Токтосун Самудинов: Балдар ырлары

  • 05.01.2024
  • 9019

ЭКСКАВАТОР ЖАНА ЧОҢ АТАМ

Токсон тѳрттѳ чоң атам
Кѳзүн күндѳн далдалап,
Экскаватор кѳргѳндѳ
Балага окшоп таңгалат.

Сүйлѳйт анан: - Мунуңду
Байкабапмын башында.
Накта балбан турбайбы
Эски баатыр машийна.

Үйдѳй-үйдѳй таштарды
Тиши менен омкорот.
Жомоктогу дѳѳлѳрүң
Муну кѳрсѳ – томсорот.

Бул балбандын кубаты
Эң кеминде миң аттык.
Үй ордундай жерлерди
Коёт экен бир апчып.

Эзелки эски баатырлар
Келбейт мунун ченине.
Кокуй, атын ѳзгѳртүп,
Жаңы баатыр дегиле!

МЕКЕН ДЕГЕН ЭМНЕ?

Тууган жердин турпагын
Эч жандык жок жериген.
Кескелдирик кете албайт
Мээ кайнаткан чѳлүнѳн.

Ойнойт мухит суусунда
Ала боор пингвин.
Алмаштырбайт түштүккѳ
Ызгаар суук түндүгүн.

Бүркүт конот аскага,
Кенен жайып канатын.
Кыргоол сүйѳт айрыкча
Калың камыш арасын.

Жыргап жашайт бѳкѳндѳр
Кең талаада бозоргон.
Тоңкулдактар узабайт
Карагайлуу токойдон.

Ѳрдѳк үчүн – кѳлмѳсү,
Булбул үчүн – чарбагы…
Мекен делип аталат
Мекендеген аймагы.

ТОЛКУН ЖАНА ТОО

Бир-биринин артынан
Ойкуган да, кайкыган.
Толкун-биздин атыбыз,
Жээкти миң чарпыган.

Койну толо коо-колот,
Менин атым – тоо болот.
Чокуларым биринчи
Күндү кѳрүп ойгонот.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз