
Балапандай кезимде, балким беш-алты жашымада эле, чоңойсом сөзсүз жазуучу болорумду билчүмүн. Он жети жашымдан жыйырма төрт жашыма чейинки куракта бул мүдөөмдөн баш тартууга аракет кылганым менен, өз табиятыма чыккынчылык кылганымы, айтор, эртеби же кечпи акылымды пештеп, китеп жаза баштоом керек экенин билчүмүн.
Мен үч баланын ортончусу элем, ортодогу айырмабыз беш жаштан эле, бирок сегиз жашыма чейин атамды дээрлик көрбөдүм. Ушул жана башка себептерден улам алардан окчун жүрүп, менде бөтөндөрдү чоочуркаткан мүнөз бүтүп, мектеп жылдары эч кимге кошулбадым. Жалгыз өскөн балдар тейде менде да түрдүү окуяларды ойлоп тапканга жана кыялымдагы адамдар менен сүйлөшмөй адат пайда болду; менин оюмча, башынан эле менин чыгармачылык дымагым жалгыздык жана талантым бааланбайт деген сезим менен коштолду. Сөз жалгаштырганга жана жагымсыз фактыларды тайманбай талдоого жөндөмдүү экенимди, мунун өзү – күнүмдүк жашоодогу кемчиликтеримди ийгиликке айлантуучу жеке дүйнөгө ээ кыларын сезгем.
Ошентсе да ойноо бала курагымда татыктуу – б.а. терең ойлонулуп, жеткилең жазылган чыгармаларым беш-алты баракка жетпейт. Биринчи ырымды төрт же беш жашымда жаздым, апам аны менин айтканымдай кылып кагазга түшүрдү. Арстан жөнүндөгү ал ырда арстандын «тиши үстөлгө окшош» деген жакшынакай фразадан башка эч нерсе эсимде калбаптыр, бирок ал ыр Блэйктин(1) «Арстан, арстан» деген ырынан кымырылган болсо керек.
Он бир жашымда 1914–1918-жылдардагы согуш башталганда жазган патриоттук ырым жана эки жылдан кийин Китченердин көз жумганы тууралуу ырым жергиликтүү гезитте басылды. Жашым бир аз өйдөлөгөндө, маал-маал бышпаган жана демейде аягына чыкпаган «табият жөнүндө ырларды» георгиан стилинде жаздым. Ошондой эле эки жолу кыска аңгеме жазганга аракет кылып, ойрон болдум. Мен ошол жылдары терең ойлонуп жазган чыгармаларымдын толук тизмеси ушундай.
Бирок бул жылдары кайсы бир деңгээлде адабий ишмердик менен алектенип жүрдүм. Обол ар кандай буйрутмаларды аткардым, аларды тез, жеңил, бирок кыпындай ыракат албай жаздым. Мектепте берилген тапшырмалардан тышкары vers d'occasion (2), жарым азил ырларды бүгүн үч уктасам түшкө кирбеген тездикте жаздым, он төрт жашымда Аристофанды туурап, бүтүндөй пьесаны болжол менен бир жумада рифма менен жазып салдым жана мектептин басмадан чыгу жана кол жазма журналдарын редакциялоого көмөктөштүм.
Бул журналдар кадимки журналдардын жүдөгөн пародиясы сыңар болгондуктан, мен аларга бүгүн эң арзан гезит-журналдарга макала жазууга кетирген убактымдан аз убакыт сарптачумун. Алдагы иштерге катар он беш жыл же андан көп мезгилди чыгармачылыктын такыр бөлөк түрүнө арнадым: өзүм жөнүндө түгөнбөгөн «тарых» жараттым, бул менин мээмде гана жашаган күндөлүк эле. Менимче, бул балдар жана өспүрүмдөргө мүнөздүү адат болсо керек. Балтыркандай кезимде, айталы, өзүмдү Робин Гуд жана укмуштуудай салгылаштарда өлбөгөн баатыр элестетчүүмүн; бирок көп убакыт өтпөй менин «тарыхыма» өзүм алымсынбай калдым, себеби ал бара-бара күндө жасаган жана көргөн нерселеримдин сүрөттөмөсүнө айлана баштады. Ал учурда менин башымда мындай ой жаралат: «Ал эшикти ачып, бөлмөгө кирди. Күндүн көз уялткан нуру жука даки пардадан өтүп, бетинде дөөт жана ширеңкенин оозу ачык кутусу жаткан үстөлгө чагылышты. Ал оң колун чөнтөгүнөн чыгарбай, терезе жакка басты. Таргыл мышык көчөдө кургак жалбыракты кармай албай кууп жүрдү.» ж.б.у.с.
Ушул адатым адабий чыгармачылыкка тиешеси жок жылдарыма – жыйырма беш жашыма дейре сакталды. Зарыл сөздөрдү издөөгө туура келгенине жана аларды издегеним менен, мунун баарын эркиме каршы кандайдыр сырткы күч мажбурлап жазып жаткандай туюлчу мага. Баамдашымча, менин «тарыхым» мен түрдүү куракта суктанган жазуучулардын стилин чагылдырган, бирок анын бир өзгөчөлүгү – ар бир окуя кылдат сүрөттөлчү.
Он алты жашка жуук куракта капылеттен эле жөнөкөй сөздөрдү тапканыма, б.а. сөздөрдүн дабышына жана айкалышына кубанганымды байкадым. «Жоголгон жаннаттан» эки сап (3):
Шайтан азап тартты, кара жанды карч уруп,
Бирок ал артка тартпай, өжөрлөнүп барат учуп.
Мурдакыдай сыйкырдуу көрүнбөгөн бул саптарды окуганымда муундарым титиреп кетчү, архаикалык орфография же «he» (ал) сөзүнүн ордуна «hee» жазылганына бөтөнчө ыракаттанат элем. Заттарды же окуяларды сүрөттөп жазуунун зарылдыгы жөнүндө эбак билчүмүн. Ошентип, кандай китептерди жазарым, эмнени жазарым түшүнүктүү болчу. Мен аягы кайгылуу бүткөн, ар бир окуя кылдат сүрөттөлүп санжыргалуу пассаждар менен эстен чыккыс салыштырууларга толгон жана сөздөрү кулакка жагымдуу аваз чыгарган килейген натуралисттик романдарды жазууну кааладым. Ырасында эле биринчи аягына чыккан романым – «Бирмадагы күндөрдү» отуз жашымда жаздым, бирок аны, ушу сыяктуу китепти алда канча мурда ойлоп койгон элем.
Мен мунун баарын жазып жаткан себебим, ишенимимде: жазуучунун балалык калыптануусу жөнүндө эч нерсе билбей туруп, анын эмне үчүн жазуучу болууга умтулганын түшүнүү мүмкүн эмес. Жазуучунун чыгармаларынын мазмунун ал жашаган доор аныктайт, бул канткенде да биздин күргүчтөп аккан революциячыл доорго мүнөздүү чындык. Бирок калемгер жазгандан мурда өткөн окуяларга эмоционалдык баасын берет (эмоционалдык мамиле түзөт) жана ал ойлорунан биротоло эч кутулбайт. Албетте, анын милдети – өз темпераментин ооздуктап, өнүүгүүсүндөгү өксүгүн айланчыктап калбоо же бузук ойго азгырылбоо керек: бирок жаш курагындагы окуялардын эмоционалдык таасирлерин унутуп койсо, өзүн жазуучулукка шыктандырган импульсту өлтүрөт.
Өмүргө каражат табуу зарылдыгын эсепке албаганда, чыгармачылык менен алектенүүнүн, тактап айтканда, проза жазуунун төрт негизги мотиви бар деп ойлойм. Ал мотивдер ар бир калемгерде ар кандай деңгээлде болот жана алардын пропорциясы ар бир жазуучуда, аны курчаган чөйрөгө жараша мезгил-мезгили менен өзгөрүп турат. Алар мындай:
I.
Таза эгоизм. Акылдуу болуп көрүнүүгө аракеттенүү, сиз жөнүндө сөз кылышып, өлгөнүңүздөн кийин унутуп калышпасы үчүн бала кезиңизде сизди киши ордуна көрбөгөн улуу курактагылардан өч алуу ж.б.у.с. Бул күчтүү мотив экенин куру сөз деп тануу жалчыбаган кеп. Жазуучулар мындай ойлорун окумуштуулар, художниктер, саясатчылар, юристтер, жоокерлер, иши жүрүшкөн ишкерлер менен, кыскасы, адамзаттын каймактары менен бөлүшүшөт. Элдин чоң бөлүгү ашынган эгоист эмес. Алар отуз жаштан кийин жеке амбицияларынан баш тартышат. Көпчүлүк учурда, чындыгында алар инсан (личность) болуу дымагын унтушат жана жалпылап айтканда, башкалар үчүн жашашат же жумуштун оорчулугуна моюн сунушат.
Лекин, таланттуу, эрки күчтүү, өмүрүн өзү көздөгөндөй жашоого арнаган адамдардын үркөрдөй тобу бар – жазуучулар ушул топко кирет. Жалпысынан алганда, беделдүү жазуучулар акчага анча кызыгышпаганы менен, журналисттерге салыштырганда атак-даңкка көп маани беришет жана бир кыйла эгоист болушат.
II.
Эстетикалык кызыгуучулук. Дүйнөнүн кооздугун кабылдоо же экинчи жактан, сөздүн көркөмү – алардын туура жайгаштырылышында. Бир үндүн экинчи үнгө таасир этүүсүндө, жакшы жазылган прозанын кудуретинен же мыкты аңгеменин ыргагынан (ритминен) алган ыракатта. Адамзаттын сиз баалуу деп тапкан жана сиз пайдасыз жоголбосун деп эсептеген тажрыйбасын бөлүшүүнү каалаганыңызда. Көпчүлүк жазуучуларда эстетикалык мотив өтө эле начар, атүгүл памфлетистте же окуу китебин түзүүчүдө эч кандай жүйөөсүз эле өзү сүйгөн сөздөрү жана фразалары болот; ал барактардын көркөм жасалгасын, барактардын бетиндеги боштукту ж.б.у.с. нерселерди жакшы көрүүсү мүмкүн. Көркөмдүк деңгээли темир жол маалымнаамасынан (справочнигинен) жогору китептердин баары эстетикалык таанып билүүдөн эркин болбойт.
III.
Тарыхый импульс. Заттарды жана окуяларды дал өзүндөй көргөндү каалоо, чыныгы фактыларды издөө жана аларды урпактар үчүн сактоо.
IV.
Саясый максат. Биз «саясый» сөзүн мүмкүн болгон кеңири маанисинде колдонобуз. Дүйнөнү белгилүү багытка түртүү ыкласы, адамдар ой-мүдөөлөрүн өзгөртүп, алар умтулуучу коомду көрсөтүү. Бир да китеп саясый тенденциядан эркин боло албайт. Алтурсун көркөм өнөр (искусство) менен саясат ортосунда орток эч нерсе болбош керек дегендин өзү саясый позиция.
Түрдүү импульстар бири бири менен кантип кагылышканын, алар кишиден кишиге, замандан заманга кандай өткөнүн көрүү кыйын эмес. Мен табиятыман – «табият» деп киши өзүн эрезеге жеткенин адеп сезген мезгилди алсак, үч мотивди төртүнчү мотивден артык баалаган кишимин. Бейпилчиликте ашыкча көркөм же баштан аяк баяндоо түрүндөгү китеп жазып коюп, өзүмдүн саясый мияттыгыма эч көңүл бурбай жүрө беришим мүмкүн эле. Бирок пешенеге жазганы экен, мен памфлетистке окшогон бирөөгө айландым.
Алгачкы беш жылда татыксыз кесип менен алек болдум (Бирмадагы индустандын империялык полициясында кызмат кылдым), анан жакырлыкты жана амалсыздын жашоосун баштан кечирдим. Бул менде бийликке болгон табигый жек көрүүмү күчөттү жана биринчи жолу жумушчу табынын бар экенине толук ынандым, ал эми Бирмадагы ишим империализмдин маңызын кайсы бир деңгээлде түшүнүүмө өбөлгө түздү: бирок бул тажрыйбам саясый багытымды так аныктоом үчүн жетишсиз болду. Анан Гитлер келди, Испанияда жарандык согуш тутанды ж.б.у.с. 1959-жылдын этегине мен дале бир бүтүмгө келе албадым. Ошол күнү жазылып, алдымдагы диллеманы чагылдырган чакан ырым («Мен бактылуу викар болушум мүмкүн эле») эсимде:
Эки жүз жыл илгери болмоктурмун
Бак-таалайлуу викар мен.
Өлүмдүн эске салып маңгилигин,
Өзүм тиккен жаңгак бакка суктанмакмын.
* * *
Бирок, төрөлүп каар заманда,
Ал жыргалдан кур калдым.
Кыл мурут эрте өсүп күнөөмө
Бөгөдү мага жолун бейиштин
Бетинде бир кылы жок капеллан.
* * *
Кийин заман пейли оңолду
Кошомат кылуу биз үчүн оңой болду.
Уктатпай жан кыйнаган ойлорду
Уктоо үчүн шакка байлап терметтик.
* * *
Биз, түркөйлөр, айтчубуз аныбызды тартынбай,
Бүгүн элден жашырган кубанычыбызды.
Алма бакта сайраган көк кытандар
Жоо-душманды бариктей делпилдетчү.
* * *
Селкилердин кымча бели жана өрүктөр
Көлөкөлүү көлдөгү кой балыктай.
Таң кулан өөк, көктө өрдөктөр күлүктөрдөй
Жарышат шамал менен түшүмдө.
* * *
Уруксат жок ойлонууга эми кайра
Сүйүнүчтү жарыя айтпай, жашырып муунтабыз.
Көк болоттон жасалган жорголорду
Кичинекей багалчактар эр жеткенде минишет.
* * *
Мен – алы жок козголууга семиз куртмун,
Мен – гареми жок бейчара евнухмун.
Басам сенделип Евгений Арамга (4) окшоп,
Ортосунда Викар менен комиссардын.
* * *
Комиссар тагдырымы куламыгама жебирейт
Радионун үнү менен жарышып,
Викар мага убада кылат «Аустин-7»(5)
Дагги убагында акчасын төккөн үчүн.
* * *
Түш көрдүм: мармар сарай жашаганым,
Ойгонсом, түшүм чындык чыкты;
Адаштым – бул доордо төрөлүп;
Смитчи? Жонсчу? А сизчи?
1937-жылкы Испан согушу жана башка окуялар дүйнөдөгү жагдайды өзгөрттү; ошол окуялардан кийин мен өз ордумду билем. 1936-жылдан бери жазган орчундуу эмгектеримдин ар бир сабы, менин түшүнүшүмчө, түзбү же кыйырбы – тоталитаризмге каршы жана демократиялык социалзмди колдоп жазылган. Менин баамымда, ушу азыркыдай кысталыш заманыбызда берегидей темаларды жазбай койсо болот деп ойлоо – акылсыздык. Азыр ким да болсо, кайсы бир тонду жамынып, алар тууралуу жазууда. Маселе: ким тарабын алганында жана кандай жолойду карманганыңда. Киши өзүнүн саясый мыяттыгын канчалык деңгээлде аңдап түшүнсө, анда өзүнүн эстетикалык жана интеллектуалдык көрөңгөсүн садага чаппай туруп, саясый каражаттарды колдонуу мүмкүнчүлүгү ошончолук чоң болот.
Бул оңой иш эмес. Бул композиция жана тил маселесин козгойт, проблеманы чынчыл чагылдыруу жагы жаңыча коюлат. Мага кездешчү кыйынчылыктар жөнүндө бир мисалга кайрылууга уруксат бериңиздер. Испаниядагы жарандык согуш тууралуу жазылган «Каталонияга арноом», албетте, саясый китеп экени ачык айкын, бирок тараптарга жан тартпай жана адабий стандарт бузулбай жазылган.
Мен китепте өзүмдүн чыгармачылык интуицияма таянып, бар чындыкты айтып берүүгө аракеттендим. Франко (6) менен кутум уюштурган деп күнөөлөгөн троцкийчилерди коргоого алган узун бапта гезиттерден жана башка булактардан алынган толгон токой шилтемелер берилген. Бир же эки жылдан кийин жөнөкөй окурманды кызыктырбачу бул бап, китептин баасын төмөндөтөрү анык. Бул тууралуу мен урматтаган бир сынчы мага дарс окуду. «Мунун баарын эмнеге коштуңуз? – деди ал. – Сиз жакшы китеп болчу эмгекти нака журналистикага айлантып ийдиңиз.» Анын айтканы – чындык, бирок мен башкача жаза албагам. Күнөөсүз адамдар жалган жалаа менен айыпталганын билүү. Англияда бир ууч гана элге буйруганын мен кокусунан билип калгам. Буга нааразы болбосом, береги китепти эгерим жазбайт элем.
Бул маселе бу же тиги формада кайра чыгууда. Тил өзү абдан сезимтал маселе болгондуктан, аны талкуулоого көп убакыт кетмек. Ачык айтам: акыркы жылдары таамай жазууга умтулуп, чыгарманын көркөмдүк жагына анча маани бербедим. Канткенде да тигил же бул стилде жазууну жакшылап өздөштүргөндөн кийин, стилиңиз мурдакыдан да жакшы болоруна көзүм жетти. Терең ойлонуп, бүт дараметими жумшап, өзүмдүн саясый жана чыгармачылык мүдөөмү бир чулуга айлантып жазган биринчи китебим «Малкана» (Animal Farm) болду. Мына жети жылдан бери бир да роман жазбадым, бирок жакында бир романды бүткөрүп салам деген үмүтүм бар. Ал балким жанга жаанам (санаа) болот, ар бир китеп – жаанам (санаа), бирок мен кандай китеп жазарымды таамай билем.
Бул макаланын соңку бир же эки барагына көз жүгүртүп, мени жазуучулукка шыктандырган башкы күч руханий жана коомдук зарылдык болду дегендей пикир жарата алганымды байкадым. Окурман мындай пикирде калуусун каалбайт элем. Бардык жазуучулар көйрөң, эгоист, жалкоо болушат жана алардын чыгармачылыкка кызыгуусуунун түпкүрүндө улуу сыр жатат. Китеп жазуу – бул жаанам, жан кыйнаган күрөш, айыкпас илдет сымал дарт. Санаа жетпеген, көзгө көрүнбөгөн кайсы бир касиеттүү күч шыктандырбаса, эч ким мындай ишке даабастыр эде.
Менин аңдашымча, бул шайтан – наристени кыйкыртып, улууларды өзүнө бурдурган инстинкт сыяктуу нерсе. Эгер чыгарма жазып жатып, өзүңүн мениңди унутуп, байкоочуга айланбасаң, окулуктуу эч нерсе жаза албайсың – талашкыс чындык. Жакшы проза терезенин айнеги сымал. Мени чыгармачылыкка шыктандырган мотивдердин кайсылары күчтүү экенин так айта албайм, бирок алардын кайсыларын кармануу керектигин билемин. Жазган макалама көз жүгүртүп жатып, саясый мүдөөм жетишпеген учурларда жашоого шыйкешпеген өлүү китептерди жазып, санжыргалуу пассаждарды (7), маанисиз сүйлөмдөрдү, обу жок салыштырууларды мончоктой чубуртуп, жуксуз сөзгө азгырылып кетиптирмин.
Gangrel, # 4, жай, 1946-жыл. (orwellfoundation.com)
---------
1.Уиллям Блэйк (1757-1827) – англис жазуучусу.
2. Vers d'occasion(француз термини) – түрдүү салтанаттарга арнап жазылган ыр.
3. Англис акыны Жон Мильтондун (1608-1674) «Жоголгон жаннат» эпикалык поэмасынан.
4. Евгений Арам (1704-1769) – англис философу.
5. «Austin Seven» – британ автомобили, барон Герберт Аустин (1866-1941) негиздеген компания 1922-жылы чыгара баштаган.
6. Франсиско Франко(1892-1975) – аскерий жана мамлекеттик ишмер, генералиссмус. 1939-1975-жж. Испанияны жеке бийлеген диктатор.
7. Эмоционалдык (кээде сюжетке тиешеси жок) ой-толгоолору.
Англис тилинен Амирбек Азам уулу которду
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.