Дмитрий Белоконь: Альбер Камю «Батыштын абийири» болгон

  • 12.06.2025
  • 2056

Альбер Камю көзү тирүүсүндө «Батыштын абийири» аттуу лакап атка ээ болуп, дүйнөлүк интеллектуалдардын «ой чеберлеринин» эң көрүнүктүү өкүлү саналган. Анын чыгармачылыгы, көзкарашы классикалык адабияттан биртоп айырмаланган – ал көркөм адабиятта биринчилерден болуп дүйнө рационалдуу түзүлүштө эместигин жарыялап, болмуштун абсурддугу жөнүндө биринчилерден болуп тыянак чыгарган.

Камю айткандай, жашоонун эң жогорку маанисин издөө зарылчылыгы жана мааниси жок. Тек, жөн гана жаша. Болду. 1957-жылы ал "адамдын аң-сезимине азыркы заман койгон көйгөйлөрдү жарык кылган эмгеги үчүн" адабият боюнча Нобель сыйлыгына көрсөтүлгөн. Эмесе анын бир нече ойлоруна күбө болгула.

  • Жашоо тез эле адатка айланат. Бактылуу жашоо үчүн акча тапкың келет, жыйынтыгында бүт күчүң жашоодогу бардык аракетиң аны табууга коройт. Бактылуулук унутулат, каражат табуу максатка айланат.
  • Келечекке карата чыныгы берешендик – бардыгын азыркы учурга арноо.
  • Бакыт эмне экенин издей берсең, эч качан бактылуу болалбайсың. Жашоо маанисин издегениң – жашоо эмес.
  • Иш жүзүндө жооп бериши керек болгон маанилүү суроо: бактылуу жана жалгыз болуу мүмкүнбү?
  • Бербесең, ала албайсың. Эң чоң бактысыздык – өзүңдү сүйбөгөнүңдө эмес, сен эч кимди сүйбөгөнүңдө.
  • Саякат эң чоң, эң олуттуу илим катары өзүбүздү кайра табууга жардам берет.
  • Эң чоң коркунуч бар жерде эң чоң үмүт бар.
  • Эртеби-кечпи, ой жүгүртүү менен иш-аракеттин ортосунда тандоо керек болгон учур келет. Бул мындай деп аталат: адам болуу.
  • Генийдин эч бир чыгармасы жек көрүү, же жек көрүүчүлүккө негизделген эмес.
  • Үмүтсүздүк адаты үмүтсүздүктүн өзүнөн алда канча жаман.
  • Гениалдуулук жөн гана убактылуу мүмкүнчүлүк болушу мүмкүн. Эмгек жана эрк гана ага өмүр берип, даңкка айлантат.
  • Адилетсиздикке кайдыгер кароого болбойт. Адилетсиздик менен кызматташат же аны менен күрөшөт.
  • Мектеп бизди жок дүйнөдө жашоого даярдайт.
  • Бул дүйнө эч маанисиз, муну түшүнгөндөр эркиндикке жетет.
  • Кыяматта болуучу сотту күтпө. Ал күн сайын болот.
  • Эркин тандоо гана инсанды жаратат, жашоо – бул өзүңдү таануу.
  • Бай кулдан көрө эркин кедей болгон жакшы. Албетте, адамдар бай да, эркин да болууну каалайт – ошонун айынан алар кээде жакыр кулга айланат.
  • Менин көйгөйүм – мен баарын түшүнөм.
  • Жалган айтпаган адам гана эркин.
  • Менден алдыга чыкпа, мен жетишпей калышым мүмкүн. Артымдан баспа, сени адаштырышым мүмкүн. Жөн эле жанымда басып, досум бол.
  • Ичи бош нерсе гана күлдүрөйт...
  • Учурдагы талылуу маселе – илхамды эң таза түрүндө дал ушул жерден табасың...
  • Мага фитнес залына барып, ал жерден сүрөттөрүн жарыялабаган ден-соолугу мыкты адамдар жагат.
  • Мага туура тамактанган жана ар бир бурчтан ал тууралуу кыйкыра бербеген адамдар жагат.
  • Мен тамеки чекпеген, бирок кеңештери менен башкаларды тажатпаган адамдарды жакшы көрөм.
  • Мага жалгыздыкты жакшы көрүп, жылдыздуу күндөрүн кантип өткөргөнүн, кайсы дүкөндүн кийимин кийгенин элге жарыялап, жүз сюжет чыгарбай, тымызын жашаган артистер жагат.
  • Мага балдарын чындап сүйгөн, балдарын таштандыга калтырбаган апалар жагат.
  • Мага чыгармаларынан, жараткандарынан уялган таза даанышмандар жагат.
  • Мага дагы эле өзү үчүн жашап, өргүүгө чыгып, Миландын кайсы бир жеринде шампан ичип, өбүшкөндөрү тууралуу унчукпай жүргөн адамдар жагат.
  • Башкалардын көңүлүн буруу жана жагуу үчүн эмес, бир нерсени жасоо, жашоого керектүү нерсени жасаган адамдарды жакшы көрөм.
  • Бул адамдардан сабак алам: күн сайын үйрөнгөн, жалаң өзү менен алек болгон азыркы жиндилердин тобуна кирбөөгө аракет кылгандарды. Адам канчалык бийик болсо, ал ар кандай маселеде ошончолук жөнөкөй. Ичи көңдөй адам гана ызы-чууга жакын.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз