Жаңыл Мырзалы: Жабык эшик артындагы азап

  • 26.08.2025
  • 1439

АҢГЕМЕ

I

Айылдагы эң абройлуу адам — молдо Таштан. Ал ар бир маркумдун жаназасын өзү окуп, айылда баш кошкондордун никесин кыйганычы. Эл көзүнө ал “ыймандын күзөтчүсүндөй” көрүнөт. Элдин оюнда ал – Кудайга эң жакын киши. Айылдын ыйманы да ушул молдонун жүрүм-туруму менен ченелет.

II

Айжан — жаш келин. Чиедей балдары менен эч жакка чыгалбаган үй күчүккө айланган. Күйөөсү Орусияда иштеп жүргөндүктөн, ай сайын үй-бүлөсүн ач-жылаңач калтырбагандай тыйын-тыпырын жөнөтүп турат.

Бул үйгө ашка жүк, башка жүк болуп Айжандын кайнатасы да кирип алды. Айылдын тиги башындагы үйүнө токтобой, уулунун үйүнө каттаганы көбөйдү. Айылдыктар андан эч жамандыкты шектенген эмес. Эл алдында такыба көрүнгөн немеден ким шектенсин…

Ал молдонун жүзү түн киргенде башка:

– Бул үйдө менин эрким сүйлөйт, – дейт ал өз кара чечекей уулунун өмүрлүк жары эсептелген келинине өктөм сүйлөп.

Айжанга түнү келип кантип аңгилик кылганын эл кийин билди. Таң атканча кайнатасынын кордук-зордугун көрүп, көзү көнөктөп ыйлаган жаш келиндин датына айылда ким ишенсин? Ким анын үнүн угуп коёт. Эгер ооз ачса, эл аны “молдого жалаа жапкан арсыз” деп айтышары бышык.

Айжан муну адегенде өз апасына айтып көрдү. Момун мүнөз апасы башын жерге салып:

– Кызым, – деди айласы жок үлдүрөп, – күйөөгө барганыңда, башыңды Кудайга да, жерге да ийесиң…

Ошентип, өз энесинен да таяныч таппады шордуу келин.

Айжан гана ичинен сызып жүрдү: “Эл билген молдо менен мен билген молдо эки башка. Кайсынысына эл ишенет? Эгер дин ушул болсо, анда Кудайдын акыйкаты кайда?..”

III

Таштан молдонун мечитте кылган ибадатын көргөндөр аны периштедей кабыл алышат. А Айжан ошол эле наадандын башка жүзүн билет, бирок элге айта албайт. Күндүзү такыба көрүнгөн молдо кайнатасы ага түнкүсүн эшиктерди бекитип, жарыкты өчүрүп, жаш келиндин жүрөгүн эзген каардуу үнү угулат:

– Сенин намысыңды айыл эмес, мен билем. Менин эркиме каршы чыксаң, зынаага барган сени айыл эли таш бараңга алат.

Айжан эмне кыла алмак? “Эл сыйына бөлөнгөн мунун чыныгы жүзүн кимге ачам? Чындыкты айтсам, өзүм эле күнөөлүү болуп чыгам” деп күйүттүү.

IV

Күндөр өтө берди. Айжандын боюна бүтүп калыптыр. Буга ансайын бою сүлкүлдөп ыйлайт. Баланын кимден экени билинсе, айылдыктар бетин тытар бекен? Күйөөсү болсо алыста, анын келбегенине бир жылдан ашты. “Күлгө оонап боозуп калдыңбы?!” деп суракка алышса, эмне жооп табат...

V

Айылга жаш мугалим кыз — Жазгүл келди. Айжандын көзүндөгү муң-кайгыны ошол байкады.

– Эже, эмнеге дайыма эле кабагың ачылбайт? – деди күнүгө айылдык дүкөндөн кезигишкен жароокер жаш мугалим.

Айжан ооз ачууга батынбады эч. Сыгылган жүрөгү тилин тишине каттырды. Жазгүл анын бул абалына кайдыгер карай алчудай эместерден экен; сооротуп отуруп, жаш келинди соолуткан окуяны укканда, жакасын уучтады:

– Ай эже, сиздей тагдырлар толтура зордукка кабылган! Көп аялдар зордукка кабылганын айтпаган үчүн ушуга келдик! Наадандарга өзүбүз ошентип күч берип жатабыз. Сиз да унчукпасаңыз, бул азап токтобойт. Уланат кайра. Сиздин үнүңүз башка аялдарга күч берет… – деди Айжанды улам чыйралтып.

Жазгүлдүн кебин жүрөгүнө түйгөн Айжан ошол түнү молдо сөрөй кайнатасынын ычкырын чечкис кеп айтты, түн жаңырта чаңырып:

– Болду! Абийириңди эми төгөм элге!

Жаш келиндин түн оокумдагы ачуу кыйкырыгы айылдагы ар бир үйдү, ар бир дубалды да титиреткендей болду. Коңшулар чуркап киришти үйгө. Эшик артында “ыймандын күзгүсү” делген молдонун өң-алеттен кеткен купкуу жүзү ачылды.

Таңга жетпей айыл элине шыбыр-күбүр кеп жылма желдей жайылды: “Молдокебиз Таштан өз келинин боозутуп коюптур!”

VI

Айжан ошондо ичинен Кудайга кайрылды: “Кудай, сенин акыйкатыңды сенин атыңдан сүйлөгөндөр эмес, адилеттик менен жашагандар гана көрсөтөт…”

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз