
АҢГЕМЕ
Гүлдүн ширесине кана тойгону же тойбогону белгисиз же болгону гүлдүн жытынан моокумун кандыра шимире жыттап алып, ааламда өзүндөй көпөлөктөрдүн миң бир түрү бар экенин билип билбесе да, кызыл ала темгили бар кооз канаттарын кенен жайып, жайкы желдин илебине күндөгүдөй ыракаттанып бийлеп баратып, короодогу каржайып катып калган түркүк боорундагы боюнун өскөнүн ченеген ар түстүү чийиктердин өйдө жагына, өрүк кармаган ширелүү колу менен кармаган кыздын манжалары тийген чийикке келип конду.
Өрүктүн даам, жытынан мурун да өзгөчө бир жагымдуу жыт каңылжаарын жарып, көзүн тумандатып, канаттарын дирилдетип жиберди. Түркүктүн боору кыздын он айынан баса баштагандагы боюнун өсүү мерчемдери эле. Тушуна он ай, бир жаш, бир жаш жети ай, эки, үч жаш... деп апасынын колу менен жазган жазуулары. Кечээ алты жаш тогуз ай деп өзү жазган. Ооба, ал жаза да, окуй да билет. Түркүктүн өйдө жагында колун созсо да жете албаган апасынын боюнун мерчеми чийилген. Өз бою ченелген чийиктерди кооздоп бойой берген. Апасынын боюна жеткиче... көп бар. Канча жылдан бери кыздын алакандары кармалай берип сыйгалак болуп калган түркүктөн көпөлөктүн буту тайып кетип, учуп жөнөдү. Ал эшик алдындагы боз үйдүн түндүгүнөн аял же жаш кыз экени билинбеген ичке үндүн чыйылдап чыккан ыйын угар укмаксанга салып, асмандагы бир ууч булутка төнүп кеткенсиди.
* * *
Кичинекей кыз апасынын өлгөнүнө ишене албай мостоюп отургучта отурат. Боз үйгө эжесин калтырып, аны киргизбей коюшкан.
– Келчи, кагылайын, сени мен өзүм эле багып алсамбы, – деп жалгыз баласы каза болгон көзү кыйшык кемпир кыздын жеңинен тартты. Кыз көзүнүн жашын аарчып, ансыз да чоочуркап жүрчү кемпирден кетенчиктеди.
– Жамал, бирөөнүн баласы бирөөгө бала болот беле, – деди ары жакта олтурган кошуна кемпир.
– Карыганда мага тээк болобу деп жатам да, – Жамал кемпир көзүн кымыңдатып, сөзүн ырастап койду.
– Ажал экен, Ширин жаш кетти. Минтип чиедей кыздары калды. Эки кызына бак берсин! Шадыга ыйман берсин! Ичкенин токтотсо эле болгону, – арыда Сейде кемпир шыпшынды.
Бир аптадай элдин аягы үзүлгөн жок. Көбүнчө Шадыга көңүл айткандар эле. Апасы төшөк тартып ооруп калганы кыз эжеси менен чогуу жатып калды. Апасынын айтып берген жомокторун жадыбалдай жаттап алган эжеси күнүгө ага да айтып берчү. Кыз кыялдарын камчыланып, алда кайда учуп жүрүп уйкуга кетер эле...
Үйдөгү ушул эки караан бири-бирин сооротор арка-жөлөк, кээде нөшөрлөгөн жамгыр болушат.
Эжеси ушул жайда мектепти бүтүргөн. Кыз анын сүрөтүн тартканды жакшы көрөр эле. Кагазга орто бойлуу, көзү апасына окшош, карагаттай, мурду кырдач, чачы белине түшкөн, көргөндүн таңдайын так эттирген сулуу эжесин тарта берет.
– Эже?
– Мм...
– Жомоктогу сыйкырлар калппы?
–Чын эле...
– А эмнеге жомоктогу бир эле өөп койсо тирилип кеткен сулуу кыздай болуп, апам тирилбей койду. Көп эле жолу өптүм го...
– Биз жомокто жашабайбыз да.
– Жомокто эле жашап калсак болмок.
– Ии..
Эжесинин жумшак, сылык мүнөзү, терең ойлоно билген зиректигине эми муңкануу да кошулду. Дарыгер болгусу келчү.
Кыз бир күнү апасы чыттан тигип, ичине калем, боёкторун салып берген баштыгын күзгү алдына алып келип, чачын сылап тарай баштады. Өзүн эжесиндей сулуу кылып тартайын деди. Кыз да эжесине түспөлдөш. Айырмасы – чачы саргычырак. Күзгүдөн өзүн көрүп, кагазына адамды жалооруп караган көздөрүн бакырайтып, күлгөндө сүт тиштеринин маңдайкы экөөсүнүн жоктугун карап, оозун кымтып, кара калемдин учун шилекейлеп ууртунун сол жагындагы уячасын акырын чекит тартып жатканда эжесинин чаңырыгы селт эттирди. Сүрөттөгү уячасы чийилип кетти.
Караса, бирөөлөр эжесин көтөрүп кетип баратыптыр. Аркасынан “эжемди коё бергиле,”– деп ыйлаган үнү, кичинекей карааны менен кошо короодон учуп чыккан кызыл ала темгили бар кооз канаттуу көпөлөк машинанын уюлгуган чаңында калып калышканын эч ким эрөөн алган жок…
Ошол күнү үйгө бейтааныш адамдар келишти. Анча-мынча туугандары, атасы болуп көңүлдөрү жайдары отурушту. Кызга таттуулардан карматып коюшкан. Ичишти, ырдашты, акырында атасы сулап жатып калганда кетишти. Кыз ыйлап отуруп уктап калды.
Мектепке барарына бир ай калганда эжеси башка бүлөгө кетти. Санаганды, жазганды, сүрөт тартканды, баарын билет. Эжесиндей зирек. Эми кызды кошунасы Зейнеп жумасына жуунтуп, чакырып тамак берчү болду. Колтугунан түшүрбөй көтөрүп жүрчү апасынын тигип берген баштыгын курбуларына көрсөттү.
– А-ий, мынча сонун сүрөттөр.
– Ким тартты буларды?
– Мен...
– Чын элеби?
– Чын.
– Буларды кантип тартасың?
– Ушинтип эле.
– Мобул көпөлөктүн сүрөтү сонун болуптур го. Кооз экен.
– Ооба, муну түшүмдө көргөм.
– Түшүмдө?
– Ооба, үнү апамдын үнүндөй?
– Койчу, көпөлөктүн үнү жок да.
– Менин көпөлөгүмдүн үнү бар.
Кыздар кыткылыктап калышты. Зейнеп аларды угуп турду.
Зейнеп – акылдуу, орто бойлуу, арыкчырай келин. Керээлден кечке тиричилик менен алышып жүрүп албырып, кызарган эки жүзү өзүнө куп жарашат. Колунан көөрү төгүлгөн уз. Ширин экөө кыздарына чогуу сеп жасайбыз деген да тилектери бар эле... Анын түйшүгү өзүнөн артпайт. Беш кызы бар. Мүмкүн уул болсо Шириндин кичүү кызын толук асырап алат беле, ким билсин. Зейнеп аны да ойлоп, бирок күйөөсүнө айтуудан тартынган.
– Ата, – деди бир күнү кыз. Узак, Айжан апам менен мектепке барабыз дейт. Түшүмдө апамды көрдүм...
Атасы ары жакта кечиндеги ичкен арагынын бөтөлкөсүн издеп жүргөн.
– Ээ кызым... апаң келсе кана..
Анан аялы өлгөнүн эми эстегендей бышактап ыйлап кирди. Кызын кучактап:
– Мен сени өзүм алып барам. Күмүш эжең да келет.
– Эжем да келеби? Кыздын маңдайы жаркып кетти.
– Ооба, эжең келет.
1-сентябрь. Мектеп. Чоң бантик тагынган кыздардын катарында кыз да көңүлдүү турду. Атасы мектепке келген жок. Эжеси эртең менен келип, сатып келген кийимдерин кийгизип, сиңдисинин кубанганын көрүп сүйүнүп жатты. Бирок ал кайын энесинен, анын тилинен чыкпаган күйөөсүнөн эки-үч саатка эле суранып келген. Баягы сулуу өңдөн бир топ азганы сумсайган жүзүнөн билинип турду. Буларды багып алаар чоң ата, чоң эне же таенеси жок. Баарынын көзү өткөн. Бир гана оорукчан таятасы бар. Ал да келининин көзүн карап отурат. Эжесинен башка каралашар туугандары болбоду.
Ошентип сиңдисинин мектеп босогосун аттаганына жетине албай кубанып, бир чети аны кыя албай жатып, күн батарда кетти. Атасы шылтоого шыноо болуп кызы биринчи класска барганын бөтөлкөлөштөрү менен жууп жүрдү.
Бир күнү баягы кемпирлер, аялдар кыздын үйүнө келишип, боорсок жасап, дасторкон даярдап, кызга кээде "эми апалуу болосуң,"– деп жатышты. Бир маалда сырттан атасы менен бала көтөргөн кара тору аял келди. Атасы бүгүн чыкыйып костюм-шым кийген, сакал муруту алынуу. Кыз атасынын мындай жүзүн көптөн бери көрө элек болчу. А тиги аял ким болду экен?..
Ангыча дасторкон четинде, төрдө отурган кемпир сөз сүйлөдү:
– “Эки бакыр, бир тукур болуп” турмушуңарды баштап отурасыңар. Аздыр-көптүр турмуштун ачуу-таттуусун татып калган жансыңар. Жаш эмессиңер. Балдарыңар менен очор-бачар болуп, жакшы жашагыла!
– Айи-и, минтип кийинип алсаң башкарма болуп калат турбайсыңбы, – деп ары жактан Калыйча күлүп калды.
– Ушинтип эле жүрсөң, жанагы арак дегениң болбогон нерсе. Шириндин арбагы нааразы болот. Кыздарыңдын алды турмушта, арты минтип окуп жүрөт. Мындан кийин жакшы жүр, айланайын, – Сейде кемпир алдындагы чайын алып дембе-дем ууртап алды.
Шады тамагын кырып, үнүн жасап сүйлөдү:
– Буга чейин ичип эч нерсе тапкан жокмун. Эми ичпейм. Ден соолук да болбой калды.
– Ошент балам, ошент,– деп Сейде кемпир сүйүнгөнсүдү.
– Кызым кел, мына эми сенин жаңы апаң, бул апаң, апа де! – деп бирин-бири сүрөп калышты. Кыз аялды таң кала карап турду. Анын көзү чүңүрөйгөн, салынган жоолугу бир аз кыйшайып, бирин-серин чачтары чыгып, бетиндеги чарала тактар көзүнө комсоо көрүндү. Таптакыр апасына окшобойт...
– Менин апам аппак болчу. А бул кара экен.
Кыз чын дилинен, көргөнүн айтты. Отургандар дуу күлүп калышты.
– Кийин көнүп кетет. Бала да. Апа дебегенде кайда бармак эле, – деди арытан көзү кыйшык кемпир.
Андан бери бир жыл өттү. Шадынын жакасы агарып, тамагы даяр болгону менен кызга ит көрбөгөн кордук башталган эле. Ошол келген күндөн бир аз өтпөй өгөй энеси мени апа дебейсиңби,– деп чыбык менен сабаган.
Өгөй энесинин колундагы баласы анда алты ай эле. Эми минтип бир жарым жаштан ашса да кыздын жонунан, колунан түшпөй келет. Бели ооруса да айтпайт. Анткени бир күнү баланы кечке көтөрүп жүрүп “колум уюп кетти” деп айтып алып, “баланы оор дебегин,” – деп дагы таяк жеген.
Ага болушар киши жок. Атасы бөтөлкөлөштөрүн үйгө чакырып, акыры ызы-чуу көбөйүп, аялы менен урушат. Кыз сыртка баланы көтөрүп алып, тамды айланып качып жөнөйт.
Анын үйдө эң жакшы көргөн буюму – апасынын тигип берген баштыгы.
– Сен баштыгым! Менин сүрөттөрүмдү алып, тээ алыскы шаарга учуп кетсең боло! Менин ийинимде эле асылып жүрө бербей. Деги кагаздардын баарын түгөттүм. Баары сенин ичиңде сүрөт болуп жүрөт. Кантип учам дейсиңби? Ошо да кеппи? Сүрөттөрдүн ичинде сага керектүү куралдардын баарын сүрөт кылып тартып койгом. Учканыңа канаттар, жамгыр жааса кол чатыр, курсагың ачса алма бар.Четинен алып колдонуп кете бересиң. Түз эле Лувр музейине барсаң! Апам айткан ал музейде дүйнөдөгү бардык сүрөтчүлөрдүн тарткан сүрөттөрү бар. Биздин айыл да дүйнөгө кирет да ээ? Эмнеге баш чайкайсың, жалганбы? Жеткире албайм дейсиңби? Эмнеге? Ооба, аның чын. Сенде апамдын сүрөтү жок. Апамды тартып баштасам эле жашым тамчылай берип, кагаздарым булганып калат...
Кыз короодогу коргондун бир жоон бутагына баштыгын илип коюп сүйлөшүп отурган. Аңгыча кыз атасынан сүйүнчү укту. Эжеси эркек төрөптүр. Экөө төрөт үйүнө барышты. Сиңдисинин ал-абалын угуп жүрчү. Азыр кирерге жер таппай, кыздын кубарыңкы жүзүнө карай албай турду.
– Кел, көтөрөсүңбү? – баласын аяр карматты.
Эжесинин жаңы төрөгөн баласы кебездей жеңил экен. А тиги бир жылдан бери көтөрүп жүргөн бала таштай оор. Ушундай жеңил эле болсо, – деп ойлоду ичинен.
– Сени жакшы эле карап жатышабы? Урушкан жокпу?
– Жок…
Эки көзүнөн ысык жаш атып кетти. Бирок үнүн чыгарган жок.
Арыда турган атасына кызы:
– Ата, мен го мен болдум. Мына бул байкушту аяп койбойсуздарбы. Апам болгондо мындай болбойт эле, – деп ыйлап жиберди.
– Жакшы эле карап жатабыз. Кийими бүтүн, курсагы ток. Дагы эмне керек? – кызын акшыйып карап алды. Бөлмөдөгү наристелер чукуранып ойгонуп, ыйлай баштады.
Атасы кичүү кызын жетелеп эшикке чыкты. Терезеде улуу кызы аларды узата карап, ыйлап турду... Кечинде небере жуугандар көбөйдү. Анын ортосунда кыз дагы таяк жеди. Короодогу түркүккө барып өз боюн ченеди. Тушуна 7 жаш, 11 ай деп жазды. Жазып жатып былтыркы жазган тамгаларына тийишип, бири-бирине өтө жакын жазылды. Бою өспөптүр.
Аңгыча жанында жүргөн иниси көз ачып жумганча арыктагы сууга түшүп кетти. Жүрөгү оозуна капталып, чуркап барып суудан алганда, башы менен бир чумкуп чыккан бала бакырыкты салды. Үйдөн атып чыккан өгөй энеси бир колу менен баласын кармап, бир колу менен кызды баштан ары бир койду. Башы эңги-деңги болуп, көзүнөн от чагылды.
Булардын баары Зейнептин көз алдында өтүп жатты. Энелик жүрөгү жанчылып, канчалык кызды бул кордуктан сууруп алгысы келсе да аргасыз, алсыз болду. Башында бир-эки жолу келип:
– Батма, жамандыр жакшыдыр кошунабыз. Кызды уруп жатканыңды көрүп, жүрөгүм чыдабай жатат. Бул кордугуң туура эмес.
– Ким кордоп жатыптыр? Көрөт элем сенин ушундай тил албаган кызың болгондо.
– Бул бала да, байкуш апасынан айрылып, сени караан тутуп келе жатпайбы. Колуңду тийгизбечи, сураныч!
– Ап-п-ей боор ооруган киши табылган турбайбы. Эмесе багып ал же Шадыга тийип ал.
– Эмне деп жатасың? Оозуңа келгенин оттобо! Сөзгө түшүнбөгөн адам турбайсыңбы.
– Ооба, силер укмушсуңар. Кыйын болсоң, эриңе эркек тууп бербейсиңби, кыздарыңды шагыратпай.
Зейнеп дагы бир нерсе дейин деп, кайра тилин тишине катып чыгып кетти. Ошондон бери кирип-чыгышпайт. Баарынан да Зейнептин эсинен кетпегени – кышында кыз чоң чака менен суу ташыганы. Өгөй энеси баласынын кир-когун жууганы көп суу керектейт. Бир күнү кыз чакага суу көтөрүп келатып, так үйүнө жетерде тайгаланып жыгылды. Кышкы ызгаар, суу тийген кийимдери дароо тоңду.
Зейнеп аны кокустан терезеден көрүп калды. Үйүнө кирип которунуп чыгабы десе, тура калып ызалуу көздөрү менен өз үйүнүн терезесин карап турду да, кайра артка жөнөдү. Зейнеп үйүнөн чуркап чыкты. Кызды үйүнө алып кирип, кийимин чечип, кыздарынын кийимин кийгизди. Чечинтип жатып кыз көптөн бери жууна элегин, кийимин көптөн бери алмаштырбаганын көрүп, зээни кейиди.
– Мен муну жууп коём. Бир күнү алып кетесиң ээ. Ага чейин бул кийимдерди кийип жүрө бер.
Зейнептин кыздары менен ысык тамак ичип, үйгө кетем деп шашты. Ал кыздын чакасына суу коюп берип, муундары калчылдап, узатып калган эле.
Ал бүгүн айылдагы аттуу-баштуу аксакалдарды чакырып, Шады менен Батманын кызга кылган мамилесин ортого салып, кызды куткаруунун бир айласын кылайын деп, кечээ терген өрүгүн кайнатып, банкаларга жаап коюп, анан барайын, – деп чечти.
Эжесинин баласы эмгектеп, тынчы жок. Айылдын бүтпөс түйшүгү мойнуна илинген Күмүш баласын караса тамагы, тамагын караса баласы каралбай калат. Бала караганга кайненесинин чолосу да жок. Иштейт. Акыры балабызды караганга жардамдашсын деп сиңдисин алып келүүгө күйөөсүн, кайненесин көндүрдү. Убактылуу болсо да сиңдиси жанында жүргөнүн элестетип сүйүндү.
Кыз каникулду суу ташымай, бала көтөрмөй, үй жыйнап, эшик шыпырмай, идиш жуумай менен өткөрдү. Сүрөт тартканга чолосу жок. Баягы апасы тиккен баштыкты көптөн бери таппай жүрөт.
Күз айы. Сентябрдын беши. Бүгүн класттан эжеси өзүңөр каалаган сүрөт тарткыла деп тапшырма берди. Каалаган сүрөт? Апасын тартып көрсөбү? Кандай болор экен? Так ортого апасынын күлүп турган сүрөтүн тартып, четтерин канатында кызыл ала темгили бар көпөлөктөр менен курчады. Апасына эң жакын турган бир көпөлөктү өзүм деп, аны түстүү кылып боёду. Кудум жомоктогудай.
Жанында отурган классташы:
– Айий, сонун тартыптырсың го, – деп үнүн чыгара айтты.
Классташтарынын баары:
– Кана, кана, көрсөтчү, – чуркап келип, таң калып жатышты.
Мугалим эжекеси да сүрөттү көрүп:
– Сенин сүрөтүң чынында мыкты болуптур. Сага сыйлык катары бул раманы беребиз, – деп тарткан сүрөтүн рамага салып колуна карматты.
Баары куттукташты. Эжеси кийинки айда болор сүрөт конкурсуна кыздын аты-жөнүн жазып койду. Кыздын кубанганын айт. Апасын тирилтип алгандай улам-улам, анын сүрөтүн өпкүлөп үйүнө келе жатты.
Ал күнү атасы жумуш издейм деп борборго кеткен. Өгөй энесинин апасы аны үйүнө чакыртып жибериптир.
– Келдиңби? Эч жакка чыкпа! Ойноп кетпе! Зейнептикине барып көр, шыйрагыңды сындырам. Үйдү ачык калтырып, уурдатып жибербе! Дарбазаны илип ал! Макулбу?
– Макул.
– Мен кеч келем. Айтканымдай кылбасаң көзүңдү оём!
– ...
Өгөй энеси кетери менен кыз сүрөт тарткан баштыгын издеди. Ага айта турган көп сөзү, анын ичине сала турган апасынын сүрөтү бар. Таппады. Мүмкүн сүрөттү ачык асманга жакын койсо, апасы көрүп сүйүнөр. Сарайдын бийик там башына шаты менен чыгып баратып, түркүктөгү чийиктерди бир карап алды, өспөй калган боюн ченегиси келбей калганын эстеди. Сүрөттү асманга каратып коюп, өзү анын жанына, күн нурун өзүнө сиңирип алган жылуу топуракка жатып алды. Төбөдө тийген күн менен жылуу топурак кызды магдыратып баратты...
– Апа, сизди сагындым. Сиз жок аябай жаман экен. Бирок бүгүн мени макташты. Эжекем бул раманы берди. Көрдүңүзбү? Сенин апаң сулуу экен дешти. Апа, эсиңиздеби, бир жолу менин жоголуп кеткеним. Зейнеп эженин кыздары менен гүл тергени тоого барып, абдан кооз көпөлөктү көрүп кубалап кетип, кайра жолумду таппай, адашып калганым? Ошондо мени издеп, аябай ыйлаптырсыз. Мен да ыйлагам. Бир кичине жол таап алып чуркап келе жатсам алдымдан чыктыңыз. Мени көрүп, аппак тиштериңизди көрсөтүп күлүп жибердиңиз. Бүгүн ошол күлкүңүздү тарттым. Ошол көпөлөктү да тарттым. Ой, көпөлөк, мында учуп жүрөт ко. Сиз эмнеге мен адашып кеткен гүл талаада жүрөсүз? Токтосоңуз апа, сүрөтүмдү сизге көрсөтөйүн, токтой турсаңыз, апа. Апа сизди сагындым, апа...
Апасына чуркап жетип, колунан кармады. Анын жүзүн эми даана көрдү... Кыз уйку соо ортосунда ордунан тура калып, чын эле чуркап жөнөгөн...
Көптөн бери кыздын манжалары тийбей, түркүктүн тээ баягы минишип калган чийиктериндеги жөргөмүш желелеп, ага эми элеки көпөлөктүн жансыз денеси илинип турду.
Сыртта Зейнеп кемпир-чалдарды ээрчитип, дарбазага жакын келип калышкан эле. Эжеси сиңдисин алып кетем деген кубанычы койнуна батпай, автобустан жаңы эле түштү...
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.