Элмирбек ИМАНАЛИЕВ: Э-эй, сенин Аязатаң тирүүбү?

  • 11.03.2024
  • 8721

АҢГЕМЕ 

Экөө бир нандын теңин жеп, курсактарын тойгузду да, жатып калышты.

— Эртең…

— Эмине эртең?

— Эртең айтайынбы?…

— Эминени-и?

— Эртең атам келет.

— Уктайсыңбы?

— Уктабайм.

— Анда мен уктадым.

— Уктай бер.

— Макул.

— Атам ал-ма, сүт, то-олтураларды ап-ке-лет.

Ал кучагын жайып, быйтыйган колдору менен көргөзүп жатты.

Кызынын сөздөрү келиндин ызасын келтирди. Күйөөсүн акыркы жолу көргөнүн эстеди. Ал күнү карызга ун сурап базарга барганын, анан эле кокустан ылжып мас болгон күйөөсүн көрүп уялганын, элдин арасына жашынып чуркап жөнөгөнүн, күйөөсү тирүү болуп элде, өлүү болуп жерде жок экенине арданганын, күндөн күнгө чөгүп бараткан турмушту жектеп, эки ортодо эзилген тагдырына өкүнгөнүн эстеди.

Келин улутунуп, терең үшкүрдү. Кызынын дабышы чыккан жок.

Көздөрүн жылтыратып, шыпты карап ойгоо жаткан кызынын жылуу көкүрөгүнө алаканын коюп алып, анын божурап сүйлөп жатканын жактырчу. Анан дайыма кызынын сүйлөгөнүн тыңшап, ширин тилине термелип, магдырап уктап калар эле. Кызынан кийин калып укташ азап. Келиндин эң эле корккону – түнкү жалгыздык.

1-январдын таңы. Кызы күлүп ойгонду

— Апа…

— Жата тур, кызым.

Үй суук эле. Келин от жагып олтурду.

— Апа…

— Үй жылысын, анан…

— Жаңы жыл болду-уу! Апа, карачы…

Кыз тура калып, жаздыгынын алдын карады. Эч нерсе жок эле. Эми апасы жаткан жаздыктын алдын карады. Эч нерсе жок эле.

— Кана?! — деди кыз, ого бетер мурчуюп.

Келин үндөгөн жок. От түтөп, күйбөй атты. Кызы экөө жылда бул күнү жаздыктын алдынан Аязата түндө келип таштап кеткен ар-түркүн белек-бечкектерди таап алышчу.

— Апа, Аязатам келген жокпу?

Келин үндөбөдү.

— Апа, Аязатам келген жокпу деп атам, саа.

Кызы ачуу кыйкырды.

— Аязатаң өлгөн… Өлгөн, өл-гөн, өлгөн Аязатаң!

Келин колундагы көсөөнү жерге бир чаап, эчкирип ыйлап жиберди.

Эми кыз эшиктин алдында турду. Жай гана каалгып жааган карга кусалуу карады. Кошуна батирде жашаган кичинекей бала колуна момпосуй салынган баштыкты көтөрүп ойноп жүрөт.

— Э-эй, сенин Аязатаң тирүүбү? — деди кыз, көзүнүн жашын алаканы менен сүртүп.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз