Гүлзат Алагѳз кызы: «Кулакка тартуу» саясаты жана адам»

  • 17.01.2025
  • 1388

Автордон кириш сѳз

Адам тагдыры аркылуу тарыхый чындыкты, кѳмүскѳдѳ калган окуяларды, бир саясаттын, жада калса бир доордун маңызын ачып берүү мүмкүн. Бул жыйнактын башкы максаты коомдун аң-сезиминде жана мамлекеттик практикада адам өмүрүнүн, эркиндигинин баалуулугун жайылтуу, тарыхый адилеттүүлүктү чыңдоо.

«Туташ коллективдештирүү» саясаты башталган соӊ, совет өлкөсүндөгү жүз миӊдеген үй-бүлөлөр сүргүнгө айдалып, куугунтук курманы болушту. Мамлекет тарабынан өз жарандарына болгон кылмыштарды эскерүү, ачык айтуу кейиштүү окуялардын кайра кайталанбоосуна шарт түзөт.

««Кулакка тартуу» саясаты жана адам» аталган бул жыйнакта – сүргүн окуялары жана бөтөн жерде болуп өткөн кайгылуу жылдар жөнүндө күбөлөрдүн эскерүүлөрү, сүрөттөрү, сүргүнгө айдалгандардын тизмелери жана архивдик булактардан алынган материалдар камтылды. Массалык репрессия курмандыктары боюнча эл эсинде калган окуялар, ѳз доорунда айтууга мүмкүн болбогон чындыкты ачыкка чыгарат.

1930-жылдары «кулак» деп аталып, үй-бүлѳсү менен Украина аймагына сүрүлгѳн адамдардын тагдыры биз үчүн, мамлекет үчүн сабак болуп калуусу абзел. Биздин муундун башкы милдети – бул адамдарды эскерүү жана өткөндүн кайталанышына жол бербөө.

Гүлзат Алагѳз кызы

БАКИР АТАНЫН ТАГДЫРЫ. СҮРГҮН СҮРТҮМДѲРҮНѲН

Өкүмат алды малыӊды,
Көп эле төктү зарыӊды.
Эч кылмышыӊ жок турса,
Кулак кылды баарыӊды…

Карасарт

1929-жылдын аягында башталган туташ коллективдештирүү зомбулук, мажбурлоо, коркутуу жана «кулак» деп аталган адамдардын басымдуу бөлүгү үчүн куугунтуктоолор менен коштолгон. Бүткүл Союздук Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин 1930-жылдын 30-январындагы «толук коллективдештирүү аймактарында кулак чарбаларын жоюу боюнча чаралар жана кулактарды тап катары жоюу жөнүндө» токтому чарбаларды ээликтеринен ажыратып гана тим болбостон, сүргүнгѳ айдалуучу үй-бүлѳлѳрдүн санын кыйла кѳбѳйткѳн.

Бул токтомго ылайык кулактар үч категорияга бөлүнгөн: биринчи категорияга – контрреволюциялык активисттер, террордук актыларды жана көтөрүлүштөрдү уюштуруучулар кирген. Экинчи категорияга эң бай кулактардан жана жарым-жартылай дыйкан чарбалардан калган контрреволюциялык актив, үчүнчү категорияга – калган кулак чарбалары кирген.

Бул категорияларга кирген адамдардын өмүрү түрмөлөрдѳ, лагерлерде, сүргүндѳ ѳттү. Кыргызстан аймагынан ырайымсыз репрессияланып, «кулак» аталып, Украинага депортацияланган үй-бүлѳлѳрдүн саны жети жүздѳн ашуун. Ар биринин ѳз тагдыры, ѳз трагедиясы бар. Кулакка тартуу саясатына ушул жылдары туура 90 жыл толуп отурат. Биздин муундун башкы милдети – бул адамдарды эскерүү жана өткөндүн кайталанышына жол бербөө.

«Эсимде» талкуу аянтчасы Украинага сүргүнгѳ айдалган үй-бүлѳ тарыхын чогултуп жүрүп, Жети-Ɵгүз районунун Саруу айылынын тургуну Мажиков Бакир атанын тагдырына жолуктук. Макала кулакка тартылып Украинага сүргүнгѳ айдалган Мажиков Бакирдин уулу Жыргал Мажиковдун маегине негизделген.

Үркүн. Алжан уулу Узак атанын баяны

Алыскы Саруу (Ысык-Кѳл) айылынан чыккан Узак атанын үй-бүлөсүнүн тагдыры ѳткѳн кылымдагы ѳткѳѳл мезгилди чагылдырып турган сыяктуу.

Бул макала жөнөкөй, бирок ошол эле учурда баатыр үй-бүлө жөнүндө эскерүү. Узактын балалык мезгили оторчулук мезгилге туура келген. Социалдык теги жетиштүү үй-бүлѳдѳн болсо да колониализимдин запкысын жон териси менен сезген. Орус админстрациясынын келгин дыйкандарды Жети-Суу облусунда жайгаштыруу саясатынын натыйжасында, Ысык-Кѳл ойдуңундагы малчылык менен алектенген кыргыздардын жайыттары тарып, экономикалык абалы начарлаган. Кѳчүрүлүп келген дыйкандар менен жергиликтүү калктын ортосунда карама-каршылыктар күчѳгѳн.

Кылымдар бою Ала-Тоо койнунда малын багып жай турмушун ѳткѳргѳн кыргыздардын колонизатордук администрация менен мамилеси курчуган. Орус администрацияга таянган келгин дыйкандар жергиликтүү элге ыдык кѳрсѳтүп, жайыттарын коруп, мал жанын камакка алышкан. Мындай окуяларга Узак дагы кез келип, башынан ѳткѳн.

Анын мал жанынын бир топ бѳлүгүн келгин дыйкан «биздин корукка кириптир» деген шылтоо менен күчкѳ салып тартып алган. Бул окуя Узактын үй-бүлѳсү үчүн жагымсыз болгону менен кийин Үркүн учурунда жандарынын аман калышына себеп болгон.

Келгиндердин арасында дагы жергиликтүү калк менен достошкон үй-бүлѳлѳр жок эмес эле. Узактын «Гүжүмѳн» аттуу орус досу мал жанын кайтарып алууга кѳмѳк кылган. Дүйнѳдѳ абал оорлоп баратканын айтып, келгиндер менен жайыт үчүн кѳйгѳйлѳрдүн жакында чечилбешин эскертип, малынын бир бѳлүгүн алтын менен сактоого кеңеш берген. Узак орус досунун сѳзүн угуп, малынын жарымын сатып, алтын менен сактаган.

1916-жылы жай айларында Узак Ысык-Кѳлдүн Сырт ѳрѳѳнүндѳ ата-бабасы жайыт катары колдонуп келген Кумтѳр жайлоосунда эле. Бул мезгилде Ысык-Кѳл ойдуңунун ичинде 1916-жылдын кандуу окуялары башталып жаткан. Орустарга жардамга Верныйдан келүүчү жазалоочу отряд тууралуу алдын ала татар досторунан уккан Узактын иниси Абдылда элге кабарлайт. Орустун жазалоочу отряддарынан жеңилген калктын алгачкы бѳлүктѳрү Бедел, Жууку аркылуу Тескей Ала-Тоосун ашып Кытайды кѳздѳй багыт алышкан. Абалдын үмүтсүз экенин түшүнгѳн Узак үй-бүлѳсү, бир тууган иниси Абдылда менен алгачкылардан болуп Кытайга качышкан.

Үркүн окуялары кыргыздар учун абдан катаал болуп, кѳбү жолдо кырылган. Кытайга качкан калктын дээрлик баардыгы колунда бар оокатынан айрылып, оору сыркоолорго кабылып үй-бүлѳ мүчѳлѳрүнѳн айрылышкан. Мындай жазмыш Узактын үй-бүлѳсүнѳн дагы кайып ѳткѳн эмес. Кѳптѳгѳн кыйынчылыктар менен Кытай чек арасына жетери менен колдо болгон мал байлыгынын теңин Кытай аскерлерине ѳткѳрүп берип чек арадан ѳтүүгѳ аргасыз болгон. Текес жерине жайгашкан Узак кийинчерек башка кыргыз качкындардын чек арадан ѳтүүсүнѳ, отурукташуусуна кѳмѳк кѳрсѳткѳн.

1918-жылдары жаңы бийлик орноду, жакшы жашоо башталат деген үмүт менен ата-журтуна аттанган Узактын «кулакка тартылып» ата теги укпаган бѳтѳн жерге сүргүнгѳ айдалары оюна да келбесе керек.

Кыргыз качкындары ата-журтуна минген аттары менен гана кайтып келе алышкан. Туулган жерине келген Узак кийинчерек баягы катылган алтын тыйындарын сатып, мал алып «миң койлуу Узак» атка конот.

1924-жылы 55 жашка келип калган Узак байбичеси менен бала жытына зар болуп, жашоого нааразы болуп, кемпири экѳѳ кайгырып атканын аталаш тууганы Мажик угуп калат. Мажик жубайы Мѳѳркан менен кеңешип, «биз жашпыз, Кудай берсе дагы балалуу болорбуз» деп, эски кыргыз салтын улай бешикте жаткан баласы Бакирди Узактын боз үйүнүн босогосуна тыштап кетет. Узак ата менен байбичеси Кѳрпѳш апа Бакирди асырап алып, ѳз аттарына каттатып алышат.

Кулакка тартуу саясаты. Сүргүн жылдары

Арадан 5-6 жыл ѳтпѳй совет бийлиги айыл чарбаны коллективдештирүү жеке чарбаларды жоюу менен дыйкандарды кооперативдерге бириктирүү саясатын баштайт. Бул саясаттын алкагында «кулактарды эзүүчү тап катары жоюу» деген ураан менен репрессиялар, күч колдонуу ыкмалары башталат. Аталган саясаттын кесепетинен миллиондогон совет жарандары запкы тарткан. Алардын бири 6 жаштагы Бакир эле. Алты жашар Бакир бакма, асырап алган ата-энеси менен «кулак» деп аталып, ээликтеринен ажырап, бѳтѳн жерге сүргүнгѳ айдалууга мажбурланган.

Саруудагы «кулак» деп аталган үй-бүлѳлѳрдү Кызылсуунун кѳл жээгиндеги «Пристань» деген жерде чогултушат. Бакирдин ѳз ата-энеси Узактын башына түшкѳн кайгыны угуп, коштошкону келишет. Кѳрпѳш апа Бакирди бекем кучактап, асырап алган баласынан айрылып калуудан коркот. Аны сезген Мажик менен Мѳѳркан «Биз баланы талашканы келгенибиз жок. Биз коштошолу деп келдик. Бала баккандыкы. Силерге кандай тагдыр жазбасын Бакир силердики[1]» деп уулу менен коштошушат.

«Кулак» деп куугунтукталган үй-бүлѳлѳр Саруудан Балыкчыга чейин кеме менен алынып келинип, Балыкчыдан Фрунзеге чейин араба менен ташылган. Фрунзеден жүк ташуучу вагондорго салынып, Украинага сүргүнгѳ айдалышат. «Жол азабы, кѳр азабы» дейт кыргызда. Фрунзеден Украинанын Херсон облусунун Виноградово (мурунку Чалбасы) айылына чейин 4300 километр. Бул аралыкта терезеси, дааратканасы жок жүк ташуучу вагондордо кичинекей эмчектеги ымыркайдан, ѳспүрүм кыздар, улгайган кары-картаңдарга чейин толтурулган жүргүнчүлѳр ташылган.

Жолдон кѳбүнүн кѳзү ѳтүп кеткен экен. Узак ата жолдон Аскания-Нова деген корукка жетип, барчу жерине 200 километр калганда каза болот. Абышкасынан айрылып калган Кѳрпѳш апа ал жайына келгиче, кѳлдүк туугандарынан, тааныштарынан адашып калат. Бакирди колунан чыгарбай жаңы жерде башка куугунтукталган кыргыздар менен күн кѳрѳ баштайт.

Кѳрпѳш апанын жакын тууган иниси да кулакка тартылып, сүргүнгѳ айдалган экен. Сабаты жоюлган, кат тааныган иниси Кѳрпѳш апаны таап ѳз туугандарына кошот. Кѳп ѳтпѳй жаңы жерде Кѳрпѳш апа да кѳз жумат. Жетим калган жети жашар Бакир ата-энесинен айрылып калган кыргыз балдары менен эски, тѳбѳсү түшкѳн чиркѳѳдѳ күн кѳрѳ баштайт.

Бул күндѳрдѳ Кѳрпѳш апанын кат сабаты жоюлган, мугалим болуп эмгектенген иниси Бакирди издеп таап, балдар үйүнѳ ѳткѳрүп берген экен.

1931-жылдан 1938-жылдын июнь айына чейин Украина ССРнин Одесса облусунун Скадов районуна караштуу Чалбасы орто мектебинде биринчи класстан жетинчи класска чейин окуп, ошол эле Чалбасы айылындагы атайын жетим калган кулактардын балдары үчүн ачылган балдар үйүндѳ тарбияланган.

1938-жылы саруулук кыргыздар Бакирге ѳз ата-энеңе кат жаз деп кеңеш беришет. Бакир бир нече жолу саруулук ата-энесине, туугандарына кат жазып, алып кетүүсүн суранган. Бакирдин бѳтѳн жерде жетим калганын угуп, туугандары кеңешип, Узактын кат-сабаты жоюлган иниси Карасартты Украинага жѳнѳтүшѳт. Карасарт он беш жашка чыгып калган Бакирди Сарууга алып келет.

Сүргүндѳн кийинки жылдар

Бакир ата-журтуна кайтып келгенден кийин дагы «кулактын тукуму», «спецпереселенец» деген ат ээрчип жүрѳт. Андыктан Бакир фамилиясын «Мажиков» деп ѳзгѳртүүгѳ дуушар болгон. Бакир 1938-жылдын сентябрынан тарта 1941-жылга чейин Саруу орто мектебинде окуган. Ата-Мекендик согуш башталгандан соң ѳз каалоосу менен согушка барууга арыз жазган. Бирок туугандары Узактан жалгыз калган уул деп алып калышат.

1962-жылдан тарта 1978-жылга чейин Жети-Ɵгүз райондук билим берүү бѳлүмүндѳ башкы эсепчи болуп эмгектенген. 1978-жылдан 1990-жылы ардактуу эс алууга чыкканга чейин башкы экономист болуп иштеген.

Бакир Жекшенбек, Кѳчкүнбек, Жыргалбек аттуу үч уулдуу болот. 1994-жылы 14-октябрда Мажиков (Алжанов) Бакир саясый куугунтуктоолорго кабылып, сүргүнгѳ айдалганы мамлекет тарабынан моюнга алынып, толугу менен акталган.

Көз жумганына он беш жылдын жүзү болуп кады. Азыркы учурда неберелери, чѳбѳлѳрү атын ѳчүрбѳй тукумун улап келет. Маек учурунда Бакир атанын кичүү уулу Жыргалбек небересинин ысымын чоң атасын эстей жүрѳлү деп Узак деп атаганын айта кетти. Маек куруп, атасы, чоң атасы жѳнүндѳ айтып берген Мажиков Жыргалбекке жана келини Гүлназга терең ыраазычылык билдиребиз!

Булак: “Эсимде” долбоорунун тарыхый документтери, фото-сүрөттөрү менен таанышуу бул жакта>>>>

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

 

[1] Мажиков Жыргалбектин интервьюсунан.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз