
АҢГЕМЕ
Кыштактын чок ортосундагы тойдо Жаныш менен Жазгүл кол кармашып, баарына жаркылдап күлүп жүрүштү. Эл алардын үлгүлүү, эң бактылуу үй-бүлө экенин айтып суктанышар эле.
– Эми ушул экөөндөй ынтымактуу жашаган ким бар? – деди кошуна зайып өзүнчө күйүнүп. – Жазгүлдүн күлкүсүн карасаң, гүл ачкандай!
Бирок эч ким билчү эмес: Жаныш үчүн Жазгүл үй тириликте жаны тынбас малай экенин… Эри ага эч тыным берчү эмес үйдө. “Чай кайнадыбы? Муну эмне убагында кылбайсың?” деп жанын сууруп алчу кыңк этсе.
Жазгүл тилин тишине катып жашачу. Үйдө үн катса, уруш күчөйт. Сыртта үн катпаганы үчүн элге бактылуу аял көрүнөт. Бирок анын күлкүсү да, гүлдөй ачылган жүзү да маска эле.
Бир курдай Жазгүл күзгүнүн алдына мелтиреп көпкө турду. Өзүнө өзү тиктей албай, көзүн ала качты күзгүдөн. “Канчага чейин менин күлкүм башкалар үчүн?.. Канчага чейин тагдырым бир эркек сөрөйдүн бийлиги астында кысылып жашашы керек?” – деди ызаланып.
Ал күнү тойдо Жазгүлдүн күлкүсү дагы деле гүлдөй ачылып тургансыды. Бирок күзгүдөгү көз жашын эч ким көргөн эмес эле...
* * *
Жаныш менен Жазгүлдүн той-топурларда кол кармашып жүргөндөрүн көргөндө, элдин көзү кызычу.
– Кудайдын берген тагдыры ушул турбайбы, – дешчү аялдар. – Жазгүлдүн күлкүсү да, Жаныштын зыңкыйып жүргөн-турганы — чыныгы бакыт эмей эмине?
Бирок ошол күлкүнүн артында эч ким көрбөгөн көз жаш бар эле. Кечинде үйгө келген Жаныш өзүнчө эле падыша. Падышача төрөпейилденип, тамакты дароо даярдоону, бут кийимин чечтирүүнү, бир нерсе унутулса катуу үнүн көтөргөн адаты калчу эмес. Айтканы айткандай болбосо, Жазгүлдү баса калып ур-токмокко алганы калбады эч.
Жазгүл башында унчукпай көнө берди. «Эл көзүнчө уруш чыгарбайын» деп өзүн өзү сооротчу. Бирок жыл өткөн сайын ичиндеги боштук күчөй берди.
Күзгүнүн алдында ал кийин өзүн өзү тиктей албай калды. “Мына мен, баарына күлүп турган Жазгүл. Бирок көздөрүм жалганды ачык айтып турат. Качан өз баркымды билип, өз тагдырымды чечем?” — деп ичинен күбүрөндү.
Жазгүлдүн сыры жалгыз эмес эле. Кошунасы Камила да эл алдында “бактылуу келин” көрүнчү. Күйөөсү аны базарга кошо ээрчитип, «келинчегиме карагылачы, кандай акылдуу» деп мактанганы менен – үйүндө аны малдай кордогонун эч ким билбейт. Камила таң атпай туруп, үй жумушун бүтүрүп, анан соодага чыгып, кечинде чарчап келсе да, “эриңе сөз айтпа” деген кайненесинин каарына кабылат.
Дагы бир курбусу Айгерим бар. ал шордуу да соцтармакта бактылуу сүрөттөрүн жарыялайт. Балдарынын күлкүсү, күйөөсүнүн белеги, деңиз жээгиндеги эс алуу. Эл аны “бийик максатка жеткен аял” деп суктанат. Бирок эч ким билбейт: ошол сүрөттөрдүн алдында күйөөсүнүн кекеткен сөздөрү, “сен менсиз эч нерсе эмессиң” деген кордуктары жашарын.
Жазгүл акырында түшүндү: “Бактылуу көрүнгөндөрдүн көбү маска кийип жүрөт. Мен да алардын биримин.”
Ошондон кийин анын ичинде бир суроо кайра-кайра кайталанды: “Качанкыга чейин?”
Бир күнү ал өзү үчүн чечим кабыл алды. Элдин сөзүнөн коркпой, өз үнүн чыгарууну ойлоду. “Мен да адаммын. Менин да укугум бар. Менин күлкүм эл үчүн эмес, өзүм үчүн болууга тийиш!” – деди ал.
Ошол кечте Жазгүл күзгүнүн алдында турду. Бул жолу ал көзүн ала качкан жок. Көздөрүндө кайрат пайда болду. Бул жолу маска эмес, өзүн тапкан аялдын күлкүсүн көрдү...
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.