Евгений Пермяк: Апам жана биз

  • 10.10.2026
  • 142

АҢГЕМЕ

Балалык кезден айта берсе жумалап айтсаң да түгөнбөсө керек. А кээ бир нерселер жөнүндө айтса болот. Мына, мисал үчүн мындай бир окуя болгон эле...

Биз дубал газета чыгарып жатып, мектептен кеч чыктык. Сыртка чыкканда иңир кирип бараткан. Каалгып учкан, кебездей жумшак аппак кар жаап, көп суук жок, жылуу болчу. Ошондуктан, кыздар жолду карай кардын бүртүкчөлөрүн туурап бийлеп келатышты. Мени күтүп, үйгө кетпей жүргөн иним, тигилерди карап шылдыңдап кирди:

 –Биринчи класстын кыздарындай секиресиңер да!

Сампарлап жааган кар барган сайын калыңдай баштады. Кыздар бийлей албай калышты. Кар чокоюбуздун жарымына чейин жетти.

– Адашып кетпесек болду! – деп эскертти иним, алысты көрө билген адамдай.

–Жөн турчу, коркок десе! – деп ага жооп берди Лида. – Он беш мүнөттөн кийин үйүбүздө болобуз.

 Кар баштагыдан да күчөп жаай баштады. Мен  биздин сибирдин талаасында бороон    кандай болорун жакшы билчүмүн, ошондуктан тынсыздана баштадым. Үйлөрүнүн жанынан эле адашып, жолду таппай калган учурлар көп эле болгон. Мен ылдамыраак баскыла дедим, бирок жолду басып калган калың кардан ылдам басуу мүмкүн болбой калды. Баштагыдан да караңгы боло баштады. Бизди кандайдыр бир кар баскан капкара түн курчап калды.

Андан кийин мен чочулаган нерсе башталды. Кар сапырылып, асмандап көтөрүлүп, башталган бурганак катуу бороонго айланды. Кыздар беттерин жоолуктары менен чүмкөп ороп алышты. Федя экөөбүз тумактарыбыздын кулактарын түшүрүп кийдик. Биздин айылга кеткен ичке бир аяк жол бир көрүнүп, бир жоголот. Мен алдыга түшүп жолдун нугун жоготпостун айласын кылып келаттым.

Үйгө чейин бир чакырымга жетпеген аралык калган. Мен аман-эсен жетип алабыз деп ишенгем. Бирок... Жол көрүнбөй калды. Аны бут алдыбыздан чоң энемдин жомогундагы каардуу бирөө уурдап алгандай эле болду. Балким, Тентек Бурганакпы...болбосо каардуу карыя Бороон, Борооновичпи...

– Мен силерге айтпадым беле! – деди бизге нааразы болгон Федя.

Лида өзүн жоготкон жок, ал эми Тоня ыйламсырай баштады. Ал мурда да бороондо атасы менен калып талаада түнөп чыккан. Анда алар чана менен болчу, жана да жамынгандай чоң ичиги бар эле, Тоня ага оронуп үшүбөй чыккан болчу. А азырчы?

Азыр биздин алыбыз кете баштаган. Мен мындан ары эмне кылышты билбей турдум. Бетиме жабышкан кар эрип, кайра музга айланып тоңо баштады. Шамал болушунча аркырайт. Карышкырлар жүргөнсүп сезиле баштады.

Капыстан эле шамалдын уңулдагынын арасынан чыккан апамдын ишенимдүү үнү кулагыма жаңыра түштү:

«Эмнеден коркуп кеттиң? Бороондонбу? Эмне, кыйкыргың келип жатабы? Кыйкырыгыңды ушундай шамалда ким укмак эле! Балким, иттер издеп табат деп ишенип жатасыңбы? Болбогон кеп. Ушундай бороондо талаага кайсы ит чыгат! Силерде жалгыз эле айлаңар бар: Кардын астына кирип кеткиле».

Мен апам менен кыялымда сүйлөшүп жатканымды билип турсам да, апамдын үнүн дапдаана уктум. Тигилерге карап мындай дедим:

– Биз адаштык. Ары-бери жүрө берсек алыбыз кетип, жыгылып тоңуп өлөбүз. Келгиле, көчмөндөрдөй карды оюп кирип жаталы.

Мен муну ишенимдүү үн менен айтсам керек, бирөө да талашпай макул болушту. Тоня гана ыйламсырап сурады:

– А кантип?

– Кантип болмок эле, чил сыяктуу эле кирип кетебиз,— деп айттым да, өзүм биринчи февралдын калың карын кудук кылып оё баштадым. Адегенде мектепке көтөргөн сумкам менен каза баштагам, бирок ал калың болгондуктан сумкамдан калың картон менен тышталган геграфия атласын алып чыгып, карды шилей баштадым. Иш ылдамдай түштү. Мен чарчап баратканда иним, андан кийин аны Тоня алмаштырды.

Тонянын көңүлү ачыла түштү:

– Ой, жылып калдым! Байкап көрсөң, Лидочка. Жылынып аласың.

Биз кезек менен карды оюп, улам тереңдеп кирип бараттык. Анын тереңдиги өзүбүздүн боюбуздай болгондо, капталды көздөй оё баштадык. Эми биз кирген кудукту шамал үйлөп толтуруп салганда, капталдагы чөнтөкчөдө калмакпыз. Ошентип уябыз даяр болгон соң ага кирип жайланыша баштадык.

Биз ийинге киргендей эле болдук. Каракур сыяктуу. Алар дагы бактан секирип калың карга сүңгүп киришип, кар алдындагы жолдорду жасап алышып, ээн эркин жүрүшөт эмеспи. Сумкаларыбызга олтуруп, демибиз менен жылый түшкөн үңкүрүбүздө жакшы эле жайгашкандай болдук. Эми бир кичинекей шамдын калдыгы болгондо бири-бирибизди көрүп олтурмак экенбиз. Чөнтөгүмдө түшкү тамагымдан калган бир аз чочконун майы бар болчу. Ширеңке болгондо бет аарчылардан айырып билик эшип, шам жасап алмакпыз, бирок ширеңке жок эле.

– Мына эми, коркпой эле койсок болот, – дедим мен.

Тоня күтүлбөгөн жерден эле мага мындай деди:

– Коля, эгер кааласаң мен сага Топсигимди берем.

Топсиги үйрөтүлгөн сары чычкан эле.

Сары чычканынын мага кереги жок болчу. Мен сары чычкандарды жек көрчүмүн. Бирок Тонянын убадасы мага жагымдуу болду. Анын берешендиги кайдан чыгып жатканын жакшы түшүнүп турдум. Лида да бекер жерден:

– Николай, сен эми биз үчүн чоң кубатсың! Сен эркексиң! — деген жок да.

Анын үнүнөн мен кайрадан апамдын добушун уктум. Ар бир аялда, ал он экиде болсо дагы ар бир эркекти, ал дагы он экиде болсо дагы мейли,  ишке шыктандырып турган бир кичинекей энелик касиет бар окшобойбу. Мен чындап эле өзүмдү кыйынмын деп ойлой баштадым, анан тигилерге чоң энемдин жомокторунан айтып бере баштадым. Анткени уктап калбайын деп коркуп жаткам, эгер мен уктап калсам тигилер да уктамак. Бул коркунучтуу болчу. Тоңуп калышыбыз мүмкүн эле. Биринин артынан бирин чоң апамдан уккан жомокторду айта бердим, сыягы отуздан ашык жомок айттым окшойт. Чоң апамдын жомоктору бүткөндө өз оюмдан чыгара баштадым. Бирок өзүмдүн жомокторум анча кызык болбосо керек, бирөөнүн бышылдап уктай баштаганы угулду.

– Ким бул?

– Бул Тоня, – деди Лида. – Ал уктап калды. Менин да уйкум келе баштады. Уктасам болобу? Бир мүнөт эле уктап алайынчы.

– Жок, жок, болбойт! – дедим мен тыюу салып. – Бул коркунучтуу. Өтө коркунучтуу.

– Эмнеге? Жылуу эле го!

Ушул жерден тигилердин уйкусун умачтай ачкан жакшы нерсе ойлой койдум:

– Карышкырлар уктап жаткан адамдарды коңуругунан билип, таап алышат. Уктагандан кийин оңой эле жеп салышат. Мен буга толгон токой, бир заматта өзүм ойлоп чыгарган окуяларды айтып жибердим, аларды кантип таап айтканыма азыр да таңмын... Андан кийин тигилер да ар кайсы окуяларды айта башташты. Кезек менен. Убакыт жай өтүп жатты, мен кайсы убакыт болуп калганын билген жокмун. Балким түн жарымы болгондур, балким таң ата баштагандыр. Биз олтурган кудукту эчак эле кар шилеп көөп салган. Көчмөн койчулар мындай учурларда узун таяктарын өйдө чыгарып сайып коюшчу. Алар бүгүнкүдөй бороондо калышса, аларды издеп тапканга оңой болсун деп узун таяктарын атайын ала жүрүшчү.

Бизде андай таяктар жок болчу, үмүтүбүз иттерде эле болчу. Бирок ушундай калың кардын алдынан алар жыт деле ала алышпайт эле. Мендеги чочконун майы менен Лиданын бир сындырым нанын эчак бөлүп жегенбиз. Баарыбызга таң атып калгандай, бороон басылгандай сезилди, бирок мен сыртка чыккандан коркуп турдум. Эрте, бороон токтой электе чыгып алсак, кудугубузга кар толуп, суу болмокпуз, кайрадан кар баскан түндө калышыбыз мүмкүн болчу. Ар бирибиз ата-энелерибизге кандай кайгы алып келгенибизди жакшы түшүнүп жаттык. Балким кыйкырып, ызы-чуу болуп талаадан издеп жүрүшкөндүр... Мен апамдын шамалга аралаш:

«Колюнька… Федюнька… Кайдасыңар!..» – деп кыйкырып жатканын элестетип жибердим.

Чынында эле апам келип калгансып, сыртка чыга баштадым. Биздин үстүбүздөгү кар анча деле калың эмес экен. Өңү бозоруп бараткан ай, өчүп бараткан жылдыздар көрүндү. Чала уктап уйкусу ачылбаган, бозоргон таң атып келатыптыр.

– Таң атыптыр! – деп кыйкырдым да кар кудуктун капталына тигилер басып чыккыдай тепкич жасап кирдим. Көктөн кардын акыркы бүртүкчөлөрү түшүп жатты. Мен өзүбүздүн жел тегирменди дароо көрдүм. Мордон ичке түтүн керилген кыл сымал тарам-тарам болуп асманга көтөрүлүп жатыптыр Айылдын эли тура башташыптыр, а балким бул түнү такыр эле жатышкан эместир? Аңгыча бизди көрүп жүгүрүп келаткан балдарды көрдүк, алар сүйүнгөндөрүнөн чалынып-жыгылып бизди карай кыйкырып келатышты:

– Тирүү экен! Төртөө тең! Тирүү!

Биз да аларды тосо жүгүрдүк. Мен балдардын бүгүнкү түн жөнүндө, мен, Федя, Тоня жана Лида жөнүндө айткан аңгемелерин уккан жокмун. Мен үйүмө шашып кетип калдым.

Короодо ат чана көрүнгөн жок, демек, атам үйдө жок экен. Федядан бир топ эрте жетип, үйгө кирдим да, апамдын мойнуна асылдым. Асылдым да, эми жашырганда эмне... шолоктоп ыйлап жибердим.

– Ой, эмне ыйлайсың? – деди апам белдемчисинин этеги менен бетимди сүртүп.

– Сени ойлодум, апа… Сен бизди ойлой берип жинди болуп кете жаздагандырсың.

Апам күлүмсүрөп койду. Менин кучагымдан чыгып Леночканын керебетине барды.  Ал биздин эң кичүүбүз болчу. Барып анын төшөгүн оңдоду да “Укта” деп чекесинен сылап койду. Ал ансыз деле уктап жаткан, жамынган төшөгү деле ордунда болчу. Аңгыча сырттан кирген Федяга кайрылып сурады:

 – Чокоюң суу болгон жокпу?

– Жок, – деди ал. – Таманыбызга атласты коюп алганбыз, тонум суу болду. Курсагым ачты…

– Бутуңарды чечип, тамагыңарды жегиле, – деди апам, түндө эмне болуп, кантип аман калганыбызга кызыккан да жок.

“Деги ал бизди жакшы көрөт болду бекен? – биринчи жолу мага ушундай ой келди. – Жакшы көрөбү? Же тиги ыйлаак Леночка анын жан-дүйнөсүн бүт ээлеп алганбы?»

Биз эки табактан ысык капуста сорпону тез эле ичип түгөттүк. Андан соң апам бизге мындай деди:

– Төшөк салып койдум, жатып уктагыла. Бүгүн мектепке барбайсыңар. Уйкуңарды кандыргыла.

Уктагым келип турса да, уктай албай ооналактап көпкө жаттым. Аңгыча түшкү тамактын убагы да болду. Атам келиптир. Ал Лида менен Тонядан бардыгын угуптур. Мени мактап жатты. Мага кичинекей чыныга мылтык сатып берем деп убада берди. Менин тапкычтыгыма катуу таң калды.

А апамчы?..

Ал мындай деди:

– Балаң он үчкө чыкты. Бороондон коркуп, өзүн жолдоштору менен сактай албай эмне болуптур.

– Анюта!.. – деди атам апама, бул эмне дегениң дегенсип, бир аз башын чайкап.

Апам атамдын оозунан сөзүн жулуп алды:

– Тамагыңды же! Ботко муздап калат. Болбогон сөздөрүңдү токтот! Булар сабактарын окусун. Ансыз да түнү менен тентип жүрүшүп, бир күндү бекер өлтүрүштү…

Түштөн кийин Тоня мага өзүнүн Топсигин алып келди. Мен аны алган жокмун.

Лиданын апасы Марфа Егоровна чоң короз казын көтөрүп келиптир, ал апама ийиле жүгүнүп мындай деди

– Анна Сергеевна, ушундай жигитти тарбиялап өстүргөн сага чоң рахмат! Эки кыздын өмүрүн сактап калды. Тоньканын го эжеси бар, а менин Лидкамдан башка кимим бар…

  Марфа Егоровна сөзүн аяктаганда апам ага мындай деди:

– Марфа, менин акылы жок Колькамды баатыр кылып алганың уят эмеспи! – ал анын казын алгандан караманча баш тартты.

Кечинде үйдө чоң энем экөөбүз эле калдык. Апам станциядагы фельдшерге көрүнгөнү кеткен. Башы катуу ооруп жатыптыр.

Чоң энемден мен сырымды жашырчу эмесмин, аны менен сүйлөшүү мен үчүн дайыма жеңил эле.

Мен андан сурадым:

– Чоң эне, ачыгын айтчы, бизди апам эмне үчүн жаман көрөт? Чынында эле биз анын көңүлүн аябай калтырдык беле?

– Акмак баласың да! – деп жооп берди чоң энем. – Апаң түндө таң аткыча көз ирмеген жок. Акылынан айныгандай боздоп ыйлап чыкты… Иттер менен талааны кыдырып келди. Тизесин үшүккө алдырыптыр… Сен муну укканыңды ага билгизбе! Аны кандай болсо, ошондой кабыл алыш керек. Мен аны жакшы көрөм...

Аңгыча апам да келип калды. Ал чоң энеме кобурап жатты:

– Фельдшер баш оорунун дарысын жазып берди. Коркунучтуу эч нерсе жок дейт. Бир айдан кийин жакшы болуп кетесиң деди.

Мен апама жүгүрүп жетип, буттарынан кучактап калдым. Калың юбкасынын сыртынан, тизеси таңылуу экенин сездим, бирок байкамаксан болуп койдум. Мен мурда апама мынчалык жылуу сезимимди көргөзө элек болчумун. Мен мурда апамды мынчалык жакшы көргөн эмесмин. Көзүмдүн жашын шорголотуп, анын кесилген колдорунан өпкүлөп жаттым.

Ал жөн гана музоону сылагансып, саамайымдан акырын сыламыш болуп койду да, төшөгүнө барып жатып алды. Кебетеси, буттары ооруп, чыдатпай кетти окшойт.

Ойлоп көрсөм, биздин сүйүктүү апабыз бизди эркелетпей, бизге болгон ысык сүйүүсүн сыртка чыгарбай, өзүнүн  тоңголок, муздак мамилеси менен бизди чыйралтып, алдыдагы күтүп турган турмуштун ачуу-таттуу соккуларына татыктуу жооп кайтарууга тарбиялап жүргөн экен. Ал тарбия жаман жыйынтык берген жок. Федюнька эки жолку Баатыр болду. Өзүм жөнүндө да көп нерселерди айтып мактансам жарашмак, бирок апама эч качан мактанбайм деп катуу убадамды берген элем.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз