Лао-цзы: Эл тааныган – эстүүлүк, өзүн тааныган – көсөмдүк

  • 12.02.2026
  • 122

Эмне керек – даңазабы же өмүрбү? Эмне кымбат – капчыкпы же жашообу? Эмне кооптуу – тапканбы же жоготконбу? Ашкере сараңдансаң, чоң чыгымга кириптер болосуң. Жыйган-тергениң канчалык арбыса, ошончолук чачылат. Булардын чегин түшүнсөң, өкүткө кабылбайсың. Ошондо гана өмүрдүн мөөнөтү узакка барат.

*       *       *

Кыйратуудан мурда жаратканга, алгандан мурда бергенге үйрөн.

 *       *       *

Алдын карабай баскан – буттан мүдүрүлөт, оозго келгенди оттогон – тилден мүдүрүлөт.

 *       *       *

Күйүт менен кубаныч бири-бирине таяныч. Күйүттө кубаныч, кубанычта күйүт бар. Экөөнү ким салмактайт? Бул экөө тең опаасыз.  

 *       *       *

Менде улуу күйүт бар, себеби өзүмдү өзүм кадырлайм. Өзүмдү өзүм кадырлабасам, анда менде күйүт да болмок эмес.

 *       *       *

Анык азап – кас менен касташканың.

 *       *       *

Азаптын азабы – жашооңо канааттанбагандык.

 *       *       *

Кумарга баш-отуң менен киргенден өткөн оор күнөө жок.

 *       *       *

Согуштун арты мүмкүн баарын өз ордуна коёр, бирок акыры бир күн кек жаратат.

 *       *       *

Мыкты деген аскер – адам баласынын башына кайгыны гана үйөт.

 *       *       *

Эгер кимдир бирөө сага жамандык кылса, өч алам деп жакасына жармашпай, урушкандан алыс болуп, жөн гана суу боюна барып отур, сени ыза кылган неменин өлгөн денеси жаныңан агып өткөнчө…

 *       *       *

Башкаларды жеңгендей эле өзүңдү өзүң жеңген чыныгы эрдик.

 *       *       *

Ажаатчыл адамдан айрылсаң – ак көңүл жан табылар; аккөңүлдөн айрылсаң – адилеттүү табылар; адилеттүүдөн айрылган күнү адептүүсү табылар; асти, адептүү көрүнгөн адамдын адаты адептүү көрүнгөнү менен ыйкы-тыйкынын башталышы дей бер.

 *       *       *

Кыйшайган түзөлөт, бөксөргөн аяк толот, эскилиги жеткен жаңыланат. Аз нерсеге шүгүр келтирген көп нерсеге марыйт. Көптүн артынан кууган, жолунан адашат.

*       *       *

Эл тааныган – эстүүлүк, өзүн тааныган – көсөмдүк. Элди жеңген эр жеткис, өзүн жеңген – чен жеткис.

Кыргызчалаган Олжобай Шакир

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз