
АҢГЕМЕ
Менин атым – Карлыгач. Сейит деген иним бар. Ал эшикте ойноп жүрөт. Төрдө чоң энем шырдак шырып олтурат. Ал улам колун өйдө көтөрүп, бир нерсени шыкаалап жаткандай. Көрсө, чоң энем ийнеге жипти саптай албай жатыптыр.
– Келиңиз, мен саптап берейин, – деп жанына бардым.
– Ыракмат, кызым. Ийненин көзүнө менин көзүмдүн курчу жетпей калды.
– Ийненин да көзү болобу? – дедим таң кала.
– Мына, бул ийненин көзү, – чоң энем ийненин кичинекей тешигин көрсөттү.
– Ушулбу? Чындап эле көз экен десе, – дедим күлүп.
– Ооба. Көз деген адамдын эле көзү эмес, ийненин, терезенин, күндүн, булактын, куржундун, шакектин, иштин да көзү делет.
– Ал кандай, чоң эне? – дедим кызыгып.
– Мына бул ийненин көзүнөн жип өткөрүлүп, көз жоосун алган саймалар сайылып, шырдактар шырылат. Сенин көйнөгүң да ушул ийненин көзү болбосо, тигилмек эмес.
– Аи-и-ий, ийненин көзү көп иш кылат турбайбы.
Аңгыча эшиктен Сейит келди. Колу менен оң тизесин мыкчып алыптыр.
– Ой, Сейит, сага эмне болду? – дедим аны карап.
– Мен ойноп жатып, чырпыкка шымымды илдирип алдым, – деп тизесинен колун алды.
Чын эле шымы айрылып калыптыр.
– Ии, балам, шымыңды чеч. Карлыгач экөөбүз тиге коёбуз, – деди чоң энем мени карап.
Ийнени мага акырын карматты.
– Мына бул көзүнө көк жипти өткөр. Сейиттин шымын кооздоп коёлу, – деди чоң энем күлүңдөп.
Ийнени саптап, Сейиттин шымын жамап баштадым. Ийненин көзү мени карап күлүп жаткандай сезилди.
– Колуң ийкемдүү экен, – деп кичине кыйшык тиксем да чоң энем мени мактап койду.
Ансайын жакшы жамаганга аракет жасадым. Биринчи жолу ийне кармап жаткандыктан, чоң энем улам көрсөтүп, түзөп жатты.
– Кызык, чоң эне, ийненин көзүн го көрдүм, а терезенин көзү кандай болот?
– Терезенин көзү болмок беле? Сейит таң калып сурады.
– Ооба, чоң энемде көздөрдүн коллекциясы бар экен. Булактын, куржундун, шакектин, иштин көзү, – дедим жыргап.
– Терезенин көзү көрүнбөй койчу беле? Мына, терезени карагыла, сырткы чөйрөнү көзүңдөй эле көрсөтүп турат.
– Чын эле, а мен булактын көзү дегенди билем. Булактын агып чыккан жери – булактын көзү. “Булакты көрсөң, көзүн ач” деген макал бар. Аны көрсөң тазала, – деп уккам. А күндүн көзүн билесиңби, Сейит? – дедим ага кайрылып.
– Билем, күндүн көзү – анын бети. Мисалы, булуттар күндү тосуп калса, күндүн көзүн булут жаап калды дейбиз. Күндүн бетинен булут кетпей жамгыр жааса, күндүн көзү ачылбай койду дейбиз.
– Сен аны кайдан билесиң?
– Чоң атам айткан, – деди Сейит.
– Куржундун буюм салар жери – көзү болот турбайбы, ээ, чоң эне?
Чоң энем бизди карап күлүңдөп, башын ийкеп койду.
– Чоң эне, мен шакектин көзү кандай болорун таптым. Айтайынбы? – Сейит кудуңдады.
– Айта кой, балам, – деди чоң энем.
– Сиздин колуңуздагы шакекке чегилген таш – бул анын көзү. Туура айттымбы?
– Таптың, Сейит. Азаматсың! Аи-и-ий, Карлыгачтын жамаачысы сонун болуптур. Ийненин көзүнө ыракмат дейлиби? – деди чоң энем мени карап.
– Албетте, ийненин көзүнө жип саптап, тиккенди үйрөндүм. Башка буюмдардын да көздөрү бар экенин билип алдык, ээ?
– Сизге ыракмат, чоң эне, – аны кучактадык.
– Мына, балдарым, иштин көзүн билет деген ушул. Бир ишти мыкты аткарсаң, ошол иштин көзүн тапканың.
– Сиз шырдакты абдан кооз жасайсыз. Иштин көзүн билет экенсиз да, – дедик жарыша.
Ошентип Сейит экөөбүз чоң энемдин “көз” коллекциясы менен таанышып алдык!
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.