
АҢГЕМЕ
Таң алдындагы таттуу уйку чар учкандай тарады. Үнүң өчкүр, баягы эле сотка, кулак-мээни жеп шыңгырап атты. Ооналактап жата бердим, жаагы басылбады. Айла жок, алды-артымды сыйпалап атып таап алдым. Бир көзүмдү эптеп ачтым, карасам – Асылай курбум. Бүгүн алтынчы күн да, билет менин уйкучу экенимди, анан неге?.. Жөн чалбаса керек...
– Ало-оу? Не болду? Тынччылыкпы?
– Үү-үү... аа-аа... – ал ыйлап жооп берди.
Көзүм умачтай ачылды.
– Апэ-эй, ыйлабай айтпайсыңбы? Токтот ыйыңды... өзүңдү карма... Ии-и, эми айта бер.
– Тиги... таенем...
– Эмне таенең?
– Азыр телефон чалышты айылдан...
– Кайтыш болдубу?
– Ооба.
– Ии-и энебиз!? Алтын апабыз! Жаман болуптур... үү-ү... – эмне айтаарымды билбей мен да үңүлдөдүм. – Арты жакшылык болсун. Айла жок. Болду, ыйлаба. Барганда бакырасың... Саат канчада чыгалык?
– Билбэ-ээйм...
– Билбесең, бери кара, саат тогуздарда... жок, тогуз жарымда мен сени күтөм. Бир аз жуунуп-таранып алайын... Сен да ошент.
Курбум Асылай кичинесинен таенесинин колунда өскөн. Ошол себептен аны төрөгөн апасынан да жакшы көрөт. Тың эле болчу. Токсондон ашып жүз жашка жакындаса керек... Өткөн жумада эле барып келгенбиз. Бизди тамашалап, кадимкисиндей шайдоот тосуп алган. Үйдө келини турса да тынч отурбайт. Дасторкондун тияк-биягын кармалашып жиберет.
– Жүрөсүңөр, койкоюп, күйөө жактырбай. Отузга чыккыча тандап жүрүп тазга жолукпасаңар болду,– деп бизге тийишкен.
– Ой эне, ошол чачы жоктор бакубат жашайт экен, жана акылдуу да болушат,– деп мен да тамашалап жооп бердим.
– Ошондой де! Анда эмесе алдагы уйдукундай кирпигиңерди ыргыткыла... Мен сураштырам. Кашка баш кандидат табылат,– деген эле ыраматылык энебиз.
Эми таенебиз жок ким бизге эр таап берет, ким тийишип тамаша сөздөрүн айтат? Мен улутунуп алып тез-тез кийине баштадым. Асыл келсе шаштырат. Дасыккан кыймылдар менен бетиме макияж жасап кирдим. Аңгыча машине пипилдеди эле, терезеден көчөнү карасам курбум келип калыптыр.
– Азыр, беш мүнөттө чыгам, – деп кыйкырдым.
Кашайгыр, кирпиктеримди да чаптай элекмин да... Кантип көчөгө чыгам? Анымды чаптабасам, кийимсиз чечинип чыккандай болом да! Күзгү алдына отура калып заматта эки көзүмө тең жабыштыра салдым. Калган марафетти жолдо машинеде баратып бүтүрөм... Алтын-бриллиант шакектеримди, сөйкөлөрүмдү да калтырдым... Тойго бараткан жокмун да. Мени ким карамак эле... карыганда?
Айыл алыс эмес, бир саатта жетип бардык. Карыган адамга бата кылгандар арбын болот эмеспи. Эки боз үй тигилиптир. Машинени окчунурак токтоттук, түшөрү менен курбум Асылай ачуу кыйкыра баштады дейсиң, күтпөгөн жаным чочуп кеттим. Мен да ыйлайын десем, жаш чыкпады. Жүзаарчы менен бетимди басып, экинчи колум менен курбумду колтуктадым. Дагы жакшы, боз үйдөн эки келин тосуп чыгып, Асылды эки жагынан жөлөп жөнөштү. Мен деле бук болуп келатсам, мени кармаган киши жок. Өз энекемдей аябай жакшы көрчү элем...
Жаш чыкпаган көзүмдү көрсөтпөй бетаарчыны кармап баратып, боз үйгө кире бергенде эшиктин кашегин сүзүп алдым. Көзүмдөн от чагылып, үнүмдүн болушунча ыйлап кирдим. Дагы жакшы, бирөөлөр жетелеп барып төргө отургузду. Эми чындап буркурадым... Жанымдагы курбум менден беш бетер... Апа, жеңе, эже, сиңдилери улам кезектешип кучактап, кошулуп ыйлашып, ого бетер күчөтүштү. Тегерете отурган улуу байбичелер бейкапар өз ара кобурашууда. Ыйлап атып алардын айткандарына кулак салдым...
– Тааныбай турам, булар кимдер?
– Шаарда турган кичүү кызы...
– Аа, баягы багып алган кызы да...
– Ии ооба, жээни эмеспи...
– Чоңоюп калган турбайбы...
– Анан эмне, отузга чыгып калбадыбы...
– Бечара, таенесин жанындай көрөт окшойт, аябай боздоду...
– Күйөөсү менен келгендир...
– Кайдан? Эрге чыгалек деп уккам...
– Аа кокуй, кара далы турбайбы... Аркысычы?
– Кимди айтып жатасыз?
– Алдагычы, карайлап эшикти сүзгөнү?
– Подрушкасы го... Чогуу келишти...
– Анысы деле картайып калыптыр... Күйөөгө чыкканы билинбейт...
– Кой дебейсиңерби! Токтоткула де!..
– Ай кызым, болду, сабыр кыл, боздоп ыйлаганда таенең тирилип келмек беле?
– Ансыз деле жүзгө чыкты го...
– Жакшы жашады таенең, ушундай өмүрдү силерге да берсин...
– Арты той болсун...
– Ансыз деле кары кемпирдики той да...
Туш тарабынан жаалап жатып курбумду көптө барып араң койдурушту. Мен деле аябай ыйладым, бирок эч ким кой деген жок мени... Кемпирлердин айткандары да жанымды кашайтып, ого бетер көзүмдүн жашын төктүрбөдүбү.
– Кыздар, сабыр эткиле... Бетиңерди муздак суу менен чайкап алгыла.
Дагыра, кумган көтөргөн келин кезектеп суу куюп жүрдү... Ыйлаганы да, ыйлабаганы да беттерин чайкашты. Мен да колумду тосуп бетимди да, көзүмдү да суулай баштадым. Бир убакта дагырага бир нерсе түшкөндөй болду, көзүмдү ачып карасам кашайгыр, жасалма кирпигим сууда жатыры!.. Өлдүм дедим! Кемпирлер көрбөсө экен!..
– Берчи, эшикке барып өзүм жуунуп келейин, сен жөн гой...
Түшүнбөгөн келиндин колунан дагыраны жулуп алып, бетаарчым менен кирпиги жок көзүмдү басып сыртка атып чыктым. Тамдын аркасына барып дагырадагы сууну кирпик менен кошо серпидим, экинчи көзүмдүн да кирпигин жулуп ыргыттым! Ушулардыкы өттү, кишини уят кылып! Бетимдин чамбыл-аласын кетирейин деп бетимди кайрадан жуудум... Кумганга көнбөгөн жаным олдоксон кыймылдаган окшойм, бирөө жаныма келип:
– Ке, мага бериңиз, куюп берейин...– деди эркектин үнү.
Кудай жалгагыр деп кумганды кармата салдым. Кош колдоп жуунуп, бетимди аябай жышыдым окшойт, аягында суу да түгөндү.
– Коё туруңуз, мен суу апкелейин..
– Болду го дейм... – деп башымды көтөрдүм. Аарчыйын десем бетаарчым да жок. Жана далбастап келатканда түшүрүп алсам керек...
– Меңиз, таптаза аарчына элекмин, – бүктөлгөн бетаарчысын берди тиги киши. Өңү жылуу. Кайдан көрдүм эле?..
– Мен сизди тааныбай турам.
– Мен, Асылайдын бөлөсү болом. Нарындан келдим...
– Ии ооба, эстедим, Жоро байке... Көптөн бери көрүшпөй...
– Ооба, беш-алты жыл өттү окшойт...
Асылайдын бөлөсү Жоро байке Нарында жашайт. Абдан адамгерчиликтүү жакшы киши. Үй бүлөлүү (тилекке каршы дедим өзүмчө). Фермер. Бизден жети жаш улуу. Бишкекке келип бир ирет Асыл экөөбүздү кафеге алпарып сыйлаган.
Боз үйгө киргим келген жок. Кирпигим жок кантип барам? Жанагы байбичелер дагы сөз кылышпайбы? Байке экөөбүз кобурашып көпкө туруп калдык.Үй-жайын сураштырсам, жакында аялы менен ажырашыптыр (мына шанс!). Ачык айтканда аялы мал баккандан качып, соода кылам деп Орусияга кетиптир, андан ары Туркияга... Ошол жакка барып келгендер бир түрккө тийип алыптыр (эрден айлангыр!) деп айтып келишиптир...
Эртеси энебизди жайына коюп келген соң, курбум дагы эки-үч күн калайын деди. Мен болсо жумушума барышым керек. Асылдын туугандары менен коштошуп көчөгө чыктык, автобусту күтүп экөөбүз жол жээгинде туруп калдык. Курбум соткасын алып бир жакка чалды. Такси чакырдым деди. Бир убакта килтейген капкара “Лексус” алдыбызга туруп калды. Асыл эшигин ачып мага “отур” деп ишарат кылды, карасам рулда Жоро байке.
– Такси сиздин карамагыңызда! – деди жылмайып.
Курбумдун ой-тилегин кийин түшүндүм. Бөлөсүн менден башкага ыраа көрбөй жүргөн экен да. Таенеси да ага дайындап айткан окшойт.
Ошентип Жоро эки ай өтпөй колумду сурады, мен албетте, өмүрүмдө биринчи жолу чечкиндүүлүк кылдым. Акыркы шанс эмеспи дедим! Макул болдум. Ошентип экөөбүз баш коштук. Шаардагы жумушумду таштап Нарынга жөнөдүм. Кыйналып-кысталсам да айылга, тоого, малга көндүм. От жагып тамак бышырганды, уй сааганды, ат мингенди үйрөндүм. Кымыз ичип, сары май жедим... Майда-барат оорууларым бар эле, кайда кетти билбейм. Ден соолугум оңолду, чыңдалды. Жайкысын жайлоодо, кышкысын кыштоодо болобуз. Машине айдаганды үйрөндүм, койлорду-уйларды “Лексус” менен кайтарам кээде (мактанайын силерге). Жаңы жылда Дубайга же башка ысык жакка барып деңиз суусуна чумкуп келебиз... Кудаага шүгүр, жашоо жаман эмес. Эки уулдуу болдук. Коё тур!.. Калп айтам, үч уул! Олжонун биринчи никесинен да уулу бар эмеспи. Ал да мени “апа” дейт!..
Ушундай менин кыскача таржымалым.
Ии баса, бир күнү Жородон тамаша-чындап сурадым:
– Мени кантип жактырып калдың?
– Биринчиден, көздөрүңө жасалма кирпик чаптабапсың. Экинчиден, кулак-мурдуңа жана колу-бутуңа бир да алтын-күмүш тагынбаптырсың...
– Демек нукура таза бекем?...
Экөөбүз тең каткырдык.
– А мени кантип жактырдың?
– Башыңды карап...
– Башымды?
– Ооба...– Жоронун шапкесин алып жалтырак башын сыладым, – Кашка баш экенсиң, шампунь, тарак сатып алып ысырап болбойт экенбиз...
Дагы каткырдык жыргап, уктап жаткан балдарыбыз да ойгонду.
Баса, менден кийин жыл өтпөй Асылай да эрге чыккан. Болгондо да күйөөнү Казакстандын кең далаасынан тапкан! Аты Олжас, жигиттин гүлү! Жоро экөө университетте чогуу окуптур. Ал да малчы. Уйлары, төөлөрү жер жайнайт. Сүт багытындагы фермасы, сүт азыктарын чыгарган заводу бар. Жүздөгөн уйларын, төөлөрүн саап, кургак сүткө айлантып экспортко жөнөтөт. Чет өлкөлүктөр төө сүтүн дары катары колдонот экен. Бир кыздуу болушкан (азырынча). Мүмкүн, куда кааласа, балдар чоңойсо куда болуп калаарбыз! Эки элдин достугун чыңдайлык да!
Айтмакчы, күлсөңөр-койсоңор өзүңөр билгиле, Олжастын да башында бир тал чач жок экен!!! Энебиздин төлгөөсү төп келиптир!
Демек, кыздар, ойлонгула, ойгонгула!.. Макалга жана жасалма кирпикке көп ишене бербегиле, колго түшкөнүн колдон чыгарбагыла!
Бишкек.
Январь, 2025-ж.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.