Амирбек Азам уулу: Рахат Асангулованын иттей... көргөзмөсү

  • 21.06.2025
  • 1176

Сүрөт көргөзмөсү музей, галерея, зыңк зал же адеми фойеде эмес, жер төлөгө окшош орун-жайда өтсө деле кызыккан күйөрман келерин Рахат Асангулованын тунгуч экпозициясы көрсөттү. Экспозиция дегеним – ордолуу Бишкектин так ортосундагы М.В.Фрунзенин үй-музейинин арт жагындагы эски фонтандын астындагы техникалык орун-жайда уюшулган көргөзмө.

17-майда ачылып, 1-июнда жабылган бул көргөзмөгө жалпысынан 360 эмгек коюлган. Анын ичинен 99 эмгек автордун кагаз бетине жабыштырылган фотосүрөттөрү болсо, калган 261 эмгек – өзгөчө долбоор менен жасалган.

Эмне үчүн 360 чыгарма? «Себеби, кырдаал 360 градуска өзгөрдү же эч нерсе өзгөрбөдү» – деп жайма-жай түшүндүрдү философтор тейде сөздүн маанисине басым жасаган бийкеч. Ал башка сандардын маанисин да чечмелеп берди. «99 – бул 9 жылда жаралган идеялардын туюндусу жана Бишкектин 99 аты. Залдарда 40 лампочка орнотулган, аларды электр кубатына жана өз ара туташтыруу үчүн 400 м ичке зым сарпталды.» 

40 да тегин сан эмес. Көрсө, Рахатка тунгуч көргөзмөсүн уюштурууга 40 тааныш-билиши акчалай көмөк көрсөтүп, бирок апасы эң чоң демөөрчүсү болуптур. Ким кааласа, жертөлөгө электр зым тартып, чырак орноткон, аердеги ыкыр-чикирлерди тазалап, киши баскандай абалга келтирген, сүрөттөрдү илүүгө көмөктөшкөн ар бир ыктыярчыны аты-жөнү менен орун-жайдын чоң дубалындагы эки афишада бадырайат. Алардын катарында М.Фрунзенин үй-музейинин директору Кеңешбек Алмакүчүков да аталган.

Бул маалыматтарды башыма толтуруп алып, жертөлөнүн темир каалгасына байланган тунике көрнөктөгү «ТОКТО! Өмүргө коркунучтуу!» деген эскертүүнү окуп, «аа, этият жүрүү керек экен» дедим да, кармалбай босого аттадым. Сырттагы «Таман астыңа карап бас – тешиктер толтура!» деген эскертмени эсиме тутуп, 45 градус жантак цемент тепкич менен абайлай басып ылдый түштүм. Далис (орусча «В своей терелге деген предбанник» деп түшүндүрдү художник) аркылуу өтүп баратканда, сыз топурактын ичкериден келген каңырсыган жыты мурунга өрдөп, андан ары денеме сиңип баратты. «Баш сөз» зонасында художниктин кынап коюлган кирпич бетине жабыштырылган башынын фотосүрөтү коштогон жазуу көзүмө урунду. Ал болду – художниктин жаркын маанай анфасы кайда баспайын утурлап алып, узатып калып жатты. 

Чоң шрифтер менен жазылган «Кирип кетти эшиктен, чыгып кетти тешиктен!» деген сүйлөмдү окуп, «Бул кыз дагы эмне шумдукту жасаган. Эми чындап эле тешиктен чыгарат окшойт» деген ой башыма кылт этти. Антип ойлогонго экспозициянын аталышы – «Иттей Бишкек» түртүп жатпайбы!? Жанагы «кирип кетти...» астындагы майда тамгалар менен жазылган текстин сүйлөмдөрүн окуп, алардын орусчаларын күбүрөп кыргызча которгонго аракеттендим. «Добро пожаловать в мою голову!( Кош келипсиз менин башыма!) Я буду сопровождать на этом пути (Мен сизди бу жолдо жандап жүрөм). Сөзүмдү ук, тилимди ал. Пошатай меня, будто я - устой, но не отстой (Мени илээшме деп ойлобо, - тирөөч деп жулкулдат.)  Кир-кирегой! Баш тартпа! Ал уже (эчак) тартылган».

Чын айтайын, кадыресе сөзүнүн жарымын кыргызча, жарымын орусча кылып, эне тилинин да, «ырасмий тилдин» да ашмалтайын чыгарып сүйлөгөн кишилерди жактырбай, бирок элибиздин өз тилине ат үстүнөн жасаган берегидей мамилесине бышкан жаным, художник да ошол караламан топтон экен деп койдум. Бирок кадамым илгерилеп, шыбагы ала була болуп түшкөн дубал бетиндеги улам жаңы жазууларды окугандан кийин Р.Асанкулованын кыргыз тилинин нюанстарын жакшы билгенине, а көргөзмөгө коюлган эмгектердин астындагы чалды-куйду түзүлгөн сүйлөмдөр максаттуу жазылганын аңдадым. Мына, урматтуу окурман, өзүңүз да окуп көрүңүз. «Бир чыксам – кирбейм, кирсем – чыкпайм.» Лифтин каалгасындагы жазуу: «Если вам нужно вверх нажмите кнопку вверх./ Если вам нужно вниз нажмите кнопку вниз.» Анын астындагы художниктин комментарийи:   

ББ – это Белинская/Боконбаева./А еще это Бишкекский Буквализм. У нас все в лоб - чтобы было понятно./В итоге ничего не понятно.

Ооба, биз, кыргыздар, түз айтканга, жок, орой сүйлөгөнгө көнгөнбүз. Мисалы, кардардын суроосуна сатуучунун «Жазылып турбайбы! Эмне көрбөдүңүзбү?» деп кага сүйлөгөнү же кайсы бир кеңседе отурган чиновниктин айтылган саламды алик албай, кишиге үнсүз тигилгени кадыресе көрүнүш. Жолоочу үчүн жашыл чырак күйүп турганын көрүп турса да, алкынып-жулкунган автокөлүгүнүн жүгөнүн тартып, бир саамга токтогондун ордуна, «тез баспайсыңбы» деп жолоочуну омуроологон дөөпөрөс айдоочулар дале арбын. Андай айдоочулар художникти да «тойгузушкан» экен. Болбосо, бул саптар жаралат беле? «Лишь волна успеха поможет в Бишкеке,/ Мисалы перейти дорогу./ Сделать это-вот ийгилик./ Остаться тут в живых – накта призовой атракцион.»

Эми талантуу улан-кыздарды окутуп, өлкөгө белгилүү «жылдыз» болууга чакырган жарнамага назар салалы (Эскертүү – бардык жарнама, көрнөктөрдөгү жазуулар эч өзгөрүүсүз берилүүдө):

Тубаса дээринен чыккан түрлү таланттуу  кыздар, балдар

10 жаштан 20жашка чейинки ырчы, фокусник акындар керек!  

Той концерт, экрандарга алып чыгам. Кыргызстанга таанылам, тарыхта калам десеңиздер ылдамыраак байланышалык!

0706 86 24 84

Кир жуучу Прачечная жуула тургандын баарын жууйбуз

0706 86 27 17

ПРОФЕССОР төрөбөгөндөрдү төрөтөт  

8, 10, 15 жылдан бери төрөй албагандарды төрөтөт.  

Макка көтөрөм. Тел: 0707 81 – 84 – 05

Макка дегени эмне? Түшүнбөдүм.

Классикалык мусульманский массаж

0778 81 85 05

Мусулманча да массаж барбы? Чачыма түк чыкканы мындай сөздү биринчи угушум. Балким сиз билерсиз, урматтуу окурман?

Жогорудагы жарнамалар – биздин жарандардын билим деңгээлин, коомубуздун мамлекеттик тилге (кыргыз тилине) болгон мамилесин жана окуу жайлардагы билим берүүнүн абалын таамай чагылдырган барометр. Дал ушул жагдай – Рахат Асангулованын экспозицияга коюлган эмгектеринин астындагы комментарийлерди жана дубал бетиндеги сленгдерди кыргыз-орус тилинде аралаш жазуу себебин түшүндүрөт деп ойлойм. Ошон үчүн бишкектик тургундар үчүн «Бөкөнбаева көчөсү», «Айтматовго чейин барасыз», «Ахунбаевадан чыгасыз» деген сыяктуу сленгдер кадимки көрүнүшкө же норамга айланган жана көпчүлүк муну эч эрөөн-төрөөн көрбөйт. 

Ошон үчүн М.Горького көчөсү, Пловду (туурасы – палоо) 30 мүнөттө акысыз жеткирүү (Яндекстин жарнамасы) сыяктуу көрнөк-жарнамаларга шаар бийликтери көңүл бурушпайт окшойт... 

Ошон үчүн Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт өнөрү музейиндеги көргөзмөдө төмөндөгүдөй бир нече ката менен жазылган (ЫссыкКөлдөгүкүнбатышы 2023/ Кенеп майбоек; Кызылрозалар. 2023/ Кенеп, майбойок; ЫссыкКөлдүн толкундары. 2023/ Кенеп, майбойок;  ЧолпонАтанын таштары. 2023/ Кенеп, майбойок; Кысамединов Д. Дома 1945 г. 2025-ж.-Уйлор 1945 г. 2025-ж. Кагаз, аралаштырылган/Бум.см.техн.) полотнолор (картина) илинип турганы килейген музейдин жетекчилиги жана сүрөткерлер уят-сыят деп билишпейт. 

Тырмакча ичинде аталган сүрөттөрдүн аталышындагы орой каталарга токтолуунун кажети жок. Бирок кенеп, кенаф деген эки сөзгө байланыштуу билгеними бөлүшөйүн сүрөткерлер менен. Анткени, 10-июнда ушул эле музейде чоң салтанат менен ачылган «Айтматов жана искусство дүйнөсү» аталган көргөзмөгө коюлган картиналардан да сүрөт май боёк менен кенеп бетине тартылганы жөнүндө маалыматтарды жолуктурдум. Маселеге өтөйүн... Кенеп (кенаф), кара куурай – сабагынан була алынчу өсүмдүк экени маалым. Кенеп жана кара куурайдан башка да жут менен зыгырдан таар, ошондой эле  кап жасалып, алар кендир кап, кендир таар, кенеп жип же аркан деп аталганын көп эле учураттым. Сүрөт тартылчу таар (орусча, холст) зыгыр, пахта, жут, полиэстер сыяктуу материалдардан, ошондой эле алардын кошундусунан жасалып, жалпы жонунан боз кендир же кендир деп аталат. Бир топ художниктердин эмгектеринде сүрөт кендир бетине тартылган деп көрсөтүшкөн. Ошондуктан, сүрөткерлер кенеп сөзүнүн ордуна  кендир же боз кендир деп жазышканы туура болот.

Айтмакчы, «Айтматов жана искусство дүйнөсү» көргөзмөсү Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму жана ушу жылы Анкарада ачылган Ч.Айтматов атындагы институту тарабынан уюштурулуп, анын ачылышына ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы С.Раев башындагы мартабалуу чет элдик коноктор, өлкөбүздүн маданият министри  жана башка сыйлуу адамдар катышкан.

Албетте, Р.Асангулованын М.Фрунзенин үй-музейи артындагы жертөлөдө өткөн тунгуч көргөзмөсүнүн ачылышына жогорудагыдай элге таанымал инсандар катышпаса да, сүрөт өнөрүнө чындап кызыккан адамдар келген.  Үйрөнчүк сүрөткердин айтышынча, Тик-Токко чыккан видеомаалымат  ал үчүн жакшы жарнама болуп, 17–31-май күндөрдү камтыган жеке көргөзмөсүнө жумуш күндөрү 40-50 көрөрман келсе, апта аягында 70–80  чакты көрөрман келип турган. «А көргөзмөнүн ачылышында «Соленые орешки» джаз-группасы менен перфонес кылгам. Ага дос-тааныштарым менен кошо эсептегенде 200дөй адам чогулду» – деди ал.  

Рахат айым көргөзмөнүн жаралышы жөнүндө мындай дейт: «Тогуз жыл Бишкекти кыдырып, шаар менен сүйлөштүм. Маектештим. Калаада бар көрнөктүн баарын окудум. Жолуккан семантикалык символдор менен тааныштым. Мунун баарын инстограммага, социалдык желеге чыгарып жаттым. Тогузунчу жылы ошол көргөн-чогултканымдын баарын көркөм образга айлантып, көргөзмө уюштурайын деп чечтим. Бул кадамга баруума Фрунзенин үй-музейинин астындагы жертөлө түрткү берди. Себеби, үстү жагында жашыл бак-даракка бөлөнгөн, абасы таза, чөйрөсү таза,  жашоого ыңгайлуу, ата-энелерибиздин көз алдында сүрөттөй тартылган мурдакы алпейим Фрунзе болсо, астында «иттей Бишкек» болот деп ойлодум. Балким, «иттей Бишкекти» сүйүү жеңил иш эместир, бирок ал азыркы жашообузду, биздин сүйүктүү шаарыбызга болгон мамилебизди  таамай чагылдырат да...

Ошого коомчулук шаарыбыздын учурдагы абалынан уялуусу мүмкүн, бирок өзүбүздөн уялуунун зарылдыгы жок. Шаардагы жагдайдын өзү көп катмарлуу эмеспи! Анткени, биринчиден, мен биз жашап жаткан чөйрөдөгү реалдуулукту чагылдырып, аны документтештирүүдөмүн. Экинчиден, мен шаар менен сырдашам, сүйлөшөм, өз пикиримди бөлүшөм, байкоолорумду ортого салам. Үчүнчүдөн, ошол сүрөттөр аркылуу көрөрманга өзүм жөнүндө айтып берем».

Художниктин бул пикирине ким ынанат, ким ынанбайт – ар кимдин өз ыктыяры. А мен анын чечкиндүүлүгүнө, тапкычтыгына жана изденүүсүнө тән бердим. Албетте, Рахат айымды чыгармачылык изденүүгө түрткөн Бишкектин иттей абалына биз көнгөнбүз. Иттей деген сөз сүйлөп жаткан кишинин маанайына жараша  анын сөзүнө оң же терс маани берерин 2015-жылы чыккан Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү ырастайт. «Кандайдыр бир окуяга, көрүнүшкө ж. б, күчөтүү маанисин берүүдө колдонулат.» Ошого береги экспозицияны көрүүгө келген адамдарга ал иттей ыракат бериши же иттей жакпашы мүмкүн. Анткен менен, чыгармачылык узун жолдун башында турган Р.Асангулованын алгачкы эмгектери сүйүктүү шаарынын абалына ал көңүшкош мамиле кылбаганын, жакшысына сүйүнүп, жаманына күйүп-бышып, оңдогонго салым кошкусу келгенин туюндурат. 

Көргөзмөнүн «Каалоолор дептерине» калтырылган кыргыз жана орус тилдериндеги жазуулар да «жер астындагы» орун-жайга коюлган Рахаттын эмгектери көрөрмандарга сырын ачып, алар менен өз ара диалогго барышканын күбөлөйт. 

«Иттей сонун көргөзмө мага абдан жакты! Рахат айым, сиздин ар бир жумушуңуз сүйлөйт. Сиздин Бишкек менен айтышып, урушуп, талашып жаткан сүрөттөрүңүз, баарыбызга тааныш шаарга көрк кошот... Мага жана башка көрүүчүгө маек курганга мүмкүнчүлүк түзөт. Рахмат, рахат алдым» дейт өз атын толук жазбаган AJ. 

«Спасибо, ваша выставка, вдохновляет на творчество.»

«Рахат, Бишкекти аябай сезиптирсиз. Бишкектин сизге гана көрүнгөнгө алы жетээрдей, сизге эле көрүнгүсү келээрдей.»

«Мен дагы бир жолу келем, буюруса. Азыр өзүмдүн бир башкача сезимдерим менен алп урушуп келейин. Мүмкүн кийинки келгенде сезимдерим ордуна келип, көргөзмөнү дагы бир көз караш менен карайм. Жаныбек. 25.05.2025

Убактылуу көргөзмө Айзат Фархад кызына килейген музейге баргандай таасир эткен: «Бишкек шаарынын көйгөйүн алып чыккан, ой жүгүртсө боло турган музей экен. Бизге жакты. Чооң рахмат.»  

«Спасибо огромное за такую огромную безусловную любовь к Бишкеку. Остросоциальная, смелая, оригинальная, не лишнная иронии выставка. Много эмоций, много мыслей, есть над чем размышлять. 20.05.2025г.»

«Аябай каткырып күлдүк! Сонун көргөзмө болуптур. Рахат айымга чыгармачылык ийгилик каалайм! А.Эшмамбет.» 

Жогорудагыдай мактоолорго карабай, сүрөткерлер чөйрөсүнө эми аяк таштап жаткан бийкеч алардын катарында өз ордун табуу үчүн дагы көп эмгектенүүсү зарыл экенин көкүрөккө түйүүсү абзел.

Баса, «Иттей шеринеге» келип, өз үлүшүн кошкон кырктан ашык адамдын жана орун-жайга чырак тартып, көрөрмандар жүргөндөй тепкичтерди ширетип, көргөзмө залын абад абалга жеткирүүгө жан аябай жардамдашкан 15 чакты ыктыярчынын жана 40 демөөрчүнүн ысымдары жазылган афишалар эми тарыхый реликтке айланды десем жаңылбайм. Ал эми айнегине «Иттей Бишкек» деген «хеш-тег» жазылган лампочкалар 40 демөөрчүнүн үйүндө эстелик катары сакталууда. 

Эскертүү: Макалада автордун сүрөттөрү колдонулду.

Май-июнь, 2025
Бишкек-Гейтесбөрг

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз