
БУТА
Эгемберди экөөбүз теңтушпуз, анан бири-бирибизге өлгүдөй өчпүз. Жолуккан, кезиккен жерден кажышып калабыз. Мага асылмайын айрыкча анын курсагы тойбойт, өзү колунан кокон тыйын иш деле келбейт. Бирок кепке уста. Дарт десең, балаа дейт. Мамадаани, таппаганы, билбегени жок. Этият болбосо, көпчүлүк алдында кепке жыгып, осол кылып коюшу мүмкүн. Көпчүлүккө сүйлөгөндүкү эле эп боло берет эмеспи. Ошондон бираарда кудай колду байласа да, тилди шайлап койгону түзүк окшойт деп ойлоп калам.
Чөп орок маалы эле. Кырдан жолум болбой, калпийип түшүп келатсам, Эгемберди тектирде чөп чаап жатыптыр. Кайбар тимеле кыйратып жиберчүдөй болуп бел курчоосуна чейин жылаңачтанып алган. Жанында эки жаш бала жүрөт жардамдашып. Мени көргөндө эле тили кычышчу немеге кур кол экендигими көргөндө ого бетер табылбай калбайт бекен! Алыстан эле “шыралгалап" кыйкырды. Чай ичкенче азилдешип атып, аягында мелдеше кеттик. Онубуз неден улам чыкканы азыр түзүк жадымда жок.
Чамасы, Эгембердинин уу тилине чыдабай, арданып кетип, баарын өзүм баштасам керек. Кептин кыскасы, мындай болду, тукумду бутага коюп 50 метр аралыктан туруп так ортосунан теше атып бермек болдум. (Бышырып жейбиз деп алып келишсе керек, очоктун боюнда он чакты тукум жаткан экен). Кадимки эле кашеки тооктун тукуму. Бирок жерге же ташка эмес, Эгембердинин так эле курсагына коюп туруп атмак болуп келиштик.
Ортого бир койдон койдук. Тукумду теше атсам, ол берет, тийбей калса мен берем. Кол алыштык. А тиги эки бала экөөбүздү алма-терме карап эле аңырайып туруп калышты. Жаш баланын жосунун кылып атканыбызга кол беришип алгандан кийин анан паамым жетип жүрбөйбү. Эс-акылы ордундагы киши кантип ошого барсын. Ок менен ойноп болобу. Мен антип акыл калчагыча эле Эгемберди кадамдап ченеп, 50 метрдей нары барып жатып калды. Жылаңач ичине тукумду кондуруп эле чалкасынан дардайып жатып алды. Ондой болгону менен, мага окшоп, алабарман жагы да бар. "Бол, эй! Атпайсыңбы!" деп атпайбы жатып алып. Ошондо таза айлам курубадыбы.
"Чегинээрге жер жок, артыбызда – Москва" болуп калды да. Кокус эле кайра кетенчиктесем, Эгемберди биротоло мойнума минип алары турган иш. Тобокел дедим. Бир жагы мылтыгымдын түздүгүнө ишендим да, жакшылап мээлеп, машааны басып калдым. Ок тукумду жарып өтүп кеткенде анан "эх!" дедим.
Эми Эгемберди ыргып тура калат ко десем, онум баягы бойдон эле сулап жатат. Ана турат былк этпейт, мына турат былк этпейт, "эй, дардайбай турбайсыңбы?!"- дейм, үн жок. Ого болбой эле жанымдагы балдар чуркап жетип барышып, жулкулдатып калышты. Эгемберди болсо жансыз немедей шалактайт. Ошондо анан чындап сестендим. Аттап-буттап жетип барсам, кайран досум "сулк" эле жатат. Көзү аңтарылган. Өңүндө кан-сөлү жок, купкуу. Кудум эле өлүк.
Жылаңач этине тукумдун суусу акканы эле болбосо, баары-жогу таптаза. Жулкулдатып атам, кыймылсыз. Жаакка чапкылайм, кыймылсыз. Бир паста дүйнөм караңгылап, алапайымы таппай калдым. Берки экөө менден бетер үрпөйүшүп, өкүрүп жиберчүдөй эле зорго турушат. Ошентип атып эле анан бир маалда кулагыма суунун шылдырагы "шак эте" түштү. Жүгүрүп барып эле калпагыма суу сүзүп келип, бетине жаба чачтым. Кайран досум муздак суу бетине чачыла бергенде, анан бир силкинип алып, көзүн ирмеп жүрбөйбү. Жөлөп-таяп өйдө кылдык.
Баягы Эгемберди жок, өң-алети кетип үлдүрөйт. Абалына мышык ыйлагыдай. Туруп алып дагы:
– Ит турбайсыңбы? Ок менен да ойнойсуңбу? – деп коёт.
– Ой, өзүң анан дардайып жатып, – десем:
– Атпайт дедим эле, – дейт, тиши-тишине тийбей калчылдап.
Мен деле оңор чочубадым дегилечи, ошентсе да сыр бербедим.
– Бир жолу эле өпкө-бооруңду аралаштыра атайын деп, бала-чакаңды аядым, – дедим. – Мындан кийин мени менен азилдешпей жүр, – дедим.
Тил кайрыганга дарманы келген жок. Катуу коркуп калган экен да, "тарс" дегенде эле "өлдүм" десе керек.
АЙ-АЙ, ПАЛБАН, ПАЛБАН...
Илбирс дейсиңерби? Ол жырткычты наяты бир эле жолу кезиктирдим. Ошонун өзү эле эстен чыккыс калааты окуя болгон.
Мурдагы жылдын эле жайы. Үйдөн ууга кечке жуук жөнөп, Талдууга жетип түнөдүм. Эртеси Талдуунун зоосуна таң азанда эле чыгып бардым. Өзүңөр билесиңер, азыр бизде кийик ушул Талдууда эле калбадыбы. Уркуйган жалама зоокалар... Кайберендер ошол зоокалардын аркаларында оттошот.
Жаңы эле жетип, акылды пештеп алайын деп папурус чегип отура калдым эле. Али күндүн көзү көрүнө элек. Огоче болбой эле үстү жагыман шагыл жылып, таш кулап калды. "Болду, болбоду, кийик” дедим ичимен, бир балаадан үркүштү го, бечаралар. Жөнчүлүктө таш кулатмак түгүл, шыбыш алдырчу эмес эле.
Папурусту ыргытып эле тура чуркадым. Туура көздей таш аралап чуркап баратам. (Ошондо үстү жагыман бир ала неме "кылак" эте түшкөндөй болду эле. Шашканда ого маани бербепмин. Ону кийин эстеп анан "аттиң” кылып жүрбөймбү).
Ойлогонум эле кийиктин алдынан тосо чыгыш. Шашкан курусун, бирде мүдүрүлүп жыгылам, ташка жабышкан путум тайыйт, пут алдыман шагыл сүрүлөт. Ошого да кайылмын. Өлөр-тирилериме карабай жүгүрүп баратам. Ого болбой эле асты жагыман “гүр-р” этип көчкү жүргөндөй болду.
Силерге жалган, мага чын, кудум көчкүнүн доошундай кубаттуу доош чыкты алдыман. Бет алдыма карай берсем эле, кудай бетин салбасын, тиштерин арсайта комдонгон темгилала неме турат. Илбирс да. Өзү да эпти чоң эмес, эшик-төрдөй суналат тимеле. Көрүп эле алкымым оозума кептелди. Ошентип, "аа" дегенге алым келбей, ордумда каттым да калдым. Эми илбирстин сүрүн айт, гүрүлдөп айбат кылар болсо, зоо көчкөндөй аска-зоонун бакиси кошо жанырат.
Онун алдында мен турам, каккан казыктай какайып. Колумда октолуу мылтык. Бирок кыймылдашка чама кайда? Былк этсең өлдүң деп пешенемде темгил-ала илбирс турса, мына-мына секирчүдөй. Асты жагым түпсүз зың. Ошол зынга эчен кийикти кулатып жиберип наймут калгам. Илбирс деген илбирс да, эй! Бекеринен илбирс атыгыппы? Алты карыш текени да бир чапчып ыргытат деп уккам. Бир ыргыса мага жетет. Анан бир чапчып ыргытар болсо, акадар илгери өзү аткан кийиктерге барып кошулат да.
Оюма ушул келип, "аа-а" дегенге алым жок, каккан казыктай какайып мен турам. Эшик-төрдөй суналып, илбирс турат алдымда. Ушу мен көзүмү алсам эле тигил келип баса калчудай сезилет да. Ошентип турду-ук, турду-ук. Канча турдук билбейм. Оо кыйлага барып анан оозум кыбырап, мага тил киргендей болду.
Акыл токтотсом, "Ай-ай, палбан, палбан", - деп күбүрөй баштаган экем. Шыбырап зорго чыгып аткан үнүм, бара-бара катуулап, ушул эки ооз сөздү тоту кушча кайталап кирдим. "Ай-ай, палбан, палбан", - деп коём илбирстен көзүмү албай. Менден көзүн албай комдонуп илбирс жатат. "Ай-ай, палбан", - деп мен турам.
Бир маалда илбирсим тишин ырсайтып күрүлдөгөнүн коюп, унчукпай эле мени тыңшап калгансыды. Кыйла тириле түштүм. Көчүгүн жерден жаңы эле көтөрүп, эми гана кас-кас тура баштаган наристени «ай-айлап» кубаттап, эркелеткен сынары илбирсти ансайын күчөп ай-айлап атам. Эми үнүм дагы бир ширин чыгып калды десеңер.
Мындай карасам, эки колум да оозума кошулуп ай-айлап атат. А мылтыгым жерде жатат. Илбирсти жакшылап карасам, күрүлдөгөн баягы жырткыч жок: ал да мага жакшы бир сөз айткысы келип, бирок тилинин жоктугунан гана айласыз тургандай, мени бир кызык, бир башкача момооруп тиктеп калыптыр. Унчукпай эле момооруп тиктеп калыптыр.
Ошентип кыйла турду да, анан секин козголуп, мени кылчак-кылчак караганча өйдө көздөй жөнөй берди. "Ай-айлап" узатып мен калдым. Илбирстен ошентип кутулуп, лыптыр "өх!" дегенче башымы көтөрсөм, күн маңдайга келип калыптыр.
Ушу азыр да ошондо мени өлүмдөн алып калган тигил эки ооз сөздүн оозума кантип кире калганына, ондой иле менин жаман башыма кайдан келе калганына акылым жетпей, айран болом.
("Кыргыз Туусу", 30-март, 2001-жыл)
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.