Бек Тамырлан: 23-февраль – ата-бабаларды кыргандардын майрамы

  • 19.02.2026
  • 258

Бул дата символбу же жаңылыштыкпы?

Кыргыз коому алигиче 23-февраль “эркектердин күнү” деген түшүнүк менен жашап келет. Белек-бечкек, шаан-шөкөт, куттуктоо… Арийне, суроо туулат: бул күн чынында кимге таандык?

23-февраль — 1918-жылы түзүлгөн Кызыл Армия күнү катары совет бийлиги тарабынан расмий бекитилген дата. Советтик тарыхта бул күн Псков менен Нарвадагы “жеңиш” менен байланыштырылган. Бирок архивдик документтер бул күнү олуттуу аскердик жеңиш болбогонун көрсөтөт. Дата символдук мүнөздө тандалган.

1922-жылдан тарта бул күн “Кызыл Армия күнү” деп аталып, 1946-жылдан кийин “Советтик Армия жана Аскер-Деңиз Флотунун күнү” болуп өзгөргөн. Башкача айтканда, бул күн — советтик идеологиянын жемиши.

Георгий лентасы: тарыхый чындык

23-февралга кошо тагылып жүргөн кара-кызгылт сары тасманын тарыхы мындан да терең.

Георгий лентасы 1769-жылы падышалык Орусияда Екатерина II тарабынан негизделген Ыйык Георгий ордени менен байланыштуу. Бул сыйлык падышалык армиянын өзгөчө эрдиги үчүн берилчү. Кийин Совет бийлиги келген соң бул орден жоюлган. Бирок 1943-жылы Даңк ордени түзүлгөндө, ошол эле түстөгү тасма колдонулган.

Демек, Георгий лентасынын 23-февраль менен эч кандай түз байланышы жок. Бул — падышалык доордон калган символ. Ал эми 2005-жылдан тартып Орусия Федерациясы аны массалык патриоттук белги катары жайылта баштаган.

Айрыкча 2014-жылдан кийин Украина окуяларында бул тасма активдүү саясый символго айланды. Бул эми жөн гана “ардагерлердин эстелиги” эмес, бүгүнкү геосаясый мааниге ээ белги.

Кызыл Армия жана Борбор Азия

Эми эң орчундуу суроого келсек: Кызыл Армия биздин тарыхта кандай роль ойнойт? 1918–1924-жылдары Борбор Азияда совет бийлигин орнотуу процесси жүрдү. “Басмачылыкка каршы күрөш” деген ат менен жергиликтүү элдин каршылыгы куралдуу жол менен басылды. Миңдеген адамдар жазаланды. Окко учту. Айыл-кыштактар кыйратылды. Дин ишмерлери куугунтукка алынды. Мал-мүлк конфискацияланды. Бул аракеттерди уюштурган  Большевиктер партиясы экени белгилүү. Алардын айоосуз буйругун ишке ашырган аскердик күч — Кызыл Армия.

1920–30-жылдардагы коллективдештирүү саясатынан улам көчмөн чарба талкаланды. 1932–33-жылдардагы ачарчылык Казакстанда 1,5–2 миллион адамдын өмүрүн жалмап, Кыргызстандын аймактары да катуу жабыр тартканы дайын.

1937–38-жылдары кыргыз интеллигенциясы дээрлик толук жок кылынды. Репрессия курмандыктарынын арасында мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түптөгөн инсандар турган эле. Албетте, бул трагедиялар Кызыл Армиясыз ишке ашмак эмес. Демек, бул датаны майрамдай турган жөнүбүз барбы бүгүн?!

Эгемен элдин тандоосу

Эгемен Кыргызстандын өз Куралдуу Күчтөрүнүн күнү — 29-май. А 23-февраль кыргыз армиясынын күнү эмес. Андыктан, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн символу эмес. Бул күндү кыргыз элинин эркиндиги үчүн күрөшкөндөрдүн күнү катары майрамдоо – өз Эгемендигибизди шылдыңдоо!

Бул — советтик империялык армиянын күнү. Ошентсе да биз аны “эркектердин күнү” деп кабыл алып, балдарыбызды куттуктап, колониялык символду кадимки көрүнүш катары жашатып жатканыбыз эң кейиштүү...

Майрамбы же аң-сезим инерциясыбы?

Майрам — бул баалуулук. Биз эмнени майрамдасак, ошону ыйык деп тааныйбыз. Эгер 23-февралды майрамдасак, демек, Кызыл Армиянын тарыхын, анын миссиясын, анын жүргүзгөн саясатын да аң-сезим деңгээлинде актаганыбыз. Бул жерде кеп “согушка катышкан ата-бабалар” жөнүндө эмес. Алардын эрдиги — өзүнчө ыйык тема. Бул жерде кеп — датанын маңызында.

Эгер Кызыл Армия биздин ата-бабалардын эркиндигин баскан түзүм болсо, эгер репрессияларда кыргыздын каймактары атылган болсо,
эгер коллективдештирүүдө көчмөн дүйнө кыйраган болсо, анда биз кимдин майрамын майрамдап жүрөбүз?

Эгемен элдин аң-сезими да эгемен болууга тийиш. Колониялык символдордон баш тартуу — бул тарыхты өчүрүү эмес. Бул — тарыхка туура баа берүү.

23-февраль — тек гана советтик идеологиянын калдыгы. Биз өткөндүн саясый мифтерин ыйык тутуунун өзү — келечекке бүдөмүк из калтыруу. Арийне, кимдин майрамын майрамдай турганыбызды өзүбүз чечүүгө тийишпиз.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз