Кадыркул Даутов: Кандай акын оригиналдуу болот же Анатайдын ачылышы

  • 26.12.2025
  • 276

I

Дүйнөлүк адабияттын тарыхый тажрыйбасы дапдаана көрсөтүп келаткандай, талант чындап ачылып, өзүн-өзү таап чыгыш үчүн, коомдук түзүлүштө, болбосо жекече өмүр жолунда кандайдыр бир күтүүсүз-күтүлүү зор өзгөрүштөр жүрүп, жаңы шарт түзүлүш керек окшобойбу.

Сөзсүз түрдө айтчу сөзүн айтып, төкчү жашын төгүп, же жан дүйнөсүнө батпай ашып-ташып эргиген кубанычын ачык билдирип кирген кезде гана потенцияда быгып келаткан күчтөр чындап козголо баштайт. Анык адамдык жүзүң, түп мүнөзүң, нагыз өзүңө таандык айырмалуу ойлоо, сүйлөө манераң, улуттук сапат белгилериң, ал турсун кандай жердин табиятына ыңгайлашып өсүп, кандай чөйрөдөн тарбия алганыңан бери кадыресе ачык туюнтат.

Эгерде өзүңдүн мүнөз, пейилиң ырларыңан көрүнүп турбаса, анда сен кагаз бетине түшүрдүм деген ички-сырткы дүйнөлөр да эч качан өз нарк-насилинде берилбейт. Жалпысынан бирин бири кайталап ээрчишкен окшош ойлор, жалган пафос, жалган сүйүү, жалган кубаныч, жалган патриотизм, жалган азап. Сен өзүңдү ырдаткан дүйнөнүн ичине, ал сенин дүйнөңүн ичине кире элексиңер. Ачуу-таттуу менен кайгы-муң, күлкү-шат менен көркөм асылдык сезимиңди ачыштырып же эриткен жок. Сен калп эле эргип жатам деп жазып отурасың. Сөз жүзүндө Дүйшөнкул менен Чолпонбайсың, иш жүзүндө Ч.Айтматовдун дезертир Ысмайылысың. Достугуң да калп. Ал үчүн тим эле жанымды берем дейсиң, башына иш түшсө, тааныбайсың, жылжып качасың.

Ушундай жалган мамиле, таптакыр үстүрт түшүнүк, өзүн-өзү алдап ыр жазган болуп жүргөндөр тээ илгертен бери эле бар. Алардын айрымдары техника жагынан чеберчиликке жетип алышат. Кынапташтырып коюлган саптар менен келишкен татаал, же жөнөкөй уйкаштар, түрдүүчө муун өлчөмдөрү, стих, песня, речитатив өңдүү ар кыл формалар колдонулат. Адабий сабаты мокок, эстетикалык табити ачылбай калган окурмандар алардын чын-калпын ажырата алышпайт. Көркөм табит ултук.

Бирок сыртынан ыр түзүлүшүнүн дээрлик көпчүлүк элементтери жашагансып жатканы менен, ичинен жан киргизип, жагымдуу жылуулук жиберип турчу эң зарыл, эң керектүү чыгарманын жүрөк тамыры катышпай калгандыктан, окурман сезими козголбой, ойго бүлүк салынбай, эч кандай таасирсиз сөлөкөт дүйнө болуп токтоп калат.

Мындай илдеттин экинчи түрү – конформизм. Ал – саясатта, идеологияда, психологияда үстөмдүк жүргүзчү ойлор менен түшүнүктөргө (туура, туура эмес болсо да) ыңгайлашуу кандай мүнөздө жүргүзүлсө, көркөм образдар дүйнөсүндө деле ошол көнүмүш ыкмалар колдонулат. Баштатан келаткан жеңил жолго түшүп алып, оңой чечмелей салууга өтүп алуу – эртеңки трагедиясы экендигин чындап билет бекен? Өзүнчө ой жүгүртө албайт.

Ошол тордун ичинде гана тегеренип жүрүп калуу, же андан тазаланып чыгып кетүү – бар, жок болушуң. Сени көрүнүп-көрүнбөгөн андай тордон бошотуп алчу башкы күч – өз сөзүңдү жашырбай, бузбай түз айтууга жетишкениң. Булар өмүр жолуңда жоготуу-табуу, трагедия менен комедия, сүйүү менен жек көрүү аралаган тагдыр күтүлмөйүн өзү эле келип калбайт. Муну чындыкты алып чыкчу объективдүү шарт дейли. Эми аны жүзөгө ашырчу акындык талант болот. Аны таптап, сүрөмөлөп, тереңге сүңгүтүп, бийикти каратып, тынымсыз издентип турчу чыныгы чыгармачылыкты жүргүзчү зарыл күчтөр жана ошолордун иш-аракетке туура салынышы, илим-билим деңгээлиң. Ар биринин аткарчу милдети бар.

Миң уккандан бир көргөн артык дегендей, энди теориядан практикага өтүп, айтылгандарды конкрет предметтин өзүнөн конкрет караштырып көргөнүбүз жакшы. Андай болсо, ишти табиятынан таланты бар, аты элге алынган, чин-даражалуу акыныбыз АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВДУН чыгармачылык тажрыйбасынын башатынан баштагым келгени туура чыгып жатат окшойт. Себеби жаш акын мурда көрүп, билип жүргөндөрүнөн кескин айырмаланган жашоо шартка туш келип, чыгармачылыкта шилтенген кадамдары да ошол турмуш менен түз байланышта жылыш жасап келиптир.

Муну беш жылдай тээ алыскы катаал Памирдин Мургабында жашап калганы дүйнөдө кандай жерлер бар экенин билип алганы менен мугалимдик тажрыйбасынын жогорулашы же татаал шартта бир жагынан экзотикалуу, экинчи жагынан, катаал тоолордо катаал турмуш өкүм сүрөрүн баштан өткөргөнү катары гана түшүнбөш керек. Баарыдан мурда жаш акын ошол кезде окшош теманы сырттан туруп көнүмүш ыкма, даяр ойлор менен бири-бирине окшоштуруп жазып, өз үнү чыкпай жалпы хордун ичинде калган көптөгөн калемдештеринен жаңы шарт муктаждыгы аны стихиялуу түрдө аз-аздап бөлүп, өзүн-өзү ачып алууга жылыш жасатып баратканы жекече поэтикалык ой жүгүртүүсүнөн да сезиле баштаганына атайылап кылдаттап көңүл бурууга тийишпиз.

Ошол убакка чейин жаш акын поэзияга кандайча караганын жыйнактын (Мөлтүр сезим. Ф., 1973) башында берилген «Тоолор жана чоң атам», «Революциянын баатырлары», «Разливде», «Граждандык согуштун баатырларынын эстелигине», «Тоолор силер», «Куруучу», «Мектеп», «Кыргыз-казак», «Душманга сыр» (3–9-б.) аттуу тогуз ырдын темасы менен сабат деңгээли апачык көрсөтүп берет. Болгону предметтин саны менен аталышынан гана так маалымат алып жатабыз. Сапат деңгээлин билиш үчүн конкрет мисал, далил келтирип, жан дүйнөсүнө жакшылап операция жасап чыгыш милдет. Окурманды ишендириш зарыл. Ансыз абстрактуу кургак сөздөрдү гана атап өткөн болосуң.

Октябрь революциясынан соң, 20–30-жылдарда большевиктер партиясынын Борбордук Комитети жүргүзгөн идеология негизинен жашап бүтүп, 40–50-жылдардын идеологиясында кыйла өзгөрүүлөр болгон менен, адабият, искусство жана гуманитардык илим тармагында революция, Ленин, партия, саясат, эмгек, жармы жалган, жармы чын достук темалары баарын чечкен. Башкы талап сөзсүз түрдө мына ушуларды даңазалоо эмес беле. Калем кармагандардын дээрлик көпчүлүгү бир эле айлампада тапталып ички өсүш, ой-жүгүртүү табияты жаңыланбай жүрө берет. Өзүнө-өзү сын көз менен кароо зарылдыгын да көп эле сезип-туюп жибербейт. Азырынча Анатай Өмүрканов деле адабият жөнүндө ушундай түшүнүк, качантан бери кайра-кайра ырдалып келаткан тааныш темаларда айтылган ойлордон толук бошоно элек. Аларда сезимин жарып, жүрөгүн аралатып өткөн жандуу турмуш чындыгы жокко эсе. Кантип калем шилтеп келгенин эч кандай адашпай ажыратып билиш үчүн, тизмелеп өткөн ырлардын кайсынысын болсо да колго алып туруп, ырастап ыкыласын буруп окуп койсо эле айтылгандарга кошулары бышык. Революция темасынан баштайлы:

Каны алардын жерге сиңип кетпестен
Байрак болуп алоолонуп асманда.
Бүт дүйнөнүн шамалына желбиреп,

Досторду үндөп, сыр көрсөтөт кастарга.

Эркиндикти самап, самап аябай,
Эркиндикти сиңиришкен канына
Өлсө дагы жеңиштерге шыктанып
Жүрөктөрдө алар тирүү дайыма...
(«Революция баатырлары», 3-бет).

Келтирген куплеттерде жаңы ойлордун жоктугу гана эмес, саптардын техникалык жабдылышы да чындап көңүл толорлук даражага көтөрүлө электиги көрүнөт. Сөз менен иштөө, уйкаш куруу маданияты жетчү чегине жете элек. 20–30-жылдардагы революцияны даңазалоо жөнүндө көп саясый-чакырык ырларынын алкагынан чыгалбай жатат. Айткандары логикалык жагынан да, түпкү реалдуу мааниси жагынан да, толук кандуу, толук жандуу, узун өмүрлүү чыгарма боло албай калган.

Атайылап кунтуңду коюп окуп көрүп, андан соң баа бер: Революция баатырларынын «Каны жерге сиңип кетпестен, байрак болуп алоолонуп асманда бүт дүйнөнүн шамалына желбиреп» турганын Америка менен Жапония, Улуу Британия менен Германия, Франция менен Италия, Индия менен арап, парсылар, болбосо Африка мамлекеттери ушунчалык зор кубаныч менен тосуп алышып кол чаап турушабы? Же булар ушул өзгөрүштү чыдамсыз түрдө күтүп келишти беле? Символдоштуруп айтканда, Революция берген өлүм-өмүрдүн келечек тагдыры «... байрак болуп алоолонуп асманда, бүт дүйнөнүн шамалына желбиреп» калышы чын бекен? Эгерде чын десек, төңкөрүштөн кийинки граждандык согуш, басмачылар менен болгон согуш, Улуу Ата Мекендик согуш кайдан чыкты. Эң акыркы сөз: жалаң гана партиялык саясый үндөөлөр жазууга көнүп алышкан чоң-кичине акын аттуулардын адабиятта алып жүргөн орду кандай комедиялык абалда башкаларга бошотулуп калганын өз көзүбүз менен көрүп, көбүнө күбө болуп келатпайбызбы.

Экинчи мисал катары эми жаш акындын бөлөк темада жазылган «Куруучу» деген ырын толук бойдон алдыга тартып алып, ички жана сырткы дүйнөсүн конкрет аңдаштырып, өзгөчө эстетикалык сапат деңгээли кандай экендигине басым жасай турганыбыз негизги милдет экендигин эскертип деле коёлу. Анда нени күтөбүз, кеттик:

... А куруучу болуш үчүн кирпичтин
Катуусунан дагы катуу эрк керек
Мына ошондо кирпич кырка тизилип,
Мына ошондо аалам карар көрк берет.

Бирден койгон кирпичине куруучу
Жүрөк демин, дене демин калтырат.
Ошондуктан сен жылыйсың заматта
Үшкүрүнүп, үшүп келип-калтырап.
Бул үйлөрдүн өскөн сайын катары
Бул адамдын өсүп барат атагы

Бул үйлөрдүн бүтпөгөндөй акыры
Бул адамдын бүтпөйт күнү, жашаары!
(Мөлтүр сезим. Ф., 1973. 6-б. «Куруучу»).

Сөз бул жолу ырдын окула баштаганда эле көзгө көрүнүп, көңүл бургузчу курал-жарактарынын ал-абалынан башталсын. Ар сап сайын өзүн конкрет көрсөтүп турчу уйкаштын жеткиликтүү иштелбей келатканы. Көбүнчө эле аттама уйкаштар колдонулат. Куплетте экинчи сап менен төртүнчү сап, биринчи сап менен үчүнчү сап уйкашпай калат. Биринчи мисалга тартылган «Революция баатырларында» кандай жазылса, мында деле ошондой (баарынын астын сызып келетам, сен да кайталап окуп келе бер – К. Д.).

Эгер поэзияда каралар ашкере керектүү маселенин бири ушул делсе, мындан да баалуу, көркөм адабияттын бардык түрлөрүнө өзөк тамыры менен өмүр салаасы болуп берчү  УЛУУ СӨЗ  кудурет-маанисин туура түшүнүп, туура колдоно билүү зарылдыгын сезүү кандай? «А куруучу болуш үчүн кирпичтин катуусунан дагы катуу эрк керек – Мына ошондо кирпич кырка тизилип, Мына ошондо аалам карар көрк берет», – деп бар түшүнүк жыйынтыгын чыгарып жатпайбы. Туура аныктама бере алдыбы, түпкү мааниси бузулган жокпу?

Мындай «аалам карар көрк берчү» таң каларлык кооз имараттар менен атайын бөлүнүп курулган маданий-административдик жайларды кирпич койчу жумушчу жаратпайт. Ал кара жумушун гана аткарат. «Катуу эрк» деле кетпейт. Андай оригиналдуу кооз курулуштардын проектисин архитектура тармагы боюнча эстетикалык терең билими бар профессионал адис гана түзө алат. Дагы кайталап айтайын, ага бекем чыдамдуу кара күч эмес, акыл күчү, табигый талант, ойлоп тапкычтык, практикалык чоң тажрыйба керек. Буларга кошумча жана бир талап: жаш акынды сөз менен иштөө, сөз байлыгын өстүрүү муктаждыгы дагы эле күтүп турат. Ырларынын ичинен өзүнүн «МЕНИ» көрүнө элек.

Ал эми «Куруучу» сыяктуу ырлар 60-жылдардын ортосунда эмес, 20–30-жылдардын ичинде жабылса отурукташтыруу, эмгек темасы, жумушчулардын образын жаратуу керек деген партиялык үндөөлөргө жооп иретинде убактылуу болсо да ойго алынып калууга жарамак. Ыр кайсы доордо, кайсы элде, кайсы жерде, кандай шартта жазылганы билинбейт. Алтымышынчы жылдардын экинчи жарымына оогон кезде кирпич койчу жумушчу жөнүндө көркөм чыгарма жаратуу проблема деле болбой калган. Негизинен курулуш кесибин өздөштүрүү маселеси жолго коюлган. Ар бир тармактын иш жүргүзчүлөрү жетиштүү адистештирилген. Өзүнүн мурдагы чоң проблема болуп турчу чоң ордун космоско бошотуп берген өзгөрүштөрдүн айырмасын да чындап ажыратып билгени ачык көрүнбөйт.

Кайсы кесип, кайсы проблема болбосун, ар бир учурдун өз талабы, өз деңгээли болот. Мисалы, орустар, же француздар менен немистер, англичандар менен италиялыктар, гректер менен австриялыктар буга окшогон темаларды алды байыркы замандан тартып жазбай калышкан. Бүгүн андай проблеманы билишпейт. Көркөм адабият үчүн да, саясат үчүн да, жашоо зарылдыгы үчүн да, мындай тема эч кандай пайда келтирбейт. Космос доорундагы ачылыштар менен Адам акыл-эс, ой жүгүртүүлөрүндө кандай муктаждыктар болуп жатканы жазылат. «Куруучу» – али өзүн таба элек жаш акындын жазыш үчүн эле жазылган ырларынын бири.

Мисалы, ушундай эле темалар Алыкул Осмоновго да калем карматкан. Алар тиричилик өткөрүүнүн өзүнчө бир салаасын түзөт. «Дубалчы», «Плотник», «Маляр», «ФЗОдогу иниме», «Карабек», «Жумушчунун мүнөзү», «Завод көрдүм» аттуу ырларын аңдаштырып көрчү: буларды жаңы шарт, жаңы баскычка жол алуу зарылчылыгы жаздырган. Көчмөн тоолуктар колхоз, совхозго киришип, отурукташып там үйлөргө жашоого өткөндө ушундай кесиптер пайда боло баштабады беле. Күндөлүк колдончу эмгек куралдары да өзгөрдү. Жалаң гана колхозчу эмес, бирин-экиндеп эртең калыптанып кетчү жумушчу катмарынын уруктары ташталып жатты. Башкы маселе, көчмөндөр ыңгайына өзгөчө көнүп алган тоолуктар жаңы шарт талаптарын ыкчам өздөштүрүп кеттиби, албетте, дагы кыйла бар. Алыкул Осмонов мына ошолордун көзүн ачтырууга умтулууда. Акындын айтылгандарында куру кыйкырык, алдамчы саясат, жалган пафос, трафарет болуп бүткөн баарыга белгилүү жасалма чен-өлчөмдөр менен аныктамалар жок. Болбосо, «...Касиетүү мындай кымбат кесиптен, менин атам билбейм неге кур калган?» («Маляр»); «...Көңүл үчүн кол тездигин мага бер, сен бербесең кимге кадыр салалам» («Дубалчы»); «...Мен ырларда мындан алам үнүмдү, ...Турмуш көзүн, бүт мүчөсүн жасаган, мага кымбат ушул өнөр, ушул шык («Плотник») деген саптарды окуп көрчү.

Турмуш керектөөсү түбү бир – баары тең жумушчу, аткарчу иши боюнча түрдүүчө айырмасы бар кесипке ээ болтуруп коёт экен. Жакында гана отурукташууга өтүп, кыйласы шаар көрүп, завод, фабрикалардан кабардар болуп келаткан кыргыз элине жашоонун ушул жагы эртеңки тагдырын аныктоочу эң башкы күч турбайбы. Муну Алыкул Осмонов бардык калем кармаган улуу-кичүү замандаштарынан мурда жана терең түшүнүптүр. Тууган элин ушундай артыкча керектүү кесиптерди өздөштүрүүгө жеткириш зарылчылыгы менен жашап келаткан чыныгы күйөрман акын адам гана ушундай санаа тартып жүрөт.

«Ошондуктан акын атым болбосо, турмушумда мен да кара жумушчу» («Жумушчунун мүнөзү»), – өзүнө-өзү берген баасы. Экөөнүн жакындыгы – ак эмгек, жоопкерчилик, өз милдетин ыйык тутуу, ачыктык. Экөөнүн биримдиги менен болгон айырмачылыгы – «...Жумушчу калк дал өзүмдөй жөнөкөй, анда каруу, менде таттуу көмөкөй», – деп жөн жеринен айтылыптырбы («Жумушчу»). Өзүнүн эң өтүмдүү, эң пайдалуу, үлгүгө тартылчу жакшы жагы – «Жумушчулук сапатымды алып кал» менен аякталышында турганы («ФЗОдогу иниме»). Эртеңкисине чын ниеттен, ак көңүлдөн көрүлгөн камкордук.

Тегерете ой жүгүртө келсең, кечээки көчмөндөр үчүн таптакыр жаңылык болгон жумушчулук кесип деле бирин-бири шарттап жаратышып, бирине бири туташкан түрдүү салаалардан куралары дапдаана көрүнүп келатпайбы. Алыкул Осмонов жумушчунун кесибин өздөштүрүү түпкүлүктүү маселе, татаал иш экендигин жакшы билген үчүн, ага ар тарабынан кирип кеңири караштырып, көңүлүндө ушундай ардактуу кесипке кыргыз балдары ээ болушун тилеп, ар бир жаңылыкты көргөн сайын көңүлүндө ошолорго багыштай берет. Андай зор иш-аракетке жан киргизип, алдыга карай жүргүзүп турган эң кубаттуу мотор – завод. Акын аны тек гана катардагы бир көрүүчү катары көргөн жок. Ошол үчүн: «...Туугандар завод көрдүм, өнөр көрдүм, ...ушунун кешигин жеп өсүп, өндүм» («Завод көрдүм») дейт. Буга караганда реалдуу жылыш бар өңдөнөт. Алгачкы үлгүлөрү кадимкидей көрүнө баштаптыр: «...Бул Карабек кыргызымдын эң туну, Заводумдун ууз сүтүн кана ичкен, заводумдун дулдул канат кулуну» («Карабек»). ...Акындын көптөн берки бир тилеги да: «...Уулум болуп ушундай бир Карабек, чийки болуп менде өскөнчө эркелеп, Чоңойсо экен Карабектен каккы жеп», дегени – заводдун аты чыккан кыргыз жумушчуларын даярдоо.

Эгерде акындын ырларынын идеялык-тематикалык жагы менен көтөргөн маселелер ушундай болсо, асылдык дүйнө, көркөм адабий баалуулук кандайча каралат. Өзгөчөлүгү ушул: акын тарабынан айтылган ойлор менен көтөрүлгөн проблемалардын баары лирикалык каармандын, же акындын өзүнүн, индивидуалдуу мүнөзү, психологиялык белгилери, аң-сезим деңгээли менен айырмаланып турган тип катары жаратылган көркөм образ аркылуу өткөрүлөт. Дагы ачыгыраак, дагы ишенимдүү боло түшсүн десек, жаш акындын жогоруда эсептеп өткөн тогуз ырынын жана бирине операция жасап көрөлү. Негизги маселе: акындын адабий илим-билим деңгээлин текшерүү, таланты барбы, оригиналдуу ойлоно алабы, качантан бери кайталанып тарпы чыккан даяр ойлорго ыңгайлашып же туурап, конкрет предметтин өзөктүк чындыгын туура көрсөтүп, түп маанисин бузбай түшүндүрүп берчү сөзү, узагыраактан даана угулчу үнү, таамай таанытып турчу жүзү болбой, бирөөлөрдүн үстөмдүк жүргүзгөн калыбына кармалып калыштын терс жактарын билдирип бериш эмес беле. Ошол өксүктүн белгилерин жаш акындын башка темада жазган ырларынан да аңдаштырып көрсөк болот. Сапаттык айырмасын издебей эле кой. Анткени, баары бир эле баштан чыгып жатат. Анда талапкер акындын «Душманга сырын» окуп бак:

Мен жарылбайм чапканга,
Мен өлбөймүн атканга.
Анткени жаным айылда,
Адыр түз жаткан таштарда.

Мен өлбөйм ууну жутканга,
Мен өлбөймүн урганга,
Себеби жаным айылда
Созулуп жаткан сууларда.

Мени өлтүрө албайсың
Колго түшүп калганда.
Менин жаным түгөнбөй
Чөптөй жулса кайра өскөн
Жумурай журтта, балдарда...

Ырдын темасы жаңы болсо, сөзсүз түрдө идеясы да жаңы болору бештен белгилүү. Бирок тема менен идея гана толук бүтчү көркөм чыгарманы жарата албайт да. Мында революция, партия, Ленин, тап күрөшү дегендей бардык калем кармаган чоң-кичине акын аттууларды жабылтып жаздырып келаткан тааныш үндөөлөр катышпайт. Дагы тагыраак айтсак, бир эле талапкер акындын иш-аракети, өзүнчө таптым деген ойлору, жалпы адабий түшүнүгү, негизги чыгармачылык мүдөөсү. Артыкча сөз жок, алар профессионал адис калемгердин чындап берген баасы эмес. Өзүнө өзү берген баасы. Бирок баа азырынча каралып келаткан предметтин бир гана жандооч кыры, жаңыдан калың сүрмө топко аралашкан чагы. Анын үстүнө башка акындар көп кайрылган тема болбосун деп атайын ушул ырды бөлүп алдым. Жакындан сыр төгүшүп, сынооңдон өткөрчү болсоң, башталчу сөз токтоосуз шыр баштала берсин.

Ырды окуп чыкпадыкпы. Жаш акын мифологиялык каармандардай «чапса жарылбас, атса өлбөс жаны айыл менен адыр, түз жаткан таштарда» экендигин эркин жарыялап таштады. «Уу жутканга да, урса да» таптакыр өлүмдүн кудрети жетпегени, эми өмүрү ошол айыл тараптагы «созулуп жаткан сууларда» жүрөт. Аны колго түшүрүп алса деле жогото албайт тура. Жаны жулунса «кайра өсүп чыккан чөптөй болуп жумурай журтта, балдарда...» жашайт. Кыскасы ал үчүн өлүм жок. Ошондой зор күчтүн сырлары эмнеде болду экен?

Табияттын бузулгус закону: сөздүн түз маанисинде жер жүзүндө жандуулардын баары туулат, күн көрөт, өлөт. Башка жолу жок. Өтмө маанисинде: ким болсо да Сервантестин «Дон Кихотундай», Шекспирдин «Гамлетиндей», болбосо Гётенин «Фаустундай» өтө узун өмүрлүү гениалдуу чыгармаларды жаратып алып, анан ушундай бийиктен үн салса алда канча жарашып калмак. Бүгүнчө ашкере мактаныч, өзүн-өзү ырастап таап алуу зарылдыгы жаш акынды али катуулап изденүүгө сала элек. Түрдүү ички-тышкы тосмолорго урунуп, нукура эстетикалык категориялардын чен-өлчөм текшерүүлөрүнөн өтүп көрбөй, жаштык көңүл эргүүлөрү менен кыялый ишеничтердин сүрөөсүндө гана жүрүп келатканын көрүп жатабыз.

Эстетикада көркөм шарттуулук деген категория жашайт эмеспи. Балким, кайсы бир окурман ошол форма колдонулуп бизге жетпей жаткан чыгар деши да ыктымал. Андайлар жокко эсе, болсо да табигый түрдө жуурулуша албайт. Ушундай эле чоң сөздөр, ашкере иргелип табылган эң күчтүү көркөм туюнтуу каражаттары менен өтмө мааниде, символикалык, көркөм шарттуулук ыкмаларын А.Осмонов деле колдонуп жатат. Аныкы да өзүн-өзү баалоо. Бир айырмасы, алар психологиялык, эстетикалык, логикалык жагынан да көңүлдү кайт кылбай жагымдуу кабыл алынат. Ортолукта атын атап айтып, конкрет көрсөтүп берерлик кандай өзгөчөлүк бар? Ажыратып алыш милдет.

«...Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү, буудан болуп таскак салып өтөрмүн» (Алыкул Осмонов. Ф.: Кыргызстан, 1964. Т. 1. 217-б. «Эскерме»). «...Кырдан туруп, арт жагыман карасаң: мен аткан ок, токтоосу жок учкан шыр... Түзгө чыгып каршы алдымдан карасаң, мен айбаттуу тоо көтөргөн бир баатыр» («Мен жүргүнчү» – 335-б.). «...Мен өзүмдү бир кылымдан карасам, тээ алыста шаң ызгыткан чаң чыгат. Өлбөстүктүн өжөр эркин талашкан эрдигинен нечен түркүн жан чыгат» («Өзүмдү өзүм». – 385-б.).

Адегенде акырын аңдаштырып көр. Буларды окуганда (кыскартылып берилсе да) бир гана көркөм сезимиң козголуп кирбейт. Адегенде түрдүү мааниде көңүл бургузулат. Себеби процессте бардык салаа камтылып жатат. Ой жүгүртүүгө тартыласың, ичкертен чоң кызыгуу туула баштайт. Анан кыргыз поэзиясынын салтында мындай ыкмаларга салып жазуу болгон-болбогонун териштирип киресиң. Поэзияда эч кимдикине окшоштурбай өзүнчө эркин жаза алууга жетишкен талантка алдыда жол ачыла берерине бекем ишенич жаралып, таасирдүү кабыл алынып кеткенин билбей деле каласың.

Алыкул Осмоновдун «Тоо көтөргөн бир баатыр» болуп көрүнүп, «Өлсө дагы жара тээп мүрзөсүн, буудан болуп таскак салып өтүп,тээ алыста чаң ызгыткан шаң чыкканы» – чындап өзүн-өзү таап, өзүн-өзү ачып, адабиятта кылымдан кылымга токтоосуз өтүп келе берчү бийик ордун ээлеп койгону. Аны мезгил да аныктап жатат...

Бул маселеде акыркы сөз: орус классик адабий сынчылары нукура зарылчылык алып чыккан иш-аракеттеги жандуу пафос «душа произведения» дегендей, токтолбос күч жиберип сүрөмөлөп турбаса оттуу чыгарма да жаралбайт. Ошол от Алыкул Осмоновдун жүрөгүнөн түшпөй жагылып жүрдү. Дал мына ушул үчүн И.Шиллер пафосту «господствующий строй чувств» десе, В.Белинский «это живая страсть» – «жандуу кумар» – деп жарыялап чыгышканы менен кабарың бардыр.

Ал эми өзүнө өзү чындап кирелек жаш акын Анатай Өмүркановдун «Душманга сыры» эч кандай алоолонуп от алып, башкалардын ой-сезиминен орун таап, аларды ээрчитип кетпегени – ысык-суугу таасирсиз тек гана бир шилтенип кеткен иллюзиялык типте куруп алган келечексиз тажрыйба болуп кала берет. Чын-чынына келгенде азырак убак өткөндөн кийин автордун өзүнө деле жакпай калса керек. Анткени, азыр эле аны менен кан-жаны аралашпай жасалма сүйүүдөй болуп жашап турат. Ыр бир гана окулат. Урук таштап, тамыр жайдырчу кыртыш көрүнбөйт. Балким келечекте пайда болор.

Сөзгө тартылган ырлардын эң жакшы делгени араң ортого жетет. Албетте, жарк эте түшкөн айрым саптар менен бирин-экин делген куплеттер сөзсүз түрдө учурайт. Бирок алар толук бүткөн чыгарманын тагдырын чечпейт. Жаш талапкердин тагдыры кандай болору эртеңки күндөрдөн күтүлөт. Карап көрүш керек. Процесс токтолгон жок, токтолбойт да. Жаш акын дагы эмнелерге жолугуп, эмнелерди көрөт? Студенттик кызыктуу доору, жашоо шарты кайталанбайт. Чөйрө өзгөрөт. Илим-билим, көркөм адабият менен искусство асылдык дүйнөсүнөн үзгүлтүксүз азыктанып туруш жагы кандай болору белгисиз. Азырынча өзү деле ачык билбейт. Анткен менен, жалгыз гана артыңа кайтарбас жолуң бар: жаңы турмуш баскычына аттанасың. Сени зор үмүт, коомдук милдет (түзүлүштүн тапшырмасы), эрдик жасоо, акындык фантазия, кызыктуу экзотика дүйнөсү өзүнө тартып баратат.

II

Бир жагынан улам кайталанып айтылып келаткан жаш акындын тилеги менен фантазиялык эңсөөлөрү, экинчи жагынан, ошол кезде жогорку окуу жайларын бүткөндөн кийин профессионал адистер кемде-кем гана барып калышчу жаратылыш шарты абдан катаал, жолу азаптуу, кышы узак жактарга бери дегенде сөзсүз түрдө эки жыл иштеп келип, анан дипломун алдырчу өкмөттүн ичкертен жиберчү тапшырмасы менен аны күүгө салчу комсомолдун деми Анатай Өмүркановду колуна буйрукту карматып ырааккы Памир тоолоруна карай сапар тарткызды. Көзүңдү албай кошо жыл:

«Кулагымда мотор үнү дүр-дүр доошун баспай, тасмага окшоп тасырайып карарат жол». ...«Жүргүм келет жүк көтөрүп алыс жерде мезгилимен бирде калып, бирде озуп». Дагы бирөөсү менен «Ыр жаздырып жашай берет күлкүң менде», – деп коштошуп, жакшы мүдөө менен аттанып алып Алай тоолорун аралап, бийик ашууларын ашып келип асман тиреген Памир тоолоруна өткөнү кантип биринчи жолу көрүп бараткан жаш акындын туюу, угуу, суктануу, чочулоо, таңдануу, жаратылыш сүрөтүн элестетүү, образдуу ойлоосун жандандырбай койсун!

Эгерде табиятынан чыныгы акын болсо, ошол шарт, ошол көрүнүштөрдү бир кызыктуу формага салып тартып алган жандуу сүрөтү да бардыр. Мына ошону астейдил көңүл буруп карап чыгыш керек. Болгондо да Памир дүйнөсүн биринчи жолу кагаз бетине түшүрүп жатканы. Албетте, андай көркөм сөз менен тартылган картина жөн эле фото көчүрмөгө айланууга тийиш эмес. Реалдуу чындыкка биринчи урунуу, биринчи таасир, биринчи ыр, биринчи кабыл алуу. Ошол үчүн узунурак болсо да мисал толук келтирилет. Мында жаш акындын бирөөлөрдү ээрчип, туурап кетүүсүнө да мүмкүнчүлүк болбойт. Себеби, буга чейин ал көркөм чыгармага объект болуп берген эмес. Ушундан поэтикалык жаңы дүйнө ачып алса өз табылгасы болот. Дагы бир керектүү жери: потенцияда козголбой турган талант корлору иш-аракетке салынышы мүмкүн. Жеке талант кудурети өзүн көрсөтөт. Анда сөздөн конкрет ырды окууга өттүк. Аталышы кыскача «Памир» (экзотика) делет. Узунурак болсо да толук келтирели, зарылдыгы бар:

Тумшугун кайберендер карга катат
Туяктан айран ичип аркар басат.
Кибиңдеген чөптөрү ырдап ийип
Соккон желге каткырып, бийлейт дарак.

Кумурскадай кул кылат душман барса
Таш бакадай жылышат таштар анда.
Жигиттери жалаңдап кылыч мисал
Жүгөн өрөт жыландан тулпарына.

Сай сайын ысык суу бар, муздак суу бар
Анда аялдар ажайып балык сымал.
Шырп эттирбей көк көлдө балык сүзөт
Жылтылдаган канаты бар, куйругу бар.

Ажыдаарды жез кемпири алдап алган
Жерден чыкпай желмогузу тоңуп калган

Алп кара куш айланып конот жерге
Айга учуп канаттары талып калган.

Экзотика – жомоктой кызыктырган
Көңүлүмдөн көрсөм деп учуп тургам.
Мен келдим бийик Памир тоолоруна
Жака кармап далай ашуу, далай кырдан.

Ыр автордун мурдагыларына караганда алда канча жакшы жазылган. Баарынан кызыгы, жаш акын кадимки эле башка жердегилер окшоп жандуу тиричилик өткөрүп, ошолорго окшоп ойноп-күлүп, кейип-кепчип жашаган элге аралашпады беле. Калем, кагазга кол тийгенде алар таптакыр башка дүйнөгө айланып, башкача өзгөрүп кетишкени кандай? Азыр поэзияга айланган реалдуу чындык, фантазиялык ойлор, алыс-жакындан бирин-бири козголоп кирген ички жана сырткы байланыштар менен кырчын таланттын стихиясын дуулдатып чакырып келаткан экзотика элестеринин далдасында калган түпкү чындыктын өз белгилерин билдирчү күчтөр да бар. Буларга «көңүлүмдөн көрсөм деп учуп турган» өзүнүн катуу көксөөсү кошулуп, баары аралаш иш-аракетке кирип кетишти. Эң эле негизгиси ушунун баары бир учурда ырдоого шарт түзүлүп калганында. Экзотика алдыга чыкканы менен, нагыз чындыктын өзөктүк тамыры эч качан таптакыр жоголуп кетпейт. Маселе ушулар менен гана бүтүп калбайт.

Адабий сабатын ачып алган окурман Анатай Өмүркановдун «Памиринен» дагы кандай сапат белгилерди көрөт? Ыр күндөлүк саясаттан тышкары жазылган. Темасы да, идеясы да, жазуу ыкмасы да, көркөм туюнтуу каражаттары да, баштагы ырларынан кадыресе өзгөчөлөнүп турганын атайылап белгилей өтүүгө тийишпиз.

Мында экзотикалык жана кыялый фантастикалык көрүнүштөр түпкү чындыгы боюнча жыйнактын баш жагында берилген, – санап өтпөдүкпү, – «Революциянын баатырлары», «Революциянын баатырларынын эстелигине» сыяктуу өз көзү менен көрбөй, аккан кандын табигый жытын сезбей туруп, ал күндөргө жарым кылымга жакын убакыт өткөндө окуган айрым китептер же тээ алыстан уккан бир ооздон экинчи, үчүнчү оозго жетип келген кээки маалыматтар тибинде гана жазылып калган ырларга караганда акыйкатка алда канча эсе жакын. Фантастикалык чала чүмбөтүн сыйрып койсоң эле реалдуу түп нускасы өз маани-маңызын толтуруп, эч жери бузулбай өз келбетинде ырдап чыга келери кадимкидей эле байкалып турбайбы.

«Памир» экзотикасы Анатай Өмүркановдо табиятынан көркөм образ менен ойлоо жөндөм бар экендигине ырастап, ишенич жаратып кирди. Кыргыз поэзиясында бул өтө аз жазылган тема. Анын да өзүнчө шарты бар: жанрдын үч-төрт түрүнүн элементтери катарынан катышып жатышат. Ошого жараша эстетикалык табияты да башкачараак. Лирикалык болобу, эпикалык болобу – каарман өтө романтикалуу жаш адам, дайыма өз идеалын издейт, тынымсыз күрөш менен жашайт. Ар кыл карама-каршылыктарга урунат. Көздөгөн мүдөөсүнө жетип, сөзсүз бир эрдик жасагысы келет.

Мында романтика фантазияга, фантазия экзотикага аралашып калган учурду көрүп жатабыз. Акын мүнөзү менен натурасында жакындык бар. Анткени, мындай ырлар эч качан кокустан жаралбайт жана жазам деген акын аттуулардын баарынын эле кудурети жете бербейт. Ал турсун таланттуу делгендердин да бардык учурларда романтикасы ырааккы идеалдарга чакырып, фантазиясы көкөлөп үзгүлтүксүз өөрчүп отурбайт.

Кыргыз поэзиясында 60-жылдардан берки мен билген акындардын Турар Кожомбердиев менен Жолон Мамытовдун чыгармачылык тажрыйбасынан гана жолуктурсак болот. Мунун да өзүнчө себептери бар. Биринчиден, экөө тең таланттуу акындар. Тубаса акындыгы жокторго романтика да, фантазия да жанашпайт. Экинчиден, экөө тең дээринен ышкылуу жандардын нагыз сезим-туюму менен образдуу ойлоо өзгөчөлүгүнө жандуу таасирин тийгизер табияттын ажайып кызыктуу, артыкча сырдуу шарттарында эң сонун күндөрүн өткөрүшкөн.

Турар Кожомберидиев атасы менен Улуу Тоо ашууларын ашып Суусамыр тектир-түздөрүндө «Үзөнгүсү тымызын үн салып, жылдызга шаңгырап кагышып турса, ...Укурук жеткидей жылдызды чукулап уядан көргүсү келген» жерлерде өскөн болсо, Жолон Мамытов: «...Алоолоп күн жүргөндөй, ...алыскы ааламдарга сызууну эңсейт... «Жылдыз өсөт кырларга кыркалакей жылдыз минип эр жетет ойноок балдар, жылдыз алып келишет кыздарына кой тоскону келишкен бойдок балдар...» («Романтика»). ...«Микробу жок тоолордун абасында чындык жашайт наристе өңү менен. Бийик мөңгү арчалар арасына кетесиңби, сулуу кыз, мени менен?» дегендей типте ырлар жазчу кездерде башкы ветврач болуп (1962–1966-жж.) үч жарым миң метр деңиз деңгээлинен жогору жерде, Алай тоолорунда жашап жүргөн маалда болчу («Үмүткө чакыруу», «Алайдан жолдош С. Кулуевге кат»).

А.Өмүркановдун «Памир» экзотикасы куду ушул Т.Кожомбердиев менен Ж.Мамытовдун романтикалык-экзотикалык ырларына окшоп бүгүн да кадимкидей окулуп жүрөт. Ушинтип жаш акын кыргыз поэзиясында бул жанрдын тамырлашына өзүнүн бир түп жандуу көчөтүн отургузду. Мындай формага салып, мындай маани-мазмундуу эстетикалык асылдыкка кошулар ыр жаратууга, келечек потенциясы куру эместигине ырастап ишенич пайда кылды.

Түрдүүчө кыялдануу, эргүү, таңдануу менен бийик белдерди ашып (Ак-Байтал, 4655 м.) келген жаш акындын Мургап жерине таманы тийгенден баштап турмушунда ичкертен да, сырттан да аз-аздан өзгөрүштөр жүрө баштаганын мындан наркы ар бир ырынан жолуктурасың. Жакшы ниет, жакшы тилек менен алга умтулуу күчтүү, кайрат жанбайт, убада бекем. Өз алы-жайы тууралуу биринчи билдирүүсүндө реалдуу чындык түп нускасында сакталып келатканы бизге мындайча жеткирилет:

Тоо учунда жүрөмүн улар болуп,
Тоодой милдет аткарууга кумар болуп,
Ишеничи элимдин, Эне-Атамдын
Илинүү моюнумда «тумар» болуп.

Эстетикалык нарк насили жагынан алып караганда, мында бир чоң ачылыш жасап жиберген деле жокпуз. Маани-мазмун башка тарабында: табиятынан каны менен кошо келген тубаса акындыгы бар акында гана нукура чынчылдык сапат дайыма сакталып жүрөт. Андай акын «Кудайга миң мертебе калп айтса да, ырына бир мертебе калп айталбайм», – деп жашап өткөн Алыкул Осмоновчо туура жазып, туура жашап өтөт. Тунук поэзия – ак жүрөктөн, бийик поэзия – бекем эрктен, өз улуту тууралуу улуу ырлар – табиятынан көңүл тереңинде жашап турган нагыз патриоттук улуу сезимден жаралат.

Бүгүнчө Анатай Өмүрканов да Жер шартына, чоочун элге, чөйрөгө, өзүнө-өзү кичинеден көнүгүп келатат окшойт. Алдыга карай жылыш бардай сезилет. Негизги иши, же сөзсүз түрдө убакыт кетирбей түздөн-түз аткарчу милдети – тээ ыраакта «Тоодой милдет аткарууга кумар болуп, Эл, Жердин ишеничи мойнуна «тумар» болуп жүргөнү эртең ойлогондой оңунан аткарылып кетсе, туруктуулук менен бир сөздүүлүктүн, патриоттук менен эрки бекемдиктин үлгүсүн көрсөткөн жаштарга кошулуп калышы да толук ыктымал.

Албетте, балдар дүйнөсү анын көңүлүн башка жактарга караганда баарынан көп бургузат. Зор түйшүк тарткызат, жоопкерчилиги бар. Сабак берет, билбегенди билдирет. Өзү кечээ студент болуп окуганына караганда, бүгүн мектеп балдарын окутуп жатканы алда канча татаал жана оор иш экендигин ырастап эми көрүп жатса керек. Өзү окуучулар үчүн сабакка даярданат. Мектеп программасы башка, өтүлчү материалдар бөлөк баскычта. Буларды системага салып жакшырак өздөштүрүп чыгышка канча убакыт кетет. Анан калса жетишерлик даражада окуу куралдары бар болду бекен?..

Турмуш заң-закону ушул экен: тирүүлүктө айтылып өткөн бардык материалдык, руханий-көркөм, чыгармачылык, илимий, анан бирде эргүү берсе, бирде түрдүү ой-санаага салып көңүл чөгөргөн ар нерсеге алаксыткан учурлар пайда боло калат. Алыстагы ата-эне эске келет. Кез-кез сурабай-этпей эле күтүүсүз-күтүлүү түрдө «Жаныңдагы мажүрүм тал ырын тыңшап турарсың, мени күтүп келгенимче». «...Болжоого моюн сунбайт тагдыр деген, так айталбайм, кайра өзүңө качан келем» – дедирип узаткандар элестелет... Ушулар менен эле баары бүтүп калмак беле. Келгенден бери ар кыл шартта жашаган ар кыл мүнөздүү улуу-кичүү адамдарды көрүп, алардын кээси менен абдан жакындан аралашып, жакшы жактарын көп көрөт. «Самудин агама» деген ырынан эле айтылгандар жөнүндө абдан так маалымат, жетиштүү түшүнүк алсаң болот:

Сүрөттөрүн күндө карап камыгып,
Жүргөнүмдө ата-энемди сагынып.
Ата-энемдей маган акыл айттыңар,
Талаа жерде таалайыма табылып.

Күндөр улам учкан сайын билинбей,
Бүт балдарың мага чуркайт күлүңдөй.
Сүйлөгөнү, күлгөнү да өзүмдүн
Айлымдагы бир жатындаш инимдей.

Жол берилбейт ылдыйлоого, сынууга
Укугум жок жарым секунд тынууга...
Мен кумармын бирөөлөргө бейтааныш
Силер сындуу бир жакшылык кылууга.

Жаш жүрөк акын-мугалимдин жасай турган жакшылыгы эле ошол жогоруда белгилеп өткөндөй, адистер аз барчу табияты катаал, маданий, адабий байланыштар өтө сейректен-сейрек. Тили, этнографиялык дүйнөсү, тарыхы боюнча кескин айырмаланып турган эки түрдүү – кыргыз, тажик эл жашайт. Театр, акын-жазуучулар чөйрөсү жок бийикте бардык кыйынчылыкка бекем чыдап, балдарга чындап билим берип, туура жолго салууга жетишүү деген чоң максат менен жүдөп-какап жүргөндө ушинтип «талаа жерде таалайына табылып, ата-энесиндей акыл айтышса, чүрпөлөрү бир тууган инисиндей сүйкүмдүү болуп көрүнүп калышканы – адамдагы эң улуу сапат белгилер болгону. Анан кантип ушундай жылуу сезим каптаган жылуу сөздөр айтылып, тирүү жандуу жагымдуу ырлар жазылбай калсын.

Ырда ак пейил, боорукер, адамга чыныгы адамча таза мамиле жасай билүү табият-мүнөзүндө турган Самудиндей акжолдун ички жан дүйнөсүнө кайрылуу менен акын-мугалимибиз өзүнүн да жердигинен ага жакындыгы бар экендигин стихиялуу түрдө кагазга түшүрүп жатканы эч кандай оюна да келбейт. Мында сезондук кургак саясат, жалган чакырык жок, баары жер турмушу менен конкрет предметтен алымча-кошумчасыз алынган материалдык фактыларга карата конкрет жүргүзүлүп келаткан иш-аракеттин оңдуу кайтарымы деп баалоого тийишпиз. Туруктуу ишеним, алган тарбия, үйрөнгөн үйүт, өзүнөн алдыдагылардын үлгүлүү жүрүш-турушунун да акырындап тийгизчү таасири да эске алынышы абзел. Бул процессте көрүнүп-көрүнбөгөн, сезилип-сезилбеген канча факторлор катышып жатышат.

Ушул эле мүдөө, ушул эле алга карай умтулуу, тууган жерге болгон сагыныч, жакындарын эңсөө тереңдегенден тереңдеп баратканы ушунчалык күчтүү, жаш акындын ар бир жаңы жазган ырында кайталанып эске салынып өтөт. Тынчтык бербейт. Аткарчу иштин табияты ошондой болгон үчүн, чыгарчу натыйжасы да тез эле көрүнө койбойт экен. Дагы деле көңүлү толбой, өзүнө-өзү жакшы ыраазы боло электиги «Мургабдын ооруканасында жазылган ырында»: «Максаттар турат бизди айланчыктай жыгылган чабарманын күткөн аттай». ...«Актай албай Ата-Журт ишеничин кетебизби келип алып баатырсынып» – деген сыяктуу саптарынан эле апачык көрүнүп турбайбы.

Жаш мугалим-акындын айткандарына ишенбейм десең да айласыздан ишенесиң. Ооруканада жатып өз амандыгы жайында ойлогонуна караганда, аң-сезимдүү түрдө мойнуна артып алган Эл милдетин абийирдүү аткарып бериши көбүрөк ойлонткону бул иште кадимкидей эле фанат болуп баратканын билдирбейт бекен? Мындан кийинки жазылган ырында деле ушул күрөш, ушул маселенин бир уюлу менен бир сызыктар башкачарак сөзгө алынып жатат. Мисалы, бул ырдан окуп көр:

Мен сүйүп көз жеткис жактарды
Аттандым алыска, алыска,

Талааны баскандар жол кылат
Кайгырба, жаш жүрөк камыкпа.

Жаманды, жакшыны айрыган,
Өзүңдү жакшы адам кылышка –
Жалгыздык жана да кыйындык

Көп керек экенин унутпа.

Тос бетти, жапайы жел уруп
Тордотсун, түлөтсүн, карартсын.
Бир күнү туулган жериңен
Бетиңди агартып аларсың.

Жашап көп жетишпес турмушка
Коркпогун, суукка багынба.
Тердейсиң тууган жер тууралуу
Сагыныч соккондо каныңда...

Поэтикалык ой жүгүртүү өзүнчө. Бирин-бири кайталап жүрүшүп көпчүлүк окурман журтчулугун тажатып тарпы чыгып бүткөн кодура саясый ойлор катышпайт. Улам жаңыдан пайда болгонун түп нускасын бузбай көрсөтүп, ачуу-таттуусу менен ысык-суугун башынан өткөртүп, ошондой албан кырдуу айлампалардан чыгуунун жолдорун издеп, балдардын эртеңине камылга көрүү башкы маселеси. Ырда ойлор логикалык жактан орундуу. Мазмун өзүнө ылайык келген формасын тапкан. Көркөм туюнтуу каражаттар да жакшы колдонулган. Эң негизгиси, медитативдик деңгээлге көтөрүлгөн саптар да окулат.

Туура, кыргыздар айткандай, «оңой оокат жок». «Алма быш, оозума түш», «Ырыскыны кудай берет» менен иш бүтпөйт, эч нерсе өзгөрбөйт. «Талааны баскандар жол кылат кайгырба, жаш жүрөк камыкпа». Баары – ак эмгек, тынымсыз изденүү, табуу, жаратуу, илимин тереңдетүү, талантын тарбиялоо, тажрыйбасын арттыруу, жашоо зарылчылыгына, мезгил талабына жараша пайдалуу иш жасоо. Бересиң – аласың, аласың – бересиң. Карапайым аң-сезимде түшүрүлгөн турмуштун жылыш философиясы ушул. Түпкү максатың – «Жаманды, жакшыны айрыган, өзүңдү жакшы адам кылышта» экен. Бул, Адам уругу коом катары түзүлө баштагандан бери сөзгө алынып, философия, социология, психология, тарых, фольклористика, искусство таануу илимдеринде баскычтан баскычка көтөрүлүү жолдорун азыр да издетип келаткан проблема. Анатай Өмүркановдун бул ойлорду ортого салганына кырк беш жылдай убакыт өтүптүр. Бүгүн да өз күчүндө, чечилип бүтпөйт, уланганы уланган.

Адам качан өз табиятын өзү ушинтип таанып ажырата билип, качан романтика менен фантастиканы жылаңач турмуш күчү шыпырып таштаганда гана экзотика азайып, түшүнүк артып, реалдуу чындык көз алдыңа тартылат. Жокчулук болсо чыдап, суукка урунса калчылдап үшүп-тоңуп жүргөндө тууган жер кылт этип эске түшө калса, «канында сагыныч соккондо» акынга таптакыр жаңы дем бүтүп, тим эле тулку бойдон тер чыгып кетерин карачы. А жакшы көргөн классташтары менен курсташтары, достору менен тамаша сөз, таттуу күлкү чыгартчу жаш селкилер кыялында жандап өтүшсөчү? Чындап эмнелер эсине келип, эмнелерди жарылып айтып бермек. Буга да бир астейдил көңүл буралычы:

Келбес жакка кете берген адамдай,
Кетти күлкү, кетти өмүр саналбай.
Мен жүрөмүн досторуман бөлүнүп,

Чоң дайрадан бөлүнгөн бир каналдай.

Досторум жок чын дилинен берилип
Арманымды, күйүтүмдү угардай
Улутунуп туруп калам жалгыздап
Уялашын таба албаган улардай...

Көптөн бери көздөр көздү көрүшпөй
Көптөн бери күлкүнү тең бөлүшпөй.
Күндөн күнгө мен баратам саргайып
Бөлөк жерге көчүрүлгөн өрүктөй...

(«Досторду эстеп», 12–13-б.).

Нагыз таза сезим, тээ жүрөк, жүлүнүңдүн түпкүрүнөн жарылып чыккан чындык күчү, нагыз баштан өтүп жаткан сагыныч, санаркоолор жаздырган ыр. Жасап, түзөөнүн эч кандай белгиси жок. Сен да ошол кызыктуу күндөрүңдү эскересиң. Азыр да кайталап көргүң келет. Түрдүү кыял, түрдүү мүнөз күтүнгөн досторуң менен баягыдай чер жазышып каткырык салып чогуу баскың келет. «Досторду эстептин» саптары ушундай темада жазылган ырларды окуп алып, же айтылган сөздөрдөн угуп алып окшоштуруп койгон жасалма куплеттердин жыйындысы эмес, а жазбай коюшка таптакыр болбой калган психологиялык абалда эзилип, эргип, жашып отуруп жазган ыры десек жарашат.

Ушул эле учурларда Анатай Өмүркановдун чекист А.Аширалиевге арнаган «Куландан соо кезиңди эстеп», экзотика тибиндеги «Чырак таш» деген ырлары жазылыптыр. Биринчиси реалдуу чындык, болгондо да учурунда маанилүү милдет өтөп жүрүп, бутунан ажырап калган адамдын тагдыры аянычтуу овон күүгө салынат: «Согончогум сыздагансыйт, бутум жогун сеземин». Минтип көбүнчө ичте дагы канча чоң өксүк калганын туюнтуп отурган чекистке дем берип духун көтөрөт: «Ишендирбей сезимди бутум жокко, бутум бар деп өйдө бол турарыңда... ...сендейлер коркокторду баатыр кылып, ...сендейлер жоктон барды жаратат да, идеалга айланышат көптөр күткөн» – деп негизинен кадимкидей туура баа берет.

Автордун эл «Чырак таш» атап алып тээ илгертен бери мифологиялык түшүнүк, мифологиялык ишенимге салынып жашаган сыйкырдуу фантастика менен романтиканын, реалдуу чындыктын элементи менен экзотиканын бири-бирине өтүшкөн катышынан бүткөн ыры бар. Жогоруда эң биринчи жолу Памирге келгенде жазган ыры катары караштырып өткөн «ЭКЗОТИКАСЫНА» эстетикалык табияты боюнча типтеш, сөөктөш, кандаш, же бир жанрга кирет. Көркөм дүйнө элементтерин байытууга катышат, окурман фантазиясын өстүрүүгө өз үнүн, жандуу таасирин тийгизет.

Жаш мугалим-акынга дагы кандай кызыктар жолугуп, өзүнүн рух дүйнөсү менен жасаган иштеринде толуктоолор, же жоготуулар көрүнөт. Алар тууралуу кыйла эле айтылып калды. Ошентсе да баарына дагы бир карап туруп иштин конкрет натыйжасын билип алыш үчүн, адегенде акындын өзүнө сөз берип, кайрадан каратып угуза окуттуруп баксак кантет? Дале көп милдетинен карызы бүтө элек. «Жылуу жаштык күндөрдү оронуп алган» бойдон келатыптыр. Алыскы бийик Памир тоолорунда жашап жүрүп «модадан калса да, турмушта артта эмес. Урпактарга ушул күчтү жылгызган улуу күчпүз» – деген ишенимде алгалоодо экен. Демек, өсүш бар. Акындын жашоо шартын, баш мүдөөсүн дагы тереңдеп билмек болсоң, айкын далилден табалы:

Сагынычты жалгыздыкта
Жашагандар түшүнөт.

Сүйгөн кыздын сүйкүм көзү
Сүйлөп жатып бүтүрөт.

...Эртең дагы жолго чыгыш
Кардан бутту тарталбай,
Көңүлүмдөн ырым кетпейт
Колго үйрөнгөн аркардай.

Эртеңиме уят болуп
Каламбы деп далбастайм...

Бул күнүмдү баары даяр
Башка күнгө алмашпайм!

Жаштык күнүм, жаштык күнүм
Жалт деп өттү... өкүнбөйм.
Адам кылган ал күндөрдү
Көңүлүмдөн өчүрбөйм!

(«Памирдеги жаштык», 14–15-б.).

Конкрет колуна кармап, ичин аңтарып ачып көрүп, түп маани-мазмунун тагырак түшүнүп, эстетикалык асылдык сапат белгилерин жаземдебей ажырата билүүгө жараган сабаттуу окурман жаш акын А.Өмүркановдо табияты катаал бийиктеги Памирге келгенден бери аң-сезим түшүнүгү менен өмүр жолунда айтарлык өзгөрүштөр, чыгармачылыкта жаңылануулар болгону көзгө көрүнүп, баамга урунат.

Жаш акын кандай шарт, кандай абалда калып жүрсө да жаштык бекер кетип жатпаптыр, талант кан-жанынан ажырабай ичкертен тыным албай эргүү жиберип турчу сырдуу күч. Аны кармай да албайсың, токтото да албайсың. Арзанга чындап ачылып бербейт. Жаш акынды жалындатып ырдатып да, татаал жолдорго салып такшалтып да келаткан жана олуттуу маселе – өзү тарткан зор түйшүктүн, адамдык милдеттин ыры.

Түшүнгөн жанга милдет канчалык оор болсо, ар-намыс менен абийирди сактоо да ошончолук бекемделип, алга умтулуу, изденүү, табуу иштери жүргүзүлөт. Акындык тажрыйбасын арттырууга өзүнчө аракет жасап баратыптыр. Ошолордун баары бекер кетпегенин мына бул мисалга тартылып, асты чийилген саптардан эле жакшылап билип, жетиштүү даражада түшүнүк алсак болот. «Адам кылган ал күндөрдү көңүлүмдөн өчүрбөйм». Бир эле адам эмес, акын да кылган ал күндөр (төмөндө айтылат).

Таланты бар, көздөгөн зор максаты бар адамды оорчулук ошончолук чыйралтат. Бара-бара кызылдай жылаңач реалист сүрөтчү, жаратылыш дүйнөсүн коргоочу боорукер болуп кеткенин анча сезбей да калат. Эми шык-жөндөм ушул жагынан да жетилет. Тема өзгөрөт, ойлор жаңыланат. Чындыкты көрсөтүү зарылчылыгы акынды экзотикадан экологияга оодарып баратканы сөзсүз ичкертен өнүп чыкчу табигый көрүнүш болуп калды. Жаш акын Памир тоолорун жаңыдан көргөндө:

Тумшугун кайберендер карга катат,
Туяктан айран ичип аркар басат.
Кибиңдеген чөптөрү ырдап ийип
Соккон желге каткырып, бийлейт дарак.
– – – – – – – – – – – – – – – – –
Таш бакадай жылышат таштар анда
– – – – – – – – – – – – – – – – –
Сай сайын ысык суу бар, муздак суу бар.
Анда аялдар ажайып балык сымал.
– – – – – – – – – – – – – – – – –
Алп кара куш айланып конот жерге
Айга учуп канаттары талып калган, – деп алгач Памирди кызыктуу тартылган парданын берки бетинен караса, бүгүн ал учурда көзгө урунбай калган өз табияты менен «туяктан айран ичкен аркарлардын» келечек тагдыры кандай болору жөнүндө ой жүгүртүп, чындап сын көз караштан мамиле жасап, өз баасын берип жатат. Кечээки жапайы жан-жаныбарлар алда канча эркин жашаган доорлор өткөн.

Эл көбөйүп, жер тарып, жашоо татаалданып, керектөөлөр күчөп, техникалык илимдин түрлөрү өсүп, бардык жан-жаныбарлар айбан жырткычтардан мурда адам жырткычтарга катуу жем болуп жаткан учур. Улуу Гейне: «Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгү аркылуу өтөт» – деп артыкча таамай аныктап айткан сөзү Анатай Өмүркановдун да нравалык-акындык, же абийир-актык сапатына дал келерин мына бул куплеттер эле абдан даана, абдан апачык көрсөтүп берет:

Кийиктерге жашоо улам оордой –
Уйкуну да чоочуп уктайт дирилдеп.
Кеч күздөгү акыркы үзүм коондой,
Барган сайын бара жатат бириндеп.

Сен бетиңе жок шылтоону кармабай,
Жигит болсоң, жалтактабай ач, айып...
Неге элик кеч күздөгү алмадай
Күндөн күнгө суюлууда азайып?!

Мен аларды баккым келет баламдай,
Сымап мисал сымбатына суктанып.
Кээ акмактар кечте чыккан шамалдай
Тоого чыкса мен эликти кызганып...

Ырды аягына чыкпай туруп эле, ушул жерде токтоло калып аң-сезиминде жаңыдан пайда болгон белгилерди конкрет көрсөтө кетели. Асты сызылган ыр саптарына шашылбай ой жүгүртүп көрчү: Адам колунан тоолор урап, деңиздер менен дайралар ташып, же соолуп, жаратылыш көркү менен үнү болгон жапайы айбанаттарга «жашоо улам оордой – кеч күздөгү акыркы үзүм коондой, барган сайын кийиктер бара жатат бириндеп», аба бузулуп, химия тагдырыңды чечип калды. Эгерде тирүү жүргөн кийиктер «уйкуну да чочуп уктаса дирилдеп», «Анын сымап мисал сымбатына суктанып баласындай көрүп баккысы келген элик күндөн күнгө суюлуп баратканы чындык болуп чыкпадабы. Эмне үчүн улар үнү угулбайт, бүркүт шаңшыбайт?

Акын жүрөгүн ошол керемет дүйнө: табият курулушу көк тиреген бийик тоолор, буруксуган арча жыты менен түрдүүчө өң-түс күтүнгөн ажайып кооз гүлдөрдүн көркү, бийик аскалардан атылып түшкөн шаркыратмалардан куралган дарыялар менен комуз кылдарын кылдаттап терип чертип шыңгырап обон берип жылжыган тунук булактардын назик үндөрү, булбул менен күкүктүн алмак-салмак ар кайсы жерден жагымдуу угулуп жанды эритип, көңүлдү жыргаткан укмуштай табият оркестринин касиетинен бүткөн ансамблин бузбай бекем сактап калуу, асылдыкка, сулуулукка суктанып, жан дүйнөсүн тазартып жашоо маселеси коюлуп жатат. А наркы алкы араандай ачылган жапан сезим, кудук кулкун, кап курсак ач көздөр бир гана тамагын билет. Акындын кейиши басылбайт, кайра-кайра күчөп, кайра оордоп алган. Карачы, көзүнө дагы эмнелер элестейт:

Чабалактап уктай албайм түн бою,
Чарчагандай өңүм кетет кубарып,
Түшүмдө элик жатат каны жошулуп
Көк шиберде, көзүн ачып суналып...

Мээримдүү көп, мерестер да аз эмес,
Мээлейт алар элик көзүн жайнаган.
...Көңүлүмдөн кан аккансыйт жаш эмес
Мен жарадар элик өлсө кайрадан!

Табиятынан дили ак, адам эмес жапайы жаныбарларга жамандык жасоо оюна келбеген, өзү да жамандык көрбөгөн наристе сезим жаш акынга эликтин ушинтип атылып «каны жошулуп көк шиберде, көзүн ачып суналып...» калышы абдан катуу таасир эткени кимге болсо да айдан ачык, күндөн жарык кашкайып көрүнүп турбайбы. Ошол үчүн күнү-түнү тынчын алып, уктаса түшүнө кирип, өңүнөн азып, өзгөчө психологиялык оор абалга калтырып койду. Жайнаган элик көзүн мээлеген мерестер «эсинен таптакыр кетпей ...«Көңүлүмдөн кан аккансыйт жаш эмес, мен жарадар элик өлсө кайрадан!» – дегизип жүрөгүн эздирип жатат. Мында эч кандай жалган пафостун алдамчы эпкинин жолуктура албайсың. Бирди-жарым келип-кеткен ойлор да эмес, узакка дейре улантылат. Жогоруда эскертип өткөндөй, бул экология проблемасы дүйнөлүк маанидеги түбөлүктүү проблемалардын бири. Улам жаңылана берет. Анткени, жыл өткөн сайын татаалданып, оорлошуп келатканын кыйла эле көрүп, билип калдык бейм. Улантылганы: ушул маселелердин айланасындагы бирин-бири толукташып, кеңейтишип өзүнчө бир циклди түзгөн темалар менен идеялардын айкалышы акындын «Теке», «Кийик качты», «Аң уулоо», «Эчкинин улагы», «Аңчылыкта», «Сунулган кош атардан түтүн булап», «Балык» деген кийинки ырларында дагы ишеничти арттырып туруктуу көз караш бузулбай келет.

Мында тизмеге түшкөндөрдүн баары эле элик менен кийиктен турбайт. Өрдөктүн өлүмү менен балыктын тагдыры жөнүндө да сөз жүрөт. Булардын баарын адамдар кырып, жеп, жок кылат. Арстан, жолборс, илбирс, карышкыр менен чөөлөр кандай коркунучтуу жырткычтар болсо, адам бир эле элик, кийиктер үчүн эмес, ушул каардуу жырткычтардын өздөрү үчүн да артыкча коркунучтуу. Ок, дары, мылтык жаралганда жер жүзүндө жашаган тирүү жандардын баарын жок кылчу ажал кошо бүткөн. Ал качан эле Памир тоолоруна жетип алган. Аркар, кулжалар менен эчки, текелер адамды көрүп, мылтык үнүн укканда таштан ташка секирип, сызып жөнөшөт. Не болорун айбандык инстинкт сезет. Өздөрүнчө үйрөнүп алышкан жашоо ыкмалары бар. Кайсы маалда төмөндөп сууга түшүп келет, кайсы маалда жайылып чыгат, булардын баары белгилүү. Карабайсыңбы, карт теке кандай сак:

Коргошундун, адамдын жытын сезе,
Кыл чокудан айлананы тиктеп теше,
Үйүр эчки үстүнөн кожоюнсуп
Каржаят кароол болуп картаң теке.
Жамандыкты жакындан билип турат,
Кызыл көзү бал-бал жанып күйүп турат.

Ага ок тийип кулап түшсө, эчкиси жаадай сызып жетип «суроо белги – мүйүздөрүн жерге төшөп» карт текени таштабай алыс жакка каякадыр алып кетет... Алардын да өзүнчө боор толгоосу, инстинкт жетелеген жакындыгы бар, сезишет. Бири-бирине болушат, жардам беришет, коргошот, каралашат.

Эмне болсо да Адам деген Адам. Ошондой жапан мыкаачылык менен алкына алдырып койсо да, арасында кантип бир-экөөнүн мээри жибишип аяныч менен карай турган жандар таптакыр чыкпай калсын. Кантип эле «Тээ зоокадан бирден чубашып өтүп» жаткан кийиктердин жарашык келбетин бузгусу келбей, асылдык дүйнөнүн мемиреткен лаззатына батып турган кезде убактылуу болсо да жамандыктан шарт колун тартып алчулар чыкпасын. Мисалы, Анатай Өмүркановдун «Кийик качты» деген кыска жазылган ырында автор өз көзү менен көрүп, өз башынан өткөргөн бир окуя болуптур:

Кийик качты, бизди көрө дыргышып,
Жалама аскадан жаңырыктар жылбышып.
Мүйүздөрү күү жазылган нотадай

Желге урунуп күү калтырды жылжытып.

Карап калдык, аткан жокпуз сулатып,
Тээ зоокадан бирден өттү чубашып.

А машина ашуу жолун абайлап
Жыттагансып, жай келатты кыр ашып.

Болгону эки куплеттен турат экен. Маани-мазмуну, баш-аягы менен толук бүткөн ыр, бир чыгарма деп койсок да болот. Темасы кандай, идея барбы, нагыз чындыктан алындыбы, мазмун формасын, форма мазмунун таптыбы, көркөм образ көз алдыга элестейби, колдонгон сөз каражаттарычы?

Бул суроо-талаптарды «Кийик качтынын» төрт кырынан кирип белгилейли. Эң биринчиси, бүтүндөй Памир тоолорун каптап жапайы жаныбарларды кырып жаткан учурдун дал өзүн эч кандай алымча-кошумчасыз дапдаана түшүрүп алган лентадан бир үзүндү, бир штрих. Жасалмасыз, кыялында ойлоп окшоткон эч нерсе таппайсың. Экинчиси, колдонгон көркөм сөздөр менен салыштыруулардын жаңылыгы (буга караштырып өткөн ырларынан да табасың). Мисалы, «Мүйүздөрү күү жазылган нотадай, желге урунуп күү калтырды жылжытып». Үчүнчүсү, ойлоонун оригиналдуулугу, өзүнүн көргөн, билгенин өзү гана айтууга жетишип келатышы. Төртүнчүсү – адабий түшүнүгү кеңейип баратышы. Ырларында көркөмдүк сапат жагы артылышы. Кыскалыкка аракет жасоо байкалат. Улам-улам кайталана берип тытылган теридей ашмалтайы чыгып бүткөн темалар алыстап, сезондук саясый чакырыктардын үнү чыкпай калды. Күндөлүк турмушунда кандай кыйынчылыкты баштан өткөрүп, эмнеге ыраазы, эмнеге нааразы, кай чындыкты айтпай коюшка таптакыр болбойт деп санаса, сөзсүз ошону айтууга жарап келет. Эң жакшы жери: көздөгөнүнөн тайбастыгы, эрки бекемдиги анын таланты менен адамдык нарк-насилин да кошо ачылтып келет. Адамдардын баары эле байкуш кайберендерди чырылдатып канын куюлтуп жем кылып турган мээримсиз ач көздөрдү ушунчалык заардуу жек көрүп, атылган ок өз боорун тешип өткөндөй катуу ооруй бербейт. Акын жүрөгү башкачарак кабыл алат. Ишенбесең «Эчкинин улагы» деген дагы бир ырын окучу:

Памирде тоолор бийик, аска бийик,
Короо-короо кой мисал кулжа, кийик...
...сен аткан ок кадалбай боз улакка
Кадалсачы жүрөгүңө ташка тийип...

Жыпжылуу гильза ыргыды затворуңан
Адамдай ажал тапкан кас колунан –
Байкуш улак бир бакырып тыпырады
Түтүктөнүп ысык кан колтугунан.

Калдактап качты эчкилер, артын карап,
Бир эчки артта илкип араң барат.
Тыпыраган боз улагы элестелип
Сакалына жаш чубуруп тып-тып тамат.

Түшүндө ак улагы сүтүн эмет
Ойгонуп улагына кайра келет.
Улагы жок каңырсыган каны ташта
Убайымда кайтат да жашын төгөт.

Адам жалаң гана акыл менен эмгек куралын, тарыхы менен искусство түрлөрүн, же илим-билим жараткан жакшылыгынан башка да жер жүзүндөгү жырткычтардын жырткычы, ырайымсыз мерестердин мереси, чеги жок кыйраткычтын кыйраткычы, карды жарылгыча жесе да, көзү тойбос жутунгуч болсо, ага бир улактын бар-жогу эмне, баарына барат. Жан-жаныбарлар менен айбанаттарды мындай кой, Англиялык улуу философ Т.Гоббс: – homo homini Lunus – человек человеку волк, – адам адамга карышкыр – деп жөн эле бир кызыкчылык үчүн ойлонбой айта салбаса керек. Мында чындыктын өзөктүк сызыктарынын бири баштан аяк тартылып турбаса төрт жүз элүү жылдай убактан бери сакталып жүрмөк беле.

«Затвордон жыпжылуу гильза ыргыганда, касынан ажал тапкан адамдай байкуш улак бир бакырып тыпыраганда ысык кан колтугунан түтүктөнгөн» учурга ырастап ыкласыңды коюп, качан эчкилердин артынан бир эчкинин илкип баратканын деги эле элестетпей өтүп кете албайсың. Окко учкан улагын таштап салыш энеге өтө оор, калып калыш андан бешбетер кыйын, өзү атылат. Кетпеске таптакыр аргасы жок. Ошол үчүн алдан тайып, ич күйүтүн тартып араң баратат. Болбосо эмнеге «Сакалына жаш чубуруп тып-тып тамат?» Энелик инстинкт жапайы жаныбарларда өтө күчтүү өнүккөнүн өзүбүз деле көрүп жүрбөйбүзбү.

Эне жүрөгү улам улагын эстөө, зарлаган ый менен эле тынчып калбайт, сыздайт, таптакыр тынчы кетип эки жагын каранып издейт. Түнү да эркин уктай албайт, көзүнө улагын элестетет. Кокустан кирпиги кагылып кетсе:

Түшүндө ак улагы сүтүн эмет.
Ойгонуп улагына кайра келет.

Улагы жок каңырсыган кара ташта
Убайымда кайтат да жашын төгөт.

Суу жетпес тоо чөбүндөй үмүт солуп
Эчки жүрөт ичине күйүт толуп.
Мергенчинин эшигинде желге ыргалат
Ак улактын териси муштумдай чанач болуп.

Адам болобу, түрдүү айбанаттар болобу, ар жандын тагдыры өзүнчө чечилет тура. Ак улак мергенчинин колу менен атылды да, бир «чыр!» – этип алып, азуулуулардын алкына жутулуп кетти. Айтып бүткүс эң зор азапты улагын кантип жуткуртуп жибергенин эки көзү менен көрүп туруп, өз ыйы менен узаткан эчки – Эне тартып жатат. Ал таптакыр бөлөкчө жаралат окшобойбу. Башка аркар, кулжалар менен элик, текелер аралаш жүрүшсө да, улагынан айрылып артыкча убай тарткан эчки жалгыз калды. Калганда да кандай дейсиң. Баары бир тирүү кезде үмүт үзүлбөйт экен. Акын айтат:

Суу жетпес тоо чөбүндөй үмүт солуп,
Эчки жүрөт ичине күйүт толуп.

Мындан нары канчалык сыздап, кайгырбасын, канчалык көргүсү келип издебесин, улагынын маараган үнүн укпайт. Баары бүткөн, эмчеги эмилбейт, төгүлгөн мээри жетпейт. Деги ошол улактын бир белгиси калдыбы? Кыязы, көзгө урунуп, көңүл бургузары жалгыз гана ушул го дейм:

Мергенчинин эшигинде желге ыргалат
Ак улактын териси муштумдай чанач болуп.

Башка сөз ашыкча. Акын абдан оригиналдуу көркөм ыкма тапкан. Ырдын кантип бүтөрүн алдын ала айта коюш өтө кыйын. Жаңылануу аракетинде келет. Жашоонун бардык учурларына керектүү маселелер көтөрүлүүдө. Жалпысынан алганда изденүү жолуна түшүп жаткан жөндөмдүү акын катары да, агартуучу мугалим катары да, экология күйөрманы катары да, өзүн-өзү ачылтып киргени кадыресе окурман көңүлүн бургуза баштады.

Адам турмушу, адам табияты менен айбанаттар өмүр жолунун кайсы бир сызыктарында окшоштуктар да бар эмеспи. Акын ошол дүйнөнү ачып чыгышка аракет жасоого умтулат. Болгон мүмкүнчүлүгүн жумшайт. Эгерде байкуш эчки улагын эстей калса, сакалына жашы таамп, көзү жумула түшсө, түшүнө кирип, издесе табылбай, жок туруп бардай көрүнүп, бар десе жок чыгып, ачуу азап тартып жүргөн эчкинин күйүтүн чындап акын кошо күйбөсө, мындай көркөм асылдык сапаты жакшы, бирок муңдуу мотивде бүткөн ыр кантип жазылып, кантип бүгүн да түп мааниси сакталып турмак.

Аңчылардын да өзүнчө чөйрөсү, ичтен жакындаштыгы менен атаандаштары болот. Ошол үчүн ууга бири уурданып жеке чыкса, айрымдары кошулуп чыгышат. Ар кимдин мүнөзү ар башка. Кез-кез жолу болгон учурларда баары ачылып бабырашып отуруп, ташкордо бышканча реалдуу чындык менен фантазияны аралаштырып кызыктуу окуяларды айтышкан кездери болбоптурбу. Ошондой учурдун бир көрүнүшүн «Аңчылыкта» деген ыры жандуу кыймыл-аракеттин баарын алдыңа абдан сонун тартып берет:

Урчукту ууру булут калды басып,
Кийикчи ит тыңшайт сөздү түшүнчүдөй.
Жалын жалап кемегенин кара ташын
Жоолуктай көтөрүлүп, үзүлчүдөй.

Боорду карап коюп очоктогу
Бир чымчым насвай атып алакандап –
Берикбай кызып кетип насывайга
Бежирейт беш өрдөгү балапандап...

Мактанчаак мергенчилер «Мен, мен», – дешип
Сүйлөшөт кезек күтпөй жарыш менен.
Мампая малдаш уруп Мамырайым
Кулжанын мүйзүн ченейт карыш менен.

Айтышты тоодо жалгыз жаткандыгын,
Түтөкпөй далай ашуу ашкандыгын
Жанараак кулжа аткан куу аскадан
Качандыр картаң илбирс аткандыгын.

Асканы шуулдатпай шамал тынды,
Калптарын шуулдатпай алар тынды.
Мен уктап арсак Памир арасында
Түшүмдө көрүп жаттым Таласымды.

Ушунчалык узун ырды толук бойдон мисалга тартуунун зарылчылыгы бар беле? Сөзсүз бар, ал бир нече пункттан турат. Ошолорду конкрет белгилеп, конкрет көрсөтүп өтүүгө конкрет шарт түзүлүп калыптыр. Биринчиси: жалпылаштырып бүтүндөйүнөн алганда бул циклди түзгөн ырлар менен мергенчилер дүйнөсүнүн дагы бир керектүү сызыгы толуп келатат. Бул жагынан акын өсүү жолунда. Лирикалык каармандардын жеке өзүнө таандык белгилерин, алардын мүнөзүн билдирчү көркөм деталь, штрихтер менен туйгузуп коюшка жетишчүдөй баскычка көтөрүлүп баратыптыр. Эң негизгиси, мында акындын табият байлыгына адамдын көрсөткөн ашкере жырткычтыгына жасаган реакциясы же узакка уланып жаңылана берчү бүтпөс баасы берилип жатат деп билиш абзел.

Экинчиси: сөз менен сүрөт тартууга болгон табигый жөндөм бар экендиги. Мына ошондуктан, эл, жерге таандык Памир колориттүүлүгү өз белгилерине көңүл бургузуп турат. Мындай жандуу элестүүлүк турмуш кубулуштарын өз көзү менен көрүп, алардын өз табигый сапат белгилерин сактап, кагаз бетине таамай түшүрө алганы менен бааланат. Албетте, муну жансыз фото копия катары түшүнбөсүңө ишенерим бышык.

Үчүнчүсү: аңчылык же мергенчилик кесип кумары; ага түпсүз берилгендик, баш-оту менен кирип, бар дүйнөсү ошол болуп жашап калуусу. Айтар сөзү, ырдай турган ыры, ойлой турган ойлору, алдыда көздөгөн мүдөөсү, аткарчу милдети, өмүр кызыкчылыгы, кыскасы, түшүнө чейин кирчү түк өзгөргүс тагдыры болуп калган уучулардын жеке мүнөздөрүн кошо ачып чыгууга жасалган иш-аракетке кадам ташталганы баамга урунат. Келтирген мисалдан карачы, канча түрдүү адам, канча түрдүү мүнөз, канча түрдүү кызыкчылык өкүм сүрүүдө.

...Бийик аскалуу тоо арасы. «Урчукту ууру булут калды басып». Жагылган отту тегеректеп аңчылар отурушат. «Жалын жалап кемегенин кара ташын, жоолуктай көтөрүлүп, үзүлчүдөй» кетүүдө. Мергенчилер бирине бири сөз бербей жажакташып сүйлөшүүдө. Жакын аралыкта аңчы ит сөз түшүнчүдөй аларды тыңшап отурат. «Боорду карап коюп очоктогу, бир чымчым насвай атып алаканга» – кызып кеткенде Берикбай бежиреп беш өрдөгү балапандап...» кирет. Мактанчаактары – «Мен, Мен!» – бири бирине сөз беришпейт. Мамырайым мампая отуруп «кулжанын мүйүзүн ченейт карыш менен». Ал жаныбар тоодо жалгыз жаткан экен. Кайсы белдерди ашып келгенин, аны аткан куу аскадан «качандыр картаң илбирс аткандыгын айтышат». Булардын баарын мисалга тартып далилге өткөрүп турган ушул факты айтып берет. Сөз узакка созулуп кетти өңдөнөт. Тыянагын акындын өзүнө эле кайталатып алалычы:

Асканы шуулдатпай шамал тынды,
Калптарын шуулдатпай алар тынды.
Мен уктап арсак Памир арасында
Түшүмдө көрүп жаттым Таласымды...

Анатай Өмүрканов өзү табиятынан аңчылыктын артынан бекем түшүп, бар шык-жөндөмүн ошого жумшап жашап калчу жандардан эместигин буга чейинки карап өткөн ырлардын бардыгынан эле көрбөдүкпү. Бийик Памирде уучулар арасында жашап жүрсө да, азырынча бул кесиптин ичине берилип сүңгүп кирип кеткенин көрө алган жокпуз. Башкалардын чакыруусу боюнча ууга чыгыш ал үчүн сөзсүз түрдө аткарчу милдет делбейт.

Ал эртеңки тагдырын башкадан күтөт, башка өнөрдөн, – табият-тагдыр каны менен кошо тартуулаган, – акындык талантынан күтүлүп калды. Анын өмүр бою эч качан жанбас кумары – ПОЭЗИЯ, эстетикалык асылдык дүйнө. Ансыз жашай албайт. Албетте, уйкашка салып эмне жазса ошонун баары эле ыр боло бербейт. Азыркы жүргүзүп жаткан мугалимдик, же агартуучулук кесибинен башка кесипке өтөм десе өтөт, таштайм десе таштап деле коёт. Ал эми табият-тагдыр каны менен, эне сүтү менен кошо тартуулаган тубаса акындык талантынан эч качан бөлүнүп кетиши мүмкүн эместигине бекем ишенип калдык.

Дагы бир жагы: чөйрө башка, жүргүзчү иш-аракет башкага көздөлөт. Мергенчилик деле артыкча кызыктырып жибербейт. Тек гана көңүлүн алаксытып келүүгө жасалган бар-жогу билинип-билинбеген катардагы мааниси аз көрүнүштөрдүн бири деп койсок боло берет. Анын самаганы, күтүлүп-күтүлбөй кыялында көзүнө элестей калып турган туулган жердин ыйык күчү. Дал ошол үчүн «Мен уктап арсак Памир арасында түшүмдө көрүп жаттым Таласымды» – деген эки сапта канча эңсөө, канча сагыныч, туулган жердин баа жеткис кымбаттыгы сакталып турат.

Ушинтип, баятан берки жасаган иш-аракетибизден биз кайсы максатты көздөп келатканыбыз жакшы эле түшүнүктүү болуп калды өңдөнөт. Негизинен белгилүү бир аралыкта жазылган өзүнчө бир цикл ырлар аркылуу жаш акындын аң-сезиминде, көркөм образга салып ойлоо жөндөмүндө кандай өзгөрүштөр жүрүп жатканын конкрет аңдаштырып, кандай жыйынтыктар чыгарылганын конкрет далил-мисалдар менен жетиштүү эле даражада көрсөтүп бердик деп эсептесек болот.

Муну А.Өмүркановдун бүтүндөй чыгармачылык тажрыйбасынын абдан маанилүү кырларынын бири катары гана карап, түшүнүк алганыбыз оң. Же мындан да ачыгырак, мындан да тагырак айтсак, Адам менен Табияттын байланышы, адамдын жаратылышка жасаган оң-терс мамилеси, дагы кененирек жана тереңирек түшүнүп, билгибиз келсе,  экологиялык олуттуу маселелер тууралуу акындын ой жүгүртүүлөрүн, азырынча илимий-теориялык аныктамаларга көтөрүлүп кетпесе да, – жапайы жан-жаныбарларга болгон боор толгоолорун, эликтин улагы атылып, аркар, кулжалар менен эчки, текелердин азайып баратышынан эртең болчу бир кооптуу нерселер – акындык интуиция менен сезип, туюп, ошого окурман журтчулугунун да көңүлүн буруп жатканына кадимкидей олуттуу ой жүгүртүп каласың.

Андай болсо бул сызыктагы ырларда эстетикалык асылдык дүйнө да, узун өмүрлүү идеялар да, «Кожожаштан» бери келаткан бүтпөс экология проблемалары да, буга окшогон чыгармалардын жаралыш зарылчылыгы да бар экен. Мындан элүү жыл мурда кандай окулса, бүгүн да ошондой эле окулат. Маани-мазмун сакталуу. Көркөм формасы эскире элек. Туюнтуу каражаттары жарактуу бойдон, колдонуудан чыгып калган жок. Анткени, булар сезондук партиялык саясый чакырык, сезондук пахта терим, кызылча казуу, кой кыркым, тамеки үзүү сыяктуу бүгүн бар, эртең жок кампаниялардын ыры эмес. Түпкү тамыры жок, сөз жүзүндө, кагаз бетинде гана жашаган жасалма махабат, жасалма достук, жасалма патриотизм да эмес. Акындын жеке өз сезими менен өз ой толгоолорунан табигый түрдө жарылып чыккан оригиналдуу ырлар. Баштан өткөргөн турмуш чындыгынын айтууга өтө зарыл бир кыры, же акын куруп жаткан поэтикалык менчик имаратынын жер пайынын бир капталы ушундай негизинен туура тургузулуп баратат. Эгерде фундамент төрт кырлуу курулса, дагы үч кыры жөнүндө сөз жүрүш керек. Анда ошого өтпөйлүбү? Сөзсүз, абдан зарыл.

Бул темада оригиналдуу ыр жаратыш өтө кыйын. Себептери көп: канчалык даражада болгон чеберчилигиң менен кооз саптарды кынабын келтирип тизмектештирип чыкпа, ичинде жандуу сезим менен жүрөктүн оту болбосо, баары бир оригиналдуу ойлор да болбойт, табигый түрдө атылып чыкчу сөз да чыкпайт. Канчалык таланттуу болсо да, ысыбаган дүрмөт жанбайт. Өзүнчө өң-түс берип башка материалдан жасаган гүл эч качан табият тартуулаган жандуу гүл делбейт. Анын астында тамыр жаяр кыртыш жок. Суу ичпейт, аба жутпайт, күндүн жылуулугуна мемиребейт, ошол үчүн жытсыз, даамсыз, ширесиз, жансыз. Кыскасы, жалган пафостон бир уяда чогуусунан энесинен жем сурап, баары окшош чыйпылдашкан жөжөлөрдүн үнүндөй окшош өлүмсаңки кыбыраган бирдемелер гана жаралышы мүмкүн.

Экинчиси: тууган жердин кан-жаның менен түбөлүк бир экендиги, сен сыйынып, сен ыйык санаган дүйнөнүн эң улуусу, ал болсо, өзүң да болуп, андан ажырасаң, жоголуп турчу тагдырың экендиги. Дал мына ушундай Ата Журт улуулугу менен ыйыктыгы кандай кымбат болорун А.Өмүрканов тээ алыскы Памир тоолорунун катаал шарттарында Мекен зарылчылыгы чакырган маанилүү иштерге кармалып жүрбөсө, кайдан келип мындай нагыз жылаңач чындыкты түп нускасында табиятын таанып билмек. Кайсы күч жүрөк, сезимге көрүнүп-көрүнбөй кирип алып, сагынычтан санаа тарттырып, анан ушундайча баа бердиртип жатат. Ал дүйнөнүн кызыктуулугу менен сүйкүмдүүлүгү, жагымдуулугу менен керемет көркү кандайча курула баштаганын акындын «Тууган жерге» деген ырынын ичине кирүү, туюу, баалай билүү ой-сезимдериңди кылдат сергитип алып тереңден тескерип чыкканыбыздан жакшысы жок. Ыкласыңды коюп карай бер:

Алоологон мештеги от
Жалп деп өчөр өмүрдөй.
Жылытамбы көңүлүңдү
Үйдү ысыткан көмүрдөй

Жолдоруң ай, жолдоруң ай
Жоогазынга басамбы?!
Көңүлдү эзген көк тулаңга
Көмкөрөмдөн жатамбы?!

...Тынбай аккан тоо суусунун
Тынбагандай дабышы,
Тынбайт,
тынбайт
сен тарапка
Ойлорумдун агышы..
.

Жаш акында бирөөлөрдү туурап же жазыш үчүн эле жазууга умтулуунун эч кандай жышааны баам-парасатыңа урунбайт. Түбү калың мөңгүдөн бардык убакта үзгүлтүксүз сызылып чыгып турчу тоо суусундай болуп жаз келгенден тереңдеп, кеңейип кете берчү туптунук тоо суусундай акындын өмүрлүк жанбас урмат, сыйы реалдуу турмушунда кандай көрүнсө, ыр саптарында деле ошол бойдон жолугушат. Атайылап майдалап талдоо жүргүзүп чыкпасак деле акын жүрөгүнөн жай таап, эми тил учунда турган сөзү айтылды. Экинчи, үчүнчү куплет – атайылап асты сызылган саптарда өзүнүн канчалык жылуу сезими уялап турат. Ушинтип, акындын чыгармачылык тажрыйбасында эртең дагы бир салаа пайда болоруна жарактуу урук ташталып, көктөп, тамырлап кетишке жол ачылды, анын жылышына, негизги сапаттык белгилерине көңүл бургуза кетели. Эмесе акындын ушул темада жазган ырларына атайылап кунт коюп окуп кирдик дейли. «Таласты сагынуу»:

«Жакшысың жаан жаар жайкы кечтей
Жагалданып жадымдан көркүң кетпей,
Ата-энемдей сагындым Талас сени
Аба жарып кыйкырсам үнүм жетпей.

Чынында Памир кыска, Памир бийик
Жүрөмүн көкүрөгүм көккө тийип.
Жүрөмүн бакма элик баласындай
Талас деген сөз уксам көзүм күйүп.

Памирди көрсөм ээ деп самап, самап
Келген соң, иштеген соң – атаганат!
Аргасыз асыранды аркар мисал
Талас деген сөз уксам жүрөк канап...

Кубарып куурай мисал өңдөн азып
Тултуюп кээ бир кечте эрте жатып.
Таласымдын табийгатын элестетсем.

Элжиреймин жүргөндөй анда басып.

Бул жалгандан жалынып жалбаруу, артистче роль аткаруу, болбосо тек гана көңүлүн алаксытып туруш үчүн жеңил-желпи жазылып калган куплеттер эмес. Мында жоктон бүткөн эч нерсе жок. Күтүүсүз чыккан күлкү менен көз жаштай табигый түрдө ичтен катмарланып келип кезеги жеткенде шарт жарылып жүрүп кеткен кар көчкүдөй күчкө салып бар табият тагдырын Ата Мекенге байлатып турган улуу күч – ага болгон сүйүүсү. Көрсө, жарыкчылыкта Адам баласына Ата Журтунан жакын, Ата Журтунан кымбат баалуулук болбойт экен. Алыскы Памир тоолору Анатай Өмүркановго ошол улуу чындыктын терең сырларын таанытып жатат.

Ырасында эле тууган жерден алыста калбаса, аны кайдан «Ата-Энесиндей сагынып», «...аба жарып кыйкырса үнү жетпей», ...«бакма эликтин чаарчыгындай (автордо баласындай – К. Д.) болуп, же «аргасыз асыранды аркар мисал жашап келатса, «Талас» деген бир сөздү угузуп көрчү. Тим эле «...көзү күйүп», «...жүрөгү канап» калат. Мындай сезим жан дүйнөсүнүн бардык тамырларында каны менен кошо ойноп турбаса, жасалмасыз жакшы ырлар кайдан жаралат. Маани-мазмуну жагынан дүйнөдө бир да байлык менен бийлик, бир да өнөр менен сулуулук Ата Журт баалуулугун да, ыйыктыгын да алмаштыра албайт. Жер шарынын кайсы бир жеринде жүрсөң да таанышкан адамың адегенде ата-энеңди сурабайт, тууган жериңди сурайт.

Жогоруда карап өткөн акындын «Аңчылыкта» деген ырынан деле ууга чыккандар кеч олжолорунан отко кактап коюп, ар кимиси мергенчилиги тууралуу калпы-чыны аралаш ар кыл сөздөрдү бажылдашып айтып отурушуп уктап калышканда, алардын катарында жаткан акындын түшүнө эмнелер кирди эле? «Асканы шуулдатпай шамал тынды, калптарын шуулдатпай алар тынды. Мен уктап арсак Памир арасында түшүмдө көрүп жаттым ТАЛАСЫМДЫ» – дегени жөн жеринен айтылган эмес экен. Мунун талашсыз чындыгын азыр талкууга алып келаткан ырдын («Таласты сагынуу») аяккы эки куплети ого бетер жылгыс кылып бекемдеп, бар турушунда апачык дааналап көрсөтүп берет.

Сүйгөнүн сагынбаган болбойт кызда,
Уясын сагынбаган болбойт кушта.
Ойлосом сагынычта барар күндү
Боргулданам чыпылдап суук кышта.
           Садагасы Таласым...

Карыя жаштык кезин эстегендей
Сокурлар соо убагын эстегендей
Таласты дайым эстеп жатам, турам
Ансыз мага көп нерсе жетпегендей...
           Садагасы Таласым...

Кечээ койнунда жүргөндө Ата Журттун артыкчылыгын ушундай бийик баалады бекен? Жакынкынын баркынын баркы билинбейт. Кыргызда илгертен айтылып келаткандай, «бирөөнүн жери жер болбойт, бирөөнүн эли эл болбойт» сыяктанат. Болсо да кымбатка турат окшобойбу. Биз аны канчалык жумшартып туюнтпайлы, реалдуу чындыктын жандуу элементтери узакка жашап келе берет экен. Ошол үчүн Расул Гамзатов «Нет мамы, кроме мамы!» десе керек. А.Өмүрканов дал ушул психологиялык татаал шартта катуу санаага батып жашап жаткан учурун кагаз бетине туура түшүргөн. Чын эле ошол абалды башынан өткөрбөсө мына бул тариздүү ырлар кайдан жаралмак:

Азап экен алыс жерге барганда,
Эл сагынуу, жер сагынуу арманда.

Чиркин жүрөк учуп турат куш болуп
Кайтарыма аз эле күн калганда.

Кармаганбы күндү бирөө кулатпай,
Же уясы кеткен бекен ыраактай –
Күндөр мага жылбагансып көрүнөт
А кусалык ичимди эзет чыдатпай...

Суулар дагы куюлууга ашыгат, –
Күндөр эмне жылбай калды батыраак?!
Көптөн бери көрүшө элек айылым
Көздөрүмөн учуп барат чачырап.

Азап экен алыс жерге барганда,
Эл сагынуу, Жер сагынуу арманда,
Чиркин жүрөк учуп турат куш болуп
Кайтарыма аз эле күн калганда.

Акындын тууган жерди көрчү күнү келгенде жан дүйнөнү жарып чыккан кубаныч алоосу бүтүндөй тулку бойду каптап алыптыр. Ойлогону да, элестеткени да, тезирек көрүшкүсү келгени да ошол. Андан кымбат, андан кызыктуу, андан жакын эч нерсе жок. Жалаң гана ошону менен жашап турган маалы. Мурда ичте толук ачылууга даярдалып калган күчтөрдүн баары шарт жарылып жарыкка чыгып кетти. Баары нукура чындык, баары мөлтүр сезим ыргактары, жеке гана өзүнө таандык үнү менен көркөм туюнтуу ыкмасы иш-аракетке салган саптар жаңырууда. Мында китеп таасирлеринин жыты да жок. Сезондук партиялык көрсөтмөлөр менен үндөөлөрдүн, же күндөлүк үгүт жүргүзүүнүн үлп эткен үзүндүсү да, элп эте түшкөн эпкини да сезилбейт. Кайсы тарабынан келип карасаң да ыр, – бүтүндөй эле Памир циклдери да, – жаңы сөз, жаңы поэтикалык ыкмалар менен туюнтуу каражаттарына негизделип курулган (төмөндө булар жөнүндө кененирек айтылат).

Ырас эле тууган жердин өзүнө тартуу күчү ушунчалык зор болсо, мына-мына жолго чыгам деп тынчы кетип ээлигип турган жаш акындын бүгүнкү ал-аквалы кандай экендигинен да бир ачык кабар алып, эмнесин бүтүрүп, эмнесин бүтүрбөй калды, кайра келеби, жокпу, жолго качан аттанаарын тагырак да, ачыгырак да көрүп, билип алышыбыз абдан зарыл. Кылдаттап көз салалычы, акын эмнени айтат, биз эмнелерди көрөбүз. Кыязы, аттанып чыккыдай деле болуп калды өңдөнөт («Кайтарда»):

Суу болуп аска таштан кулатылган
Ок болуп кысталышта бир атылган
Келатам, өскөн жерим энеме окшоп
Өзүңсүң арманымды уга турган.

Мурдагыдай чыгабы күнүң дагы
Жааның жаайбы дагы эле мурдагыдай?!
Көрсөм экен чөбүңдүн көйкөлгөнүн
Кусалыктан кубардым ыйлагыдай.

Бардык жагынан баам жүргүзүп өтө кылдаттап териштирип бакчы. Бул чакырык ырды кайсы күч, кайсы зарылчылык жаздырып салды. Жаш акын мындагы айтчу сөздөрүн айтпай коюуга таптакыр мүмкүн эместей көрүнөт. Ушул сегиз сап ырда канчалык сүйүү, канчалык бийик баалар, Ата Журттун өзү өмүр бою кыйышкыс биримдик менен тагдырын кармап турганы айтылууда. Баары оозду ачканда эле табигый түрдө токтоосуз шыркырап төгүлүп түшкөн саптардан куралган. Көркөмдүгү жайында, түпкү мааниси оңой менен эскирбейт. Бүгүн да окулат. Кандай доор, кандай учур болбосун Ата Журт идеялары ар түрдүү формада кайталана берет. Эртеби, кечпи, турмушта ар бир адам баштан өткөрчү күтүүсүз-күтүлүү турары эч кандай талаш туудурбасы чын.

Ушинтип, Ата Мекен – киндик кан тамган тууган жерге карай аттанып алган соң, көкүрөк көтөрүлүп, бардык жан дүйнөсүнө өзгөчө күч кирип, жаңы эргүү байлап, тууган жерден башка эч нерсе көзгө урунбай, көңүл бургузбай тим эле учуп келатат. Ал процесстин өзүн бир карап көрбөсөң, көп маанилүү кызыктан куру каласың.

Өзүмдө өлбөс баатыр жаны бардай,
Өзүмдө кереметтин баары бардай,

Бийиктикке чыгарбай кулатса да
Бийиктикке чыгуучу өжөр жандай.

...Баратам «көк кашкада» зымырылып
Памирим деп, Мургабым деп кыңырылып,
Эшиктеги шуулдаган шамалынан
Кулагыма кумар канбас ыр угулуп.

Бийиктикке чыгуучулар кыйналышат
Мен өзүңө чыкканда кыйналгандай,
Ак жол тиле!
                   Мен башкача бийиктикке
Чыгууга кайрат, күчүм жыйналгандай!

Асты атайылап сызылган саптарга өтө сергектик менен бар дитиңди коюп оку. Адегенде кандай эстетикалык асылдык элементтерден курулганын бир-бирден териштирип чык. Сапат деңгээлине көңүл бөл. Ыр табигый түрдө жаралганбы, жокпу, чечилчү маселенин маселеси дал ушунда турат. Анан шуу-шуу кеткен шамалдын татаал полифониялуу музыкалык чыгарманын ар кыл этюддарына айланып баратып кайра тартылып, кайра бөлөкчөрөк кетип келаткан жүрүшкө айрыкча маани бер. Акындын көркөм сезиминде жүрүп турган асылдык дүйнө күчүнүн кандайча таасири тийип жатканына аралаш. Беш жылдай катаал Памир Мургабынын ызгаарына тоңдуруп, чаң ызгытып бетин туурулткан кара шамалынан да бир жакшылыктуу белгилерди көрсө керек. Акын жүрөгү биринчи кезекте ошонусу менен өзгөчөлөнөт. Узак жолдо туруп-туруп эле «Памирим деп, Мургабым деп кыңырылып» келатканын карабайсыңбы. Баарында акындык жылуу сезим, чыныгы адамдык ак жүрөктүк жашайт.

Мында акыркы «Бийиктикке чыкчулар кыйналышат, мен өзүңө чыкканда кыйналгандай. Ак жол тиле! Мен башкача бийиктикке чыгууга кайрат күчүм жыйналгандай!» (астын сызган мен – К. Д.) – деген куплетти кайрадан дагы бир сыйра окуп чыгып, эң башкы, чечүүчү мааниге ээ поэтикалык табылгалар акындын өзүнө жаңы ишенич, жаңы дем берип, өзүн-өзү чындап ача билүүгө жол алдырганы болду.

Бул бийиктик жалгыз гана Памир бийиктиги, татаал десе татаал, катаал десе катаал арсак тоолор арасында өмүр сүрүүнүн бийиктиги эмес. Бул – баарыдан мурда башка бийиктикке, чыгармачылыктын бийиктигине «чыгууга кайрат, күчүн жыйнап», өзүнчө ички даярдыктан өтүп, поэзияга ак дилден, аруу сезим, артыкча жооптуу мамиле жасоо менен жараткан ырларынын үлгүлөрүнөн тартуулап, калганын алдыда жүзөгө ашырчу бирден-бир ыйык милдетине карай ак жол тилеп турган бийиктигине чыкчу эң түпкү ой-максаты.

Кантсе да тууган жер, Ата Журт деп санаа тартып сагынып, куса болуп, Памирдин түтөгүн көтөрүп, бетин карартып катырып таштаган ызгыт шамалына чыдап, күн өткөн сайын Таласы түшүнө кирип жүргөн акыныбыз, кубаныч менен тынымсыз жол алып отурган акыныбыз акыры «Алыстан айылга келгенде» биринчи кимдер тосуп алышты, эл кандай экен, эмнелерди көрдүң? Тууган жерде кандай кызыктуу өзгөрүштөр болуптур? Муну да билип коюш сөзсүз кажет:

Мурдагыдай суу агат – комуздай,
Мурдагыдай ай чыгат – томуктай,
Мурдагыдай булбулдар сайрашат
А мени бир ойлоп коюшпай.

Ак тамдар жайнашат – тепкедей,
Аптапты сөз дебей, кеп дебей,
Алмалар шагында салаңдайт
А мени бир дагы эстебей.

Булуттар кайдадыр жылышат
Бей тааныш жаш балдар турушат –
Тааныбай айылдаш агасын

Кайырмак талашып урушат.

Мен келдим алыстан шашылып
Айлымды жүрөккө батырып,
Мурдагыдай күн өтүп жатыптыр

Жаап-жаап, кайрадан басылып...

Турмуш чындыгы, коомдук агымдын ички жана сырткы күчтөрдүн талабынан алгалаш табияты жакшы берилген. Ыр сөзсүз изденүү менен жазылган. Китеп таасиринен (орус сынчылары «книжный поэт» дешет ко), аты чыккан акындарды ээрчүүдөн кадимкидей бөлүнүп, өзүнүн индивидуалдуу ойлоо, сезип-туюу жөндөмүн калыптандырып алганы көзгө түшөт. Өзү – өзүнө гана окшойт.

Жаратылыш дүйнөсү баягы эле түзүлүшүндө: кайталанып келип-кетип турчу жазы-кышы, ачы-тогу, күлкүсү-ыйы менен мурдагыдан анча өзгөргөн жери деле жок. Ар ким жай-жайында жеке тиричилиги менен алек. Акындын Тууган жерге, Тууган элге бир жетсем деп эки көзү төрт болуп, эңсөөсү кандай күчтүү болчу. Ооба, аман-соо келип да алды. Айылында деле турмуш агымы кадимкидей жолунан чыкпай улантылып жатыптыр. Акындын келиш-коюшу деле эч нерсеге таасирин тийгизген жок. Ар бир кыбыраган тирүү жан өзү менен өзү. Эс тарткандан тааныш Аалам кыймылы да мурдагы абалында көрүнөт. Бири түн түшүрүп, бири дүйнөгө жарык чачып, куштары сайрап, мөмөлүү бактары жайнап турушат. Ошондогу тунук суудан ичип, таза абасынан дем алууда. Бир гана көзгө көрүнөрлүк жаңылык – алдында ...«бейтааныш жаш балдар турушат». Жөн эле эмес, «тааныбай айылдаш агасын, кайырмак талашып урушат». Көрсө, бул аралыкта жаңы муун, жаңы толкун пайда боло баштаптыр.

III

Улуу турмуш агымы көп салаалуу, көп кырдуу, көп тамырлуу түзүлүштү өтмө катыштыкка салып жүрүшүн улантуу менен, өзү да ошолордон куралып, толукталып алга жылууда болот. Анатай Өмүрканов да «Мөлтүр сезиминде» ошол процесстин ичинде келет. Ал жаратылыш көрк-байлыгын сактап калууга, Ата Журт улуулугу менен ыйыктыгын калың калайыкка жеткирүү кандай зор милдет экендигин жүлүнүн сыздатып, жүрөгүн өрткө салып безенип ырдап өттү. Дагы кайталанат, бүтпөйт.

Тууган жерден бөлүнүп, алыста жалгыз жашап калуу кандай оор азап болорун жети кабат желке терисин сыйрытып сыноодон өткөздүргөн чындыктай кан-жаны менен далилдеп берди. Күчтүү дух, бийик көңүл гана бийиктикти эңсейт. Адамдык парзын баарынан жогору коюп, ошону таза аткарууга болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап, таза күрөш менен жашап өтөт. Бул жагын эртең улантчу турмуш жолу менен чыгармачылык жолу дагы көрсөтөр...

Баятан бери айтылгандарды дагы конкреттештирип, дагы кеңите түшөлү десек, акындын башкачарак темада жазылган жана бир ырына кайрыла кетели. Ырды ошол эле Мургаптын ызгаарына тоңуп жүрүп жаратыптыр. Реалдуу турмуштун – реалдуу көрүнүшү. Койчуман иниси Каныбекке арналыптыр. «Памирден кат» деп аталат. Анда чындап окудук. Конкрет эстетикалык талдоого алынчу предметтин өзүн колго алып далил-мисалдар менен сөз жүргүзбөсөк, абстрактуу түрдө айткандарыбыз эч кимге жетпейт, ачык түшүндүрө да албайт. Ыр кетти:

Жан сыяктуу жашагандан тажаган
Шашкалактап шамал ташка урунат.
Анын үнү койго жетпей кыйкырган
Сенин үнүң сыяктанып угулат.

Быйыл бизде башкачарак кыш болуп
Суук-суук, кийик тоңуп, куш тоңуп,
Бул аязда эмне болдуң экен деп
Эртели-кеч эстей берем бук болуп.

Ушул жерден бир айланчыктап алалы. Адегенде эле көзгө түшчү жагы: акындын психологиялык оор жана татаал шартта калган абалы туура кармалып, кагаз бетине таамай түшүрүлгөнү. Каралчу объектинин өзү маани-мазмунуна жараша башкачарак форманы, ошонун ичинде оригиналдуу туюнтуу ыкмалары менен каражаттарын табууну талап этип турчу кырдаал түзүлчү учурга абдан ылайыкталып коюлган.

Акын өзүн-өзү ичкертен ачып чыгууда. Психологизм тереңдөөгө жакшы жол алды. Кистиси кылдат ойногон реалист художник ачылып келатат. Ассоциациялык ыкмаларга салып көркөм образдар менен ойлоп жазуу, анын өздүк стилине айланууда. Мындай сапат профессионал адабиятта гана болот. «Демди кысып жарым карыш бастырбай, кадамыңды карагыча кайрылып, шамал жалмап издериңди таптырбай» турган Памир суугу, «жан талашып зымырап келип ташка урунган шамалдын үнү... Койго жетпей кыйкырган инисинин үнү сыяктанып угулса», ...Мургаптын «суук-суук болуп, кийик тоңуп, куш тоңуп» турган аязда ...«эмне болдуң экен деп эртели-кеч эстей берем бук болуп» менен эт, жүрөгү кантип эзилип, бир бооруң канчалык жакын болорун мындай кыйын шартка туш келбесе ушунчалык жакындан билет беле?

Акындын ар кыл катуу ойлорго салып, түн уйкусун, күн тынчын алып, ичинде сакталып келаткан сөздөрү али айтылып бүтө элек. Дагы бар, аягына чейин укпасак таптакыр болбойт, улантсын, ырастап назар салууга өтөлү:

Күн ачылса менин көңүлүм ачылып
Күүгүмдөнүп күн бүркөлсө тумчугуп –
Эч нерсеге көөнүм келбей, түшүмдө
Сенин коюң кайрып жүрөм кыйкырып.

Көңүлгө албай анча-мынча илдетти,
Мен да аткарып жүрөм кыйын милдетти.
Өзүңө өзүң ишенгендей ишенем
Сен эмессиң ишеничин замандын
Аткаралбай көңүлүмдү кирдетчү.

(12-бет). 

Биринчи куплеттеги асты сызылган эки сап логикалык, маанилик жагынан алганда алардын алдында айтылган ойлорду дагы чыйралтып, дагы тереңдетет. Памир ызгаары канчалык күчөгөн сайын, акын койчуман инисине ошончолук жакындап, анын кычыраган кышта көргөн оор түйшүгүн кошо тартышып жатпаса, түшүндө кыйкырып койлорун кайрып жүрмөк беле. Бул – бир тууган инисин кайра-кайра эске сала берип, ой-санаанын түбүнөн чыгалбай калган учурда түшүнө бузулуп кирген реалдуу турмуш элестеринен эле бир көрүнүш.

Айтылгандар айтылбаган соң, көргөн түш дегениң түш бойдон гана калат экен. Азырынча ишти ойлогондой чече коюшка эч кандай шарт жок. Экөө эки жерде кыйынчылык тартып турушу – эл милдетинен, заман милдетинен, мойнуна тагылган адамдык карызынан да кутулуп жатышканы. Жоопкерчилик деген түшүнүк ал кезде сөзсүз аткарылчу тапшырма, ыйык ант катары бааланганын да эске алышыбыз зарыл. Ошол үчүн акын койчуман инисине дем берип, «Сен эмессиң ишеничин замандын аткаралбай көңүлүмдү кирдетчү» – деп чыдамдуулукка чакырык таштап, туруктуулукка үндөп жатат. Анча-мынча болсо да агасынын турмуштук тажрыйбасы артыгырак эмеспи. Оң таасирин тийгизбей коюшу мүмкүн эмес чыгар.

Анатай Өмүркановдун чындап жасаган ачылышынын бири – «Жазында жашылы жок, жыты жок», «булактын шылдыраганы, ...жалбырактын шуулдашы угулбаган, жайдыр-кыштыр тоонун түсү бозоруп, гүлдөр өспөгөн, дарак жок» жерге келип өзү айткандай; шамал менен кармашып жетилген акын эмчектеш, кандаш иниси алыста калганда өзүнө ушунчалык жакын, ушунчалык кымбат болорун так ажыратып, даана түшүнүп алууга жетишкени. Эгерде күндө көрүшүп чогуу жашап жүрсө, койчу инисине артыкча боор толгоп ичтен сыздап отуруп, ага атайылап мындай жандуу ыр арнап жазалат беле, жокпу, ким билет...

Акындын Мургапта өткөргөн беш жылдай өмүр жолу, жашоо шарты, жыйналган турмуштук, чыгармачылык тажрыйбасы, анын бүтүндөй аң-сезимине, көркөм образ менен ойлоо жөндөмүнө, жалпы эле маданий дүйнөсүнүн кеңейишине канчалык даражада жаңылануу киргизгенин кадимкидей таанып-билип калдык ко дейм. Мында аралыктын алыстыгы менен табияты катаал тоолордо күн өткөрүүдөн тарткан кыйынчылык акындын чындап ачылып чыгышына себепчи да, түрткү да болуп жатканына өзгөчө маани берип, атайылап белгилеп өтүүгө тийишпиз.

IV

Ушинтип тагдыр табияты Анатай Өмүркановду тээ ырааккы Памирдин арсак тоолорунун арасына алып барып таштап койду. Жаштык дем, акындык эргүүнүн күчү, романтикалык учурдун эрдик жасоо чакырыгы учууга шылтоо таппай ээлигип канат кагып турган жаш талантты тынч коёбу. Ошол кездеги Борбордук партиялык, комсомолдук комитеттеринин көрсөтмөлөрү менен тапшырмаларынын да тиешеси болгонун жогоруда эскертип өтпөдүк беле. Мургап дүйнөсүнө жетип-жетпей жатып зор таңдануу, эркин чабыттоо менен жазган «Памир» ЭКЗОТИКАЛЫК ырынан кийин бул кайталанбай деле калды. Себеби, реалдуу жылаңач турмуштун жүрүшү башка экен. Мургаптын тумандуу кара шамалы менен кышкы суугу бетин келтире туурултуп туруп, тез аранын ичинде өзүнүн басчу жолуна салып койду. Жаш акын учкул кыялында жасап алган романтикалык-фантазиялык боёкторун шыпыртып таштап, нагыз ачуу турмуштун өзүн мыктылап таанытып таштады. Анын реалдуу, предметтүү далил-мисалдары деп кайсыларды айтабыз? Алар кыйла бар. Негизгилер белгиленип келет. Ошентсе да жок дегенде МАХАБАТ лирикасына азырак токтолбой өтүшкө таптакыр болбосо керек.

Дүйнөдө жаштыктын туңгуч лаззатын эсине салбаган, жеткенин шаттуу күү, жетпегенин арман күү кылып чалбаган адам табылбаса керек. Балалык, жигитчилик доорду башынан өткөргөн акын Анатай Өмүрканов да тирүүлүктө мындай таттуу күндөргө туш келбей, ачуу «ооруга» кабылбай калышы деле мүмкүн эмес чыгар. Оозубуз жабылгыча «Жалгыздык» аттуу бул ыр көз алдыбызга тартылып калды. Мейли, конкрет таанышалы:

Ойлосом булуттар каалгып,
Токтолот тоодогу жаан лып...

Жагоодой жаркылдак жан эркем
Жар болдуң сен кимге таандык?!

Канатып карттанган жарамы,
Учуруп сен жакка санаамы, –
Өмүрдү өткөрүп келатам
Жап жалгыз тарткылап арааны...

Кубарат бир кулжа капканда
Адашат бир ак куу асманда, –
Жалбырак куланат бириндеп
Мен жалгыз бак жакка басканда.

Кайгым бар көптөргө байкалгыс,
Кайгым бар көптөргө айталгыс.

Аларды азайтып келатам
Өзүңө ыр жазып жапжалгыз...
(33-бет).

Мен муну психологиялык лирика дээр элем. Бардык күч ичине катылган. Оңой менен арылбаган өкүнүч, сыздоо, сагыныч бар. Ой-сезим узакка билинип-билинбей, туюлуп-туюлбай жүрөк, боорун эзгилеп жүрүп, анан жарыкка чыккан ыр экендиги дапдаана байкалып турат. Мында жанрдын ички структуралык курулушу менен идеяны эркин айкалыштырып алып чыгуунун логикалык ырааттуулугу бири-бирине абдан төп. Көркөм туюнтуу каражаттары жетиштүү. Түрдүүчө салыштыруулар менен оригиналдуу метафоралар, кызыктуу ассоциациялык ыкмаларга салынган туюнтмалар арбын пайдаланылат. Мисалы, мына бул саптардай: «Кубарат бир кулжа капканда, адашат бир ак куу асманда – жалбырак куланат бириндеп мен жалгыз бак жакка басканда».

Ушул жерден узабай туруп эскерте кетейин. Анатай Өмүрканов бардык жерде, бардык учурда, бардык ырларын баарыга түшүнүктүү адабий тилде жазууга ошол кезде эле толук жетишип алыптыр. Анын ырларынан Талас диалекти, Талас говору деп атагыдай айрым сөздөр, болбосо, беш жылдай Мургабда сүйлөшүп, угуп жүргөн кыпчактар менен каңлы, тейит, ичкилик топторунан кыргыз тилине ылайыкташтырып өздөштүрүп алган бир сөз, бир термин учурата албайсың. Ал эми аралаш жашаган менен, таптакыр башка тилдүү тажиктерден жуктурчусу кайсы болот. Эч нерсе сезилбейт.

Адабий тил менен илимий тилдин сабаттуулугу, ойлоо табиятынын сапаттык жагынан жаңыланышы – бүтүндөй маданий деңгээлдин жетилишин таанытат жана өзү типтеш бөлөк факторлорго кошулуп, ошол баскычтын айырмачылыгын аныкташат. Ушул себептүү адабий тил менен илимий тил түп мааниси бузулбай, кабыл алынган эреже талапка жараша туура колдонулат. Сөзгө тартылган байланыштар ичинде болгон үчүн, Анатай Өмүрканов өткөн кылымдын 1966-жылынан баштап, 1971-жыл (беш жыл) арасында жараткан ырлар профессионал жазма адабияттын профессионал өкүлдөрүнүн калеминен чыккан кадимки стихотворение тибинде жазылганын атайылап басым жасап айтып, бекемдеп белгилеп өткүм келет.

Мындагы негизги ийгиликтин бири – акындын көркөм ойлоо маданияты өзгөрүүдө экендигинде, же орус адабият таануу илиминин тили менен айтканда, индивидуально-художественное мышлениеси жаңыланып бараткандыгында. Акындын үйрөнчүк, жаштык доору бүтүп калыптыр. Бул ырды жаш таланттын алоосу жаңыдан жанган маалында өзүн таанытып коюп кайып болгон туңгуч махабат ич дүйнөсүн өйкөп сыздатып келаткан арман-асирет күүсү экен десек, эми тээ ырааккы Памир тоолорунда жан эркеси көздөн учуп, санаа тартып саргайып жүргөн учурун да жакындан көрүп койбосок болбос. «Неге жаным бир кат жок?»

Күндө катты каратамын тажабай
Почточу кыз «жок» деп күндө жылмаят.
Так ошондо менин кырчын өмүрүм
Так жыйырма жашка чейин улгаят.

Адеп катты каратамын тажабай
Адеп ал кыз «жок» деп мага маңкаят.
Так ошондо менин жапжаш өмүрүм
Так отуз беш жашка чейин картаят.

Балыкчыдай күндө келген балыкка
Күндө келем кубанып кат каратып –
Неге жаным жок дегенде бир кат жок
Күндө кетем жүрөгүмдү канатып.

Тобокел деп тоого чыккан мергендей
Күндө келем сүйүнүп кат каратып –
Неге жаным жок дегенде бир кат жок
Күндө кетем көңүлүмдү канатып...

(64-бет).

Акындын ар бир тамыры сайын чындык каны тынымсыз жүрүп турган маалда жараткан абдан жандуу ыр экендигин адабий сабаты жайында, сергек эстетикалык сезими бар ар бир көркөм сөз ышкыбозу бул ырга салкын тартып окуган болуп кете бербейт. Автор өз башынан өткөрүп жаткан мөлтүр махабаттын, сагыныч менен эңсөөнүн эң күчтүү жерлерин кармаган. Нагыз сүйүүнүн жапан күчү кандай экендигин өзү да ырастап таанып-билип, окурман журтчулугуна да таанытып жатат. Ичинде жылуу сезими, таттуу ширеси, музыкалык угулушу, сөз менен тартылган өң-түстүү элестер кантип жараларын көрсөтөт.

Ал сүйүнүчтүү да, күйүттүү да күндөрдү керт башынан өткөрүп, бир жагынан, тунук махабат лаззатына көлкүсө, экинчи жагынан, азабын кошо тартып күн сайын зор үмүт менен почтага кат сурап келет. Анда иштеген кыздын бирде «жылмая карап» «жок» десе, бирде «маңкая карап» «жок» деп жооп бериши деле бул жерде жөн жайынча айтылып турчу көнүмүш сөз эмес. Аны катуу тийчү сөздү жумшагырак кабыл алдырган аракет деп бил. Акын абалына көз салган кыз да бир нерсени сезип жатат окшойт. Сумсайып бош басып чыгып кеткен бейтааныш жигитке ичтен азырак боор оорунун белгилери бар. Мында көркөм деталь, штрихтер туура табылган. Бул учур убактылуу болсо да санаага батып, ойго түшкөндүн баарын махабатка чырмалыштырып алган акындын көзүнө бөлөкчөрөк көрүнүп, ар нерсеге жакындаштырыла берет.

Ыр чындап кайнаган сезим, сыздаган жүрөктөн чыкканы, анын «Неге жаным бир кат жок»  деп аталышынан эле апачык сезилип турбайбы. Толук бойдон окуганыбызда ички сырлары кеңири ашкереленип бүттү го дейм. Кайдан бүтүп, кайдан басылсын. Дагы эле ЖОК. Махабат кайра көтөрүлгөндөн көтөрүлүп баратат. Акын «Жазчы кат» деп чыдабай кайра зарыгып сурана баштады:

Катың менен жашап жатам жан эркем,
Мага тааныш демиңди угуп катыңдан.
Демиң турсун жылуулугуң сеземин,

Бир мен үчүн кат сабына катылган.

Көнүп калдым каттарыңды күтүүгө,
Каттарыңдан мен өзүңдү көрүүгө.
Каттарыңдан элестетип жүзүңдү

Кайта-кайта каттарыңдан өбүүгө.

Көп-көп жазчы убактыңды аябай,
Бүт каттарың мага дары-абадай,
Бүт дүйнөнүн ысыктыгын сездирген
Сөздөрүңдү кармап турган барак ай.

Ар бир адам өз бактысын күткөндөй,
Көп иштерим көңүлүмдөн иштелбей.
Күтүп келем сенин ар бир катыңды
Катың менен тагдырым бир бүткөндөй...

(«Жазчы кат», 66-бет).

Карачы, ушундай татаал шартта, татаал милдет аткарчу зор сыноодон өтө баштаганда эле махабатка кошо кабылып, кызык абалда калган учурда кат да кадимкидей бир маанилүү иш жүргүзүп жатат. Аны бир жерден бир жерге кабар жеткирет деп коюш өтө аздык кылат экен.

Ар бир каттын келиши чындык күчү менен махабат күчүн жаңылап арттырып, акындын талантын ачышат; тийгизген таасирине жараша көркөм сезимдин жанданышына түздөн-түз катыш жасап, практикалык жагынан жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүп, издентип, иштетет. Андан шаттуу кубаныч да, эзилген күйүт да келип, ой-сезимди учуртат. Чыныгы жүрөктү жарып чыккан жандуу десең жандуу, өмүрлүү десең өмүрлүү жакшы ырларды жаздырат.

Ошол үчүн ал каттан «...өзүнө тааныш демин угуп, ...жылуулугун сезип, ...каттарынан өзүн көрүүгө, ...элестетип кайта-кайта дале каттарынан өбүүгө» кумарланат. Махабатты көксөгөнү көксөгөн, кайра катуулайт. Акындын сүйүүгө берилгени ушунчалык керектүү экен: «Каттын барагы бүт дүйнөнүн ысыгын кармап турат». «Ар бир катын ...тагдыры менен бир бүткөндөй күтүп» келет. Мында дил тазалыгы, махабат күчү, адамдын мүнөз сапаты, эстетикалык асылдык дүйнө жаратууга жасалган аракет, баары бирин бири толукташып келип, куру калдырак жасалма пафос, жалган боёк, саясый шаңдуулуктан сырт, табигый түрдө ичкертен түйүлдүк байлап өнүп чыгып, табигый түрдө ой-сезимди козголой алчу нукура поэзия үлгүлөрүнө өзүнүн оригиналдуу ырларын кошуп жүрүптүр.

Анатай Өмүркановдун ушундай эстетикалык баалуулукту жаратууга жетишкен талант кудурети менен олуттуу изденүүдө келаткан иш-аракети махабат ырларынын көпчүлүгүнө таандык экендигин өзгөчө белгилеп өтөр элем. Ошондой сапатка ээ болгон үчүн, алар жарым кылымга жете убактан бери нарк-насилин жоготпой окулуп да, ырдалып да келаткан чыгар. Узак аралык. Мындай сыноодон акын аттуунун баары эле өтө бербеси чын. Акындыктын бактысы да, трагедиясы да ушунда.

Эне мээри башкача го. Баласы ал үчүн дайым бир ишин бүтүрө албай курсагы ач калгандай, көрүп турбаса көңүлү такыр тынчыбайт. Ал чоңоюп, «уул, кыздуу болсо да, апакесине балтыр бешик балапандай көрүнөрүн» билет (43). А баласы алыста жүргөндө энесин эстебей коёт дейсиңби. Санаа тартып сагынганда «...ылдый көздөп сапырылган сайдын ташын карап, көңүлү бук ылаачындай ойлонуп отуруп, менден түшкөн жандуу элес жоголбой жалбырактай айылыма агып барса – уулунан кат келбегенине муңайган апакеси сузуп алышын» тилейт. Ошондо «...Дир-дир этип чайпалбастан төгүлмөкмүн Ай жүзүнө, Күн жүзүнө өбүлмөкмүн» деп айтканындай, бар дүйнөсү толуп, көңүлү көтөрүлүп калат.

Экинчи ырында («Окшоп жүрөм») акын апасын катуу эстегендеги абалын «Сагынычтан саргайган убакта, окшошомун бир жак учу жалбырттап, бир жак учу күйө элек жыгачтай» элестеттирет (43). Акын жүрөгү назик, баарын тез жана түз кабыл алат. Албетте, сөз чыныгы акындар жөнүндө баратат. Негизинен Анатай Өмүркановдун «Мөлтүр сезиминдеги» ата-энеге арналган ырлары да көптөн бери көңүл тереңинде, жүрөк кагуусунда жетилип келип, акырында токтотууга таптакыр болбой калганда табигый түрдө «тарс!» жарылып чыккан жандуу саптардан курулганы менен окурман жан дүйнөсүнө таасирлүү кабыл алынат. Андай болсо атасына арналган ырлардан деле окуй кетсекчи:

...Андан бери жылдар суудай агыптыр
Эчен соолуп, эчен ташып күүлөнүп, –
Атам азыр бала болуп калыптыр
Алда нени өз алдынча сүйлөнүп...

Ойноо кезде мен өзүмчө сүйлөнсөм
Атам анда сүйүнгөн ээ жетинбей?!
А азырчы, мен өзүмчө башкарсам
Таарынат да, жатып алат чечинбей.

Байкабастан машинанын жолуна
Басып кетет...
                         Кармап калам колунан, –
...Жолго чыксам, менден корккон атамдын
Ошондогу сүйүүсүнө жолугам.

(37-бет).

Төрт тарабынан келип кылдат баам жүргүзүп көр. Дүйнөдө бир да күчкө, бир да заң-законго баш ийбеген табияттын өз бийлиги бар экендигин, ата-бала өмүр жолунун ортосунда кандай өзгөрүштөр болгонун конкрет турмуш далилдеринен апачык эле көрүп, жандуу элестетип турбайбызбы. Акын кичинекей көркөм штрихтердин күчү менен жеке адам мүнөзүнүн белгилерин ачып беришти жакшы үйрөнүп келатыптыр. Мындай сапат белгисиз көркөм образ кайдан жаралат. А көркөм образсыз адабияттын өзү жок жана эч качан жашабайт.

Экинчи жагынан, балага төгүлүп турган эне мээри болсо, ата мээри да бар. Бекерден ата көргөн бала деп айтылып калыптырбы. Акын жылдар жылып, кечээки шатыра-шатман жүргөн атасы «...азыр бала болуп, ар нерсени өзүнчө сүйлөнүп», «...кээде байкабай машинанын жолуна басып кеткенде... колунан кармай калган» учурларда жасалган жылуу да, жооптуу да анык перзенттик карызын таза аткарып жатканы ушул саптарда жашап калган.

Анатай Өмүрканов ал кездерде газета, журналдарга анча деле жарыяланбай, башка республикалардан бери келишчү жаш акындардын фестивалдарына катышып жүргөндөрдүн арасынан да учуратпаптырбыз. 1964–1966-жылдарда Университеттин адабий кружогуна канчалаган акын-жазуучулардын чыгармаларын талкуудан өткөрбөйт элек. Бирок Анатай деген жаш акынды окубаптырмын да, билбепмин да. Ал турсун Анатай иштеп, жашап жүргөн Памирдин дал ошол Мургабында туруп калышкан жакын абалардын чакырыгы менен эки жолу (1967 жана 1970-жылдары) болуп келсем да, аны учуратпапмын. Эгерде көрсөм, балким, бул ырларды Мургабда кол жазма түрүндө окуур белем. Анткени, «Мөлтүр сезим» ошол кезде эле сезондук саясый кампаниялардан сырт, партиялык чакырыктар менен буйруктардын таасири анча тийбеген шарттарда жаралып, тамырын бекемдетип келаткан экен. Тагдыр-буйругу акындын ажайып сырдуу көрүнгөн экзотикасы менен бийикти сермеген романтикасын сыйрытып салып, мурда түшүнө кирбеген катаал турмуштун катаал шартында жашатып, баарын өз көзүнө көргөзүп койду.

Чыныгы Ата Мекен, тууган жер деген эмне, ата-эне, тууган эл деген ким экендигин бирөөлөрдөн угуп, китептен окуп жүргөндөгүдөй эмес, тээ ыраактын ыраагында салт-санаасы, психологиясы, тили, жашоо ыңгайы бөлөк, өз жакындары жок, бөтөн элдердин ичинде калган адамдын тагдырындай тагдыр күттүрүп таанытыш керек окшобойбу. Акындын Памир ырларынан жасалма эрдик менен жасалма патриотизм кыйкырыктары каардуу чындыктын капшабында үнү чыкпай, аты угулбай тымып калышыптыр. Майда очерк менен газеттик кабарлар гана объект болуп берчү факты-материалдарды бийик стилде жазылчу поэзияга айланткысы келген жеңил-желпи көрүлчү иш-аракеттер да байкалбайт.

Эң негизгиси – алдыңкылар стандартташтырып салышкан конформизмдин алкагында тегеренип жүрө бербей, жылаңач турмуштун накта өзүн ырдатып алганы. Муну акындын изденүүсүндө жетишкен чоң ийгилиги десек болот. Эч кимди кайталабайт. Жашап, иштеп турган жердин табияты башка, эл башка, жашоо ыңгай башка. Андай болсо жазылчу тема да, берилчү идея да, сүрөттөлчү ландшафт да башка. Анда ырдын жазылышы да башкача болот. Ошентип жаңы турмуш шарттары Памирге келгенге чейинки өткөндөрдү кайталоодон үзүлө элек үйрөнчүк жаш акын Анатай Өмүркановдон жекече оригиналдуу ой жүгүртүп, оригиналдуу ырлар жазууга жетишкен чыныгы профессионал акын АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВДУ бөлүп алышыптыр.

Эгерде ал мындай абалда калбаса, тууган жердин, тууган элдин, ата-эненин ыйыктыгын дал ушунда жүргөндө түшүнүп чыкпаса, булар жөнүндөгү жогоруда белгилеп өткөн жакшы ырлар кайдан жаралмак. Күндө почтадан кат сураткан махабат ырларын жаратышка күч бердиртип келген күч да ушул аралыктын алыстыгы болууда. Мисалы, койчуман иниси Каныбек менен бирге окуган классташтарынын, же курсташтарынын жанында жүрсө, ушундай катуу сагыныч, боор толгоолор жаралат беле?

Таланттын формага келишине ыңгайлуу шарт түзүлүп, ырастап жаркырап ачылып беришине тынымсыз түрткүгө алдыртып турган зарылчылык болуш керек. Жогоруда айтып өткөндөй, тагдыр күтүлүш керек. Тагдыры жок талант эч убакта ачылып жарыбайт. Дүйнөдө эң эле зор иш жасоо – чындыкты айтуу болсо, атайын кылмышка баруу – өз талантын өзү өлтүрүү. Поэзияда жасалма туюнтулган бир сабың – майып төрөлгөн бир балаң. Ага өтө кылдат, өтө назик эстетикалык жандуу сезим, терең адабий билим керек. Анан үзгүлтүксүз изденүү, ак эмгек, табият тартуулаган тубаса талант...

Анатай Өмүрканов өмүрүндө бул жолку абдан маанилүү, абдан татаал да, катаал да, абдан зарылдыгы бар узак сапарга аттанып чыгып, чоң олжолуу кайткан экен. Бийик жоопкерчиликтин, өзүн-өзү тарбиялоонун, көркөм образдар менен ойлоонун, жеке өз стилин табуунун, башкача айтканда, өз ырларынын ичинен өзүнүн «МЕНИ» көрүнүп туруштун белгилерин өздөштүрүүгө алгылыктуу арым таштап кайтыптыр. Эгерде беш жылга жакын кой кыркым, пахта терим, кызылча казуу, адабияттын партиялуугу, соцреализм, тап күрөшү өнүккөн социализм, шаар менен кыштакты теңдештирүү делген сыяктуу сезондук саясый, идеологиялык, чарбалык катмарлар жүргүзгөн үндөөлөрдүн таасиринде жүрө берсе, балким, мындай оригиналдуу ырлар жазылбай, Анатай Өмүрканов аттуу белгилүү акын чыкпай калышы мүмкүн эле. Андайларды көп көрдүм.

Агартуучу, саякатчы акын башынан өткөргөн окуяларга туш кылган күндөрдүн баарына тиешелүү жаратылыш жана Адам өмүр жолунун орчун проблемаларын көтөрүп чыккандыгы аркылуу гана эмес, аларды чыныгы эстетикалык асылдык баалуулукка айлантып бергени менен өлчөнүп-ченелет. Дегинкиси, бийик Памир дүйнөсүнүн сырын жакшылап билиш үчүн ал жөнүндө угуп, же жандап көрүп өтүш жетишпейт, абдан аздык кылат. Анын ичине чындап кирип, жашап көрүш керек болчу. Табигый талант ошондо гана чындап ачылат. Өзүнө кайталангыс оригиналдуу дүйнө табат. Кыргыз адабиятына жаңылык киргизет.

Анатай Өмүрканов да улуу-кичүү акын-жазуучуларына өз сөзү, өз үнү, өзү гана ырдаган темасы менен келип кошулуп жатыптыр. Бирок мындан да чоң, мындан да баалуу дүйнөсүн алдыда көрсөтөбү, айтканын угуп, жазганын жакшылап окучу:

Көп керемет боло берет турмушта,
Жүрүп-жүрүп эч билинбей, угулбай,
Бир көрүнсөм көрүнөрмүн кыргызга
Капилеттен чыга калган куюндай.

Мен таң калып, мен суктанып турмушка
Аз-аз жазып, көптү байкап баамдай,
Бир төгүлсөм, төгүлөрмүн кыргызга
Күтүлбөстөн жаап кирген жаандай.

(36-бет).

Табият тартуулаган талант бар, ички даярдык бар, ишенич бар. Күтүш гана зарыл. «Бир төгүлсөм, төгүлөрмүн кыргызга» – деп бекерден күүлөнүп албаса керек.
Октябрь-ноябрь, 2015.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз