Камило  Хосе  Села:  Эң  мыкты  оркестр!

  • 24.10.2025
  • 521

АҢГЕМЕ

Алар  документтерин  толуктап,  нотариустан  бардык  кагаз  иштерин  бүтүп,  жашоого  ылайыктуу  кичинекей  бир  кычык  издешти.  Акыры  таап,  акчасын  төлөп,  кампадагы  алгачкы  товарларын  көчүрүп  келишти  да,  чакан  дүкөн  ачышты.  Ачылыш  күнү  шарап  шыңгытып,  токоч  жалмап,  майрамдык  маанайдагы  чакан  үйлөмө  аспаптар  оркестринде  “Сарагосса  курчоосу”,  “Ыктыярчылар”,  “Луис  Алонсонун  үлпөтү”,  “Өбүшүү”  сыяктуу  музыка  жаңырды.  Бизнестери  башталды!

("Балбин  көч.,  37,  ар  бир  батирде  газ")

Хесус  Халанс  Терсага  корнетте  ойнойт.  Верекундо  Балазоте  саксофон  үйлөйт.  Трофимо  Гарвин  Пачеко  барабан  да,  литавр  да  кагат.

"О-о,  биз  тамак  ичпесек  жок,  музыка  уксак  болду.  Бийлесек  болду!  Эң  башкысы  –  алардын  оркестри  ойноп  турганы!"  –  дейт  эл.

Жалгыз  көздүү  Хесус  Халансе  Терсага  дегени  Мадридехостон  келген  үчүн  алар  аны  (эх,  пенде  баласы  десе!)  "Мадридехостун  ологу[1]"  дешет.  Верекундо  Баласотенин  го  ылакап  аты  жок;  аны  жөн  гана  "Качыр"  деп  коюшат.  Трофимо  Гарвин  Пачекону  болсо  "Француз"  дешет,  анткени  уңулдай  бермейи  бар.

–  «Катюшаны»  ырдай  аласыңарбы?

–  Жок,  сенора,  биз  «Катюшаны»  ырдаганды  билбейбиз,  абдан  кыйын. 

Толедонун  жалгыз  көзү  эле  айтып  тургандай;  Мадридехостун  четки  айылынан.  Харамга  жакын  согуш  учурунда  бечара  бир  көзүнөн  ажыраптыр. 

–  Анан  кантип  жалгыз  көзүң  менен  баарын  көрөсүң?

–  Баары  сонун,  сенора.  Экөөнө  караганда  жалгыз  көзүм  эки  эсе  өйдө.

Качыр  –  аксак.  Жаш  кезинде  вагондун  чатырынан  кулап  (жыгыла  көрбөгүлө!),  бутун  кесип  ыргытышкандыктан,  азыр  бир  буту  жыгачтан.  Кудум  эле  жалгыздыкта  койчулар  зеригип  отуруп  кооз  оюм-чийимдерди  оюп  салган  таякка  окшош  десең.

–  Ооруйбу?

–  Жо-ок,  –  дейт,  –  сенора,  жазда  бак-дарактар  бүчүр  байлаарда  гана  саал  ооруйт.  Андан  кийин  эч  нерсе  эмес,  жыл  бою  жаным  тынч.

Француз  үндөбөйт.  Себеби  тилинин  жарымын  чемодандын  капкагы  кыпчып  калып,  кыйылып  түшүптүр. 

–  Айтыңызчы,  табагыңызды  балам  ургулап  көрсө  болобу?

Качыр,  ажаат  ачууга  жарабаса  да,  жылмайып  тим  болду.

–  Уксаңыз,  сенор,  аны  өз  жайына  койгонуңуз  оң,  дудук  экенин  көрбөй  турасызбы?

Дудук  француз  жылмайып,  балага  литавр  сунду.  Агер  энесинин  кабак-кашы  тырышпаса,  ага  реал[2]  бере  коймою  бар. 

–  Жүр,  жүр  каралдым,  байкең  капка  салып  кетет.

Хесус  Халанса  Терсага,  Верекундо  Баласоте  жана  Трофимо  Гарвин  Пачеко  –  кайгы-капаларын  эч  билдирбес,  абдан  шайыр-шатман  музыканттар.  Олок,  Качыр,  Француз  –  бул  үчөө  дүйнөнү  жарыктандырып  тургандардан.  Бей-бечаралардын  той-топур,  үйлөнүү  үлпөттөрүндө  карапайым  калктын  көңүлүн  көкөлөткөндөр.  Алардын  музыкасын  укчулар,  эшиктерин  кенен  ачып,  үмүттөрү  жаңыргандай  болот.  Олок  да,  Качыр  да,  Француз  да  баадиленгенди  билишпейт;  бергенди  жешет,  буюрганды  чөнтөккө  салышат.  Айтор  колуңдан  эмне  чыкса,  ошого  шүгүр  кылгандар.

–  «Катюшаны»  билесиздерби?

–  Жок,  сенор.  Муну  таанышыңыз  да  эбак  суранган.  «Катюшаны»  билбейбиз,  ал  абдан  татаал.  "Короз"  маршын  каалайсызбы?  Же  «Камыш  хабанерасын»[3]  ойноп  берелиби? 

Иса  Халанза  Терзага,  Верекундо  Балазоте  жана  Трофимо  Гарвин  Пачеко  жакындарына  кубаныч  тартуулаганга  ар  дайым  куштар.  Бул  жакшыбы,  жаманбы;  эң  башкысы  –  бей-бечераларга  шайыр-шатман  маанай  жаратууга  жаралышкан  алар.  Жашоонун  кайгылуу  арабасын  сүйрөп  жүрө  беришет.  Ал  араба  бош,  жеңил  болгондуктан  шайыр,  боорукер  жарды-жалчылардын  майрамдарына  куп  жарашкан  музыка  ойноп  берер  дубана  пейил  жандар.

Анткени  бул  оркестр  –  чыныгы  биринчи  сорт!

Кыргызчалаган Олжобай Шакир

Автор тууралуу

Камило Хосе Села (1916–2002) — испан адабиятынын XX кылымдагы эң таасирдүү, парадоксалдуу жазуучуларынын бири. 1989-жылы Камило Хосе Селага Нобель сыйлыгы ыйгарылып, ал “адам кадырын жана өмүрдүн маанисин философиялык тереңдик менен ачкан жазуучу” катары бааланган.

Ал Испаниянын түндүк тарабындагы Галиция жергесинде туулуп-өсүп, жашоонун ачуу даамын эрте татып, жарандык согуштун отун кечкен.

Села адабиятка адамдын руханий азабын, жакырчылыгын жана чыдамкайлыгын чагылдырып келген. Анын чыгармаларында реализм менен ирония, кайгы менен юмор айкалышып турат. Жазуучунун өзгөчө стили — жашоо трагедиясын күлкү аркылуу ачуу. Ал “адамдын азабын боорукер күлкү аркылуу сүрөттөгөн” калемгер катары дүйнөгө таанылган.

[1] Олок – бир көзү жок.

[2] Реал – испанча акча бирдиги.

[3] «Хабанера»  —  кубалыктардын  элдик  ыр-бийи.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз