Фазиль Искандер: Кукла

  • 02.07.2024
  • 4444

АҢГЕМЕ

Кязым тайкемдин Кукла деген жакшы, бир күлүк аты бар эле. Ат жарыштарда  байгеден кур чыкпай, айрыкча аламан байге жана менин оюмча, бизде - абхаздыктарда гана болгон ат жарыш – черазда алдына ат  салдырчы эмес.

Чераз дегени атты чаап баратып нымдуу талаада төрт аяктап сыйгаланганга мажбур кылган жарыш. Ат жыгылбай, төрт аяктап, жылмышканын үзбөй сыйгалануусу шарт. Кайсы аттын сыйгаланган изи узун болсо, ошол ат жеңди деп эсептелет.

Балким бул жарыш тоо жолдорунун шартында, аттын кыйын кезеңде жыгылбай, сыйгаланып кеткени баалуу болгону үчүн өткөрүлүп калгандыр.

Жарыштын шарттарын санап отурбайын, аны өзүм деле жакшы түшүнө бербейм. Аттан четтегеним менен, машинеге деле баш отум менен киришип кеткен жокмун.

Кукланын келбети жакшы эле эсимде. Ал анча чоң эмес, денеси узун, жал  куйругу төгүлгөн, маңдайында кашкасы бар тору ат эле. Бир сөз менен айтканда абхаздык аттардан анча деле айырмасы жок, бирок антип ойлогон менен, байгелерди алып бардык элге белгилүү болуп жатса, айырмасы болсо керек.

Күндүзү Сабида коктусунда же анын четинде оттоп, кечкисин үйгө өзү келет. Дарбазага келип, кичинекей тикчигий кулактары эле ойнобосо, өзү кыймылдабай күтүп турат. Тайкем кочушуна туз ала чыгып, бир нерселерди кобурап, Кукла кан тамыры меридиандарга окшогон кичинекей глобус сыяктуу тостойгон көгүш көздөрүн чакчайтып,  таноолорун дердеңдетип, тайкемдин алаканын аяр жыттап тузун даамдайт.

Жүгөрү суюлтуп жатканда тайкем чабылган саптарын чогултуп келип, кечкисин ат ошол сабактарды күртүлдөтөт.

Тайкемдин аялы, Маница тажеңем: “Керелдин кечке атыңдан башка эч нерсе менен ишиң жок”, - деп тайкеме сүйлөнүп калат эле. Андай деле эмес. Тайкем жакшы эле кожоюн болчу. Менин оюмда тажеңем эрин аттан кызганып жатабы, же балким башка жандыктары – эчкилери менен уйларына атына мамиле кылгандай көңүл бурбаганына сүйлөнөбү... А дегинкиси аял деген ошо да. Сүйлөнө берет. Эмнеге сүйлөнө берерин кудай эле билбесе...

Кээде Кукла Сабида ойдуңунан келбей да калат, тайкем аны угары менен, кеч болсо да аттын жүгөнүн белине курчап, балтасын алып издегени жөнөп калат. Шүүдүрүмгө белине чейин, жамгыр жаап калса өтмө катар суу болуп келген күндөрү болот. Жылынганы очокко отурат. Көрктүү, кабелтең башы, отко сунулган барбайган колдору... Көөнү тынч, магдырап отурат, негизгиси – ат аман-эсен экен.

Күн ысыкта сууга алпарып жууп келет. Сөөк какшаткан муздак сууга белинен кирип алып, атынын соорусунан куйругуна чейин суу куюп жалын тарап, куйругундагы уйгактарды, жабышкан чөп-чарды терет.

- Көгөн жеп коймой болду, - деп күбүрөнүп, ичине жабышып алган көгөн, чымындардан арылтат.

Кукла да сууга киргенде анда-санда силкинип койбосо, териси титиреп тынч туруп берет.

Жээкте тайкеме, атына суктанып карап турам. Ар жолу атына суу чачканы эңкейгенде,арык, сөөк-саактуу денесинде булчундары ойноп, кабыргалары санала түшөт. Кээде буттарына сүлүк курттар жабышып калат. Суудан чыгып, шашпай аларды терип салып, кийинет. Биз, балдар, сүлүк курттан өлгүчө коркуп сууга киринчи эмеспиз.

Кээде атын жуугандан кийин мени Куклага мингизип, өзү жетелеп, кыялап өр талаша өйдө, үйгө жөнөчүбүз. Чыйыр өтө эле тике келип, аттын суу жонунан жылмышып түшүп калбайын деп, жалынан мыкчып, такымымды бекем кысып алчумун. Жайдак аттын суу жонунда отурган ыңгайсыз болсо да,үстүндө бараткан “чабандести” жактырбай аткан аттын кыялын сезип, анын жактырбаганы адилет экенин ичимен сезгенден,коркуп да, кубанып да атка жабышып алам. Ар жолу, чылбыр бошой түшкөндө мени буттан тиштемек болуп башын бурат. Бирок мен да оңой эмесмин. Демейде, ошентип үйгө жетип, мен атка минип келгениме корстон болуп, андан да аман-эсен жеткеиме кубанып аттан түшчүмүн.

Бир жолу демейдегидей эле дарбазага жакындап калган элек, күтүүсүздөн эле иттер жек көргөн кошунабыз чыга калыптыр. Ачык дарбазадан иттер чыга калып ажылдап, кошунага карай атып жөнөштү.

- Чык! Кет! – тайкем кыйкырып атат, бирок кеч болуп калган эле. – Карма! – тайкем тизгинди мага ыргытты.

Менимче ат ушуну эле күтүп турган. Мен ал башын бургуча эле ошону түшүндүм.Тизгинге жабышып болгон күчүм менен тартам. Ат болбой эле башын бурат, мен жыгылып бараткан даракты токтотконго болбой тургандай эле, ага каршылык кыла албасымды түшүндүм. Башында желип жөнөдү, мен жонунда, бар күчүм менен тизгин тартып, сексеңдеп баратам. Мына эми, жыгылып бараткан дарак ылдамдыгын арттыргандай, чуркаганга өттү. Көз алдымда жер, асман, дарак жашыл бир нерселер куюлушуп,аба ырайы өзгөрө түшкөндөй бетке катуу шамал согот.

Эки ата өтүшкөн тууганыбыз болбогондо, бул окуя эмне менен бүтөрүн болжоп болбойт. Анын үйү тайкемдерден көп алыс эмес, дөңсөөдө болчу, иттердин ажылдаганын угуп чыга калган го. Мени көрө сала аттын алдына чыгып, кыйкырып колдорун жаңсайт. Ага бир нече метр жетпей ат тык токтоп, мен башынан алыс учуп жерге жыгылдым.

Тура калып кайрадан тынч аба ырайына туш болгонума таң калдым. Кандайдыр бир күч тартып, кайрадан жыгылып, сүйрөлүп баратам. Аңгыча тууганыбыз жетип келип, тизгинди колуман алып Кукланы жоошутканга киришти. Көрсө коркконумдан тизгинге колум карышып калган экен, жыгылганда да колумдан чыкпай, сүйрөлүп калыпмын.

Ошондон кийин тайкем мени Куклага мингизгенин койду, мен деле суранган жокмун, бирок атты ого бетер сыйлап калдым. Ошондой болуш керек эле, болду – өзү атактуу ат болсо, ээсинен башка бирөө эле минип алып башкаргысы келсе, аны ордуна коюп койгону туура эле болду да.

Тайкеме деле жеңил эле баш берчи эмес. Жүгөн катаарда акырын жай кыймыл менен колун созуп, эркелетип бир нерселерди айткан болуп, белин, соорусун сылап, анан ооздугун катчы. Бал челекти ачканда да балчылар ушундай аяр кыймылдашат.

Тайкем жакындап барганда Кукла кетенчиктеп, кулактары жапырылып башын ала качып, кошкуруп, кичине эле калпыс кыймыл болсо ойт берип кетүүгө даяр. Ар бир жолу өз ээсине коркуп да, уялып да араң баш берип жаткандай.

Кээде күндүзү биз, балдар Сабина коктусуна карагатка же лавровишняга барганда күтүлбөгөн жерден жолугуп калчу элек.

“Кукла, Кукла!”- деп чакырып койсок токтоп, таң калгандай карап калат. Жакындап барсаң узун, көрктүү куйругун созуп жөнөп берет. Үйдөн алысыраак болсо эле жапайы боло түшөт. Кээде токой жаңгагы, карагат, папоротник бадалдарынын арасынан эле чатыр-чутур добуш чыгып бирөө тапырап келатканы угулат. Каман качырып келатат деп жүрөгүбүз түшүп, эмне кыларды билбей калабыз. Аңгыча бадал арасынан Кукла чыга келип, чунаңдаган бойдон жаныбыздан өтүп заматта көздөн кайым, туягынын тапыраган добушу гана алыстан угулат.

- Кукланы көрдүңөрбү? – дейт тайкем биздин коктуга барганыбызды билип.

- Көрдүк, - дейбиз.

- Ой азаматтар, - деп коёт тайкем, биз коктуга ошол Кукланы көргөнү эле баргансып башка эч нерсе сурабайт.

Өзү эч нерсе айтпаса да, атын бардыгынан артык көрөрүн биз билчүбүз. Азоолугуна карабай Кукла да тайкеме берилип, жакшы көрчү. Кечинде өзү келип дарбазанын түбүндө турганда, тайкемдин үнү чыккан тараптан көзүн албай күтүп, карай берет, карай берет...

Кээде тайкем күндүз Кукланы кармап, минип келет. Мингени да башкача – эки бутун бир капталга салаңдатып, туурасынан. Тайкемдин бул кылганы да өзүнө жарашып, өзгөчө шаң. Анын мындай тамашасы анда-санда сүрдүү, өңүндө күлкү ойноп кеткендей болуп, бизге жакчу.

Турган турпатынан, кыймылынан маанайы жакшы болуп турганы билинип турчу. А жакшы маанай алыс, бир кызыктуу окуя болчу жерге барганды көздөп калгандан болсо керек. Тайкем атты алма дарагына байлап, суу жылытып башын жууп, кырынып калат. Маница тажеңем сүйлөнүп жүрөт, бирок анын сөздөрү кийинип, буркасын жамынып жаткан тайкемди түйшөлтүп да койбойт, мөндүр буркага тийип кайып кеткендей да таасири жок.

Мына эми аттанып, этек-жеңин кымтып, ээрге ыңгайлуу отурду, колунда көрктүү камчы. Ээси атка, ат ээсине жарашып, чарба боюнча акыркы тапшырмаларын айтып короодо туруп калышат. Жеңил эңкейип дарбазаны өзү ачып, таскактаткан бойдон жөнөп калат. Ошол мезгилде аларга суктанып карап эле тургуң келет, тажеңем гана ат дүбүртүн укпаган, алар кеткен тарапты карабаган киши болуп, сүйлөнгөнүн улантат. Бирок чыдабайт. Колунда элек, же бир тутам чырпык, же дагы бир нерсе. Көздөрү салкын тартып, бир нерсеге кыжаалат. Эмнеге кыжалат – билбейбиз.

... Согуш уламдан улам жакындап келатат. Ашуунун ары жагында согуш жүрүп, кулак салып тыңшап калсаңчарчагансыган, алыстан чыккан замбиректердин үнү угулат. Айылда жаш жигиттер, эркектер калбай калды.

Бир күнү башкарма ашууга ок-дары жеткирүү үчүн эшектер жана аттар убактылуу алына (мобилизация) турганын жарыя кылды. Башында эшектерди алышты, андан кийин үйдө кармап даярдап тургула, баланча күнү аттар алынат деп калышты. Белгиленген күнгө бир күн калганда тайкем Кукланы короого киргизип, сарайга камап койду.

Ошол күнүэртең менен коңшу айылдан белгилүү саяпкер Мустафа келип калды. Бул корто бойлуу, калың каштарынын астында көздөрү тикчийип, жырткычтардыкындай күйүп турган адам эле.

Анын жөндөн-жөн эле келбегенин сезип турдук. Меймандын урматына тоок союлуп, тажеңем столго алычадан тартылган арак койду.

- Меблизация тууралуу билесиң да,- деди ал.

- Билем, - деди тайкем.

- Эмне кылайын дедиң, - Мустафа эрдин жалап рюмканы колуна аяр алып.

- Өзүң көрүп турбайсыңбы, - тайкем сарай жакты жаңсап, - бергенге туура келет.

- Келесолук да, - деди саяпкер, анан удаа эле: сенин үйүң үчүн, чоңу, кичинеси болуп, бардык үй-бүлөң үчүн!..

- Ыракмат...

Ичип жиберишип бир кыйлага унчукпай тамак жешти. Тайкем демейдегидей эле көңүлкош, эрдин сыпаа тийгизип, жемер-жемексен, мейман болсо тескерисинче, үзүлүп түшүп жеп жатат. Биз, балдар четте отуруп, чондордун кебине кулак түрүп, мейман тооктун даамдуу этин кантип “талкалап” жатканын карап турабыз.

- Келесолук экенин билем, бирок эмне кыла аласың...

- Бүгүн эле таап берем – башка ат берип кой...

- Уят да, менин Кукламды бардыгы билишет да...

- Үйрөткөн жерим жок, бирок...

- Сенин жакындарың үчүн, тигил жактан бардыгы аман-соо келиши үчүн! – Тайкем ашуу жакты жаңсап койду.

- Ыракмат Князым. Тагдыр буюрса – келишет. Буюрбаса – айла барбы...

Ичип жиберишти. Мейман кайрадан майланышкан оозун ишке киргизди.

- Эсиңде болсун, атың кайра келген күндө да, мурдагыдай болбой калат.

- Айла жок да, меблизация, азакуан[1].

- Билем. Алар биздин аттарды түшүнмөк беле? Алар өздөрүнүн аттарын деле түшүнүшпөйт.

- Эмне кыла аласың...

- Азакуан ат сурап жатат. Кукланы сураган жери жок...

- Эл билет да...

- Нан-туз кандай ооз болсо да жап кылат.

- Мусафа, муну көрдүңбү? – Тайкем колундагу ак быштакты көрсөтүп.

- Көрдүм, – деди Мустафа, коюу каштарынын астындагы көздөрү жана түштү.

- Мен жеп жибергенден кийин ал эмнеге айланып каларын билесиң да?

- Эмнеси бар экен?

- Биз аны апакай таза түрүндө жегибиз келет. Башкача болушун каалабайбыз. Менин атым тууралуу да ушундай, Мустафа.

- Молдо болуп кеткенсип сүйлөйсүң, а атты өлтүргөн жатпайсыңбы...

- Билем, бирок ушундай кылганым дурус. – Анан үнү титиреп кейиштүү: – Ушул балээ баскан айлампада биздин балдарыбыз от кечип жүрөт, а ат эмне... Андан көрө ошолордун амандыгын тилеп, ичип жиберели, – деп коштоп койду.

- Ичели, бирок азакуан эмне дейт? Ал...

Тайкемдин кейиштүү чыккан үнү денемди дүркүрөтүп жиберди. Демейде, көзүнө карабай какшык аралаш, өктөм сүйлөнгөн үнүнө кулак көнүп калганынан болсо керек. Күлкүсү да сейрек, бирок күлгөндө ширенке дүрт дей түшкөндөй жарк этип, айланасына кубаныч чачылып кетчи.

Аракты ичип бүтүшүп, колдорун жууп тышка чыгышты. Маанайы пас, шалдырап тургандай узун тайкем, катарында – кичинекей, чымыр, күржүйгөн мойну кызарып кеткен саяпкер.

Тайкем Кукланы кармап жүгөн катты. Мустафа атка жакын келип таптап койду. Анан артка түрткүлөй баштады. Бул эмне, маспы деп чочуп да кеттим. Эңкейип алдыңкы бутун көтөрмөк болду. Кукла кошкуруп тиштегенге аракет кылды эле, саяпкер мурунга жумшак түртүп коюп, бутун көтөрттү. Тизелеп туруп, башында алдыңкы, анан арткы туяктарын бирден карап чыкты. Артына чыкканда: “Азыр жазасын тартат” деп ойлодум эле, бирок тепкен жок. Ал эмес куйруктан алып, такасын жакшылап караш үчүн куйругу менен туягын аарчып жатса да тепкен жок, титиреп тынч туруп берди.

- Алдыңкы буттун такаларын оңдош керек, - деди саяпкер, түзөлүп жатып, - өзүң билесиң, Марухтун жолу...

Тайкем ашканадан аспаптар салынган жашигин алып чыкты. Мен Мустафага карап, саяпкердин жан дүйнөсүн түшүнгүм келип: “Атты ага бербей турган билип туруп эмнеге убара?” – деп ойлоп коём.

Кукланы алманын көлөкөсүнө, Мустафанын аты байланып турган жерге алпарышты.

- Бу силердин чымын-көгөндөрүңөр эмне деген балээ – атымды кажап салышкан го! -  таң калат Мустафа.

- А бул эчкилерден, - деп таятам да жардамдашканы келип калды.

Тайкем Кукланы суулуктан кыска кармап, кичинекей саяпкер бир тизесине чөгөлөп, аттын бутун көтөрүп, туягынан дат баскан мыктарын чыгарып кирди. Жашиктен таканын бир тутам мыгын алып чыгып, көз боочулардан беш бетер оозуна салып, эриндери менен кымтып алган. Анан оозунан бирден алып, эки-үч согуу менен туякка батырып жатат. Балка урулган сайын ат селт дей түшүп, денеси титирейт.

- Кукла-а, - дейт тайкем, - “мен бул жердемин, бардыгын көрүп атам, чочуба, бардыгы жакшы болот!” – дегендей.

Ташка, чөпкө жалтылдагыча сүрүлгөн экинчи таканы сууруп, жашиктен алынган жаңы, бирок дат баскан такага алмаштырды, Мустафа ошону менен алек болуп жатканда Кукла аны куйругунун учу менен бир нече жолу чаап жатты. Ар бир жолу куйруктун учу тийгенде Мустафа башын көтөрүп, оозундагы мыктарды чыгарбай, нааразы болуп, - “сенден мындай бейбаштыкты күткөн жок элем, бул эмнең...”- дегендей мыңкылдап калат.

- Эми маа десең жердин түпкүрүнө чейин барсаң да болот! – деди Мустафа балканы жашике таштап, түзөлүп жатып.

Тайкем жашикти алып, көңүл кош, үйгө алпарып койду. Абдан капа болуп турганы далысынан эле сезилет. Кукланы Мустафанын атынын жанына байлап коюшту.

Туяктан алынган така күмүштөй жаркырап, мен кийин байкатпай алып алганга багып турдум эле, бирок таятам мени акырын түртүп, таканы алып, үйдүн кашегине кагып салды – ырыскы. Кашекте башка така да кагылып турган, бирок ал эскирип калган, а бул жаңы така көлөкө жерде деле күмүшкө окшоп жаркырайт.Таятам мурдагы ырыскыны жаңыртып койгонго мезгил жетти деп ойлогон го.

Мустафа кетүүгө камынып калды. Тайкем Мустафанын атын суулуктан алып, аткарып коюга даяр. Мустафа кычыраган ээрди кармап бир азга ойлонуп катып калды.

- Аттарды алмашпайлыбы? – деди күтүүсүздөн, ээрди атынан шыпырып, Куклага токуп жибергиси келгендей.

Дарактан алма үзүлүп, чөп үстүнө түшүп тоголонуп баратат. Кукла селт эте түштү. Мен алманы көзүм менен узатып баратам. Тоголонуп, кашаанын түбүндөгү чөптүн арасына жатып калды.

- Болбойт, Мустафа, - деди тайкем, ойлоно калып.

Мустафа атына минди.

- Болуптур анда, жакшы кал, - деди камчысын жазгап.

- Жолуң шыдыр болсун, - деди тайкем суулугун  ат ордунан  жылгандан кийин гана бошотуп. Анысы меймандан кутула тажап кеткен кишидей көрүнбөйүн дегени го.

Мустафа бурулуштан көрүнбөй калды, тайкем үйгө кирди, мен алманы эстеп, кашаанын түбүндөгү чөптүкарадым. Алма жок. Таң калдым, анан кашаанын сыртында туруп алып, түшкөн алманы аңдып турган чочкону көрүп калдым. Кыязы кашаадан тумшугун салып менин алмамды жеп койгон окшойт. Таш менен уруп кубаласам да болбойт. Бир аз ары барып мени тоготуп койбой, алманы карап турат. Ичим күйөт.

Ошол күнү кечке тайкем бөлмөсүнөн чыкпай, дембе-дем тамеки тартып жатып алды. Арык, узун, айласы куругандай шыпты тиктеп эле жатат, күчүн тамекиге чыгарып. Маница тажеңем демедегидей сүйлөнгөнгө даабай, короодогу иштин барын өзү бүтүрүп жүрөт. Биз, балдар, огород аркылуу барып терезеден тайкемди карайбыз. Жатат,мурдагыдай эле узунунан түшүп, айласы куруп шыпты тиктеп, биринин артынан бирин тамеки соруп.

- Эмне кылып атат? – деп сурайт тажеңем, биз кайтып келгенде.

- Эч нерсе, тынбай эле тамеки тартып жатат.

- Мейли, тамеки тартса да мейли, - деп өзү да узун, ичке тамеки ороп, таятамдар көрүп калбасын деп эшик жакты байкап туруп чегип калды.

Кечинде селсоветтен бир жигит келди. Чоочун короого кириш көнүмүш болуп калгандай, чочулабай эле иттерден таяк менен коргонуп, ашканага кирди. Анын эмнеге келгенин бардыгы билишет, бары билип турганын ал да билет, бирок адеп сактап, болбогон эле нерселер тууралуу сүйлөшүп жатышат. Тажеңем байкатпай чакыртып ийсе да, тайкем бөлмөсүнөн чыккан жок. Акыры айтканга оозу барбай, кыйналган түр менен эмнеге келгенин айтты. Ошондой эле кыйналган, бир байкуш түрү менен Кукланы короодон жетелеп жөнөдү. Жетелегенде да чылбырды учунан кармап, узун жетелеп, атты алып кеткенге эч деле тиешеси жок экенин, болгону мыйзам аткарып жатканын бизге унчукпай билдирип жаткандай жетеледи. Бирок ушул байкуш кебетеси жасалма болуп, биз, балдар ага ишенбей турдук. Ал аттын ээси менен мыйзамдын ортосунан өзү үчүн бир пайдалуу нерсени өөнөп каларын сезип аттык. Ал короодон чыгары менен биз огородго чуркап, жүгөрүгө жашырынып карап турдук. Ошондой эле болду. Үйдөн алыс эмес, чоң таштын жанына барып, ташка чыгып туруп аттын жонуна секирди. Кукла мөңкүп, кош аяктаса да аны жонунан түшүрө алган жок. Биз жакта көпчүлүгү эле жакшы чабандес эмеспи.

- Меблизация! – деп  же актанып жатканы, же атты көндүрүп жатканы белгисиз, кыйкырып алып чаап жөнөдү. Селсоветке чейин беш чакырымдай бар эле.

Биз аттын дүбүрү угулбай калгыча туруп, анан короого кирдик.

Тайкемди карагай кыйганга алып кетишкенден бир нече күндөн кийин, Сабида ойдуңунда аюу кошунабыздын уюн жарып кетти. Байкуш уй көпкө өңгүрөп, балким, жардамга чакырып жатты көрүнөт. Бирок ойдуңга түшүп баргандай адам жок эле. Биз ойдуңдун кырына туруп угуп аттык. Түнөрүп турган ойдуң, биздин коркуп турганыбыз жүрөктүн үшүн алып, уйдун өңгүрөгөнү бир сааттан узак созулуп, анан акырындап, алыстап калды. Уйдун үнү өйдөгө, адамдар турган жерге чыгып кеткенден үмүтү үзүлүп, каны менен бирге ойдуңдүн таманына агып жаткандай. Андан кийин үзүл-кесил чыккан онтоо угулду, бул онтоо, өкүргөндөн да жаман айлабызды курутту. Ошо үнгө айрыкча кулак түрүп,биздин угуп турганыбыз уйдун жашоо убактысын узартканга өбөлгө түзчүдөй, түнкү башка добуштардан айырмалап укканга аракеттенип жаттык. Акыры тынчып калды, ашуунун ары жагындагы согуштун дүңгүрөгөнү гана угулат.

Ошондон кийинки бир нече күндөр бою уйлар ошол жерден өтүп баратып, тумшуктарын созуп кандын жытын алып, өлгөн курдашына аза күтүп жаткансып өңгүрөп, өкүрүп өтүп турушту. Жамгыр канды жууп кеткенден кийин барып, араң тынч алышты.

Тайкем үйгө келгенден кийин бир нече түн катары менен токойдо болуп, аюуну аңдып көрдү, бирок колго түшүрө алган жок.

Күндөр өтүп жатты. Тайкем ат жөнүндө сөз кылбайт, биз да анын көзүнчө аны эскербейбиз, анткени тажеңем ошентип айткан. Ансыз деле көп сүйлөбөгөн адам эле, эми такыр эле унчукпас болуп кетти. Тайкем дарбазадан чыгып кеткенде, тажеңем артынан карап, “атын сагынып жүрөт” деп үшкүрүп калат.

Бир күнү мен барынан эрте туруп, инжир дарагынан бышып калган бир нече мөмө көрдүм эле, үзгөнү бараткам. Серүүгө чыгып эле өз көзүмө өзүм ишенбедим: дарбазанын түбүндө ат турат.

- Кукла! – деп кыйкырып ийдим.

- Койчу! –  менин ушул кыйкырыгымды эле күтүп тургандай, үйдөн аптыгат тажеңем.

Серүүдөн секирип эле дарбазага жеттим.

Заматта, чоңдор да, балдар да дарбазада котолоп калдык. Тайкем акыркы болуп чыкты. Шашпагандай, өзүнүн жеңил басыгы менен короодон өттү. Бизден уялып жатабы же эрте эле кубангандан чочудубу, өзүн карманып баратканы сезилип турат.

Атты короого киргиздик. Бир аз басып келип, тайкемдин алдына башын салып туруп калды. Тайкем айланта карап чыкты. Арык, өлөрчө кыйналган экен бечара. Ал алдыга жылганда жонунан дуулдап чымындар көтөрүлүп, лилипут жорулардай болуп кайрадан жонго жабышышат. Жону жоор экен.

- Алда байкуш ай, эмнени гана көрбөдүң экен, - деди таятам атты аяп, унчукпай тургандыгыбызды бузуп.

- Чу! - Тайкем колун жаңсап атты ордунан айдады.

Кукла бир аз басып барып, башын буруп тайкемди карап туруп калды.

- Чу!- тайкем кайрадан айдап, артынан карап турат.

Жонундагы жоорун байкабагандай - кандай жараттан болсо да маанилүү - өзү сезгиси келип, өзү көргүсү келген аттын абалы сыяктуу.

  •  

- Чу! – тайкем кайрадан колун жаңсайт. Ат дагы бир аз басып токтоп калды.

Эми бурулган жок. Чымындар жондон учуп чыгып, кайрадан жаратка отурушту, бирок тайкем, ээси көргүсү келген башкы нерседен алагды кылыш үчүн жонундагы жоорду ат өзү жасап алгандай, анын жооруна андан бетер маани бербегендей.

- Токтот, - деди таятам, акырын, тайкем эч нерсе кылбай турса дагы.

- Болбой калыптыр, - деди тайкем кейиштүү, - өлгөн экен да... – Бурулуп артын карабай үйгө кирип кетти.

- Мен “болбой калганы” эмнеси экенин түшүнгөн жокмун, бирок атта  абдан жаман нерсе болгонун сезип, ага ишенбей турдум.

- Эмне жоору айыкпайбы? – деп сурадым таятамдан, тайкем жумушка кеткенде.

Таятам алманын көлөкөсүнө отуруп алып чырпыктардан чабыра түйүп жаткан.

- Кеп жоордо эмес, - деди. Көп жылдык иштен туурулган, ийрейген бармактары кыймылын токтотту. Токуп жаткан чабырасын карап, соңку чырпыктарды кандай жайгаштыруу керектигин баамдап, кошумчалап койду: - Аттын дымагын өчүрүшүптүр... жүрөгүн өлтүрүшкөн тура......

- Кандай дымак?

- Ошондой эле, аттын да өзүнө тиешелүү дымагы болот,- деди мени карабай.

Узунунан кеткен кереге чырпыктарга туурасынан жатчу чырпыктарды арчындап, күчтүү бармактары менен аттын басмайылын тартып жаткансып ныктап тартып койду.

- Эс алса оңолот да, - дейм, таятам эмнени айтып жатканын билиш үчүн.

- Жүрөгү өлүп калган, эми мурдагы дымагына келбейт, - дейт жаңгактын кабыктары аарчылган, солкулдак чырпыктарын бурап, ийгилеп, бири бирине арчындап, ныктап тартып жатып. Таятамдын унчукпай, ушул чабыра токуганга өчү бардай киришип кеткени, демейдеги ага мүнөздүү эмес эле. Чынында таятам кандай иш болсо да дитин коюп жасачу.

Мен муну кийин, жылдар өтүп, өзүм эрезеге жеткенде түшүндүм, анткени таятама дыйкандарга жана чоң таланттуу чыгармачыл адамдарга ыйгарылган касиет – көпчүлүк учурда арсар болуп калчу пайдасын эле көздөбөй,жасап жаткан ишине алаксып, ыракат алуу касиети ыроолонгон экен. Ошол касиет анын узакка созулган оомалуу-төкмөлүү өмүрүнүн акырына чейин өзүн жоготпой, сынбай жашап өткөнгө мүмкүндүк бериптир. Ал мезгилде муну түшүнгөн эмесмин, Куклага болгон мындай көңүл кош мамилеге гана ичим күйүп турган.

Ат бир айча сарайда турду. Биз, балдар, ат эс алып, оңолуп алса, мурдагы калыбына келет деп ишенип жүрдүк. Эми атты өзүбүз жетелеп барып жууп, чөп оруп берип, чымын, көгөндөн коруп, жоорун кересин менен тазалап аттык. Бир аздан кийин жоор айыкты,жылтылдап мурдагыдагы көркүнө келди. Бирок чындап эле бир нерсеси жоголгондой. Эми жакындап барып, жалына же жонуна колуңду койсоң, мурдагыдай терисин титиретип кошкурбайт, мурда кандай экендигин эстей албай, ойлонуп жаткандай башын жерге салып, тынч туруп берет.

Көп узабай таятам тегирменге эгин артып барды, анткени эшегибиз ашуудан келбей калган эле. Анан кошуналар ар түрдүү чарба иштерине сурап ала башташты, тайкем гана ага минмек түгүл, жанына басып да барган жок. Аттайкемди дагы эле унутпайт... Анын үнүн укканда башын көтөрүп, карап калат, тайкем атка көңүл да бурбай, карап да койбой өтүп кетет.

- Кандай таш боор элең! – деди тажеңем бир жолу, бардыгыбыз ашканада отурганда. - Бир жолу барып, сылап койсоң эмне болот элең...

- Ушу сен, эмне, менин атымды менден да артыгыраак аяп турам дегиң барбы?! – деп койду какшык аралаш тайкем, тамекисин очоктон от алып күйгүзүп жатып.

Күзүндө Кукланы кошуна айылдагы бирөөгө он беш пуд жүгөрүгө сатып жиберишти - тайкемдин үйүндө тамак жечү ооз көп, өзүбүздүкү тартыш болуп калган эле.

Башка Кукланы көргөн жокпуз, бирок кийинчерек ал жөнүндө угуп калдык. Сатып алган ээси ат жарыш болгон жерге минип келип, ат байланчу жерге байлап, өзү элдин арасында отурган имиш. Элдин бүйүрүн айрыкча кызыткан эң узун аралыкка жарыш учурунда, Кукла элдин чуусун, аттардын дүбүртүн угуп, тердеген аттардын жытын сезип, эсине бир нерсе түшкөн окшойт.

Ошондойбу же андай эмеспи, айтор, чылбырын үзүп айлампага кирип, бош үзөңгүлөрүн салпылдатып, элдин күлкүсү, ышкырыгы коштоп, айлампаны бир тегеренип келгиче аттардын алдында болуптур. Бир аздан кийин аттар андан ашып кетип, айлампадан өзү чыга берген имиш.

Жашы өйдөлөп калганданбы же мезгил ошондой болдубу, Кукладан кийин тайкем күлүк ат кармаган жок.

Которгон Марсел ИСАКОВ


[1] Мобилизация, эвакуация.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз