Ыбырай Алтынсариндин адабий мурастарынан – 3

  • 11.03.2025
  • 227

Башы мында >>>>

Жамандыкка жакшылык

Кызылбаш падышанын Абдулла деген вазири бар эле. Анын заманында журт бузулуп, бир күнү вазир падышага келаткан жеринен бир топ эл алдын тосуп: “Айтканыбызды аткарбасаң өлтүрөбүз” дешип, арасынан батымдуу бирөөсү вазирди сакалдан алат. Вазир сабырдуулук кылып унчукпайт. Булардан чыккан соң падышага барып, элдин сураганын аткарыңыз деп өтүнүп, макул кылат. Өзүнүн көргөн кордугу үчүн эч кимди жазалабашын сурайт.

Эртеси вазирге бир соодагер келип:

– Таксыр, кечээ сакалыңызды жулган кошунам Нагым деген киши болчу, ага жаза бериңиз, ошону айтып койгону келдим, – дейт.

Муну уккан вазир соодагерди кетирип, Нагымды чакыртты. Нагым кечээги ишим үчүн жазалайт экен деп корконунан вазирдин аягына жыгылып кечирим сурайт. Вазир Нагымды колтугунан сүйөп тургузуп, мындай деди:

– Сени жазалайын деп чакырткан жокмун. Соодагер кошунаң жакшы киши эмес. Сенин атыңды ошол келип айтты. Мындан ары ал кишиден сак жүр. Ушуну айтып коёюн дедим. Эми аман бол! –деп узаткан дейт.

Бай менен жардынын баласы

Асан деген байдын баласы, Үсөн деген жардынын баласы курдаш экен. Бир күнү эл көчкөндө кырдын ары жагына ойноп кетишип, аларды эч ким эстебей, экөө журтта калат. Бир кезде айыл жок, журт бош. Асан айгай салып ыйлайт. Үсөн ойлонуп турду да мындай дейт:

— Ыйлагандан пайда жок. Көчкөн элди издейлик.

— Элди кайдан табабыз? Кайда кеткенин көрбөсөк, – дейт Асан.

Үсөн жооп берген жок. Асанды ээрчитип журтка келди. Журтта сынган ийне жаткан экен, аны алды да бычактын сыныгын, бир түймөк кыл да таап алды. Андан соң журттун айлансынан көчтүн изин таап, ошол жакка жөнөштү.

Бир аздан кийин из экиге бөлүндү. Муну көрүп Асан ыйлай баштады.

— Эми кайсынысына түшөбүз? — деп. Үсөн карап жүрүп, бирөөнү көргөздү:

— Мына бул из, бүгүнкү көчтүн изи экен, малдын тезеги жаңы.

Бир аз жүргөн соң Асан курсагым ачты деп ыйлады. Үсөн унчукпай келатса, алдынан бир өрдөк учуп, көп узабай чоң ташка конду. Асан аны байкаган да жок. Үсөн жүгүрүп барып сыйпалап жүрүп, өрдөктүн уясынан алты жумуртка тапты. Асан кубанып, жумуртканы алайын деди эле, Үсөн алдырбай:

— Жолдон адашып көп күн жүрсөк, бизге тамак керек болот, өрдөктү кармайлы, — деди.

Асан айтты:

— Кантип кармайбыз?

Үсөн:

— Мен атамдын кармаганын көргөм, — баягы журттан таап алган кылды эшип тузак жасап, өрдөктүн уясына салды. Андан соң Асанды ээрчитип, таза жерге, калың чөптүн арасына барып жатышты. Көп узабай өрдөк уясына келип, тузакка илинди.

Өрдөктү Асан:

— Тирүү алып, ойноп баралык, — деди.

Үсөн:

— Жок, атам: өрдөк, каз адал куштар, муктаждыкта Кудай-таала буларды тамакка колдонууга буюрган. Бирок тирүүлөй байлап-матап кыйноо убал дечү эле, кыйнабай мууздайлы, — деп баягы журттан тапкан сынык бычак менен мууздады.

Түш оогондо экөө өзөндөгү сууга жетти. Суусундарын кандырып Үсөн:

— Эми бир тамак бышырып жейлик.

Асан:

— От жок, кантип бышырабыз?

Үсөн үндөбөй, суу жээгинен бир чакмак таш таап келди да, чапан өңүрүнүн айрыгынан бир тутам кебез сууруп алып, аны таш үстүнө койду да, бармагы менен катуу кысып, баягы бычактын сырты менен ташты катуу урганда, кебез түтөп, от тутанды. Айланасына кургак тезек калап, Үсөндү кургак бутактардан терип кел деди. От жагып, чогуна жумуртка бышырды. Өрдөктүн жүнүн жулуп жиликтеп, отко кактап шишкебек жасады. Курсак тойгон соң көңүлдөрү көтөрүлүп, Асан суу жээгине чуркап барып кыйкырып жиберди:

– И-ий! Үсөн, Үсөн! Тайыз жердеги балыктарды карачы!

Үсөн баягы журттан тапкан ийнени алып, отко ысытып, эптеп ийип, кайырмактын илмегин жасады.

– Асанга сен чегиртке тере бер, – деди.

Өзү баягы кылга илмекти тагып, талдан сап жасап байлады. Кайырмак даяр болгондо Асандын терген чегирткелерди илмекке илип сууга ыргытты.

Суу күзгүдөй тунук экен, ичинде ойногон балыктар дапдаана көрүнөт. Адегенде чабактардын бир-экөөсү кайырмакка илинген жемди тийип качып жыттап өтүштү. Аңгыча чабактар дүр этип үрктү. Көрсө, чортон балык келген экен. Чортон жемге карап да койбой өтүп кетти. Чортон кеткен соң майда чабактар кайрадан пайда болуп, жемди айланып ойношту. Бир кезде чабактар кайрадан үрктү. Бул жолу алабугалар келген экен. Жемди биринчи көргөн алабуга токтолбостон жем сугунду. Үсөн кайырмакты тартып, балыкты жээкке ыргытты. Ошентип Үсөн бир топ балык кармады.

Балыктын кызыгына батып, балдар кеч киргенин байкабаган экен. Үсөн күндү карап:

— Ой, кеч кирген тура, жарыкта кечмелик таап алалык, — кармаган балыктарын чапанына ороп, чакмак ташы менен кайырмагын жыйнап, кечмелик издеп жөнөштү. Күн батып, жол көрүнбөй калды. Түндөн балдар коркушту. Бирок Үсөн сыр билдирбей, эми кете берсек адашабыз, ушул жерге токтойлу деп, ыңгайлуу жер таап, тезек терип от жакты. Чарчаган Асан уйкуга кетти.

Үсөн: атам “элдүү жердин уурусу, талаа жердин бөрүсү болот” дегенин эстеп, уктабай, отту өчүрбөй, балык бышырып жеп олтурду. Бир кезде топ кийик келди. Буларга көз ирмемдей таңыркагандай турушту да, шарт бурулуп көздөн кайым болушту. Бир кезде жакын жерден карышкыр улуду. Арыраактан бирде адамча каткырып, бирде чуулдап ыйлаган чөө үнү угулду. Үсөн жүрөгү дүпүлдөп, колундагы таякты бекем мыкчып олтура берди.

Ошентип ар жаныбарды көрүп, оттун жарыгына жыйылган курт-кумурска, көпөлөктөрдү карап, бул көпөлөк-коңуздар эмнеге өлүм издеп отко түшөт деп сүйлөнүп олтуруп таң атырды. Күн чыгышта таң алтын менен чайыгандай кызарып, туш тарапка жайылып, акыры кызылы тарап баштаганда Үсөн Асанды ойготту: “Тур, кетелик”. Асан талаада жатканын унутуп, үйдөгү адатынча тургусу келбей атып, кайрадан жолго чыгышты.

Күн шашкеден өткөн кезде таштак жерге келишип, из көрүнбөй калды. Балдар андан ары кайда барышты билбей турушту. Ошентип эки жакты карашса, дөңсөөдөгү бейит көрүндү. Үсөндүн эсине атасынын “талаада адашсаң, бейитке жакын жерде суу болот, суу бар жерде эл бар” – дегени эсине түштү. Үсөн Асанды ээрчитип, бейитке жөнөштү. Жакындаганда каркылдаган каз үнү угулду. Үсөн жакын жерде көл бар экенин билди.

Экөө дөңгө чыгышканда көл көрүндү, көл жээгинде толо мал жайылып жүргөн экен. Балдар дөң ылый жүгүрүп келип карашса, мал өз айлынын малы экен. Малчылар Асан менен Үсөндү көрүп кубанып, ата-энелеринен сүйүнчү алабыз деп шашып, балдарды учкаштырып айылга келишти. Жолдо келатканда малчылар алардын журтта калганын билип, кечээтен бери аларды издешкенин айтышты. Бешим ченде балдар аман-эсен үйлөрүнө келип, ата-энелерине кошулду.

Баланын айласы

Бир адам жолдо келатып, жол таманындагы чоң ташка чалынып жыгылып ойлоду: бул таш адамга зыян келтирчү таш экен, жолдон алып таштайын. Ошол ой менен ташты көтөрдү эле, астынан кичинекей сандыкча чыкты, сандыкчаны ачса, ичинен бир жылан чыгып, аны чагууга камынды.

– Мен сени караңгы, тар жерден, туткундан бошотсом, жакшылыкка жамандык кыласыңбы? – деди тиги адам.

Жылан айтты:

– Жакшылыкка жамандык кылмай эзелтеден бар.

Адам айтты:

– Андай болсо бирөөлөрдөн сурайлы, сеники чын болсо анан чагарсың.

Жылан да бул сөзгө макул болуп, экөө төөгө жолукту. Төөгө булар иштин жайын айтып беришти эле:

– Жакшылыкка жамандык бар, эмне үчүн десеңиз: адамдын канча оор жүгүн, мүлкүн ташып, өмүр бою кызмат кылып келем, адам качан болсо чамам жетпеген оор жүк артат да, баса албасам уруп-согуп кыйнайт, – деди төө.

Муну уккан жылан адамдын моюнуна бир оролду. Андан ары барып жемиш бактарына туш болушту. Жемиш багы да мындай деди:

– Жакшылыкка жамандык бар, эмне үчүн десең: жемишимден канча адам жеп, пайда көрүп жүрсө да, жемишимди этият терип алышпай, катуу силкилдетип күбүп, бутактарымды сындырып кетишет.

Жылан адамдын моюнуна дагы бир жолу оролду. Андан ары итке жолугушту. Ит да алардын суроосуна мындай деди:

– Жакшылыкка жамандык бар, эмне үчүн десең: кожоюнума күнү-түнү уктабай, мүлкүн кайтарып көп жыл бою ак кызмат кылган элем. Картайып оорулуу болгонумда таяк менен сабап, көчөгө чыгарып салды.

Жылан моюнга дагы бир жолу оролуп, эми чакмай болду.

Адам айтты:

– Эми бирөөдөн сурап көрөлүк, айтканыңды чын дешсе чага бер.

Жолдо балдарды жолуктурушту. Алардын арасынан бир бала токтой калып адамга салам берди. Адам алик алып, ага иштин жайын түшүндүрдү. Бала окуянын чоо-жайын уккан соң:

– Эй, ата, сакалдуу башыңыз менен мени алдабаңыз, ушул кичинекей сандыкчага мойнуңузга үч оролгон узун жылан кантип батмак эле? 

Ошондо жылан:

– Анын айтканы чын деди.

Бала дагы эле ишенген жок.

– Бул сөзгө өз көзүм менен көрмөйүнчө ишенбейм, – деди ал.

Ошондо жылан баланы ишендирмек болуп, адамдын моюнунан сойлоп түшүп, сандыкчага кирип оролуп жатты. Бала сандыктын оозун тез жапты да, адамдын колуна карматты. “Алпарып ордуна таштаңыз”, – деп.

Дүйнөдө жамандык кайдан чыгат

Дүнүйөдөн аша кечип, думана болуп кеткен бир ак жүрөк адам токойдо жашап калат. Токойдогу аны-мунудан коркпойт, андагы жашаган жан-жаныбарлардын тилин түшүнүп, алар менен сүйлөшө билчү экен. Бир күнү чоң дарактын түбүндө жаткан эле. Ага жакын жерге түнөмөк болуп, карга, кептер, бугу, жылан келишет. Алар бир кезде “Дүйнөдө жамандык кайдан чыгат”, – деп талаша кетишти.

Дүйнөдөгү жамандыктын түбү – тамак-аш, тамакка жакшы тоюп алган соң тула боюң жыргап, айланаң сонун көрүнөт, ага кубанасың, ал эми бир күн ачка калсаң көзүңө көрүнгөндүн баары иттин өлүгүнөн да жаман, кудайдын күнүнө да карагың келбейт, кайда барарды билбей, бир жакка жоголгуң келет. Учуп жүрүп бир жерге коносуң, дарманың аз. Кайра учайын десең, эс ооп, мурдагыдан да акыбалың оор. Эмне кылып жүргөнүңдү, кайда жүргөнүңдү жакшы түшүнбөйсүң. Сени таш менен урат, ит-карышкырга жемсиң. Тамак таппай канча карга ачкасынан өлдү. Жамандыктын баары тамак-аштан деп чечен карга сөзүн бүтүрдү.

Дүйнөдөгү жамандык тамак-аштан эмес, жамандыктын түбү – махабат. Биз жалгыз-жалгыздан өмүр сүрсөк убайым, кайгы жок болмок. Жалгыз башка кедейлик, кемчилик жок. Биз жуп болуп жүрөбүз, жуп болуп өмүр сүрөбүз. Жарыңды өзүңдөн артык көрөсүң, жарыңды ойлоп сенде тынчтык жок. Ачпы, токпу, үшүгөн жокпу деп шорлойсуң да жүрөсүң. Бир жакка бөлөк учуп кетсе “эмне болду?” деп сарсанаасың; “карчыга куш көзүн чукудубу, балдар кармап алдыбы?” деп издеп учуп жөнөйсүң, ошентип каңгып жүрүп же куштун тырмагына, же тузакка түшөсүң. Жарың жоголсо, жарың өлсө, дүнүйөнүн кереги жок. Дүйнөдө жакшы эч нерсе калбайт. Оозуңа наар албай, аза күтүп ыйлайсың. Канча кептер ушундан өлдү, жамандык тамак-аштан эмес, махабаттан, – деп кептер көптө барып басылды.

— Жок, жамандык тамак-аштан да, махабаттан да эмес. Жамандыктын түбү — жаман мүнөз. Биз таттуу мамиледе болсок, кастык ойлобосок, кекчил болбосок, жакшы болор эле. Бир нерсе өзүң ойлогондой болбосо, ачууланасың, дүнүйө көзүңө жаман көрүнөт. Көзүң эмнеге түшсө баарын жек көрөсүң. Ойлогонуң бирөөдөн кек алуу. Бирөөнү чакмай болуп ышкырып, издеп ийрелеңдеп сойлоп жүргөндө, ачууланып өзүңдү-өзүң унутасың, эч кимди аябайсың: жолукканды чагасың, өзүңдү-өзүң жегиң келет. Чакканың өлгөндөн кийин да ачууң тарабайт. Дүнүйөдө жамандыктын баары – кара жүрөктөн, – жамандыктын ээси жылан ушундай айтты.

— Жок, дүйөнөдөгү жамандык тамак-аштан да эмес, махабаттан да эмес, жаман мүнөздөн да эмес, коркоктуктан. Коркпой турган болсо, дүйнөгө жакшылык жаагандай болор эле. Төрт аягыбыз турганда жел менен жарышабыз. Күч-кубатыбыз көп, күчтүү жоодон качып кутуласың. Бирок коркпосо да болбойт. Чырт этип бир бутак сынса, же жалбырак шырпылдаса, коркуп, титиреп кетесиң. Жүрөгүң так төбөңө чыгат, качып жөнөйсүң. Коён жүгүрүп келатса, куш канатын каккыласа, бутак сынса, жоо келип калды го деп тура жөнөйсүң, анан барып жоонун дал өзүнө барып урунасың... Же иттен качып, алдыга умтуласың. Коркуп, жүгүрүп жөнөйсүң. Кайда качып баратканыңды билбейсиң, жарга такалып, учуп өлөсүң... Уктаганда да бир көзүңдү ачып уктайсың, тыңшап жатасың. Баары корккондун азабы... бизде тынчтык жок. Жамандык коркоктуктан, – деп бугу сүйлөп бүттү.

— Жок, жамандык тамак-аштан да эмес, махабаттан да эмес, жаман мүнөздөн да эмес, коркоктуктан да эмес, биздин көрүп жүргөн жамандыктын баары – биздин денебизде: тамак-аш, махабат, жаман мүнөз, коркоктук баары – денеде өсүп-өнөт, алар дененин асырап өстүргөн балдары. Ошондуктан денени таза кармоо керек, – деп сөзгө аралашты ак жүрөк аксакал.

Жаныбек баатыр

Жаныбек баатыр жаш кезде акыл-билим үйрөнүү үчүн Каракерей Сокурабыз дегенди издеп келген экен. Салам берип кирип келсе, карылыктан эки капталына жибек жаздык жөлөп олтурган киши экен. Жаныбекти көрүп:

— Сен кайсы баласың? — деди.

— Кочкордун уулумун.

— Кочкордун бир эстүү уулу бар дешти эле, сен ошолсуңбу?

— Ошолмун.

— Балам, эмне жумушуң бар, бул жакта эмне кылып жүрөсүң?.

— Ушул жакта бир карыя атабыз бар дешкенинен, батасын алып, бир-эки ооз акыл-билим алсамбы деген элем.

— А-а!!! Элди бийлеп, журт башкарайын деген уул экенсиң, сөз багып, бий болоюн деген экенсиң, алдыңа келсе адилдигиңден тайба. Аймагың кетпес алдыңдан; кол баштап жол алайын деген уул экенсиң, жолдоштун миңин алба, бирин ал, миң кишиге бир киши олжо алып келет, олжо аябасаң, жолдошуң кетпес жаныңдан. Жүз жыйырма алтыга келдим, жаш күнүңдө калың бер да катын ал, жигитиң хан болор, кызыңдын ханым болор убактысы ошол, картайган соң өкүнбө, уулум. Каруу жыйсаң мылтык жый, жөө калсаң — таягың, карының ачса — тамагың.

Мындан чыгып, жүз токсондогу Тайган деген бийге келди. Келсе бийдин эли жер айдап жаткан кез экен, кош үстүндө кез болуп, салам берип, ат үстүнөн көрүштү. Мунусун жактырбаган бий сурады:

— Сен кайсы баласың?

— Кочкордун уулумун.

— Уулум, эмне кылып жүрөсүң?

— Ушул жакта бир карыя атабыз бар дешкенинен жолугуп, батасын алып, акыл-насаатын уксамбы дегем.

— Е! Е! Е! — деди ал. — Азуусу алты карыш аргындын Кочкорунун уулу Жаныбек, алчындын бир алжыган чалын келеке кылайын дебейсиңби.

— Мен сөз угайын деп келсем, көңүлүмдү кайтарды го, — деп атынын башын буруп жүрүп кетти.

Ал узап баратканда, бий:

— Эй, Жаныбек, — деп чакырды. Жаныбек артына қарады. Ошондо бий: — Атыңдын башын бурба, ошондой тур, бир ооз сөз менен көңүлүңдү кайтардым. Өгүздү өргө салба — канатың талыр, жаманга жүзүңдү бурба — шагың сынар, — деген экен.

Даанышман казы

Алжир журтунун падышасы Бакас деген кол алдындагы шаарлардын биринде даанышман казы бар, калп айтып аны бир да адам алдай албайт, доогерлердин кайсынысынын ишинин ак экенин жаңылбай табат дегенин угуп, анын калп чынынын текшерип көрмөй болду. Көпөстүн кийимин кийип казыга карай жолго чыкты. Шаарга кире бериште бир буту жок чолок кайырчы кайыр сурады. Бакас кайыр-садагасын берип, кетмекчи болгондо тиги анын этегинен кармап жармашты.

– Мен берчүмдү бербедимби, дагы эмне керек? – деди Бакас.

– Кайыр бердиң, бирок дагы бир жакшылык кыл, мени атыңа учкаштырып бул жерден чыгарып ташта, антпесе базарда ат менен төө мингендердин алдында тебеленип калчудаймын, – деди чолок кайырчы.

Бакас кайырчыны учкаштырып, базардан чыккан соң кайырчыны түшүрөйүн деп тизгинин тартты. Кайырчы түшкөн жок.

— Болду, аттан түш, базардан чыктык, – деди Бакас.

— Эмнеге түшөм, ат меники, атымды талашкың келсе, казыга баралы.

Тегерегиндеги экөөнүн талашын көргөн эл казыга баргыла деп чуулдашты.

Бакас кайырчы менен казыга келишти. Келсе, казынын алдында алардан мурда келген доогерлер бар экен. Казы ирети менен сурап олтуруп, бир молдо менен дыйканды чакырды. Бул экөө бир катынды талашып, молдо менин катыным десе, дыйкан менин катыным дейт. Сөздөрүн угуп болуп, казы аларга айтты:

— Катынды мында калтыргыла, өзүңөр эртең келгиле.

Алардан соң кезек бир касапчы менен май саткан адамга келди. Касапчынын тула-бою кан, майчынын үстү-башы май. Касапчынын колунда кармаган акчасы бар, майчы ошол акча кармаган колунан кармап коё бербей турган. Касапчы айтты:

— Мен бул майчыдан май сатып алып, акчасын берейин деп чөнтөгүмдөн алып чыккан элем, майчы акчаңдын баарын тартып аламын деп колуман кармап алды. Ошол кармаган боюнча акчаны тартып ала албаган соң, сага балээ саламын деп сизге алып келди.

Майчы айтты:

— Бул сөзү жалган, казы. Касапчы мага май сатып алууга келгенде, май куюп бердим. Ошондо касапчы айтты: бир алтын берейин, майдалап, ашыгын кайырып бер деп. Мен макул деп чөнтөгүмдөн акчамды чыгарып, алдыбыздагы тактайга койдум, касапчы акчаны алып качайын дегенде, колунан кармап, кетирбей сизге алып келдим, — деди.

Алардын сөзүн уккан казы:

— Акчаны мында таштап, өзүңөр эртең келгиле.

Эми кезек Бакас менен кайырчыга жетти. Бакас баштан аяк иштин чоо-жайын айтып, кайырчы да өз билгенин айтты:

— Муну сөзү жалган. Мен атыма минип, шаарга келаткан элем, бул көпөс жерде олтурган экен, шаарга жеткизип кой деп өтүндү. Мен аны учкаштырып шаарга келгенде түш десем, ат меники деп талашып жатат, — деди.

Казы бир аз ойлонуп:

— Атты мында таштап, өзүңөр эртең келгиле, — деди.

Эртеси көп киши чогулду казынын чечимин угабыз деп. Алгач молдо менен дыйкан келди. Аларга казы мындай өкүм угузду:

— Катын молдонуку, дыйканга элүү балак урулсун.

Ошол жерден эле өкүм аткарылды: катынды молдо алып, дыйканга жасоол элүү балак урду.

Экинчи касапчы менен майчы келди.

Казы:

— Акча касапчы, сеники, майчыга элүү балак урулсун.

Үчүнчү Бакас менен кайырчы келди.

Казы Бакастан сурады:

— Жыйырма аттын арасынан атыңды тааныйсыңбы?

Бакас айтты:

— Тааныйм.

Кайырчыга да ошол суроосун берди:

— Сен де тааныйсыңбы?

— Тааныйм.

– Анда мени ээрчигиле, – деп атканага алып барды. Адегенде Бакас өзүнүн атын таанып, жанына барды. Андан кийин кирген кайырчы да атты таанып, атка жакындады. Ошондон кийин казы ордуна келип өкүмүн жарыялады:

— Ат, көпөс, сеники, кайырчыга элүү балак урулсун.

Бул иштердин өкүмүн чыгарган соң, казы үйүнө кайтты. Бакас анын артынан калбай кошо ээрчип келди.

— Сен эмнеге келдиң, — деди казы. — Чыгарган өкүмгө ыраазы болгон жоксуңбу?

— Жок, — деди Бакас, — өкүмүңүзгө ыраазымын, бироқ билгим келди: катындын молдонуку экенин, акчанын касапчыныкы экенин, ат меники экенин кайдан билдиңиз?

Казы айтты:

— Катын туурасында билгеним, таң эрте катынды үйүмө чакырып: «кара сыя челекке кара сыя куй» дедим. Катын тез эле кара сыя челекти жууп, андан кийин кара сыя куюп, бул ишке эптүүлүгүн көрсөттү. Мындан улам кара сыя челек ага жакшы тааныш экенин билдим. Дыйкандын катыны болсо, андай ишке эпсиздигин көрсөтмөк. Ошондуктан молдонун сөзүнүн чындыгы билинди.  

Акча туурасында билгеним, акчаны кечээ кечке бир кесе сууга салдым да, таң эртең туруп карадым: «суу бетине май чыкпады бекен?» деп. Май чыккан жок. Мындан майчынын калп айтканын билдим, эмне үчүн десең, майчынын майлуу колу менен кармаган акча болсо, суунун бети майланышып калмак.

Баарынан сенин атың кыйынырак болду. Сен тааныган атты кайырчы да таанымак, бирок оюмда силерге ат таанытуу эмес эле, ат кимиңди тааныр экен деп атканага алып барган элем. Сен аттын жанына барганыңда окуранып, ат сага мойнун созду, кайырчы жанына барганда кулагын жапырып, турган жерин чапчыды. Мындан ат сеники экени билинди, – деди.

Ошондо Бакас мындай деди:

— Мен көпөс эмес, Бакас деген падышаңмын. Сен тууралуу журттун айткандары чын бекен деп атайын келген элем, эл айткандай бар экенсиң. Эми каалаган тилегиңди айт, — деди.

Казы:

— Мага сыйлык керек эмес. Падышамдын ушул мактаганы да жетишерлик сыйлык, – деди.

Казакчадан оодарган Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз