Миргүл Наралиева: Велосипед

  • 09.07.2025
  • 140

АҢГЕМЕ

Акыл велосипед тээп баратты. Чачтары шамалга учуп, көӊүлү жайдары. Өтө бактылуу! Зуулдап баратып, бир маалда дөңгөчтү байкабай сүзүп алды. Чочуп кетип караса, керебетинде жатат.

– Эх, – деди Акыл. – Бул дагы түшүм турбайбы. Деги помидор качан бышат?

Акылдын мектеби үйүнөн бир топ алыс. Күн сайын китеп кабын Керимдин велосипедине артып коёт. Өзү болсо карындашынын китеп кабын көтөрүп, аны жетелеп чуркап алат. Ал өзүм да велосипед алсам, анан ага карындашымды учкаштырып алып мектепке барсак деп кыялданып жүрдү. Быйыл да атасы экөө помидор өстүрүп, андан мол түшүм алууга аракет кылышты. Түшкөн кирешенин эсебинен күзүндө атасы велосипед сатып берем деген. Помидор азырынча көчөт бойдон. Эми эле гүлдөдү. Жада калса, мөмө түйө элек.

Акыл кез-кезде помидорлордун гүлүн карап коёт. «Бат эле гүлдөп бүтүп, мөмө түйүп, чоңоюп, анан кыпкызыл болуп бышып калсачы. Анда мен да велосипед тээп жүрмөкмүн да. Кандай жыргал болмок! Көчөдөгү балдар менен жарышмакмын. Айрыкча, досум Керим менен жарышсам, ээ! Бөбөктөрүмө да үйрөтөт элем. Айжан экөөбүз мектепке да кечикпей барат элек», – дейт ичинен.

Бакчанын башында жүргөн атасы уулун көрө коюп:

– Акыл, помидорлоруң жакшы түшүм берчүдөй. Карачы, гүлдөгөнүн!

– Ооба, ата, көрдүм.

– Эми буларды убагында сугарып, түбүн жумшартуу керек.

– Мен да сизге жардам берем, – деди жадыраган Акыл.

Түндө дагы түш көрдү. Керим экөө жарышып велосипед тээп баратышты. Алдынан күчүк чыга калып кубалады. Андан качам деп, көлчүккө жыгылды. Ойгонуп кетип караса, эшик караңгы экен. Жамгыр катуу жаап жатыптыр. Акылдын оюна помидорлору келди. Алар эмне болду экен? Атасынын илинип турган күрмөсүн шаша-буша кийди да, эшикке чуркап чыкты. Атасы менен апасы короо тарапта экен. Эки жыл мурун ушундай катуу жамгырдан кийин көчөттөрдүн баарын кыян алып кеткен. Дагы ошондой болбос бекен? Ата-энеси бакчанын четин чөп-чар, топурак, таштар менен тосуп жүрүптүр.

– Ата, эмне болуп кетти? – деди Акыл тынчсыздана.

– Балам, үшүбөй үйгө кир! Эмнеге чыгып алдың? – деди апасы кабатырлана.

– Мен да жардам берейин да, – таштарды ташый баштады.

– Баары жакшы болот. Убагында үлгүрүп калдык. Бакчанын бир четин гана алып кетти, – деди атасы токтоо сүйлөп.

Акыл апасы менен атасын аяды. Анан бат-баттан таштарды атасына алып берип, үчөөлөп бакчанын четин тосушту. Кийимдери чылгый суу болду. Кыян азайып барып токтоду. Үчөө үйгө кирип кийимдерин которушту.

– Ата, кыян алып кеткен помидордон канча түшүм алмакпыз? Эми эмне болот? – деп сурады тынчсыздана Акыл.

– Кайра жаңы көчөттөрдү отургузабыз. Булар менен кийинкилер деле чогуу өсүп калат, балам, – атасы уулун кучактады. Акыл атасынын кучагында сүйүнүп отурду.

Эки-үч күндөн кийин атасы экөө көчөттөрдү тигишти. Акыл жайы менен алардын чоңоюп жатканына кубанып жүрдү. Атасы менен кошо сугарышып, отоо чөптөрдөн арылтканга да кол кабыш кылды. Баарынан да жашыл помидорлор кызгылтым болуп баштаганычы! Бир күндө үч маал барып, кызарып калды бекен деп бакчаны айланчыктайт. Өрдөк, тооктор чокуп салбасын деп, алардан коруйт.

Ошентип Акыл күткөн күн да келди. Помидорлор улам биринин артынан бири кыпкызыл болуп быша баштады. Кардарлар келип, жашиктер толо помидорлорду терип кетишти. Эртеси атасы экөө базарга барып велосипед сатып алышты.

Велосипеди Акылдын көзүнө бөтөнчө кооз көрүндү. Алар үйгө көңүлдүү келишти. Ошол күнү Керим менен жарыша велосипедин тээп ойноду. Эми бул окуя анын түшүндө эмес, өңүндө болду.

Жаңы окуу жылы башталарына аз убакыт калды...

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз