
АҢГЕМЕ
(Көрүнбөй, бирок тагдыр өзгөрткөн күч)
Бүгүн социалдык тармактан бир жарыя көзүмө чалынды: «Мыкты мугалим издейм...»
Тосмолонуп калдым. Чындап эле — мыкты мугалим деген ким? Ал кандай болот? Ар кимдин табити башка: бирөө сахнадан сүйлөгөндү бааласа, экинчиси — медалдардын санын, дагы бири — элдин алкышын критерий деп эсептейт.
Ал эми менин оюмда ошол мүнөттө эле бир элес, бир окуя, бир үнсүз мугалим кайрадан жүрөгүмө кайрылып келди...
Шамал күүлөгөн адырдын чокусунда жайгашкан үч кабаттуу чоң ак мектеп алыстан эле көзгө урунар эле. Анын акка боёлгон дубалдары күнгө чайынып, шамал менен кагышып, жылдардын жүгүн унчукпай көтөрүп тургандай туюлчу. Бул имарат көзгө эмес — жүрөккө жагымдуу, жан дүйнөгө жылуулук улаган тынч мейкиндик болчу.
Короосу кенен. Сыртында бийиктиги он метрге жеткен желек мамысы желге термелип, улут рухун үнсүз ырдагансып асман менен сүйлөшүп турчу. Мектеп алдындагы бактар жыл сайын жазында көгөрүп, жашоонун кайра жаралышын эскертип турса, күзүндө саргарып, сабактан чарчаган балдардын ичине тунжураган тынчтык тартуулачу.
Терезелери бийик, ак шыбак менен кооздолгон. Кээ бири күнгө чагылышып, алыстан жалындаган көздөй жарк этсе, айрымдары уялчаак шооланы ичке киргизип, партада башын ийип отурган окуучунун элесин сыртка шыкаалап турчу. Жаан жааганда терезеге тамчылар кагылып, бирде күүдөй чертилсе, бирде сыбыр сыяктуу өтчү.
Мектептин ичине кирсең, кең коридорлор ар бир кадамыңды тосуп алып, түнт эскерүүлөргө бөлөп турчу. Эскилиги жеткен дубалдарда балдардын сүрөттөрү, дубал гезиттери, мугалимдер жазган ураандар илинип, ар бир бурч өзүнчө бир тарых барагы сыяктуу сезилчү. Полдун эски лак жыты, кийим илгичтерге илинген эски сумкалар, көптөн бери кол тийбеген такталар — мугалимдердин үнсүз сабактарынан калган чаңдуу эскерүүлөрдөй болчу.
Тепкичтери да көңүлгө уюгандай. Ар бир кадам “билимге карай көтөрүл” деген үндү шыбырап жаткансып, ички демге дем кошчу. Ар бир кабат өзүнчө бир дүйнө эле: биринчи кабатта — башталгычтардын күн нурундай жаркыраган күлкүсү, экинчи кабатта — өспүрүмдөрдүн тентек кыялы менен жетелеген үмүттөрү, үчүнчү кабатта — бүтүрүүчүлөрдүн терең ойлонгон үнсүз көз карашы жашачу.
Бул мектеп — жөн эле окуу жай эмес болчу. Бул — жашоону үйрөткөн, үнсүз түшүндүргөн, эскилиги менен бийиктикке көтөрүлгөн ыйык билим уясы эле. Ал азыр да көз алдымда — ак жалбырак сымал таза, бирок тарых барактарынан жыттанган рух менен жашап жаткандай.
Бул мектепте англис тили сабагын берген эки эже бар эле. Бир дүйнөнүн эки карама-каршы багытындагы мугалимдер — Жамал эже менен Гүлмира эже.
Жамал эже — көргөндүн көңүлүн бура тургандай аял болчу. Анын келиши менен мектеп ойгонуп кетчү. Ар бир майрам — анын сахнасы, ар бир дубал — көргөзмө, ар бир бала — жандуу сүрөт болчу. Окуучулары ырдап, бийлеп, сүрөткө түшүп, медаль тагынып, социалдык тармактарда жарк этип көрүнүшчү. Эл арасында ал идеал мугалим катары белгилүү болчу.
Гүлмира эже — башкача болчу. Ал күн сайын өз убагында так келип, классына унчукпай кирип кетчү. Анын келиши менен сырт жарык эмес — ичибиз жарык болуп калчу. Кээде ал бизге унчукпай, тик карап ойлонуп калчу. Көз карашында суроо турчу:“Сен түшүндүңбү? Сабакты уккан жоксуңбу же мага гана карап отурасыңбы?”
Анын сабагында сахна жок, сүрөт жок, бирок — түшүнүк, ишеним, терең маани бар болчу. Эгер бирөө:
— Эже, дагы бир жолу түшүндүрүп берсеңиз... — десе, ал үнүн акырындаткан бойдон мисал менен ойлондуруп түшүндүрчү.
Бир жолу ал мындай деди:
— Англис тилин үйрөнүү — бул грамматиканы жаттоо эмес. Бул башка дүйнөнүн эшигин акырын каккылап көрүү. Ага кирүү үчүн жүрөгүңүз да, аң-сезимиңиз да даяр болушу керек.
Ошол күнкү көз карашынан мен мугалимди эмес, жашоонун өзүн көргөндөй болдум. Сабак эмес, сезимге куюлган сыр алгандай болдум...
Жаз келип, күтүүсүз буйрук түштү: Бардык англис тилчи мугалимдердин окуучулары көз карандысыз тест тапшырат. Бул тест мугалимдин кандайча сүйлөгөнүн эмес, канчалык түшүндүрө алганын өлчөйт.
Жамал эже бул жаңылыкка ишенимдүү жооп берди:
— Менин балдарым сахнада, сынакта, коом алдында сыноодон өттү. Бул тест — жөн эле кагаз!
Ал эми Гүлмира эже өзгөргөн жок. Эски сөздүгүн барактап, эртеңки сабакка даярданып жүрө берди. Анын бир күнү үзүлбөйт, бир сабагы калбайт. Анын эмгеги — көргөзмө эмес, көрө билүү болчу.
Тест күнү келди. Терезеден желек башкача термелди. Абада чыдамсыздык, залда терең тынчтык.
Окуучулардын арасында да ой күчөп турган. Көпчүлүк “Жамал эженин окуучулары кыйын чыгат, утат” деп ойлошту.
Бирок жыйынтык жарыяланганда убакыт токтоп калгандай болду:
— Окуучулардын тилди түшүнүү, сүйлөө, угуу жана жазуу жөндөмү боюнча эң жогорку көрсөткүчтү Гүлмира Жумагуловнанын классы көрсөттү.
Зал тыптынч болуп калды. Кээси таң калды, кээси көзүн ала качты. Бирок чындык — үнсүз келген жеңиш болчу.
Мектеп директору эски микрофонго ийилип, жай сүйлөдү:
— Мугалим болуу — бул сахнага чыгуу эмес. Бул — тагдырга тийүү. Биз көп учурда үн каткандардын аракетин көрүп, үнсүздөрдүн эмгегин унутуп коёбуз. Бирок чыныгы билим — жаркыроодо эмес, жарык берүүдө.
Гүлмира эже сахнага чыккан жок, бирок окуучусунун жүрөгүнө кире алды. Анын үнү катуу эмес болчу. Бирок бүгүн угулду...
Ошол күнү да Гүлмира эже өзгөргөн жок. Сабактан кийин тактасын жышып, жаңы тема жазды. Терезеден кирген күн шооласы анын жүрөгүнө нур чачып, бурчтагы баланын колунда ачылган сөздүктү да жарык кылып турду. Бул үнсүз, бирок туюк эмес жарык болчу.
Себеби чыныгы мугалим — өзүн эмес, окуучусун жарыткан мугалим. Анын максаты — алкыш эмес, түшүнүк.
Кечинде асмандагы күн батып, кызыл түстөгү шоолалар жерге төгүлүп жатты. Мен мектептин короосунда отурдум. Бир маалда алыстан Гүлмира эже өтүп бара жатты — колунда эски папка, үстүндө эски пальто. Жүзүндө жаркыраган жеңиш эмес — ишенимдүү тынчтык бар эле.
Ошол мүнөттө ал менин көзүмө чыныгы улуулук болуп көрүндү.
Ал жарык бурк эткен шам эмес — жыл бою жанган жылдыз болчу. Ал жаркыраган сөз айткан жок — жүрөктө жаңырган үн болчу. Ал тил үйрөткөн жок — жашоону түшүндүрдү.
Чыныгы мугалимдин эмгеги микрофондо эмес — окуучунун тагдырында жаңырып турат. Акыл сөз менен эмес — түшүнүк менен угулат. Сабак — күнүмдүк эмес, өмүрлүк таасирге айланганда гана билимге айланат.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.