Ыбырай Алтынсариндин адабий мурастарынан – 2

  • 18.02.2025
  • 2222

1-бөлүк мында>>>>

Оорудан – аёо күчтүүрөк

Сейит жол четинде баратканда, бир араба байкабай сүзүп кетип, бутун сындырып алат. Ойбойлоп ыйлап жаткан баланы көрүп коркуп кеткен апасы эсинен танат. Муну көргөн Сейит ыйламак турсун сынган бутун таңып жатканда да үн чыгарбай, кабагын да чытпайт. Ошондо сыныкчы киши:

— Бутуң ооруган жокпу, бир үн чыгарган жоксуң? — деп сурады.

Сейит, апасы чыгып кеткен соң демин ичине алып, сыныкчыга шыбырайт:

— Оорумак түгүл жаным көзүмө көрүндү, бирок жанымдын кыйналганын көрсө апам кыйналып, ооруп калбасын деп чыдап жатам, – дептир.

Адеп

Эл башы аким бир байга жолугуп сүйлөшүп турса, жанынан бир бечара адам өтүп баратып ийилип салам берди дейт. Ага тигил аким төрө өзүнөн төмөнүрөк ийилип салам берет. Жанында турган бай:

– Таксыр, ушунча элдин башында турган кадыр-барктуу акимсиз, анан ушул бечара адамга эмнеге мынчалык ийилип салам бересиз? – десе аким:

– Эч бир билими жок бечара адам ийилип салам берип, адептүүлүгүн көрсөтүп жатса, мен андан адепсиз болуп калайынбы? – дептир.

Ата-бала

Бир адам он жашар баласын ээрчитип, жөө келатышса, жолдо жаткан аттын эски такасын көрүп, баласына айтат:

— Алдагы таканы, балам, ала жүр.

Бала атасына:

— Сынган эски таканы алып эмне кылайын?

Атасы унчукпай, таканы өзү алып, баштыгына салып койду.

Калаа четинде темир усталар бар экен, ошо жерге жеткенде атасы жанагы таканы аларга үч тыйынга сатты. Андан бир аз өткөн соң, чие сатып отургандардан үч тыйынга бир топ чие сатып алды. Ошону менен чиени оромолуна түйүп, четинен өзү бирден алып жеп, баласына карабай бара берди. Бир аз өткөндө атасынын колунан бир чие жерге түшүп калат. Артында келаткан баласы да кызыгып келаткан экен, шып этип жерге түшкөн чиени алып, оозуна салды. Биртикеден соң жана бир чие, анан бираз өткөн соң дагы бир чие, ошентип атасынын колунан түшкөн чиени он чакты жерден илип жеди. Эң соңунда атасы токтоп туруп айткан экен:

— Көрдүңбү, жана таканы жамансынып жерден бир жолу көтөрүп алуудан эриндиң, эми ошол такага алган чиенин жерге түшкөнүн алам деп бир эңкейүүнүн ордуна он эңкейдиң. Мындан кийин эсиңде болсун: аз жумушту кыйынсынсаң, көп жумушка туш болосуң, азга канагат кылбасаң, көптөн да кур каласың.

Аалым киши

Улуу аалымдан динге жаңы кирген адам:

— Таксыр, мен ыйманды канткенде үйрөнөм? — деп сураптыр.

Аалым айтат:

— Чыккан күн мен айдан, көк менен жерден, суу менен желден, жер мен тоодон, жамгыр менен кардан үйрөн,—деди.

Суроо берген адам бул сөзгө түшүнбөй далдырады. Ошондо аалым айтты:

— Талаага чыксаң көк менен жерди көрөсүң, күн менен айды, асмандагы жылдыздарды, тоону-ташты, жел менен жамгырды — ошонун баарын көрүп, ошолорго карап ой жүгүртсөң, анын баарын адам жарата албасына көзүң жетет. Андай болсо анын баарын жоктон бар кылган бир Кудурет болсо керек да биз көрбөгөн. Ойлонуп ошого акылың жетсе, ыйманыңдын жартысын тапканың ошо, —дептир.

Канагат

Азирет Аалыдан бир жут келип сурады дейт:

– Көп байлык кантсем табылат?

Аалы айтты:

– Канагат кылып, напсиңди тыя бил. Малың канча көп болсо да канагат кылбаган адам байлыкка тойбойт. Малы канча аз болсо да барына канагат кыла билсе, ал адамдын көңүлү тынч, жаны жай, ошон үчүн, – дейт Азирет Аалы, – байлык канагатта.

Улукман аким

Улукман акимге бир сопу сымак адам эл чогулган жерде айтты:

— Сиздин ооруга дем салганыңыз күнөө, Кудайдын жиберген оору-сыркоосуна себеп табам дегениң, Кудайга каршы чыкканының деп эсептейм.

Улукман ага минтип жооп берди:

— Андай болсо ушул айткан сөзүңүз жазылган китепти көргөзүңүз, ишенимдүү китеп болсо, тобо кылып, дарыгерликти токтотоюн.

Сопу бул сөздү эч бир китептен көргөн эмес, китепти издеп таап келем деп да ойлонгон жок. Жыйылган эл чуулдады:

— Сопу, Улукман жесирге байдай, жетимге атадай болуп нечен муңдуу бей-бечаралардын көз жашын тыйды, сен бул ишти күнөө десең, китебиңди көрсөт, болбосо казыга алып барып, жазалатабыз.

Иштин чатакка айланып баратканын байкаган Улукман элден суранып, сопуну обочо жерге алып чыкты:

— Алла ыраазы болсун молдом, билишиңизче мени күнөөдөн тыюу үчүн акыл айтканыңызга. Бирок бизден да сизге бир акыл айтылсын: эгер бир иш жасагыңыз келсе, ал ишке оболу акыл салып, анан көзүңүздү ачыңыз, андан соң акылыңыз макул болсо, көзүңүз көрүп жөндүү деп чечсе, тилиңиз менен колуңузга ошондон кийин эрк бериңиз. Экинчиден, сиздин сөздөн аз окугандыгыңыз көрүнүп турат. Кудай таала адамга ар кандай мүчө берди: кол берди жумуш кылыш үчүн, бут берди басып жүрүш үчүн, кулак берди сөз угуш үчүн, акыл берди ойлонуп, жаман-жакшыны ажыратууга. Ошол мүчөлөрдү орду-орду менен пайдаланбасаң, Кудайдын буйругуна каршы келсе керек. Ошондуктан баспай, турбай, отурбай, көрбөй, укпай Кудайга каршылык кыла албайсың. Ошол сыяктуу эле жансызды да жөн эле жараткан жок. Бир чөптү уу кылып жаратты, экинчи чөптү ага дары кылып жаратты. Буларды таанып, билип, буйрукту орду менен аткарбасаң күнөөлүү болосуң, ал эми аларды орду менен пайдалансаң зыяны жоктур,— дептир.

Муңсуз адам

Бир падышанын кан айымы ооруп, элден чыккан нечен-нечен дарыгерди жыйып, дарылатса оорусуна шыпаа табылбайт. Падыша бир күнү бакшы-дарыгерлерди чогултуп буйрук кылды:

— Тез арада бардык билген амалыңарды жасап кан айымды айыктырасыңар, эгер айыктыра албасаңар, башыңарды кесем...

Бакшы-дарыгерлер айласы кеткенде арасынан бирөө суурулуп чыкты. “Мен аны кантип дарылашты таптым”. Аны хан алдына алып барышты.

— Дүнүйөдө эч муңу жок кишини таап, ал кишинин көйнөгүн кийгизсеңиз бул оору таза айыгат, – дейт ал.

Падыша жер жүзүнө жасоолдорун жиберип, алар муңу жок киши издеп жүрүштү. Бирок канча издесе да андай адам табылбайт. Бирөө бай, бирок баласы жок, экинчисинин же катынынын, же баласынын мээрими жетишпейт, үчүнчүсүнүн бирөөлөрдөн кордук көргөн жайы бар, дагы биринин же өзү, же катын-баласынын бири оорулуу, болбосо баарын Кудай жайнатып берип турса да напсисин тыя албайт, болгонго канагат кылбай, дагы болсо экен деген эңсөөсү чоң.

Күдөрлөрү үзүлүп, муңу жок адам болбойт экен деп калган күндөрдүн биринде падышанын баласы бир кедей адамдын талаадагы бузулуп араң турган тамынын жанында айткан сөзүн угуп калат: “Бүгүнкү жумушум бүттү, курсагым тойду, эми эмне арман бар дейсиң, андан көрө жатып эс алайын” – деп дубал түбүндө салынган саманга жатты да, коңурукту кош тартып уктап калды.

Канзада сүйүнүп кетип, падышага муңу жок адам таптым деп кабар берди. Падыша кубанып жасоолдорун жиберип, ал кедейди ордого алдырды. Алып келген соң, бул адамга алтын-күмүш камдап, көйнөгүңдү бер дешсе, ал бечаранын бир да көйнөгү жок экен.

Мээримдүү бала

Кытай элинде эски мыйзам бар, ууру кылган кишинин же бирөөнү алдаганы билинип калар болсо, колун кесе турган. Бир төрө ушундай иш менен күнөөлүү болуп, алиги айтылган жазаны аткарарда күнөөлүү төрөнүн жаш кызы атам үчүн жооп берем деп келет. Кызды падышага алып келишет.

– Таксыр, падышам, – деди кыз, – атамдын күнөөлүү болгону ырас, ошон үчүн колунан айрылганы турат, мынакей, таксыр, атамдын колу, – деп өз колун көтөрдү.

– Бул кол да менин күнөөлүү болгон атамдын колу, бирок муну менен бала-чакасын багууга чамасы жетпейт. Буйруңуз, таксыр, ушул начар колун кесип, жумушка жарап, бала-чакаларын багар колун атама калтырууга.

Падыша баланын атасына мээримдүүлүгүнө ыраазы болуп, төрөнүн күнөөсүн кечти дейт.

Мөмө бактары

Жаздын керемет күнүндө бир төрө өз уулун ээрчитип, бакча аралап жүрүштү.

– Ата, эмне үчүн бул бак түптүз да, а тиги бак кыйшыйып, бутактары арбайып көрксүз?

– Анын себеби, уулум, тигил бак убагында буталып, багуу-кагуу көргөн. А тиги бак каралбай, өз алдынча өскөн.

– Андай болсо багып-кагууда көп маани бар турбайбы, – деп таң калды баласы.

– Багуу-кагууда көп маани бар экенинде шек жок, чырагым. Мындан сен да өзүңө сабак ал. Мен сенин кетирген ката иштериңди түзөп, пайдалуу ишке үйрөтсөм, сен менин айтканымды угуп, тууралап турсаң, жакшы адам болуп чыгасың, тил албай өз билгениңди кылсаң, сен да мынабул кыйшык дарактай өсөрүң бышык.

Казак тилинен оодарган Абийрбек Абыкаев 

Уландысы мында>>>>

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз