Акгүл: Антиплагиат же абийир азабы

  • 24.06.2025
  • 918
  • 1

АҢГЕМЕ

Борбордогу окуу жайларга жайдын ысык күндөрү менен кошо жаңы санариптешкен технологиялар кирип келди. Магистр, бакалавр академиялык даражаларын алуу учун жазып бүтүрүшкөн дипломдук иштерин текшерүү башталды. Жөн гана текшерүү эмес — "Антиплагиат" аталган заманбап система ишке киришти. Компьютер, интернет, Акгул ChatGPT — баары даяр. Болгону… адамдар даяр беле?

Жайдын ысык деминен университеттин дубалдары да дем ала албай турган учур. Тар бөлмөдө ачык терезенин жанында тер менен алышып отурган жаңы окутуучу агай студенттердин иштерин биринен сала экинчисин “Антиплагиат” системасына жүктөп жатты. Тапшырылган иштер көп, бирок сабыр аз. Ар бир файл жүктөлгөн сайын айлампа айланып, терең ойго салгандай тик карап туруп алат.

Дал ошол кезде университеттин кадыр-барктуу, көз айнеги мурдуна жабышкан, үнү чечен, буту тыкылдаган Апакай эжей кирип келди. Аркасында эки студенти, папкесинде илим, тажрыйба жана ишеним.

— Кана, текшергиле, балдар менден сабак алган, мага окшоп таза иш жазышкан, — деди, көз айнегин дагы жогору көтөрүп.

Апакай эжей өз жетекчилигинде жазылган студенттеринин ишин антиплагиатка салды. Компьютерде көздүн карегиндей болгон айлампа тынбай айланып жатты.

— Мен деген канча жылдык тажрыйбага ээмин! — мурдуна кыңкайта кийген көз айнегин оңдоп, «Бул баш канчасын көрдү эле, эми антиплагиаты эмне болуп калыптыр?» — деген ойдо турду.

Агайды тер басып, компьютердин вентилятору ызы-чуу түшүп калды. Акыры баары күткөн жыйынтык чыкты:

Нукуралуулук — 1.4%. Дал келүү — 86.6%.

Алгач бул эмне дегенди түшүнбөй, эжей туфлисин көнгөн адатындай тыкылдатып койду. Жаңыдан иштеп жаткан окутуучу түшүндүрө баштады:

— Сиздин ишиңиз 96 пайызга башка эмгектер менен дал келип турат. Кайрадан оңдоп, жазып келишиңиз керек.

Агай дагы бир-эки сөз улантмакчы болгондо, Апакай эжей оозунан сөзүн жулуп алды:

— Бул эмне дегени?! Мен бүт баарын өзүм жазгам! Көзүм көрбөй калбаса, дагы текшерип көр!

— Эжеке, сизде дагы үч жолу мүмкүнчүлүгүңүз бар. Кайрадан жазып келсеңиз болот, — деп араң жолго салды.

Көп узабай арык, шыргыйдай бир факультеттин жаш деканы кирип келди. Үстүндө костюм, бетинде жылмаюу, колунда флешка. Жаштыгына жараша толук ишеним менен:

— Биз академиялык чынчылдыкты орнотобуз! — сөөмөйүн көтөрүп койду да, академиялык чынчылдык тууралуу узун баянга өттү. — Бул системанын киргени жакшы болду. Чындык керек — илимде, жашоодо, сүйүүдө!

— Илимде эле айталычы, — деди жаңыдан ишин баштаган окутуучу күңк эте.

Флешка салынды. Антиплагиат тынбай иштеп жатты. Компьютерде анын иши жүктөлүп, айлампа айланып жатты. Жыйынтык чыкты: 0.4% нукуралуулук. 96.6% дал келүү.

— Эмне?! Бул система бузулган го! — деди жаш декан сыйдам чачын колу менен тарап. — Өткөн жылы оңой эле текшерүүдөн өткөнбүз го! Токтой тур, менде дагы башка варианттары бар.

Бир ишти жүктөдү, жыйынтык андан да начар.

— Анда мобул файлды салчы, — деди кайрадан.

Жаңы эле иштеп көнгөн окутуучу агай түшүндүрдү:

— Бул антиплагиат системасы биринчи жолку текшерүүнү гана акысыз жүргүзөт. Калгандарына төлөм жүргүзүү керек. Сиз 4–5 жолу текшертип койдуңуз. А төлөмдөрдү ким жүргүзөт?

— Мен ошол студенттерди сага жиберем. Өзүң төлөтүп ал! Менин жолугушуум бар! — деп каадаланып, суз чыгып кетти.

Артынан эле университеттин эң сулуу эжекеси баш бакты. Жаңы ишке кирген агай сулуу айымды көргөндө ордунан тура калды. Баятан бери Апакай эжейге да, жаш деканга да ордунан турбаган эле.

Сулуу айым жасалма кирпиктерин ирмеп-ирмеп, узун аппак сөөмөйлөрү менен алакандай кооз сумкасын ачып, учкур, курч боёлгон манжалары менен флешкасын сунду. Компьютер адаттагыдай эле бүткүл дүйнөлүк желени желип жөнөдү.

Экран адаттан тыш кызарып, “Шектүү документ” деп күйүп жанды. Баятан бери жаш сулуунун аңкыган атыр жытына мас болуп отурган агай да оозун ачып калды.

— Бул эмнеси? — деди жаш эжей кой көздөрүн моймолжутуп, кирпигин дагы бир ирмеп.

— “Шектүү документ” дейт ко… — араң сүйлөдү агай. — Сиз бул системаны кандайдыр бир жолдор менен алдаганга, көз боёгонго аракет кылгансыз… окшойт…

Агай тыбырчылап, эми жаттап алган сөздөрүн тездик менен саймедиреп баштады:

— Сизде дагы үч жолу мүмкүнчүлүгүңүз бар... Дагы келсеңиз болот… – деп сүйлөп жатканда эле сулуу айым тездик менен тизеден өйдө чыгып кеткен төрт карыш юбкасынын этегин ылдый тартып, эч кимге карабастан чыгып кетти.

Агай чөнтөгүнөн жүз аарчысын алып, тердеген маңдайын сүрттү:

— Кызык, сулууларга да ушул антиплагиат шектенет турбайбы, — деп ойлоп бүтө электе эле телефон эки үч “дирт” этти. Апакай эжейдин үн билдирмеси угулду:

— Ой, сен кандай окутуучусуң?! Чоң-кичине дегенди билесиңби деги?! Карап текшерүүгө жөнөтсөң болбойт беле? Мен деген 50 жылдык тажрыйбасы бар, сенин апаңдан да чоң аялмын! Уялбайсыңбы, чоң эле аялды кайра алдына келтиргениңе?!

Жаңы ишке кирген окутуучу бир азга унчукпай турду. Анан өзүнчө күбүрөндү:

— Кызык, кайра мени күнөөлөйт ко… Бул антиплагиат деген система жашыңды, илимий даражаңды же кызматтык абалыңды тааныбайт экен. Ал жазылган ишти гана текшерет. Керек болсо сулуулардын деле иши өтпөдү го…

— Мен эмне кылышым керек?.. —ийинин куушуруп, кийинки магистрдик, квалификациялык иштерди системага киргизип жатты.

Ошентип, Антиплагиат” деген компьютердин ичиндеги үнсүз сот университетке келип, жылдап чогулган кадыр-баркты, мактанган тажрыйбаны, “өзүм жазгам” деген улуу сөздү, сулуу көздү да текшерип чыкты. Эми окумуштуулук, нукуралуулук менен баалана баштады.

Илимдеги баа — илимий көз карашка эмес, код анализине байланыштуу болду. Ар бир окутуучу, ар бир студент түшүндү:

“Илимде да сүйүүдөй — ишеним гана жетишпейт... Далил керек!”

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Гүкү

    Кыргызча да текшерсе болобу?

Комментарий калтырыңыз