Бир үзүм кебез
– Бир жеткинчек кыз атасынын чепкенин жамап олтурган, апасы жанына олтуруп акыл айтты:
– Балам, бул дүйнөдө жаратылган жандуу-жансыздардын эч бири керексиз болуп жерде калганы болбойт.
Угуп олтурган кыз чепкенди жамап болуп, жердеги чачылып жаткан кебездин майда булаларын чогултуп, ачык терезеден сыртка ыргытты:
– Апа, мына бул ыпыр-сыпыр эмнеге жарамак эле, мунун кимге кереги бар?
– Балам, ал да жерде калбайт, – деди апасы.
Терезеден карап олтурушса, бир кезде баягы кебездин майда булалары шамалга учуп, аны көрүп калган бир чымчык тумшугу менен илип учуп кетти. Кыз энесинен сурады:
– Жанагы кебездин булаларын чымчык терип кетти, аны эмне кылат?
Анда апасы:
– Көрдүңбү, балам, күн айланбай жанагы айткан сөздүн келгенин. Ал чымчык уясына төшөп, жаш балапандарына мамык жасайт, – деген экен.
Атантай жоомарт
Атантай жоомарт өзү аябагандай бай болсо да, күн сайын бир маал үстүнө эски кийим кийип, отун алып, чөп чаап кара жумуш жасайт экен. Бир күнү өзүнүн жакын тааныштарынын бири сурайт:
– Жоомарт, кудай берген дөөлөтүңүз бар, ачка – тамак, жылаңачка – кийим, үйсүздөргө – үй болдуңуз, ошондой болсо да өз кадырыңызды кетирип, кембагал адамдай отун алып, чөп чапканыңыздын мааниси эмнеде?
Жоомарт жооп бериптир:
– Буга төрт түрдүү себеп бар. Алгачкысы: мыкты ат, асыл кийим, ашынган дөөлөттүү сөөлөт күтсөң, көңүлгө жел киргизет; ошол жээликкен көңүлдүн айынан турмушу төмөн бей-бечараларды жерип, көз салбай, алардын кем-карчына жардам берүүнү унутуп койомбу деп корком. Экинчиси: колумда болсо да мен жумуш кылсам, бул кемчилик эместигин көрүшүп, кийинкилер үлгү алса дейм. Үчүнчүсү: күн сайын өз мээнетим менен тапкан бир-эки тыйынга нан сатып алып жесем, ал тамак мага аш болумдуу, эмгек менен тапкан оокаттын даамы ширин, сиңимдүү. Төртүнчүсү: кудай тааламдын берген ырыскы-дөөлөтүн өзүм билип, тийиштүү ээлерине бербей, көбүн өзүм ичип-жеп, өзүм пайдалансам, малды берген ээсине күнөөкөр болуп калгандан корком, – дептир.
Акылуу бай туралуу аңгеме
Бир нече жакшы адамдар жетим-жесир калган аялдын үй-бүлөсүнө жардам бермекчи болушуп, үй кыдырып жүрүп, бир байдын үйүнө туш келишет. Бай кызматчысын бир кулач жипти жамгырда калтырып саласың деп катуу урушуп жаткан экен:
— Сен билбейсиң, бул кичинекей жип болсо да, акча коротуп сатып алган буюм, акча табуу оңой дейсиңби...
Муну уккан адамдар өз ара сүйлөштү: “Бир жаман жипти талаада калтырдың деп кейип жаткан адам эмне берип жарытмак, бекер оозубуздун желин коротпой кете берели”, – десе, экинчиси: “Эмнебиз кетмек эле, атайын келген соң айтып көрөлү”, – дейт. Бай адеп сактап аларды үйүнө киргизди, дасторкон жайды. Келген жумуштарын угуп, дароо эле башкаларга караганда эки эсе көп акча берип, мындан тышкары төрт-беш кап аштык эгин беремин деп убада кылды. Буга таң калган адамдар кызматкерин бир кулач жип үчүн каарып урушуп жатканын көрүп, аны сараң деп ойлошконун айтышты. Ошондо бай минтип жооп берди:
— Аз нерсени азсынбай, кадырын билип жыйнаганымдан улам ушундай кем-карчтарга жардам бергенге колум жетип жатпайбы, жыйнактуу, сарамжалдуу болуу — сараңдыкка жатпайт, — дейт.
Айбандын эси бар, акылы жок
Ит адамдын чыныгы досу. Дүнүйө жүзүндө иттин түрлөрү көп: бири короочу, бири үй ичин күзөтөт, бири малчыга жардам берет, бири аңчыга көмөктөшөт, бирин ат сыяктуу чанага чегип жүрөт. Булардын баарын убактысы келгенде айтаарбыз.
Англия өлкөсүнүн эң чоң шаары Лондон калаасында өрт чыкса, күйүп жаткан үй ичинде калган балдарды алып чыгуу үчүн машыктырылган иттер бар. Ошолордун бири Боб деген ит он эки баланы өрттөн алып чыгыптыр.
Бир күнү үй өрттөнүп, өрт өчүрүүчүлөр келген убакта, бир катын боздоп ыйлап жатты, балам өрт чыккан үйдө калды деп. Өрт өчүрүүчүлөр алиги Бобду жиберди. Боб жүгүрүп үйгө кирип, түтүндөн көрүнбөй калды. Бир аздан соң баланы көйнөгүнөн тиштеп алып келди.
Энеси кубанып, баласын кучактап өпкүлөп жатты, а өрт өчүрүүчүлөр иттин күйгөн жери жокпу деп карамакчы болгондо, Боб жулунуп чыгып кайрадан күйүп жаткан үйгө кирип кетти. Баары тигил үйдө дагы калып калган бала бар го деп ойлошкон... Бир аздан соң Боб бир нерсени тиштеп чыгып келди. Карашса, алып келгени бир чоң куурчак экен.
Айбан дос
Бир мырза токойдон аюунун мамалагын кармап келип, аны аябай жакшы бакты. Бир күндөрү мырза катуу ооруп, бир айдай төшөктө жатып, мамалак каралбай калып катуу жүдөп, мырзанын айыгышын зарыгып күтүп жүрөт. Бир аз убактан кийин оорусунан жакшы болуп, мырза эшигинин алдында күн чубактап олтурду. Күндүн илебине мемиреп жыргап олтурду, бирок кубаласа болбой бети-колуна конгон чымындар тажатты. Жанындагы мамалак муну көргөн эле. Мырзага тынчтык бербеген чымындарга жини келди. Бир кезде тура калып жулунганда чынжыр үзүлдү, таманы менен бетке соккондо, мырза калпактай учуп түшүп, ошол жерден жан берди дейт.
Бул иш Дөөтү пайгамбардын тушунда болгон экен. Мамалакты эл пайгамбардын алдына сүйрөп барышат, буга кандай жаза беребиз деп. Азирети Дөөтү пайгамбар мамалактан сурайт:
— Эмне себептен кожоюнуңду өлтүрдүң?
Мамалак ыйлап мындай дептир:
— Кожоюнум мени баласындай багып, асырап жүрчү эле, ал ооруган учурда мени баккан киши болбой, кожоюнумдун айыгышын күтүп зарыктым. Бүгүн ал оорусунан жакшы болуп, төшөктөн туруп, сыртка чыкканына кубандым. Ал күнгө жылынып отурганда чымындар тынчтык бербеди. Чымынга ачуум келип, уруп жиберсем кожоюнум эмне себептен экенин билбедим, өлүп калды. Мен кожоюнума кастык кылайын деген жок элем, чымынды өлтүрөйүн дегем, –дептир.
Асыл чөп
Зулайка мен Батима деген бирөөнүн кызматында жүргөн эки кыз төбөгө бирден жашик жемиш көтөрүп калаага баратышкан. Зулиха ахалап-ухулап чарчадым деп, Батима күлүп, азилдешип келатышты. Ошондо Зулиха айтты:
– Сен кантип чарчабай кубанып келатасың, төбөңдөгү жашиктин салмагы менин башымдагыдан кем эмес, өзүң деле менден күчтүү эмессиң?
– Мен жашигимдин ичине оорду жеңилдете турган бир чөп салып койгом, –деди Батима.
– Ай, андай болсо ал чөптүн атын айтчы, мен да оорумду жеңилдетейин, – дейт Зулайка
– Ал чөп сени колуңа тийбейт деп корком, аты сабыр деген экен.
Казак тилинен оодарган Абийрбек Абыкаев
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.