
Канат Таалайбеков
Соолбос сезим
Жолугат деп бул күнү мага бактым,
Жолдошторго белекти даярдаттым.
Колумда гүл, короздой жасандым да,
Кооз сөздөрдү кайталап бара жаттым.
Бүгүн неге сүйүүгө мастай болдум,
Бүгүн неге үйдө тынч жатпай койдум?
Үнүн угуп үмүттүү кайтсам дегем,
Үйүн таптым, үрүмдү таппай койдум.
Азыр келет салынып жоолук курбум,
Жакшылыкка баарысын жоруп тудум.
Үшүп-тоңуп көк муздун үстүндө кеч,
Үтүрөйүп көк муштум болуп турдум.
Эмне гана дедирбейт ойдун күчү,
“Ак сүйүүгө, – деп алдым, – тойдум ушу!”
Коомай басып колумдан кармаса дейм,
Коңгуроомо жооп жок... кордук ушу!
Бүгүн аны көрбөсөм, бугум артып,
Жанымды жай алдырбас бу кумар түк.
Жадагалса үрүмө суна турган
Суук да турду гүлүмө сугун артып.
Ызгаар неге артыман түшүп алды,
Муз, кар неге алдыман күтүп алды?
Такыр кетпей көгөрүп туруп алсам,
Акыр түбү гүлүмдү үшүк алды.
Текеберлик: болду эми, кет, — деп атты,
Андай ойду жүрөгүм жектеп атты.
Таң атканда жолукту аруум, бирок
Гүлүмдү алып, сүйүүмдү четке какты.
Бүгүн мейли баарысы кодуласын,
Бүгүн мейли башыма тоо куласын.
Соолубаган гүл болбос ырасында,
Ага болгон ак сүйүүм соолубасын.
* * *
... сыйлап сенин чыгарган чечимиңди,
Тим жүрөйүн, тийгизбей кесиримди.
Деген менен токтото албай келем,
Топон суудай толкуган сезимимди.
Тынчы жогум, бир ойго токтодуңбу,
Тирүү жүргөн же мени жоктодуңбу?
Коён жүрөк жан элең, кол жетпесим,
Жалгыздыктын жаалынан коркподуңбу?
Түсү ийги бирөөгө түшүп көөнүң,
Түккө турбай калдыбы түйшүктөрүң?
Жылуу сөзгө же жутап жаттың бекен,
Жылуу үйдө жылыбай үшүкчөлүм.
Кабар алба! – десең да, – болду, бүттү!
Карай берем карайлап жолду үмүттүү.
Кара жаным, көрсөтпөй карааныңды,
Көрсөт! Көрсөт! Дагы да көргүлүктү.
Калса дагы башкага сөзүң бекип,
Кайра-кайра жатса да өмүр зекип.
Жетине албайм сендейди сүйгөнүмө,
Жетпээриме турса да көзүм жетип.
Жоболоңдуу жоолук
Сага болгон сүйүүмдү бийиктетип,
Туура кылдың башкага тийип кетип.
Колдо жүрүп, алтыным, кор болгуча,
Башка жашаар баркыңды билип, сезип.
Сунган күнү күйөөңө ак чыныңды,
Сулап жатып сууладым жаздыгымды.
Ортосунда жүрөмүн уйку соонун –
Жаштыгымбы билбеймин, мастыгымбы...
Көздөрүңдү чалкыган көл дечү элем,
Сөздөрүңө балкыгам, бөлбөчү элем.
Өзүмдү абдан жакшы билген үчүн,
Өзгө тургай өзүмө ыраа көрбөчү элем...
Мээримиңе калсам да толук канбай,
жүрсөм деле мертинип оорукчандай:
Апамды аяйм айылда күтүп калган,
Жоолугуңдун үстүнө жоолук салбай.
Менде ушундай, сенде да жаңылык миң,
Арман, ызаа, ыйыңдын баарын уктум.
Кездешели деп айттың кеч болсо да,
Пендесиң да, периштем, жаңылыпсың...
Жүз жыл бою жаздырчу сонун ырлар,
Жүрөгүмдүн төрүндө орунуң бар.
Жоболоңдуу иш кылба; жолугам деп,
Жолуга албайм анткени жоолугуң бар!..
* * *
Күн күлүп ак жүзүңдө,
Көзүңдө жылдыз турат.
Көрүнүп чаламандын чак түшүндө.
... жылдыз болдуң,
Өзгөрүлдүң...
Жылдызы өчпөсө экен көздөрүңдүн.
Экөөбүз эки жолдо,
Бир болбойт турмушубуз.
Келиштик ушул ойго,
Келишпей жылдызыбыз.
Жамгырлуу кеч
Мөлтүрөгөн көзүңө арбап алып,
Ыр түнөгөн өзүмө байлап алып.
Келе жаттык бирибиз бирибизди
Жандап алып, нөшөрлүү жаанда калып.
Кереги жок, агатай, кол чатырың,
Автобуска түшпөйбүз жол да тыгын.
Деген сөзгө жалындап бүткүл денем,
Ооп кала жаздады олда акылым.
Көйгөй болду көйнөгүң чапталышып,
Көйрөңүң тур ансайын накта кызып.
Келе жаттык көчөдө көлчүктөрдөн
Аттап учуп, тамандан баткак учуп.
Жамгыр жууган жамалың жагат улам,
Сымбатыңа сын жетпей барат улам.
Көр адам да өзүңдү көрүүчүдөй,
Каптаса да дүйнөнү кара туман.
Токтобошун жамгырдын каалап аттым,
Жол узарсын деп ичтен самап аттым.
Күзгү жаанда көлчүктү күзгү кылып,
Кыялымда чачыңды тарап аттым.
Сен жанымда көрктөнүп бара жаттың,
Мен жамгырда өрттөнүп бара жаттым...
* * *
Сен гүлдөйсүң, мүнөт сайын гүлдөйсүң,
Сен үрдөйсүң, үрдү кантип сүйбөйсүң?!
Адамдарды сүрдөткөндү мындай кой,
Балким өзүң өзүңдөн да сүрдөйсүң.
Таттыбүбү келген сымал тирилип,
Карагым и-ий, карагым бар тигилип.
Кымбатым-ай, сымбатыңа сын жетпейт,
Ай нуруна алгансыңбы киринип?
Ах, кептериң көкүрөктөн муңду алган,
Ак кептерим, ак беттерин нур чалган.
Өзүң жокто өмүр отко кептелип,
Мени жерип, мени жеңип турчу арман.
Багым болдуң капилеттен кабылган,
Табылгам-ай, сенде беле кабыргам?
Өрүк сымал жүзүңдөн бир өбүүгө
Өлүк дагы тирилсем дейт кабырдан.
Тилегим бул: билегимди жазданып,
Бир ээгим өөп, бир эрдим өөп назданып...
Зирегиңмин. А сиз мага ким десең,
Тирегиңмин демек элем мактанып.
Тоолорго
Көк асманды курсакка сайып турган,
Чокулары илдеттен айыктырган.
Тунжураган көгүндө сызгым келет,
Тунжурудай канатты жайып кырдан.
Беги тургай ити да май чайнаган,
Бетте жүргөн койчусу ай жандаган.
Тоолорума токтоосуз качкым келет,
Тулпарындай мамыга байланбаган.
Суулары бал. Коктусу мал жыттанат,
Сурнай чалып булуттар калкып барат.
Көркөмүнө жан берип кулап түшпөй,
Көктө күнү турду экен кантип карап?
Турса дагы өзүнө тартып калаа,
Караан үзөм өзүңдөн кантип гана.
Элечектей ээн жерде жайнап жаткан
Кооз үйлөрдөн боз үйлөр артык мага!
Төө башына күн түшсө арык болор,
Дөө башына күн түшсө карып болор.
Кургуйларга турамын кулаганы
Көтөргүлө, оо мени алп тоолор!
Атама
Бетиме тийгизгенде сакалыңды,
Заматта салчу элем чатагымды.
Ойнотуп жатканыңды билбей туруп,
Оңбогон балаң канча капа кылды.
Жакшы түш көрчүм, ата, жалаң гана
Жамынып уктаганда чапаныңды.
Алыстан келатканда жолуң тосуп,
Атаке деп чуркаган колум созуп.
А бирок агам абдан күлүк эле,
Ал жетчү кучагыңа менден озуп...
Тойгузуу үчүн мендей карышкырыңды;
Толтуруп келчү элең баштыгыңды.
Атаке, ал баштыкты аңтаргандай,
Аңтарып салыптырмын жаштыгыңды.
Убакыт өмүрүңдү уурдап улам,
Чекеңдин бырышы көп мурдагыдан.
Атаке, бизди кантип бактың эле?
Мен тапкан акча артпайт курсагымдан.
Түшүн мени
... перизатка жолугуп түшүмдөгү,
Түшүмдү айтсам таптакыр түшүнбөдү...
Мен үзүлүп түшүп сүйгөм,
Үмүттөрүм үзүлбөй.
Сен кеткенсиң келбестей,
Кебелбестен,
Ак сүйүүмдү түшүнбөй.
Азыр менин жарты сөздөн
Түшүнүүчү адамым бар,
Бары-жоктон кабары бар,
Жаз гүлүндөй жайнаган жамалы бар,
Ал түшүнөт, арнасам да сага ырлар...
Бары бүткөн кезде келдиң,
Түшүндүм деп баарысын.
Түшкө кирбей кайда жүрдүң,
Кара жерде калган кезде намысым?!
Азыр менин көзүмдө нур,
Көөнүмдө ыр,
Жүрөгүмдө жаңы ысым!
Түшүргүм келбейт такыр маанайыңды,
Түшүнчү, таптым азыр таалайымды.
Түфү-түфү, көз тийбесин, баары чын!
Мен бактылуу болуп турам,
Сенин дагы башыңа бак даарысын!
Шоруң эмес, бактың чыгар –
Мага жетпей калышың…
♦ ♦ ♦
Айзат Кудайберди кызы
Ырчы жигитке
Жыйырма жаштан жаңы ашкан,
Ырчы жигит жылдыз көз,
Ак түшүңө кирер сенин,
Айай кыздар чачы узун…
Жыйырма жаштан жаңы ашкан
Жүрөгүңдө не барын
Билбеймин мен,
Ырбы, сырбы эриндерге
Төгүлө элек мөлт этип.
Көктөн түшүп,
Көккө чыксаң,
Куп жарашар көк дүйнө.
Оо бир эски сүйүүнү унутуп,
Сени эстейм жерде эле.
Шаарга окшоп шашкалактап,
Токтор жерим түшүнбөйм,
Ууз түндөрдө түшкө кирбейм,
Көкүлүңдү уйпалап.
Жылдыз эмес көздүн жашын
Жыйнап алгам боюма…
Жүрөгүңдү уйпаларга
Чачым кыска, нетейин?
Чала уктап,
Чала жашып,
Чарчар кезде жүрөгүм
Чаңкап турам чагылгандай
Чала өрттөгөн сүйүүңө…
Жыйырма жаштан жаңы ашкан,
Ырчы жигит жылдыз көз,
Ак түшүңө кире берсин
Ак бий бийлеп жылдыздар…
2025
♦ ♦ ♦
Калыс Жумадил
Ушунчалык кыйынын унутуунун,
Убак өтүп, билгенде улутундум.
Уурдана карай берген жашырынып,
Улам ээрчип келаткан булутуңмун.
Мен сүйүүдөн, ал менден айрылууда
Өзүм түртүп өзүмдү кайгырууга,
Алыс кетип калбадым, алыс кетип,
Калбаган соң бир үмүт кайрылуума.
Ээнсиретип салышпайт анда неге
Эс тутумду өчүрүп айла менен.
Элесиңден кутулуш үчүн сенин
Акылымды тазалап салмак элем.
Караганда сыздаарымды билишпей,
Каректерим өзүмө баш ийишпейт.
Качан карайт алда бизди дегенсип,
Көз алууга эч уруксат беришпейт.
Жумуш-үй
Ойлондурбай деле калды эч кимди,
Адамдардын оюнчуктай жүрүшү.
Ортосунда калып барат жашообуз,
Бир эле жол, эки дарек, жумуш-үй.
Балалыкта ар күнүң жомок болуп,
Баттан эле чоңойгум келе берчү.
Чоң адамдын бир өмүр жолу тура,
Үйдөн ишке, иштен үйгө тегеренчү.
* * *
Тагдыр айдап туш-тушка сени, мени,
Таап алгыла турмушту эми деди.
Тапанчаны башына такасак да,
Турмуш бизге кол сунуп жеңилеби!
Мен баламын деп койсом тагдырыма,
Ал кечирер көз жумуп баардыгына!
Биринчи сабак...
Улуу намыс көз алдыңда кемсинди,
Кечээки эле бүт сезимдер эскирди.
Мен сен үчүн уйкуну да жеңчүмүн,
Окуйюн деп эрте келчү дейсиңби!?
Кур кыялда түркүн ойлор чабыттап,
Ойлоор элем сага эмнелер жагат деп.
Сен келбесең алдачумун өзүмдү
Ал түшүндө мени көрүп жатат деп...
* * *
Чогу баскан биздин ал биринчи күн,
Сен сүйлөсөң мен карап үңүлчүмүн.
Узагырак болуш үчүн жаныңда,
Кызыл күйсө жол чырак сүйүнчүмүн.
(Токтоп алып караш үчүн өзүңдү –
Кызыл күйсө деп абдан тиленчүмүн).
Мен төрөлгөндө (17.03.2001)
Жерге дале адам жетпей жаткансып,
Апа неге, анча азапка баткансың?
Келе калып бул дүйнөгө бузулган
Дедиңби же: “Балам баарын сактасын!”
Бирок анда деңиз толкуп,
Жер деле жарылбаган!
Төрөлбөптүр сен ойлогон
Дүйнө сактап калчу балаң.
Жөн эле төрөлүптүр
Кыялкеч да бир адам.
Туу кулаганда
Шалдырап моюн ылдый,
Шаабайы сууп калган.
Шашылып турганга да,
Шайы жок жууркандан.
Алынын кеткенин айт,
Абалкы желегимдин.
Аруулук касиетин
Алмашып кетеринде
Айрыкча эми билдим.
Кыйкырып жардам сурап,
Кызыл туу жалынгансыйт.
Куткарып калгыла деп
Кыргызга таарынгансыйт.
Ишим жок желек менен,
Ишим көп бөлөк деген.
Инсандар эстегиле
Илгери туу куласа,
Итче бүт өлөт деген.
Биз ыйлаткан адамдар
Кимдин досу, кимдин андан жакыны
Жубайы же балким кызы, сырдашы.
Бизди майып кылар бекен акыры
Биз ыйлаткан адамдардын көз жашы.
Кайгысына себеп тагдыр же бизби?
Жөн эмес да сезимдердин кыйрашы.
Канча тамчы же бүтүндөй деңизби?
Биз ыйлаткан адамдардын көз жашы.
Бизди дагы дал ошондой ыйлатып,
Бир күн келип дүйнөбүздү бузууга
Бириндетип баарын бузуп кыйратып,
Түбөлүккө бизден кетип калышы
Бардыр ооба, бизден өчүн алууга...
Биз ыйлаткан адамдардын акысы.
Бардыр ооба, бизден өчүн алууга
Биз ыйлаткан адамдардын акысы.
♦ ♦ ♦
Саид Султан-Али
Эгер эртең кыямат түшсө бизге —
Бүт дүйнөнү сапырып, тегиздеген...
Өрткө салып дүйнөнү куйкаласа,
Эзе салып тоолорду эзилбеген.
Жерди казып изилдөө максатында
Миң жылдар соң келишип узак жактан
Окумуштуу жамааты табышса дейм,
Экөөбүздүн сөөгүбүздү кучакташкан.
* * *
Мен сени таңда туруп ойготсом дейм,
Маңдайда саамайыңан аста сылап.
Колумдун ак жүзүңө тийишинен
Чекеңде чочугансып каштар жылат…
Ошондо,
Дал ошол жайкы таңда
Жуманын дем алуучу күндөрүндө
Экөөбүз столдун эки капталында
Карама-каршы отуруп баарлашып,
Кобурап ар балээни сүйлөшсөкчү…
Сен мага макулсуңбу,
Кагылайын,
Сунушум: сен экөөбүз үйлөнсөкчү?
Тоолор да, көк асман да, ай, күн дагы
Кубансын, кол чабышсын экөөбүзгө.
Мынчалык бактылуулар болгон эмес
Дүйнөдө. Эгер билсең өткөн күздө
Өзүңдү сейил бактан жолуктургам.
Бараттың сен ошондо жерди тиктеп
Оюңду бир маселе оолуктурган…
Байкадым,
А сен мени көргөн жоксуң,
Жөнөдүң, кете бердиң өз жолуңда.
Дагы эле жүрөгүмдөн өчкөн жоксуң
А бирок жүрөк сокпойт өз нугунда…
Топурап, чуркап жүрсүн майда балдар,
Бузушуп, чачып үйдү чаңга коштоп,
А бирок чоңоюшуп, жетилишсе
Мага да, өзүңө да калат окшоп.
Мынакей, айта турган сунуш ушу,
А менде азыр болсо туруш ушу:
Эң күчтүү болбосом да,
Эң сулуу болбосом да,
Сөз берип, убадага жан саялы,
Кинодо бактылуу каармандардай
Экөөбүз чогуу бирге картаялы.
Бактылуулук
Мен сага
Салам айтам,
Алыскы деңиздердин жээктеринен.
Таң эрте көктү карап туруп алып,
Асмандан ай көрүнбөй кеткенинен.
Желпиген жеңил шамал жөнөтөмүн,
Өзүңө салам жолдоп аскалардан…
Жаркырап, оттой күйүп турсам дагы
Сен үчүн айырмам жок башкалардан.
* * *
Тоолор да кулайт чыгар чыдабастан,
А кантип тура бермек кулабастан?..
Кусалык сенде жаткан атып чыкса,
Дүйнөнү төрт көтөрмөк сурабастан.
Ал сага баарысынан жакын эле,
Анда да жөн жан эмес акын эле.
Кусадан даба таппай калсаң эгер,
Көңүлгө жыпар жыттуу атыр эле.
“Суранам, алмаштырба башка менен,
Атыңды жазып алдым ташка!” – деген.
Эми азыр басып жүрөт кол кармашып,
Экөөңөр баскан жолдо башка менен.
Келсең боло
Жаштыгым менин —
Ачылган жалгыз чөлдө гүл,
Эскерип жашайт
Сүйүүсүн Кара-Көлдөгү.
Жаштыгың сенин —
Көктөгү көйрөң көгүчкөн,
Жеталбай сага
Кайрандар далай өлүшкөн.
* * *
Жомоктой жерде жашаймын
Жоголуп гана кетпесем...
Жөн кезде мага чалып тур,
Жүрөктөн чындап эсте сен.
Жамалым өчпөй турса экен,
Жодурап күлгөн мезгилим.
Жарадар кылгын, эркетай,
Жүрөктү аста эзгиниң.
Жашагын Айга умтула,
Жаштыгың — жаздын жамгыры.
Жаракат алгын сүйүүдөн
Жаныңа баккын кайгыны.
Махабат деген бир шумдук,
Кайгы да, шаттык жыттанат.
Караңгы кезде сатпаган
Көздөргө Сүйүү суктанат...
Мен жүргөн шаарда байкасам,
Адашкан экен көп киши.
Керемет жерден а бирок,
Эч келбейт экен кеткиси.
Ансайын чалып турсаңчы,
Жоготпой күндө эстегин.
Жомоктой жерде жашаймын,
Жоголуп гана кетпейин...
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.