
ЖӨРГӨМҮШ ӨЛҮМҮШ
Бир чоң үйдүн бурчунда
Терезе тарабында,
Жайгашып калган илгертен
Кетпейт куусаң, жулсаң да.
Желесин токуп заматта,
Жөргөмүш өлүмүштүн
Кылыгын угалычы анда!
Жатакана ачкан желеден мында!
Желеси кооз көрүнгөн укмуштай,
Алыстан карасаң кичинекей ак булуттай,
Керебеттери колго токулган,
Жатсаң селкинчек өйдө-ылдый учкан,
Кызыктырып термелтип магдыраткан,
Оролуп жылуу-жумшак желеси,
Жуурканга айланып кебетеси,
Келбей койбойт да анан кызыккан коноктор,
Учуп Чымын, Чиркейи, Алар постоянный клиенттери,
Көпөлөктөрдүн түрү учуп келет,
Агы, сулуусу, шайтаны да.
Аары анда-санда жатып калат чарчаганда,
Секирип келет Чегиртке, Коңуз, Доңуз, Кумурскасы деле,
Жөргөмүш өлүмүш ар бир конокторун
Тосуп чыгат да аларга кол салат,
Өзү жайгаштырат өзүнө карап,
Ачка болсо жакыныраак Жайгаштырат,
Кандарын соруп, алдарын кетирет,
Кургатып анан калганын жейт,
Ток болсо Жөргөмүш Жылуу ороп коёт өлүмүш,
Коноктор келсе кеткис конот,
Жөргөмүштүн ошентип, курсагы тоёт!
Тыбырчылап ызылдаса да коноктору,
Жалдырашып ыйлашса да кайнап шору,
Чыгалышпайт «кооз» деп келген торунан,
Жөргөмүш өлүмүштүн койнунан,
Кооз болсо эле ар жерге Коно бербе,
Жылуу-жумшак көрүнсө эле бара бербе!
РОЗА МЕНЕН ЧЫРМООК
Жаз келип… Жан-жандуулар кайрат алып,
Чыкты Күн да жылмайып нурун чачып,
Айлана түрлүү көйнөк кийингендей,
Кызыл-сары гүлдөр чыгып жашылданып.
Бир сулуу гүл, ал Роза өсүп күлгөн,
Жыттаса жыты укмуш баары сүйгөн,
Көралбай башка гүлү, чөбү дагы,
Кылсак эмне «жок» болот деп өмүр сүргөн…
Душманды алыстан издебегин,
Бар болсо, жаныңда жүрөт дегин!
Бир күнү Чырмоок дагы түбү жактан,
Билет өзүн, алын дагы дараметин,
Розага жетпестигин, кереметин,
Розадай эч сулуу ал болалбасын,
Розадай жыттуу ал жыттанбасын,
Розадай айлананы суктандырбайт,
Миң аракет кылып ал кыялдансын.
«Кошомат, куулук кошуп мен алдайын,
Түп-тамыры менен аны жок кылайын» – деп,
Чырмооктун бузулуп ою башка,
Кайрылды калп күлүп ал Розага:
«Ау, Роза?! Роза гүл мени кара,
Мен Чырмоок гүл сага жакын кошуна,
Көкөлөп, бийиктеп сен турсаң да,
Жаныңдагы бизди сен эч унутпа,
Алыскы гүлдөрдөн биз жакынбыз го?!
Сени курчап астыңда турабыз го?!
Аянбайм, аянбасак деймин мен,
Жардам керек болсо бир бирибизден
Ээ, Роза гүл,
Угуп жатасыңбы асылым?!
Сулуум менин жакыным?!» –
деп Чырмоок бул жагынан жайлады,
Жанталашып жабышып,
Тамырын ага байлады.
Роза угуп, аны карап үстүнөн:
«Кайсы гүл бул, Чырмоок деген гүл барбы?!
Тааныбасты сыйлабас,
Тааныйын мындан мен дагы!
Кошунанын жакшысы, ал алардын бактысы!
Кенен болуп тамыры,
Өсөт бийик, гүл ачат.
Бажыраят бардыгы» –
деп Роза Чырмоокко сылык күлөт,
Башын ийкеп, макул болуп сүрөп сүйлөйт!
Чырмооктун чырагына май тамып,
Чырмалып анын сабына,
Оролуп жакын Розага:
«Айткан сөзүң жакшы экен,
Бир сулуулук эле эмес,
Жүрөк акыл бар экен!»
Бир маалда Чырмоок бат-бат кубулуп
Бирде күлүп, бирде ыйлап жулунуп,
Арманын айтып кирди буулугуп:
«Мен жакка жакшы күн тийбейт,
Нурлары мага көп жетпейт,
Үшүймүн, кээде муздаймын,
Чыйрыгып чыкпай куураймын,
Жутсам дейм аба үстүнөн,
Ылдыйдан көрбөйм көбүнөн,
Өсүп, үлгү алайынчы өзүңөн,
Сенин сулуу чырайыңа көмүлөм,
Сени менен бакыт табам өмүрдөн» –
деп Чырмоок чырмап кирди Розаны!
Күндөр өтүп, жума өтпөй, жетпей айга
Катуу болуп, кайраттанып саптары
Тамырлары жайылып кара жерге
Өстүрбөй талкалады Розаны.
Баягыдай жыты жок, алы да жок,
Соолуп гүлү, жалбырагы, тамыры,
Сулуу Роза бир заматта кыйрады!
Жанын кыйды Чырмоок аны кыйнады!
Жашоодо түрлүү жандар кезигет,
Жаныңдабы, алыстабы ким билет?!
Бириси бар бактылуусуң ал менен,
Бириси бар жакшы сүйлөп ток кылат!
А бириси кыйнап сени кор кылат…
А бириси аягында жок кылат!
ЭШЕКТИН МЕДАЛЬ АЛГАНЫ
Эшек! 50 жыл айкырып, бакырып!
(Ой, ырдап, ырдап)
Чоң артисттин алды чындап
Медалын тагынып жаркырап,
Баарын чогултту майлап!
Келгендери келишти:
«Той! Той!» – деп жыргап.
Чыныгы күйөрмандары бар экен, бир, эки,
(Алар дагы Эшектер)
Ачык айткандары келишти, он эки!
Кошоматчыларычы, и-иий жүз эки!
Куттук айтып келишти тим эле арбын:
«Ой-буу-уй, Эшек аке?!
Сизге кандай жарашыптыр, жаркырап медаль!
Сиз татыктуусуз, Эшек аке?!
Сиз илгери эле алышыңыз керек эле!» – деп,
Чурулдап кучактап, белектерин берип
Сүрөткө түшүп жатышты: «Тарт, тарт» – деп.
Анда капталдагылар да кем калбай
Сүйлөнүп жатышты тартынбай:
«Капырай, ботом, иий, Эшек да алды ээ?
Эми тиги Булбулдар ыйлашпаса эле?»
«Ооба, буга жараша берет баары,
Эшек эшектигин көргөзүп алды да
Бакырып, коркутуп элдин баарын!» –
деп экинчиси кошулуп калды.
Бир маалда…
Ортодон бир мас тост көтөрүп:
«Эшек үчүн! Эшекке даңк! Даңк!» – деп айкырып.
(Дагы бир Эшек)
«Ай, чынында алсын, алсын!» –
деп улуулардан төрдөгү
Эчки күйүп-бышып:
«Медаль эшектен айлансын, а эмне?
Эшек – эмгектенгенди билет!
Эшек – изденгенди билет!
Эшек байкуш күнү-түнү иштегенди да билет!
Ой, ырдай албаса мейли, эмгеги акталсын?
Ал зато катуу бакырганды билет!»
Ошондо, бул жагы кандай болуп калды,
Туугандар?
Эшектин медаль алганы туурабы?
КОЛ МЕНЕН БУТТУН АЙТЫШЫ
Кол менен Буттун эзелтен келаткан
Айтышы күч алды,
Э, кокуй, чындап урушканы калыштыбы?
Бир бирине эрегишип, тирешип,
Бирин бири чаап, уруп, тебишип,
Биринен бири ашып келишип,
Суроо-жоопту бир бирине беришип:
– Кимибиз ошондо улуубуз?
– Кимибиз кылабыз көп ишти?
– Кимибиз керекпиз биринчи?
– Кимибиз келебиз экинчи?
– Кимибиз? Кимибиз? – деп токтобой,
Көп нерселер ачыкталды жок болбой!
«Мен болбосом!» – деп Кол кыйкырды үстүнөн:
«Эй, акмак Бут, мени карап угуп тур,
Мен өйдөдө, сен ылдыйда карап тур,
Баарынан Кол баатырын уктуң беле?
Каяшаңды бир жериңе басып тур,
Чоң-чоң кылган иштерди мен айтпайын,
Убакыт жок баарын санап турушка,
Сага тиешелүүсүн санайын:
– Сени үшүп калбасын, – деп ким кийгизет?
Ким жуунтат, тырмактарың ким алат?
Каралбасаң кимге тиет убалың?
Мен болбосом сен каякта турарың?
Ии, эстедиңби? Билесиңби, буларың?» –
деп Кол, шилтей өйдө-ылдый токтоду,
Бут да анда жини келип секирип,
Бирде чуркап, бирде жерди тебинип,
Жооп кайтарды Колго карап берилип:
«Эй, Кол, «акмак» дебей калгын сен мени?
Өйдөдөмүн, мен кыйынмын дебегин?
Мен көтөрөм сени кошуп башканы,
Оор көтөрсөң мага эле күч келет,
Бир иш кылсаң, менин да жаным эзилет,
Мен чалынсам, кулап силер баарыңар,
Катуу тийип, сынат ар бир жаныңар,
Күпүлдөбөй тилдегениң кайра ал, эмесе,
Бийик жерге барып азыр, секирем!» – десе,
Буларды угуп, тажаган Мээ ойгонду,
Тынчытайын, айтайын деп ойлонду:
«Ээй, туугандар, Кол-Бутсуңар бир жанда,
Кийлигишпей коё албадым тынч жата,
Ынтымакта жашабасак баарыбыз,
Он экибиз, мүчө барбыз саныбыз,
Ар бириси мен-мен десе не болот?
Ар бириңер кымбатсыңар алтындан,
Соо бололу, аман болсун жаныбыз!
Айтканымды угуп-билип алгыла,
Ар кимибиз ордубузду билели?
Ким сураса, уят болуп адашпай,
Тургулачы эч бирөөңөр талашпай,
Мына менмин! Мен силерди башкарам!
Же жыргатам, же силерди кууратам,
Мээ жок болсо, силер эмес бүт баары,
Шору кайнап, көк мээ болот бул аалам!
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.