар мерген болор эле, ошону ээрчидим... Бир күнү куш атып ойноп жүрсөм Үсөн аксакал: “Ай балам, бери келчи!” – деп мени өзүнө чакырып алды.

“Балам, сага көптөн бери көз салып жүрөм. Эмитен эле бассаң-турсаң мылтыгыңды колуңан түшүрбөй, мергенчиликке кызыгып алгандай түрүң бар, мергенчиликтин жол-жобосун үйрөтүп коёюн, мени менен Кара-Зоого кийиктеп барып келесиңби? – деди.

Мергенчилик десе ак эткенден так этип турган жаным макул дегендей башымды ийкегиледим.

Бир күнү Үсөн ата атамдын уруксатын алып мени атына учкаштырып мергенге ала кетти. Түнү менен жол жүрүп, таң куланөөк атканда Окторкой жайлоосунун Кара-Зоосуна жеттик. Минип келген күрөң айгырыбыздын белин бошотуп, жер бетине сойлоп өскөн жапалак арчанын жоон бутагына байлап, мылтыктарыбызды ийинибизге асынып, жайы-кышы мөңгү кетпеген көк заңгелди көздөй коктуну өрдөп жөө жөнөдүк. Күйүккөн демибизди ичибизге тартып, Көк-Заңгелдин түбүндөгү узун-туурасынан жайыла берген торпу-түздү жалама күңгөй беттен бөлүп турган кыраңчанын кырына жете берерибизде Үсөн ата бир нерсени туя калгандай “жалп!” этип жерге кулап түштү. Мага да жат дегендей кол жаңсады. Мен да жата калдым. Үсөн ата кырды карай боортоктоп жа-а-ай сойлоп жөнөдү. Мен да артынан сойлоп жөнөдүм. Ошентип Үсөн ата экөөбүз төрт аяктап боортоктоп сойлоп кырдын кылда четине жеттик. Тээ илгерки атам замандан бери Кара-Зоонун боорун табы ысык күн жеп, суугу катуу түн жеп, озондоп үнүн баспаган бороону боздоп, бир буулугуп алса айлап жашын тыйбаган жамгыры копшоп, жаалы күчтүү табияттын каарынан тулку-боюн бүтүн турган асканын жан-жагынан жарака кетип, оңун табалбай калган жерлери омурулуп түшө берип, жайын табалбай калган жерлери жарылып түшө берип, торпунун түзү жайнаган үйдөй-үйдөй ташка толуп кетиптир. Ошол жайнаган үйдөй чоң таштардын арасында соккон желге дирилдеп канатын каккан жалбырагы жок, аркайып-каркайып жыш өскөн куу жыгачтарды өмүрүмдө биринчи ирет көргөнүмө таңыркап: “Ой-и-ий!” деп таң калып, үнүмдү катуураак чыгарып жиберсем, жанымда жанаша жаткан Үсөн ата “шүк!” деп күрөктөй колу менен желкемен жерге ныгыра басты. Туура эмес иш кылганымды түкшөмөлдөп түшүнгөн жаным ичимен уяла түшүп, жер караган бойдон бир топко кыймылсыз жаттым. Оо бир топ убакыт өткөндөн кийин Үсөн ата оң колуман сыйда өзүн карай тартып: “Башыңды өйдө көтөрүп торпунун түзүн кара, эмне көрүп жатасың?” деп кулагымды кытыгылаган жылуу деми менен аста-акырын шыбырап сүйлөдү.

– Арбайып-тарбайып жыш өскөн куу жыгачтан башка эч нерсе көралбай жатам, ата, – деп мен да шыбырап жооп узатсам, мындай жоопту күткөн эмеспи, айтор көмкөрөсүнөн жаткан Үсөн ата башын жерден өйдө көтөрө албай, эки ийнин бүлкүлдөтүп үн чыгарбай көпкө күлдү. Ичин туйлаткан ысык күлкү шар чыгалбай сызылып чыккандыктан, көптө барып дени муздады окшойт, бир топко көмкөрөсүнөн сулк жатты да, анан башын бир аз өйдө көтөрүп сөзүн улады.

– Балам, ошол арбайып-тарбайган куу жыгачтар – эчки-текенин мүйүздөрү. Көзүңдү жакшылап көнүктүрүп, шашылбай карасаң, шагыраган куу жыгачтын астында томурайып жуушап жаткан эчки-текенин караанын көрөсүң, – деп адатынча үнүн пас чыгарып, шыбырап сүйлөдү.

Чын эле карегимди жакшылап кадап карасам, арбайган-тарбайган куу жыгачтын астында беймарал жуушап жаткан каралжын күрөң калың эчки-текенин туш тарапты карап жаткан башын, тулку-боюн көрө баштагансыдым. Арасында кедейген, торсойгон улактары да жаткансыйт. Аркайып-таркайып өскөн айрым “жыгачтар” өскөн жеринен оодарылып орун которуп кыймылдагансып коёт.

– Мына балам, дасторкондун үстүнө чачып салган боорсоктой; жайын толук жеп чың семирген эчки-текелердин жуушап жатканын көрүп турасың. Жакшылап мээлеп туруп ат десем, кайсынысын атаар элең? Тээтиги четкерээк жаткан шаа мүйүз кара текениби? Же ортодогу торсойгон улактыбы? Же берирээк жаткан чебичтиби? – деп Үсөн ата мага суроолуу карады.

– Албетте, чоңураагын, ирдүүрөөгүн атам да.

– Демек тандап атайын деген оюң бар турбайбы.

Ооба дегендей башымды ийкегиледим.

– Мергенчинин баары мына ушундан жаңылат. Балам, тандаганыңды атпай, буюрганын ат.

– Кантип? – дегендей калың кийиктен көзүн албай телмирип карап жаткан Үсөн ата тарапты бурулуп карадым.

Ары-бери буралбай тынч жат дегендей Үсөн ата адатынча кежигемен дагы бир жолу жерге жумшак ныгыра басып койду.

– Ысык демиңди ичиңе алып бир аз күтүп жатсаң алдыңдагы жуушап жаткан калың кийиктин арасынан улагыбы, чебичиби, текесиби, айтор бирөөсү жаткан ордунан чымындап тура калат. Ажал тартканы, сага буюрганы ошонусу – ойлонбой ат! Күткөндөн тажаба, балам. Чымындап тура калганы чыкпаса жок эле дегенде жаткан жеринен арткы туягы менен кулак түбүн кашып жибергени болот – ошону ат! А дагы Жараткандын сага буюрган буйругу, белгиси, балам.

– Бир кийиктегенде канчаны атса болот, ата?

– Абдан зарыл болсо экини, колдон келсе бирди эле атканың оң.

– Эмне үчүн?

– Ээ балам, булар дагы Жараткандын амири менен жаралган макулуктар. Булардын да Жараткандын алдында эсеп-чоту, убал-сообу бар. Мергенчи киши кайберенди чектен чыгып кырып жиберген болсо, кайберендин каргышына калат деген кепти уктуң беле, балам?

Ооба, уккам дегендей адатымча бул жолу да башымды ийкегилеп койдум.

– Ошону эсиңен чыгарба, балам. Кайберен жалаң эле адамдардын тамагы эмес, мынабу салаа-салаа, кокту-колотто өрүп жүргөн жырткычтардын да тамагы. Алардын да өз ырыскысы, өз энчиси бар. Жырткычтардын энчисин тартып жеп койсок, алар да тим жатып калбай короодогу коюбузга, үйүрдөгү жылкыбызга, бададагы уюбузга кол салып, баккан-тапкан ырыскыбызды колдон талашат.

Короодогу коюңду коромжу кылып соё берсең, тоодогу кайберенди каалашыңча ата берсең, корооңдо кой калабы да, кокту-колотто кайберен калабы? Жандыктын тукум курут болуп кетиши алеки сааттагы иш, – деп Үсөн ата оозун жыйып алгыча калың кийиктин арасынан кара күрөң чебич чымындап жаткан ордунан тура калды.

– Ат, балам! Кудайым сага бүгүн ушул чебичти буюруптур! – дегенде октолуу даяр турган мылтыгымды колума алып кара күрөң чебичти такыр колтукка мээлеп атканымда турган жеринен “жалп!” деп жерге кулады. Баягы аркайып-таркайып “өсүп” турган калың “жыгачка” жан кирип, көчүгүн жерден жулуп алып, калжайган кара күрөң текелердин башы менен кошо кетти. “Дү-ү-үр!” этип жарым чакырымдай жерге чейин катуу үркүп барышып, жаңырган октун үнүн чын уктумбу же калп уктумбу деп ишенип-ишенбегендей арсар туюмга азгырылган кийиктер бир азга жарданып токтой калышып төмөндү караганда, төрт аягы тыбырап жаны толук чыкпай, кан жалап жерде жаткан чебичти көргөндө кайрадан ток ургандай түйүлүп “дыр!” бергенде беш жүзгө чамалаган кийиктин караанынан Кара-Зоонун жалама бети кара туман каптагандай эле көрүнбөй калды.

– Ошентип мергенчилик жолуңузду Үсөн ата ачкан турбайбы?

– Ооба, Үсөн мергенчи ачты. Кийин Турсунбай, Турсунаалы аттуу мергенчилерди да көп ээрчидим.

– Үсөн мергенчи мал бакчу беле?

– Кайдагы мал. Кара-Зоонун кийигин напсиси бузук мергенчилерден кайтарып жүрүп өттү.

– Кантип?

– Кадимкидей эле. Атчанын атчан, жөөсүн жөө төрдөн этекке кубалап түшчү.

– Өкмөттөн алган уруксат кагазы бар беле?

– Кудай-Тааладан алган уруксат кагазы бар болчу.

Малик ата айтаарын айтып алып, үнүн ичине алып бир топко бүлкүлдөп күлдү. Мындай мыкты жоопко мен да кошулуп күлдүм.

– Кийин Турсунаалы, Турсунбай мергендерди ээрчидим дейсиз, аларды ээрчигени Үсөн атаны ээрчибей калдыңызбы?

– Кимисиники оң келсе ошолорду ээрчип жүрдүм... – деп Малик ата бир аз ойлоно түштү да. – Негизи мен Үсөн атаны көп ээрчидим, – деп сөзүн улады.

– Үсөн атанын бою эки метрден саал узунураак, буура булчуң, жотолуу киши эле жарыктык. Кыштын кыраан чилдесинде да: “Жүр балам, Кара-Зоонун кийиги бизди күтүп калды” деп мени күрөң айгырына учкаштырып кетээр эле. Түнү бою жол жүрүп олтуруп как эткен каргасы, кук эткен кузгуну жок Окторкой жайлоосунун төрүнө барып токтойбуз. Минген атыбызды аса байлап, бөктөрүнүп келген көрпөчө, таарыбызды алдыбызга жая салып, Үсөн аксакал үстүндөгү тогуз койдун терисинен ашатып тигилген жылуу ак тонун чечип жамынчы кылып жамынып жатып: “Кана балам, ичине сойлоп кирип кет!” деп бир жеңин мени көздөй ыргытат. Сойлоп кирип кетип таң аткыча боргулданып тердеп жатам.

– Тонунун бир жеңине бир өспүрүм сойлоп кирип кетип кенен-кесир уктаса Үсөн ата зордун зору болгон го дейм...

– Ооба, зордун зору эле жарыктык киши.

– Үсөн мергенчи экөөбүз ошол тондун убайын көп көрдүк. Бир ирет кеч күздө Кара-Зоого баратып: “Күн кайрадан жылып кетти, ашыкча жүк кылбай азырынча силердин үйгө калтырып кетели, кайра келатканда ала кетебиз”, – деп күздөөдө олтурган чабандын үйүнүнүн алдына бөктөрүнгөн тонун таштап кетсе, коңшу үч келин көтөрүп үйгө кийире албай, төртүнчү коңшу келинди чакырып келип, төртөөлөп жатып араңдан зорго үйгө кийиришиптир.

– Өзү ал болсо, кийген тону бул болсо Үсөн мергенчинин минген аты кандай болду экен?

– Ээ балам, Жараткан андай адамга алп денени бергенден кийин алдындагы минген көлүгүн да кошо берет экен. Тоодой болгон зоот күрөң айгыры болор эле, мен билгени өмүр бою ошону минди.

– Балбандыгы кандай эле?

– Бу биздин Самансур айылынан чыккан Мойло Узак аттуу Үсөн атанын теңтуш курбусу болор эле. Ошол киши айтар эле: “Ээ балдарым, кайсы бирин айтайын, Кеңеш өкмөтүнүн заманында Кыргызстандын көптөгөн аймагында жетекчилик кызматта иштедим. Жаштыгымдын көпчүлүк учуру Суусамыр өрөөнүндө өттү. Айтылуу балбан Кожомкулга үзөңүлөш жолдош болдум. Менин жеке баамымда бу биздин Үсөн балбан Кожомкулдан кем эмес балбан эле. Кожомкул өз аракети менен кат сабасыздыгын жоюп, эл башкарып, өмүр бою кызматта жүргөн акылкөй адам экен, мерчеми келген жерден балбандыгын далилдеп, тарыхка да жазылып калды. Бу биздин жаман Үсөн Кара-Зоонун кийигин суук көздөн сактайм деп кайтарып, тоодон түшпөй жүрүп, адаттан тыш балбан экенин кенедей айылындагылардан башка эч ким билбей да, көрбөй да калбадыбы, – деп арман кылар эле.

– Эми мынча болду, Малик ата, ошол Үсөн мергенчинин балбандыгынан бир аз аңгеме куруп бербейсизби?

– А-а-а балам, чынын айтайын, Үсөн мергенчинин тоону томкоргон, ойду омкоргон балбандыгын өз көзүм менен көрө алганым жок. Менден улуу мергенчилерден укканым бар.

– Ошол уккандарыңыздан айтып бербейсизби?

– Айтайын, балам, айтайын, – деп Малик ата узак сөзгө камынгандай отурган ордунан сол жагына бир ооп, оң жагына бир ооп, кемселинин эки өңүрүн кымтыланып олтурду.

– Бу биздин эки Кеминде Турсунаалы, Турсунбай деген көзгө атар мерген болор эле. Бир күнү Турсунаалы Турсунбайга акыл салат: “Ыя, Туке, бу бизге Кудай-таала Желкилдек менен Желаргынын эле кийигин атып жегиле деп буюрду беле. Желаргыга караганда Кара-Зоонун кийиктери эттүү да, ирдүү да келет деп көп угам. Ыгын таап Кара-Зоого бир кийиктеп келбейлиби”, – десе, – “Кара-Зоого кийиктеп келсек жакшы эле болот эле, бирок ал жакта кышын-жайын Кара-Зоонун төрүнөн түшпөгөн Үсөн деген ээси бар экенин өзүң жакшы билесиң, көрүнбөй-билинбей барып келсек жол болду дей бер, кокус алдыбыздан чыкса экөөбүздү тең оңдурбайт го”, – десе – Үсөн! Үсөн! эле дейсиңер, Үсөн эмне Кудайдын чүчкүрүгүнөн түшкөн машаяк бекен, качанга чейин Үсөндөн коркуп Кара-Зоонун караанын көрбөй өтөт элек, биз да жөн кишилерден эмеспиз, бара көрөлү, кармашса кармашалы, чабышса чабышалы, экөөлөп жалгыз Үсөндү баса калбай жаныбыз жокпу! – деген Турсунаалынын кайраттуу сөзү мени да шердентип койду, – дейт Турсунбай мергенчи.

Турсунаалы өзү айткандай өзү да оңой-олтоң жигиттерден эмес эле, – дейт Малик ата, – жайын толук жеп, дүгдүйүп чың семирген тай букаларды жалгыз өзү мүйүзүнөн толгой кармап жыгып, койдун бутун буугандай төрт бутун кайчылаштыра бууп, бата тилеп мууздап жиберип, “ал эми калганын өзүңөр жөндөп алгыла” деп жарданып караган кичүүлөргө түртө салып басып кеткен балбан жигиттердин бири эле.

– Ошентип Кара-Зоого кийиктеп келгени жөнөп калдык, – дейт Турсунбай мергенчи, – Кара-Зоонун оозуна кире берерде эле эмнегедир жүрөгүм бир жамандыкты сезгендей опкоолжуй баштады. Өзөндүн суусун кечип өтүп, Кара-Зоонун күңгөйүн көздөй кайрыла берерибизде эле: “А-а-а баатырлар, жол болсун силерге! Акыры келаткан экенсиңер. Эки күн келет го деп Кара-Зоонун төрүнөн күтсөм келбегениңерден ай эми айнып келбей калышты го деп жакага түшүп бараттым эле, ырас алдыман чыкпадыңарбы! – деп күрөң айгырын жетелеп, күрмөсүнүн эки жеңин чыканагына чейин түрүп алган Үсөн мерген как маңдайыбыздан чыга калса болобу!

Жүрөксүнө түшкөнүбүздү, бүшүркөй түшкөнүбүздү билдирбегенге аракеттенип, тоодой Үсөндү тоготуп койбогондой түр көрсөтүп:

– Ооба, эми араң келатабыз! – деп көзүбүздү ала качпай чакчайып тике карап, экөөбүз жарыша жооп кайтардык, – дейт Турсунбай.

– Келатканыңар жакшы. Кандай кудай адаштырбай силерди алдыма түптүз айдап келатат болду экен! – деп “карс! карс!” каткырып, кудуңдап сүйүнгөнсүп койду. Үсөн мергендин сөзүнө чыртыя түшкөн Турсунаалы: “Сенин алдыңа эмес, кийиктейли деп Кара-Зоонун алдына келдик”, – деп Турсунаалы Үсөн мергенге ачык эле кыр көрсөтүп каяша сүйлөгөнгө өттү. Үсөн деген Үсөн да. Турсунаалынын чындап чырга чакырган бул сөзүн кулак сыртынан өткөзүп коюп, убактылуу болсо да өзүн токтоо, басмырт кармап: “Кийиктеп келгениңер жакшы, баатырлар! Минген атыңардын омуроосу ак көбүк атып тердеген экен, атыңар эс алсын, жол жүрүп чарчаган чыгаарсыңар, өзүңөр эс алгыла, кийик кара жерге кирсин, кийик кайда кетмек эле, буюрганы тургандыр, андан көрө биз үчөөбүз бир өрөөндүн тукуму катары кеңешип-таңашып алалы, кимибиз айдап, кимибиз тозотко отурабыз, кимибиз канчаны атабыз, аныбызды да кеңешип тактап алалы, чогуу кийиктейли, – деп эңгезердей зор Үсөн үнүн аста чыгарып, кебездей жумшара түшкөнкүн көрүп, Кара-Зоонун кийигине өзүнөн башка бир да жан жолотпой, эч кимден уруксат сурабай эле ай дээр ажо, кой дээр кожо болуп алган жекебасар Үсөнгө ыйман кирип калган турбайбы деп опкоолжуган жүрөгүм ордуна келе түштү. Үсөн деген атты укканда эле кежигеси кер тартып турган Турсунаалыга Үсөндүн ортого салган акылы жакпай калганы чыртыйган өңүнөн билинип турду. Турсунаалынын тор кашкасы менен өзүмдүн кер кашкамды куюшкандарына тизгинин кайчылаштырып байлаштырып бери басканымда эле Үсөн менен Турсунаалы билектешип кармаша кетишти. Бала кезимен кырдан кырга, тоодон тоого кийик кубалап жөө-жалаңдап жүгүрүп жүрүп чоңойгон мен да өмүр бою сууткан аттай тапталган оңой-олтоң жан эмес элем, берсең эми ушул буттан бере көр деп Үсөн балбандын бир бутуна эки колдоп жабыша калдым. Үсөн менен Турсунаалы ары жулкушуп, бери жулкушуп, бирине бири үстөмдүк кылалбай жатканда, эки колдоп Үсөндүн бир бутун күчүмдүн болушунча ыйынып-ычкынып, тырышып-тырмышып өйдө тартканымда жарымы жерге матып кеткен чылгый чоюндан куюлган устунду тартып жаткансып, жерден бутун өйдө жулуп алмак түгүл жарым карыш ордунан жылдыралбай, Үсөндүн буту ары кетсе ары кетип, бери кетсе бери кетип, Үсөндүн өтүгүнө илээшкен самандай чубалып жүрдүм.

Көзүм жамандыкты көрбөсүн, айланайын, бир кезде ишенген Турсунаалымдын эки буту сорок деп асманга чыгып, башы тип-тик ылдый карап, анан эле бели бир аз ийиле түшүп, саздак жерге “былч!” деп челектей чабылды. Үсөндүн бир бутуна алым жетпей илээшип жүргөн мени коёнду кежиге терисинен аткый кармап көтөргөндөй бир колдоп кежигемен алып көтөрүп сулк жаткан Турсунаалынын үстүнө кайчылаштыра басты. Кантсе да чыныгы мерген камдуу жүрөт эмеспи, жан чөнтөгүн сыйпалап шара тилинген канжыганын эгиз кайышын алып чыгып, адегенде менин, андан кийин Турсунаалынын эки колун артына кайрып кайчылаштырып байлап, экөөбүздү боору муздак саздын эки башына кезек-кезеги менен сүйрөп барып көмкөрөбүздөн жаткырып салды.

“Ии Кара-Зоонун гана кийигин самап атып жегиңер гана келет. Желаргы менен Желкилдектин кийиги силерге жакпай калган турбайбы. Бир барганда бештен, ондон атып кетип жатып тукум курут кылаарыңарга аз калса керек да. Кээ күнү кийиктен чыкканыңарда ырымга бир кийик жолуктуралбай тоо-ташты аралап темселеп калган күндөрүңөр көбөйүп калса керек да. Кара-Зоонун койдой тескери жайылган кийигинен көзүңөр өтүп келсеңер керек да. Дагы жакшы, мага кабылып аман жатасыңар, Чоң-Кеминдин Оролмосуна кийиктеп чыксаңар Осоке мергенчинин огу как чекеңерге кадалып: “Бээ көрдөңбү – жок, төө көрдүңбү – жок” болмоксуңар деп кадимки Кара-Зоонун кароолчу мергени кара сур Үсөн, сакал-муруту самсаалап сапсайган жапайы Үсөн табасы кангандай “карс! карс!” күлүп, как маңдайыбызда турду.

Желкилдекке эле кийиктеп келели десем болбой койгон Турсунаалым, “Үсөн! Үсөн эле дейсиңер, Үсөнүңөр Кудайдын чүчкүрүгүнөн түшкөн машаяк беле?!” деп эрдемсип койгон Турсунаалым, эмнеси болсо да бара көрөрбүз, кантсе да жанымда Турсунаалым бар эмеспи деп ишенген Турсунаалымдын төрт буту буулуп, тойго союлчу койчо боортоктоп сазда жаткан кебетесин көрүп, сен ушуну көрмөк белең деп каткырып жибергим да келип, сен ушинтип калмак белең деп жинденип бакырып да жибергим келип, жаткан жеримен жарытылуу оодарыла албай чекемди сазга койгулап булкунган болом.

“Ии жаман арамдар, эми бири-бириңерге ыйманыңарды айтып жата бергиле!” – деп аяк өйдө калың кара тал, чычырканак өскөн дөбөнү айланып, суусу шаркырап аккан өзөнгө түшүп кетти.

Апсыйган гана айбан, бу бизди карга-кузгунга жем кылайын деп жатабы деп Үсөнгө ого бетер жиндене баштадым.

“Бул эмне деген шылдыңы, энеңди гана...” – деп аттан түшкөн жерибизде калган мылтыктан көзүм өтөт. Эптеп колумду чечип мылтыкка жетсем Осокенин оюнун чындап Үсөндүн өзүнө көрсөтөт элем деп коём.

Мен саздын өйдө жагында, Турсунаалы саздын ылдый жагында жатат. Турсунаалыга эптеп тоголонуп жетип, далыбызды далыбызга тийиштирип, манжанын учу менен бири-бирибиздин байлообузду чечсек, анан мылтыгыма жетсем деген оюмдун аягына чыга электе кечки кара көлөкөдөй калдайган Үсөн дөңдү айланып чыга келди.

“Ээ каапыр, мынабунун көзү жаман!” деп бүктөй кармаган табылгы сап камчысынын учу менен көзүмдү чыгара сайчудай тап берип койду. Жиним шакардай кайнап, каным дүргүп башыма тээп чыкты. “Ики, ики муну карасаң, тим эле жеп жиберчүдөй карайт да!” деп артка бурулду.

“Үсөн билбеген балакет жок, Үсөндүн көзү ачык” деген сөздү көп укчумун, ошол сөз чын окшойт, карабайсыңбы, тим эле ичиме кирип чыккансып ойлогон оюмду билип жатканын», – деп бир эсе таң калып коём ичимен.

Мага окшоп эки колу аркасына байлануу, же ыйлай албай, же күлө албай, муздак саздын үстүндө боору менен жаткан Турсунаалынын маңдайына барып, бүктөй кармаган соп камчысынын учун мени карай сороктотуп көрсөтүп:

“Тээтиги шүмшүгүңдүн түрү жаман. Колуна мылтык тийсе мени ит аткандай тырайтып атып салайын деген арам ою бар экен. Экөөңдү эки жакка тал кучактатып “эркелетпесем”, мен кеткенден кийин бири-бириңе оонап келип далыңарды далыңарга тийиштирип, манжа учу менен эптеп колубузду чечип алалы деген таттуу кыялыңар бар өңдөнөт, ошол таттуу кыялыңарды таш каптырып, биротоло орду-түбү менен омкоруп салайын”, – деп кара боор май топурак жарга тикелеп өскөн табылгыга эмес, кагыраган какыр сайга тамырын терең сайып, топтошуп шоолап өскөн кучак-кучак кара талга жете барып, мындай шумдугуң кургур балбанды ким көрүптүр, ары бир жулкуп, бери бир жулкуп, анан токтой калып, жайган кучагына толо түшкөн топтошкон талды бала кучактагандай куушура кучактап, бир аз өйдө-ылдый копшоп-копшоп келип, демин ичине терең тартып, тартайган эки бутун бир саржандай жерге талтайтып такап туруп: “Ия, Алла!” деп бир кыйкырып алып типтик өйдө тартканда тула-боюндагы туйлап турган кара күчү көкүрөгүндөгү ысык демине кошулуп, өйдө карай талпынганда жаздын ала-шалбыртында жин ургандай удургуп аккан сел алалбаган, жаз алды жылуу тийген күнгө көчүгү тайып көмкөрөсүнөн башмалдак атып кулаган көчкү жулалбаган топтошкон талдын туш-тушка тарап кеткен тарам-тарам тамыры тарс-тарс үзүлүп, топурак-чымы менен кошо жулунуп чыкканда, чогуусу менен оң жагына бир ооната чаап, сол жагына бир ооната чаап топурак-чымынан толук ажыратып, бир кучак талды бир канча боого теңдеп бөлүп, адегенде Турсунаалынын колун чечип аркасына бала көтөрткөндөй бир боо талды эки колун артына кайрып кучактатып байлап, дагы бир боону мага эки колумду артка кайрып жонума кучактатып байлап салды да: “Эми эр болсоңор бири-бириңерге жакындашып оонап көргүлө!” деп атадынча “карс! карс!” күлүп каткырды да: “Андан көрө тиги дүйнөгө арам кетпей бири-бириңерге ыйманыңарды айтып адал кетсеңер!” – деп же тамашасы, же чын экенин билгизбей кайрадан дөңдү айланып өзөнгө түшүп кетти.

Адегенде бу көрбөгөнү калбаган Үсөндүн тамашасы эле го деп ойлогом. Кайдагы тамаша?! Кара-Зоого күндүн мурду жаңыдан жылтырап көрүнгөндө эле келгенбиз... Күн шашке болду... Үсөндөн дайын жок. Күн чак түш болду... Үсөндөн дайын жок.

Саздын муздак нымы боорума өтүп чыдай албай баратам. Жаткан жеримен которулайын дейм, которулалбайм, оодарылайын дейм, оодарылалбайм. Мындай тирүүлөй азаптын туткунунда калып көрбөгөн жаным саат санап чыдамым кетип баратат.

– Ыя Турсунаалы, – дейм Турсунаалы эле жыргап жаткансып. Жини келгенсип “Ии!” дейт.

– Өлөт деген ушул беле? – дейм. Унчукпайт. Көптө-ө-ө барып кайра эле: – Ия Турсунаалы! – дейм. Баягыдай эле жини келгенсип: “Ии!” дейт.

– Ыйман айтышпайлыбы! – дейм. Биртопко унчукпай жатып: – Айтышса айтышалы! – дейт.

– Анын да үмүтү үлпүлдөп өчөйүн деп баратса керек.

Турсунаалы экөөбүз Кара-Зоонун оозунда көгала саздын үстүндө эки колубуз артка кайрылып, бирден боо жапайы эчки тал кучактаган боюнча ыйман айтыша баштадык.

Убакыт кеч бешимден да өтүп баратат. Ичик-тонубуз аттарга бөктөрүлгөн боюнча калган. Жалаңкат бешмант менен үшүй баштадык. Кеч күздүн кыска күнү эртелеп батып, көлөкө коюу түшө баштады. Кара-Зоонун кокту ылдый дуулдап соккон муздак жели коюн-кончубузду аралап, тиши-тишибизге тийбей титиреп үшүп жатабыз. Жаак этибиз карышып, ыйман айтышканга да жарабай калдык. Кардыбыз капшырылып ачкабыз. Бар күчүмдү салып:

– Турсунаалы! – дейм. – Сен болбосоң мен бул жерге келмек эмесмин, бар балээнин баарын сен баштадың” деген сөздү айталбай жатканымды алдыртан туйган Турсунаалы: “Ии, сага эмне болду!” деп жинденип жооп кайтаргансыйт.

“Өлөт деген ушу турбайбы, өлөбүз го!” дейм ичимдеги Турсунаалыга болгон таарынычымды түз айталбай.

Турсунаалы унчукпайт.

Күн уясына толук батып, иңир кире баштады. “Болору болду, боёсу канды” дедим башымды муздак сазга койгулап. Аңгыча эле “жарк!” этип күн чыккандай “барк!” этип Үсөндүн тааныш үнү угулду.

– Оо озуңа чычайындар, өлөрүңөрдү санап жатасыңарбы! – деп эки текени эки колуна жарыштыра сүйрөп келип ортого таштады.

– Экөөң бири-бириңе ыйманыңарды айтып бүткүчө экөөңө эки теке атып келдим. Мындан ашык ырыскыны үмүт кылбагыла, – деп барк-барк сүйлөгөндө буга чейин кара башыма жыйылган кара жиним чар учкандай тарап, караңгылай түшкөн көзүм чайыттай ачылып, кашая түшкөн кара көңүлүм сүт менен жуугандай агара түштү. Үсөн мергенчи маңдайыма келип сыңар тизелеп отура калып: “Кана, мага карачы!” деп эки көзүмө тике караганда көзүнөн көзүмдү ала качпай, бул жолу жаман көрбөй жалооругансып карадым.

“Көзүң оңолуп калыптыр, колуңду чече берсем болот экен”, – деп эки колумду аркама кайырып бир боо тал кучактатып чымыратып чың байлаган колумдун байлоосун чечип ыргытканда колум кол болбой эле кан-сөлү жок каткан жыгач болуп калыптыр. Шоруң каткыр Турсунаалы да менден бешбетер оңуп кетпептир. Кан жүгүрбөй калган колун өйдө-төмөн силкип араң оңоду окшойт, – деп Турсунбай мергендин айтып бергени эсимде.

– Үсөн аксакал канча жашына чейин мергенчилик кылды?

– Сексен жаштан өткүчө кийиктегенине өзүм күбө болдум. Чынын айтайын, мен көргөндөн кийин да канча жыл кийиктеди, билалбай калдым.

– Ошол акыркы жолу чогуу кийиктегениңизден айтып бербейсизби...

– Анда кыргыз-казак чек арасы бөлүнбөй жалпы союздун ынтымагында чогуу-чаран жашап жаткан кезибиз. Кеминдин Жаңы-Алыш айылынын туура тушунда казак Кара-Булак деген айылда жашаган Агыбайдын уулу Аскен деген досум болор эле. Берик-Таш кыштоосунун төрүндө көп кийик жатат деп эле угам, Маке, убактың болсо бир кийиктеп барып келбейлиби деп көптөн көп жанымды койбой койгонунан бир күнү макул болуп, кыш чилдеде түнү менен жөнөп, Берик-Таштын төрүнө барып түнөдүк. Союздун учурунда малчылар үчүн атайын чыгарылган чакан таар палаткалар болор эле, ошондон бирди бөктөрүнө барып алдын-үстү кылып жамынып жатып алганбыз. Жол жүрүп чарчаганга катуу уктап калыптырбыз. Кудай бетин салбасын, бир кезде эле ач айкырык, куу сүрөөн салып, дүбүрөтүп ат минген бирөө келатат. Үнүн уккан менен өзүн көралбай, асты-үстү кылып салынып да, жамынып да алган палаткабыздын баш чыгарар ачык жерин табалбай ары бир кетип, бери бир кетип будаланып жатканыбызда: “Оо мергенчи болбой коё калгыла силер!” деп палатканын сыртынан шапалак менен тартып, тартып жиберсе болобу! Томолонуп-жумаланып жатып эптеп палатканын ачык жагын таап чыга калсак түлкү тумагын баса кийип, баягы тогуз койдун терисинен ашатып-өңдөтүп тиктирген сары тонун бешмантынын сыртынан калдайта кийип, ак бараң мылтыгын соройто асынып, алдындагы күрөң айгырынын ойдолото оозун тартып, карс! карс! каткырып маңдайыбызда кадимки тоодой Үсөн мерген турат.

“Оо атаңардын оозуна чычайындар десе... Мергенчи киши да ушул убакка чейин уктачу беле? Тур, тургула, кийиктер жайытына камынып калды!” – деп биз менен чогуу кийиктеп келгенсип, казак досум экөөбүздү алдына салып айдап алып, оролмо тоонун төрүндөгү торпуга келдик.

Айланайын асты-үстүнүн баары эле күн чыгышка созулган аска-зоонун арасында калдык. “Мынабу, оролмо тоонун күн батышында эки жүздөй эчки-теке жатат. Се-е-ен тээтиги соку таштын кежигесине, се-е-ен мынабу төмөнүрөөктөгү учкашкан таштын түбүнө отур. Кырлап барып кийиктерди мен үркүтүп айдайын. Топтошкон кийик тең жарылып, жарымы сенин астыңан, жарымы тиги досуңдун үстүнөн өтөт. Кудайым буюруп бирден атып калсаңар, үчөөбүзгө эки кийик кенен жетет деп биздин ак-көк деп айтаар жообубузду күтпөй, күрөң айгырын алкынтып теминген боюнча алып-учуп жөнөп кетти. Үсөн аксакал жөнөп кеткенден кийин жөн олтурбай каршыбыздагы апай бетке дүрбү салып олтурсак, тушубуздагы асканын түбүндө беш-алты кийик бейкапар жуушап жатат. “Жаман шалдын сөзүнө ишенип не отурмуз, ана биздин кийик!” деп Аскен досум жанымды койбой азгырып туруп алса болобу! “Шалдын кийиги үркүп келгиче качан?! үлгүрсөк келип калабыз, үлгүрбөсөк оногу кийиктен бирден атып алып ошондон ары жоголобуз!” – деп Аскен досум асканын астындагы кийикти көздөй азгырып жөнөдү.

“Эки тоонун чөбүн эңсеген кийик ач калат” дегендей, асканын түбүндөгү кийиктердин туура эмес жагынан чыга калып качырып жиберип, ата-а катыгүн ай-ээ мунусунан буюрбай калды, эми тигинисинен буюрсун деп Үсөн ата көрсөткөн тосотту көздөй дикилдеп чуркадык... Таш балээнин үлгүргөнүбү, мына-мына тозотко жете берерибизде эки жүздөй кийик тескей беттен күңгөй бетке дабырап ооп түшүп, так маңдайыбызга келгенде тең жарылып, жарымы мен олтурчу тозоттун асты менен, жарымы Аскен олтурчу тозоттун үстү менен чаң асманга чыгарып дуулдап өтүп кетти.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин Үсөн ата күрөң айгырын жулкунтуп минип жете келди. Жөн келбей бир чебичти канжыгасына бөктөрүп алыптыр.

“Ии баатырлар, кана, канчасын качырбай алып калдыңар?!” – деп адатынча бак-бак сүйлөп суроо узатканда кандай жооп айтаарыбызды билбей, Аскен экөөбүз уялганыбыздан жер карадык.

“Аа баатырлар, айткан сөздү так аткарбай тиги асканын астындагы жети текеге сонуркап жөнөп кеткен экенсиңер ээ”, – деп күрөң айгырдын үстүнөн сөөгү каткан кызыл ээк чалдардай таманына бийигирек таканч болгудай ташка тартпай, кырга тартпай, жүүнү бошоп, мууну бошоп, теңселип-ыргалып шалкы түшпөй, кырк, кырк бештеги жигиттей шайдоот-шамдагай минген атынан ыргып түшүп, “дагы бир айласын жасап кайрып көрөйүн” деп бир күбүрөп алды да, муздак абаны күркүрөтүп ичин көздөй терең тартып “О-о-у-уу, кайт артка! Кайт артка!” – деп адамда жок күрүлдөгөн күчтүү үн менен өнө-боюн куушуруп түйүлүп кыйкырганда сырактап качып бараткан калың кийиктен калышпай капталдагы катар-катар асканын ар бирине “О-о-у-уу, кайт артка!”, “Кайт артка!” деген аба жарган жоон үн катар-катар асканын биринен бирине жаңырыктап өтүп барып маңдайдагы кара зоонун аскасына адаттан тыш күч менен күркүрөп-шаркырап барып чабылганда, калың кийиктин алдынан күн күркүрөп, жер жарылгандай Үсөн аксакалдын жоон үнү жарылганда сырактап качып бараткан кийиктер жапырт жалт бурулуп, биз турган тарапты көздөй үркүп чаң ызгытып артка жөнөдү. Үсөн ата жонундагы соройгон ого эле мойну узун мылтыгын колуна алып, тартайып туруп алып үрккөн кийик туура-тушуна келгенде “ба-а-аң!” эткизип басып алганда бир да кийик жыгылбай чымын-куюн болуп куйрук улаш тобу менен төмөнүрөктөн өтүп кетти...

“Ата-а үнүм карый түшкөн экен ээ! Мындан жашырак кезимде аска-зоону жаңыртып кыйкырганымда качкан кийик артка кайтып, түбүмөн өткүдөй кайырчу элем. Үнүмдүн күчү бошоңдой түшкөн экен, кийиктер алысыраактан кайрылып ок жетпегидей жерден үркүп өтпөдүбү”, – деп армандуу жылмайды да: “Аа балдар, Кудайымдын буйругу ушул экен, кантсе да канжыгада бир чебич бар эмеспи, кур кетпей ошону үчкө бөлөбүз”, – деп адатынча каалгадай кашка тишин кашкайтып “карс! карс!” күлүп койду.

– Мергенчиликте жүрүп көкүрөккө кармаган дагы кандай сырыңыз бар эле?

– Айта берсе мергенчиликте сыр көп. Ошондой сырдын бири – кокусунан эле ок жаңылбаса эчкинин улагын, эликтин чаарчыгын, аркар-кулжанын козусун атайылап атканым жок. Илгери, илгери Сары-Өзөн-Чүйдө олуя Шамен деген акылман адам жашап өткөн экен. Келген сыйлуу коногу болобу, үй-бүлөсүнүн муктаждыгы болобу, козу-улакка тийгизбей: “Булар деле жардан жарга, таштан ташка секирип ойноп жүргөн оюнкараак наристе бала да, баланы сойгонго кантип даап кол барсын”, – деп козу-улакты сойдурбай, көрөрүн көрүп бүттү, жашаарын жашап бүттү деп карган кой-эчки сойдурчу экен. Шамен олуянын ошол акылмандыгы мага да жагып, өмүр бою наристе жандыкка атайылап мылтык сунганым жок.

– Мергенчиликтен башка дагы кандай өнөрүңүз бар эле?

– Аа балам, айта берсе өнөр көп. Күлүк таптадым, куш күйдүм, тайган бактым, дары чөп жыйнадым.

– Куш күйгөндү кимден үйрөндүңүз эле?

– Атаман.

– Бүркүттүн балапанын кайдан алчу элеңиз?

– Бизде, бу биздин тескей Кеминде Бүркүт-Уя деген бөксө тоо бар. Ал жактын аска-зоосун адаттан тыш бүркүт уялайт. Мен бала кезде атам алчу эле, мен эр жеткенде атам мага үйрөтүп, мен ала баштадым.

– Балапан алуунун да сыры бардыр?

– Балапан алуунун да, күчүк тандоонун да сыры бар, балам. Атам ыраматылык бүркүттүн уясына колун салып бара жатып эле: “Бул жарабайт, бул начар, аа мына ушунусу жарайт, буюрса мунусунан кыраан чыгат” деп уянын ичинен бир балапан тандап сууруп чыгып келатканын көрүп, кимиси кандай болорун атам кантип билет деп ичимен таң калып койчумун. Кийин, кийин эр жеткен кезимде: “Ата, уядагы балапандын кимиси кыраан, кимиси начар чыгарын кантип билесиз?” деп суроо салсам. “– Аа балам, бүркүттүн уясына колуңду жаңыдан сойлотуп баратканда эле канаты менен каккылап, тумшугу менен чокулап ызы-чуу түшүп айбат көрсөтүп кирсе – ал балапандын начары. Ал эми бүркүт уяга колуңду салганда “былк” этип тоготуп койбой жата берген балапан – келечекте кыраан болор балапан”, – деп жооп берер эле.

– Тайгандын күчүгүн кантип тандачу элеңиз?

– Тайгандын күчүгүн тандаганды Турсунбай мергенден үйрөндүм. Орловка кыштагында Борис аттуу тайган баккан орус жигит бар эле, тайганың тууса бир күчүгүн мага бер деп Турсунбай мерген Борис менен кыш чилдеде эле убадалашып коюптур.

“Малик, мамыдагы карагер айгырды мине кал да, Бористикине чаап бара кал. Баягы кара тайган тууптур, үчөө тең эркек күчүк экен, бирөөсүн тандап алып келе кал” дегенинен карагерди минип жаңы эле таскактатып жөнөп калганымда: “Ой, Малик, токтой турчу!” деп артыман кол булгап токтотуп калды. “Бу сен күчүктү кандай тандаарыңды сурабай эле таскак уруп жөнөп калдың да?! Деги кантип тандашты билесиңби?”

– Билем.

– Билсең айтчы, кана, кантип тандайсың?

– Чоңураагын, ирдүүрөөгүн тандайм да!

– Тайгандын күчүгүн антип тандабайт!

– Анан кантип?!

– Ит уяга баш баксаң экөө бири-бирине моюндашып чогуу, үчүнчүсү жалгыз жаткан болот. Жалгыз жатканын ал. Сырттан болор тайган күчүк кезинен кыңшылап караан болор түгөй издебей, жалгыз жатат.

Бористикине жетип барсам Турсунбай мерген айткандай эки күчүк моюндашып чогуу, бир күчүк алардан окчун жалгыз жаткан экен, ошол жалгыз жатканын алдым. Баралына жеткенде ал күчүк адамдай акылдуу, көк жалдай жүрөктүү, шамалдай шамдагай сырттан тайган болуп чоңойду.

– Бу биздин Кемин чөлкөмүнөн тышкары дагы кайсы жерлердеги мыкты мергенчилерден кабарыңыз бар?

– Азыркыларданбы же мурункуларданбы?

– Мурункулардан.

– Көлдүн түштүк тарабында Барскоон, Кичи-Жаргылчак, Чоң-Жаргылчак аттуу жерлерде жашап өткөн мыкты мергенчилер туурасында жаш болсо да көптү билип, көптү көргөн, куйма кулак санжырачы, манасчы Улан Ысмайыл уулунан укканым бар.

– Алар ким деген мергенчилер экен?

– Эки айылдан айтылуу жети мергенчи өтүптүр. Алардын ичинен Жанай мерген менен Саид берген өзгөчө мерген экен.

– Мисалы?..

– Мисалы Жанай мерген кийиги болобу, элиги болобу, кандай кайберен алдынан чыкпасын туура жагынан чыгып атпастан, башынан көчүгүн карай же тескерисинче көчүгүнөн башын карай атчу экен.

– Эмне үчүн?

– Ал учурда азыркыдай курал-жарак, ок-дары дегениң жайнап жатпаган кез. Ок-дары, коргошунду Кашкарга каттаган соодагерлерге пулун, малын берип жатып араң дегенде алдырышчу экен. Баамымда ок-дары, коргошун Кашкардын өзүндө да табылгыс оокат болсо керек деп ойлойм. Кайберенди туурасынан атпаган себеби, коргошун сыртка чыгып кетип табылбай калат дегени экен. Жанай мерген чынында эле жөн билги мерген экенин ушундан бил, кандай аралыкта туруп кайберенди башынан көчүгүн карай атканда моюндун же кыр арканын канчанчы муунагына барып токтоорун, көчүгүнөн башын карай атканда төштүн сүбөсүнүн кайсы жерине барып жай табарын жаңылбай билчү экен.

– Бир да жолу жаңылбаптырбы?

– Жаңылбаптыр. Жанай мерген кийин-кийин карылыкка баш берип калганда аткан кийигин тоо-ташта кызыл-жаян кылып союп олтурбай, артынганын артынып, бөктөрүнгөнүн бөктөрүп, үйүнө бүкүлү алып келип инилерине, коңшу-колоңуна сойдуруп өзү тикийип көз албай карап турчу дейт. Ок токтогон жерге жеткенде: “Эми балам коё тур, алдагы жерди этият шала, ок токтогон жер, ок түшөт” деп оозун жыйып алгыча теринин үстүнө топ этип коргошуп ок түшчү деп эскеришкенин айтат.

– Табылган коргошунду дагы канча жыл атканча жарачу экен?

– Дагы канча атканга жараганын ким билсин? Бир укканым, Жанай мерген адатынча кийик атып келип инилерине сойдуруп жаткан экен. Кийиктин ичин жарып, төшүн аңтарасынан сөгүп жатканда: “Акырын, аста-аста...” деп айтып бүткүчө төштүн сүбөсүнөн топ этип тоголок коргошун ок теринин үстүнө түшөрү менен колуна алып: “Бул отуз тогузунчусу” деп коёт дейт.

– Бир эле коргошундан отуз тогуз жолу ок жасап, отуз тогуз кийик атканын айтып жатабы?

– Ооба, ошону айтып жатат.

– Саид мергендин кандай артыкчылыгы бар экен?

– Ээ, балам, ал учурдагы мергендин баары эле көзгө атар мерген болгон, бирок Саид мерген өзгөчө көзгө атаар мерген болгон дешет.

– Көзгө атаар мерген экенин далилдеген окуясынан уктуңузбу?

– Уктум, балам, укпай анан...

Ысык-Көлдүн түзүнөн Саид мергенге бир бай жолугуп калат. Салам айтып, алик алышкандан кийин эле: “Бу сени жумурай-журттун баары эле көзгө атаар мерген деп макташканын көп угам, чынында эле көзгө атаар мерген экениңди мага бир далилдеп бербейсиңби?” деп калат. “Макул далилдеп берейин” дейт. “Кантип далилдей аласың?” дейт. Ошол маалда калың чийдин арасында анда-санда сороктоп башы эле араң көрүнгөн лөк-лөк желген төө кетип бара жаткан экен, ошол төөнү көрсөтүп: “Мынабу кетип бараткан төөнүн акысын ээсине төлөп берем деп убадаңды берсең, оң көзүнө мээлеп аткан огум сол көзүнөн чыгып кеткидей кылып атып берейин дейт. Бай Саиддин койгон шартына макул болот. Саид ат үстүнөн түшпөй туруп төөнү мээлеп аткан огу оң көзүнөн кирип, сол көзүнөн чыгып кеткен экен...

Жанай мерген Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына чейин өмүр сүрдү дейт. “Ата-а карабайсыңбы, карысың деп аскерге албай жатканын. Согушка барып калсам жанагы кол салган немистерди бирден терип көргүлүктү көргөзбөйт белем!” деп арман кылып өткөн экен.

– Азыр шыгы бары деле, шыгы жогу деле мылтык көтөрүп мерген болуп кетти. Мурунку мергенчилер менен азыркы мергенчилердин айырмасы кайсында?

– Мурунку мергенчилер табият шык тартуулаган чыныгы мергенчилер эле. Алардын көтөргөн мылтыгы начар эле. Алар жөндөмүнө, шыгына таянчу. Азыркы мергенчилердин көбүнүн жөндөм-шыгы жок мергенчилер. Бирок көтөргөн мылтыктары мыкты. Көпчүлүгү көтөргөн мылтыгына таянат.

– Дагы кандай айырмачылыктары бар деп ойлойсуз?

– Мурдагы мергенчилер улам кийинкисине таалим-тарбия берген, өнөр-сырын үйрөткөн мураскер мергенчилер эле. Алар кийикти ченеми менен атышчу. Азыркы мергенчилердин көпчүлүгү эч кимден, эч жерден таалим-тарбия албаган “жапайы” мергенчилер. Кудайым өзү эле ынсап бербесе, колуна көтөргөн мыкты мылтыгы менен канча кийик жолукса ошонун баарын кырып жибергенге даяр...

– Сиз өзүңүз кандай мергенчи элеңиз?

– Мен канча жолу кийиктеп чыкпайын өңүтү келип турса да бир кийиктен ашыгын аткан жокмун.

– Мергенчиликти качан таштадыңыз?

– Кырк жашыма жетип-жетпей таштадым. Аян алчу элем. Аян түш көрүп, ошондон кийин колума мылтык албадым...

– Жогоруда сиз дары чөп термей да өнөрүм бар эле дегендей учкай эскерип өттүңүз. Дары чөптү кайдан, эмнеге терип жүрөсүз?

– Бу биздин Токмок шаарында ары жагы Оруссия, бери жагы Орто Азияга белгилүү Арли аттуу айтылуу олуя табып жашаган. Ата-бабасы дуңган, чоң энеси татар, курама темир курч болот дегендей, эч нерседен тартынып-коркпогон мүнөзү өткүр, ак көңүл, акылгөй, жараткан касиет даарыган калың калктын бактысына жаралган өзгөчө бир жан эле. Ал киши жай чилдеде, чөп бышкан маалында табыпчылык ишин бир айга токтотуп, алыскы жайлоолордон дары чөп терип келип, жылдын калган он бир айын ташкөчүк болуп жылбай олтуруп, тамыр кармап, диагноз коюп, ар бир оорулууну оорусуна жараша дары чөп менен дарылачу. Качан, кайдан жүрүп эмне болуп жагып калганымды өзүм да билбейм, Арли табып мени өз баласындай жакшы көрөр эле. Бир күнү Чоң-Кеминдин Көк-Ойрок жайлоосунан чөп терип келели деп мени ээрчитип алды. Алдыбыздагы минген аттарыбыз алчактап тың. Чоң-Кеминдин капчыгайына түшкө жетпей кирип бардык. Жол жүргөн сапарыбыздын алгачкы күнү Чоң-Кемин өрөөнүнүн тескей төрүнө жайгашкан Кайыңды айылынын тургуну, сөөгү дунган, эти кыргыз Керий аттуу таанышыбыздыкына жатып алып, эртеси эртең менен эрте Көк-Ойрок жайлоосуна аттанып кетели деген ниет менен чыкканбыз. Капчыгайдан Чоң-Кемин өрөөнүнө чыга берген эле жерден Арли табып мага жанаша бастырып акыл салып калды.

– Малик балам, өзүң көрүп турасың, минген аттарыбыз алчактап тың. Мындай ылдам жүрүш менен жүрүп олтурсак Кайыңды айылына түш оой барабыз. Бул өрөөндө мени тааныбаган, билбеген адам жок. Күндүз айыл аралап өтсөк, калың элдин курчоосунда калып, ой-боюбузга койбой басып жыгылышат. Анда эле бери дегенде бир жума киши карап олтуруп калабыз. Ошондуктан шашылбайлы. Аттарды тээтиги жашыл ойдуңга отко коёлу да, кеч бешимге чейин Чоң-Кемин суусун жээктеп басып өргүп эс алалы. Кеч бешимге жакын аттанып чыгып кетсек, буюрса Кайыңды айлына көз байланаарда кирип барабыз.

Арли табыптын айтканына макул болдум. Аттарды тушап суу жээгине өргүп эс алдык. Арли табып айткандай кеч бешимге жетип-жетпей бир аз эрте аттанып, көз байланган маалда Кайыңды айлына кирип бардык.

Айылдын чет көчөсүнөн ортолоп өтө бергенибизде жол жээгиндеги олтургучта үч карыя кобурашып олтурган экен, тим өтпөй ата салтын сыйлап: “Ассалому алейкум!” деп жарыша салам айтып өттүк. Алик алган үч аксакалдын бирөөсү желпилдеген желдей жеңил, сезимтал-сергек аксакал көрүнөт: “Ой, мынабу алдыңкы атчаны Арли го дейм ыя, чокчоюп атка олтурганы, салам айткандагы коңур-жумшак үнү кудум Арлиникине окшошуп турат” деп отурган ордунан далбастан тура калып: “Ай баатырлар, токтогулачы! Сен Арлисиңби?” деп жол жээктеп туткактап, артыбыздан ээрчий басты. “Мен Арли эмесмин!” деп жалган айтып куйругун үзүп кеткенге дити барбаган Арли табып айласыз атынын тизгинин жыя тартып: “Ооба, менмин!” деп моюнга алууга аргасыз болду.

– Ии, анан чай ичип кеткиле деп аттан түшүрүшкөңдүр...

– Түшүрбөй анан! Түшүрүштү! Чайын да кайнатышты, коюн да союшту. Арли табып айылыбызга келиптир деген кабар түнү менен туш тарапка тарап, ден соолугунун азабын жеп жүргөндөр таң атпай басып жыгылышты.

– Айтылуу эл акындары Аалы Токомбаевдин, Исак Шайбековдун, комузчу, кыл кыякчы Муратаалы Күрөңкеевдин айылдаштарын Арли табып кимисин кандай дарылады, ошондон айта отуруңуз...

– Ээ, балам, көп эле кишини дарылап жатты, ошолордун ичинен бир-эки кишини дарылаганы көбүрөк эсимде. Бирөөсү кырк-кырк бештерге чамалап калган жигит. Арли табып тамырын көпкө кармап олтуруп: “Келинчегиң кайда? – деп суроо узатты эле, - Төркүнүндө!” – деп жооп берди.

– “Түнкү жумушка” жарабай калган турбайсыңбы! – деп башын чайкап койду да, – эч нерсе эмес, бир жуманын ичинде оңолуп каласың. Буюрса келинчегиңди алып келип жакшы жашайсың, – деп шылкыны бош олтурган жигитти чыйралтып, көңүлүн көтөрүп сүйлөдү.

Кийин-кийин ошол жигиттин үй-бүлөлүк тагдырын сураштырсам, келинчегин төркүнүнөн алып келип, ынтымактуу жашап жатышат дешти айылдаштары.

Жай чилдеде башына тыбыт жоолук салынган, үстүнө жылуу кышкы калың чапан, бутуна чокой кийген жашы жетимиштен өтүп калган байбиче келди. “Жайы-кышы буту-колум жылыбайт. Канчалык жылуу кийинсем да чыйрыгып турам. Доктурдан доктурга түшүп эч айласын таппай койдум”, – деп арыз-арманын айтып олтурду.

– Эч нерсе эмес, байбиче, буюрса айыгып кетесиң, – деп Арли табып байбиченин тамырын көпкө “тыңшап” олтуруп, кайрадан сөзүн улады:

– Күнүгө эртең менен эрте туруп дикилдетип кубалап олтуруп бадага кошуп жүргөн өңү кызыл кунаажыныңыз бар экен...

– Ооба, айланайын ошондой кунаажыным бар.

– Эртең да ошол кызыл кунаажыныңызды күндөгүдөн да катуураак баданы көздөй кубалап айдап олтурсаңыз, оо бир топ жерге жеткенде көчүгүндөгү шатырагын шатыратып жиберет. Ошол шатыракка кош колуңду тосо коюп эч тартынбай, эч жипкирбей туруп жылуулай дароо жутуп жиберсеңиз алдагы мойнуңузга минип алган оорудан сен көр, мен көр таза айыгып кетесиз, байбиче! – деген сөзүн угуп туруп, бу Арли молдо алдына келген оорулууну эзели шакаба чегип тамашалачу эмес эле, бул эмне дегени деп таң калып карап койгом.

– Анан эмне болуптур, айыгыптырбы?

– Айыкпай анан! Айыгыптыр! Көк-Ойрок жайлоосунан чөп терип бүтүп, чөптү өзүбүз тергенсип, чөп терип бүтүп деп коём да, Арли молдо кайсы чөптү териш керек экенин үлгү чөптөн көрсөтүп койсо эле ошол жердеги койчу, уйчу, жылкычы досторунун келинчектери бала-бакырасы менен жабыла тоого чыгып терип келип, көлөкө жерге кургатышып, Токмокко каттаган унаадан салып жиберишчү. Сапар карыды, жол тарталы деп он күн эс алып жанына торбу байлатпай семире түшкөн эки минги атыбызга кур кетпейли деп эки каптан кургак дары чөп артынып Токмокту карай келатсак, Кайыңды айылынын теке маңдайында “Бакастын үйү” деген аялдамасы бар машина жолдо баягы байбиче күтүп жүрүптүр. Башындагы тыбыт жоолугун алып ыргытып, жука жайкы жеңил жоолук салынып, үстүңдөгү кышкы калың чапанын чечип ыргытып, үлбүрөгөн чыт көйнөгүн көйкөлтө кийип, бутундагы чолчойгон кийиз чокоюн чечип ыргытып, жалаң кат териси жука тапичкесин тарпылдатып бутуна сүйрөп, жел менен желбиреп, жол карап сүйгөнүн күткөн жаш селкидей сүлкүлдөп дегеле болбойт. “Айланайын Арли иним, отуз жыл айыкпаган ооруман айыктырдың. Сага ыраазычылык айтып коноктоюн деп камдап койгон эчким бар. Сени өткөрүп жибербейин деп бир жумадан бери тикийип жол карап, жол күзөтүп жүрөм. Жүргүлө айланайындар, үйгө конок болуп кеткиле”, – деген өтүнүчүнө Арли табып: “Чакырганыңызга ыракмат, убакыт тар, артынып алган жүгүбүз бар, жол алыс, жолдон калбайлы, байбиче”, – деп адатта жадыбалдай жат сөзүн айтат го десем, бул жолу эмнегедир кыйыктанып баш тартпай дароо макул болду.

– Арли табыптын дагы кандай өнөр-касиетин байкадыңыз?

– Арли табыптын адегенде өзүн айтайын, андан соң сөз оңуту келгенде өзүм билген өнөр-касиетинен айтып олтурайын.

... Арли табып жети атасынан бери жалгыздап туулуп, жети атасынан бери табыпчылык касиети атадан балага, баладан небереге, небереден чөбөрөгө, чөбөрөдөн кыбырага дегендей, тукумдан тукумга ооп келаткан табыптар экен. “Малик балам, бу биздин табыпчылык касиет мени менен токтойт, мен акыркысымын” дегенинен “кандайча?” – деп суроо салсам: – Өзүмдөн тукум жок, багып алган балам Паншар он бир балалуу болду. Он бир небереме уулумду кошуп санасак он эки жан болот экен. Мендеги бир касиетти он эки жанга бөлсөк эмнеси калат? – деп санын чаап каткырып калчу.

Арли табып табыпчылык касиетин ушул мага өткөрүп берсемби деген ниетте жүргөнүн кийин кеч билип калбадымбы.

– Антип ниет кылганын кантип билдиңиз?

– Малик балам, мен карып баратам, келип жаныма олтуруп кандай ооруну кандай чөп менен кантип дарылап жатканымды көр, тамыр кармаганды үйрөн, бул касиет каалагандын баарына эле коно бербеген касиет. Сен жөн бала эмессиң, сенде да көрүнбөгөн, билинбеген касиет жатат, чакырганда кыйыктанбай бат-бат келип тур, – деп байма-бай кулагыма куюп жүрдү. Ал киши Токмокто, мен Кеминде жашагандыктан күнүмдүк тиричиликтен колум бошобой, убагы менен баралбай жүрдүм.

– Арли табып жалаң эле табыпчылык кылчу беле, же...

– Өмүрүнүн көп жылын мал багып өткөрдү.

– Талаа-түздө мал багып жүрсө, малын карайбы же көрүнөм деп келген элди карайбы?

– Ошол оорулуу элди караш үчүн мал багып кеткен.

– Кандайча?

– Токмоктогу үйүндө табыпчылык кылып олтурганда советтик медицинанын аброюна шек келтирген шарлатан, эмчи-домчу, таш доорунун салтын улаган билимсиз адам элди үйүнө жыйып алып табыпчылык кылып жатат деп үстүнөн үстөккө-босток арыз жазышканынан ээнирээк талаа-түзгө кетейин деп мал багып кетти. Баягы Арлинин артынан ээрчиген оорулуулар тоого көчсө тоодогу боз үйүнө, жакадагы сарайга көчсө сарайдагы тамына келип дарыланып, эзели бөксөргөн жок. Акыркы ирет Арлинин үстүнөн катуу арыз түшкөн экен, ал жолку комиссия түз эле Москвадан келип, аларга Фрунзедеги чоңдор кошулуп, кой багып жүргөн Арлини Токмок шаардык ооруканасына чакыртышып, бул киши диагнозду кандай коёт, туура коёбу, туура эмес коёбу, оорулууну кандай ыкма менен кантип дарылайт деген суроого жооп табуу үчүн чындап сынамак болушат.

Ал учурда ооруканада жаткан эркек оорулууларга көк момозуй материалдан тигилген форма кийгизишчү. Оорукананын кире бериш фойесине оорукананын көк момосуй формасын кийген үч жигитти катары менен тизип коюшуп:

– Кана, кыйын экенсиң, мынабу катар турган жигиттер кандай оору менен ооруйт, диагнозун койчу, – деп Москвадан комиссия башчысы болуп келген эзилип бышкан сары өрүктөй, кашка баш профессор мени карады, – дейт Арли табып.

– Үч жигитке жакын келип карасам, экөө чындап эле ооруканада дарыланып жаткан оорулуу экен да, куландан соо бирөөнү көчөдөн ээрчитип келип эле оорукананын кийимин кийинтип катар тургузуп коюшуптур.

– Мынабу жигитиңер куландан соо жигит. Көчөдөн ээрчитип келип эле оорукананын кийимин кийгизип коюптурсуңар, – десем тигилердин бет маңдайында катар турган комиссия мүчөлөрү “ооба, туура!” дегендей бирин-бири жылмая карап баштарын ийкегилеп калышты.

– Ал эми бул жигиттин ашказаны ооруйт экен, боору да чоңоюп кетиптир, – дедим да үчүнчү жигиттин маңдайына келгенде ичим ысып, өзүмдүн табым айнып чыкты, эмне болуп, кандайча карманалбай айтып жибергенимди да билбейм: “Ай балам-ай, бул доктурлар сени бөөдө жерден кууратып, теңирден тескери дарылаган турбайбы. Кеспей турган жерлериңди кескилеп, ооруңду айыктырбай эле күчөткөн турбайбы. Мага эмне келген жоксуң, мага келсең эбак эле куландан соо айыктырып жибермек экем. Ооруң өтүшүп кетиптир, үч айлык эле өмүрүң калыптыр, – десем баягы шордуу жигит турган жеринен шалак этип кулап түшкөндө, колтугунан жөлөп өзүм тургузуп жатып: “Алда кудурети күчтүү кудайым ай! Мынабу комиссия мүчөлөрү мени кыстабаса, бул сөздү айтпайт элем, айттырып салбадыбы! Тур балам, тура гой! Үч айлык өмүрүң дагы бир жарым айга кыскарып калбадыбы! Убалың менин үстүмөн арыз жазгандарга жетсин! – деп көзүмө чолок жаш алып жашып да кеттим, – дейт Арли табып.

– Комиссия мүчөлөрү Арли табыптын касиетине ишенишиптирби анан? Кандай жыйынтыкка келишиптир?

– Жыйыктыкты коё тур. Эртеси күнү экинчи кабаттагы оорулуулардын колуна жип байлап, жиптин учун биринчи кабатка түшүрүшүп: “Эми оорулуулардын өзүн көрбөй ушул жиптердин учун кармап диагноз коюңуз”, – деп салаңдап түшүп турган үч жиптин учун колума карматты.

Биринчи жипти кармалап туруп бөйрөгү ооруган оорулуу экенин айттым. Экинчиси жүрөгүнөн кыйналып жүргөнүн айтып, үчүнчү жиптин учун кармаарым менен: “Ой, мунуңар адам эмес эле ит го!” деп турган ордуман секирип чочуп кеттим. “Ооба, аксакал, ооба”, – дешип комиссия мүчөлөрү адатынча шарактап кыраан-каткы күлүп калышты, – дейт Арли табып.

– Анан кандай жыйынтыкка келишиптир.

– Совет заманында деле жакшы адамдар көп эмес беле. Жанагы Москвадан келген комиссия башчысы Арли табып жөн табып эмес экенине көзү жеткенден кийин кечирим сурап, өзү да тамырын карматып бир аз күнгө дарыланып, калганын эми Москвадан дарыланайын деп дары чөбүнөн ала кетиптир. Ал профессор кагазын тууралап кетсе керек, кийин Арли табыптын үстүнөн арыз жазса да баягыдай баса калып текшербей калышты.

– Арли табыптын эл дарылагандан башка дагы кандай өнөрү бар эле?

– Жарыктык Арли табып жылкы жаныбарды жанындай жакшы көрөр эле. Кай жактан кандай күлүк ат чыкканын укса дароо жетип барып кымбатына карабай сатып алчу. Ара-чолодо күлүк таптачу. Мал баккан кыргыз теңтуш достору көп болчу. Ал учурда келинчекти азыркыдай машина менен эмес, ат менен ала качышчу эмес беле. Далай досуна кыз ала качышкан күйөө жолдош болду...

Кемпири кыргыз эле. Дунгандын кандай тамагын барктап-таптап жеп-ичкенинен анчейин кабарым жок экен. Үйүнөн максым үзүлчү эмес. Жылкынын чучугу менен жал-жаясын жакшы көрчү.

– Дунган баласы жылкынын этин жечү эмес эле го?

– Ушул сурооңо байланыштуу Көк-Ойрок жайлоосунда болгон дагы бир окуяны айтып берейин.

... Көк-Ойрок жайлоосуна жетээрибиз менен тушоо тойдун үстүнөн чыктык. Той ээси кырктын кырындагы чатырап каруу-күчкө толуп, бетинен кан таамп турган жигит экен, Арли табыптын өзүн таанып-билбесе да эл оозунан элдир-селдир угуп жүрсө керек, чынын айтайын, алыстан келген сыйлуу меймандай жакшы тосуп алды.

“Жарыктык Көк-Ойроктун кымызындай кымыз болобу”, – деп Арли табып жайлоонун кымызын сагынып калган экен, адаттан тыш үстөккө-босток тынбай ичти. Самоордун чайын карап да койгон жок. Кемегеде казан-казан эт кайнап, алыс-жакындан чакырылган меймандар биринин артынан бири келип бака-шака түшүп көбөйө берди. Оо бир топ убакыт өткөндөн кийин ордунан демейдегиден оор козголуп сыртка чыгып, мени жанына чакырып алды. “Малик балам, алдагы көк кашка суунун жээгине жамбашыма көрпөчө, башыма жаздык алып чыкчы, мен бир аз уктап эс алып алайын” дегенинен алдына көрпөчө төшөп, башына жаздык жаздап жаткырып койдум. Бир чай кайнам убакыт өттүбү, өтпөдүбү, айтор, бир аз убакыт өткөңдөн кийин эле той ээси: “Чакыр аркы дунганыңды!” – деп өкүм сүйлөдү. Мен Арли табыпты ойготуп эт бышып калыптыр, чакырып жатат десем, чала уйкулуу көзүн ачып: “Эт жегенге табитим тартпай турат, балам, мага карабай жей беришсин”, – дегенинен той ээсине Арли табыптын сөзүн айтып барсам, кызыраңдаган той ээси: “Ики-ики жаман дунган! Эртеден бери жылкынын кымызын шимирип ичсе жакшы да, этин жээрге келгенде жылкынын эти арам болуп калган турбайбы. Жылкынын кымызын ичкен киши этин да жеш керек, чакыр, чакырып кел!” – деп баштагыдан да кызыраңдап өкүм сүйлөдү.

– Ии, бу жаман дунган жылкынын кымызын суудай шимирип, эт жээрге келгенде жылкынын эти арам деп ары карап жатып алдыбы, – деп жинденип жатабы?

– Ооба, ошентип жатат, – дегендей башымды ийкегиледим.

– Ошону туюп, өзүм да туруп келатам, – деп Арли табып астыман чыкты.

– Шашпа Малик уулум, бул дөгүрсүгөн той ээсине жылкынын эти менен чучугун кандай жешти азыр көрсөтөбүз, – деп мыйыгынан сырдуу жылмайып койду.

Той ээси кантсе да казан-аштуу жигит экен, үймө чара титиреген эт, туурасы жоон билектей түйүлгөн түндүк чучук тартты. Майда-чоң меймандардын арасында карааны калдайган Арли табып обору ачылган адамдай алдына тартылган устуканын кашкайган сөөгү калганча мүлжүп, тууралган этин да, чоң кесим тунук чучугун да сыйда тегизделген сакал-мурутунун бир да жерине тийгизбей чыгын чыгара чайнап, таза жеди. Чүйгүн эт, чыгы чылпылдаган май беш бармактын артынан кан жайлоонун дары чөбүнөн чыккан буруксуган кызгылтым кымыздан эки-үч керден удаама-удаа тартып жиберип: “Ата-а, бешбармак болбосоң коё кал, ата-а, нак кымыз болбосоң коё кал!” – дегендей жеген-ичкенине ыраазы. Дасторкон четинен бир аз артка чегинип, ич бугу чыгып кеткендей бир аз балбырап бошоң тартып олтуруп калды.

Көп өтпөй той ээси тушоосу кесилген там-туң баскан баласын көтөрүп сырттан үйгө кирди.

– Эми айланайын меймандарым, дасторкон жыйылаар алдында мынабул жаман уулума батаңарды берип койсоңор, – деп отурган меймандарды карап эки колун жайды. Боз үйдүн ичинде уй мүйүз тартып олтурган меймандардын эң улуу аксакалы эле Арли табып экен:

– Балаң бактылуу, өмүрлүү, илимдүү-билимдүү, өнөрлүү болсун. Кудайым берген өмүр жашын ак жашап, таза жашап өтсүн! – деп Арли ата чын көңүлүнөн чыккан батасын берди.

Дасторкон жыйылып, колго суу куюлгандан кийин Арли табып той ээсине кайрылып калды:

– Баатыр, сен ушул Чоң-Кемин өрөөнүндө жашаган жалпы калайык-калктан алдына озуп да кетпеген, артта да калбаган орточо оокат-тиричилиги бар тың жигиттердин бири экенсиң... Жалгыз балаңдын тушоо тоюна эмне үчүн уурдалган арам жылкыны сойдуң? – деп Арли ата той ээсине суроолуу тиктегенде баягы бакылдаган той ээсинин башы жерге “шылк” дей түшүп, көптө барып тил-оозго келди.

– Мындан үч жыл илгери жылкыларыма кошулуп келип, үч жылы кысыр калып, таман казы чыкчудай чың семиргенине кызыгып эле... – деп жер карады.

– Жылкыма бөтөн жылкы кошулуп келди, жылкы жоготкондор болсо мага келсин деп күңгөй-тескейге кабар айттырдың беле?

– Жок, айттырган эмесмин.

– Эмесе мындай баатыр: бул жылкы көл тараптан уурдалып келген жылкы. Кудайым буюрса, бүгүнкү күндү кошо эсептегенде үч күндөн кийин жылкынын ээси так өзүңө келип доолайт. Жылкынын ээси оңой-олтоң киши эмес. Жоголгон жылкысынын үч жылы тууган-туубаганына карабай кулундарын кошо доолайт. Бербеске чараң калбайт. Бир жылкынын ордуна эки жылкы берип кутуласың, – деп тойго союлган жылкынын тегерегиндеги билген-туйган оюн “тарс!” эткизип ачык айтып салганда бетинен каны тамган кайран той ээси күлгө чапкан көтөндөй бозала болуп үн-сөзү жок отуруп калды.

– Арли табып башында эт жебейм дегени ошол себептен болгон го?

– Ал маселенин аныгын билейин деп кийин Арли атанын өзүнөн сурасам: “Ошо куруп кетсин! Өзүнө-өзү кылбадыбы! “Чакыр аркы дунганыңды, шимирип ичсе жылкынын кымызы адал да, эти арам болуп калыптырбы!” – деп мага карата кесир, орой сүйлөбөгөндө жабылуу аяк жабылуу бойдон калмак. “Кантип?” десем: “Ээ, Малик балам, мен арам этти жебей койсом, жок издегендердин жолу буулган боюнча калмак. Тиги ойронго өчөшүп уурдалган малдын арам этин өчү бар адамдай адаттан тыш тоё жегенден кийин той ээсинин купуя сырын ачыкка чыгарып айтпаска, уурдалган малынан үмүтү үзүлбөй тынымсыз издеп жүргөн мал ээсинин жолун ачпаска аргам калбай калбадыбы! – дегенде Арли табыптын тереңде жаткан чоң касиеттеринин дагы бир учу “жарк!” деп көзүмө көрүнө түшкөндөй болду.

– Анан эмне болуптур? Арли табып айткандай той ээсине жылкысын жоготкон доочу келиптирби?

– Келбей анан! Күнү күнүнө, сааты саатына дал келгендей келишти дешти айылдаштары. Жоголгон бээсинин ордуна бээ алып эле тим болушпастан, келишкен күлүк айгырын кошо жетелеп кетишиптир...

Автордон

Малик ата керемет киши эле. Мындай оозеки аңгемечи, сөзмөр адамды мен буга чейин жолуктурган эмесмин. Малик ата убагында билим алганда, өз оюн кагазга түшүргөнгө далалат кылганда кыргыздын мыкты жазуучуларынын бири болот эле деген ойдомун. Адамзатына сабак болор өзү күбө болгон урунттуу окуяларды унутпай, күнү бүгүнкүдөй эсине сактап келген, ошол окуялардын ой-кырын көркөмдөп-сыпаттап майда-баратына чейин майын чыгара кемелине келтире айтып берген “оозеки жазуучу” эле. Мага жолуккуча оюнда жүргөн “чыгармаларын” айтып берер адам таппай жүрүптүр. Экөөбүз табышканда Малик атанын сүйүнгөнүн сураба! Өмүр бою өзү билген, көргөн турмуш сабактарын түгүн калтырбай төгүп бергенге аракет кылды. Эмне айтса ошонун баарын диктофонго жаздырып калдым дегеним менен, буюрбаган үмүт, армансыз дүйнө болбойт эмеспи, өзүнүн жанындай көргөн сырттан ити Кумайык жөнүндөгү жана Чүй өрөөнүнөн чыккан тулпарлар жөнүндөгү оозеки аңгемеси диктофонго үзүл-кесил жазылып өчүп калыптыр. Менин көп жылдары аңгемелеш агам болгон, досум болгон Малик атанын толук аты-жөнү Абдымалик, фамилиясы Жумалиев эле. Ал киши Кемин районундагы Орловка айлында жашап өттү.

Менин калемимен чыккан көпчүлүк көркөм чыгармаларымда: “Малик ата айтып берди эле” деген окуялар арбын. Чынында эле ошол окуяларды Малик ата айтып берип, мен аларды көркөм чыгармаларыма ылайыктап пайдаланып келе жатам...

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз