
Кыргыздардын диний ишенимдеринин системасында табият культу сөздүн кеңири маанисинен алганда өтө олуттуу орунду ээлейт (биз муну менен астралдык культту да, табигый кырсыктарга табынууну да байланыштырабыз), бул культ өз кезегинде, өзгөчө бөлүп карап чыгууну талап кыла турган бир катар кубулуштардан келип түзүлөт.
Биз алардын айрымдарына гана токтолобуз. Эң башкы кудай катарында асман — теңир, теңири жөнүндөгү түшүнүктү эң эле байыркы, изи дээрлик жок болуп кеткен түшүнүк деп эсептөөгө болот.
Байыркы түрктөрдүн көз караш системасында асман кудайына — Теңирге башкы орун берилген. Бирок адамдар чогулуп курмандык чалып, асманга табынуу үрп-адаты байыркы түрктөргө чейин эле, хуннуларда, усундарда, сянбилерде, гаогүйлерде (теле бирлештиги), ухуандарда, гаочандарда жана андан ары чыгышты карай, гаогүйлиге чейин, б.а. иш жүзүндө Борбордук жана Чыгыш Азиянын бардык территориясында да таралган. Демек, асман культу байыркы түрк уруулары калыптанган чөйрөдө пайда болгон.
Кытай булактарына караганда асман культу өтө көп учурда жер культу менен айкалышып, а түгүл биригип, бир бүтүн культту түзгөн. Таш бетиндеги жазуу эстеликтер да байыркы түрктөрдө «tаңri» деген түшүнүктүн мазмуну асман кудайы деген түшүнүктөн алда канча кеңири болгон деп корутунду чыгарууга мүмкүндүк берет. Бул жогорку кудай бардык астралдык ишенимдердин синтези катарында көрүнөт, ал «Аалам» деген түшүнүк менен бирдей. Кудай маанисинде алганда tаңri асманга гана эмес, күнгө да (күн tаңri), айга да (аi tаңri), жерге да (tаңri jаr) таандык кылынып, асман менен жердин кудайынын бөлүнбөстүгүн айгинелеп турган.
Этнографиялык жазмаларда биз теңир жалгасын деген сөздү учураттык, бул кудай жалгасын менен бирдей мааниде айтылат экен. Мындан башка да, Аалиев Кул калмактарда «көкө теңири» деген сөз бар экенин уккандыгын, бул сөз кыргыздардагы кудай деген сөздүн эле өзү экенин, бирок кыргыздар муну колдонушпай турганын айтты.
Кыргыздарга тийиштүү адабияттарда бул жөнүңдө М.Венюковдун кыскача пикири бар: «... мен, кандайдыр-бир кырдаалда кыргыздын адатта башка мусулмандардай, «Аллах» деп кайрылганын эч качан уккан жокмун; кээ бирөөлөр кыргыздар мындай учурларда шаман элдериндегидей, асманга кайрылыша турганын байкашкан». Казактардын космология түшүнүктөрүн мүнөздөп келип, Ч.Валиханов кыргыздар жөнүндө да токтолот: «Асман — шаманчылыкта эң жогорку кудай. Көк тэнгри — Көк асман. Кыргыздарда (сөз казактар жөнүндө болуп жатат — С. А.)... (тэнгри) (алланын) жана кудайдын синонимине айланып кеткен. Талаанын алыскы бурчтарында, мисалы, Жапайы таш ордодо (б. а. кыргыздарда — С. А.) кудайга кайрылып, жалынып-жалбарганда куке-тянгри деп айтуу али сакталып келет».
Кыргыздарга арналган жазмаларында Ч.Валиханов мындай деп көрсөтөт: «Алланын ысмын кыргыздар көп колдонушат, аны азыр байыркы моңголдордой, куктенгри (Асман-кудай) деп аташат. Автордун, исламдын таасири астында «маңызы эмес, аты, сөзү өзгөрдү. Онгонду арбак деп, куктенгрини алла же кудай деп айта башташты... ал эми идеясы болсо шамандыкы бойдон калды... Асман алла идеясы менен кошулуп кетти» деген пикири казактарга карата да, кыргыздарга карата алганда бирдей даражада адилеттүү.
Өткөндө асманды кудай катарында урматтоонун изи сакталып калгандыгы жөнүндө К.К.Юдахин келтирген баалуу маалыматтар да күбө: теңир
1. Кудай (кудайдын ордуна же ага кошулуп айтылат: кээде асман же көк менен бирге айтылат); теңир урсун! Же кудай-теңир урсун! Теңир соккур!
2. Небо; көк теңирдин каары; кудай сени каргасын, теңир сени тепсесин! Ыр Көк теңири урду.
Биз кыргыздарда чогулуп, кудай катарында асманга сыйынышкандары, курмандык чалышкандыгы жөнүндө кандайдыр-бир эскерүүлөрдү учурата алган жокпуз, мындай сыйынууну 1913-жылы бельтирлерден (хакастардан) өз көзү менен көргөн С.Д.Майнагашев тарабынан эң сонун жазылган.
Мындагы кызык нерсе, асманга курмандык чалуу хакастарда «tirip taji» деп аталат; курмандык чалуу сөзүнүн (taji) өзү кыргыздардын тайы деген сөзү менен толук дал келет. Бул сыйынуу шамандардын катышуусусуз өткөндүгү мүнөздүү.
Качиндиктерде сыйынуу — дан болсун, кара жерге мал жаюу үчүн чөп чыксын, жаш муундарга ден соолук болсун деген тилек тилеп өткөрүлгөн, б.а. биз бул жерде асман кудайынын түшүмдүүлүк культу менен байланышын көрүп турабыз.
Бельтирлер сыйынышканда асманга, өздөрү жашап турган тоого, агын сууга, жамгыр сурап чiмыр-чамыр жинге кайрылышат. Алар күн чыгышты карашып, колдорун асманга көтөрүшөт. С.Д.Майнагашев «tirip taji» ырым-жырымында эки диний системанын: анимисттик ишеним менен айкалышкан шамандык доорго чейинки уруулук культтун жана күндү урматтоочулук менен айкалышкан жалпы уруулук асман культунун аралашып кеткендиги жөнүндө туура жыйынтык чыгарат. Л.Я.Штернберг асман культунун өзү күн культунан келип чыккандыгын белгилейт.
Алтайлыктарда асман жана жер кудайлары шамандык космология менен чырмалышып кетип, шаман культунун ажырагыс бир бөлүгү болуп калган.
Асмандын башкы руху — Ульген, күндү, айды жана асмандагы бардык нерсени жараткан деп эсептелген. Шамандардын дубасында төмөнкүдөй сөздөр учурайт: jalbarганым Таңара, «Ам ман таңаразша зикир чалдым» жана д.у.с.
Ульгенге атайы сыйынышып, 3, 6, 9 жана 12 жылда бир жолу кандуу курмандык чалышкан. Бул курмандык чалуу ырым-жырымын «устугу» деп, б.а. асманда жашаган рухка тартуу деп аташкан. Ульгенге — берген жыргалчылыгы үчүн алкыш айтышып, андан мал, бала, аңчылыктын ийгиликтүү болушун, сүттүн, арпанын, чөптүн мол болушун сурашкан. Башка сөз менен айтканда, ага түшүмдүүлүктүн кудайы катарында кайрылышкан. Алтайлыктарда кыргыздардагыдай эле «таңара» жана «кудай» терминдерин синонимдер деп эсептөөгө болот, «таңара» перси сөзү «кудайдын» ордуна колдонулат.
Л.И.Лавров биздин көңүлүбүздү балкарлар менен карачайларда карыялар «тейри» деп аташкан кудайга ишенишерине бурду. Бул асман кудайы болучу. Волга боюндагы татарлардын тилинде «тэңре» деген сөз сакталып калган, башкырттар жөнүндө С.И.Руденко Ибн-Фадландын «төрө» (табияттын) тууралуу маалыматын келтирет; ал мындай деп жазат: «...асмандагы төрө болсо, алардын баарынан чоңу».
Асман культунун кыргыздарда сакталып калган изи азыркы кыргыздардын ата-бабалары тарабынан асман эң кубаттуу башкы кудайлардын бири катарында урматталганы шек санатпайт; анын каарынан, жазасынан коркушкан, демек, байыркы түрктөр асман рухуна курмандык чалышкандай, кыргыздар да асмандан ырайым сурап курмандык чалышкан. Байыркы түрктөрдө «täңri» — асман, Умай жана жер-суу кудайы менен бирдикте кудай аял катары эсептелген.
Төнүкүккө коюлган эстеликтеги жазууларда төмөнкүдөй саптар бар: «Таңri, Umai, ydyq jar sub basa darti arinc», б.а. «Асман, (кудай аял) Умай, ыйык Жер суу — мына (бизге) жеңишти ушулар берди деп ойлоо керек». Тувадагы экинчи бир эстеликте мындай жазуу бар: «Таңrim очук бизка», б.а. «Менин асманым (кудайым) бизге чатыр».
Жакынкы эле өткөн мезгилде асман культунун бир кыйла өнүккөн формада (хакастар менен алтайлыктарда), ошондой эле бир канча начар, калдык түрүндө (кыргыздарда, карачайларда жана балкарларда) сакталып келиши бул элдердин белгилүү бир бөлүгү этникалык жактан алганда байыркы түрк этномаданий чөйрөсүнө таандык болгондугун айгинелеп турат.
Жазма булактарда хуннулардын жерди ыйык тутушкандыгы жөнүндө маалыматтар бар: «...сюнну сегизинчи айда жердин рухуна күзгү курмандык чалуу учурунда сыйынуу үчүн бирге чогулушкан», Ухуандар (биздин замандын I—II кк.) асман рухуна гана эмес, жердин, тоонун жана дарыялардын рухтарына да сыйынышкан. VIII кылымда кидандар жерге курмандык чалышкан.
Байыркы түрктөрдө жер культу андан ары өнүккөн. Өзүнүн байыркы түрк сөзү otukan жөнүндөгү этюдунда Л.П.Потапов бул терминдин П.Пельо жана башка изилдөөчүлөр тарабынан сунуш кылынган талдоосун келтирет. Байыркы түрк сөзү otukan байыркы түрктөр жашаган территориядагы тоо кыркаларынын аты» ал эми терминдин өзү жер кудайы деген мааниге ээ болгон деп табылган. А.П.Потаповдун этнографиялык материалдарга негизденип айткан пикири боюнча, сөз байыркы түрктөрдүн жалпы уруулук менчигин түзгөн жана алар ата-бабаларга, тоолорго жана асманга сыйынышкан аймак жөнүндө болууга тийиш.
Байыркы түрк уруулары менен тукумдарынын бир бөлүгүнүн Енисейдин баш жагында реалдуу жашап турган otukan тоо кыркаларынан оолак жашап турган шартта, ал акырындык менен конкреттүү тоо кыркасы эмес, жалпы түрктөргө тийиштүү абстракттуу жер кудайы катарында кабыл алынып кеткен, otukan байыркы түрктөрдүн гана эмес, моңголдордун да жер кудайы болгон. Ошентип, жер кудайын ыйык тутуу кеңири тараган. Бул, жер-суу кудайы (Jar sub) байыркы түрк рун жазууларында да чагылдырылган.
Бул байыркы түрк кудайы менен байланышкан ишенимдин калдыктары кыргыздарда Жер-Суу кудайы жөнүндөгү түшүнүк түрүндө сакталып калган, бул кудайга ырайым сурап же алкыш иретинде курмандык чалууга туура келген. Бул кудайга курмандык чалып сыйынуу (ал жер-суу тайы, жер-суу таюу деп аталган) жаан жаабаган, кургакчылык болгон учурларда өткөрүлгөн. Ар бир боз үйдөн бирден кой же жети токоч алынып, казан жана идиш-аяктарды чогултушуп, суу башына барышкан. Сыйынууга эркектер да, аялдар да жана башкалар да катышкан. Койду мууздоонун алдында бардык эркектер менен аялдар жүздөрүн кыбылага бурушуп, жаш жигиттер курмандыкка чалына турган койлорду даяр кармашып, бардык катышып тургандар:
Кудай жалгай көр!
Кудай бере гөр,
Айланайын, жамгырыңды бер! — деп бата кылышкан. Койду мууздашып, канын сууга агызышкан, этин бышырышып, жалпы отуруп тамак жешкен.
«Жер-суу таюу» деген ат менен ооруп калганда же башка кырсык болгондо жеке сыйынуулар да өткөрүлгөн. Бул максатта жакын жердеги мазарлардын бирине барышкан. Ал жерде тигил же бул мал союлуп, тууган-туушкандарын чакырып тамак беришкен. Диний даарат алышып, курандан аяттарды окушкан.
М.Н.Богданова Жер-суу таюу ырым-жырымын — жер суу кудайынын урматына курмандык чалууну — дыйканчылык ырым-жырымдарынын категориясына таандык кылат. Бул жаз мезгилинде, адатта суунун жээгинде жер жаңы көктөй баштаганда өткөрүлгөн. Айтылган дубаларда жердин түшүмдүү болушун, суунун жана түшүмдүн мол болушун сурашкан. Мындай ырым-жырымды өткөрүшкөндөр сууну жөнгө салып турган мурабды (көк башы) сууга салуу же ага суу чачуу салты болгон; бул суунун мол болушун пайда кылат деп эсептешкен.
Жер-Суунун урматына курмандык чалууга байланышкан бардык дубалар менен айтылмалар салттык элементтер менен мусулман ырым-жырымдарынын чырмалышып турганы мүнөздүү. Айтмакчы, суук тийген адамды дубалоо да: «А кудай оомийин, жер оомийин, суу оомийин...» деген сөздөр менен коштолгон.
Ысык-Көл боюнда чөп чабыктын учурунда, эгин бышар алдында өткөрүлүүчү жер таюунун, ошондой эле Түштүк Кыргызстанда эгин дан байлаганда, эгер анда зыяндуу курт-кумурскалар пайда болсо, кара көсө басса жана д.у.с. учурларда өткөрүлүүчү ырым-жырымдардын жер-суу кудайынын урматына өткөрүлүүчү ырым-жырымдар менен сөзсүз байланышы бар; бул учурда мал союшуп, анын канын машактарга чачышкан, түшүмдү сактай көр деп тилек тилешип, дуба айтышкан. Түштүк Кыргызстанда дыйкандар кургакчылык учурларда мечиттин жанына же арыктын боюна чогулушуп мал союп, сыйынышкан, андан кийин тамактанышкан. Бул ырым-жырым кудайы110 деп аталган, б.а. бул тамак ичүү кудайдын ырайымына ээ болуу максатында уюштурулган, бирок анын маңызы Жер-Суу кудайына ишенүүгө байланышкан башка ырым-жырымдары менен бирдей болгон.
Албетте, М.И.Богданованын Жер-Суу таюу ырым-жырымын жалаң дыйканчылык ырым-жырымдарынын категориясына гана таандык кылганы анчалык туура эмес. Бул ырым-жырым бирдей эле даражада малчылар үчүн да олуттуу мааниге ээ болгон. Т.Баялиева тарабынан 1959-жана 1960-жылдарда чогултулган материалдарга караганда Жер-Суу кудайына курмандык чалуу жылына эки жолу: койлордун туутунун башталышы менен дал келген жазгы көктөмдүн учурунда жана кеч күздө, малдын ээлери малын кыштоолорго айдашып, катаал кышка камына баштаган учурда өткөрүлгөн. Бир уруктун бардык мүчөлөрү, балдары менен кошо бир жерге чогулушуп, даярдалган тамак-ашты алып келишип, курмандыкка чалына турган малдарды айдап келишкен.
Урматтуу карыялардын бири кудайга, жерге, сууга кайрылып, алардан ар кандай кырсыктардан, оору-сыркоодон сактоону өтүнүп, мал жана адамдар үчүн ден соолук тилеген. Андан кийин союлган мал этин казанга бышырышкан; үйдөн ала келген тамак-аш менен этти жеп бүтүшкөндөн кийин Жер-Суу кудайына арнап сыйынуу сөздөрүн айтышкан.
Ушундай эле ишеним өткөндө алтайлыктар менен хакастарда да тараган, бул ишеним аларда бир кыйла өнүккөн мүнөздө болгон. Л.Э.Каруновская мындай деп билдирет: «Ak toson altaj тоосунда жердин эң кадыр-барктуу руху Geri-su турат, буга жердин бардык рухтары баш иет. Бул жерде малчылар барк туткан объектилер сакталып турат: малдын (kut), тайга жаныбарларынын жана балдардын (jula) түйүлдүктөрү — жаны сакталып турат. Зикир убагында шаман ошол жандарды алууга аракеттенет. Geri-su курмандык чалуу үч жылда бир жолу өткөрүлөт, курмандыкка жээрде ат же ак кой, арак, сүт, чеген чалышат». Алтайлыктардын түшүнүгү боюнча жер чөйрөсүндө жашаган рухтардын катарында А.В.Анохин суу жана жер рухтарын атайт (jer-su). Кызылдыктар (хакас топторунун бири) С.Д.Майнагашевдин билдирүүсүнө караганда «жерге курмандык чалууну» өзгөчөлүү өткөрүшкөн.
Л.Э.Каруновскаянын баянына караганда Geri-su кудайында өң-турпат болгон эмес. С.А.Токарев да «алтайлыктар туткан жалпы эле табият культунда персондошторуу элементи өтө начар роль ойногон... Мүнөздүү мисалдардын бири — Иер-Суу... «Жер жана суу», жер жаратылыш — уруктук гана эмес, жалпы уруулук культтун нерсеси катарында кызмат кылат. Бул ишенимде анимисттик да, мифологиялык да элементтер көрүнбөйт. Жер үстүндөгү көзгө көрүнгөн нерсенин бүт баары адамга кудай катарында көрүнөт».
Кыргыздарда жер-суу кудайы жөнүндөгү түшүнүк абдан исламдашкан болсо да жана өтө эле күңүрт мүнөздө болсо да алар алтайлыктар менен хакастардын диний ишенимдери менен жалпы белгилерди сактап калгандыгын көрүү кыйын эмес. Курмандык чалуу менен бирге өткөрүлөр бардык магиялык ырым-жырымдардын өзгөчөлүгү толук түрдө «жердеги» турмуш-тиричилик менен байланыштуу болгондугунда, алар баарыдан мурда, курчап турган жер жаратылышынын негизги ресурстарын — жер менен сууну пайдаланууга негизденген мал чарбасы менен, дыйканчылыктын керектөөлөрү менен шартталган ырым-жырымдар болуп саналат. Кыргыздардын ырым-жырымдарынын тизмегинде да, — бул тизмени дагы созо берсе болор эле. Биз персондоштуруу элементтерин байкабайбыз, жер-суу культуна байланышкан кандайдыр-бир турпаттардын бар экендиги да аныкталган жок.
Кыргыздардын жалпы жер-суу кудайына карата ишенимдери, жер
жаратылышын кудайга айландырып жиберген ишенимдери асман жылдыздары
жана жаратылыштын стихиялуу күчтөрү жөнүндөгү түшүнүктөрү менен
толукталат.
Кыргыздардын диний көз карашына токтолуп, Ч.Валиханов мындай деп жазат: «От, ай, жылдыздар алар урматтаган нерселер». Автор казактар менен кыргыздардагы «шаманчылыкты» бирдей карагандыктан, жаңы туулган айды көргөндө үч ирет жүгүнүү жөнүндө анын айтканы кыргыздарга да тиешелүү деп эсептөөгө болот. Ф.Поярков да минтип жазат: «Айды көрүп, ар бир каракыргыз, эркек да, аял да ага бата кылат (б.а. сыйынып, жакшы тилек тилейт — С.А.)». Этнографтар менен тилчилерде кыргыздардын жылдыздарга өзгөчө мамилеси, шамалды, чагылганды жана табияттын башка каардуу кубулуштарын жандуу нерсе катарында түшүнүшкөнү жөнүндө да айрым маалыматтар бар. Атап айтсак, өлүк көмүү ырым-жырымында мындай бир деталды белгилеп кетели: маркумдун кийимин үйүнө алып келгенден кийин (кылган кызматы үчүн сый катарында) аны жууган адамдар ал кийимдерди «жылдыздар көрсүн» дешип, бир күнгө тышка калтырып коюшкан, андан кийин үйгө киргизишкен, маркумдун бүткүл кийимин жылдыздар көрсүн дешип, боз үйдүн үстүнө жайып салышкан; өлүктү көмүү алдында пайдаланылган кийизди, жапкычты жана башка буюмдарды да жылдыз көрсүн дешип, тышка калтырып коюшкан. Г.П.Снесарев туура айткандай, бул ырым-жырымдар — асман жылдыздарынын тазалоочу касиети бар деген байыркы түшүнүктөрдүн калдыктары.
В.В.Радлов жазып алган «Эр Төштүк» эпикалык поэмасында биз төмөнкүдөй саптарды окуйбуз:
Асмандан урган мөндүр, катуу шамал
Элеманга кеп айтат:
Сен малга тойбос болупсуң,
Сен данга тойбос болупсуң,
Сенин ачкөздүгүң ашыптыр,
Курмандык чал малыңдан,
Ырайым сура Кудайдан.
В.Вербицкийдин билдирүүсүнө караганда алтайлык мундус жана төөлөс уруулары «добулдун, чагылгандын жана жамгырдын ээси» Тотой-Паянды ыйык тутушкан. Кыргыздарда корккондо, чочуганда (негизинен аялдарда): О, татай! эмне деген шумдук! деп үн салмай адат бар. Бул мүмкүн качандыр-бир убактагы дал стихия кудайына карата ишеним менен байланыштуу болсо керек.
Кыргыздарда көптөгөн башка элдердегидей эле жаратылыштын кырсыктуу күчтөрүнө бир катар магиялык ырым-жырымдардын жардамы менен таасир кылууга болот деген түшүнүктөрдүн болгондугу табигый нерсе. К.К.Юдахин биринчи жолу жазгы күн күркүрөгөндө аялдар жалынып, дамбыр таш айтышып, чөп менен сүттүн көп болушун тилешкенин айтат. Алар сүт чаканы көтөрүп алышып боз үйдү үч ирет айланышып: чаканы ургулашып: жер айрылып көк чык, желин айрылып сүт чык, дешип үн салышкан.
Койдун карынынан табылган таштын (жай таш) жардамы менен аба ырайын өзгөртүү, айрыкча жамгыр, кар жаадыруу максатында иштелүүчү ырым-жырым да өзүнчө формага ээ болгон. Ушундай «уу» таштын бар экендигине жана анын сыйкырлык күчүнө ишенүү түркий тилдүү элдердин, алардын ичинде байыркы түрктөрдүн арасында кеңири тараган. Кыргыздардын арасында да жай таштын жардамы менен жамгыр жаадыра ала турган жайчы деп аталган өзгөчө адамдар болгон. Жайчылар өз дубаларын араб-фарсы тилинде айтышкан, анын маанисин өзүлөрү да түшүнүшкөн эмес. М.Н.Богданованын айтканына караганда жайчылык дубалар жана ага тийиштүү ырым-жырымдар кургакчылык учурунда жамгыр жаадыруу максатында өткөрүлгөн.
Жайчы өз дубасын кырк чыбыкты дубалап, кырк жолу кайталагандан кийин аларды сууга салган. Андан кийин кезеги менен төрт жолу дуба окуган. Мындан кийин ал мүрзөдөн топурак алып келип, ал абага чачып, кырк жолу дагы дуба окуган. М.И.Богданова дубачылар адетте профессионал бакшылар болушканын, алар бир эле убакта эмчилик жана шамандык милдеттерди да аткарышканын белгилейт.
Көчмөн-малчы кыргыздардын диний ишенимдерин изилдөөчүлөр үчүн мал чарба культуна тийиштүү болгондордун баары өзгөчө кызыгууну туудурар эле. Бирок бул тема өтө эле аз изилденгендердин катарына кирет. Эгерде мал чарба турмуш-тиричилигинин айрым бир нерселери менен байланышкан бир катар ырымдарды жана ишенимдерди эске албаганда, мал чарба культуна тийиштүү көрүнүштөрдүн катарына, баарыдан мурда, малчылык ырымдарын кошууга болот.
Алсак, музоо туулганда айтылуучу кылоо-кылоо деген белгилүү дуба бар. Төлдөгөндөн кийин саап алынган ууз сүттү казанга кайнатып айылдаштарды сыйлашкан; казандын түбүндө калган ууз сүттү чөмүч менен сүзүп алышып, музоонун маңдайына алып келип, үч жолу тийгизип, миң уйдун башы бол дешип ырымдашкан. Андан кийин аял чөмүчтөгү ууз сүттү музоонун маңдайына тамызып, калганын төгүп салышкан.
Сактоочу ырымдардын башка бир категориясы — төлдү бөлөк малга телигенде колдонулуп, ал мал телүү деп аталган. Мындай ырымдарды койдун козусу же башка үй жаныбарларынын улагы, музоосу ж.б. өлүп калганда колдонулган. Кой ылаңдап, сүтү байып кетпесин үчүн өлгөн козунун терисин сыйрып алышып, аны бөлөк бир тирүү козуга жаап коюшуп, койдун жанына алып келишкен. Кээде тирүү козуну эмес, өлгөн козунун терисинин үстүнө туздан сээп коюшуп, аны койго жалатышкан, бул кой козусунун жытын сезсе, сүтү байыбайт деген максатта иштелген. Козуну башка койго телигенде козу телүү деген ырым ыры ырдалган.
Жылкычылардын арасында кары жиликке чоң маани берилген. Эгер: ал жилик жылкычынын боз үйүндө турса, ал жалгыз калганда да өзүн коопсуз сезген. Кары жилик жылкы кайтарат деп эсептешкен. Андан карышкырлар да, уурулар да коркушкан. «Бул жиликти тиш менен мүлжүбөө керек».
Келтирилген маалыматтар кыргыздардагы мал чарба культун көрсөтүп турат.
* * *
Өз кезегинде, мурда эле С.Д.Майнагашев хакастарга баргандыгы жөнүндөгү баянында — качиликтерде, сагайларда, белтирлерде өткөрүлүүчү бир катар курмандык чалууда шамандык ишенимдер менен аз сыйынышарын, алардын айрымдарын калк, шамандарды катыштырбай эле өзүлөрү өткөрүшөрүн, башка бир курмандык чалуу ырымында эки диний системанын: уруулук культ менен шаманизмдин аралашып кеткенин эң туура белгилеген. Бул элдерде шаманизмге чейинки (жана уруулук) культтун орун алгандыгы жөнүндөгү ушул эле ой кийин Саян-Алтайдын бир катар башка элдерине карата колдонулуп Л.П.Потаповдун жана С.А.Токаревдин эмгектеринде өнүктүрүлгөн. Бул изилдөөлөр ал элдердин уруулук культу табият культунун ар түрдүү көрүнүштөрү менен өтө тыкыс түрдө чырмалышып калганын көрсөттү. Уруулук культ кийинчерек шаманчылыкка байланыштуу келип, түшүнүктөрдүн системасынан мурда болгондугу шексиз. Уруулук культта тигил же бул деңгээлде — асман культу да, жердин жана суунун культу да, тоонун культу да жана бир катар башкалары да калыптанган.
Бул уруулук культ, С.А.Токаревдин изилдөөсү көрсөткөндөй, өтө татаал мүнөздө болгон. Ал, атап айтканда — жерди, тоолорду, өрөөндөрдү, тоо мөңгүлөрүн, дарыяларды, булактарды жана аларды колдоочу рухтарды (же ээлерин) урматтоодон көрүнгөн. A.В.Анохин бардык ушул рухтардын жалпы атын төмөнкүчө келтирет: «а» (ээси). Кыргыздарда ээ деген сөздүн бир мааниси кудай, колдоочу рух болуп саналат. Бул колдоочу рухтардын ар түрдүү категориялары бар: мазардын ээси — ыйык жайлардын колдоочу руху; башаттын ээси — булактын колдоочу руху; арашандын ээси — дары булактын колдоочу руху. Кыргыздардын түшүнүгү боюнча адамдын да колдоочу руху бар: Турумбегимди ээси алды (б.а. Турумбек өлдү). Көпчүлүк убакта ата деген сөз — ээси, колдоочу рух деген эле мааниде колдонулат, айрыкча ыйык нерселерге карата алганда ушундай маанини берет.
Кыргыздардын колдоочу рухтары (ээ, ата) алтайлыктардыкы (а) сыяктуу эле «тигил же бул жайга — тоого, дарыяга, көлгө, аскага ээ кылынат да, жергиликтүү рухтар болуп саналат».
Көчмөн адамдын жакын айлана-чөйрөсүндөгү объектилерге табынышы кыргыздардын күндөлүк турмушунда жана жөнөкөй аң-сезиминде көбүрөк реалдуу мааниге ээ болгон. Алардын арасында тоолор, аскалар, булактар, бадалдар, айрым дарактар жана д.у.с. бар. Булардын айрымдары кыргыздарда өткөн чакта уруулук культтун объектилеринен болгон деп эсептөөгө негиз бар.
Бул баарынан мурда тоону ыйык тутууга тиешелүү. Алтайлыктарда, Л.П. Потапов белгилегендей, тоо культунун уруулук мүнөзү ачык байкалат. Кыргыздардагы бул культ жөнүндөгү так маалыматтар жагынан биз B.В.Радловго милдеттүүбүз, ал мындайча белгилейт: «...бугуларда, мага билдиргенине караганда, каракыргыздардын бул тарабында Чүй дарыясынын башындагы Кунграман (Күнгүрөмө) тоосу, Көк суу дарыясынын боюндагы Чолпон-ата жана Текес дарыясынын боюндагы Ала-баш-ата ыйык деп эсептелинет». В.В.Радловдун текстинен, Ысык-Көл боюндагы жана ага чектеш жаткан Текес дарыясынын бассейниндеги аймактардагы бул тоолор дал бугу уруусунун табынуучу жайлары болгондугу, алардын кыштоолору менен конуштары ушул жерлерде орун алганы билинип турат.
Биз тараптан 1953-жылы чогултулган талаа материалдардан кээ бир тоолор айрым бир уруулардын ыйык жайы болгон деп айтууга мүмкүндүк берет. Ысык-Көлдүн түштүк-батыш тарабында, өзүлөрүнүн теги боюнча бугу уруусунун бапа уругуна таандык болушкан кыргыздар жашаган Барскоон кыштагынан болжолу 35 км аралыкта турган Дүңгүрөмө тоосу ушундай ыйык тоо болуп саналат. Ушул кыштактын тургуну Т.Айтбаевдин айтканына караганда, ыйык деп эсептешип, ал жерге зыяратка барышкан, курмандык-назир тайышкан. Тоодо ашуу бар, андан суунун шары адамдардын сүйлөшкөнүндөй болуп угулуп, ал эми жумага караган түнү баланын ыйлаганы угулуп турган. Ыйык тоодон коркуп сестенишсе да, адамдар ага барганын уланта беришкен. Кочкор өрөөнүндөгү (Тянь-Шань) Кочкор-Ата тоосу жана башкалар да ыйык тутулган. Кашгарлык кыргыздарда Муз-таг-ата (Сары-кол тоо кыркасында) жана Маркен-Ата (Улуг чатка жакын) ыйык тоолор деп эсептелген. Бугулардын түпкү энеси — мүйүздүү байбиче жөнүндөгү легендага байланыштуу болгон Аламышык тоосу да ыйык тутулганын белгилебей коюуга болбойт. Ал тоодо ушул легендалуу аялдын аты менен аталган ыйык мазар бар. Ал жерде адамдар табынган жалгыз түп арча да бар.
Ал эми Кочкор-Ата тоосуна келсек, бул жөнүндө мурда эле Ч.Валиханов казак султаны Барактын (1770-ж.) кыргыздарга кол салганына токтолуп, минтип жазат: «...ал өзүн өтө эле бейкам тутуп жана күчүнө чиренип, жапайы кыргыздардын ыйык жайын — Кочкор-Атанын бейитин кордогон». Анын мыкаачылыгына кыжыры келген кыргыздар Барактын лагерине кол салып, анын аскерлерин качууга аргасыз кылып, Иле дарыясына чейин кууп барышкан. «Кыргыздар аскерлердин качышын ыйык атанын колдогону менен түшүндүрүшкөн».
Биз тоолорго же тоо рухтарына назир таюунун кандайдыр-бир белгисин көрө албадык. Бирок кыргыз тилинде мындай издер сакталып калган. К.К.Юдахин «тайы» (курмандык чалуу, табынуу) деген сөзгө түшүнүк берип: Ополдун тоосун тайыпсың деген сүйлөмдү мисал келтирет (бул тоо кашкарлык кыргыздар тарабынан ыйык тутулган). Табияттын ар түрдүү нерселеринин «ээлеринин» арасында өтө күчтүүлөрү жана зорлору болгон. Аларга тоолордун бийик чокулары жана ашуулар кирет. Аларды ыйык тутуу моңголдор менен буряттарда күчтүүрөк, кыргыздар менен кандайдыр-бир этногенетикалык байланыштары болгон алтайлыктарда, тувалыктарда, хакастарда жана башка элдерде да байкалган.
Бул өзгөчөлүү культту Е.Г.Кагаров толук талдап карап чыккан. К.К.Юдахин «Кыргызча-орусча сөздүктүн» жаңы басылышында кыргыз тилинде да обоо деген сөз — таштардын үймөгү, таш дөбө дегенди — тоо рухуна таюу дегенди билдирерин тактагандан кийин (алтайлыктарда да «обого», «обоо» — тоо рухунун урматына тайылган таштардын үймөгү) бул терминди өткөн убакта кыргыздарда орун алган диний сыйынуулардын объектилери (кайсы бир жерлерде азыр да кезиге турган), алардын ичинде ашууларда, тоо капчыгайларынын өзгөчө урунттуу жерлеринде жайгашкан объектилери менен салыштырып көрүүгө мүмкүнчүлүк пайда болду. Булар үймөк таш, таш коргон, ал эми кээде топурак кирпичтен жасалган үй түрүндө — айрыкча бийик тоолуу райондордо, баарыдан мурда Памир-Алай тоо кыркаларында көп учурайт.
Алардын жанында, албетте, тоо текелердин, эликтердин баш сөөктөрү жыйылып коюлат, топоздордун куйругу же алардын бир ууч жүнү, кездеменин айрыгы байланган бакандар турат, ал эми куурай же бактарда көптөгөн кездеменин айрыктары, кебездин булалары, жип жана д.у.с. илинип турат. Ашуу-белдерде көп учурда алардын «ээлерине» курмандык чалышкан. Бул ыйык тутулчу жерлерде азыр бардык жерлер обоо делбей мазар деп аташат. Алар мусулманчылыктын ыйык элементтеринин бирине айланып кеткен. Алардын жанында жалгыз-жарым, кээде бир топ бейиттер болот. Ф.Поярков «өзгөчө ыйык тутулган жерлерде же бейиттерде бакан сайып, аны түрдүү түстөгү чүпүрөктөр менен кооздоо, мындай жерлерге мүйүз жана башка нерселерди алып келип коюу» кыргыздардын адаты деп жазат.
Мисалы, Алай кырка тоосундагы Алай өрөөнүнөн чыгыш Памирди карай кеткен Кызыл-Арт белиндеги кадимки эле эски обоо — мазар ыйык деп эсептелген. «Ашуунун белинде (Кызыл-Арт — С. А.) мазар, б.а. күмбөз бар. Аркардын баш сөөктөрү менен мүйүздөрү аркайып турат, топоздордун ак жана кара куйруктары, шамалга желбиреген кездемелердин айрыктары». Сарык-Могол ашуусунун жанында (Алай кырка тоосунда) биз «Ала-мазарды» көрдүк: тегерете таш коргон менен курчалган 5—6 бейит жатат. Алардын ортосунда топоздун куйругу байланган бакан турат. Бейиттердин бири ыйык деп эсептелет.
Кечээ жакында эле жалпыга белгилүү болуп жүргөн, Фергана тоо кыркасындагы Көк-Арт ашуусунун жанынан орун алган Саймалу-Ташты обоо тибиндеги ыйык жай деп эсептөөгө болот. Бул жер ыйык деп эсептелинген. Ал жерге төрөбөгөн аялдар, ошондой эле сыркоолор 2—Зтөн болуп барышкан. Алар өзүлөрү менен кошо кайсы-бир малды жетелешип, токоч алышып (сөзсүз 7 токоч — жети нан алуу керек болгон) барышкан. Ал жерде малды союшуп, этин бышырып жешкен, курандан дубаларды окушуп, түнөшкөн. Бул жерде кыргыздар адам баласы жаза албай тургандай сүрөттөрү бар миңдеген таштар жана алардын сыныктары жатат. Мында малдын тумоосу, кырсык болгон учурларда көп адамдар чогулуп сыйынышкан. Мындай учурда бул жерге жакын жайгашкан жайлоолордон малды айдап келишкен. Курмандыкка бир мал чалып, этин ушул эле жерде жешкен.
Ушуга байланыштуу муну айтуу керек: курмандыкка мал чалуу (ыйыктын ырайымына ээ болуу же күнөөсүн кечирүүнү сурап назар таюу) кыргыздардын диний практикасында өтө кеңири тараган, бул көрүнүш кыргыз лексикасында атайын терминологияда берилген. Ч.Валихановдун «Кыргыздардагы шаманчылыктын издери» деген эмгегинде «Курмандык чалына турган мал жөнүндө» деген атайын бөлүм бар, мында ал курмандык чалып жатып, дуба кылган казак тайылган малдын белгилерин кошо айтаарын (кыргыздарда да ушундай) көрсөтөт. Ал дагы мындай деп белгилейт: «...кыргыздар (бул казактарга да, кыргыздарга да тиешелүү — С. А.) кенедей эле кырсык болсо кудай деп... же арбактарга арнап мал союшат, курмандыкты обонун жанында эмес, ата-бабанын бейитинде чалышат».
Кыргызстандын бүткүл аймагында учурай турган жергиликтүү ыйык жайлар — мазарлар көпчүлүгүндө обоо сыяктуу түшүнүктөн келип пайда болгон. Бул мазарлардын культу турмуш-тиричиликтеги исламдын, айрыкча олуялар культунун ажырагыс бир бөлүгү болуп калгандыктан, муну мусулман диний ишенимин активдүү жолдоочулары кеңири пайдаланышкан. Биз а түгүл ар түрдүү ыйыктардын ортосунда «генеалогиялык» байланыштардын элементтерин табууга аракеттенүүнү да көрдүк Алсак, Чолпон-Ата кыштагында (Ысык-Көл боюнда) бир молдо бизди төмөнкүдөй схема менен тааныштырды: Арстан бабанын (Түштүк Кыргызстанда жайгашкан белгилүү мазар, Арслан-боб же Арстанбап аталат) жети уулу болгон, алардын урматына төмөнкү мазарлар курулган:
1) Ойсул-Ата (Кулжа шаарында),
2) Каракол-Ата (Каракол өзөнүнүн жээгинде, Пржевальск шаарынын жанында, азыр көрүстөн);
3) Шың-Ата (Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде, айыл чарба техникумунун жанында);
4) Манжылы-Ата (Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде, жолдон 600—700 м. алыстыкта, Кекилик суусунан бир нече километр аралыкта);
5) Чолпон-Ата (Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде, ушундайча аталган курорттун түндүгүнөн орун алган белгилүү мазар);
6) Кочкор-Ата;
7) Олуя-Ата (Аулие-Ата, азыркы Жамбул шаары).
Молдонун сөзү боюнча «олуя» Чолпон-Ата дөбөгө коюлган. Ал жерде бири муздак, бири жылуу эки булак, терек жана мажрүм тал өсүп турган. Бул жерге Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги Чоң-Өрүктү кыштагынан Тору-Айгырга чейинки кыштактардан төрөбөгөн аялдар жана оору-сыркоо адамдар келип турушкан. Ушул эле жерге ылаңдаган малды айдап келишип, түнөтүп, дуба окуп сыйынышкан (адетте жумага караган түнү). Ушул эле жерде Жер-Суу кудайына назар тайышып, жамгыр сурашкан. Жакын арада жашагандар, ошондой эле белгилүү манаптардын үй-бүлөсү өлгөн адамдарын дөңдүн этегине көмүшкөн.
Жети бир тууган «олуялар» жөнүндөгү ушуга жакын маекти Кыргызстандын түштүгүнөн угууга туура келди. Бул жети бир тууган өз душмандарынан ар башка жерге качып кетишкен. Бири биринен алыс турган ыйык мазарлар алардын ысымдары менен аталган: Арстанбап, Тастар-Ата (Күнелек жериндеги тоонун чокусунда), Токбай-Ата, Шамшыкал-Ата (Кетмен-Төбөдө), Күртүк-Ата (Алай районундагы Андреев атындагы колхоздун аймагы), Морпостун (Анжыянда). Жетинчи мазардын атын маектешкен адам эстей алган жок.
Ыйык деп эсептелген жана айыктыруучу касиети бар деп эсептелген ар кандай жайларга баруу төрөбөгөн аялдарды эмдөөнүн көбүрөк тараган ыгы болгон. Төрөбөгөн кыргыз аялдарынын ар түрдүү ыйыктардын жардамын жана колдоосун сурап кайрылышы, өткөндө Орто Азия элдеринин арасында тараган мазарлар культунун ичинен өзгөчө айырмаланбайт. Бул культта ислам тарабынан канондоштурулган инсандардын күмбөзүнө же андай адамдар менен кандайдыр-бир байланышы болгон жайларга табынуу мусулманчылыкка чейинки магиялык-анимисттик мүнөздөгү түшүнүктөрдүн калдыктары менен чырмалышып кеткен.
Маңызы жагынан башка элдердеги «обоо» менен бирдей болгон көптөгөн кыргыз мазарлары менен байланышкан түшүнүктөрдү Борбордук Азиянын элдери үчүн мүнөздүү болгон жана кечээ жакынга чейин көптөгөн түркий тилдүү элдерде жашап келген байыркы диний түшүнүктөрдүн кеңири чөйрөсүнүн ыргактуу түрү катарында кароо керек экендиги айдан ачык.
* * *
Уруулук культ, тоо культу, ошондой эле үй-бүлө-урук ырым-жырымдары менен байланышкан үрп-адаттардын арасында үй-жаныбарларын тигил же бул рухтарга, кудайга арнап атоо же илдетти ошол арналган жаныбарга көчүрүү үрпадаты көрүнүктүү орун ээлейт. Мындай үрп-адат көптөгөн түркий тилдүү элдерде жана моңголдордо болгон. Бул кыргыздарда да болгон. Профессор К.К.Юдахин ошол эле маанайда ыйык мал тууралу төмөнкү маалыматты келтирет: ыйык эски сөз, ыйык деп аталган мал (оторго коё берилет, мындай малды союуга жана этин жегенге болбойт, кээ бир жерлерде жылкыны мындай ыйык малдын катарына кошушпайт); козголбос ыйык.. серке (муну ыйык деп союшпайт); ыйык көтөр — жакшы көргөн малын короого кошуу (аны ыйык деп союшпайт); ыйык көтөргөн тору айгыр; ыйык көтөргөн буура ыйык көтөргөн короодо сыркоо адамдын жакшы көргөн малын кармап, ал өзү каалаганда союп берүү.
Биздин жазгандарыбыз далилдеп тургандай, кыргыздарда башка элдердин малды багыштап атоо үрп-адатынан айырмаланып, жеке адамга, негизинен үй-бүлө мүчөсүнүн кимдир биринин ооруп калганына байланыштуу болгон. Адетте кой же эчки (көп учурда — улак) аталган. Бирок К.К.Юдахиндин айтканына караганда кээ бир жерлерде жылкы да аталган. Отордон тандап алынган койду оорулуу адам жаткан үйгө алып келип, анын шыйрагын оорулууга карматышкан. Андан кийин койду кайрадан оторго кошуп жиберишкен. Эгер оорулуу адам сакайып кетсе ал койду союшкан, кээде сойбой да коюшкан. Эгер ал адам каза болсо, анда ал койду союшкан эмес. Мындай үрп-адат ыйык көтөрүү (ыйык көтөрсө, шыйрагын кармап, түлөө кылат кудайга) деп аталган. Кээде тоокту да ыйыкташкан (тоокту көтөрөт). Биздин жазгандарыбызда үрп-адатты талдоо К.К.Юдахин тарабынан берилген талдоого жакын.
Дагы бир урунттуу нерсе — бул: «Кыргызча-орусча сөздүктүн» жаңы басылышында К.К.Юдахин ыйык деген мааниде (ыйык үй жаныбары) сетер деген сөздү жана ага ылайык сетер көтөр деген сөздү келтирет. «Сетертей» же «сэтэртэй мал» деген термин моңгол малчыларында ыйык жаныбарды билдирет. Л.П.Потапов билдиргенге караганда, түштүк-батыш тувалыктарда да үй-бүлө мүчөсүнүн ооруп калгандыгына, малдын илдетине жана өлүмүнө, жаңы шамандын пайда болгонуна байланыштуу мал багыштап атоо үрп-адаты болгон. Ал Борбордук жана Батыш Тувадагы «ыдыкка» дал келүүчү моңголдордо «сетэр» деп аталган. Кожоюндун оторунан тигил же бул малды тандап алышып, анын моюнуна арцистин түтүнү менен (дубаланган) ышталган кездеменин айрыгын тагып кайра оторго коё беришкен. Ушундан кийин тувалыктардын ишеними боюнча үй-бүлөдө бакыбатчылык орногон.
Мындай «дубаланган» мал «отордун ээси» деп эсептелип, башка адамдар ага тие алышкан эмес. Сетэр карыганда аны союп этин пайдаланышкан, бирок ордуна жаңы сетэрди коюшкан. Төөнү, андан кийин сарлыкты жана эчкини (бычылган көк текени сетэр көтөрүүгө болот) сетэр көтөрүшкөн эмес. Кыргыздар менен тувалыктардын үрп-адатынын айырмалары бар экенине карабастан окшоштугу ачык көрүнүп турат. Ушундай эле үрп-адат Ч.Валиханов белгилегендей, кыргыздарда да болгон: «Кыргыздар бир кырсык болгондо көпчүлүк убакта эмне үчүндүр жакшы көргөн жылкысын же башка малын атаган менен, курмандыкка анча баалуу эмес малын чалышкан. Бул үчүн аталган малдын (арналган малдын болсо керек — С. А.) шилекейин чындыгында союла турган малдын оозуна сүртүшкөн».
Мына ошентип кыргыздардын ыйык-сетэр үрп-адаты казактарда, тувалыктарда, алтайлыктарда, моңголдордо таралган үрп-адатка жалпысынан окшош деп эсептөөгө болот. Бул болсо кыргыздардын жогоруда аталган жана башка коңшу элдер менен этногенетикалык терең байланышы бар экендигин дагы бир жолу ырастайт.
Жергиликтүү жаратылыш культунун бир бөлүгү болгон аскаларды, айрым таштарды, жалгыз тал даракты, токойлорду жана дагы ушу сыяктууларды ыйык тутууну мындай калтырып, сууларга жана булактарга өзгөчө мамиле жасоого да токтолуп өтөлү. Баарынан мурда, кыргыздарда, бүдөмүк болсо да, суунун ээси — колдоочусу жөнүндөгү түшүнүк бар. Мындай ээ-колдоочу айрым агынсууларда да болгон деп болжолдорго негиз бар. Тянь-Шанда Алабуга деген дарыя бар. Алабуга деген сөздүн азыркы мааниси — окунь. Бирок кыргыз кары тарыхынын билерманы Чоробаев Абдыкалык бул сөздү башкача түшүндүрүп, ала бугу дегенден келип чыккан дейт. Бул дарыянын башкы агымы ченде бугулар жүрчү экен, алардын бири ала болгон экен. А.Чоробаев ошол ала бугу ошол дарыянын колдоочу суу-руху (ээси), «кожоюну» болгондугуна ишенет. Дарыянын аталышынын ушундайча түшүндүрүлүшү чындыкка өтө жакын. Мурда келтирилген маалыматтардан көрүнүп тургандай бугу уруусунун түпкү энеси — Мүйүздүү эне Ысык-Көлдүн колдоочу суу — руху болгон.
Г.П.Снесарев сууга назир таюуга арналган кызыктуу этюдунда жазында, жер тосмолор алынып ташталып, суу каналга ага баштаганда, ага атайы арналып, алдын ала башы кесилген өгүздү алып келип салышкан. Кээ бир учурларда малды каналга салбастан, жээкте мууздашып, канын сууга агызышкан. Биз ислам менен эч кандай байланышы болбогон нагыз курмандык чалууну көрүп отурабыз» — деп жазат автор. Кыргыздар жаңы арык казган учурда сууга же арыктын нугуна курмандыкка чалынган малдын канын агызуу үрп-адатын да сууга курмандык чалуу катарында кароо керек, бул жөнүндө көп сандаган далилдер бар. Алсак, Тянь-Шанда арык казуу жагынан кеңири белгилүү курулушчу айткандай, жаңы арыкка биринчи жолу суу коё бергенде «жер, суу таюу» деп аталган курмандык чалууну уюштурушкан. Сууну коё берердин алдында да кой союлуп, арыктын али кургак нугуна кан чачышкан. Канды чачканда төмөнкүдөй бата кылышкан:
Кан арыгы, жер-суу, тоо-таш,
Кудайым сенин жолуңа!
Союлган койдун этин бышырып, чакырылгандарды сыйлашкан. Т.Баялиева суу рухун ыйык тутууга тиешелүү болгон калдыктардын жашоо байымдуулугунун күбөсү катарында мындай бир кызыктуу фактыны келтирет. 1950-жылы Кочкор кыштагында (Тянь-Шанда) катуу сел жүрүп, малды жана үй эмеректерин сел алып кетип, оор кырсык болот. Ушундай кыйын учурда бир нече киши өзүлөрү менен кошо назир мал жетелеп алышып, айылдан алыскы сел башталган жерге барышып, ал жерде кудайга жана арбактарга аташып курмандык чалышып, малдын канын сууга агызышат. Мына ушул далилдүү фактыдан кандуу курмандык чалуу аркылуу албууттанган суу ээсинен ырайымдуулукту өтүнгөн аракетти көрүүгө болот. «Кудайдын жана арбактардын урматына» курмандык чалуу, суу амирине курмандык чалуу жөнүндөгү алда канча байыркы түшүнүктү кийинки шартка жараша өзгөртүп колдонуу деп эсептөөгө болот.
XIX кылымдын 90-жылдарында Ош шаарында Ак-Буура суусуна адамдар курмандыкка чалынгандыгы жөнүндөгү маалымат бар. Бул маалымат текшерүүнү талап кылат. Бул жерде мүмкүн, Аму-Дарыянын суусун каналга коё бергенде мурабды сууга салгандагыдай үрп-адат колдонулгандыр.
Качиндиктер дарыянын ээсине курмандык чалыша тургандыгы жөнүндө С.Д.Майнагашев жазган. Абакан дарыясына курмандык чалганды өзү көргөн. Ар кыл түстүү тасмалар менен оролгон торпокту дарыяга чөктүрүшкөн. Мындай курмандык үч жылда бир жолу өткөрүлүп турган. Алтайлыктарда да суу руху — «su eezi» жөнүндө ишеним болгон. Суу ээсине оочу, тодош, мундус, меркит сөөктөрү курмандык тайышкан. Курмандыкка чалынуучу кара-боз аттын үстүнө кыл аркан — kesiI бекитишип, ага жоолук түрүндөгү чүпөрөктөрдү байлашкан. Суу ээси — «Су азi Суbai (Суват)-кан» шамандын батасында айтылат.
Кыргыздардагы ишенимдердин жоон тобу башаттар, кайнар булактар жана арашан суулар менен байланышкан. Бул жөнүндөгү баалуу маалыматтарды XIX кылымдын акырына таандык кол жазмалардан табабыз. Анын автору төмөнкүчө жазат: «Белгилүү же арашан жерлер ардакталат, ал жерлерде курмандык да чалышат. Мындай ыйык туткан жерлерге: Ысык-Атадагы арашан булактар, Жуван-арыктагы Сасык булак, Берикме менен Кетмен-Төбөдө — КемпирТырмак... кирет. Бул жерлерде курмандык үчүн кой союшуп, этин бышырып жешет да, мүлжүгөн сөөктөрдү көрүнүктүү жерге жыйып коюшат, ошону менен бирге ал жердеги ар түрдүү сүрөттөрү бар таштарды мал майы менен сүртүшөт». Май менен майлагандан башка да ал таштардын үстүнө «шам чырак» коюшат, алардын саны ар бир курмандыктын максатына ылайык келет». «Бул дарыя (Ак-суу, Жыргалаң дарыясынын куймасы, Ысык-Көл боюнда) Жапайы таш кыргыздарынын арасында өзүнүн дарылык жылуу суулары менен белгилүү, — деп жазат П. П. Семенов, — Алма-Арасан (Ак-Суу өзөнүндөгү минералдуу арашан, башка бир арашан Алтын-Арасан деп аталат — С. А.) айланта саябалуу бак-дарактар менен курчалган; алардын арасында атайын өстүрүлгөн алмалар да бар.
Булакты курчап турган дарактар ыйык тутулат; аларга ар кыл түстөрдөгү чүпүрөктөр илинип турат, ал чүпүрөктөр жапайы таш кыргыздарынын булактын ыйыктыгына тайыган назирлери». Бул маалыматтар биздин убагыбызда да толукталды. Алмалуу мазар деп аталган бул мазарда мал союлган, нан жабышкан, булактан суу ичишип, суу толтурулган кудукка түшүшкөн. Кээ бирөөлөр ал жерден ак тайлакты көрүшкөн. Ал булактын «кожоюну» деп эсептелет (булактын ээси ). Малтабар кыштагына жакын жерде (Чүй өрөөнүнүн батыш бөлүгүндө) Акбашат булагы бар. Анын суусу кышында тоңбойт. Кечээ жакында эле аны ыйык тутушуп, жайкысын ага жамгыр сурап барышчу. Кой союп, этин бышырып жеп, дуба кылышып, түнөп калышчу. К.Дыйкановдун айтканына караганда, илгери сууга курмандыкка чалынган малдын канын куюшчу. Жергиликтүү тургундардын айтымына караганда, мурда булактын жанынан, түнкүсүн боздогон ак тайлакты көрүшчү экен. Ал эми кийинчерээк булакка баргандар ал булактын өзүнөн канаттуу жыланды көрүшкөн имиш.
Мындай легендаларды көп угууга туура келди. Ар бир ушундай башаттын же булактын ээси бар экендигин, аларга курмандык чалышаарын жана алардын ичинде Г.П.Снесарев белгилегендей Хорезм өзбектериндегиге окшош болгон курмандыктар чалынаарын белгилеп кетүү маанилүү.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.