АҢГЕМЕ
— Аялдарды сыйлагыла!..
— Аялдарды сыйлаш керек! Сыйлагыла-а-а!..
Бул кыйкырык тумандын арасынан үзүл-кесил угулду.
Адаттагыдай жумуштан үйгө кайтып бара жаткам. Көчө тумандын кучагында. Айлананын баары бүдөмүк, белгисиз. Алыстан мас адамдардын күбүр-шыбыры угулат. Мен болсо адатымча башымды жерге салып, үйдү көздөй шашпай басып келем.
Бир маалда ошол караан жакындай баштады.
— Аялдарды сыйлаш керек... аялдарды сыйлаш керек... — бир эркектин үнү кайра-кайра жаңырат. Үнүндө өктөмдүк менен кошо өкүнүч, кайгы бар эле.
Ичимден ойлоп кеттим: «Кандай жакшы жигит… Аялын аябай жакшы көрсө керек. Баары ушундай болсо кана...»
Бирок жакындаган сайын жүрөгүм тынчсыздана баштады.
Жол четинде селсаяк кейпиндеги беш-алты эркек арак ичип отуруптур. Туман алардын жүзүн толук көрсөтпөйт. Мен кадамымды тездеттим.
Ошол учурда баягы үн дагы жаңырды:
— Аялдарды сыйлагыла-а... Сыйлаш керек… сыйлаш керек…
Бул жолу үн ый аралаш чыкты.
Жүрөгүм шуу дей түштү.
Көзүм аны даана көргөндө, бутум жерге кадалып калды.
Бул… ал болчу.
Мени бир кезде таштап кеткен жолдошум.
Денем муздап, бутум калтырап кетти. Көзүмдөн жаш өзүнөн өзү агып жатты. Бирок мен токтобой, акырын кадамымды уланттым.
Ал мени таштап кеткен…
Ал баарыбызды таштап кеткен…
Ал биздин үй-бүлөгө кыянат кылган…
Бул сөздөр ичимде жаңырып жатты.
Үйгө жеткенде дароо кире албай, эшик алдында бир аз турдум. Жашымды аарчып, жүзүмө жасалма жылмаюу кийдим. Балдарым кайгымды көрбөшү керек эле.
Эшикти ачтым.
— Апаа, келдиңби? — деди уулум чуркап келип. — Чарчадыңбы? Биз ачка болдук…
Кызым болсо бурчта оюнчуктары менен алек. Ал али кичинекей. Турмуштун ачуу чындыгын түшүнө элек.
Уулум жүзүмдү карап калды.
— Апа… сага эмне болду? Ыйладыңбы? Ким ыйлатты?
Жүрөгүм сыздап кетти.
— Жок, балам. Баары жакшы. Мени эч ким ыйлата албайт, — дедим жылмайган болуп.
Ал кичинекей колдору менен бетимди кармап:
— Апа, сизди таарынткан адам болсо, шашпасын… мен чоңоёюн… — чекемден өөп койду.
Ошол учурда көзүмө кайра жаш толду. Бирок бул жолу кайгыдан эмес, баламдын мээриминен.
Балдарымды тойгузуп, уктаттым. Өзүм ашканада жалгыз калдым. Бирок оюмдан баягы үн кетпейт:
— Аялдарды сыйлагыла…
Ооба…
Убагында сыйлаш керек болчу…
Жиним келди. Ошол эле учурда ага боорум ооруду.
Бир кезде биз бактылуу элек.
Мен ансыз, ал менсиз жашай албагандай болчубуз. Сүйүүбүздөн жаралган уулубуз менен кызыбыз бар эле. Үйүбүз күлкүгө толчу. Ал бизнес кылчу. Мен үйдө балдарды багып, очоктун отун өчүрбөй сактачумун. Күнү бою бири-бирибизди сагынып, телефондон сүйлөшчүбүз.
Бирок бир күнү баары өзгөрдү.
Ал үйгө кирип келип, муздак үн менен айтты:
— Бул үйдө аял жок. Тамак жок. Башка аялдар күйөөсүн күлүп тосуп алат. Сен болсо үңүрөйөсүң…
Бул жөн гана шылтоо эле.
Чыныгы себеп башка болчу.
Ошондон көп өтпөй, бир таң эрте туруп ашканада акырын оокат кылып жүрдүм. Анын телефону үстөл үстүндө калыптыр. Көзүм кокусунан экранга түшүп кетти.
— Жаным, жакшы эс алдыңбы?
Бул сөздөр жүрөгүмдү тилип өткөн бычактай болду.
Ошол күнү эч нерсе билбегендей түр көрсөттүм.
Бир маалда ал ойгонуп келип, муздаткычтан муздак сууну култ-култ жутту.
— Кел, чай ич, тамак даяр, — дедим акырын.
— Жок, кереги жок. Жумуштан бирдеме шам-шум этип алам, — деди да ачкычын алып чыгып кетти.
Ашканада жалгыз калдым.
Ыйлагым келди. Бакыргым келди. Суракка алгым келди. Бирок ал буга чейин эле алыстап кеткен экен.
Ошол күнү курбумду чакырып, анын артынан түшүүнү чечтим. Экөөбүз анын жумушунан алысырак жерде күтүп турдук. Ал эрте эле чыгып, белгисиз тарапты көздөй айдап жөнөдү. Биз да артынан жөнөдүк.
Бир маалда ал беш кабат үйдүн жанына токтоду.
Ошондо подъездден бир жаш, суйкайган, кыска көйнөк кийген кыз чуркап чыгып, анын мойнуна асылып калды.
Экөө кучакташып турушту.
Менин дүйнөм ошол жерде урады.
Алар авто-унаага түшүп кетишти. Мен болсо ордумда отуруп алып, буркурап ыйладым.
— Айтчы… менин эмнем кем?.. Эки бала төрөп бердим го… эмнем кем?..
Курбум үн катпай рулду карап отурду. Бир аздан кийин гана:
— Болду… өзүңдү ойло. Балдарыңды ойло. Ажыраш. Бул сени жыргатпайт… — деди акырын.
Үйгө келгенде балдарым мени тосуп чыгышты.
— Апа, сен ыйладыңбы?..
Мен болсо көз жашымды жашырып:
— Баскыла, чай ичкиле, — деп катуу сүйлөп алдым.
Ачуумду алардан чыгарып алганымды ошол замат түшүндүм. Бирок өзүмдү кармай албай калгам.
Ошол күндөн кийин мен унчукпай жашай баштадым.
Бир күнү экөөбүз чай ичип отурдук.
Ал унчуккан жок.
Андан кийин жай гана:
— Ажырашабыз. Менин башка аялым бар. Мен аны сүйөм. Ансыз жашай албайм, — деди.
Бул сөздөрдү айтканда үнүндө эч кандай өкүнүч жок эле.
Ал ордунан туруп чыгып кетти.
Ордумда катып калдым.
Денеме муздак суу куюп жибергендей болду. Ыйлагым келди. Бирок ыйлай алган жокмун.
Балдарыма эмне дейм?.. Алар атасын күтүшөт. Сагынышат. Бирок ал ошол кеткен бойдон кайтып келген жок.
Ал эми бүгүн… Мен аны кайра көрдүм. Тумандын ичинде. Селсаяктардын арасында.
Жашоодон утулган, өзү менен өзү калган адам болуп.
Ал дагы эле кыйкырып жатты:
— Аялдарды сыйлагыла…
Мен токтогон жокмун. Жөн гана өтүп кеттим. Анткени кээ бир адамдар аялды жоготкондо гана анын баркын түшүнөт. Бирок анда кеч болуп калат.
Туман коюуланып жатты.
Ал эми мен… Балдарым күткөн үйдү көздөй басып бараттым.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR