Аскарали Ражабалиев: Эненин жаңы түйшүгү

  • 17.10.2025
  • 805

АҢГЕМЕ

Буга чейин Каным эне сегиз келин алган. Уулдарынын баары очор-бачар өз үй, өлөң төшөктөрү бар. Айганыш тогузунчу келини. Минтип ырайы ысык, каш-кабагы ачык жан экен. Келин болуп келгенине төрт күн болду, эне деп мээрин төгүп, жароокерлене Каным энени айланчыктайт. Үй ичин зымдай кармап, таптаза. Чайы ысык, оокаты таттуу.

Жаштыгынанбы – кичине эркелеп сүйлөп, катуурак күлгөнү болбосо, кайын эненин көңүлүнө төп келди кенже келини. «Алдыңкы көч кайда барса, кийинки көч ошону ээрчийт» дегенчелик болуп, эненин бардык келиндери жакшы чыкканын айыл-ападагылар да сөз кылып калышат. Ушуларды ойлоп ичинен ыраазы болгон эне төшөктө узагырак жатты бүгүн.

Чалы бечара жоош-момун, көңүлү ачык, бейчеки сүйлөбөгөн адам эле. Балдарымды зарыктырбай багайын деп ак иштеп, ак жүрүп, чоң-кичиктин арасында кадыр күткөн. Ааламдан өткөнүнө үч жыл болду, кокус ооруп, кокус көз жумган. Балдары ыйлап-сыктап, өлүктүн каада-салтын астейдил аткарышып, атүгүл жылдыгын да шаанилүү өткөрүштү. Анан тирүүлүк экен өз-өз тириликтерине сүңгүп кетишти.

Эртели-кеч чалын ойлоп убайым жеген эне бир эсе уулдарына көңүлү ооруган да болду. Аталарын ушунча тез эстеринен чыгарышабы дегендей. Бөтөнчө түндөлөрү жалгыздыктын азабын тартып, уктабай чыккан күндөрү көп. Кенже уулунун колуктулуу болгонуна жетине албай жүрсө да, кийиики күндөрү чалын сагынып көңүлү беймаза. Ичи бир нерседен түпөйүл тартып, ылкак[1] кылат.

Кенже уулу кайсар чыкты. Келишимдүү, өндүү-түстүү жигит. Келин үй тиричилигин астейдил бүтүрүп, кыймылы ыкчам. Ошентсе да байбиченин карт жүрөгү бир жагымсыз нерсени туйгандай беймазалана берчү болду акыркы күндөрү... келиндин көздөрү кызара, асты шишиңкиреп кеткенине көзү түшө баштады. Көңүлү тынч албай, ичинен кыжаалат тартат байбиченин. Бир жолу таң эртеде келини өздөрү жаткан бөлмөдөн атырыла жүгүрүп чыкканына көзү түшүп калды. Артынан жүгүрүп чыккан уулу апасын көрүп, кайра кирип кетти ичкериге. Бышактап ыйлай берген келини байбиченин көкүрөгүнө башын коё минтти:

– Эне, уулуңуз экөөбүз...

– Нимине болуп атат өзү экөөңө?!

Келин унчукпады. Көзүнөн бир тоголок жаш сызылып чыгып, ылдыйга жөнөдү. Тышка чыга берди үн-сөзсүз.

Уулу төшөктү чүмкөнө жамынып, сөзгө келбеди. Дартын кимге айтаарды билбей байбиче отуруп калды үйүнөн чыкпай, не суюк, не коюкту жегиси келбей. Төшөгүнө эрте эле жатып алды уйкусу келбесе да. Уза-ак чалкасынан жатып, тынчы кетти. Келини оор басырык, токтоо мүнөз. Аз сүйлөп, ысык мээр. Тула бою сүйкүмдүү, көзгө жакын жан. Секин кыймылдаганы менен ар кандай ишти аягына чыгарып, манда кылат. Үй ичи тасырайып таптаза, жыйнактуу. А, өз уулучу? Тогуз уулдун ичинен жеңил чыкты ушунусу. Ачуусу тез келип, тиртеңдеп кетет. Мындайда сулуу жүзүнө каны тебе кызарып чыгат. «Атасы мындай эмес эде, кимди тартып мындай болду Сардарым?» - деген байбиче санаа тартат уулунун оор мүнөзүнө. «Келиним жакшы, бечара. Адам кылып алам аны. Өз уулумчу?

«Түшүнүп кетер бекен? Келинчегин өлгүдөй жакшы көрөт, бирок...». - Чалын эстеп жашыды. «A-а чалым, а! Дарт бөлүшөр Сиз да жоксуз жанымда. Балдар деген Сиздин ордуңузду басмактары кайдан!»

Көз алдына өзү келин болуп келген кези элестеди. Элүүнчү жылдардын башы. Өрүк бышык маал. Бир жагынан шалы отоо кызыган. Эки түйшүктүү иш бир келип, айылдагылардын баш көтөрүүгө колдору тийбеген учур. Бир жагынан Көкдайра ташкындап, жээгин жемире, элдин тынчын алган кез. Айылда иш кайнаган убакта келин болуп келген эле ал. Бүгүнкүдөй келин көчүргөнгө «Волга» кайдан. Ак фата түшүнө да кирген эмес. Кабат-кабат келин көйнөк эмес, бир чыт көйнөк кийген жаңы келин болгондо. Кошуна Актурпак кыштагынан пирган менен көчүрүп келишкен аны. Пиргандын ортосуна жаңы ак чыт көйнөк кийип, бетин кештелүү көшөгө менен чүмбөттөшүп, толтура кыз-келиндер көчүрүп келген болучу.

Негедир а кезде келин көчүргөндө чылдырмандын коштоосунда өзбекче «Яр-ярды» ырдашчу. Бул адат өзбек айылдарынын жакындыгынан болсо керек.

Яр-яр, яр-яр келин келди!
Куйав паччам нима берди?!
Яр-яр, яр-яр келин келди.
Куйав паччам совга берди! – деген келиндин эже-сиңдилери, жеңелери жаңыртып жиберишчү айыл түнүн. Шок жигиттер пирган жолун аркан менен тосуп алып:

– Кана, жеңелер, совгаңарды чозуп калыңыздарчы! – деп өкүм сүйлөшкөн.

– Ай уулдар, мана сиздерге келиндин дасормолу, - деп ызылдаган жеңелери бирден дасармол узатышкан жол тоскон жигиттерге.

Күйөвнүн короосуна да ырдап кирген аны коштогон кыз-келиндер. Короо ортосуна улуулата от жагылып, аны үч жолу тегеренгенин эстеди байбиче. Оттун ысык табы жаш денесин ысытып, чүмбөт ичинде күлүп койгон ошондо. Кыз тарап да, жигит тарап да көңүлдүү, шаттуу бакылдашып, анан баары тынчыган жарым түн келген. «Оо чалым, ошондо Сиз мени карылуу колуңуз менен кыса кучактап...» Байбиче күлүп койду. Чалы менен өткөргөн алгачкы түнүн эстеп.

Чалы экөө мурда өң тааныш болуп, бирин-бири жакшы билишпесе деле, ошол түндө эле көңүл табышып, көңүлдүү таң атырышкан. А кезде жаңы келин шаанисин кылып, үйдө бир айлап отуруу кайда. Үч күндөн кийин эле шалы отоп, өрүк терген, пахта чапкан. Чалы экөө ынак болуп, кечке иштешсе да чарчачу эмес. Анан бир жылдан соң түн уулдары көрүндү. Чалы жетине албай кубанып, баласы үчөө бир төшөктө укташчу. Тогуз уул төрөдү. Эл эмес, кайын эне, кайын атасы экөөнүн чокулашканын көрүшпөдү да, билишпеди кошуналар. Ырас, анча-мынча оройлонгон күйөөсү, тилин тыя албай сүйлөгөн өзү, уйку качып, кер-мур айтышкан кездер боло калчу. Бирок экөөнүн сыры эле мындай учурлар, тышка чыкпаган.

«Баары өттү, бары кетти кайтпаска...» - байбиче ичинен күбүрөндү. «Ушунча үй толгон буюм башка, көңүл башка турбайбы. Чалым экөөбүз сүйлөшпөй-нетпей эле үйлөнүп, көңүл менен жашадык. Тогуз уулду эрезеге жеткирдик...»

Таң сүрүлүп, терезеден жарык кирди үйгө. «Экөө менен сүйлөшпөсөм болчудай эмес. Азырынча агаларына айтпай коё турайын. Жаш эмеспи», - деген эне оор турду төшөгүнөн.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.


[1] Эки анжы.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз