Дөө-шаалар жараткан афоризмдер

  • 05.06.2025
  • 1997

Мээ – эң сонун орган, ал эртең менен турганыңда сонун иштейт да, кеңсеге жеткенден кийин бүттү, иштен чыгат.
Роберт Фрост

Ар бир адам каалаган жумушту жасай алат, эгер ал ошол убакта аткарар иши болбосо.  
Роберт Бенчли

Жакшы чечим тажрыйбадан жаралат, а тажрыйба туура эмес ойлонуудан.
Рита Мэй Браун

Жумуш – бул дүйнөдөгү эң чоң нерсе, андыктан анын бир бөлүгүн ар дайым эртеңкиге калтырбоо керек.
Дон Герольд

Улгайып, акылмандыкка жеткенимде, жумушумда мага абдан жаккан алты нерсени түшүндүм: айлык акы, түшкү тамактануу, жумуштан чыгуу, эс алуу, майрамдар, анан албетте, пенсияга чыгуу.
Том Гоинс

Эгер талыкпаган эмгек ийгилик ачкычы болсо, көпчүлүк адам кулпуну талкалаганды жакшы көрөт.
Клод Макдоналд

Жетекчиңизди келесоо деп ойлосоңуз, муну эсиңизден чыгарбаңыз: эгер ал акылдуу болсо, сиз жумушсуз калмаксыз.
Жон Готти

Маянаны жогорулатуу курсуна жиберүүңүздү суранам.
Любовь Панова

Чогуу жашоо – бул чогуу жашоону баштабасак жаралбай турган маселелерди чогуу чечүү дегенди билдирет.
Бернард Вербер

Эгер бактыңыз башкалардын иш-аракетинен көз каранды болсо, анда сизде сөзсүз мандем бар.
Ричард Бах

Башкаруу – жакшы адамдардын ишине тоскоол болбоо дегендик.
Петр Капица

Акылы бар адам гана акылдан адашат.
Станислав Ежи Лек

Саны аз жаныбарлар кызыл китепке, ал эми саны көптөр даамдуу, пайдалуу тамактар жөнүндө китепке киргизилген.
Фаина Раневская

Кызык: мен дайыма дарыгер жазып берген эсебин окуй алам, бирок рецептти эч окуй албайм.
Финли Питер Данн

Катуу диета кармап, үч жума ичинде жети килограмм салмагымды, сегиз курбумду жоготтум.
Жанна Голоногова

Дагы бирөөнүн капитуляциясы — той маршы ойнолуп жатат.
Януш Рос

Кимдир бирөө мени менен макул болгон сайын, өзүмдү бир нерсени тантырап койгондой сезем.
Оскар Уайльд

Тамекини таштоо оңой. Мен миң жолу таштадым.
Марк Твен

Кыйынчылыктарды табуу үчүн жол белгилердин кереги жок.
Томас Дьюар

Узак өмүр сүргөнүм үчүн спортко милдеттүүмүн. Мен эч качан ага катышкан эмесмин.
Уинстон Черчилль

Адептүү адам – бул жаман иштерди көңүлсүз кылган адам.
Сергей Довлатов

Мен психиатрга баргандан көрө жинди болгонду жакшы көрөм.
Майкл Кейн

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз